Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 15-июнундагы 

№ 2017-П-12/25-8-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА), 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА), 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА), 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-4-(НФКУ), 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул жободо коммерциялык банктар, кепилдик фонддор жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары - банктар) тобокелдиктерди тескөөдө милдеттүү түрдө сактоого тийиш болгон минималдуу талаптар белгиленген. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-4-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Банктарда тобокелдиктерди тескөөнүн шайкеш системасын калыптандырууга карата минималдуу талаптарды жана жүргүзүлүп жаткан операциялар түрүн жана көлөмүн эске алуу менен банкта тобокелдиктерди аныктоо, аларга баа берүү жана чектөөнү камсыз кылган ички контролдукту уюштурууга карата талаптарды белгилөө ушул жобонун максаты болуп саналат. 

3. Бул жобонун максаттарында төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылган: 

Тобокелдик - күтүлүп жаткан же күтүүсүз келип чыккан жагдайлар банк капиталына же анын кирешелерине терс таасирин тийгизүү мүмкүндүгү

Тобокелдиктерди тескөө системасы - бул, тобокелдикти аныктоо, тобокелдикти өлчөө, тобокелдикти контролдоо жана тобокелдикке мониторинг жүргүзүү сыяктуу төрт негизги элементти камтыган процесс. 

Тобокелдик-менеджменти кызматынын жетекчиси - банкта тобокелдикти тескөө боюнча күндөлүк иш үчүн жоопкерчилик тарткан, тиешелүү тажрыйбага ээ банк кызматкери. 

Кредит тобокелдиги - бул, кардарлардын келишимде каралган мөөнөттө жана шарттарда өз милдеттенмелерин аткарбай коюу тобокелдиги. 

Рынок тобокелдиги - рыноктук пайыздык чендердин, алмашуу курсунун, акцияларга баалардын, кредиттик спрэддин жана/же товарларга баанын өзгөрүүсүнүн, алардын өзгөрүлмөлүүлүгүнүн натыйжасында банк активдеринин жана милдеттенмелеринин наркы алгылыксыз багытта өзгөргөн учурда, банктын жоготууга дуушар болуу ыктымалдыгы. Төмөндө келтирилген үч тобокелдик категориялары рыноктук тобокелдикке мүнөздүү жана анда төмөнкүлөр камтылат: 

Баа тобокелдиги - бул, рыноктук баанын өзгөрүүсүнүн натыйжасында банкка же анын кайсы болбосун туунду компаниясына (баланстык же баланстан тышкаркы) таандык финансылык интрументтердин жана башка инвестициялардын же активдердин наркы терс багытта өзгөргөн учурда, банк дуушар болушу ыктымал болгон жоготуу тобокелдиги. Мындай тобокелдик, рынокто иш алып барууда, дилердик ишкердикти жүргүзүүдө жана капитал, валюта, товардык рыноктордо позицияларды ээлөөнүн натыйжасында келип чыгат. 

Пайыздык чен тобокелдиги - бул, банк активдери жана милдеттенмелери акыркы төлөө күнүнө, кайра баалоо күнүнө же пайыздык чендердин өзгөрүүсүнүн натыйжасында дал келбей калган жагдайларга дуушар болуу тобокелдиги. 

Валюта тобокелдиги - банк өз ишин жүзөгө ашырууда чет өлкө валюта курсу өзгөргөндүгүнөн улам чыгашалардын келип чыгуу (чыгым тартуу) тобокелдиги. Чыгаша (чыгым) банктын валюта боюнча позицияларын нарктык мааниде кайра баалоодон келип чыгат. 

Өлкө тобокелдиги - бул, чет мамлекетинин же чет мамлекеттин резидентинин төлөөгө жөндөмсүздүгүнөн же финансылык тобокелдиктерге байланыштуу болбогон себептер боюнча банк алдында өз милдеттенмелери үчүн жооп берүүдөн баш тартуудан улам чыгашалардын (чыгым тартуулардын) келип чыгуу тобокелдиги. 

Өлкө тобокелдигинин курамында төмөнкүлөр кароого алынат: 

Которуу тобокелдиги - бул, дебиторлор көрсөткөн чет өлкө кредиторлоруна каражаттарды которууда финансылык же башка себептер боюнча чектөөлөрдү белгилөө сыяктуу өкмөттүн иш-аракеттеринен улам, жеке карыз алуучулар өз милдеттенмелерин аткара албагандыгынын натыйжасында банк же анын кайсыл болбосун туунду компаниясы дуушарланышы ыктымал болгон тике же кыйыр жоготуу тобокелдиги. Өлкө тобокелдигинин бул түрү жеке карыз алуучуларга карата гана колдонулат. Мисалы, которуу тобокелдиги өкмөт тарабынан валюталык чектөөлөр киргизилген учурда келип чыгышы мүмкүн, бул өз кезегинде, карызгер (мында, мамлекеттик эмес карызгер) макулдашууга ылайык өз милдеттенмелеринин ордун жаба албай калышын шарттайт. 

Суверендүүлүк тобокелдиги - чет мамлекет өкмөтү келишимде каралган шарттарга ылайык өз милдеттенмелеринин ордун жабууга жөндөмсүз болгон учурда же ага ниеттенбегендигинин натыйжасында, банк же анын кайсыл болбосун туунду компаниясы дуушарланышы ыктымал болгон тике же кыйыр жоготуу тобокелдиги. Мисалы, суверендүүлүк тобокелдиги чет өлкө валютасы жетишсиз болгон учурда же өз мамлекеттик карызын тейлөөдөн баш тарткандыгынын натыйжасында келип чыгат. 

Операциялык тобокелдик - бул, тышкы таасирлерден, персоналдын ката кетирүүсүнөн, алдамчылыкка жол берилгендигинен, ошондой эле процесстер, жол-жоболор же контролдук системасы шайкеш ишке ашырылбагандыгынан же бузууга жол берилгендигинен улам, банкта же анын туунду компанияларында операцияларды жүзөгө ашыруунун натыйжасында банк дуушарланышы ыктымал болгон тике же кыйыр чыгым тартуу тобокелдиги. 

Ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдиги - бул, олуттуу зыян тартуусуз (б.а. активдерди сатып өткөрүү менен гана ликвиддүүлүккө жетишүү, бул олуттуу жоготууга алып келет) өз милдеттенмелерин учурунда аткара албай калгандыгынан банк жоготууга дуушар болуу тобокелдиги. Анда каржылоо булагындагы пландан тышкаркы өзгөрүүлөрдү тескөө мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылат. Мындан тышкары, банк рыноктук шарттардагы өзгөрүүлөрдү таануудан же тиешелүү чара көрүүдөн баш тарткан учурда келип чыгат, алар тез жана минималдуу чыгым тартуусуз сатууга таасирин тийгизет. 

Абройду жоготуу тобокелдиги - бул, коом арасында банк жана анын туунду компаниялары жөнүндө терс пикирлер келип чыккандыгынын натыйжасында банк дуушар болушу ыктымал болгон жоготуу тобокелдиги. Ал банктын өз ара жаңы мамилелерди түзүүсүнө же учурдагы өз ара мамилелерди колдоо жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизет. Мындай тобокелдик, банк сот ишине тартылган учурда келип чыгышы мүмкүн, бул финансылык жоготууларга же анын аброюна алгылыксыз таасирин тийгизет. 

Комплаенс-тобокелдик - бул, банк жана анын кызматкерлери кызматтарды сунуштоо жана финансы рынокторунда операцияларды жүргүзүү тартибин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын, банктын ички документтерин, анын ичинде террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдукту уюштуруу жагында банктын ички документтеринин талаптарын, ошондой эле банк ишине таасирин тийгизген чет мамлекеттердин мыйзамдарын сактабагандыгынын натыйжасында жоготууга дуушарлануу ыктымалдыгы. 

Комплаенс-контролдук кызматынын жетекчиси - бул, анын компетенциясына кеминде банк иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына, ички документтеринин (эрежелер, жол-жоболор, ж.б.) талаптарына ылайык келүүсүн контролдукка алуу, ошондой эле террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдукту уюштуруу милдеттери кирген кызмат адамы. 

Фронт-офис - банк кардарлары/контагенттери менен түздөн-түз иш алып баруусуна жооп берген банк бөлүмдөрүнүн же процесстеринин тобу. 

Бэк-офис - фронт-офистен алынган баштапкы документтердин негизинде операциялардын таризделиши, эсепке алынышы жана алардын текшерүүгө алынышы үчүн жооп берген банк бөлүмдөрүнүн же процесстеринин тобу. 

Гэп - ал аркылуу банк пайыздык чен тобокелдигин жана ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдигин аныктаган ыкма, ал пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө дуушар болгон же отчеттук мезгил ичинде төлөнүүгө тийиш болгон банктын активдери менен милдеттенмелеринин көлөмдөрүн салыштырууга негизденген ыкма. 

Стресс-тестирлөө - бул, банктын финансылык абалына өзгөчө, бирок потенциалдуу таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн өлчөө ыкмаларынын тобу, ал тышкы чөйрөдө (мисалы, экономиканын төмөндөшү, пайыздык чендердин, валюта курсунун өзгөрүүсү, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү ж.б.) сыяктуу эле, банк кардарлары менен контрагенттердин ишинде да (мисалы, банктын ири кардарларынын банкроттукка учурашы, депозиттердин агылып чыгышы, тышкы факторлордун өзгөрүүсү кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө таасири ж.б.) терс өзгөрүүлөр келип чыккан учурда банктын потенциалдуу жоготууларына аналитикалык баа берүү каражаты (инструменти) болуп саналат. 

Бэк (кайтарым) тестирлөө - ал аркылуу банк мурда келишилген бүтүмдөр жөнүндө маалыматты пайдалануу жана эсептерди учурда орун алган (айкын) жыйынтыктарга салыштыруу аркылуу тобокелдиктерди өлчөө жол-жоболорунун натыйжалуулугун изилдөөгө мүмкүндүк берген ыкма. 

Концентрациялануу тобокелдиги - бул, ресурстардын айкын бир инструменттерге, айрым операцияларга, экономиканын белгилүү бир секторуна концентрациялануусунун натыйжасында келип чыккан жоготуу тобокелдиги. 

Форс-мажордук жагдайлар - бул, банктан көз карандысыз орун алган күтүүсүз жагдайлар, анда жаратылыш кырсыктары (суу ташкыны, жердин силкиниши, бороон, өрт жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), техникалык кырсыктар, эпидемия, өзгөчө кырдаалдардын киргизилиши, массалык баш аламандыктар, талап-тоноолор, аскердик аракеттер ж.б. окуялар камтылат, бирок булар менен гана чектелбейт. 

террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдиги - банк, анын кардарлары жана өнөктөштөрү мындай ишке байланыштуу процесстерге тартылышынан улам террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарын эрежелерди же стандарттарды бузууга жол берүүнүн натыйжасында банк дуушарланышы ыктымал болгон тике же кыйыр чыгым тартуу тобокелдиги. 

Тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү (риск-аппетит) - бул, банк өз стратегиясында жана бизнес-планында каралган максаттарга жетүүсү үчүн өзүнө кабыл алууга даяр болгон, банктын аброю жана этикага жатпаган практика сыяктуу татаал өлчөнүүчү тобокелдиктерди эске алуу менен чогуу алгандагы тобокелдиктер деңгээли жана түрлөрү. Тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү банкты өнүктүрүү стратегиясын жана банктын бизнес-планын иштеп чыгууда эске алынат. 

Тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү деңгээли жөнүндө ички документ - бул, банк өз стратегиясында жана бизнес-планында каралган максаттарга жетүүсү үчүн кабыл алууга же жол бербөөгө даяр болгон тобокелдиктердин чогуу алгандагы деңгээли жана түрлөрү (кирешелүүлүк, капитал, ликвиддүүлүк жана башка тиешелүү чаралар боюнча сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрдү аныктоо, мисалы өсүш, өзгөрмөлүүлүк), мында банктын аброю жана этикага жатпаган практика сыяктуу татаал өлчөнүүчү тобокелдиктерди эске алуу зарыл. Мында, аталган документ банктын бизнес-планынын бир бөлүгү болушу мүмкүн. 

Тобокелдиктер боюнча лимиттер - банктын чогуу алгандагы тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү деңгээли деңгээлин (белгилүү бир көрсөткүчтөргө коюлуучу сандык чектөөлөр) иш чөйрөсү, банктын филиалдары, туунду компаниялары, аныкталган тобокелдик категориялары, концентрациялар, продукттар жана башка зарыл деңгээлдер боюнча бөлүштүрүү. Банк лимиттердин ар кандай түрлөрүн ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктарын туура бөлүштүрүү үчүн жоопкерчилик тартат. 

Банк ишинин тобокелдүүлүгүнүн профили - бул, банк үчүн алгылыктуу тобокелдиктердин бардык түрлөрүнүн жана алардын деңгээлдеринин жыйынтыкталган маалыматы, алар банк ишинде бардык негизги көйгөйлөрдү жана аталган тобокелдиктер боюнча колдо болгон маалыматтарга учурдагы (акыркы жаңыртылган) баа берүү жыйынтыктарын чагылдырат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Банктын тобокелдиктерди тескөө системасына Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык баа берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Тобокелдиктерди тескөөнү уюштуруу 

5. Банктар ушул жобонун талаптарынын чегинде банктын Директорлор кеңеши менен анын масштабына, керектөөсүнө жана жүргүзүлүп жаткан операциялардын татаалдыгына ылайык келген тобокелдиктерди тескөө боюнча ички документтерди иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш. 

Банктын ишинин өлчөмүн жана стратегиясын ачып көрсөтүү максатында, банк мыйзамдын жана банктын ички документтеринин талаптарына ылайык бизнес-план түзүүгө тийиш. Тобокелдиктер боюнча лимиттер деңгээлин көрсөтүү менен тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү деңгээли жөнүндө ички документ банктын бизнес-планында да чагылдырылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Банктын тобокелдиктерди тескөө саясатында төмөнкү милдеттер каралууга тийиш: 

1) тобокелдиктерди аныктоо - бул туруктуу негизде жүзөгө ашырылуучу процесс, ал күндөлүк тобокелдиктерди жана банктын иш чөйрөсүн кеңейтүүдө жана жаңы банктык продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өздөштүрүүдө келип чыгуучу тобокелдиктерди аныктоого багытталат; 

2) тобокелдиктерди өлчөө ошол банктын тышкы жана ички шарттарын эсепке алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш. Банк тарабынан пайдаланылуучу тобокелдиктерди өлчөө инструменттери банк өзүнө алган тобокелдиктердин татаалдыгын жана деңгээлин чагылдырууга тийиш. Банк тобокелдиктерди өлчөө инструменттерине мезгил-мезгили менен баа берүүсү зарыл; 

3) тобокелдиктерди контролдоо. Банк саясаттарда, эрежелерде жана жол-жоболордо банк кызматкерлеринин укуктарын жана жоопкерчиликтерин аныктаган лимиттерди белгилөөгө жана чагылдырууга тийиш. Контролдук чектөөлөр, саясатта белгиленген тартипте лимиттерге өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш; 

4) банкта тобокелдик деңгээлин өз убагында аныктоону камсыз кылган мониторинг. Тобокелдиктерге мониторинг мезгилдүү, так, өз убагында жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча отчет түзүлүп, тиешелүү жөнгө салуу чараларын кабыл алуу үчүн банктын жооптуу кызматкерлерине сунушталууга тийиш. 

Тобокелдиктерди тескөө боюнча саясатта банктын айкын экономикалык мааниге, мыйзамдуу максатына ээ болбогон (бүтүм банкка кандайдыр бир пайда алып келбесе, бүтүм/операция чаташтырылган жана башкача мүнөздө болсо, операция кардардын адаттагы ишине дал келбесе жана/же шектүү операция белгилери жана башка критерийлер байкалса) жана/же алар келечекте банктын кызыкчылыгына зыян келтириши мүмкүн болгон бүтүмдөрдү жана операцияларды ишке ашырууну чектеген методдор (ыкмалар) каралууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Тобокелдиктерди тескөө стратегиясын аныктоодо төмөнкүлөр белгиленүүгө тийиш: банк ар бир тобокелдик түрү үчүн өзүнчө саясаттарды иштеп чыгат жана кабыл алат же тобокелдиктерди тескөө боюнча бирдиктүү саясатты иштеп чыгып, аны башка ички документтерге камтыйт (кредиттик жана инвестициялык саясаттар, активдер менен пассивдерди тескөө саясаты, ликвиддүүлүк саясаты же башка саясаттар). 

8. Тобокелдиктерди тескөө ар тараптуу жана ошол эле учурда бардык деңгээлдерде жүзөгө ашырылууга тийиш, анын ичинде: 

1) стратегиялык деңгээл, мында Директорлор кеңешинин жана Башкарманын тобокелдиктерди аныктоо, банктарга карата тиешелүү тобокелдик деңгээлин белгилөө, тобокелдиктерди тескөө стратегиясын, жол-жоболорун аныктоо жана шайкеш контролдук системасын түзүү сыяктуу милдеттер камтылат; 

2) макродеңгээл, мында банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн милдеттери, орто звено жетекчилеринин тобокелдиктерди тескөө иши жана тобокелдиктерге баяндама берүүгө байланыштуу бөлүмдөрдүн иши камтылат; 

3) микродеңгээл, мында банктын атынан тобокелдиктерди жөнгө салган жактардын/кызматкерлердин жана операциялык жол-жоболорду, ички контролдук жоболорун жана банк жетекчилиги тарабынан белгиленген башка нускоолорду сактоо менен чектелген ишкердик камтылат. 

9. Банктын тобокелдиктерди тескөө стратегиясында банк өзүнө алган тобокелдиктерди кароого алуу жана аларга баа берүү караштырылууга тийиш, б.а. банк тарабынан жүргүзүлгөн операциялардагы тобокелдиктердин өз ара катышы чагылдырылууга тийиш. 

10. Банктын бүтүндөй масштабындагы тобокелдиктерди кароо жана баа берүү зарылчылыгы көз карандысыз тобокелдик-менеджменти кызматынын болушун талап кылат. 

11. Банкта тобокелдик-менеджменти кызматы түзүлүүгө тийиш. Аталган кызмат күн сайын тобокелдиктерди аныктайт, өлчөйт, аларга мониторинг жүргүзөт жана контролдукка алынат. Ал эми тобокелдиктерди түздөн-түз жөнгө салуу үчүн жоопкерчилик тобокелдиктердин тигил же бул түрлөрүн жөнгө салган аткаруу органына жана/же түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлөт. 

12. Тобокелдик-менеджменти кызматы, кеминде ай сайын отчетторду Тобокелдик боюнча комитетке, ошондой эле чейрек сайын Директорлор кеңешине сунуштап турат. Мында, Директорлор кеңеши жана/же Тобокелдик боюнча комитет мындай отчетторду сунуштоонун башка мезгилдүүлүгүн, бирок ушул пунктта белгиленген мезгилдүүлүктөн кем эмес кошумча белгилей алышат. 

Тобокелдик-менеджмент кызматы күндөлүк иштерди аткаруу жана чечимдерди оперативдүү кабыл алуу үчүн банк Башкармасынын мүчөлөрү, түзүмдүк бөлүмдөр жана кызматкерлер менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

13. Тобокелдик-менеджменти кызматынын, анын жетекчисинин иши банктын ички аудит кызматы тарабынан текшерүүгө алынат. Ички аудит тобокелдиктерди тескөө системасынын шайкештигине жана натыйжалуулугуна баа берүүгө тийиш жана ал банктын ушул түзүмүн башка түзүмдүк бөлүмдөрдү сыяктуу эле текшерүүгө алат. Текшерүү мезгил аралыгын ички аудитор белгилейт. Мындан тышкары ички аудитор тобокелдик-менеджеринин ушул жобонун 6-бөлүгүндө аныкталган милдеттерди аткаруусун текшерет. 

14. Тобокелдиктерди тескөө консолидациялык негизде жүзөгө ашырылууга жана ал Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан сыяктуу эле, анын чегинен тышкары иштеп жаткан туунду ишканаларга карата да колдонулууга тийиш. 

14-1. Тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү деңгээли жөнүндө ички документте белгиленген лимиттер Директорлор кеңеши тарабынан милдеттүү түрдө жактырылышы менен артышы мүмкүн болгон учурлады так аныкталууга тийиш. Бул менен Директорлор кеңеши өз алдынча белгиленген/жактырылган лимиттерди, лимиттердин артышы ким тарабынан бекитилет, кайсы органга тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн деңгээли жөнүндө отчетун берилишин жана кандай маалда, мыйзам бузуулар орун алган учурда маалымат берүү тартибин жана мөөнөтүн, ошондой эле банктын ыйгарым укуктуу органдарына тобокелдик боюнча лимиттерди белгилөө/жактыруу жагында укук берүүнү өз алдынча аныктайт. 

Мында, тобокелдиктер боюнча лимиттердин деңгээлин төмөндөтүү жагында чаралар каралышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

14-2. Банк ишинин тобокелдүүлүгүнүн учурдагы профилин тескөө максатында, банк тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн, атап айтканда, банк үчүн алгылыктуу болгон тобокелдиктердин бардык түрлөрүн жана алардын деңгээлдерин (тактап айтканда банктын тобокелдикке дуушар кылбаган жана банктын аманаттарынын жана кирешелүүлүгүнүн сакталышын камсыз кылган деңгээлде) так чагылдырууга тийиш. Мында, тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү банктын кыска жана узак мөөнөттүү стратегиясы менен байланыштуу болууга тийиш жана банктын бизнес планына каршы келбейт, ошондой эле банктын тиешелүү коллегиалдуу органдарынын деңгээлинде макулдашылуусу зарыл. Бул үчүн: 

1) Жобонун 3-пунктунун 28-абзацында көрсөтүлгөн банктын кыска жана узак мөөнөттүү стратегиясы, бизнес-планы, анын капиталы жана финансылык планы менен байланыштуу болгон тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү деңгээли жөнүндө ички документти иштеп чыгуу жана бекитүү

2) банктын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн аныктоо процессин камтыган саясатты иштеп чыгуу жана банк ишинин тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн деңгээлине ылайык келишин туруктуу негизде контролдоо. Мында, банктын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн аныктоонун ушул документи кеминде жылына бир жолу кайра каралып чыгууга тийиш; 

3) баа берүү, жактыруу, маалымдоо (банк ичинде маалымдалышы) боюнча жол-жоболорду, ошондой эле банктын Директорлор кеңеши тарабынан аныкталган жана жактырылган тобокелдиктер жана принциптер боюнча лимиттерге мониторинг, аудит жүргүзүү процесстерин иштеп чыгуу; 

4) банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн ашпоого тийиш болгон тобокелдиктер боюнча лимиттерди өлчөө, белгилөө, контролдоо жана тескөө зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

14-3. Директорлор кеңеши лимиттерге жана маанилерге мониторинг жүргүзүү максатында, банк Башкармасы тарабынан ишке ашырылган банктын тобокелдүүлүк профилин контролдойт жана ал үчүн жоопкерчилик тартат. 

