Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 

2006-жылдын 30-ноябрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 120/06 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2006-жылдын 30-октябрындагы 

№ 32/2 токтому менен 

бекитилген 

Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун алкагында ислам принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук бан Башкармасынын 2006-жылдын 30-ноябрындагы N 38/1, 2007-жылдын 29-июнундагы N 33/1, 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 18/2, 2008-жылдын 17-декабрындагы N 47/3, 2013-жылдын 28-августундагы N 32/8, 2014-жылдын 11-июнундагы № 25/9, 2014-жылдын 16-июлундагы № 32/6, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/4, 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10, 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-12/54-12-(БС), 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС), 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА), 2020-жылдын 23-сентябрындагы № 2020-П-12/51-1-(НПА), 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

КИРИШҮҮ 

КИРИШҮҮ БӨЛҮГҮ 

Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы N 373 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин колдонууга киргизүүнүн алгачкы долбоору жөнүндө" Жарлыгын жана 2006-жылдын 16-майындагы "Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын жана "ЭкоБанктын" ортосунда Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жана каржылоону колдонууга киргизүүгө тиешелүү өзара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун" (мындан ары - "Меморандум") талабын аткаруу максатында иштелип чыккан. 

1-БӨЛҮК 

ЖАЛПЫ МАСЕЛЕЛЕР 

1. Алгачкы долбоордун алкагында каржылоонун ислам принциптерине ылайык "ЭкоБанк" ААКсынын (мындан ары "банк") филиалы/бөлүмү тарабынан иштин айрым түрлөрүн Меморандумдун шарттарына ылайык жүзөгө ашыруунун тартибин белгилөө бул Жобонун максаты болуп саналат. 

(КР УББ 2006-жылдын 30-ноябрындагы N 38/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Банктар өз ишин жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген бардык экономикалык ченемдерди жана башка талаптарды сактоого тийиш. Алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде каржылоонун ислам принциптерине ылайык ишкердикти жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө Банк бул жобого таянуу менен иш алып барып, банктын, анын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун таламдарын тобокелдикке дуушарлантууга тийиш эмес. 

(КР УББ 2006-жылдын 30-ноябрындагы N 38/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Каржылоонун ислам принциптерин жүзөгө ашыруу боюнча алгачкы долбоор банк тарабынан, операциялары бул Жобонун алкагында жүргүзүлүүчү операциялар менен чектелүүчү филиал/бөлүм аркылуу ишке ашырылат. 

(КР УББ 2006-жылдын 30-ноябрындагы N 38/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 29-июнундагы N 33/1 токтомуна ылайык алынып салынды) 

5. Каржылоонун ислам принциптерине ылайык ишин жүзөгө ашырууда Банк Шариатта уруксат берилген бизнеске каражаттарды инвестициялоого укуктуу. 

6. Банкта Шариаттын талаптарына бүтүмдөрдүн (макулдашуулардын) ылайык келүүсүн аныктоо үчүн Шариаттык кеңеш түзүлүшү керек. Каржылоонун ислам принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырууда бардык бүтүмдөр (макулдашуулар) Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. 

2-БӨЛҮК 

ИСЛАМ КАРЖЫЛОО ПРИНЦИПТЕРИ БОЮНЧА БҮТҮМДӨРДҮН ТҮРЛӨРҮ ЖАНА АЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ 

2.1. глава 

Мудараба келишими 

 

(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

1. Мудараба - бул, анын шарттарына ылайык, бир тарап - инвестор капитал (акча каражаттарын) берген, ал эми ишкер - капитал кабыл алат, пайда алуу жана макулдашууга ылайык аны тараптардын ортосунда бөлүштүрүү максатында аны жеке эмгек ресурстарын колдонуу менен пайдалана турган келишим. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Мудараба келишими төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:  

Чектелген (атайын) мудараба анын шарттарына ылайык инвестор активдердин же ишкер тарабынан инвестициялануучу объекттердин тизмеги белгилеген мудараба келишими, мында инвестициялоонун ар бир объектисине ишкер жана инвестор менен өзүнчө келишим түзүлөт. Бул учурда инвестор ар бир бүтүм боюнча, өзүнчө келишимде аныкталган каражаттарды пайдалануудан алынган пайданын бөлүгүн алууну болжолдоого укуктуу.  

Чектелбеген (жалпы) мудараба анын шарттары боюнча ишкер Макулдашуунун алкагында жана Макулдашуунун предметине ылайык кандай гана болбосун чектөөлөрсүз, өзүнүн билиминин, тажрыйбасынын негизинде инвестициялоо үчүн объектти өз алдынча аныктай турган мудараба келишими.  

Ачык мудараба анын шарттары боюнча инвестор биринчи талап боюнча ага берилген акча каражаттарын ишкерден мөөнөтүнөн мурда алуу укугу көрсөтүлгөн мудараба келишими. Бул учурда инвестор келишимде каралган пайданын бөлүгүн талап кылууга укугу жок. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Мудараба келишими банк тарабынан төмөнкү эки учурда гана пайдаланылат: 

- каражат тартуу жолу (инструменти) катары; 

- мудараба келишими боюнча тартылган каражаттарды жайгаштыруу инструменти катары. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Мудараба келишими кат жүзүндө толтурулууга тийиш. 

5. Банк инвестордун ролунда иш алып баруу менен бизнес-планга баа берүүнү жүргүзүүгө, инвестициялоо үчүн объекттерди аныктоого, ишкердин жүргүзгөн ишине баа берүүгө жана келишимдин аткарылышынын жүрүшүндө ага консультацияларды берип турууга тийиш. 

6. Мудараба келишими боюнча акча каражаттарын берүү учурунда банк акча каражаттарын максатка ылайыксыз пайдаланылышына займдарды, ссудаларды жана кредиттерди берүүгө тыюу салуу жөнүндө шарттарды келишимде кароого тийиш. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Мудараба келишиминин талаптарынын так сакталышы максатында банк келишим боюнча инвестор тарабынан берилген суммага барабар болгон, мыйзамдарда жана келишимде каралган күрөө, кепилдик, гарантия жана башка камсыздоолор түрүндөгү камсыздоону талап кылууга (алууга) тийиш. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Мудараба келишиминде эң аз дегенде төмөндөгүлөр камтылышы зарыл: 

1) келишимдин түрү

2) келишимдин түрүнө жараша анда инвестициялоо объектисине көрсөтмө, салынган сумманы мөөнөтүнөн мурда алууга мүмкүн эместик шарттары, инвестордон алынган акча каражаттарын үчүнчү жактардын каражаттары менен чогуу пайдалануу мүмкүндүгү

3) берилген сумманын өлчөмү

4) ишкердин милдеттенмелерин камсыздоо ыкмалары; 

5) тараптардын укуктары жана милдеттери; 

6) ишкердин күнөөсү боюнча же анын укукка жатпаган аракеттеринин же аракеттенбей коюусунун кесепетинен келишимдин талаптарын аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан чыгымдардын ордун жабуу жөнүндө милдеттенмени өз эсебинен, анын ичинде ишкердин сунуш кылган камсыздоосунун же башка мүлкүнүн эсебинен аткарбай койгондугу же тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн ишкердин жоопкерчиликтери; 

7) пайдаларды жана чыгымдарды, келишимдин катышуучулары үчүн кандайдыр бир түшүнүксүздүккө алып келген жагдайларга жол берилбегендей шартта бөлүштүрүүнүн тартиби; 

8) келишимдин шарттарынын ишкер тарабынан өз алдынча же квалификациялуу адистерди тартуу менен аткарылышы; 

9) инвестордон алынган акча каражаттарын пайдалануу эсебин жүргүзүү, алар келишим мөөнөтүнүн же анын белгилүү бир баскычынын бүтүшү боюнча тараптар ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон пайданы аныктоого мүмкүндүк берет; 

10) келишимди токтотуунун тартиби. 

9. Келишимди түзүшкөн тараптардын ар биринин пайдасы инвестор сунуштаган каражаттарды пайдалануунун жүрүшүндө ишкер тарабынан алынган пайдадан пайыздык катышта аныкталат. 

Тараптар ортосунда пайданы бөлүштүрүү тартиби келишимде алдынала каралууга тийиш. 

Келишимди аткаруунун натыйжасында ишкер пайда албастан, тескерисинче чыгымга учурап калган болсо, инвестор берилген капиталдын суммасы өлчөмүндө чыгымга учурайт, ал эми ишкер сыйакы албай калат. Келип чыккан чыгымдарды бөлүштүрүүнүн бул эрежеси, чыгым ишкердин күнөөсү боюнча келип чыкпаган шартта колдонулат. 

Келишимди аткаруунун жүрүшүндө ишкердин күнөөсү же укукка жатпаган аракеттеринен же аракеттенбей коюусунан улам чыгымга жол берилген болсо, анын орду ишкердин эсебинен жабылууга тийиш. Мында инвестор келишим боюнча мурда берилген сумманы камсыздоонун эсебинен алууга укуктуу, эгерде камсыздоонун суммасы аны жабуу үчүн жетишсиз болсо, жетпеген сумма ишкердин башка мүлкүнүн эсебинен жабылууга тийиш. 

10. Мудараба келишимин төмөнкү учурларда бир тараптуу тартипте токтотууга болбойт: 

- эгерде ишкер анын талаптарын аткарууга киришүү менен бөлүнгөн акча каражаттарын пайдалана баштаган болсо; 

- эгерде келишимдин мөөнөтү бүтпөгөн болсо. 

11. Банк тарабынан мудараба келишими боюнча акча каражаттарын тартуу: 

а) мудараба келишими боюнча тартылган акча каражаттары бухгалтердик эсепке алууда банктын милдеттенмелери бөлүгүндө жеке адамдардын, юридикалык жактардын, банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин баланстык эсептеринин субэсептеринде чагылдырылат (Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин бухгалтердик эсепке алуусунун Эсептер Планынын 20000-20400 эсептер тобунда). 

б) мудараба келишими боюнча кардардын эсебин ачууда банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актыларынын талабына ылайык кардардын ким экендигин тастыктоого байланыштуу бардык зарыл болгон талаптарды аткарууга тийиш. 

в) банк тарабынан мудараба келишими боюнча тартылган каражаттарды эсепке алуу банктын баланстык эсептеринде келишим боюнча салынган каражаттардын негизги суммасы боюнча жүргүзүлөт.мудараба боюнча четөлкө валютасындагы милдеттенмелер валютанын номиналында эсепке алынат. Кардарлардын эсептери боюнча аналитикалык эсепке алуулар банк тарабынан эсеп боюнча жүзөгө ашырылган бардык операцияларды чагылдыруу менен автоматташтырылган программада ишке ашырылат. 

г) Банк Башкармасы кардарларга мудараба боюнча тиешелүү болгон пайданын үлүшүн төлөп берүү тартибин, анын өлчөмүн жана төлөө эрежелерин аныктайт. Мудараба келишиминин шарттары боюнча төлөнүп берилген пайданын суммасы бир мезгилдин чыгашасы катары таанылат. 

д) Банк эсепке алууда мудараба келишими боюнча чыгашаларды чегерүүнү келишимдин шарттарына жараша мезгил-мезгили менен банк тарабынан инвестициялык долбоорго жайгаштырылган каражаттардын кайтарып берүү өзгөчөлүктөрүн жана мөөнөтүн эске алуу менен жүзөгө ашырат (мурабаха, мудараба, иджара, истисна, кемүүчү мушарака ж.б.). 

е) ишкер катары иш алып барып жаткан банк алгылыктуу финансылык натыйжаларга жетишкен учурда кардарга пайданын үлүшүн төлөп берет. Мудараба операцияларынан түшкөн пайданы бөлүштүрүү тартиби жана мөөнөтү келишимдин шарттарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

ж) мудараба келишиминин чектелген же чектелбеген түрүнө жараша кардардын пайдасынын үлүшү эсептелинет. Эгерде келишимдер чектелген мудараба болсо, кардардын пайдасынын үлүшү белгилүү бир долбоорго инвестициялоодон алынган пайдага, кардар тарабынан салынган каражаттардын үлүшүнө жана келишимде белгиленген бөлүштүрүү пропорциясына жараша эсептелинет. Эгерде келишимдер чектелбеген мудараба болсо, кардардын пайдасынын үлүшү, банк тарабынан ислам каржылоо принциптери (мудараба, истиснаа, шарика/мушарака, салам, иджара ж.б.) боюнча жүзөгө ашырылган активдүү операцияларга тартылган каражаттарга жайгаштыруудан, банктык келишимде көрсөтүлгөн айкын мезгил ичинде алган пайдасына жараша, тараптардын салымына пропорционалдуу эсептелинет. 

з) Мудараба бүтүмдөрү маңызы боюнча депозиттик операцияларга окшош келет жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндөгү" Жобонун талабынан ылайык К5 экономикалык ченеми (жеке адамдардын депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеми) менен чектелет. Ушул эле жобого ылайык банк концентрациялануу тобокелдигин аныктайт жана аны тескөөгө алат. 

и) мудараба бүтүмдөрүн эсепке алуу эсептери милдеттүү камдар жөнүндөгү Жобонун талабына ылайык милдеттүү камдык талаптарды эсептөөдө эске алынат. Өтүмдүүлүк коэффициентин эсептөөдө бул милдеттенмелер "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндөгү" Жободо белгиленген критерийлерге ылайык банктын милдеттенмелеринин суммасына кошулат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

12. Мудараба боюнча акча каражаттарын берүү

а) мудараба келишими боюнча жайгаштырылган активдер өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердей эле каралат жана кредиттерди жайгаштырууга байланыштуу бардык чектөөлөргө дуушар болот. 

Капиталдын адекваттуулугу коэффициентин эсептөөдө мудараба келишими боюнча жайгаштырылган активдер Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 токтому менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоого (мындан ары - "Капиталдын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоо) ылайык, тобокелдик деңгээли камтылган активдерге теңештирилет. 

Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камдарга тиешелүү чегерүүлөр тууралуу Жобого жана ички жол-жоболорго ылайык банк ай сайын потенциалдуу жоготуулардын ордун жабууга кам түзүү менен активдердин сапатынын начарлап кетүүсүнө баа берүү көзкарашынан баалоону жүзөгө ашырып турат. 

б) мудараба келишимдери боюнча жайгаштырылган активдер баланста бүтүмгө жумшалган акча каражаттарынын суммасы боюнча банк тарабынан берилген кредиттер боюнча баланстык эсептердин субэсептеринде эске алынат (Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредиттик мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуунун Эсептер Планынын 10900 эсептер тобу). 

в) мудараба келишими боюнча жайгаштырылган активдер өзүндө каражаттардын кайтарылбай калуусу (кредиттик тобокелдик) тобокелдигин камтышынан улам, активдердин ушул түрүнө банк потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу камын түзөт. 

г) мудараба келишиминен алынган пайда/киреше эсепке алууда мудараба келишиминин бүтүшү же долбоор боюнча түпкү натыйжага жетишилген шартта, же болбосо ишенимдүү бааланган, келишимдин шарттарына ылайык банк тарабынан алынып, кийинчерээк кайрадан эсептелинген жана долбоордун бүтүшү менен корректировкалануучу аралык мүнөздөгү натыйжа катары таанылат. Узак мөөнөткө каралган долбоорлор боюнча эсептөөлөр жана эсепке алууда кирешени таануу ай сайын же болбосо кварталдык негизде бизнес планда каралган долбоорду жүзөгө ашыруу баскычтарында жетишилген натыйжалардын аткарылган иштерге ылайык келүүсү көз карашынан долбоорго баа берилишине жараша кварталдык негизде таанылат. Алгылыктуу натыйжага жетишилген шартта банк келишимде көрсөтүлгөн пайдадан алынуучу пайызга жараша, долбоордун бүтүшү менен банкка тиешелүү болгон пайдадан пайыздык катышта кирешени чегерет. 

