Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 28-декабрындагы  

№ 2022-П-10/83-11-(НПА)  

токтому менен бекитилген  

 

Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылуучу эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө  

ЖОБО 

 

Бул Жобо Кыргыз Республикасынын резиденттери - юридикалык жактар ​​тарабынан чет өлкө банктарында ачылуучу эсептерди жана аманаттарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоонун тартибин жана алар боюнча отчеттуулуктун жол-жобосун аныктайт. 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү терминдер жана түшүнүктөр колдонулат: 

1) Кыргыз Республикасынын төлөм теңдеми - бул белгилүү бир мезгил ичинде Кыргыз Республикасынын дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен жүргүзгөн тышкы экономикалык операциялары боюнча жалпы маалыматтарды чагылдырган статистикалык отчеттуулук; 

2) резидент болуп саналат: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана Кыргыз Республикасында жайгашкан юридикалык жактар; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана Кыргыз Республикасында жайгашкан чет өлкөнүн юридикалык жактарынын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү

3) резидент эмес - бул резидент болуп саналбаган жактар, анын ичинде Кыргыз Республикасында жайгашкан чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын дипломатиялык жана башка өкүлчүлүктөрү

4) чет өлкө банкы - Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары катталган жана ал катталган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык банк ишин жүргүзүүгө укугу бар банк же башка финансы-кредит уюму; 

5) эсептер - резиденттер тарабынан чет өлкөлүк банктарда ачылган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында катталууга тийиш болгон валюталык жана металл эсептери; 

6) валюталык эсептер - бул Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарындагы чет өлкө валютасы жайгашкан эсептери; 

7) металл эсептери (анын ичинде жеке белгилери көрсөтүлбөгөн эсептер) - Кыргыз Республикасынын резиденттеринин алтын жана башка баалуу металлдарды камтыган чет өлкө банктарындагы эсептери; 

8) аманат - резиденттер тарабынан банктык аманат келишиминин негизинде, мөөнөтүндө төлөө, убагында кайтаруу жана төлөө шарттарында банкка салынган акча каражаттары. 

 

2-глава. Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан чет өлкө банктарында ачылуучу эсептерди жана аманаттарды каттоонун максаттары жана милдеттери 

 

2. Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан чет өлкө банктарында ачылуучу эсептерди жана аманаттарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан каттоонун максаты болуп, Кыргыз Республикасынын төлөм теңдемин түзүү үчүн маалыматтык базаны өркүндөтүү саналат. 

3. Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан чет өлкө банктарында ачылуучу эсептерди жана аманаттарды каттоонун милдети болуп, чет өлкө банктарында ачылган эсептердеги жана аманаттардагы акча каражаттарынын калдыктарын эсепке алуу жана отчеттук мезгилде бул эсептер жана аманаттар боюнча болгон өзгөрүүлөрдү Кыргыз Республикасынын төлөм теңдеминде чагылдыруу саналат. 

 

3-глава. Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан чет өлкө банктарында ачылуучу эсептерди жана аманаттарды каттоо 

 

4. Чет өлкө банктарында эсептерди жана аманаттарды ачкан Кыргыз Республикасынын резиденттери аларды андан ары каттоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына билдирет. 

5. Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан чет өлкө банктарында ачылуучу эсептерди жана аманаттарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өткөрүү үчүн эсеп же аманат ачып жаткан Кыргыз Республикасынын резидентинин реквизиттерин, эсеп же аманат ачылган чет өлкө банкынын реквизиттерин жана ачылып жаткан эсеп же аманат жөнүндө толук маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына билдирүү (1-тиркеме) берүү зарыл. Билдирүү почта аркылуу жөнөтүлүшү (тапшырык кат) же курьер аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экспедициясына колго тапшырылышы мүмкүн. 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдирүүнү алган күндөн тартып 5 календардык күн ичинде Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан чет өлкө банктарында ачылып жаткан эсептерди жана аманаттарды ушул Жобого ылайык каттоодон өткөрөт жана резидентти анын чет өлкө банкында ачылган эсебин каттоо жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет. 

7. Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылуучу эсептери жана аманаттары Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылуучу эсептерин жана аманаттарын каттоо китебине (2-тиркеме) киргизүү жолу менен катталат. 

8. Кыргыз Республикасынын резиденти мурда чет өлкө банкында ачылган жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан катталган эсепти же аманатты жапкан учурда, резидент эсепти же аманатты жабуунун себебин көрсөтүү менен бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына эсеп же аманат жабылган күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө билдирет. 

 

4-глава. Чет өлкө банктарында эсептерди же аманаттарды ачуучу Кыргыз Республикасынын резиденттеринин милдеттери 

 

9. Чет өлкө банктарында эсептерди жана аманаттарды ачкан жана ушул Жобого ылайык аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өткөргөн Кыргыз Республикасынын резиденттери чейрек сайын отчеттук чейректен кийинки айдын 15-күнүнө чейинки мөөнөттө, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык, өткөн чейректин акырына карата абал боюнча эсептердеги жана аманаттардагы акча каражаттарынын калдыктары (ар бир эсеп жана аманат боюнча өзүнчө) жөнүндө отчет берип турушат. Билдирүү почта аркылуу жөнөтүлүшү (тапшырык кат) же курьер аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экспедициясына колго тапшырылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кабарлоо почта аркылуу (тапшырык кат) жөнөтүлүшү же курьер аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экспедициясына колго берилиши мүмкүн. 

10. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкө банктарында эсептери же аманаттары бар жана аларды ушул Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өткөргөн Кыргыз Республикасынын резиденттери, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын суроо-талабы боюнча бул эсептер жана аманаттар боюнча кеңири маалымат беришет. 

 

5-глава. Купуялык 

 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул Жобого ылайык алынган маалыматтардын купуялуулугуна кепилдик берет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, маалыматты үчүнчү жактарга бербөөгө милдеттенет. 

6-глава. Жоопкерчилик 

 

12. Маалымат берилбеген, өз убагында берилбеген же так эмес маалымат берилген учурларда, чет өлкө банктарында эсептери же аманаттары бар Кыргыз Республикасынын резиденттери, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

резиденттеринин чет өлкө 

банктарында ачылуучу эсептерин 

жана аманаттарын каттоо жөнүндө  

жобого карата  

1-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

 

БИЛДИРҮҮ 

 

Банкта ачылган эсеп (аманат) жөнүндө: ________________________________, 

(толук аталышы) 

Жайгашкан дареги: 

________________________________________________________________ 

________________________________________________________________ 

(телефон, факс, E-mail почтаны көрсөтүү менен толук юридикалык дареги) 

1. Эсептин (аманаттын) ачылган датасы: ______________________________________ 

2. Эсептин (аманаттын) түрү: _________________________________________________ 

3. Эсептин (аманаттын) валютасы: __________________________________________ 

Кошумча төмөнкү маалыматтарды билдирем: 

1. Эсепти (аманатты) ачкан резиденттин толук аталышы: 

________________________________________________________________ 

2. Юридикалык дареги: 

________________________________________________________________ 

________________________________________________________________ 

(телефон, факс, E-mail почтаны көрсөтүү менен) 

3. Менчик формасы: __________________________________________ 

4. Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн номери:___________________________________________________________________ 

5. ИУЖК коду: ____________________________________________________________ 

6. Салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери (ИСН): ___________________________ 

Мен Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылуучу эсептерин (аманаттарын) каттоо тартибин жана алар боюнча отчеттуулуктун жол-жобосун жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жобосу менен таанышып чыктым 

Билдирүүдө көрсөтүлгөн маалыматтардын тактыгын жана тууралыгын тастыктайм. 

Датасы 

Жетекчинин колу  

Башкы бухгалтердин колу 

М.О.  

Эскертүү: Бул билдирүү ар бир ачылган эсеп (аманат) боюнча өзүнчө толтурулат. 