Банктын операциялык ишине байланыштуу ар кандай өлчөнүүчү тобокелдиктерге (мисалы, кредиттик тобокелдик, рыноктук тобокелдик, пайыздык чен тобокелдиги, ликвиддүүлүк тобокелдиги ж.б.) банк дуушар болушун контролдукка алууга лимиттердин топтомун белгилөө зарыл. Тобокелдиктер боюнча лимиттер негизинен банктын пайда алышына, капиталына, ликвиддүүлүгүнө жана башка ушундай сыяктуу көрсөткүчтөргө карата белгиленет (мисалы, өсүш жана өзгөрмөлүүлүк). Тобокелдиктер боюнча лимиттерди банктын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү деңгээлине ылайык белгилөө керек. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

14-4. Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган тобокелдиктер боюнча лимиттер банктын тигил же башка ишин жүзөгө ашырган адамдарга/кызматкерлерге, бөлүмгө же түзүмдүк бөлүмдөргө таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

14-5. Ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөр, банктын операциялык иш процессине тартылган адамдар/кызматкерлер тобокелдиктер боюнча белгиленген лимиттер жөнүндө маалым болуусу зарыл жана банк аталган лимиттер тууралуу түшүнүүсүн камсыз кылууга тийиш. Лимиттердин колдонулушуна кылдат мониторинг жүргүзүү зарыл. Банк Башкармасы тиешелүү чараларды көрүү үчүн бузууга жол берилген лимиттер тууралуу токтоосуз түрдө маалымдалууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Тобокелдиктерди тескөө комитети 

15. Тобокелдиктерди тескөө комитети (мындан ары - Тобокелдиктер боюнча комитет), Директорлор кеңешине тобокелдиктерди жөнгө салууда артыкчылыктуу багыттарды аныктоого жана тобокелдиктерди талапка ылайык тескөө үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү максатында түзүлөт. 

16. Тобокелдиктер боюнча комитеттин иши Тобокелдиктерди тескөө комитети жөнүндө жобого ылайык жөнгө салынат, ал Директорлор кеңеши тарабынан бекитилет. 

Бул документте кеминде төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

- тобокелдиктер боюнча комитеттин максаты жана милдеттери; 

- тобокелдиктер боюнча комитеттин түзүмү, отурумдарды өткөрүү мезгил аралыгы жана отурум өткөрүлүүчү күн; 

- тобокелдиктер боюнча комитеттин укуктары жана милдеттери; 

- Директорлор кеңеши, банк жетекчилиги, түзүмдүк бөлүмдөр жана кызматкерлер менен өз ара иш алып баруу тартиби; 

- Директорлор кеңешине аткарылган иштер боюнча отчет берүү тартиби. 

17. Тобокелдиктер боюнча комитеттин компетенциясына кеминде төмөнкүлөр кирет: 

1) колдонулуп жаткан тобокелдиктерди тескөө системасынын натыйжалуулугуна баа берүү

- тобокелдиктерди тескөө процессин жөнгө салган банктын ички документтерине талдап-иликтөөлөр; 

- тобокелдиктер боюнча отчетторго талдап-иликтөөлөр; 

- тобокелдиктерди тескөө процессинин маалыматтык жактан колдоого алынышына талдап-иликтөөлөр; 

- тобокелдик-менеджменти кызматынын иш планын бекитүү жана анын аткарылышын контролдоо; 

- тобокелдиктерди тескөө жагында алдынкы жана/же алгылыктуу эл аралык тажрыйбаларга салыштыруу; 

2) төмөнкүлөрдү кароого алуу: 

- аткаруу органы Директорлор кеңешине бекитүү үчүн сунуштаган тобокелдиктерди тескөө боюнча ички документтер; 

- тобокелдик-менеджменти кызматы сунуштаган тобокелдик түрлөрү боюнча утурумдук отчеттор, ошондой эле тобокелдиктер боюнча лимиттер абалы, гэп жана стресс-тестирлөө жыйынтыктары; 

3) банкта орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө маселелери жагында тобокелдик-менеджменти кызматынын жетекчиси, комплаенс-контроль кызматынын жетекчиси, ички жана тышкы аудит, ошондой эле зарыл учурларда, банктын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара иш алып баруу; 

4) банктын Директорлор кеңешинин кароосуна сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу/даярдоо: 

- колдонулуп жаткан тобокелдиктерди тескөө системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча; 

- банк операциялары жана башка бүтүмдөр жагында тобокелдиктерди чектөө боюнча; 

- тобокелдиктерди тескөөгө тиешелүү башка маанилүү маселелер боюнча. 

5) Директорлор кеңешине тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ички документ маселелери боюнча кеп-кеңештерди берүү. Бул үчүн жоопкерчилик Тобокелдиктер боюнча комитетке жүктөлөт; 

6) Директорлор кенешине банк үчүн маанилүү болгон бардык тобокелдиктер тууралуу маалымат берүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

18. Тобокелдик боюнча комитеттин сандык жана жеке курамы банктын Директорлор кеңеши тарабынан аныкталып, бекитилет жана Директорлор кеңешинин кеминде үч мүчөсү болууга тийиш. Мындан тышкары, аталган комитеттин кеминде эки мүчөсү Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн ичинен шайланууга жана алардын бири Тобокелдиктер боюнча комитеттин төрагасы болууга жана Аудит боюнча комитеттин жетекчиси болбоого тийиш. 

Тобокелдик боюнча комитеттин бардык мүчөлөрү добуш берүү укугуна ээ, ал эми чакыртылгандарга добуш берүү укугу чегерилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Тобокелдиктер боюнча комитеттин төрагасы жана мүчөлөрү Директорлор кеңеши тарабынан бекитилет, мында банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү акционерлердин жыйыны менен шайланат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Тобокелдиктер боюнча комитеттин отуруму зарылчылыкка жараша, бирок айына кеминде бир жолу өткөрүлөт, отурумдун жүрүшүндө бардык кароого алынган маселелерди, позицияларды чагылдыруу менен протокол таризделет. 

Тобокелдиктер боюнча комитеттин кароого алынып жаткан маселе боюнча ой-пикирлер жана кабыл алынган чечимге каршы болгон мүчөлөрүнүн сын-пикирлери добуш берүүдө айтылууга жана ал протоколго чагылдырылууга тийиш. Протоколго отурумда катышкан бардык мүчөлөр жана анын катчысы кол коюуга тийиш. Ал эми отурумда катышпаган мүчөлөр протокол жана кабыл алынган чечимдер менен таанышып, ага кол коюусу зарыл. 

21. Тобокелдиктер боюнча комитет өз иш жыйынтыгы жөнүндө отчетту зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу Директорлор кеңешине сунуштоого тийиш. Бул отчетто Директорлор кеңеши комитеттин ишине баа берүүсү үчүн отчеттук мезгил аралыгында аткарылган иштер тууралуу толук маалымат, ошондой эле негизги сунуш-көрсөтмөлөр жана алардын аткарылышы/аткарылбашы жөнүндө маалымат да камтылууга тийиш. 

22. Тобокелдиктер боюнча комитет кеминде төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү

1) өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн зарыл маалыматты талап кылуу жана алуу; 

2) Тобокелдиктер боюнча комитеттин отурумдарында суроолорго жооп берүү жана кайсы болбосун маселе боюнча өз ара иш алып баруусу үчүн банктын тиешелүү кызматкеринин отурумга катышуусун талап кылуу; 

3) Тобокелдиктер боюнча комитеттин төрагасынын чечими боюнча кайсы болбосун экспертти, анын ичинде банк кызматчыларын ишке тартуу; 

4) тышкы уюмдардан кесиптик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу же банктын Директорлор кеңеши менен макулдашуу боюнча Тобокелдиктер боюнча комитеттин компетенциясына кирген маселелер боюнча атайы билимге ээ үчүнчү жактарды эксперт (консультант) катары тартуу. Тышкы уюмдарды жана эксперт (консультант) катары үчүнчү жактарды ишке тартууда банктар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык тышкы уюмдарга, анын кызматкерлерине жана эксперт (консультант) катары ишке тартылган үчүнчү жактарга карата ички минималдуу талаптар иштелип чыгууга тийиш. 

23. Тобокелдиктер боюнча комитет зарыл учурларда банктын башка комитеттери менен биргеликте отурумдарды өткөрүшү мүмкүн. Комитеттердин биргелешкен отурумдары алардын төрагалары тарабынан өз ара макулдашуу боюнча өткөрүлөт. 

24. Тобокелдиктер боюнча комитеттин мүчөлөрү өз милдеттерин аткаруусу үчүн акционерлердин жылдык жалпы жыйынын чечими боюнча Дайындоолор жана сый акылар боюнча комитеттин пикирин жана талаптарын жана банктын сый акылар боюнча саясатын эске алуу менен аларга кошумча сый акы төлөнүшү мүмкүн. 

25. Ушул бөлүктүн талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик банктын Директорлор кеңешине жүктөлөт. 

4. Банктын Директорлор кеңешинин жоопкерчилиги 

26. Тобокелдиктердин натыйжалуу тескөөгө алынышын камсыз кылуу максатында банктын Директорлор кеңеши төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга тийиш: 

1) банкта натыйжалуу корпоративдик тескөөнү жайылтуу, анын ичинде банктын стратегиясын, максаттарын, милдеттерин, уюштуруу түзүмүн жактыруу, ошондой эле банктын тобокелдиктерди тескөө стратегияларын жана ички документтерин мезгил-мезгили менен кароо; 

2) банкта натыйжалуу ички контролдук системасын түзүү

3) банкта таламдардын каршы келип калышы боюнча жалпы саясатты белгилөө

4) банк дуушарланышы ыктымал болгон олуттуу тобокелдиктерди аныктоо; 

5) банк ишине мүнөздүү тобокелдиктерди тескөө боюнча тиешелүү стратегияларды жана ички документтерди бекитүү жана тобокелдиктерди диверсификациялоо ишин жүргүзүү

6) мезгил-мезгили менен тобокелдиктерди тескөө стратегияларын жана ички документтерди кароого алуу; 

7) банк тобокелдиктерди тескөөнү үзгүлтүксүз негизде, талапка ылайык жана натыйжалуу, ошондой эле тобокелдиктерди тескөө саясатын сактоо менен жүзөгө ашыруусун контролдоо. 

27. Директорлор кеңеши төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат: 

1) тобокелдиктердин тескөөгө алынышы, мында банк тобокелдик деңгээлин ошол тобокелдиктерди жөнгө салуу чаралары менен бирге өзүнө алат; 

2) банк Башкармасы жана тобокелдик-менеджменти кызматынын жетекчиси менен биргеликте банктын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн чараларын иштеп чыгуу, ошондой эле банктын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө карата талаптарды, тобокелдик саясатынын жана лимиттеринин сакталышын көзөмөлгө алууга жана туруктуулукту камсыз кылууга көмөктөшүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

28. Директорлор кеңеши Дайындоолор жана сый акылар боюнча комитетинин сунуш-көрсөтмөлөрүн эске алуу менен тобокелдик-менеджментинин жетекчисин жана кызматчыларын дайындайт, алардын эмгек акысын, ошондой эле сандык жана жеке курамын аныктайт. 

Банктын тобокелдик-менеджменти кызматынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкер Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Улуттук банк менен макулдашылат 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

29. Директорлор кеңеши тобокелдик-менеджменти кызматынын Башкармадан көз карандысыздыгын аныктоого тийиш. 