д) Чыгым эсепке алууда банктын активдеринде эске алынган инвестициялардын суммасынын азаюусу катары таанылуу менен банк тарабынан түзүлгөн камдын эсебинен алынып салынат. Эгерде чыгымдын суммасы мудараба операцияларындагы инвестициялардын суммасына барабар болсо, банк активди түзүлгөн камдын эсебинен толук эсептен алып салууну жүзөгө ашырат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2. глава 

Шарика/мушарака келишими 

(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

1. Шарика/мушарака келишими - эки же андан көп тараптар ортосунда өнөктөштүк жөнүндө келишим, ал аркылуу ар бир өнөктөш белгилүү суммадагы акчаны же бардык өнөктөштүктөрдүн макулдугу менен материалдык активдерди салат, бул ар бир өнөктөшкө пайданы келишимге ылайык бөлүштүрүү шартында компаниянын активдерин пайдалануу менен иш жүргүзүүгө укук берет, ал эми келип чыгым боюнча ар бир өнөктөш компаниянын жалпы капиталына кошкон өз салымына ылайык жооп берет. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Шарика/мушарака келишими эки башкы категория боюнча классификацияланат: 

1) юридикалык жакты түзүүсүз эле катышуучуларды бириктирүү

2) юридикалык жакты, анын ичинде: 

а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн өнөктөш шериктештиктерди жана же юридикалык жакты түзүү менен катышуучуларды бириктирүү

Эгерде келишимдин предметинен башкысы келип чыкпаса, шарика/мушарака келишими юридикалык жакты түзүүсүз эле катышуучулардын бириктирүүгө карата колдонулган сыяктуу эле, юридикалык жакты түзүү менен биригүүгө да колдонулат. 

Кемүүчү мушарака келишими - бул шарика/мушарака келишиминин негизиндеги өнөктөштүктүн формасы, анда өнөктөштөрдүн бири экинчи өнөктөштүн үлүшүн ушул үлүшкө менчик укугу толугу менен ага өтмөйүнчө акырындап сатып алууну убада кылат. Бул операция өнөктөштүктү түзүү менен башталат, андан кийин эки өнөктөштүктүн ортосунда акцияларды сатып алуу жана сатуу ишке ашырылат. Албетте, сатып алуу жана сатуу операциялары өнөктөштүк жөнүндөгү келишимде каралбоого тийиш, сатып алып жаткан өнөктөшкө акцияларды сатып алууга сөз берүүгө гана уруксат берилет. Ал эми сөз берүү өнөктөштүк жөнүндөгү келишимге көз каранды болбоого тийиш. Мындан тышкары, сатып алуу-сатуу жөнүндөгү келишим да өнөктөштүк жөнүндөгү келишимден көз каранды эмес болбоого тийиш. Бир келишим башка келишимди түзүү шарттарында келишилишине жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. кемүүчү мушарака келишиминде шарика/мушарака келишиминин жалпы эрежелери колдонулат жана кемүүчу мушарака келишимине кандайдыр-бир башка тарапка компаниянын капиталынан өз үлүшүн кайтарып алууга укук берген кандайдыр бир жобонун камтылышына уруксат берилбейт. 

Шарика/мушарака келишими кат жүзүндө толтурулат. Эгерде келишимдин негизинде юридикалык жак түзүлгөн болсо ал катталууга тийиш. Өнөктөштүктү түзүү келишимдин документинде же компаниянын уставында өнөктөштүк максаттары так чагылдырылышы зарыл. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Эгерде тараптар тарабынан өнөктөштүк ишин жүзөгө ашыруу максатында сунуш кылынган финансылык каражаттар же мүлк жол берилген булактардан алынган болсо, өнөктөштүк жөнүндө келишимди түзүүгө банкка уруксат берилет. Өнөктөштүккө негизденген компаниянын түзүү учурунда өнөктөштүк ишин жүргүзүү процессинде, анын ичинде компанияны Шарият эрежелерин сактоо менен тескөөнү жүзөгө ашырууда операцияларды аткаруу учурунда Шарияттын эрежелери жана принциптери сакталгандыгы жөнүндө зарыл болгон бардык тастыктоолор алынууга тийиш. 

5. Пайданы бөлүштүрүү коэффициенти кайрадан каралган шартта өнөктөштүк жөнүндөгү келишимге түзөтүү киргизилген болсо, анда келип чыккан чыгым боюнча ар бир өнөктөш өнөктөштүк капиталына салынган үлүшүнө ылайык жоопкерчилик тартат. 

6. Шарика/мушарака өнөктөштүгү жөнүндөгү келишимдин негизинде түзүлгөн компаниянын капиталына материалдык активдер (товарлар) салынса, анда мындай активдердин акчалай наркы көз карандысыз эксперттер тарабынан аныкталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын капиталына төлөм катары карыздык милдеттенмени (дебитордук карызды) салууга уруксат берилбейт. Карыздык милдеттенмелер эгерде алар капиталга төлөм түрүндө салынган башка активдерден ажырагыс болсо гана, шарика/мушарака өнөктөштүгү жөнүндөгү келишимдин негизинде түзүлгөн компаниянын капиталына салынышы мүмкүн. Бул учурда, таза активдердин наркы көз карандысыз аудиторлор тарабынан тастыкталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Өнөктөштүккө негизденген компанияны түзүү жөнүндөгү келишиминде ар бир өнөктөштүн келишимдин чегинде жана компаниянын таламдарына гана аракеттенүүсү жана албетте милдеттүү түрдө Шарияттын эрежелерин жана принциптерин сактоого тийиш экендиги милдеттенмеси каралышы зарыл. 

9. Келишимде компания белгилүү бир өнөктөштөр же бир өнөктөш тарабынан жетекчиликке алынышы тууралуу шарт да каралышы мүмкүн. Бул учурда башка өнөктөштөр бул чечимде сактоого жана компаниянын атынан аракеттерди жүргүзбөөгө милдеттүү

10. Шарика/мушарака келишиминде компаниянын сарптоолорун же инвестициялык пайданын бөлүгү түрүндөгү төлөөлөрдү камтыган катталган сыйакыны жана менеджерге колдоо көрсөтүү түрүндөгү катталган сыйакыны белгилөө менен менеджерди өнөктөштөрдүн ичинен эмес дайындоо каралышы мүмкүн. Эгерде эң башынан тартып эле тескөө алынган пайдадан пайыздык үлүштүн негизинде жүзөгө ашырылып келсе, анда бул аракет менеджерди мудариба (ишкер) катары классификациялайт жана бул учурда ал, эгерде буга жетишилген болсо, пайдадан үлүшкө гана укукка ээ болот жана ага менеджердин кызматын аткаргандыгы үчүн эч кандай башка сыйакы төлөнүп берилбейт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

11. Шарика/мушарака келишиминде анын негизинде түзүлгөн компаниянын каражаттарын тескөө ишине өз салымын кошкон же өз кызматын кандайдыр бир башка формада, мисалы, бухгалтердик эсепке алуу жагында кызмат көрсөтүүнү сунуштаган, өнөктөшкө катталган сыйакыны аныктоого уруксат берилбейт. Мында, өнөктөштүк капиталындагы өз үлүшүнө ылайык иштеп тапканына караганда пайданын көбүрөөк бөлүгүн ага берүүгө уруксат берилет. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

12. Шарика/мушарака келишиминде укукка жатпаган аракеттерге, шалаакылыкка, кайдыгер мамилеге же өнөктөштөр/өнөктөш тарабынан келишимдин талаптарын бузууга жол берилген учурларда, келип чыккан чыгымдын ордун жабуу үчүн камсыздоону берүүгө өнөктөштөрдүн жоопкерчилиги каралууга тийиш. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

13. Эгерде айрым же бардык өнөктөштөр тарткан чыгымдын ордун жабуу гарантиясы үчүнчү жак тарабынан берилген болсо, анда мындай гарантия төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) гарант катары чыгып жаткан үчүнчү жактын укуктун негизинде иш алып барууга жөндөмдүүлүгү жана финансылык милдеттенмеси шарика/мушарака келишимине көз каранды болбоого тийиш; 

2) гарантия белгилүү бир компенсация үчүн берилүүгө тийиш эмес жана келишимине байланыштуу болбоого тийиш; 

3) гарант катары чыгып жаткан үчүнчү жакка компаниянын капиталынын гарантия берилген суммасынын тең жарымынан көбүрөөгү гарант катары чыгып жаткан үчүнчү жакка тиешелүү болууга тийиш эмес; 

4) гарантия алган компанияга ошол гарантияны берип жаткан компаниянын капиталынын суммасынын тең жарымынан көбүрөөгү тиешелүү болууга тийиш эмес; 

5) үчүнчү тараптын гарантиясы анын пайдасына берилген өнөктөш, эгерде гарант гарантиянын шарттарын аткарбаса, келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруудан баш тартууга укугу жок. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

14. Шарика/мушарака келишиминде тараптар ортосунда пайдадан алынган үлүш түрүндөгү пайданы ар бир өнөктөштүн компаниянын капиталындагы төлөмүнө пропорционалдуу негизде бөлүштүрүү тартиби каралууга тийиш. Пайда катталган акчалай сумма түрүндө белгилене албайт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

15. Шарика/мушарака келишиминде тиешелүү датага карата пайданы бөлүштүрүүдө өнөктөштөрдүн үлүшүн же пайданы бөлүштүрүү күнү өнөктөштүн ага тиешелүү пайданын бөлүгүн башка өнөктөштүн пайдасына ыйгарып берүү укугун өзгөртүү каралышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Башка өнөктөштөрдүн чыгымын өз эрки менен алууга банктын укугу жок, бирок шарика/мушарака келишиминде банк алдын-ала шарт коюусуз эле, келип чыккан чыгым үчүн жоопкерчиликти ошол учурда эле, өз эрки боюнча өзүнө алууга башка өнөктөштөрдүн укугун караштырышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

17. Ал туруктуубу же жокпу, андан көз карандысыз пайданы бөлүштүрүүнүн кандайдыр бир ыкмасын колдонууга келишүүгө өнөктөштөргө уруксат берилет. Мисалы, келишимди аткаруунун алгачкы баскычында пайдадагы үлүштүн пайыздык көрсөткүчү башка, ал эми экинчи баскычта - эки мезгил аралыгынын дал келбей калуусу же алынган пайданын өлчөмүнө жараша башкача болушуна келишүү. Бул жагдай, ушундай ыкманы пайдалануу өнөктөш пайдага катышуудан четтетилиши ыктымалдыгын шарттаган жагдайга алып келбеген учурда гана чечилет. 

18. Пайда компаниянын иш жыйынтыгы боюнча күтүлүп жаткан пайданы эске албастан, айкын натыйжа боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш. 

19. Шарика/мушарака келишими боюнча пайданы бөлүштүрүү шарттарына же ыкмасына пайданы бөлүштүрүү принцибинин бузулушуна алып келген кандайдыр бир жоболорду же шарттарды кошууга уруксат берилбейт. Мындай натыйжага алып келиши мүмкүн болгон пайданы бөлүштүрүүнүн кандай болбосун шарттары же ыкмасы келишимди жокко чыгарат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Өнөктөштөрдүн бири ага ылайык пайдадан үлүш катары пайдадан бир жолку сумманы же шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын капиталынан анын пайыздык көрсөткүчүн алган жобону келишимде кароосуна өнөктөштөргө уруксат берилбейт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

21. Эгерде, алынган пайданын суммасын тараптар белгилеши мүмкүн болгон белгилүү бир максималдуу чектен жогору болсо, артып калган пайда белгилүү өнөктөшкө тиешелүү болорун макулдашып алууга уруксат берилет. Тараптар ошондой эле, эгерде пайда максималдуу суммадан ашпаса же ал суммадан төмөн болсо, анда пайда алар түзгөн келишимге ылайык бөлүштүрүлө тургандыгына макулдаша алат. 

22. Өнөктөштүк мөөнөтү бүткөн же ал жоюлган шартта пайда шарика/мушарака келишиминин негизинин түзүлгөн компаниянын бардык колдонулуп жаткан активдерин рыноктук нарк боюнча сатуудан келип түшкөн каражаттардын негизинде жыйынтыкталып бөлүштүрүлүшү мүмкүн. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

23. Кандайдыр бир каражатты кайсыл болбосун тарапка аванс менен б.а., жыйынтыктап айкын эсептешүүлөр кийинчерээк каралган баскычта жүргүзүлө турган шартта, айкын же конструктивдүү баа берүүгө чейин бөлүштүрүүгө уруксат берилет. Бул учурда, тараптар айкын же конструктивдүү баа берүүдөн кийин аларга тиешелүү болгон пайданын үлүшүнөн үстөк алынган кандай болбосун сумманы компанияга компенсациялап берүүгө милдеттүү

24. Эгерде, шарика/мушарака келишиминин предмети болуп ижарага (лизингге), берүү үчүн сатылып алынган жана киреше алып келүүчү активдер саналса же келишимдин предмети болуп каражаттын түшүүсүн шарттаган кызмат көрсөтүүлөр эсептелсе, анда сумма өнөктөштөр ортосунда жыл сайын аванс менен бөлүштүрүлүп, жөнгө салынууга жана шарика/мушарака келишиминин аракеттенүү мөөнөтүнүн акырында компенсацияланууга тийиш. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

25. Тараптардын уставынын же чечиминин негизинде компаниянын пайдасын бөлүштүрбөөгө же пайданын белгилүү бир өлчөмдөгү суммасын төлөөгө жөндөмдүүлүктү колдоо камы (резерв) же капиталды жоготуулардын ордун жабуу үчүн кам (инвестициялык тобокелдик камы) катары калтырылып турууга уруксат берилет. 

26. Пайданын кандайдыр бир бөлүгүн кайрымдуулук максаттары үчүн калтырууга макулдашууга уруксат берилет. 

27. Тараптар шарика/мушарака келишимин мерчемдүү мөөнөт аралыгына сыяктуу эле, мөөнөтүн көрсөтүүсүз эле түзө алышат, же болбосо келишимди токтотуу үчүн негиз катары алып салуу шарттарын белгилеши мүмкүн. 

Ар бир өнөктөш шарика/мушарака келишимин өз өнөктөшүнө (өнөктөштөрүнө) ал тууралуу тиешелүү билдирмени жөнөтүүдөн кийин токтотууга укуктуу (башкача айтканда, компаниядан чыгууга). Бул учурда, ал компаниядагы өз үлүшүн алууга укуктуу жана анын чыгуусу калган өнөктөштөрдүн ишине тоскоолдук кылбайт. 

Мөөнөттүү келишимди түзүүдө тараптарга өнөктөштүктү мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө макулдашып алууга уруксат берилет. Мына ушул, жагдайларда келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин каралган милдеттенмелер жана аракеттер өзгөрүүсүз калуу менен улантыла берет. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

28. Өнөктөшкө компания иштеп турган мезгил аралыгында, же болбосо ал жоюлган учурда шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын бардык активдерин рыноктук наркы же сатып алуу күнүнө карата келишим боюнча сатып алууга милдеттүү сөз берүүсүнө уруксат берилет. Шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын активдерин мурдатан аныкталган номиналдык наркы боюнча сатып алууга сөз берүүгө уруксат берилбейт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

29. Шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн ишкана, келишимдин аракеттенүү мөөнөтү бүткөндө же өнөктөштөр аны мөөнөтүнөн мурда токтотууну чечкен учурда, ага чейин эле же болбосо, ишкана кандайдыр бир бизнес үчүн түзүлүп, өнөктөштүк жөнүндөгү келишимдин предметин чагылдырган активдер иш жүзүндө жок кылынгандан кийин өз ишин токтотот. Шарика/мушарака келишимин токтотуу жоюу болжолдонгон учурда да орун алышы мүмкүн. Бул жагдайда, шарика/мушарака келишими бүткөн катары каралат жана өздөрү каалаган учурда жаңы өнөктөштүктү башташат. Бул учурда, жоюу процессинин жүрүшүндө сатылбай калган, бирок болжолдонгон жоюунун негизинде баалаган активдер жаңы ишкананын капиталы болуп калат. 

