Кыргыз Республикасынын валюта рыногундагы жагдай тууралуу маалымат  

 

Бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясына каршы аракеттерден улам, дүйнөдөгү бардык өлкөлөр айрым чектөөлөргө жана экономикалык кесепеттерге туш болууда. Региондордо да, бүтүн дүйнөдө да экономикалык жигердүүлүктүн басаңдашы байкалып турат. Мындан тышкары, башка факторлор менен бирге ОПЕК+ макулдашуусунун токтотулушу ушул жылдын март айынын башында энергия продукцияларына баалардын кескин төмөндөшүнө алып келген. Бул факторлордун канчага созулушу белгисиз болгондуктан, көпчүлүк өлкөлөр алтын валюта резервин жана макроэкономикалык туруктуулукту сактап калуу максатында, татаал, бирок ошол эле учурда зарыл экономикалык чараларды колдонууга аргасыз болуп жатышат. 

Кыргыз Республикасынын экономикасы регионалдык соода-экономикалык мамилелерге байланыштуу экендигин эске алганда, экономикалык тышкы таасирлер Кыргыз Республикасынын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүнүн валютасынын курсу төмөндөгөндөй эле, улуттук валютанын сомдун курсуна да тиешелүү таасирин тийгизген. АКШ долларынын мындай бекемделиши көпчүлүк өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн рыногунда да байкалган.  

2020-жылдын 19-мартында дүйнөнүн финансылык рынокторунда сакталып турган тобокелдиктердин таасири менен АКШ доллары 84,9 сом деңгээлине чейин бекемделген. АКШ долларынын мындай курсу ички рынокто чет өлкө валютасына болгон суроо-талаптын жана сунуштун катышы катары түптөлгөн. Ре/экспорттук операциялардан жана акча которуулардан валюта агымынын төмөндөшү сыяктуу психологиялык жана фундаменталдуу факторлор АКШ долларынын мына ушундай бекемделишине алып келген объективдүү экономикалык факторлордон болгон.  

Мында, Улуттук банк ички валюта рыногуна катышуу менен АКШ долларын сатуу боюнча интервенцияларды жүргүзүп турган. Калктын чет өлкө валютасына болгон суроо-талабын канааттандыруу максатында, 2020-жылдын башынан тартып 19-мартка чейин нак эмес жана нак формада 202,7 млн. АКШ доллары суммасына чет өлкө валютасын сатуу боюнча жети интервенция жүргүзгөн. Интервенциялардын негизги бөлүгү өтүп жаткан жылдын март айына туура келген. 

Бирок, тышкы таасирлерди жеңилдетүүгө багытталган валюта саясатынын чараларын узак убакыт бою колдонуу өлкөнүн эл аралык камдарынын айкын агылып чыгышына алып келиши мүмкүн. 

Улуттук банк ички валюта рыногунда жана тышкы финансы рынокторунда орун алып жаткан абалга дайыма байкоо жүргүзүп турат. Зарыл болгон учурларда тиешелүү операцияларды жүргүзүү менен валюта рыногуна катышууну улантат жана аны корректировкалоо үчүн зарыл инструменттерге ээ.