30. Тобокелдик-менеджменти өз милдетин шайкеш аткаруусу үчүн Директорлор кеңеши аталган кызматта жетиштүү ресурс болушун камсыз кылууга тийиш. 

31. Алгылыктуу банктык тажрыйбаны камсыз кылуу максатында Директорлор кеңеши төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга тийиш: 

1) банкта шайкеш көз карандысыз ички аудитти камсыз кылуу үчүн жетиштүү ресурс бөлүп берүүгө жана аны бөлүштүрүүгө

2) ички аудит туруктуу негизде банктык процесстер, саясаттар, контролдук жол-жоболор талабынын, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча тиешелүү чаралар кабыл алынгандыгын текшерүүгө алынышын камсыз кылууга; 

3) мезгил-мезгили менен (кеминде, чейрек ичинде бир жолу) банктын тобокелдик-менеджменти жана түзүмдүк бөлүмү тарабынан иштелип чыккан (зарыл учурларда) жана банк тарабынан колдонулуп жаткан тобокелдиктерди өлчөө ыкмаларын, анын ичинде, гэп жана стресс-тестирлөөнү ар бир тобокелдик боюнча өз-өзүнчө караштырууга; 

4) банктын орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди болжолдоо жөндөмдүүлүгүнө баа берүү ыкмаларын жана натыйжаларын кароого алууга; 

5) Директорлор кеңешине банк ишинин бардык чабал жактары боюнча такталган маалыматты өз учурунда сунуштоо, аныкталган кемчиликтерди жөнгө салуу жана аларды четтетүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү мезгил аралыгын белгилөөгө

5. Банк Башкармасынын жоопкерчилиги 

32. Башкарма банк дуушар болгон тобокелдиктерди Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген стратегияларга жана ички документтерге ылайык тескөөгө алат. 

33. Банк Башкармасы башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн тобокелдик-менеджментинин ишине кийлигишпөөсүн жана тобокелдик-менеджментинин тобокелдиктерди тескөө милдеттерин аткаруу жагында толук кызматташууну камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат. Купуялуулугуна карабастан кайсы болбосун маалымат тобокелдик-менеджменти кызматына маалымдалууга тийиш. 

34. Банк Башкармасы Директорлор кеңеши тарабынан аныкталган тиешелүү ички документтерди, анын ичинде укуктарды жана жоопкерчиликти, лимиттердин жалпы өлчөмүн белгилөө жана зарылчылыкка жараша тобокелдиктерди тескөө боюнча ички документтерди карап чыгууга тийиш. 

35. Банк Башкармасы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

1) күндөлүк жана/же келечекте операцияларды жүргүзүүдө банк өзү же болбосо бир же бир нече туунду компаниялары аркылуу дуушар болгон же дуушар болушу ыктымал болгон тобокелдиктерди аныктоо; 

2) банк бир өнөктөш же эмитент жана байланыштуу тараптар тобу же эмитенттери менен иш алып барууда дуушарланган же дуушарланышы ыктымал болгон тобокелдиктер түрүн консолидациялык негизде өлчөө

3) аныкталган тобокелдиктердин олуттуулугуна баа берүү

4) Директорлор кеңешине олуттуу тобокелдиктердин тескөөгө алынышы, жол-жоболордун сакталышы жана алардын тескөөгө алынышын контролдоо, анын ичинде банкта үзгүлтүксүз, шайкеш жана натыйжалуу тескөө процесси жүргүзүлүп жаткандыгына баа берүүгө мүмкүндүк берген жол-жоболордун сакталышы боюнча такталган жана толук маалымат камтылган отчетторду өз убагында сунуштоо; 

5) банк дуушарланган тобокелдиктердин жөнгө салынышын, мониторингдин жүргүзүлүшүн, контролдук жол-жоболорунун сакталышын контролдукка алуу жагында шайкеш жана натыйжалуу жол-жоболорду белгилөө

6) Директорлор кеңешине Башкарманын пикири боюнча тобокелдиктерди тескөө стратегиясына жана ички документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү өз убагында сунуштоо. 

36. Башкарма банкта орун алган тобокелдиктерди операциялар түрү боюнча диверсификациялоону (бөлүштүрүүнү) жүзөгө ашырууга тийиш. 

6. Тобокелдик-менеджментинин иши 

37. Тобокелдик-менеджменти кызматы өз ишин банктын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнөн көз карандысыз жүзөгө ашырат. Тобокелдик-менеджментинин жетекчиси тобокелдиктерди аныктоо, аларга мониторинг жүргүзүү жана контролдоодон тышкары башка ишкердик түрлөрү үчүн кандайдыр бир жоопкерчилик тартпайт. 

38. Директорлор кеңеши тарабынан аныкталган тобокелдик-менеджменти кызматынын милдеттеринде төмөнкүлөр камтылат: 

1) тобокелдиктерди тескөө максатында банктын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнөн алынган орчундуу маалыматтарды аныктоо; 

2) маалыматтарды топтоо, аларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана тобокелдик мүнөзүн аныктоо; 

3) бир мезгил ичинде аны салыштырууга мүмкүндүк берген формада тобокелдиктерди өлчөө

4) Директорлор кеңешине, Башкармага жана Тобокелдик комитетине анын позициялары, тенденциялары жөнүндө маалымдоо, аныкталган тобокелдиктерди контролдоо жана төмөндөтүү чаралары жөнүндө сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдоо жана/же берүү

5) Директорлор кеңешине жана Башкармага сунуштоо үчүн жогоруда аталган маселелерди камтыган тиешелүү отчетторду даярдоо; 

6) өзүндө ири тобокелдиктерди камтыган кредиттер боюнча тиешелүү корутундуларды даярдоо; 

7) тобокелдиктерди тескөө боюнча ички документтерди иштеп чыгууга катышуу; 

8) анын ичинде квалификацияны жогорулатуу аркылуу, тобокелдиктерди тескөө системасындагы акыркы өнүктүрүү тенденциялары жөнүндө маалым болуу, ошондой эле банк жетекчилерине банк ишинде тобокелдиктерди тескөөнүн заманбап тажрыйбасы жөнүндө маалымат берүү

9) Директорлор кеңешинин талабы боюнча, ошондой эле башка органдар жана банктын түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара иш алып баруунун алкагында тобокелдиктерди тескөөнүн кайсыл болбосун башка айкын долбоорун жүзөгө ашыруу; 

10) бекитилген тобокелдиктерге туруштук берүү деңгээлине, лимиттерине жана капитал жана ликвиддүүлүк керектөөлөрүнө ылайык, тобокелдиктерди жөнгө салуу ишине жана ага дуушарланышы ыктымалдыгына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү

11) Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган банктын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн жана тобокелдиктер боюнча лимиттерин аныктоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Кредиттик тобокелдик 

39. Банкта Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча ички саясат болууга тийиш. 

40. Кредиттик тобокелдик банктын бардык ишкердик түрлөрүнө мүнөздүү, так айтканда карыз алуучу, кардар макулдашууларда жана/же келишимдерде каралган милдеттенмелерин аткаруу жыйынтыгына жараша болот. 

41. Кредиттик тобокелдикти тескөө максаты, банктын кредиттик тобокелдикке дуушарлануу деңгээлин аныктоо, анын келип чыгуу себептерин түшүнүү жана кредиттик тобокелдикти болжолдоого мүмкүндүк берген ички жана тышкы тенденцияларды аныктоо жана аны тобокелдиктерди тескөө боюнча кредиттик саясатта жана стратегияда белгиленген деңгээлде колдоо үчүн тиешелүү зарыл чараларды кабып алуу саналат. 

42. Директорлор кеңеши жана Башкарма кредиттик тобокелдиктерди натыйжалуу тескөө системасы менен камсыз кылууга тийиш, анда кредиттик тобокелдиктерди тескөө жана мониторинг жүргүзүү аспектилери боюнча укуктарды жана милдеттерди белгилөө менен так белгиленген кредиттик түзүм, ошондой эле орчундуу тобокелдиктерди аныктоого, баа берүүгө, контролдоого мүмкүндүк берген тиешелүү инструменттер камтылууга тийиш. 

43. Кредиттик тобокелдик боюнча отчеттор Директорлор кеңешине жана Башкармага Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген формада жана мөөнөттө өз убагында берилүүгө тийиш, бул кредиттик тобокелдикти контролдоого жана мониторинг жүргүзүүгө шарт түзөт. 

44. Банктын кредиттик операциялары Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген жана кредиттик тобокелдик баланстык жана баланстан тышкаркы статьялар катары каралган кредиттик саясатка ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш. 

45. Кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча ички документтерде маркетинг, кредиттик талдап-иликтөөлөрдү жана кредиттерди жактырууну жүзөгө ашырган кызматчылар ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү каралууга, ошондой эле кредиттик саясатта каралган тобокелдиктерди кыскартуу жана тескөө механизмдери каралууга/чагылдырылууга тийиш. 

46. Кредиттик саясатта банк кызматчылары кредит берүүдө, аны тариздөөдө, тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүүдө жана тескөөдө милдеттүү түрдө аларга таянууга тийиш болгон стратегия, критерийлер, параметрлер белгиленүүгө тийиш. 

47. Кредиттик саясатта кредит берүү ишин жөнгө салган талаптар, ошондой эле кредиттөө процесси камтылууга тийиш жана анда кредит берүүгө тиешелүү бардык негизги жоболор чагылдырылууга тийиш: 

1) кредиттөө/инвестициялоо боюнча ыйгарым укуктар - саясатта банктын бардык кредиттик/инвестициялык адистери үчүн лимиттер белгиленүүгө жана ал ар бир адистин банкта иштөө тажрыйбасына жана мөөнөтүнө негизденүүгө тийиш. Мында, комитет же Директорлор кеңеши сыяктуу жогорку органдын кредиттерди/инвестицияларды жактыруусун талап кылган параметрлер белгиленүүгө тийиш; 

2) кредиттерди жактыруу процесси - банкта так белгиленген кредиттерди жактыруу процесси болууга тийиш, анда чечим кабыл алынганга чейин аткарылууга тийиш болгон минималдуу талаптар тизмеги, потенциалдуу карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн кредиттерге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү ыкмасы жана кредит боюнча чечим кабыл алууга укуктуу кызматчылардын, комитеттердин ж.б. ыйгарым укуктары камтылат. Процессти жүзөгө ашырууга көмөктөшүү максатында, чечим кабыл алуу үчүн критерийлер жана кредиттер рейтингинин системасы сыяктуу белгилүү бир инструменттер көрсөтүлүүгө тийиш. Кредит берүү чечимин кабыл алууда күрөөлүк камсыздоо наркы бирден бир же негизги фактор болбоого тийиш. Кредит берүүнү жактыруу процесси кредиттик маркетингден көз карандысыз болууга тийиш; 

3) географиялык лимиттер - соода чөйрөсү так аныкталууга, ал эми кредиттик/инвестициялык адистер бул чөйрөдө кредиттөө/инвестициялоо боюнча так чектөөлөр жөнүндө билүүгө тийиш. Банктын алгачкы соода чөйрөсү экинчи соода чөйрөсүнөн кредиттөө/инвестициялоо учурунда ага басым жасалууга (артыкчылык берилүүгө) тийиш экендиги менен айырмаланып туруусу зарыл. Белгилүү бир чектөөлөр же өзгөчө учурлар өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш; 