Эгерде жоюу келишимдин мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу болсо, анда бардык колдонуудагы активдер тиешелүү рыноктук баага ылайык сатылат, ал эми аларды сатуудан түшкөн каражаттар төмөнкү максаттарга жумшалат: 

а) жоюу чыгымдарынан; 

б) ишкананын таза активдеринен финансылык милдеттенмелер боюнча төлөөлөргө

в) калган активдерди өнөктөштөр арасында алардын компаниянын капиталындагы үлүшүнө ылайык бөлүштүрүүгө. Эгерде активдер жетишсиз болсо жана тараптар өздөрүнүн салган бүтүндөй капиталын кайтарып ала албаса, активдер компаниянын капиталындагы алардын үлүшүнө пропорционалдуу негизде бөлүштүрүлөт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

30. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо максатында түзүлгөн компания белгилүү бир кесипке же квалификациялоо эмгекке же болбосо белгилүү бир кызмат көрсөтүүнү сунуштоо же кесиптик кызмат көрсөтүү, ошондой эле товарларды даярдоого тиешелүү кызматтарды сунуштоо максатында эки же андан көп өнөктөштөр ортосунда келишилген келишимдин негизинде уюштурулат. Өнөктөштөрдөн түшкөн пайданы макулдашылган катышка ылайык бөлүштүрүшөт. 

31. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо максатындагы өнөктөштүк негизинде түзүлгөн компания акчалай капиталга ээ эмес. Өнөктөштөр кызмат көрсөтүүлөрдүн ар кандай түрлөрүн өз ара бөлүштүрүшүп, ал аркылуу кызмат көрсөтүүнүн бүтүндөй көлөмүн сунуштоо максатында алар өз ара аракеттенүүгө жетише алгандай айрым же бардык өнөктөштөргө бир катар кызмат көрсөтүүлөрдү же кызмат көрсөтүүнүн белгилүү бир түрүн тапшыра алышат. 

32. Түшкөн пайда өнөктөштөр ортосунда макулдашылган катышка ылайык бөлүштүрүлөт, бирок келишимде ага ылайык кээ бир өнөктөшкө пайдадан бир жолку сумманын төлөнүп берилишин көздөгөн жобону кароого болбойт. 

33. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоо үчүн өнөктөштүктүн негизинде түзүлгөн компания үчүн өндүрүш каражаттары зарыл болсо, анда ар бир тарапка кызмат көрсөтүү үчүн талап кылынган зарыл өндүрүш каражаттарын камсыз кылууга уруксат берилет. Бул учурда ар бир өнөктөш өздөрү камсыз кылган өндүрүш каражаттарына менчикке укукка ээ болот. Өнөктөштөр менчикке биргелешкен укуктун негизинде зарыл жабдууларды же каражаттарды (инструменттерди) сатып алуу үчүн каражат кошуусу мүмкүн. Шарика/мушарака келишимине катышкан тараптарга ошондой эле, компанияга сыйакы үчүн зарыл болгон өндүрүш каражаттарын камсыз кылууга уруксат берилет, алар компаниянын утурумдук чыгашаларына чегерилет. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

34. Банк Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттардын "Ассоциацияланган компанияларга инвестицияларды эсепке алуу" деп аталган 28-стандартынын талабына ылайык шарика/мушарака операцияларын бухгалтердик эсепке алууну жүзөгө ашырат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

35. Шарика/мушарака келишими боюнча жайгаштырылган активдер инвестициялык ишкердикке тиешелүү болуу менен өзүндө кредиттик тобокелдикти камтып, кредиттерди жайгаштырууга бардык чектөөлөргө алынат. 

Капиталдын шайкештик коэффициентин эсептөөдө шарика/мушарака келишими боюнча жайгаштырылган активдер "Капиталдын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоого ылайык, тобокелдик деңгээли камтылган активдерге теңештирилет. 

Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу камына тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү жобого жана ички жол-жоболоруна ылайык, банк ай сайын кам түзүү менен алардын сапатынын түшүүсү көз карашында, мындай активдерге баа берүүнү жүргүзөт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3. глава  

Мурабаха келишими 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)) 

 

1. Мурабаха келишими бул банк тарабынан кардардын билдирмеси боюнча сатып алынган же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган товарды сатуу келишими. Кардарга мурабаха келишиминин предметин сатуу баасы товарды сатып алуу баасынын, банктын үстөк баасынын, үчүнчү тарапка төлөө (транспорттук чыгымдар, камсыздандыруу, милдеттүү мамлекеттик төлөмдөр жана үчүнчү жактардын пайдасына башка милдеттүү төлөмдөр) суммасынан турат.  

Үстөк баа төмөнкүчө коюлушу мүмкүн:  

- бир жолку төлөнүүчү сумма;  

- мурубаха келишиминин предметинин наркынын үлүшү

Банк коммерциялык операцияны каржылоого алат - өз атынан жана өз эсебинен кардардын буйрутмасы боюнча товарларды сатып алат. Бул учурда банк соода операциясынын бардык тобокелдигин өзүнө алат. 

Мурабаха келишими боюнча кардарга товар сатуу учурунда банк товардын ээси болууга тийиш. 

Мурабаха келишими кат жүзүндө жөнөкөй же нотариалдык формада түзүлөт. Товарга менчикке укук, эгерде келишим шарттарында башкасы белгиленбесе, баасы толук төлөнгөндөн кийин өтөт. Эгерде мүлккө менчикке укук мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш болсо, алуучу менчикке укукка аны каттоо учурунан тартып ээ болот. Эгерде мүлктү ажыратуу тууралуу келишим мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш болсо, алуучу менчикке укукка аны каттоо учурунан тартып ээ болот. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

2. Сатуу баасында баанын жогорулатылган өлчөмүн милдеттүү түрдө бөлүп көрсөтүү мурабаха келишиминин олуттуу шарты болуп саналат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Мурабаха келишими банктан белгилүү бир товарды сатып алууга ниеттенген потенциалдуу кардардын банкка кат жүзүндө берген өтүнүчүнүн негизинде жүзөгө ашырылат. 

Билдирмеде кардар товардын аталышын, ошол баада сатып алууга даяр болгон болжолдуу бааны, ошондой эле сатып алуу жана эрежедегидей эле, бөлүп төлөө шарттарын көрсөтүүгө тийиш. Кардар ошондой эле, банк андан ошол товарды сатып алышы мүмкүн болгон сатуучуну да көрсөтө алат. Банк эгерде алгылыктуу шарттарды сунуштаган башка сатуучулар болгон болсо, сатуучуларды өз алдынча тандоого укуктуу. 

Банк тарабынан мурда сунушталган каржылоонун ордун жабуу эсебинен алынган мүлк, ошондой эле башка менчик Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө" жободо белгиленген талаптар сакталган шартта, мурабаха бүтүмүнүн алкагында сатып өткөрүлүшү мүмкүн. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Банк белгилүү бир сатуучу менен товарды сатып алуу-сатуу келишим түзөт, мында келишимде банк товарды кийинчерээк мурабаха келишими боюнча кардарга сатуу үчүн сатып алып жаткандыгы да көрсөтүлөт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Эгерде кардар сатуучу менен мурабаха келишими боюнча сатып алуу жана кийинчерээк сатуунун объектиси болуп саналган товарга карата кандайдыр бир келишимдик милдеттенмелер менен байланыштуу болсо сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө жол берилбейт. 

Сатуучу кардарга жана банкка карата үчүнчү жак болуп саналууга тийиш. Кардардын товарды сатып алуу-сатуу бүтүмү боюнча сатуучу катары иш алып баруусуна сыяктуу эле, банк менен мурабаха келишим боюнча кардар катары иш алып баруусуна да жол берилбейт. 

Өзгөчө жагдайларда гана банк кардардын жакын тууганы болуп саналган тараптан, сатууга жана кайтара сатып алууга укук болгон шартта гана, товар сатып ала алат. 

Банк сатуучудан товарды сатып алуу мекен белгилүү мөөнөт ичинде аны кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүн белгилөөгө укуктуу. Эгерде кардар банктан товар сатып албаса, анда банк эки тараптын келишиминде белгиленген мөөнөт ичинде товарды берүүчүгө кайтарып бере алат. Бул мүмкүнчүлүк банктан товар сатып алууга чейин күчүндө турат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Товар берүүчү менен сатып алуу-сатуу келишиминде төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- тараптардын аталышы; 

- келишимдин предмети; 

- товардын аталышы; 

- товардын саны, баасы, төлөө мөөнөтү жана шарттары; 

- берүү мөөнөттөрү

- тараптардын милдеттери жана укуктары; 

- милдеттенмени аткарбай койгон шартта колдонулуучу айыптык санкциялар; 

- камсыздоо ыкмалары; 

- башка шарттар. 

Банк, сатып алуу-сатуу келишимин өз алдынча сыяктуу эле, агенти аркылуу да түзө алат. Банк, агенти катары кардарды дайындашы мүмкүн, мында кардар банктын эсебинен, анын атынан жана тапшыруусу боюнча агенттик келишимде белгиленген шарттарда иш алып барат, анда төмөнкү шарттар камтылууга тийиш: келишимдин предмети, тараптардын жана товардын аталышы, төлөө шарттары жана мөөнөттөрү, сатып алуу-сатуу операциясын тастыктаган документтер, башка шарттар. 

Кардар банктын атынан агент катары иш алып барган учурда төмөнкү шарттардын сакталышы зарыл: 

а) банк Сатуучуга товар үчүн акча каражаттарын агент катары иш алып барган кардардын эсебине чегербестен өзү төлөөгө тийиш. Банк акча каражаттарын агент катары иш алып барган кардарга төмөнкү учурларда гана сунуштай алат: 

- товарды сатуучу катары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык иш алып барган жеке ишкер саналган учурда; 

- товар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары сатылып алынган учурда. 

Мында, агенттик келишимдердин алкагында агент катары иш алып барган кардарларга товар сатып алуу үчүн берилген акча каражаттардын чогуу алгандагы калдыгы банктын мурабаха операциялары боюнча каржылоо портфелинин 20% ашпоого тийиш; 

б) банк сатуу жүзөгө ашырылгандыгына тиешелүү документтик тастыктоону сатуучудан алууга тийиш. 

Товарды сатууга-сатып алууга тиешелүү бардык документтер жана контрактылар, кардар банктын агенти катары иш алып барган болсо да, банктын атынан толтурулууга тийиш. 

Банк товарды берүүчү жайгашкан аймактан же берүү шарттарында көрсөтүлгөн кайсыл болбосун башка жерден алууга тийиш. 

Товарды жеткирип берүү боюнча чыгашаларды банк өзүнө алат жана алар товардын наркына кошулат. 

Банк товардын менчик ээси катары өзүнө жоопкерчилик алуу менен камсыздандырылышы мүмкүн болгон кийин келип чыгышы ыктымал тобокелдиктер үчүн да жооп берет. Товардын кардарга сатылышына чейин келип чыккан камсыздандыруу сыйакылары толугу менен банкка тиешелүү болот. 

Камсыздандыруу боюнча чыгашаларга мурабаха контрактысына боюнча сатылып алынган предметин баасы да кошулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-августундагы N 32/8, 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-12/54-12-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7. Мурабаха келишимин түзүү жана аны аткаруу боюнча сөз берүүсүн кардар тиешелүү деңгээлде аткаруусун камсыздоо максатында банк кардар менен акча каражаттарын же башка түрдөгү күрөөнү күрөөгө алуу жөнүндө келишим түзүүгө тийиш. Күрөө катары берилген акчалай сумма, эгерде ага кардардан уруксат алынбаса, банк тарабынан инвестицияланышы мүмкүн эмес. 

Кардар тарабынан мурабаха келишими аткарылгандан кийин гана банк күрөөнү кайтарып берүүгө милдеттүү. Кардардын өтүнүчү боюнча күрөөнүн салынган суммасы мурабаха келишимине ылайык төлөөнүн эсебине чегерилиши мүмкүн. 

Товарды ташып келүү же сактоо учурунда жараксыздыкка дуушар болушуна байланыштуу тобокелдиктерди да банк өз мойнуна алат жана алардын орду күрөөнүн эсебинен жабылышы мүмкүн эмес. 

Кардар өзүнүн сөз берүүсүн бузган шартта банк сатылып алынган товарды үчүнчү жакка сатууга укуктуу. Эгерде айкын сатып өткөрүү баасы товардын сатылып алынган баасынан төмөн болсо, банк келип чыккан айрыманы күрөөнүн суммасынан кармап калууга, ал эми калдыгын кардарга кайтарып берүүгө укуктуу. 

Банк мурабаха келишими түзүлгөндөн кийин сатып алууга буйрутмачы үчүн аванстык төлөмдү ала алат. Бул кардар товарды сатып алууга сөз берген учурда контракты түзүү учурунда жасалышы мүмкүн. 

Эгерде товарды сатуучуну кардар өзү тандаган болсо, банк келишимге төмөнкүдөй шарттарды кошууга тийиш: 

а) сатуучу тарабынан товарды сатып алуу-сатуу келишиминин талаптары тиешелүү деңгээлде аткарылышы үчүн кардардын камсыздоону беришине тиешелүү

б) сатуучу тарабынан келишимдин аткарылбай калышынан улам, мүмкүн болуучу соттук чыгашаларды кошо алганда, келип чыккан банктын бардык чыгымдары, кардар тарабынан кайтарылып берилиши, анын ичинде камсыздоонун эсебинен да кайтарылышына тиешелүү. Бул шарт мурабаха келишими түзүлбөгөн болсо да, колдонулууга тийиш. 

Мурабаха келишимин түзүүдө анын негизинде соода операциялары жүзөгө ашырылган бардык шарттар белгиленүүгө тийиш анын ичинде: 

1) үчүнчү жакка төлөөлөрдү кошо алганда, банк сатуу баасында камтууга тийиш болгон бардык чыгашалар. Банк кызматкерлеринин эмгегине төлөөлөр боюнча сарптоолор чыгашаларга чегерилиши мүмкүн эмес; 

2) сатып өткөрүү баасы; 

3) баага кошулган сумма - банк ошол бүтүмдөн алган сыйакы. 

Мында сатып өткөрүү баасы же кошумчалоо баасы белгисиз жагдайлардан улам белгилениши мүмкүн эмес, мисалы келечекте белгилүү болушу мүмкүн болгон кандайдыр бир көрсөткүчкө жараша. Эгерде баа жана кошумчалоо баасы келишим түзүү учуруна карата алынган көрсөткүчтөргө жараша белгиленишине жол берилет. Мында банктын кошумчалоо баасы мурабаха келишимине кол коюуга чейин эле кардарга алдынала белгилүү болууга тийиш. Кошумчалоо баасынын өлчөмү мезгил аралыгы факторуна көз каранды болушу мүмкүн эмес. 

