|
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) токтомуна карата тиркеме |
Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча
УБАКТЫЛУУ ЭРЕЖЕЛЕР
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ), 2021-жылдын 19-майындагы № 2021-П-12/25-2-(НПА), 2021-жылдын 19-майындагы № 2021-П-12/25-3-(НПА), 2021-жылдын 27-октябрындагы № 2021-П-12/59-4-(НПА), 2022-жылдын 31-мартындагы № 2022-П-12/19-4-(НПА) токтомдордун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. 1. Бул коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелерде (мындан ары - Убактылуу эрежелер) коронавирус инфекциясынын жайылышынан жана ага байланыштуу мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чектөө чараларынан улам, ошондой эле азыркы мезгилдеги геосаясий жагдайга жана тышкы экономикалык таасирдин терс натыйжасына байланыштуу сапаты начарлаган же начарлап жаткан активдерди коммерциялык банктар жана депозиттерди тартуу укугуна ээ болгон микрофинансылык компаниялар, кепилдик фонддор жана «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААК (мындан ары - банктар) тарабынан классификациялоонун убактылуу эрежелерин белгилейт.
Бул Убактылуу эрежелердин талаптары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу мамлекеттик программалары же жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ишин калыбына келтирүү/жандандыруу максатын көздөгөн программалар боюнча берилген кредиттерден жана ошондой эле ушул Убактылуу эрежелердин 7-главасында көрсөтүлгөн кредиттерден тышкары, банктардын жаңыдан берилген кредиттерине карата таркатылбайт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ), 2022-жылдын 31-мартындагы № 2022-П-12/19-4-(НПА) токтомдордун редакциясына ылайык)
2-глава. Активдерди классификациялоо боюнча жалпы көрсөтмөлөр
2. Карыз алуучу (жеке адам же юридикалык жак) бир банктан же банктык топ ичинде бир нече кредит алган учурда, финансылык абалы коронавирус инфекциясынын жайылышынан жана ага байланыштуу мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чектөө чараларынан улам, ошондой эле геосаясий жагдайга жана тышкы экономикалык таасирдин терс натыйжасына байланыштуу начарлаган же начарлап жаткан карыз алуучунун кредитине эң эле төмөн категория ыйгарылса, банк бардык кредиттер үчүн эң эле төмөн классификациялоо категориясын колдонбоого укуктуу.
Бул учурда банк классификациялоо категориясын ар бир кредитке өз-өзүнчө категориянын мүнөздүү белгилерине ылайык колдонушу мүмкүн.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 31-мартындагы № 2022-П-12/19-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу мамлекеттик программалары же жеке адамдардын жана юридикалык жактын ишин калыбына келтирүү/жандандыруу максатын көздөгөн программалар боюнча жаңыдан берилген кредиттер, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жободо (мындан ары - "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобо) белгиленген мүнөздүү белгилерге ылайык, алгач "нормалдуу" же "канааттандырарлык" актив катары таанылат.
Мындай активдерди андан ары классификациялоо ушул Убактылуу эрежелердин талаптарына ылайык ишке ашырылат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 31-мартындагы № 2022-П-12/19-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Классификацияланбаган активдер
4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 19-майындагы № 2021-П-12/25-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Актив "байкоого алынган" актив катары эсептелген мүнөздүү белгилер катары төмөнкүлөр саналат:
1) активдин толук камсыздалбашы, калганы "канааттандырарлык" активдерге мүнөздүү бардык белгилерге ээ же болбосо контракттык каржылоонун алкагында камсыздоо (мисалы, каржылоо контракты боюнча талап кылуу укугу, дебитордук карыз ж.б.);
2) 60 күндөн ашпаган мөөнөткө негизги сумманы жана/же пайыздарды кайтаруу/төлөө мөөнөтүнүн өтүп кетиши;
3) коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам киргизилген чектөөлөргө байланыштуу учурларды эске албаганда (банктын негиздүү корутундусу болгон учурда), документтердин жетишсиздигинен же болбосо аны баалоо боюнча эксперттердин жоктугунан күрөөгө мониторинг жүргүзүүгө банктын мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;
4) күрөөнүн ликвиддүүлүгүнүн азайышы мүмкүндүгү (баалардын төмөндөшү, валюта курсунун өзгөрүшү) же гарантия/кепилдик берүү менен камсыздалган болсо - банк гаранттын/кепилдик берүүчүнүн финансылык абалынын начарлоосу жөнүндө маалымат алат;
5) активди кайтарууга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон рыноктук шарттардын өзгөрүшү;