4) уруксат берилген кредиттер/инвестициялар түрлөрү - саясатта банк жүзөгө ашыра турган кредиттөө/инвестициялоо түрлөрү аныкталууга жана кредит, ошондой эле инвестиция сунуштоодо сакталууга тийиш болгон көрсөтмөлөр камтылууга тийиш. Кредит/инвестиция түрүн сунуштоо чечимин кабыл алуу, бул багытта иш алып барган адистердин тажрыйбасына (эксперттик билимине), милдеттенмелердин ордун жабуу түзүмүнө жана болжолдонгон суроо-талапка негизденүүгө тийиш. Кредит же инвестиция сунуштоодо банктын ликвиддүүлүккө муктаждыгына да баа берилүүгө тийиш. Мурда жоготууга алып келген кредит/инвестиция түрлөрү ушул саясаттын чегинде контролдукка алынууга тийиш. Жактырылган ордун жабуу булактары да документтерде аныкталууга жана чагылдырылууга тийиш; 

5) максималдуу ордун жабуу мөөнөттөрү - айкын графикти аныктоо үчүн саясатта кредиттерди төлөөнүн негиздүү мөөнөттөрү белгиленүүгө тийиш. Төлөө мөөнөттөрү күтүлүп жаткан ордун жабуу булагына, кредитти алуу максатына, кредитти пайдалануу мөөнөтүнө жана каржылоо булагына байланыштуу болууга тийиш. Инвестициялоо үчүн төлөө мөөнөттөрүн кароого алуу зарыл; 

6) кредиттин баасын түзүү - стратегияда кредит баасын түзүү боюнча айкын көрсөтмөлөр белгиленүүгө тийиш, мында башка факторлор менен бирге карыздык каражаттар наркы, кредитти тейлөө наркы, кошумча чыгашалар жана мүмкүн болуучу олуттуу чыгым тартуулар, ошондой эле банк үчүн алгылыктуу пайда алуулар эске алынууга тийиш; 

7) кредиттин жана күрөө наркынын максималдуу катышы - банк персоналы ар бир берилген кредит үчүн талап кылынган жана алгылыктуу күрөө көлөмүн жана түрүн так белгилеген параметрлерди сактоосу үчүн чектөөлөр белгиленүүгө тийиш. Кредиттик саясатта кредит мөөнөтүн узартууда кайра баа берүү жол-жобосун кошо алганда, баа берүү үчүн жоопкерчилик жана баа берүүдө сакталууга тийиш болгон стандарттык параметрлер каралат. Мындан тышкары, кредит боюнча камсыздоо катары кабыл алынган күрөө суммасы жана түрү боюнча лимиттер аныкталууга тийиш; 

8) кардардын документтерине карата талаптар - саясатта кредит берилгенге (же инвестициялоого) чейин карыз алуучудан/потенциалдуу карыз алуучудан/дебиторлордон финансылык маалыматты сунуштоо жана ошол финансылык маалыматты мезгил-мезгили менен жаңыртып туруу талаптары камтылуусу зарыл. Финансылык отчетторго карата талаптар юридикалык жактар үчүн сыяктуу эле, жеке адамдар үчүн да каралууга жана анда аудиторлор тарабынан тастыктоо зарылчылыгы, жылдык, аралык отчетторду сунуштоо талаптары, ошондой эле мындай отчетторду баланстык отчет, пайда жана чыгым жөнүндө отчет, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет ж.б. отчет катары сунуштоо талабы каралууга тийиш. Талаптар так аныкталууга жана аларга санкция белгилөө боюнча ыйгарым укуктарды көрсөтүү менен мүмкүн болуучу (негиздүү) өзгөчөлүктөр камтууга тийиш; 

9) кредитке талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү - бардык документтерди алууда, кредит талдап-иликтөөгө алынууга тийиш. Саясатта экономика секторлоруна талдап-иликтөөлөр, жеринде барып текшерүүлөрдү кошо алганда, кардардын документтерине негизденүүгө тийиш экендиги аныкталууга тийиш. Кредитти талдап-иликтөө процесси маркетинг бөлүмүнөн көз карандысыз жүргүзүлүүгө тийиш; 

10) чогуу алгандагы күндөлүк (мөөнөтү өткөрүлгөн) кредиттер/инвестициялар боюнча чектөөлөр - күндөлүк кредиттер же инвестициялар боюнча кайсы болбосун чектөөлөр так аныкталууга тийиш. Мисалы, кредиттер жана депозиттер, кредиттер жана капитал же кредиттер жана активдер катышы боюнча чектөөлөр белгилениши мүмкүн. Мындай чектөөлөр инвестициялар жана баланстан тышкаркы статьялар үчүн каралууга тийиш; 

11) аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактарга берилген кредиттер боюнча чектөөлөр - аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактарга сунушталуучу күндөлүк кредиттер же тике кредитти алмаштыруучулар боюнча кандай болбосун чектөөлөр так аныкталууга тийиш. Мындай операцияларды бекитүүгө ыйгарым укуктар саясатта камтылууга тийиш; 

12) кредиттердин концентрацияланышы - саясатта концентрациялануу багыты (географиялык белгиси, тармагы, валютасы же башка фактор боюнча) аныкталууга жана анда Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген артыкчылыктуу тобокелдик деңгээлине негизденген кредиттик жана инвестициялык портфель ичинде диверсификация каралуусу зарыл. Саясатта концентрацияланууга тиешелүү бардык маалыматка мезгил-мезгили менен талдап-иликтөөлөр жүргүзүлүп, Башкармага жана Директорлор кеңешине сунушталуусун талап кылууга тийиш Концентрациялануу боюнча лимиттер банктын чечими боюнча белгилениши мүмкүн, бирок ал Улуттук банк тарабынан белгиленген деңгээлден ашпоого тийиш; 

13) кредиттерди/инвестицияларды кайтарып берүү жана эсептен алып салуу - саясатта мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер/инвестициялар көрсөтүлүүгө жана аларга карата көрүлүүчү зарыл чаралар белгиленүүгө тийиш. Мында мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер/инвестициялар боюнча отчетторго карата талаптар, анын ичинде бардык мөөнөтү өтүп кеткен жана эсептен алынып салынган кредиттер жана инвестициялар тизмеги мезгил-мезгили менен Директорлор кеңешине сунушталууга тийиш экендигин да так белгилөө зарыл. Кредиттерге же башка активдерге пайыздарды чегербөө статусун ыйгаруу саясаты да так аныкталууга тийиш; 

14) Башкаруу маалымат системасы (УИС) - саясатта кредиттик тобокелдик деңгээлин жана анын ички саясатка дал келүүсүн аныктоо үчүн кайсыл отчеттор топтоштурулууга жана алар кимге, кантип сунушталууга тийиш экендиги так белгиленүүгө тийиш; 

15) банктын активдерин классификациялоо - саясатта Улуттук банктын жоболорунун жана башка талаптарынын негизинде активдерди жана баланстан тышкаркы статьяларды классификациялоо системасы камтылууга тийиш, анда кредиттик тобокелдик деңгээлине ылайык активдерди классификациялоо, күндөлүк же потенциалдуу чыгымдардын ордун жабууга кам түзүү боюнча так көрсөтмөлөр, ошондой эле Директорлор кеңешине жана Башкармасына ички классификациялоо процессинин жыйынтыктарын сунуштоо талаптары да каралууга тийиш; 

16) потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга камды Улуттук банктын талаптарына ылайык түзүү системасы; 

17) кредиттик тобокелдикти өлчөө системасы. Банкта кредиттик тобокелдик өзгөчөлүгүнө, сапатына жана өлчөмүнө баа берүү, ошондой эле банк күндөлүк негизде дуушарланган же келечекке болжолдонгон тенденцияларга ылайык дуушарланышы ыктымал болгон кредиттик тобокелдик деңгээлине баа берүү үчүн стресс-тестирлөө сыяктуу натыйжалуу ыкмаларды караштыруу зарыл; 

18) проблемалуу активдерди тескөө - саясатта проблемалуу активдерди/баланстан тышкаркы статьяларды тескөө боюнча система аныкталууга тийиш; 

19) портфель тууралуу жалпы маалымат жана ага талдап-иликтөөлөр - саясатта портфелдин банктын саясатына жана максаттарына дал келүүсүнө баа берүү максатында, ага талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү мезгил аралыгы аныкталууга тийиш; 

20) кредиттерди тескөө - саясатта кредит алууга өтүнүч сунушталган учурдан тартып анын орду толугу менен жабылганга чейин кредиттерди тескөө системасы аныкталууга тийиш; 

21) кредиттик файлдар - саясатта талдап-иликтөөлөр түрү, мезгил аралыгы жана анда көрсөтүлүүгө тийиш болгон маалыматты жаңыртуу каралган кредиттик файлдарды жүргүзүү боюнча минималдуу талаптар жөнүндө шарттар камтылуусу зарыл; 

22) кредитти кароого алуу - саясатта ар бир кредитти өзүнчө кароо системасы белгиленүүгө тийиш. Мындан тышкары, сунуштоо тартиби бекитилген кредиттик продукт шарттарынан айырмаланган, жеке шарттарга ээ кредиттерди өз-өзүнчө кароо зарыл. Ошондой эле проблемалуу кредиттерди кароо мезгил аралыгы аныкталышы зарыл. Кредит талдап-иликтөөлөрдөн жана кызмат көрсөтүүлөр маркетингинен көз карандысыз кароого алынууга тийиш. Эгерде, кароого алууда жол-жоболордо же методологияда айрым бир алгылыксыз жактар аныкталса, Башкарма зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш; 

23) башкалар - зарылчылыкка жараша саясат башка талаптар жана эрежелер менен толукталып туруусу зарыл. Башка жоболордо түзүмдүк бөлүмдөр тобокелдиктерди тескөө жана аларга контролдукту жүзөгө ашыруу максатында сактоого тийиш болгон белгилүү бир жол-жоболор каралышы мүмкүн. 

48. Банк кредиттик тобокелдикти талапка ылайык тескөө үчүн зарыл болгон ички документтерди кошумча иштеп чыгышы мүмкүн. 

8. Рыноктук тобокелдик 

49. Ар бир банк рыноктук тобокелдикти жөнгө салуу (аныктоо жана контролдоо) саясатына ээ болууга тийиш, ал банктын тобокелдиктер боюнча жалпы саясатынын түзүмдүк бөлүгү болушу мүмкүн. Саясатта банк ишинин өлчөмүнө жана татаалдыгына жараша ар кандай ыкмалар караштырылууга, бирок минималдуу талаптар бардык банктар тарабынан сакталууга тийиш. 

50. Банктар баалуу кагаздар, финансылык инструменттер менен ишке ашырылган операциялардын натыйжасында рыноктук тобокелдикке дуушар болушу мүмкүн. 

51. Рыноктук тобокелдиктин төмөнкүдөй үч чакан категориясы бар: баа тобокелдиги, пайыздык чен тобокелдиги жана валюта тобокелдиги. Банкта тобокелдиктердин чакан категорияларын жөнгө салуу боюнча ички документтер болууга тийиш, алар бир документте чагылдырылышы мүмкүн. 

§ 8.1. Баа тобокелдиги 

52. Ар бир банкта баа тобокелдигин жөнгө салуу (аныктоо жана контролдоо) боюнча саясат болууга тийиш, ал тобокелдиктер боюнча жалпы саясаттын бир бөлүгү болушу мүмкүн. Ички документтерде баа тобокелдигинин өлчөмү жана банк тарабынан ишке ашырылган операциялар каралууга тийиш. 