Банк мурабаха келишимине төмөнкүдөй шарттарды кошо алат: 

а) банк товар кардардын ээлигине өткөндөн кийин товардан табылган кандайдыр бир кемчиликтер үчүн жоопкерчилик тартпайт; 

б) банк, мурабаха контрактысы күчүнө киргенден кийин товарды кабыл алуудан кардар баш тарткан болсо, банктын чыгашаларынын ордун жабууга жетпей жаткан сумма кардар тарабынан төлөнүп берилген шартта, товарды үчүнчү тарапка сатууга укуктуу. 

Төмөнкү учурларда мурабаха келишимин түзүүгө банктын укугу жок: 

а) алтын, күмүш, валюта сыяктуу товарларга карата; 

б) дебитордук карыздар активдердин камсыздоосу болуп саналган жүгүртүү капиталы менен операцияларда; 

в) милдеттенмелерди кайра каржылоо учурунда.  

Кемүүчу мушараканы түзүү учурунда тараптардын биринин мурабаханын жардамы менен накталай төлөөлөр же мөөнөтү узартылган милдеттенмелер шарттарына катышуусуна тыюу салынат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Мурабаха келишими боюнча төлөөлөр кардар тарабынан келишимдин шарттарына ылайык жүргүзүлөт. 

Банк кезектеги төлөм негиздөөлөрсүз кечиктирилген учурда кардардан мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кыла алат, албетте кардарга төлөө мөөнөттөрү жөнүндө алдынала билдирилген шартта. 

Эгерде, кардар бааны толук төлөп бербесе, банк кардардын атына товарга карата менчик укугун, төлөмдөр толук көлөмүндө төлөнгөнгө чейин каттоону жүзөгө ашырбайт. 

Эгерде кардар төлөмдү келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыгыраак кармаган болсо, банк товарды сатып жиберүүгө укуктуу. 

Эгерде банк товарды сатып жиберсе, анда кардардан мурда эле алынган төлөмдөрдүн орду толтурулуп берилүүгө тийиш. 

Эгерде банк кардардан камсыздоону алган болсо, анда кардар карыздардын ордун жабуу үчүн сотко кайрылуусуз эле күрөөнү сатууга банкка буйрук берет. 

Белгиленген мөөнөттө төлөнбөй төлөө кармалган учурда, ишкер мурабаха контрактысына ылайык мөөнөтүндө төлөнбөгөн төлөмдөрдөн мерчемдүү сумманы же карыздын бир бөлүгүн кайрымдуулук максаттарына багыттай алат. 

9. Комиссиондук төлөмдөр жана каржылоо мүмкүнчүлүгүн бергендик үчүн төлөм банк тарабынан кардардан кармалып калбайт. 

Келишим боюнча документтерди даярдоого кеткен чыгашалар эгерде алар тараптардын бири бул чыгашаларды төлөөгө тийиш экендигин макулдашпаган болсо, банк менен кардардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Бардык чыгашалар адилет көрсөтүлүү менен аткарылган иш көлөмүн чагылдыра тургандыгына тиешелүү шарттар так сакталууга тийиш. 

Эгерде буйрутмачы үчүн мурабахада сатып алуулар синдицирленген каржылоо аркылуу жүзөгө ашырылса, аны уюштуруучу катары иш алып барган тиешелүү сыйакынын төлөнүшү жөнүндө билдирүүгө укуктуу жана ал синдицирленген каржылоого катышуучулар тарабынан төлөнүүгө тийиш. 

Эгерде ал кардардын өтүнүчү боюнча түзүлүп, анын пайдасын көздөсө технико-экономикалык негиздемелерди түзүү үчүн төлөөнү кардар банкка төлөп берүүгө макул болгон шартта банк аны кармап кала алат. 

10. Мурабаха келишиминин предметин сатып алууга келишим түзүүгө байланыштуу банктын баштапкы тике сарптоолору (ортомчуларга комиссиондук төлөмдөр, юридикалык кызмат көрсөтүүлөргө ж.б.) иш тапшыруучуда өтүп жаткан мезгилдин чыгашалары катары таанылат. 

11. Мурабаха келишиминин шартында ишке ашырылган банктын инвестициялары алгач бүтүмгө жумшалган акча каражаттарынын суммасы боюнча баланста банктын башка менчиги боюнча баланстык эсептердин субэсебинде эске алынат. 

12. Товарды сатып алууга байланыштуу банктын кийинки сарптоолору, ошондой эле ташып жеткирүүгө кеткен чыгашалар, импорттук пошлиналар жана башка чыгашалар товардын сатып алуу баасына жошулат. 

13. Кардарга товарды сатуу жөнүндө түзүлгөн келишимдин Шарттарына ылайык банк кредитти, келишимге ылайык кардар банкка төлөп берүүгө милдеттүү болгон, кардарга берген суммада тааныйт. Кредитти андан кийинки эсепке алуу жана бүтүмдөн түшкөн кирешени таануу ФОЭСтин 39-стандартынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

Кардар тарабынан товар үчүн төлөмдүн жалпы суммасы бир жолу төлөнүп берилген учурда, банк түшкөн акча каражаттарын кредитти төлөөгө багыттайт жана кирешени тааныйт. 

Эгерде кардар келишимдин шарттарына ылайык төлөмдөр графиги боюнча бир нече мөөнөткө бөлүп төлөөнү ишке ашырса, банк эсепке алууда төлөмдөр графигине ылайык мурабаха келишими боюнча кирешелерди ай сайын чегерүүнү жүргүзүп турат. Келип түшкөн акча каражаттарынын суммасын кредитти төлөөнү эсебине чегерет. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

14. Банк активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү жобонун талабына ылайык РППУга чегерүүлөр жана тиешелүү классификациялоону жүргүзүү менен мурабаха келишими боюнча активдерге байланыштуу жоготуулардын келип чыгуу ыктымалдыгы тобокелдигинин деңгээлине баа берүүнү мезгил-мезгили менен жүргүзүп турат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

15. Мурабаха келишими боюнча жайгаштырылган активдер кредиттер катары эсепке алынып кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге теңдештирилет, демек кредиттерди жайгаштырууга байланыштуу бардык чектөөлөргө алынат. 

Капиталдын шайкештиги коэффициентин эсептөөдө мурабаха операциялар боюнча жайгаштырылган активдер 100% кредиттик тобокелдиги деңгээлиндеги кредиттер катары классификацияланат. 

Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө жобого жана банктын ички жол-жоболоруна ылайык банк, зарылчылык келип чыккан учурда кам түзүү менен алардын абалынын начарлоосу көз карашынан ошол активдерге баалоону ай сайын жүргүзүп турат. 

Мына ушул келишимдерге келишүү учурунда банк өлкөлүк жана трансферттик тобокелдиктерге товар берүүчүнүн жана аны камсыздандыруучунун ишенимдүүлүгү, товардын коопсуз жеткирилип берилиши маселелерине өзгөчө көңүл бурат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Банк Шариат стандарттарына ылайык келген принциптерди жана шарттарды сактоо менен кардарларга мурабаха келишими боюнча каржылоону сунуштоо үчүн ислам финансылык мекемелери менен келишим түзө алат. Банк менен мурабаха келишими боюнча каржылоону сунуштаган ислам финансылык мекемеси ортосундагы келишим, банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. 

2.3.1-глава Товардык мурабаха бүтүмү 

(Глава КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

1. Товардык мурабаха (таваррук) - акча каражатын алуу максатында түзүлгөн, эки макулдашуудан турган бүтүм: мурабаха келишими шартында товарды кийинчерээк төлөө аркылуу сатып алуу жана ошол эле товарды баштапкы сатып алуучудан башка үчүнчү жакка дароо төлөө шартында сатуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү банк тарабынан акча каражатын, анын ичинде инвестиция тартуу инструменти катары колдонулат. Мындай бүтүмдү банктын кардарларынан акча каражаттарын тартуу инструменти катары колдонууга жол берилбейт.  

Бүтүмдө тараптар катары финансы-кредит уюмдары иш алып барган учурда товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү тараптардын бири үчүн акча каражаттарын жайгаштыруу инструменти катары каралышы мүмкүн. 

Товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү банк тарабынан төмөнкү шарттардын бири сакталган учурда, мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн юридикалык жакты же жеке ишкерди (мындан ары юридикалык жак) каржылоо инструменти катары колдонулушу мүмкүн: 

- товардык мурабаха (таваррук) бүтүмүнөн айырмаланган бүтүмдөрдүн жана келишимдердин түрүн колдонуу менен каржылоо сунуштоо максатка жетүүгө мүмкүндүк бербесе; 

- бүтүм ликвиддүүлүк менен камсыздоо мүмкүн эмес болгондугуна же ликвиддүү акча каражаттары тартыштыгынын ордун жабууга же кардарлардын чыгым тартуусуна бөгөт коюу максаттарына байланыштуу келишилсе; 

- бүтүмдүн максаты катары банк юридикалык жактан ислам каржылоо принциптери боюнча сунушталуучу кызматтарга толугу менен өтүү жөнүндө негиздүү чечимин алгандыктан, юридикалык жактын кредитин каржылоо саналса.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-сентябрындагы № 2020-П-12/51-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Товарды сатуу учурунда товарды саткан тарап анын ээси болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Товардык мурабаха бүтүмүнүн натыйжасында алынган акча каражаты Шариат стандарттарына ылайык келген операцияларда колдонулууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Товардык мурабаха бүтүмү боюнча келишимдер жазуу жүзүндө түзүлөт. Эки келишим боюнча (товарды кийин төлөө шартында сатып алуу келишими менен дароо төлөө шартында сатуу келишими) тараптардын милдеттенмелеринин байланыштуулугуна жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Товар сатып алуучу (товардык мурабаханын объектиси) кийинчерээк төлөө шартында сатып алган сатуучудан башка адам (товар үчүнчү жакка сатылышы зарыл) болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Бүтүм келишилген учурга карата товар сатуучуда болууга, анын менчигинде турууга жана такталууга тийиш. Бул же товарды өзүнчө көрсөтүү, же болбосо товарды идентификациялоо документтеринин реквизиттерин (күбөлүктүн номери, коштомо кагаз ж.б.) көрсөтүү аркылуу ишке ашырылат. Бүтүм келишилген жерде товар жок болсо, сатып алуучуга товардын өзгөчөлүктөрү же үлгүлөрү түрүндө маалыматты, ошондой эле сатып алуучу товарды жалган эмес, анык сатып алып жаткан учурдагыдай эле, товардын көлөмү жана ал жайгашкан орду тууралуу маалыматты кошумча сунуштоо зарыл.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-сентябрындагы № 2020-П-12/51-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Товардык мурабаха бүтүмүнө келишүүдө сатып алуучу сатуучуну же анын өкүлүн мурдагы сатуучудан (анын өкүлүнөн) сатылып алынган товарды сатуучу агент катары дайындай алат. Мындай учурларда агенттик келишим сатып алуучу товарга ээлик кыла баштагандан кийин түзүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Товардык мурабаха бүтүмү алтынга, күмүшкө же валюта түрлөрүнө карата түзүлбөйт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

10. Товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү ушул главанын талаптарын, ошондой эле төмөнкү талаптарды сактоо менен валюта тобокелдигин хеджирлөө инструменти катары колдонулушу мүмкүн: 

- бүтүмдөр биржалык товар түрүндө келишилсе; 

- бир валютадагы товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү жана биринчи валютадан айырмаланган валютада кайтарым товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү өз ара байланыштуу болбосо. Тараптар ортосунда келишилген бир бүтүмдүн аткарылбашы экинчи бүтүмдү жокко чыгарбаса; 

- эки бүтүмдүн теӊ аткаруу мөөнөттөрү бири-бирине шайкеш келүүгө тийиш. 

11. Банктын Шариат кеӊеши товардык мурабаха (таваррук) бүтүмүн колдонуу жагдайлары жана колдонуудагы чектөөлөр, ошондой эле колдонуу шарттары жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-сентябрындагы № 2020-П-12/51-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

2.4-глава 

Иджара келишими 

(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

1. Иджара - бул, кардардын билдирмеси боюнча кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү өз менчигине атайы сатып алуу же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү кардарга акы төлөө негизинде макулдашылган мөөнөткө убактылуу ээлик кылууга (ижарага) жана пайдаланууга сунуштоо операция. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Иджара келишими бул ижарага берүүчү кардардын билдирмеси боюнча менчигине сатып алган, же ижарачы кайрылган учурда анын менчигинде турган мүлктү же болбосо ижарага берүүчү ижарачынын билдирмеси боюнча пайдалануу укугуна ээ болгон мүлктү ижарачыга макулдашылган мөөнөткө белгилүү бир акы төлөө үчүн пайдаланууга (ижарага) сунуштоо келишими. 

Ошондой эле иджара келишиминде кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо каралышы мүмкүн, ага ылайык ижарага берүүчү ижарачынын билдирмеси боюнча мындай укукту макулдашылган мөөнөткө белгилүү бир акы үчүн ижарачыга андан ары берүү менен кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу укугуна ээ болот. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Иджара мунтахийя биттамлик келишими бул иджара келишиминин шарттарын камтыган келишим, ага ылайык кардар ижарага алынган мүлктү келишимдин шарттарына ылайык сатып алууга милдеттенет. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Банк иджара келишимине кардардын билдирмесинин, келишим түзүү чечимин кабыл алуу үчүн зарыл болгон финансылык жана юридикалык документтердин негизинде келишет. 

Иджара келишимине келишүү жөнүндөгү чечимди кабыл алуу үчүн банк Ижарачынын ижара төлөмдөрүн төлөп берүү мүмкүнчүлүгүнө баа берүүнү, ошондой эле бир эле мүлктүн кайталап ижарага берилиши же сатылып кетиши ыктымалдыгын аныктоо үчүн мүлктүн өтүмдүүлүгүнө баа берүүнү жүргүзүшү зарыл. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Банк тарабынан алгылыктуу чечим кабыл алынган шартта Ижарачы тиешелүү мүлктү ижарага алууга сөз берүүнү кат жүзүндө толтуруп берүүгө тийиш. 

Ижарачы тараптардын макулдугу боюнча сөз берүүнүн гарантиясы катары мерчемдүү өлчөмдөгү сумманы салуу менен мүлктү ижарага алат. Салынган сумма ижарачы убадасын бузган учурда келип чыккан зыяндын ордун жабуу, ошондой эле ижарачынын макулдугу менен сатып алуу-сатуу келишими боюнча мүлктү сатып алуу үчүн алдын ала төлөм катары же ижара төлөмдөрү үчүн алдын ала төлөм катары гана пайдаланылат. 

Ижарачы менен макулдашуу боюнча, ижарага берүүчү мудараба келишиминин негизинде каражаттардын көрсөтүлгөн көлөмүн инвестициялоо үчүн пайдалана алат.  

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Иджара келишиминин предмети катары кыймылдуу (акчаны, баалуу кагаздарды жана керектелүүчү мүлктү кошпогондо) жана кыймылсыз мүлк же болбосо андан алынуучу пайда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шарият стандарттарына каршы келбеген учурда колдонулуучу кызмат көрсөтүүлөр болушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Ижарага алынган мүлк аны тиешелүү деңгээлде сактоо шартында пайдаланылууга, ал эми Иджара келишимин аткаруудан алынган пайда мыйзамдуу болууга жана шариаттын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

8. Ижарачы Ижара берүүчүнүн өнөктөшү болуп саналабы же жокпу ага көзкарандысыз, Ижарачы менен бирге кармап турган (ээлик кылган) өзүнчө активдердеги үлүш Иджара келишиминин предмети болушу мүмкүн. Бул учурда Ижарачы ижарага берилген үлүштөн Ижара берүүчү пайдаланган ыкмада эле, башкача айтканда убакытты бөлүштүрүү режими аркылуу же менчиктин кандайдыр бир бөлүгүн аныктоо жолу менен пайда ала алат. 