6) "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобонун 7.6-пунктунун шарттарына кирген классификацияланган активдерди реструктуризациялоо;
7) эгерде кредит буга чейин классификацияланган кредиттер категориясына кирбесе, ошол эле учурда, бул өзгөртүү кардардын финансылык абалынын начарлашына байланыштуу болбосо, ошол кредит валютасын бир валютадан экинчи валютага которуу аркылуу, кредит боюнча келишим шарттарын кайталап өзгөртүү.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ), 2022-жылдын 31-мартындагы № 2022-П-12/19-4-(НПА) токтомдордун редакциясына ылайык)
6. Жаңыдан берилген кредитти төлөө графигинде негизги сумманы ай сайын эмес төлөө каралган учурда, 5% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен кредиттерди «байкоого алынган активдер» катары таануу зарыл, мында негизги сумманын 80% көбүн төмөндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн аякташы боюнча төлөө каралган:
- кредиттин жалпы мөөнөтүнүн 3/4, мында кредиттик мезгилдин жалпы мөөнөтү 3 (үч) жылдан аз болсо;
- кредиттин жалпы мөөнөтүнүн 1/2, мында кредиттик мезгилдин жалпы мөөнөтү 3 (үч) жылдан жогору болсо, мында төмөнкү кредиттер эске алынбайт:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген жана кредитти төлөө үчүн жеңилдетилген мезгил берүү каралган кредиттер;
- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ишин калыбына келтирүү/жандандыруу максатында кредитти төлөө үчүн жеңилдетилген мезгил берүү каралган программалардын алкагында берилген кредиттер;
- банктар аралык кредиттер, анын ичинде микрофинансылык уюмдарга берилген кредиттер;
- чогуу алганда бир карыз алуучуга берилген таза суммардык капиталдан 1% аз суммага.
Бул кредиттер ушул Убактылуу эрежелердин 3-пунктуна ылайык классификацияланууга тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 2021-П-12/59-4-(НПА), 2022-жылдын 31-мартындагы № 2022-П-12/19-4-(НПА) токтомдордун редакциясына ылайык)
4-глава. Классификацияланган активдер
7. Активдерди "субстандарттык" катары эсептөөгө мүмкүн болгон мүнөздүү белгилер катары төмөнкүлөр саналат:
1) пландык төлөмдөр боюнча 60 күндөн 180 күнгө чейин мөөнөтү өткөрүлгөн карыз;
2) карызды төлөө үчүн акча агымдарынын жетишсиздиги;
3) карыз алуучу-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин төмөндө келтирилгендерди эске албаганда, кайсыл болбосун башка кредити боюнча негизги сумма жана/же пайыздар боюнча 30 күндөн ашык мөөнөтү өткөрүлгөн карызынын болушу:
- ошол банкта жана/же башка финансы-кредит уюмунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттер;
- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ишин калыбына келтирүү/жандандыруу максатында кредитти төлөөгө жеңилдетилген мезгил берүү каралган программалар боюнча берилген кредиттер;
- коронавирус инфекциясынын жайылышынан же ага байланыштуу чектөөлөрдөн улам мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз келип чыккан кредиттер;
- азыркы мезгилдеги геосаясий жагдайдын таасиринен жана тышкы экономикалык таасирлердин терс натыйжасынан улам мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз келип чыккан кредиттер;
4) карыз алуучу-жеке адамдын жубайынын/жолдошунун, ата-энесинин жана балдарынын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин ошол банк жана/же башка финансы-кредит уюмдары алдында кредитинин негизги суммасы жана/же пайыздары боюнча 60 күндөн ашык мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо, мында жогоруда аталган бардык кредиттер ошол эле бир булактан төлөнгөн шартта, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу мамлекеттик программалары боюнча аларга берилген кредиттер эске алынбайт. Мында кредиттерди ошол эле бир булактан төлөө дегенден улам ишкердиктен түшкөн кирешени кошо алганда, финансы-кредит уюму кредит берүү жөнүндө чечимди кабыл алууда эске алган жогоруда аталган адамдардын жыйынды кирешесин түшүнүүгө болот;
5) күрөө баасынын төмөндөшү, анын сапатынын начарлашы, күрөөнү сатуу кыйындайт же гарантия/кепилдик менен камсыздалган болсо - банк гаранттын/кепилдин финансылык абалынын начарлоосу жөнүндө маалымат алат.
Эскертүү: Ушул пункттун 3 жана 4-пункчаларында көрсөтүлгөн белгилер эмгек акы долбоорлорунун алкагында овердрафттарга таркатылбайт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ), 2022-жылдын 31-мартындагы № 2022-П-12/19-4-(НПА) токтомдордун редакциясына ылайык)
8. Карызды төлөө мөөнөтү 180 күндөн 270 күнгө чейин кечиктирилген учурда актив "субстандарттык" катары классификацияланууга тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобонун 4.1-пунктуна ылайык, күрөөлүк камсыздоого ээ активдерди эске албаганда, мындай активдин сапаттуу белгилери активдерди классификациялоо категориясын жакшыртпайт.
