Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 2020-жылы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын коллекциялык монеталарынын эскиздеринин долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн сүрөтчү-дизайнерлер арасында төмөнкү талаптарга ылайык, ачык сынак жарыялайт:  

Сериясы 

Темасы 

Металлы 

Диаметри  

(мм) 

Формасы 

Тарыхый окуялар 

Эгемен Кыргыз Республикасына - 30 жыл 

999° алтын 

22,60 

Тегерек 

Эгемен Кыргыз Республикасына - 30 жыл 

925° күмүш 

38,61 

Тегерек 

Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору берилген теманы толук ачып берүүгө жана төмөнкү критерийлерге жооп берүүгө тийиш: 

- берилген темага шайкеш келүү

- жогорку деңгээлде көркөм аткаруу; 

- маданий жана эстетикалык ченемдерге туура келүү

- жеке чыгармачыл жөндөмдүүлүгүн колдонуу. 

 

Сынактын шарттары: 

1. Катышуучу ар бир монета боюнча кеминде төрт (4) эскиздин долбоорун иштеп чыгат, анын ичинде: 

- монетанын алдыңкы бетинин эскизи боюнча эки долбоор; 

- монетанын арткы бетинин эскизи боюнча эки долбоор.  

 

2. Монетанын жасалгасына коюлган талаптар: 

· «Эгемен Кыргыз Республикасына - 30 жыл» алтын коллекциялык монетасы: 

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (100 сом) жана «Эгемен Кыргыз Республикасына - 30 жыл/ Независимой Кыргызской Республике - 30 лет» жазуулары түшүрүлөт; 

- арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы, ошондой эле мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2021» чагылдырылууга тийиш. 

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Au 999), салмагы (7,78g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетинде да жайгаштырылышы мүмкүн. Ошондой эле, «Национальный банк Кыргызской Республики» / «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазууларды да түшүрүүгө болот. 

· «Эгемен Кыргыз Республикасына - 30 жыл» күмүш коллекциялык монетасы:  

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжет, монетанын номиналы (10 сом) жана Эгемен Кыргыз Республикасына - 30 жыл/ Независимой Кыргызской Республике - 30 лет» жазуулары түшүрүлөт; 

- арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы, ошондой эле мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2021» чагылдырылууга тийиш

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28,28g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетинде да жайгаштырылышы мүмкүн. Ошондой эле, «Национальный банк Кыргызской Республики» / «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазууларды да түшүрүүгө болот. 

3. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору төмөнкү форматта берилүүгө тийиш: 

· А4 форматындагы кагазда жана рельефин иштеп чыгуу менен көркөм сүрөттөр монетанын өлчөмүндө жана чоңойтулган формада (диаметри 150 мм); 

· электрондук түрдө, JPG форматында. 

 

4. Ар бир эскиздин долбооруна коллекциялык монетанын сунушталган дизайнынын мазмунун чечмелеген түшүндүрмөлөр кошо тиркелүүгө тийиш. 

5. Сынактын жеңүүчүсүнө монетанын ар бир бетине 50 000 (элүү миң) сомдон алып эсептегенде, бир монетага 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө сый акы төлөнөт. Сый акы Улуттук банк Башкармасы бекиткен эскиздин долбоорлоруна гана төлөнөт. 

Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору «Сынак» (Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы үчүн) белгисин коюу менен Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча Улуттук банкка (№318 иш бөлмөсү) тапшырылат. 

Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлорун тапшыруу мөөнөтү 2020-жылдын 1-мартына чейин

Кошумча маалыматты (312) 66 92 27 же 66 92 24 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.