53. Баа тобокелдигин жөнгө салуу боюнча ички документте төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

1) банк жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ алгылыктуу тобокелдик деңгээли - баа тобокелдигине дуушарлануунун натыйжасында келип чыккан тобокелдиктин алгылыктуу деңгээли боюнча лимиттер, алар Директорлор кеңеши тарабынан белгиленет. Лимиттерде активдердин жана милдеттенмелердин рыноктук наркы өзгөрүшүнөн улам мүмкүн болуучу терс таасирлер эске алынууга тийиш; 

2) ыйгарым укуктар жана жоопкерчилик деңгээли банкта тобокелдиктерди аныктоого, баа берүүгө жана контролдукка алууга жоопкерчиликтерди чектөө үчүн так аныкталууга тийиш. Баа тобокелдиктерин жактыруу жагында чечимдерди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктар деңгээли саясатта көрсөтүлүүгө тийиш; 

3) сапатын жана кирешелүүлүктү болжолдоо; 

4) бекитилген дилерлер тизмеги - баалуу кагаздар боюнча квалификациялуу дилерлер жана банк алар менен бүтүмдөргө келишкен тараптардын тизмеги; 

5) баа тобокелдигин өлчөө системасы. Банкта рыноктук тобокелдик өзгөчөлүгүнө, сапатына жана өлчөмүнө баа берүү, ошондой эле банк күндөлүк же келечекке болжолдонгон тенденцияларга ылайык дуушарланган же дуушарланышы ыктымал болгон баа тобокелдиги деңгээлине баа берүү үчүн стресс-тестирлөө сыяктуу натыйжалуу ыкмаларды караштыруу зарыл; 

6) башкаруу маалымат системасы. Банктын ички документинде баа тобокелдигинин деңгээлин аныктоо максатында кандай отчет түзүү, аны кимге жана кайсыл убакта сунуштоо зарылчылыгы аныкталууга тийиш. 

§ 8.2. Пайыздык чен тобокелдиги 

54. Пайыздык чен тобокелдиги төмөнкүчө аныкталышы мүмкүн: 

- кайра баалоо тобокелдиги - бул, пайыздык чен өзгөргөн убакыт менен акча агымынын жылышы ортосундагы айырмадан улам келип чыккан жыйынтык, алар банктык активдерди, милдеттенмелерди жана баланстан тышкаркы статьяларды баалоодо жана төлөө мөөнөттөрүн белгилөөдө келип чыгат. Кайра баалоо тобокелдиги, адатта, пайыздык чен тобокелдигин шарттайт; 

- базистик тобокелдик - бул ар башка финансылык рыноктордо пайыздык чендердин өзгөрүү жыйынтыгы. Финансылык инструменттер же индекстер үчүн рыноктук чен активдер жана милдеттенмелер наркын аныктоо үчүн пайдаланылган учурда келип чыгат жана ар башка убакта же ар башка суммага өзгөрөт, 

- кыйыр кирешелүүлүк тобокелдиги пайыздык чен төлөө мөөнөтүнө чейин өзгөргөн шартта келип чыгат. Ал ошол эле бир индекс же рыноктун ар башка төлөө мөөнөттөрүндөгү пайыздык чендер ортосунда катыштын өзгөрүүсүнө алып келет; 

- банк же банк кардары активдер, милдеттенмелер же баланстан тышкаркы инструменттердин акча агымынын көлөмүн жана убактысын өзгөртүү укугуна (бирок, милдеттенме эмес) ээ болгон учурда опциялык тобокелдик келип чыгат. Опциондор асимметриялык тобокелдиктердин/кирешелүүлүк профилинин келип чыгышын шарттайт. Банктар, опциондорду сатып алгандыгына же саткандыгына жараша пайыздык чендердин жогорулоосунун жана төмөндөөсүнүн натыйжасында келип чыккан чыгымдарга дуушарланышы ыктымал. 

55. Ар бир банк пайыздык чен тобокелдигин тескөө боюнча ички документке ээ болууга тийиш, анда кеминде төмөнкүлөр каралат: 

1) жоопкерчилик жана ыйгарым укуктар деңгээли, алар банк персоналы пайыздык чен тобокелдигин жөнгө салуу боюнча ички документтерди жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик, ошондой эле пайыздык чен тобокелдигине мониторингди жана контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик, жаңы же учурда ишке ашырылып жаткан банктык продукттарды же операцияларды сунуштоодо келип чыккан пайыздык чен боюнча потенциалдуу тобокелдикти аныктоо, пайыздык чен тобокелдигин өлчөө системасын түзүү жана колдоо, стратегияны иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу, пайыздык чен тобокелдиги боюнча ички документтерге карата өзгөчөлүктөрдү жактыруу үчүн жоопкерчилик кайсыл комитетке/бөлүмгө жүктөлө тургандыгын түшүнүүсү үчүн так бөлүштүрүлүүгө тийиш; 

2) пайыздык чен тобокелдиги өлчөмүнө мониторинг жүргүзүү жана отчет түзүү системасы. Директорлор кеңешине сыяктуу эле, Башкармага да банктын пайыздык чен тобокелдигине тиешелүү отчеттор кеминде чейрек сайын, зарыл учурда, андан да тез арада сунушталуусу зарыл. Отчетто пайыздык чен тобокелдигинин көлөмүнө кылдат баа берүүлөр, алар Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген тобокелдик лимиттерине жана алгылыктуу тобокелдик деңгээлин тескөө стратегиясына ылайык келээри жөнүндө белгиленүүгө тийиш; 

3) ички контролдук жол-жоболору, алар тиешелүү контролдукту жүзөгө ашыруу максатында Директорлор кеңешине жана Башкармага сунушталууга тийиш. Так белгиленген ыйгарым укуктар деңгээлине, милдеттерине жана тобокелдиктер лимитине кошумча Директорлор кеңеши жана Башкарма тобокелдиктерге, аудит жана контролдук милдеттерине мониторинг жүргүзүү үчүн шайкеш ресурстарды сунуштоого тийиш. Тобокелдиктерге мониторинг жана контролдук жүргүзүү үчүн жооптуу адамдар рыноктук тобокелдиктерди шарттаган милдеттерди жөнгө салган адамдардан көз карандысыз болууга тийиш; 

4) тобокелдиктин алгылыктуу деңгээли, контролдук лимиттери - активдерди, милдеттенмелерди жана баланстан тышкаркы статьяларды кайра баалоодо дал келбөөчүлүктөрдүн натыйжасында келип чыккан тобокелдиктин алгылыктуу деңгээли боюнча лимиттер, алар Директорлор кеңеши тарабынан белгиленүүгө тийиш. Тобокелдиктер өлчөмүнүн лимиттерин аныктоодо Директорлор кеңеши жана Башкарма банктык стратегиялардын жана операциялардын мүнөзүн, анын буга чейинки иш-аракетин, потенциалдуу жоготуулардын ордун жабуу үчүн кирешелүүлүктүн жана капиталдын алгылыктуу деңгээлин эске алууга тийиш. Лимиттерде келечекте пайыздык чендердин өзгөрүшү ыктымалдыгы эске алынууга тийиш. Максаттуу көрсөткүчтөрдө пайыздык чендердин милдеттенмелердин өзгөрүүсү, пайыздык чендердин жана гэптин жалпы активдерге карата пайыздык катышта өзгөрүүсү камтылууга тийиш; 

5) тобокелдик деңгээлин өлчөөнүн ички системалары, алар банк тарабынан иштелип чыгууга жана аныкталууга, ошондой эле Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген алгылыктуу тобокелдик деңгээлине дал келгендигине баа берүү максатында пайдаланылууга тийиш. Пайыздык чен тобокелдиги ар кандай мезгил аралыгына карата абал боюнча өлчөнүүгө тийиш. Тобокелдикти өлчөө системаларында белгилүү бир пайыздык чен белгиленген учурда банктын кирешелерине же капиталына потенциалдуу тобокелдиктин таасирин аныктоочу стресс-тестирлөө сыяктуу, салыштырмалуу жөнөкөй жана татаал ыкмаларды караштырат; 

6) активдерди жана милдеттенмелерди төлөө түзүмү. Директорлор кеңеши банктын активдерин жана милдеттенмелерин төлөө түзүмүн белгилөөгө тийиш; 

7) пайыздык чен тобокелдигин контролдоо үчүн банк тарабынан пайдаланылуучу алгылыктуу инструменттер. Пайыздык своптор, хеджирлөө инструменттери же деривативдер сыяктуу алгылыктуу инструменттерди пайдалануу каралууга, ошондой эле мындай инструменттерди пайдалануу боюнча кандай болбосун ички чектөөлөр так аныкталууга тийиш. 

§ 8.3. Валюталык тобокелдик 

56. Ар бир банкта валюталык тобокелдикти тескөө боюнча комплекстүү саясат иштелип чыгууга тийиш. Саясатта банк ишинин өлчөмүнө жана татаалдыгына жараша ар кандай ыкмалар караштырылууга тийиш, бирок минималдуу талаптар бардык банктар тарабынан сакталууга тийиш. 

57. Валюта тобокелдигин тескөө боюнча саясатта төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

1) банк аны кабыл алууга даяр болгон алгылыктуу тобокелдик деңгээли - бир валюта жана бардык валюталар боюнча таза ачык позициялардын балансташпагандыгынан келип чыккан тобокелдиктин алгылыктуу деңгээли боюнча лимиттер. Потенциалдуу чыгым тартуулардын максималдуу деңгээлин белгилөө үчүн "stop-loss" (жоготууларга жол бербөө боюнча) жоболор. Бул лимиттер жеке трейдерлер үчүн да белгиленүүгө тийиш; 

2) тобокелдик деңгээлин өлчөө системасы - ички өлчөө системалары банк тарабынан кабыл алынган тобокелдик деңгээлинин Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген деңгээлге дал келүүсүнө баа берүү максатында аныкталууга жана пайдаланылууга тийиш; 

3) валюталык активдер түзүмү - валюталык тобокелдиктин алгылыктуу деңгээлин белгилөөгө кошумча Директорлор кеңеши валюталык активдердин (баланстык жана баланстан тышкаркы) кошумча сунушталган түзүмүн да белгилөөгө тийиш; 

4) валюта тобокелдигин контролдоо үчүн банк жетекчилиги тарабынан пайдаланылган алгылыктуу инструменттер - саясатта валюталык свопторду жана башка инструменттерди пайдалануунун алгылыктуу деңгээли так аныкталууга тийиш; 

5) валюталык тобокелдиктерди тескөө үчүн комитеттердин/бөлүмдөрдүн жоопкерчиликтерин белгилөө үчүн ыйгарым укуктар жана жоопкерчилик деңгээли так аныкталууга тийиш; 

6) маалымат системасын чагылдыруу - саясатта валюталык тобокелдик деңгээлин аныктоо үчүн кандай отчет түзүлүүгө жана аны кимге жана качан берүү зарылдыгы так аныкталууга тийиш. 

58. Стресс-тестирлөөнү жүргүзүү мезгил аралыгы - рынокто олуттуу өзгөрүүлөр орун алган учурда келип чыгышы ыктымал болгон чыгым өлчөмүн аныктоо үчүн портфелди стресс-тестирлөөнү жүргүзүү мезгил аралыгы саясатта так белгиленүүгө тийиш. 

9. Өлкөлүк тобокелдик 

59. Ар бир банкта, которууда тобокелдикти жана көз карандысыз тобокелдикти кошо алганда, өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген саясат болууга тийиш жана ал банктын тобокелдиктер боюнча жалпы саясатынын бир бөлүгү болушу мүмкүн. Саясатта банк ишинин өлчөмүнө жана татаалдыгына жараша ар кандай ыкмалар караштырылууга, бирок минималдуу талаптар бардык банктар тарабынан сакталууга тийиш. 