9. Ижара берүүчү ижарага берилген мүлктүн сапатына доо кетирген кандай болбосун кемчилдиктер үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат жана ижарага берилген мүлктүн жеке аракеттенүүнүн же болбосо анын контролдугуна алынбаган, Иджара келишими боюнча болжолдонуп жаткан пайдага таасирин тийгизген жагдайлардын кесепетинен сапатынын начарлагандыгы үчүн жоопкерчиликти да четке какпайт. 

10. Эгерде ижарага берилген менчиктен алынуучу пайданын өлчөмү Ижарачынын ошол мүлктү ижарага алуу учурундагы укукка жатпаган аракеттеринин натыйжасында толугу менен же жарым-жартылай азайган болсо, анда ал пайда алууга кедергисин тийгизген тоскоолдуктарды четтетүүгө милдеттүү. Бул учурда ижара мөөнөтү Ижарачы алынган мүлктөн пайда көрө албай калган мөөнөткө узартылат жана Ижарачы пайда алынбай калган мезгил аралыгында ижарадан баш тартууга тийиш эмес. 

11. Ижара берүүчү негизги техникалык тейлөөлөрдү жүзөгө ашырат. Ижарачы утурумдук жана мезгил-мезгили менен (адеттеги) техникалык тейлөөлөрдү аткарууга тийиш. 

12. Ижара берүүчү эгерде ижарачы ижарага алынган менчикке карата кандайдыр бир укукка жатпаган аракеттерге же этиятсыздыкка жол бербеген болсо, иджара келишими колдонулган бүтүндөй мезгил ичинде, ижарага алынган менчик үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

Мыйзам боюнча мүлктү сөзсүз түрдө камсыздандыруу зарыл болгон шартта ижара берүүчү аны Шариат стандарттарына ылайык камсыздандырууга тийиш. Шариат стандарттарына ылайык камсыздандырууга мүмкүн болбосо, анда Шариат кеңеши тарабынан жактырылган шартта, мүлктү жөнгө салынган ыкмада эле камсыздандырууга болот. Камсыздандыруу чыгашалары ижарага берүүчүгө жүктөлөт, алар ижарачы тарабынан ижарага берүүчүгө төлөнүп берилүүгө тийиш. Келишимге кол коюлгандан кийин ижарага берүүчү ижарачыдан ижара акысынын белгиленген өлчөмүнөн ашык кандайдыр бир төлөмдү кармап кала албайт. Ижара берүүчү да ижарачыны мүлктү ижара берүүчүнүн эсебинен камсыздандыруучу агент катары дайындай алат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

13. Иджара келишимин аткаруу үчүн банк мүлктү менчигине сатып алат же кызмат көрсөтүү укугуна ээ болот. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

14. Ижарачы ижара келишиминен айырмаланган шарттарда ал тууралуу Ижара берүүчүгө билдирүү менен субижара келишимин түзүшү мүмкүн. 

15. Ижарачы ижарага алынган мүлктү ижаранын биринчи баскычында анын ээсине өзү төлөгөн төлөмдөн төмөн, ага барабар же андан жогору болгон төлөмгө ижарага бериши мүмкүн, эгерде эки ижара төлөмү тең токтоосуз берүү жана токтоосуз төлөөнүн негизинде төлөнгөн болсо. Каршы төлөмдөр төлөө мөөнөтүнүн кийинки калтырылышы себеби боюнча жогору болушу мүмкүн эмес. 

16. Ижара берүүчү Ижарачынын өтүнүчү боюнча мүнөздөмөдө сүрөттөлгөн мүлктү сатып алышы же даярдашы мүмкүн. 

Ижарачы мүнөздөмөгө ылайык келбеген мүлктөн баш тартууга укуктуу. 

17. Ижарачы банк менен бирдикте өзү ижарага алууну пландаштырып жаткан мүлктү сатып алышы мүмкүн. Демек, ижара төлөмү Ижарачы тарабынан ал ээлик кылган үлүштүн чегинде төлөнүп берилет. 

18. Банк, макулдашылган мүнөздөмө боюнча мүлктү сатып алуу жана ошол мүлктү Ижарачыга андан ары өткөрүп берүү баасын аныктоо үчүн агент катары Ижарачыны же үчүнчү жакты дайындай алат. 

19. Иджара келишими кат жүзүндө толтурулат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда нотариалдык жактан тастыкталып, мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш. 

20. Ижара келишиминин негизги шарттары болуп төмөнкүлөр саналат: 

а) аталышы, ошондой эле Иджара келишиминин предметин тастыктоого жетиштүү болгон маалыматтар; 

б) тараптардын Иджара келишиминин предметин сатып алууга жана өткөрүп берүүгө/сунуштоого байланыштуу укуктары жана милдеттери; 

в) ижара төлөмдөрүнүн өлчөмү, төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү

г) КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту деп саналсын; 

д) жана башка шарттар. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

21. Эгерде, Ижара берүүчү тиешелүү мүлктү Иджара келишиминде каралган мөөнөттө ижарага бербесе, келишим күчүнө кирген күн менен мүлктү ижарага иш жүзүндө берген датанын ортосундагы мезгилде ижара төлөмү төлөнбөйт; эгерде, тараптар ижара мөөнөтү мүлк ижарага берилбеген мезгилге барабар болгон убакыт аралыгына узартылышына макулдашышпаган болсо, тиешелүүлүгүнө жараша ижара төлөмү кыскартылат. 

22. Буюрмачы Ижарачынын күнөөсү боюнча Иджара келишими аткарылбай калган шартта жол берилген зыяндын ордун жабуу максатында Ижара берүүчү кармап калышы мүмкүн болгон аванстык төлөмдү салат. 

23. Ижара берүүчү ар кандай мөөнөттөргө бир нече Ижарачыга ижарага берилген бир эле мүлккө карата бир нече Иджара келишимин түзүүгө укуктуу, албетте эгерде бир эле мүлккө карата ошол эле мезгил аралыгына түзүлгөн эки келишим бир учурда аткарылбаган шартта. 

24. Иджара келишими ижара мезгил аралыгына кандайдыр бир мүлккө карата бир эле пайда алуу укугуна ээ бир нече ижарачы менен белгилүү жак үчүн мерчемдүү кандайдыр бир мезгил аралыгын аныктабастан, түзүлүшү мүмкүн. Бул учурда ар бир Ижарачы ал үчүн бөлүнгөн мезгил аралыгында ошол мүлктөн Ижарачылар ортосунда каралган эрежелерге ылайык пайда ала алат. 

25. Ижара төлөмү акча каражаттары түрүндө, натуралай (товарлар) түрүндө же кандайдыр бир артыкчылыктар (кызмат көрсөтүүлөр) түрүндө ишке ашырылышы мүмкүн. Ижара төлөмү Иджара келишиминин аракеттенүү мөөнөтүн камтыган бир жолку төлөм түрүндө же болбосо келишим аракеттенген мезгил аралыгында бөлүп-бөлүп төлөө түрүндө белгилениши жана алдынала төлөө катары же Иджара келишиминин аракеттенүү мезгил аралыгына барабар болгон, андан ашкан же ага жетпеген мезгил аралыгында бөлүп төлөө менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Ижара төлөмү катталган формада же тараптардын макулдугу боюнча өзгөргөн суммада төлөнүшү мүмкүн. 

26. Ижара төлөмү келишимдин талабына ылайык милдеттүү болуп саналат жана Ижара берүүчүнүн ижара төлөмүн алууга укугу Ижарачы ижарага алынган менчиктен пайда ала баштаган учурдан тартып же Ижара берүүчү ижарачыга ага өткөрүлгөн мүлктөн пайда алуу укугун камсыз кылган шартта келип жетет. 

27. Эгерде ижара төлөмү кандайдыр өзгөрүүлөргө дуушар болсо Иджара келишими аракеттенген алгачкы мезгил аралыгында ижара төлөмүнүн тиешелүү суммасы каралышы зарыл. Салыштыруу базасына ылайык кийинки мезгил аралыгына ижара төлөмүнүн өлчөмүн аныктоого жол берилет. Мына ушул салыштыруу базасынын маңызында калган мезгил аралыгы үчүн ижара төлөмүнүн өлчөмүн аныктоочу фактор болуп саналган так тартип камтылууга тийиш. Албетте салыштыруу базасы максималдуу сыяктуу эле, минималдуу чекке ээ. 

28. Тараптардын макулдашуусу боюнча ижара төлөмүнүн бөлүгү Ижара берүүчүгө төлөнүшү ал эми башка бөлүгү Ижара берүүчү тарабынан белгиленген кандайдыр бир башка чыгашалардын ордун жабууга багытталышы мүмкүн, мисалы, негизги техникалык тейлөөнүн, камсыздандыруунун, жана башкалардын наркын жабууга. 

29. Эки тарап келечектеги ижара мезгилине, башкача айтканда Ижарачы "Иджара келишимин жаңыртуудан улам ижарадан кандайдыр бир пайда алууга жетише албаган мезгилге ижара төлөмүнүн өлчөмүн өзгөртүү тууралуу макулдашышы мүмкүн. Өткөн мезгил үчүн төлөнүп берилбеген ижара төлөмү карыз бойдон калат жана Ижарачы ижара берүүчүгө аны төлөп берүүгө тийиш экендигинен улам ал көбөйтүлбөйт. 

30. Ижара төлөмүнүн төлөнүшүн жана ижарага алынган менчикке карата Ижарачынын кайдыгер мамилесинен келип чыгуучу кесепетти камсыздоо үчүн өтүмдүү активдер түрүндөгү гарантиялык камсыздоо сунуш кылынат. 

31. Банк, кардарга төлөө мөөнөттөрү жөнүндө эскерткен шартта кезектеги ижара төлөмүн негизсиз кармап койгон учурда ижара төлөмдөрүн мөөнөтүнөн мурда төлөнүшүн кардардан талап кылууга укуктуу. 

32. Эки тарап тең ижара төлөмүнүн токтоосуз төлөнүшүнө макулдаша алышат. Ижара төлөмү бөлүп-бөлүп төлөнүшү мүмкүн. Бул учурда ижара берүүчү өзүнчө жобону кароого тийиш жана ага ылайык Ижарачы негизсиз себептер менен бөлүп төлөөнү белгилүү мөөнөт ичинде жүзөгө ашыруу зарылчылыгы жөнүндө тиешелүү билдирмени алгандан кийин деле төлөөнү ишке ашырбаган болсо, калган төлөмдөрдүн дароо төлөп бериши зарыл. Алган милдеттенмени аткара албай калган учурда калган төлөмдөрдүн төлөнүшүн тездетүү процесси Иджара келишиминин аракеттенүү мөөнөтүнүн акырында же болбосо Иджара келишими мөөнөтүнөн мурда токтотулса, ошол учурда жөнгө салынууга тийиш. Токтоосуз төлөө үчүн каралган мезгил бүткөндөн кийин Ижара берүүчү тарабынан контракттын аракеттенүү мөөнөтүн кандайдыр бир узартуу, Ижарачынын укугу эмес ошол мөөнөт аралыгына төлөмдү узартууга макулдук катары эсептелинет. 

33. Ижара берүүчү Ижарачы тарабынан төлөмдүн төлөнүшү кармалып калган учурда тиешелүү ижара төлөмүн көбөйтүү жагын аныктай албайт. 

34. Ижара же ижара мунтахийя биттамлик келишиминде ага ылайык төлөмдү негизсиз эле кечиктирген ижарачы ижара төлөмүнөн белгилүү бир сумманы же андан кошумча үлүштү төлөөгө тийиш экендигин болжолдогон жобо каралышы мүмкүн. Ижара төлөмүнүн тиешелүү суммасынан үстөк төлөнгөн мындай сумма банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган ички саясатка ылайык кайрымдуулук максаттарына багытталат. 

Ижарачы сунуштаган гарантиялык камсыздоону алуу укугунан ажырап калган шартта ижара берүүчү мындай сумманы, ижарага алынган менчиктен пайда алына элек мезгил үчүн төлөө милдеттенмеси келип жете элек төлөмдөрдү кошо алганда, бөлүп төлөнгөн ижара төлөмдөрүнүн бардык суммасын эмес, өткөн мезгил үчүн ижара төлөмү катары ага тиешелүү болгон сумманы гана эсептеп кармап кала алат. Ижара берүүчү ошондой эле, гарантиялык камсыздоо суммасынан келишимди бузууга жол бергендиги үчүн ижарачы мыйзамдуу түрдө төлөөгө тийиш болгон компенсацияларды да эсептеп кармап калышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

35. Ижара берүүчү ага Иджара келишими түзүлгөндүгү жөнүндө маалымдоо менен ижарага алынган мүлктү үчүнчү жакка сата алат. Мында келишим боюнча бардык укуктар жана милдеттер жаңы менчик ээсине өтөт. 

36. Иджара келишиминин предмети жок кылынган же бузулган жана аны андан ары пайдалануу мүмкүн болбогон учурда, калган иджара төлөмдөрү төлөнбөйт 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

37. Ижарачы анын күнөөсү боюнча келип чыккан чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат. 

38. Пландаштырылып жаткан кирешенин азаюусуна алып келген мүлктүн жарым-жартылай бузулууга дуушар болушу учурунда Ижарачы Иджара келишимин токтотууга укуктуу. Тараптар ошондой эле бул учурда ижара төлөмүнүн өлчөмүн өзгөртүүгө макулдашышат, бирок пайда алынбаган мөөнөт үчүн төлөм кармалбайт. Ижара берүүчү Иджара келишимин андан ары жүзөгө ашыруу үчүн ошондой эле мүлктү берүүгө тийиш, андай болбосо келишим токтотулат. 

39. Эгерде Ижарачы ижарага алынган мүлктү пайдаланууну токтотсо же аны ээсине макулдугу менен кайтарып берсе, анда ижара төлөмү Иджара келишиминин калган аракеттенүү мөөнөтү үчүн мүлк ээсине төлөнүп берилүүгө тийиш бойдон калат, ал эми Ижара берүүчү келишимдин ошол мезгил аралыгына ал мүлктү башка Ижарачыга өткөрүп бере албаса да, мүлктү жаңы Ижарачынын тескөөсүндө кармап турууга тийиш. 

40. Иджара келишими төмөнкү учурларда токтолушу мүмкүн:  

1) өз ара макулдашуу боюнча; 

2) иджара келишиминин мөөнөтү аяктаганда; 

3) мүлктү ижарачыга сатууда; 

4) тараптарга көз каранды болбогон башка себептер боюнча. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

40.1. Иджара келишими бир тараптуу түрдө токтолушу мүмкүн: 

1) иджара келишиминин шарттары бузулганда; 

2) иджара төлөмдөрүнүн мөөнөтү сакталбаган же токтотулган учурда; 

3) келишимде көрсөтүлгөн башка себептер боюнча. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

41. Менчикке укукту өткөрүп берүү Иджара келишиминен тышкары, төмөндөгүлөргө сөз берүү түрүндөгү документ менен тастыкталат: 

а) арзыбаган баага же башка макулдашылган төлөмгө сатуу же ижара төлөмүнүн калган бөлүгүн төлөп берүүнүн жардамы менен же ижарага алынган мүлктүн рыноктук наркын төлөп берүү аркылуу; 

б) себептерин көрсөтүүсүз эле белек катары берип коюу; 

в) калган төлөмдөрдү төлөөдөн кийин аны белек катары калтыруу. 