 

 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын  

резиденттеринин чет өлкө 

банктарында ачылуучу эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө  

жобого карата  

2-тиркеме 

Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылуучу эсептерин (аманаттарын) каттоо китеби 

Эсеп (аманат) ачкан Кыргыз Республикасынын резидентинин толук аталышы 

Эсеп (аманат) ачкан Кыргыз Республикасынын резидентинин юридикалык дареги 

Эсеп (аманат) ачкан Кыргыз Республикасынын резидентинин телефону, факсы, E-mail почтасы 

Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн номери 

ИУЖК 

коду 

Салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери (ИСН) 

Эсеп (аманат) ачылган чет өлкөбанкынын реквизиттери 

Эсептин (аманаттын) валютасы 

Эсеп (аманат) ачылган дата 

Эсеп (аманат) жабылган дата 

Эскертүүлөр 

10 

11 

12 

 

1 - бул тилкеде чет өлкө банкында эсеп (аманат) ачкан резиденттин катар номери көрсөтүлөт. 

2 - бул тилкеде чет өлкө банкында эсеп (аманат) ачкан Кыргыз Республикасынын резидентинин толук аталышы жана менчигинин формасы көрсөтүлөт. 

3 - бул тилкеде чет өлкө банкында эсеп (аманат) ачкан Кыргыз Республикасынын резидентинин юридикалык дареги көрсөтүлөт. 

4 - бул тилкеде чет өлкө банкында эсеп (аманат) ачкан Кыргыз Республикасынын резидентинин телефону, факсы, E-mail почта дареги көрсөтүлөт. 

5 - бул тилкеде жерде чет өлкө банкында эсеп (аманат) ачкан Кыргыз Республикасынын резидентинин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн номери көрсөтүлөт. 

6 - бул тилкеде чет өлкө банкында эсеп (аманат) ачкан Кыргыз Республикасынын резидентинин ишканаларынын жана уюмдарынын жалпы республикалык коду (ИУЖК коду) киргизилет. 

7 бул тилкеде чет өлкө банкында эсеп (аманат) ачкан Кыргыз Республикасынын резидентинин идентификациялык салык номери (ИСН) чагылдырылат. 

8 - бул тилкеде эсеп (аманат) ачылган чет өлкө банкынын реквизиттери толук (толук аталышы, банк жайгашкан өлкө жана анын толук дареги, телефон жана факс номерлери) көрсөтүлөт. 

9 - бул тилкеде ачылган эсептин (аманатты) валютасы көрсөтүлөт (эгерде эсеп металл түрүндө болсо, анда эсептин металлы). 

10 - бул тилкеде Кыргыз Республикасынын резидентинин чет өлкө банкында эсеп (аманат) ачкан датасы көрсөтүлөт. 

11 - бул тилкеде Кыргыз Республикасынын резиденти тарабынан мурда чет өлкө банкында ачылган эсептин (аманаттын) жабылган датасы (эсеп (аманат) жабылган учурда) көрсөтүлөт. 

12 - бул тилкеде кошумча маалыматтар (бар болгон учурда) көрсөтүлөт. 

 

 

  

  

Кыргыз Республикасынын  

резиденттеринин чет өлкө 

банктарында ачылуучу эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө  

жобого карата  

3-тиркеме 

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

20__-жылдын ___ чейреги үчүн резиденттердин чет өлкө банктарындагы эсептериндеги же аманаттарындагы акча каражаттарынын калдыктары жөнүндө отчет 

Резиденттин аталышы: _________________ 

Банктын аталышы: ________________________________________________ 

Өлкө: ____________________________________________________________ 

Эсептин (аманаттын) валютасы: ______________________________________ 

Саптын № 

Операциянын аталышы 

Эсептин валютасы миң бирдикте 

Миң АКШ доллары  

А 

Б 

В 

Г 

Мезгилдин башына карата калдык 

  

  

Мезгилдин акырына карата калдык 

  

  

Эскертүү: Металл эсептери боюнча калдыктар «Эсептин валютасы миң бирдикте» тилкесинде физикалык көлөмдө (граммда) көрсөтүлөт. 

 

Датасы 

Жетекчинин колу 

Башкы бухгалтердин колу 

М.О.