60. Банктын өлкөлүк тобокелдигин тескөө саясатында төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

1) банк туруштук бере алган тобокелдик деңгээли, өлкөлүк тобокелдиктин алгылыктуу деңгээли боюнча лимиттер Директорлор кеңеши тарабынан белгиленүүгө жана өлкө боюнча өз-өзүнчө же өлкөлөр тобу боюнча аныкталууга тийиш. Көз карандысыз өлкөлөргө тике же кыйыр түрдө (өкмөттүн гарантиясы астында сыяктуу) кредиттерди берүү боюнча чектөөлөр каралууга тийиш. Мындан тышкары, саясатта тараптар алдында башка өлкөлөрдө келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдик суммасы боюнча кайсы болбосун чектөөлөр эсептелинүүгө тийиш; 

2) өлкөлүк тобокелдиктерди тескөө жагында комитеттердин/бөлүмдөрдүн жоопкерчиликтерин белгилөө үчүн так чектелүүгө жана аныкталууга тийиш болгон ыйгарым укуктар жана жоопкерчиликтер деңгээли; 

3) жол берилген финансылык инструменттердин түрлөрү. Финансылык инструменттердин (баланстык же баланстан тышкаркы) түрлөрү боюнча бардык чектөөлөр аныкталууга тийиш; 

4) валюталар боюнча чектөөлөр. Валюталардын өлкөлөр боюнча тобокелдик суммасы менен кайсы болбосун чектөөлөрү так аныкталууга тийиш; 

5) өлкө тобокелдигин өлчөө системалары. Өлкө тобокелдигинин мүнөзүнө, сапатына жана өлчөмүнө баа берүү, ошондой эле банкта учурда орун алган жана келечекте келип чыгышы ыктымал болгон өлкө тобокелдигине баа берүү үчүн стресс-тестирлөө сыяктуу натыйжалуу ыкмаларды караштыруу зарыл; 

6) банктын башка өлкөлөрдөн кардарлары үчүн финансылык инструменттерге карата баа боюнча талаптар. Саясатта кошумча тобокелдикти эсепке алуу менен башка өлкөнүн кардарларын кредиттөө үчүн кандайдыр бир эсептер бар экендиги так чагылдырылууга тийиш. Мындан тышкары, башка өлкөлөрдөгү активдерге салуудан инвестициялык кирешелүүлүктү жогорулатуу талабы так аныкталууга тийиш; 

7) кредиттик рейтингдин ички жана тышкы системаларын (алдынкы рейтингдик системалардын маалыматын) пайдалануунун зарылдыгы. Башка өлкөнүн кардарларын инвестициялоого же кредиттөөгө чейин кредиттик рейтинг системасын пайдалануу зарылдыгы так белгиленүүгө тийиш. Минималдуу рейтингдер Директорлор кеңешинин талабы боюнча белгиленүүгө тийиш; 

8) маалымат системасын чагылдыруу. Саясатта өлкө тобокелдигин туруктуу негизде контролдоо максатында кандай отчет түзүлүүгө тийиш экендиги жана аны сунуштоо мезгил аралыгы так аныкталууга тийиш. 

10. Операциялык тобокелдик 

61. Банкта Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген операциялык тобокелдикти тескөө саясаты болууга тийиш. 

62. Операциялык тобокелдик банктын бардык продукттарында жана ишкердик түрлөрүндө келип чыгышы ыктымал. 

63. Операциялык тобокелдиктин келип чыгышын шарттаган жагдайларда ички алдамчылык, тышкы алдамчылык, ишке кабыл алуу тажрыйбасы жана жумуш ордунда коопсуздук техникасын сактоо, кардарлар менен иштөө жана банктык продукттарды сунуштоо тажрыйбасы, ишкердик тажрыйбаларын, иштин жүрүшүн токтотуу жана системада үзгүлтүктүн келип чыгышы, материалдык активдердин бүлгүнгө учурашы камтылат. 

64. Операциялык тобокелдикти тескөө максаты кредиттик жана рыноктук тобокелдиктерди, ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө максаттарына окшош жана ал операциялык тобокелдикке дуушарлануу ыктымалдыгын, ошондой эле ошол тобокелдик түрүнүн келип чыгуу себептерин аныктоо жана операциялык тобокелдиктерди четтетүүчү ички жана тышкы тенденцияларды аныктоодон көрүнөт. 

65. Операциялык тобокелдикти тескөө боюнча ички документке карата талаптарды белгилөөдө Директорлор кеңеши: 

1) Башкарма менен биргеликте операциялык тобокелдикти тескөөнүн натыйжалуу системасын камсыз кылат, анда операциялык тобокелдикти тескөөнүн жана мониторинг жүргүзүүнүн бардык деңгээлдери боюнча укуктарды жана милдеттерди белгилөө менен так аныкталган операциялык түзүм, ошондой эле олуттуу тобокелдиктерди аныктоого, аларга баа берүүгө, контролдоого мүмкүндүк берген тиешелүү инструменттер камтылууга тийиш; 

2) Башкарма менен биргеликте банкка таандык болгон операциялык тобокелдиктин бардык категорияларынын кесепетин таанууга, түшүнүүгө жана аныктоого тийиш. Мындан тышкары, операциялык тобокелдикти тескөө базасында операциялык тобокелдиктин бардык категориялары камтылууга тийиш. 

66. Операциялык тобокелдикти тескөө боюнча Ички документтерде банктын фронт жана бэк-офистеринин милдеттери так бөлүштүрүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

67. Операциялык тобокелдикти тескөө боюнча ички документте мындай тобокелдиктерди тескөө ыкмалары так аныкталып, бекитилип, банктын бардык кызматкерлерине маалымдалууга тийиш. Операциялык тобокелдикти тескөө боюнча Ички документтерде банктын жалпы стратегиясына дал келүүгө жана тобокелдиктерди тескөө үзгүлтүксүз негизде өркүндөтүлүшүн камсыз кылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

68. Банк Башкармасы операциялык тобокелдикти аныктоо, аларга баа берүү, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү процессинин банктын талаптарына ылайык келүүсүн, алардын белгилүү бир убакыт ичинде ырааттуу пайдаланышын белгилөөгө, ал эми Директорлор кеңеши алардын дал келишин талап кылууга тийиш. 

69. Банктар бардык материалдык продукттарга, ишкердикке, процесстерге жана системаларга мүнөздүү болгон операциялык тобокелдикти аныктоого жана аларга баа берүүгө, ошондой эле мындай тобокелдиктердин таасирин аныктоого тийиш. Банктар кандайдыр бир жаңы банктык продукттарды, ишкердик түрлөрүн, процесстерди жана системаларды жайылтууга чейин операциялык тобокелдиктин потенциалдуу өлчөмүнө баа берүүгө тийиш. 

70. Операциялык тобокелдик боюнча отчеттор Директорлор кеңешине жана Башкармага Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген формада өз убагында сунушталууга тийиш, бул операциялык тобокелдикти контролдоого жана мониторинг жүргүзүүгө көмөктөшөт. Отчетто кеминде төмөнкүлөрдү камтылууга тийиш: 

1) банк, анын ичинде анын туунду компаниялары дуушарланган же дуушарланышы мүмкүн болгон операциялык тобокелдик түрлөрүнүн тизмеси; 

2) операциялык тобокелдик мүнөзүнө, сапатына жана өлчөмүнө, ошондой эле банкта учурда орун алган жана келечекте келип чыгышы ыктымал болгон операциялык тобокелдик деңгээлине баа берүү үчүн стресс-тестирлөө жүргүзүү

3) өзүндө операциялык тобокелдикти камтыган жагдайлар жана аларды кыскартуу боюнча чаралар менен бирге келип чыгышы ыктымал болгон проблемалар; 

4) операциялык тобокелдиктерди кыскартуу чараларынын натыйжалуулугуна баа берүү

5) кандай болбосун операциялык тобокелдикти аныктоо үчүн иштелип чыккан чаралар; 

6) операциялык тобокелдик келип чыгышы ыктымал болгон багыттар; 

7) операциялык тобокелдикке жол бербөө боюнча чаралардын натыйжалары. 

71. Директорлор кеңеши операциялык тобокелдиктерди контролдоо жана кыскартуу саясатын, ал эми Башкарма жол-жоболорду бекитүүгө тийиш. Айрым учурларда алар кредиттик же инвестициялык саясат сыяктуу башка саясаттарга камтылышы мүмкүн. 

72. Операциялык тобокелдиктерди кыскартуу үчүн банктар үзгүлтүксүз ишти жана жоготууларга жол бербөөнү камсыз кылуу үчүн күтүүсүз жагдайларда чара көрүү планы жана үзгүлтүксүз ишти камсыз кылуу планы болууга тийиш. Планда орчундуу маалыматтарды резервдик көчүрмөлөө, ошондой эле мындай резервдик маалыматтарды өзүнчө жайда дайыма сактоо камтылууга, бирок булар менен эле чектелип калбоого тийиш. 

11. Ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдиги 

73. Ар бир банкта жалпы тобокелдик саясатынын бир бөлүгүн түзгөн ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясаты болууга тийиш. 

74. Ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдиги банктын өз милдеттенмелерин аткаруусу үчүн ликвиддүү активдердин жетишсиздигинин жана банк өз финансылык милдеттенмелерин дароо жана бир учурда аткаруу зарылчылыгынын натыйжасында келип чыгат. 

75. Өзгөрүлмөлүү депозиттер түзүмүнө ээ, ошондой эле активдердин жогору өсүш деңгээлине ээ банктар ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдигине дуушарланышы ыктымал. 

76. Ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдиги өзүнчө каралбайт, анткени финансылык тобокелдиктер өз ара жок кылынуучу болуп саналбайт жана көпчүлүк учурда кредиттик жана рыноктук тобокелдик сыяктуу башка факторлордон улам да келип чыгышы мүмкүн. 

77. Банктын ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдигин тескөө боюнча ички документтеринде кеминде төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

1) ликвиддүүлүк тобокелдигинин алгылыктуу деңгээли - ликвиддүүлүктүн алгылыктуу деңгээли боюнча лимиттер Директорлор кеңеши тарабынан белгиленүүгө тийиш; 

2) ыйгарым укуктар жана жоопкерчилик деңгээли, булар банктын ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдиктерин аныктоо, аларга баа берүү жана контролдоо үчүн комитеттердин/бөлүмдөрдүн жоопкерчиликтерин белгилөө үчүн так чектелүүгө жана аныкталууга тийиш. Мындан тышкары, банк ишин камсыз кылуу үчүн жооптуу бөлүм банктын ликвиддүүлүккө муктаждыгын өлчөөгө тийиш; 

3) күтүүсүз жагдайларды пландаштыруу - банкты кайталап каржылоо булактары боюнча пландарды кошо алганда, Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген деңгээлде ликвиддүүлүк дал келбей калган учурда так жана ылдам чаралардын кабыл алынышы каралууга тийиш; 

4) жактырылган кредиттердин тизмеси - альтернативалуу каржылоо булактарын белгилөө үчүн жактырылган кредиторлордун тизмеси аныкталууга тийиш; 

5) активдер жана милдеттенмелер түзүмү. Жетиштүү ликвиддүүлүктү колдоп туруу максатында активдердин жана милдеттенмелердин оптималдуу катышы белгиленүүгө тийиш. Ошондой эле, активдерди жана милдеттенмелерди төлөө мөөнөттөрү боюнча жалпы стратегия каралууга тийиш; 

6) каржылоо булактары. Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен банктын артыкчылык берилген тиешелүү иши, каржылоо булактары аныкталууга тийиш. Мындан тышкары, каржылоо булактарын диверсификациялоо каралууга тийиш; 

7) банктын кайталап каржылоо булактары боюнча планды кошо алганда, күтүүсүз жагдайларды четтетүү планы, анда каатчылык орун алган учурда же ликвиддүүлүк Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген деңгээлге дал келбеген учурда, так жана ылдам чараларды кабыл алуу каралууга тийиш; 

8) ликвиддүүлүктү өлчөө системалары. Банк учурда дуушар болгон жана келечекте дуушарланышы ыктымал болгон учурларда ликвиддүүлүк тобокелдигине баа берүү үчүн келечекте акчалай агымды болжолдоонун жөнөкөй сыяктуу эле, татаал ыкмалары аныкталууга тийиш (стресс-тестирлөө); 

9) маалымат системаларын чагылдыруу. Ликвиддүүлүк деңгээлине туруктуу негизде контролдукту жүзөгө ашыруу максатында, ички документтерде ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча жооптуу адамдарга берилүүчү отчет түрү, мөөнөтү так аныкталууга тийиш. 