Жогоруда белгиленген бардык учурларда мүлктүн белекке берилишине, анын сатылышына же белгилүү окуядан кийин белекке калтырылышына сөз берилгендигин далилдеген өзүнчө документ Ижара Мунтахийя Биттамлик келишиминен өзүнчө түзүлүүгө тийиш. Аны Иджара келишиминин ажырагыс бөлүгү катары кароого болбойт. 

42. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминде менчик укугун өткөрүп берүү убадасы ижарачы келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарган шартта, ижарага берүүчү тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

43. Менчикке укукту өткөрүп берүү Иджара келишиминен өзүнчө түзүлгөн жана сөз берүүнү камтыган тартуулоо же сатуу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат. 

44. Кийинкиге калтыруу шарттарында келишим түзүлгөн учурларда, шарттарды аткаруу боюнча менчикке укуктун өтүшүнө жаңы келишим түзүлбөйт. 

Эгерде бир эле төлөм төлөнбөй кала турган болсо, мүлккө карата менчикке укук өткөрүлбөйт. 

45. Иджара келишимин жөнгө салуучу эрежелер Ижара Мунтахийя Биттамлик келишим үчүн да колдонулууга тийиш, башкача айтканда Ижара берүүчү ижарага берилген мүлккө менчикке укукту Ижарачыга өткөрүп берүүгө сөз берген. Мына ушул эрежелердин бири да ижарага берилген мүлк Ижара берүүчү тарабынан Ижарачынын сөз берүүсүнүн негизинде сатылып алынгандыгына жана ал аны сатып алгандыгына же ошол менчикке укук ага өткөрүлүп бериле тургандыгына же болбосо ал ижара төлөмүн ошондой эле мүлк боюнча төлөнүүчү чектен жогору болгон бөлүп-бөлүп сатуу учурунда алынган төлөмдөрдүн өлчөмүнө барабар өлчөмдөгү ижара төлөмүн төлөп бере тургандыгына, ошондой эле жергиликтүү мыйзамдарда жана кабыл алынган банктык тажрыйбада мындай операциялар менчикке укукту өткөрүп берүүнү кийинкиге калтыруу менен бөлүп-бөлүп сатуу катары каралгандыгына таянуунун негизинде бузулууга тийиш эмес. 

46. Ижарага берилген мүлккө карата менчик укугун өткөрүп берүү сатуу келишимин Иджара келишими менен бир эле учурда жүзөгө ашыруу аркылуу аткарылышы мүмкүн эмес. Анткени, сатуу келишими болочокто белгилүү датада гана күчүнө кирет. 

47. Эгерде ижарага берилген мүлк бузулган болсо же ижара келишимин улантуу келишим мөөнөтүнүн бүтүшүнө чейин Ижарачынын тиешеси болбогон жагдайлар боюнча аткарылышы мүмкүн болбой калса, анда эки учур үчүн ижара төлөмү рыноктук нарктын негизинде корректировкаланат. 

48. Иджара жана Ижара Мунтахийя Биттамлик келишимдер боюнча операциялар лизинг операциялары катары классификацияланат жана эсепке алууда Финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарынын "Ижара" деп аталган 17-стандартынын талабына ылайык чагылдырылат. 

Бухгалтердик эсепке алуу максаттарында Иджара операциялык ижара, ал эми Ижара Мунтахийя Биттамлик финансылык ижара катары классификацияланат. Классификациянын негизинде Финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарга ылайык финансылык отчетторду берүү тартибинде белгиленген негизги принциптердин бири - операциянын экономикалык маңызынын анын юридикалык формасынан артыкчылыгы принциби камтылган. 

49. Иджара операциялары боюнча жайгаштырылган активдер (ижара) банктын негизги каражаттары катары классификацияланат (Кыргыз Республикасы коммерциялык банктарында жана финансы-кредиттик мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу Эсептер планынын 11100 эсептер тобу), мында банктын негизги каражаттарынын жалпы суммасы төлөнгөн уставдык капиталынын 100% ашпоого тийиш. 

Капиталдын шайкештиги коэффициентин эсептөөдө Иджара операциясы боюнча жайгаштырылган активдер 100% кредиттик тобокелдик камтылган негизги каражаттар катары бааланат. 

Ижара Мунтахийя Биттамлик операциялар боюнча жайгаштырылган активдер (лизинг) кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге теңдештирилет жана кредиттерди жайгаштыруу менен байланыштуу бардык чектөөлөргө дуушар болот. 

Капиталдын шайкештик коэффициентин эсептөөдө Ижара Мунтахийя Биттамлик операциялар боюнча жайгаштырылган активдер 100% кредиттик тобокелдиктер камтылган каржылоолорду катары классификацияланат. Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда ордун жабуу камына тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү жобого жана ички жол жоболорго ылайык банк ай сайын кам түзүү менен алардын сапатынын начарлашы көзкарашында бул активдерди баалоону жүзөгө ашырып турат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.5. глава 

Кард келишими 

(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

1. Кард бул келишим, ага ылайык бир тарап келишимдин негизинде экинчи тарапка акча каражаттарын кайтарып берүү шартында, же кайрымдуулук максатында пайызсыз насыя түрүндө берет. 

Банк кард келишимин акча каражаттарын тартуунун бир формасы катары же кандайдыр бир акы албастан, кайтарып берүү шартында ссуда берүүнүн бир формасы катары карайт.  

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Кард келишими жөнөкөй жазуу түрүндө түзүлөт. 

Кард келишиминде келишим түзгөн биринчи тараптан эч кандай кирешелүүлүктүн жоктугу жана келишим түзгөн экинчи тараптын алынган каражаттарды колдонуу мүмкүнчүлүгү болжолдонот.  

Кард келишиминде төмөнкү негизги шарттар камтылат: 

- берилген сумманын өлчөмү

- келишимдин колдонуу мөөнөтү, кайтарып берүү күнү

- тараптардын укуктары жана милдеттери; 

- учурдагы эсепти жүргүзүү үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Банк ишинде кард келишиминин шарттарында тартылган акча каражаттары банктын ресурстук базасын түзөт жана талап боюнча депозиттер катары каралат. 

Кард келишиминин шарттары боюнча кардар банкка акча каражаттарын пайызсыз негизде, кардардын аларды эркин башкаруу мүмкүнчүлүгү менен берет, ал эми банк өз кезегинде өзүнүн инвестициялык саясатына ылайык тартылган ресурстардын бөлүгүн пайдалана алат. 

Күндөлүк ликвиддүүлүктүн талап кылынуучу деңгээлин жана милдеттенмени өз убагында аткаруу жөндөмдүүлүгүн кармап туруу максатында, банктын кассада же болбосо корреспонденттик эсепте акча каражаттарынын жетиштүү көлөмүн кармап туруусу зарыл. 

Кард келишиминин шарттары боюнча банк эсеп ээсин чек китепчесин же болбосо пластик карточкасын пайдалануу менен тейлей алат. Бул учурда банк эсеп ээсинен күндөлүк эсепти жүргүзүү жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдөрдү ала алат. 

Өзүнчө Бул учурда банк эсеп ээсинен келишиминин шарттарында ссуда берүү мүмкүнчүлүгүн карашы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Кард келишими боюнча тартылган акча каражаттары банктын депозиттик базасын түзөт жана талап боюнча пайызсыз депозиттердин эсептеринде чагылдырылат (Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана финансы-кредиттик мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын 20000, 20200, 20400 эсептеринин тобу). 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Кард келишими боюнча кардарга эсеп ачууда Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык, банк кардардын инсандыгын идентификациялоо менен байланыштуу бардык зарыл талаптарды аткарышы керек. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Кард шарттарында банк тарабынан тартылган каражаттарды эсепке алуу келишимге ылайык төлөмдүн негизги суммасы боюнча банктын баланстык эсептеринде жүргүзүлөт. Четөлкө валютасындагы депозиттик эсептердин эсебин жүргүзүү валюталардын номиналында жүргүзүлөт. Кардарлардын жеке эсептери боюнча аналитикалык эсепке алуу банк тарабынан өзүнчө автоматташтырылган программада, эсеп боюнча жүргүзүлүүчү бардык операцияларды чагылдыруу менен жүргүзүлөт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Акча каражаттарын тартуу боюнча кард келишими мазмуну боюнча депозиттик операцияларга (мөөнөттүү пайызсыз депозиттер) теңдештирилет жана К5 экономикалык ченемдер менен чектелет (жеке адамдардын депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми). Ошондой эле бул жобого ылайык, анын ичинде кард операциялары боюнча банк концентрация тобокелдигин аныктайт жана ички жоболорго ылайык аларды тескейт. 

Кард келишимдерин эсепке алуунун эсептери милдеттүү камдык талаптардын эсебине кошулат. Ликвиддүүлүктүн коэффициентин эсептөөдө бул милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндөгү жобого ылайык банктын милдеттенмелеринин суммасына кошулат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Кард операциялары боюнча жайгаштырылган активдер өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге теңдештирилет жана кредиттерди жайгаштыруу менен байланыштуу бардык чектөөлөргө дуушар болот. 

Капиталдын адекваттуулугунун коэффициентин эсептөөдө жана тобокелдиктин даражасы боюнча аларга баа берүүдө кард операциясы боюнча жайгаштырылган активдер 100% кредиттик тобокелдиктин даражасындагы кредиттерге теңдештирилет. 

Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу камына тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү жобого жана ички жол-жоболорго ылайык, банк ай сайын кам түзүү менен бул активдердин начарлоо предметине баа берүүнү жүргүзөт. 

Банк менен байланыштуу адамдар менен кард келишимдери Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин инсайдерлери жана аффилирленген адамдары менен жүргүзүлгөн операцияларга коюлган талаптар жөнүндө нускоого ылайык, банк тарабынан ишке ашырылат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

2.6. глава 

Истиснаа келишими жана параллель истиснаа келишими 

(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

1. Истиснаа келишими бул, анын шарттарына ылайык, бир тарап (подрядчы) экинчи тараптын (буйрутмачынын) тапшырмасы боюнча белгилүү бир ишти аткарууга жана анын натыйжасын белгиленген мөөнөттө буйрутмачыга тапшырууга милдеттенген, ал эми буйрутмачыны иштин натыйжасын кабыл алууга жана алдын ала макулдашылган наркын төлөөгө милдеттендирген келишим. 

Истиснаа бүтүмү колдонуудагы мүлктөр менен жүзөгө ашырылбайт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Истиснаа келишиминин предмети болуп, подрядчынын колдо болгон материалдарды (чийки затты) милдеттүү түрдө колдонуу менен объектти даярдоо, иштеп чыгуу (объекттин сапатын жакшыртуу же анын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн өзгөртүү) же кайра иштетүү (колдо болгонун жок кылуу натыйжасында жаңы объектти түзүү) боюнча иши же болбосо башка ишти аткаруу жана анын натыйжасын белгиленген өзгөчөлүктөргө ылайык тапшыруу саналат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Параллель истиснаа келишими өзүнчө эки истиснаа келишиминин негизинде колдонулат, аларга ылайык, бир эле жак биринчи учурда - берүүчү катары катыша алат жана буйрутмачы менен төлөө жана берүү тууралуу келишим түзөт, ал эми экинчи учурда - сатып алуучу катары катыша алат жана биринчи истиснаа келишиминин алкагында өзүнүн буйрутмачынын алдындагы белгилүү бир милдеттенмелерин аткаруу үчүн даярдоочу, курулуш подрядчысы менен башка келишим түзөт. 

Өндүрүүчү, курулуш иштерин тапшыруучу - ишкердик ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жак же жеке адам. 

Кардар - белгилүү спецификация боюнча келишимдин предметин даярдоого буйрутма берүүчү жеке адам же юридикалык жак. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Истиснаа келишимин түзүүдө кардар тиешелүү материалдарды жана иштерди өндүрүүчү сунуштаган шартта, келишимдик милдеттенменин алкагында аны даярдагандан кийин, ага даяр продукты берүү өтүнүчү менен Банкка кайрылат. Келишимдин тараптары белгилүү баа үчүн товарлардын спецификациясын аныкташат, ал дароо же белгилүү убакыттан кийин төлөнөт. 

Банк буйрутмачынын берилген финансылык документтеринин негизинде мүлктү төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүгө тийиш. 

5. Банк жана кардар истиснаа келишимин банк кардарга сатылууга тийиш болгон келишимдин предметине менчик укугун же алардан келишимдин предмети өндүрүлүп (же курулуп) жаткан материалдарга менчик укугун алганга чейин түзүшөт. 

6. Истиснаа келишими өндүрүлө турган келишим предметинин тибинин, сапатынын жана санынын өзгөчөлүгүн камтыган белгилүү шарттардын аткарылуусунда келишип жаткан тараптар үчүн милдеттүү болуп саналат. 

7. Истиснаа келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана юридикалык жактан милдеттүү болуп саналат. Келишимдин тараптары алардын келишимдеринен келип чыккан бардык милдеттенмелер жана кесепеттер менен байланышат. 

8. Даярдоочу келишимдин предмети болуп саналган товарларды спецификацияга ылайык белгиленген мезгилдин ичинде даярдайт. 

9. Келишимде келишимдин предметинин баасы, жеткирүү датасы, пайдаланылуучу ресурстар (эгерде келишимде башка каралбаган болсо, менчик же келишимди бекитүүгө чейин катышкан башка адамдар тарабынан чыгарылган товарларды тартуу менен) көрсөтүлөт. 

10. Келишимди бекитүүгө чейин бааны аныктоо боюнча бардык сунуштар каралат. 

11. Келишимдин предметинин баасы келишимди бекитүү учуруна карата аныкталат жана акча же материалдык каражаттар формасында төлөнүп берилиши мүмкүн. Баа төлөө мөөнөтүнөн кийинки убакта же белгилүү убакыттын ичинде бөлүп-бөлүп төлөө менен төлөнүшү мүмкүн же келишимдин предмети этап-этап менен бериле турган болсо, анда дароо төлөнүшү мүмкүн, ал эми калган бөлүктөрү берүү этаптарына же иштин аткарылышына ылайык бөлүп-бөлүп төлөнүшү мүмкүн. 

12. Истиснаа келишиминин операциялары боюнча баа берүү датасынын өзгөрүүсүнө ылайык өзгөртүлөт. Истиснаа келишиминин предметинин баасы "чыгымдар плюс катталган пайда" негизинде аныкталууга тийиш эмес. Банк сарптоолорго баа берүү жана келечектеги пайдаларды аныктоо үчүн башка дилерлердин жана берүүчүлөрдүн маалыматын пайдаланат. 

13. Истиснаа келишими пайыздар менен жөнөкөй каржылоо үчүн каражат болуп саналууга тийиш эмес. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

14. Истиснаа келишими белгилүү жер участогуна кыймылсыз мүлк объекттерин курууга түзүлүшү мүмкүн, ал акыркы сатып алуучуга жана иш тапшыруучуга же аны пайдалануудан алардын ар бири пайда алган жерге таандык болот. 

15. Өндүрүүчү банкрот болгон учурда, кардар баштапкы материалдардын наркынын бир бөлүгүнө кардар тарабынан төлөнгөн шартта бүткөрүлбөй калган өндүрүшкө артыкчылык менен укуктуу болот. 

16. Тараптар келишимдин предмети болуп саналган курулмалардын кайсы болбосун кемчилдиктер же техникалык жактан тейлөө үчүн өндүрүүчү жооптуу боло турган мөөнөттү аныкташат. 