Толугу менен кепилдик/гарантия менен камсыздалган актив, төлөө мөөнөтүн кечиктирүүнүн 90-күнү, башкача айтканда ушул пункттун биринчи абзацындагы мөөнөт келип жеткенге чейин "субстандарттык" катары классификациялануусу зарыл.
9. Активди "шектүү" катары эсептөөгө мүмкүн болгон мүнөздүү белгилер катары төмөнкүлөр саналат:
1) негизги сумма жана/же пайыздар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 180 күндөн 270 күнгө чейинки мөөнөттү түзөт;
2) кардардын финансылык абалы олуттуу начарласа (же болбосо кардар банкрот абалында болсо);
3) күрөөнүн абалы начар болсо же ал жок болсо;
4) кепилдик берүүчүнүн/гаранттын жана/же контракттык каржылоонун алкагында кредит алган кардардын контрагентинин финансылык абалынын начарлашы;
5) күрөөнү сатып өткөрүүдөн карызды төлөөнүн көз карандылыгы. Мында, күрөө кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк формасында, келишимге ылайык банкка карыздын негизги суммасын, бардык пайыздарды жана күрөөлүк укукту сатып өткөрүүгө байланыштуу башка чыгымдарды төлөө үчүн жетиштүү өлчөмдө сатылып өткөрүлүүгө тийиш. Күрөөнү төмөндө белгиленген мөөнөттөрдө сатып өткөрүү болжолдонот:
- кыймылсыз мүлк - 2 (эки) жылдан кечиктирбестен;
- кыймылдуу мүлк - 1 (бир) жылдан кечиктирбестен.
10. Карызды төлөө мөөнөтү 270 күндөн 360 күнгө чейин кечиктирилген актив "шектүү" катары классификацияланууга тийиш. Мында, "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобонун 4.1-пунктуна ылайык, күрөөлүк камсыздоого ээ активдерди эске албаганда, мындай активдин сапаттуу белгилери активдерди классификациялоо категориясын жакшыртпайт.
11. Актив "жоготуулар" катары таанылган белгилер катары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
1) карыз мөөнөтү 270 жана андан ашык күнгө кечиктирилсе;
2) күрөө жок болсо же рыноктун жоктугунан аны сатуу мүмкүн эмес болсо;
3) кардардын карызды төлөө мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, төлөөдөн баш тартуусу же болбосо төлөө ниетин билдирип, бирок иш жүзүндө төлөөнү ишке ашырбаса, активди төлөө үчүн экинчи булагынын жоктугу, кепилдик берүүчүнүн/гаранттын жана/же контракттык каржылоонун алкагында кредит алган кардардын контрагентинин өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу/баш тартуусу;
4) кардардын банк менен кызматташууга ниетинин же болбосо кардардын жоктугу;
5) кардар бизнес жүргүзүүнү токтотсо же болбосо ал банкрот катары жарыяланса;
6) оффшордук аймактардын субъектилерине активдерди сунуштоо.
11-1. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 360 күндөн жогору мөөнөткө созулса, актив «жоготуу» катары классификацияланууга тийиш, мында «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун 4.1-пунктуна ылайык күрөөлүк камсыздоого ээ активдерди эске албаганда, мындай активдин сапаттык белгилери активди классификациялоодо эске алынбайт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 2021-П-12/59-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Реструктуризацияланган кредиттерди классификациялоо
12. Эгерде актив 2020-жылдын 1-мартынан тартып 4 (төрт) жолудан көп эмес реструктуризацияланса жана төмөнкү шарттар аткарылган учурда, коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн киргизилген чектөөлөрдөн улам карыз алуучунун акча агымдары жана финансылык абалы өзгөргөндүгүнө байланыштуу ошол активди рестуктуризациялоодо банктар аны классификациялоо категориясын начарлатпоого укуктуу:
- аны реструктуризациялоо учурунда реструктуризацияланган актив боюнча негизги сумма жана/же пайыздар боюнча мөөнөтү өткөрүлгөн карыз 180 күндөн ашпаса;
- банк карыз алуучунун финансылык абалына кылдат талдоо жүргүзүп (тиешелүү эсептөөлөр, финансылык көрсөткүчтөрү менен), карыз алуучу сунушталган реструктуризациялоо планы боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин тастыктаса.
Активдерди бешинчи жолу жана андан кийинки реструктуризациялоодо, банк классификациялоо категориясын кеминде бир категорияга начарлатууга тийиш.