12. Абройду жоготуу тобокелдиги 

78. Абройду жоготуу тобокелдиги кардарлар жана коомчулук менен иш алып барууну кошо алганда, банктын бардык иш-аракеттеринде болот. 

79. Аброй тобокелдигин тескөө үчүн ички документтер эле эмес, натыйжалуу корпоративдик башкаруу, дал келүүсү боюнча комплекстүү саясат, ички контролдук, ички аудит, маалымат системаларынын артыкчылыктары болууга тийиш. Мындан тышкары, банктын стратегияларын, максаттарын жана милдеттерин бузбастан, кардарлардын жана коомчулуктун муктаждыктарын канааттандырууга жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу зарыл. 

80. Банктар сунушталуучу кызматтардын, операциялардын жана/же чечимдердин анын кызматтарынан пайдаланып жаткан коомчулукка жана кардарларга таасирин караштырууга жана эске алууга тийиш. 

81. Банктын Директорлор кеңеши төмөнкүлөрдүн жүзөгө ашырылышын камсыз кылууга тийиш: 

1) тобокелдикти аныктоо - абройду жоготуу тобокелдигинин ички жана тышкы потенциалдуу булактарына объективдүү баа берилүүгө тийиш. Аныктама келечекке жана учурдагы иш-аракеттер планына негизденүүгө тийиш Банк тарабынан жүргүзүлүүчү негизги операциялар абройду жоготуу тобокелдигине өзгөчө баа берүүнү талап кылат; 

2) тобокелдикке баа берүү - банк ишинин негизги багыттарына материалдык таасирди аныктоо үчүн аныкталган тобокелдиктерге сандык жана салаттык баа берүү

3) Мониторинг/УИС - отчеттор банктын абройуна потенциалдуу коркунучтар жөнүндө маалымдоо үчүн Директорлор кеңешине мезгил-мезгили менен берилүүгө тийиш. Отчетто кардарлардын даттануулары жөнүндө маалымат, кайсы болбосун акырына чыгарыла элек же кооптуу соттук териштирүүлөргө укуктук талдап-иликтөөлөр, дал келбөөчүлүк боюнча проблемалар жана банк үчүн абройду жоготуу тобокелдигинин кайсы болбосун башка потенциалдуу булактары камтылууга жана булар менен эле чектелип калбоого тийиш. 

82. Тобокелдикти контролдоо - банктын аброюна терс таасирин тийгизишине жол бербөө үчүн контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш. Буга төмөнкү жол менен жетүүгө болот: 

а) коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүн түзүү

б) аларды жайгаштыруу алдында пресс-релиздерди жана жарнамаларды кароо боюнча талаптарды аткаруу (юридика жана коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү тарабынан); 

в) банкка карата соттук даттануулар менен кайрылуу ыкмаларын аныктоо; 

г) мыйзамдарга ылайык милдеттүү түрдө берилүүчү маалыматтарды эске албаганда, банктын кардарларга берилүүчү маалымат түрлөрүнө чектөөлөрдү белгилөө

д) мыйзамдарга ылайык милдеттүү түрдө берилүүчү маалыматтарды эске албаганда, банктын өзү жөнүндө маалыматтардын түрлөрүн чектөө

е) банк кызматкерлери үчүн жүрүм-турум кодексин кабыл алуу; 

ж) банктын абройуна доо кетирүү ыктымалдыгына жол бербөө үчүн тренингдерди өткөрүү

з) банк үчүн алгылыктуу болгон башка чараларды көрүү

13. Комплаенс-тобокелдиги 

83. Комплаенс-тобокелдикти тескөө системасын уюштурууда банк учурда орун алган рыноктук жагдайга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт, банктын стратегиясын кароого алат, банктык операциялардын татаалдыгы өлчөмүнө жана деңгээлине баа берет, ошондой эле комплаенс-тобокелдикти тескөө системасынын компоненттери камтылган ички документтерди иштеп чыгат. 

84. Комплаенс-тобокелдик абройго терс таасирин тийгизиши мүмкүн, айыптык төлөмдөрдүн белгиленишине же башка акчалай төлөмдөрдүн өндүрүлүшүнө, банк активдеринин наркынын төмөндөшүнө, иш мүмкүнчүлүгүнүн чектелишине, ишкердик чөйрөсүн кеңейтүү үчүн потенциалдын төмөндөшүнө жана түзүлгөн келишимдерде, контракттарда каралган шарттардын аткарылбай калышына алып келиши мүмкүн. 

85. Комплаенс-тобокелдикти кыскартуу максатында банкта комплаенс-тобокелдиктин келип чыгышын шарттаган олуттуу бузууга жол берүүлөрдү (жагдайларды, бүтүмдөрдү) аныктоо ыкмалары жана тартиби белгиленген комплаенс-тобокелдикти тескөө боюнча ички документтер бекитилүүгө тийиш. 

86. Банктын Директорлор кеңеши Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан комплаенс-тобокелдик боюнча ички документтерди бекитет. 

87. Бактын Директорлор кеңеши төмөнкү процесстердин жүзөгө ашырылышын камсыз кылууга тийиш: 

1) тобокелдикти аныктоо - объективдүү баа берилүүгө жана комплаенс-тобокелдиктин келип чыгышын шарттаган бузууга жол берүүлөрдүн (жагдайлардын, бүтүмдөрдүн) олуттуулугу аныкталууга тийиш, бул келечекке каралган планга жана банктын учурдагы ишине негизделүүгө тийиш; 

2) тобокелдикке баа берүү - банктын негизги иш багыттарына материалдык таасирлерди аныктоо үчүн табылган тобокелдиктерге сандык жана сапаттык баа берүү

3) мониторинг - комплаенс-тобокелдик боюнча отчет Директорлор кеңешине зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу сунушталууга тийиш. Кандай болбосун мыйзам талаптарын же жоболорду бузууга жол берүүлөр жөнүндө маалымат, Улуттук банк менен комплаенс-тобокелдикке байланыштуу кат алышуулар Директорлор кеңешине сунушталууга тийиш. Директорлор кеңеши комплаенс-тобокелдикке байланыштуу кемчиликтерди четтетүү чараларынын аткарылышын камсыз кылууга жана мындай кемчиликтердин мындан ары келип чыгышына жол бербөө максатында, ички контролдук жана процесстер боюнча ички документтерге зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш; 

4) тобокелдикти контролдоо - банк комплаенс-тобокелдикти кыскартуу үчүн контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш. Мында кеминде төмөнкүлөр камтылат: 

а) комплаенс-тобокелдикти аныктоо, өлчөө жана мониторинг жүргүзүү зарылчылыгы; 

б) комплаенс-тобокелдикти чектөөгө өбөлгө түзгөн корпоративдик маданиятты жайылтуу; 

в) мыйзам нормаларына жана банктын ички документтерине дал келүүсү үчүн отчет берүүнү жана жоопкерчиликти так аныктоо; 

г) бардык мыйзамдарга жана жоболорго ырааттуу дал келүүнү камсыз кылган жол-жоболор камтылган комплекстүү түзүмдү (планды) өнүктүрүү

д) потенциалдуу комплаенс-тобокелдикти аныктоо үчүн кайсы болбосун жаңы банктык продукттарга же ишкердик түрлөрүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча талаптар; 

е) ички аудит программасында мыйзамдарга, эрежелерге жана жоболорго дал келүүсүн мезгили менен текшерүү камтылууга тийиш болгон талап; 

ж) банк персоналы банк ишине таасирин тийгизген мыйзам талаптарын, эрежелерди жана жоболорду билүүсү үчүн дал келбөөчүлүк маселеси боюнча окутуу; 

з) Директорлор кеңешинин пикири боюнча банкта комплаенс-тобокелдикти төмөндөтүү үчүн зарыл болгон кайсы болбосун башка саясаттар, жол-жоболор же процесстер. 

88. Банк Башкармасы учурда орун алган рыноктук абалга, стратегияга, операциялар өлчөмүнө жана татаалдыгына дал келген комплаенс-тобокелдикти тескөө системасынын болушун камсыз кылат. 

Комплаенс-тобокелдикти тескөө системасында төмөнкүлөр камтылат, бирок булар менен гана чектелбейт: 

- комплаенс-тобокелдикти тескөө саясаты; 

- комплаенс-тобокелдикти тескөө жол-жоболору; 

- башкаруу маалымат системасы; 

- ички контролдук; 

- ички аудит кызматынын комплаенс-тобокелдикти тескөө натыйжалуулугуна баа берүү

89. Комплаенс-тобокелдикти тескөө системасы төмөнкүдөй үч коргоо багытына негизденет: 

1) банктын бардык кызматкерлери; 

2) комплаенс-контролдук кызматы; 

3) ички аудит кызматынын комплаенс-тобокелдикти натыйжалуу тескөөсүнө көз карандысыз баа берүү

90. Банкта Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдигин тескөө боюнча ички документ (саясат) болууга тийиш. Ички документтерде банк ишинин өлчөмүнө жана татаалдыгына жараша кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо тобокелдигин аныктоо, табуу, ага баа берүү, контролдоо жана төмөндөтүү жол-жоболору каралууга, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген минималдуу талаптар бардык банктар тарабынан сакталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА), 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

91. Террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдигин тескөөнүн негизги максаты - ишкердик абройдун начарлашына, чаралардын жана санкциялардын колдонулушуна, банк активдеринин наркына терс таасирин тийгизген ишкердик мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелишине алып келиши ыктымал болгон тобокелдиктерди кыскартуу саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

92. Тобокелдиктердин натыйжалуу тескөөгө алынышына жана террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдигин кыскартуу боюнча көрүлгөн чараларга баа берүү жыл ичинде кеминде бир жолу ички аудит кызматы тарабынан мындай террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында ички контролдуктун натыйжалуулугуна баа берүүнүн алкагында жүзөгө ашырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

15. Башка тобокелдиктер 

93. Банк ишинде тобокелдиктердин башка түрлөрү орун алган учурда Директорлор кеңеши аларды банктын тобокелдиктерди тескөө стратегиясында аныктап, мындай тобокелдик түрлөрүн тескөө боюнча ички документтерди бекитүүгө тийиш. Банк Башкармасы аларга карата жол-жоболорду жана процесстерди кабыл алат. Тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо сыяктуу минималдуу талаптар тобокелдиктин башка түрлөрүнө карата да таркатылууга тийиш.