Мында, жогоруда көрсөтүлгөн талаптар банктын таза суммардык капиталынын (ЧСК) жалпы карызынын 2% жогору кредиттерине карата колдонулбайт. Мындай кредиттер кайталап реструктуризациялоодо «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун 7.3-пунктунун талаптарына ылайык классификацияланууга тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 19-майындагы № 2021-П-12/25-2-(НПА), 2021-жылдын 27-октябрындагы № 2021-П-12/59-4(НПА), 2022-жылдын 31-мартындагы № 2022-П-12/19-4-(НПА) токтомдордун редакциясына ылайык)
12-1. Банктар, эгерде бул актив 2022-жылдын 1-мартынан тартып бир жолу реструктуризацияланган болсо, учурдагы геосаясий жагдайдын таасиринен жана тышкы экономикалык таасирдин терс натыйжасынан улам карыз алуучунун акча агымдарынын жана финансылык абалынын өзгөрүшүнө байланыштуу активди реструктуризациялоодо (буга чейин реструктуризациялангандыгына карабастан), анын классификациялоо категориясын начарлатпоого укуктуу.
Жогорудагы активдерди кийинки реструктуризациялоо «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун 7.3-пунктунун шарттарына ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 31-мартындагы № 2022-П-12/19-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
13. Реструктуризацияланган (реструктуризациялоо санына карабастан) активдер боюнча мөөнөтү өткөрүлгөн карыз келип чыкса, мындай активдер ушул Убактылуу эрежелерде белгиленген классификациялоо категориясынын белгилерине ылайык классификацияланат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 19-майындагы № 2021-П-12/25-2-(НПА), 2022-жылдын 31-мартындагы № 2022-П-12/19-4-(НПА) токтомдордун редакциясына ылайык)
14. Ушул Убактылуу эрежелердин талаптарына ылайык реструктуризацияланган активди классификациялоо категориясы «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун 7.6-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтому менен бекитилген «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобонун 14-пунктунун шарттарына ылайык жакшыртылышы мүмкүн.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 19-майындагы № 2021-П-12/25-2-(НПА), 2021-жылдын 27-октябрындагы № 2021-П-12/59-4(НПА), 2022-жылдын 31-мартындагы № 2022-П-12/19-4-(НПА) токтомдордун редакциясына ылайык)
6-глава. Активдин ордун жабууга кабыл алынган банктын башка менчигин классификациялоо
15. Активдин ордун жабууга кабыл алынган банктын башка менчиги төмөндөгү мезгил аягына чыкканча сатылып өткөрүлбөсө, "жоготуулар" катары классификацияланат:
а) эки жыл - кыймылдуу мүлк үчүн;
б) менчик укугу келип чыккан учурдан тартып төрт жыл - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен айыл чарба багытындагы жерлерге коюлган мөөнөттөрдөн башка кыймылсыз мүлк үчүн.
16. Банк карыз алуучуга турак жай кыймылсыз мүлкүн бөлүп төлөө шартында сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү учурларын эске албаганда, банктардын операциялык кирешесин көбөйтүү максатында, башка менчикти күтүү боюнча чыгашалар суммасынан ашкан кирешени алуу менен башка кыймылсыз мүлктү ижарага берүүгө укуктуу.
Мында, эгерде банк мындай кыймылсыз мүлктү ага менчик укугуна ээ болгон учурдан тартып 3 (үч) жыл ичинде сатып өткөрбөсө, банк 50% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен аларды "шектүү" активдер катары классификациялайт.
17. Финансылык ижара келишими/бөлүп төлөө шартында кыймылсыз мүлктү сатуу келишими же башка менчик боюнча ушул сыяктуу башка келишим боюнча төлөмдөр мөөнөтүндө төлөнбөгөн учурда жана төлөө графигин бузулган учурда, классификациялоо ушул Убактылуу эрежелерге ылайык ишке ашырылууга тийиш.
7-глава. Жаңыдан берилген кредиттерге кошумча талаптар
18. Пайыздык чени Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамында жол берилген пайыздык ченден ашык өлчөмдө белгиленген жаңыдан берилген кредиттер Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуу тартибине ылайык классификацияланууга тийиш.
19. Эгерде чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) жаңыдан берилген кредитти алган карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешесинин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан көбүрөөгүн түзсө, банк 5% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен бул кредитти эң аз дегенде «байкоого алынган» актив катары классификациялоого тийиш.
Ошондой эле эгерде чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) жаңыдан берилген кредитти алган карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешесинин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан 75 пайызына чейинкини түзсө, банк 15% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен бул кредитти эң аз дегенде «байкоого алынган» актив катары классификациялоого тийиш.
20. Эгерде чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) жаңыдан берилген кредитти алган карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешесинин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан азыраагын түзсө, банк 25% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен бул кредитти эң аз дегенде «субстандарттык» актив катары классификациялоого тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 31-мартындагы № 2022-П-12/19-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)