17. Истиснаа келишими түзүлгөндөн кийин тараптардын макулдашуусу боюнча өндүрүш жана курулуш үчүн мурда макулдашылган спецификацияларга өзгөртүүлөрдү, ошондой эле жаңы шарттарды аткаруу үчүн баа тиешелүү түрдө корректировкалана турган жана тиешелүү негизделген мезгил аралыгы бериле турган шартта кошумча талаптарды киргизүүгө жол берилет. 

18. Төлөм мөөнөтүн узартуу үчүн кошумча төлөө кармалбайт. Алдынала төлөм үчүн, эгерде контракты түзүүдө ал каралбаган болсо, жеңилдик баа (скидка) каралат. 

19. Күтүүсүз жагдайлар (форс-мажор) келип чыккан учурда, тараптардын макулдашуусу боюнча же сот тартибинде өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. 

20. Банк мурдагы иш тапшыруучу менен башталган долбоорду аяктоо үчүн иш тапшыруучуну алмаштырышы жана буйрутмачы менен истиснаа келишимин түзүшү мүмкүн. Бул учурда, долбоордун колдонуудагы статусунун негизинде, буйрутмачынын эсебинен долбоорго баа берүү керек. Ошондой эле, эгерде истиснаа келишиминин бүткөрүлбөй калуусунун натыйжасында бардык төлөнбөгөн карыздар келип чыкса, буйрутмачы аларга жоопкерчиликтүү болот. Андан ары калган иштерди бүткөрүү үчүн жаңы истиснаа келишими түзүлөт. 

21. Буйрутмачыга тиешелүү болгон жерге имараттарды же коммуналдык курулмаларды куруу учурунда, эгерде акыркысы келишимди аткарбаса же ишти белгиленген мөөнөттө бүткөрүп бере албаса, истиснаа келишими өндүрүүчүнүн эсебинен жүзөгө ашырылат жана бул жобо өндүрүүчү тарабынан иш токтотулган учурдан баштап күчүнө кирет. 

22. Эгерде иш тапшыруучу өз милдеттенмесин аткарууну уланта албай турган болсо, буйрутмачы (жер ээси) бүткөрүлбөгөн курулушту же даяр болуп калган коммуналдык курулманы иш тапшыруучуга акы төлөбөй туруп менчикке алууга укуктуу эмес. Бул шарт иш тапшыруучунун ишти уланта албаган себептерине жараша болот. 

Эгерде келишим иш тапшыруучунун күнөөсүнөн улам аткарылбаган болсо, анда кардар курулган курулманын төлөнгөн наркын гана ала алат жана курулуш иштерин тапшыруучу акыркы сатып алуучуга ал дуушар болгон иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасын компенсациялайт. 

Эгерде келишимди аткарбай коюу буйрутмачынын укук чегинен тышкары аракеттеринен улам болгон болсо, иш тапшыруучу бүткөрүлгөн иштин наркына барабар сумманы жана кандайдыр бир чыгымдар жана зыяндар үчүн компенсация алууга тийиш. 

Эгерде келишимдин аткарылбай калуу себептерине келишимдин тараптарынын бири дагы тиешелүү эмес болсо, анда акыркы сатып алуучу ордунда турган, курулуп жаткан курулмага гана укуктуу жана тараптардын бири дагы башка тарап тартып жаткан чыгымдар жана зыяндар үчүн компенсация үчүн жоопкерчиликтүү болбойт. 

23. Мыйзамдарга келишимдин предметинин наркын көбөйтүүгө алып келүүчү өзгөртүүлөр киргизилген учурда, буйрутмачы кошумча сарптоолорду тартат. 

24. Даярдоочу жана акыркы сатып алуучу катары иштеген банк гарантия катары аванстык төлөмдү жүзөгө ашыра алат же эгерде келишимдин шарттары аткарылып жатса, баанын бир бөлүгүн түзгөн же эгерде келишим бузулса, айып катары кармалуучу төлөмдөрдүн төлөнүшүн талап кылат. Бул сумма иш жүзүндө тартылган зыянга барабар болуусу абзел. 

25. Истиснаа келишиминде банк өндүрүүчү же буйрутмачы катары иш алып баруусуна карабастан, ал өндүрүүчү же буйрутмачы менен мамилелерге өзүнүн укуктарын жүзөгө ашыра алууга жетиштүү болот деп эсептеген гарантияларды талап кыла алат. Буйрутмачы катары иш алып баруучу банк өндүрүүчү талап кылуучу күрөө, жеке кепилдик, укуктарды, күндөлүк эсептерди өткөрүп берүү же эсептерден каражаттардын алынышына бөгөт коюуну макулдашуу түрүндө болушу мүмкүн болгон гарантияларды бере алат. 

26. Буйрутмачы катары иш алып баруучу банк өндүрүүчү менен макулдашуу шартында техникалык тажрыйбага ээ, төлөө, берүү ж.б. боюнча келишимдердин жана сунуш-көрсөтмөлөрдүн аткарылышына квалификациялуу баа берүүчү консультант-фирманы дайындай алат. 

27. Өндүрүүчү катары иш алып баруучу банк өзүнчө агенттик келишимди түзө алат, ага ылайык буйрутмачы Банктын келишимдин предметинин контрактык спецификациясына ылайык келишин камсыз кылуу максатында курулуш иштеринин даярдалышына же өндүрүлүшүнө көзөмөл боюнча агенти болуп даяндалат. 

28. Истиснаа келишимин аткаруу үчүн көзөмөл боюнча кошумча чыгашалар тараптардын келишимдери боюнча төлөнөт. 

29. Эгерде келишимдин предмети акыркы сатып алуучуга же ал тарабынан дайындалган адамга берилсе, эгерде акыркы сатып алуучу келишимдин предметине толук контролду жүзөгө ашыра алса, өндүрүүчү милдеттенмеден бошотулат. 

30. Эгерде келишимдин предметинин абалы берүү датасына карата контрактык спецификацияга шайкеш келбесе, анда буйрутмачы андан баш тартууга же аны кабыл алууга укуктуу, бул баанын мүмкүн болуучу өзгөрүшү менен келишимдин канааттандырарлык аткарылышын билдирет. 

31. Эгерде аны четтетүү үчүн негиз болбосо, буйрутмачы келишимдин берилген предметин кабыл алууга милдеттүү. Келишимдин предметин кабыл алуудан баш тартуу үчүн баш тартуу себептеринин так негизи болушу керек. 

32. Негизсиз баш тартуу учурунда келишимдин предмети өндүрүүчүнүн ээлигинде калат жана келишимдин предмети менен боло турган мындай чыгымдар жана зыяндар үчүн, эгерде алар өндүрүүчүнүн калпыс мамилесинин же укуктан тышкаркы аракеттеринин натыйжасы болуп саналбаса, өндүрүүчү чыгымдар жана зыяндар үчүн жооптуу болбойт. Буйрутмачы келишимдин предметинин сакталышы боюнча чыгаша тартат. 

33. Келишимдин предметин берүү өндүрүш процессин аяктагандан кийин келишимдин предметине контролдукту жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген акыркы сатып алуучуга толук ээлик кылууга иш жүзүндө берилген учурдан тартып жүзөгө ашырылган болуп эсептелет. Бул этапта өндүрүүчүнүн келишимдин предметине карата милдеттенмеси аяктайт жана акыркы сатып алуучунун милдеттенмеси башталат. Эгерде, андан кийин акыркы сатып алуучу келишимдин предметине контролдукту жүзөгө ашырууга мүмкүндүккө ээ болсо, анда өндүрүүчүнүн калпыс мамилеси же укуктан тышкаркы аракеттери орун алгандыгы далилденбестен келишимдин предмети боюнча кайсы болсун тартыла турган чыгымдар жана зыяндар үчүн жоопкерчилик акыркы сатып алуучуга тиешелүү болот. 

34. Эгерде белгиленген убакыт ичинде буйрутмачы тарабынан келишимдин предметин кабыл алууда күттүрүүлөр болсо, өндүрүүчү келишимдин предметин сатуу операциясында буйрутмачынын агенти катары иш алып бара алат. Бул учурда өндүрүүчү келишимдин предметин буйрутмачынын атынан сатат жана макулдашылган контракттык наркты алып салгандан кийин калган каражаттарды, эгерде мындай бар болсо, буйрутмачыга кайтарып берет. Эгерде алынган баа контрактык баадан төмөн болсо, анда өндүрүүчү калган бөлүктүн ордун толтуруу үчүн буйрутмачыга кайрылууга укуктуу. 

35. Буйрутмачы келишимдин предметин сатуу боюнча чыгаша тартат. 

36. Келишимдин предметин жеткирүүнүн шарттарын аткарууну бузгандыгы үчүн айып санкциялары, келип чыккан чыгымдар үчүн тиешелүү компенсация катары колдонулат. Эгерде кечиктирүү күтүлбөгөн кырдаалдардан улам (форс-мажор) келип чыкпаса гана, мындай компенсацияга уруксат берилет. 

Ошентсе да, төлөбөгөндүгү үчүн акыркы буюртмачыга каршы багытталган айып санкциялары жөнүндө белгилөөлөргө уруксат берилбейт. 

37. Келишимдин предмети банктын анык ээлигине өткөнгө чейин аны сатууга уруксат берилбейт. 

38. Буйрутмачы катары иш алып барган банк келишимдин предметине ээлик кылууга киришкенден кийин банктын буйрутмачыларына келишимдин предметин сатуу үчүн агент катары өндүрүүчүнү дайындай алат. 

Агенттик келишим Истиснаа келишиминен өзүнчө түзүлөт. 

39. Банк спецификациянын негизинде товарларга буйрутма бере алат жана өндүрүүчүнүн ликвиддүүлүгүн камсыз кылуу максатында, келишим түзүүдө бааны накталай каражаттар менен төлөп бере алат. Андан кийин Банк сатуу максатында, спецификациясы Параллель Истиснаа келишиминин негизинде башка тараптын талаптарына жооп берүүчү товарлардын өндүрүүчүсү же берүүчүсү катары башка тарап менен келишим түзө алат. 

Параллель келишиминде (сатуу келишими) каралган жеткирүү датасы сатып алуунун баштапкы келишиминде каралган күндөн мурда болбогон шартта аткарылат, андан сырткары, эки келишим бири-биринен өзүнчө болушу керек. 

40. Буйрутмачыга бөлүп төлөө менен мындай товарларды сатуу максатында өндүрүүчү же берүүчү катары иш алып барган банкка истиснаа келишимин түзүүгө жана биринчи келишимдин спецификациясында каралган товарларды сатып алуу жана аларды буйрутмачыга сатуу үчүн өндүрүүчүлөрдүн жана курулуш иш тапшыруучуларынын дароо төлөөсүнүн негизинде параллель Истиснаа келишимин түзүүгө уруксат берилет. 

41. Банк өндүрүүчү же берүүчү катары истиснаа келишимин түзгөн учурда келишимдин предметин буйрутмачыга бергенге чейин мүлк тобокелдиги боюнча, техникалык жактан тейлөөгө жана камсыздандырууга кеткен сарптоолор боюнча милдеттенмени өзүнө алат. Банк даярдоочу менен түзүлгөн истиснаа келишиминде буйрутмачыга карата анын милдеттеринен келип чыккан тобокелдик үчүн жоопкерчиликти акыркыларга бере албайт. 

42. Аларды түзүүдө эки келишим боюнча милдеттенмелердин (истиснаа жана параллель истиснаа келишимдери) ортосундагы келишим байланыштарына жол берилбейт. Ошону менен, адаттагы истиснаа келишимине катышуучу тарапка параллель истиснаа келишими боюнча анын милдеттенмелери аткарылбагандыктан, өз милдеттенмелеринен баш тартууга же келишимдин предметин берүүнү кечиктирүүгө, же параллель истиснаа келишими боюнча товарлардын наркынын көбөйүүсүнөн берилүүчү товарга бааны жогорулатууга уруксат берилбейт. 

Ага карабастан, ал сатып алуучу катары иш алып барганда, банк берүүчү катары иш алып барган биринчи истиснаа контрактында буйрутмачы эске алган, айырмалануучу же ага окшош белгилөөлөрдү, айып санкцияларына тиешелүү болгон белгилөөлөрдү кошо алганда, параллель истиснаа келишимин түзүүдө шарттарды жана талаптарды кароону уюштуруу укугуна чектөөлөр болбойт. 

43. Бухгалтердик эсепке алууда банктын инвестициялары истиснаа келишимдеринде кредиттердин баланстык эсептеринин субэсептериндеги анык сарптоолор боюнча чагылдырылат (Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана финансы-кредиттик мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын 10900 эсептеринин тобу). 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

44. Банктын истиснаа келишиминин предметин даярдоо менен байланышкан бардык кийинки сарптоолору инвестициялардын наркын көбөйтөт жана кредиттердин баланстык эсептеринин субэсептеринде капиталдаштырылат (Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана финансы-кредиттик). 

45. Эгер келишимдин шарттары боюнча кардар буйрутма товарды даярдоо процессинин өзүнчө стадияларын аяктоо мүмкүндүгү боюнча акча каражаттарын төлөсө, банк аларды кредит төлөөгө багыттайт. 

46. Келишимдин предметин даярдоо процессинин аякташында банк сатып алуу-сатуу келишиминин негизинде объектти кардарга өткөрүп берет жана сатуудан алынган кирешенин суммасын чагылдыруу менен келишимде көрсөтүлгөн нарктын кардар тарабынан толук төлөнүшүнөн кийин гана анын таанылышын токтотот. 

47. Банк мезгил-мезгили менен тиешелүү классификация жана Улуттук банктын талаптарына ылайык РППУга чегерүүлөр менен истиснаа келишимдери боюнча кредиттер түрүндөгү активдер менен байланыштуу мүмкүн болгон жоготуулардын келип чыгуу тобокелдигинин сапатына жана өлчөмүнө баа берүүнү жүргүзөт. 

48. Истиснаа жана параллель истиснаа келишимдери боюнча жайгаштырылган активдер кредиттер катары эсептелет, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге теңдештирилет жана кредиттерди жайгаштыруу менен байланыштуу бардык чектөөлөргө дуушар болот. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

49. Капиталдын адекваттуулук коэффициентин эсептөөдө истиснаа жана параллель истиснаа келишимдери боюнча жайгаштырылган активдер 100% кредиттик тобокелдик даражасындагы кредиттер катары классификацияланышат. Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу камына тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү жобого жана ички жол жоболорго ылайык банк ай сайын кам түзүү менен алардын сапатынын начарлашы көзкарашында бул активдерди баалоону жүргүзөт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

50. Эгерде, келишим предметинен болгон, банктын өндүрүштү же курулушту аяктоо боюнча айкын чыгымдары эсептелген сарптоолордон кыйла азыраак болсо же эгерде Банк келишим предметин алуу жана контракттык милдеттенмелерин аткаруу үчүн параллель истиснаа келишимин түзгөн тараптан жеңилдик алууга аракеттенип жатса, банк түпкү сатып алуучуга жеңилдик бербөөгө укуктуу жана банктын эсептелген сарптоолордон тышкары тапкан суммасын же анын бөлүгүн алууга түпкү сатып алуучунун укугу жок. Ушул эреже, өндүрүштүн айкын чыгымдары эсептелинген сарптоолордон кыйла жогору болгон учурда да колдонулат, Мында, банк тарабынан киреше түрүндө алынган айырма, банктын башка операциялары боюнча кирешелеринде чагылдырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-августундагы N 32/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.7. глава 

Гарантия жөнүндө келишим 

(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

1. Гарантия жөнүндө келишим (милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу бүтүмү) боюнча бир тарап экинчи тараптын алдындагы үчүнчү тараптын милдеттенмелери боюнча гарант болуп саналат. Сатуу, алмашуу, ижара, укуктар жөнүндө келишимдер жана башка келишимдер боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткаруу бул главада каралган күрөөлөр, гарантиялар жана башка ыкмалар менен камсыздалышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Милдеттенмелерди аткаруу бир эле учурда бир нече ыкмалар, мисалы, жеке гарантия жана күрөө менен камсыздалышы мүмкүн. 

3. Милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо тууралуу бүтүмдөр жазуу формасында ишке ашырылат жана мыйзамдарда же тараптардын макулдашууларында белгиленген учурларда нотариалдык жактан тастыкталат. 

4. Милдеттенмелерди камсыздоо тууралуу макулдашуунун жараксыздыгы бул милдеттенменин (негизги милдеттенменин) жараксыздыгына алып келбейт. Негизги милдеттенменин жараксыздыгы аны камсыз кылуучу милдеттенмелердин жараксыздыгына алып келет. 

5. Ижарага алуучу анын күнөөсү боюнча ижарага алынган мүлккө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүнү камсыз кылат. 

6. Жеке гарантиялар эки түргө бөлүнөт: 

- карызгердин гаранттан жардам сураганга укугу бар жана бул гарантия карызгердин өтүнүчү жана макулдугу боюнча берилет; 

- карызгердин өтүнүчү жана анын макулдугу жок эле үчүнчү тараптын жеке каалоосу боюнча берилүүчү, жардам көрсөтүүсүз гарантия (волонтердук гарантия). 

7. Кардар негизги карыз суммасынын ордун банкка толуктап берген шартта гана банк, кардардын финансылык милдеттенмелери боюнча негизги карыз суммасы чегинде гарантияны сунуштайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Гарантияларда аракеттенүү мөөнөтү, гарантия берилип белгиленет. 

Гарантияны кийин боло турган кандайдыр бир фактордон улам так датасын, милдеттенмелердин мөөнөтү качан башталарын белгилөө менен түзүүгө жол берилет. Гарант милдеттенмелердин келип жеткен мөөнөтү башталганга чейин кредиторго алдынала кабарлоо менен гарантияны токтотуп коюуга укуктуу. 

9. Кредитор карыздын суммасын карызгер сыяктуу эле гаранттан да талап кылууга укуктуу. 

10. Эгер кредитор карызгерди карызды төлөөдөн бошотсо, анда гарант да карызды төлөө боюнча милдеттенмелерден эркин болуп калат. Анткен менен, эгер кредитор гарантты финансылык жоопкерчиликтен бошотсо, карызгердин карызы сакталып калат. 

Гарант тарабынан карыз төлөнгөн учурда, карызгер ага төлөнгөн гана сумманы компенсациялайт. 

11. Эгерде банк мудараба же кемүүчү мушараканын негизинде келишим түзсө, ага валюта курсунун өзгөрүшүнө гарантия берүүгө жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

12. Эгер келишимде карызгер үчүнчү жактан гарантия формасында камсыздоону берүүгө тийиш болсо, ал эми карызгер гарантты бербесе, банк гаранттын берилбеген учурунда камсыздоону бергенге чейин милдеттенмени аткарбаганга же болбосо келишимди жокко чыгарууга укуктуу. 

13. Эгер салынган актив кредитордун ээлигинде турбаса да, күрөө жөнүндө келишимди аткаруу күрөө коюучу үчүн милдеттүү болуп эсептелет жана карызгер күрөө жөнүндө келишимди жокко чыгара албайт. Анткен менен, кредитор үчүн күрөөнү кабыл алуу милдеттүү болуп эсептелбейт, анткени анын күрөөгө өзүнүн укугунан баш тартуу укугу бар. Күрөө коюучунун же күрөө кармоочунун өлүмү же болбосо юридикалык жактын жоюулушу күрөө келишиминин аракетине таасирин тийгизбейт жана күрөөнү төлөөдө жана андан пайда алууда укук мураскерлери күрөө коюучу сыяктуу эле күрөө кармоочуну да алмаштырышат. 

14. Күрөө коюучу күрөөгө коюлган мүлктүн ээси, же болбосо мүлктү башкарууга ыйгарым укуктуу адам болушу керек. Күрөө келишимде идентификацияланышы керек. Кийинки күрөө кармоочу тийиштүү мүнөздө мурдагы күрөөлөр жөнүндө кабардар болгон шарттарда, ошол эле бир мүлктү бирден ашык күрөө катары берүүгө уруксат берилет. Эгер күрөөлөр ар кандай күндөрдө катталган болсо, аларды төлөп берүүнүн кезеги алардын катталган күнүнө ылайык белгиленет. 

15. Күрөө коюучу күрөөгө коюлган мүлктү сатып алууга укуктуу, ошондой эле карызды төлөө боюнча келишимге жетишилген болсо, кредиторго мүлктү сатууга макулдук бере алат. 

16. Сатуучу сатып алуучудан сатылган мүлктү, калган төлөмдөрүн бир нече мөөнөткө бөлүп төлөөнү камсыздоо үчүн күрөө катары сактап тура алат. Ошондой эле, сатуучуга бир жолку төлөмдүн негизинде сатылган мүлктү өзүнүн ээлигинде ал мүлк үчүн төлөмдү алганга чейин калтырууга уруксат берилет. 

17. Ошондой эле, кредитор сотко кайрылуусуз күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан алынган суммадан зарыл сумманы (эгер карызгер карызды төлөй албаса, же болбосо карызды төлөөдөн баш тартса) алуу үчүн карызгердин күрөөгө коюлган мүлктү сатуу укугун өткөрүп берүүсү жөнүндө шарт коюу укугуна ээ. 

18. Күрөө коюучу (кредитор) документация, сактоо жана күрөөгө коюлган мүлктү сатуу менен байланышкан бардык чыгашаларды төлөө үчүн толук жоопкерчилик тартат. 

19. Кредитор (күрөө кармоочу) бөлүгү менен төлөөгө макул болгондон тышкары учурларда, толук төлөнгөнгө чейин күрөөгө кармап турууга укуктуу. Анткен менен, кредитор карызды төлөп бергенден кийин башка камсыздалбаган карыздарды камсыздоо катары, эгер ал мурда сүйлөшүлбөгөн болсо, күрөөнү сактап турууга укугу жок. Карызды төлөгөндөн кийин кредитор менен карызгер бошотулган күрөөнү белгиленген кийинки мезгил аралыгында алардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон кайсыл болбосун башка карызды камсыздоо катары таануу жөнүндө сүйлөшө алышат. 

20. Күрөө коюучуга күрөө кармоочунун макулдугу менен күрөөгө коюлган мүлктү пайдаланууга уруксат берилет. Анткен менен, күрөө кармоочу күрөөгө коюлган мүлктү, эгер күрөө коюучу ага өз уруксатын берсе дагы пайдаланууга укугу жок. 

21. Гарантиялык катты сунуштоо үчүн комиссиялык төлөм кармалбайт. Банк, мындай чыгашалар кызмат көрсөтүүлөр үчүн адатта кармалуучу комиссиялык төлөмдөн ашпаган шартта, гарантиялык кат үчүн административдик чыгашанын төлөнүшүн өтүнүч ээсинен талап кылууга укуктуу. Банктын ички документтеринде административдик чыгашалар түзүмү чечмеленип берилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

22. Пайыздык займды алуу же тыюу салынган бүтүмдөрдү түзүү үчүн арыз берүүчүнүн пайдасына гарантиялык катты берүүгө уруксат берилбейт. 

23. Документтик аккредитивди берүү үчүн чыгашалар кардар тарабынан төлөнөт. Ошондой эле, комиссиондук төлөмдөрдү эсептөөдө аккредитивдин узактыгы көңүлгө алынбаган шартта, банк көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр, мейли катталган чен же аккредитивдин суммасынан белгилүү бир пайыз түрүндө болсун төлөм ала алат. Көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө бул эреже импорттук жана экспорттук аккредитивдерге тийиштүү. Контракттык оңдоолордун негизинде болгон сарптоолор үчүн гана төлөм алууга уруксат берилет жана мындай төлөм суммадан алынган пайыздарда эмес, катталган чен түрүндө болушу керек. 

24. Документтик аккредитив үчүн төлөмдү алуу менен банк төмөнкүлөрдү көңүлгө алышы керек: 

а) бул аккредитивди бекемдөөдө гарантиянын мүмкүндүгү. Тиешелүүлүгүнө жараша, башка банк тарабынан берилген аккредитивди бекемдесе, банкка келтирилген сарптоолорго кошумча сумманы алууга уруксат берилет; 

б) аккредитивди берүү пайызды же потенциалдуу түрдө пайызды кошо турган операцияны камтыбашы керек. 

25. Карыздык милдеттенмелерди камсыздоо катары Ислам Камсыздандыруу Полисине жазылууга уруксат берилет жана бул карыздар адаттагыдай камсыздандыруунун негизинде камсыздандырылышына уруксат берилбейт. 

26. Үчүнчү жакка (мудариб же инвестициялык агенттен тышкары) анын Мудараб финансы контракты же инвестициялык агенттик контракт менен эч байланышпаган гарантиянын шартында милдеттенме берилген тараптын инвестициялык жоготууларын компенсациялашы жөнүндө волонтердук милдеттенме алышына уруксат берилет. 

27. Банк тендерге катышууга гарантия берүүгө укуктуу. 

28. Кардардын бир тараптуу милдеттенмени түзүү жана аткаруу боюнча берген сөзүн тиешелүү түрдө аткарышын камсыздоодо, банк кардардын өз сөзүн бузган учурунда банкка чыгымдардын ордун толтурууга гарантия берген күрөөгө акча каражаттарын ала алат. 

29. Банк кардарга сатылган, бирок алар үчүн ал төлөмдү ала элек өзүнүн материалдык активдерин кайтарып алууга укугу бар. 

30. Банк күрөө предметинин же башка камсыздоонун бүтүндүгүн, анын ичинде анын жоголушуна алып келе турган аны туура эмес пайдаланган учурларда соттук тартипте коргоого укуктуу. 

31. Карызды камсыздоо катары күрөөгө коюлган мүлктү кармоочу тараптардын укуктары карыздары камсыздалбаган тараптардын укуктарынын алдында артыкчылыктуу болот. 

32. Банк тарабынан берилген гарантиялар өзүндө кредиттик тобокелдикти алып жүргөн активдерге теңдештирилет жана кредиттерди жайгаштыруу менен байланышкан бардык чектөөлөргө туура келет. 

Банк тарабынан берилген гарантиянын капиталынын адекваттуулук коэффициентин эсептөөдө Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугун аныктоо боюнча нускоого ылайык кредиттик тобокелдиктин даражасы менен баланстан тышкары активдер катары классификацияланат. 

33. Банк Финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарына ылайык банктык гарантиялардын бухгалтердик эсепке алуусун ишке ашырат. 

Банк тарабынан берилген гарантиялар Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктардын ачык валюта позициясынын лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө нускоонун талаптарына ылайык таза валюта позициясынын эсебине кошулат. 

2.8. глава 

Салам келишими 

(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

1. Салам келишими боюнча бир тарап (сатуучу) келечекте белгиленген мөөнөттө экинчи тарапка (сатып алуучуга) товарды өткөрүп берүүгө милдеттенет, ал эми сатып алуучу салам келишимин түзүү учурунда ошол товар үчүн төлөөгө милдеттенет. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык төмөнкү пункт күчүн жоготту деп таанылсын. 

3. Параллель салам келишими бул өзүнчө эки келишимди камтыган келишим. Биринчи келишимде бир тарап сатып алуучу болуп саналат жана белгилүү бир товарды сатып алуу, андан кийин аны берүү жана келишимге кол койгон учурда төлөөнү жүзөгө ашыруу жөнүндө сунуштоочу менен келишим түзөт. Экинчи келишимге ылайык, бул тарап биринчи келишимде көрсөтүлгөн эле товарды, ошол эле санда жана датада, экинчи келишимге кол коюу учурунда товардын наркын төлөгөн башка буйрутмачыга сатат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Салам жана параллель салам келишимдеринин алкагында банк сатып алуучу сыяктуу сатуучу катары да иш алып барат. 

5. Банк товарларды сатып алууну жана аны сатууну төлөөгө жөндөмдүү кардардын билдирмеси боюнча ишке ашырат. 

6. Банк - товарды сатып алууну жана аны сатууну ишке ашыруучу жак. 

7. Сатуучу - банк андан товар сатып алуучу юридикалык же жеке адам. 

8. Бирин-бири алмаштыруучу товарлар - бул жалпы мүнөздөмөгө ээ, бири-биринен олуттуу айырмаланбаган товарлар. Кайсыл болбосун бирин-бири алмаштыруучу товарлар алардын талкаланган, аларды баалоодо зыянга учураган же алмаштырылуучу товардын наркын баалоонун зарылчылыгы болбогон учурунда, башка товарлар менен алмаштырылышы мүмкүн. 

9. Салам келишимдеринин ишке ашыруу үчүн өзүнчө келишимдер же алардын колдонуу мөөнөтүн көрсөтүү менен алардын алкагында өзүнчө келишимдер түзүлө турган кызматташтык жөнүндө генералдык макулдашуу түзүлүшү мүмкүн. 

10. Генералдык макулдашууда тараптар келишимдин алкактарын жана сатып алууну жана сатууну ишке ашырууда тараптардын ниеттерин аныкташат, ошондой эле товарлардын эсебин жана спецификациясын, аларды жеткирүү ыкмаларын, бааны аныктоо үчүн негизди жана төлөө ыкмасын аныкташат. Мындан сырткары, гарантиялар жана башка шарттар каралат. 

11. Салам келишими жазуу жүзүндө түзүлөт, мыйзам тарабынан талап кылынган учурда нотариалдык жактан тастыкталууга жана мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш. Төмөнкүлөр келишимдин маанилүү шарттары болуп эсептелет: 

а) мөөнөтү узартылган жеткирүү менен белгиленген товарды сатуу; 

б) келишим түзүлүп жаткан учурда товардын наркын төлөө

12. Салам келишимдери боюнча баа акча каражаттары формасында сыяктуу эле, бирин-бири алмаштыруучу товарлар (тектүү белгилери менен аныкталуучу товарлар) формасында да белгилениши мүмкүн. 

13. Эгер баа акча каражаттарында аныкталса, анда валюта, анын өлчөмү жана төлөө ыкмасы аныкталышы керек. Эгер баа бирин-бири алмаштыруучу товарлар формасында аныкталса, анда алардын сортун, тибин, спецификациясын жана эсебин так аныктоо керек. 

14. Салам келишиминин алкагында баа анын түзүлүп жаткан учурунда токтоосуз төлөнөт. Өзгөчө учурларда, кечиктирүүнүн мезгил аралыгы бирин-бири алмаштыруучу товарларды жеткирүүнүн мезгил аралыгына теңелбеген же андан ашпаган шартта төлөө үч күндөн ашык эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн, ал Салам келишимин аткарууга таасир тийгизбеш керек. 

15. Салам келишими боюнча сунуштоочу болуп саналган кардардын карызын капитал катары пайдаланууга жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Салам келишими салмактоого, өлчөөгө же эсептөөгө мүмкүн болгон товарларга түзүлөт. 

17. Келишимдин предмети катары валюта, алтын же күмүш боло албайт. 

18. Товарлар кандайдыр бир аныкталбагандыктан четтетилген, анын ылайык келүүсүнө сатуучу жоопкерчилик тартуучу, спецификациясын түзүүгө мүмкүн болгон көрүнүштө болушу керек. 

19. Товарлар кабыл алынган практикага жана эксперттердин тыянагына ылайык конкреттүү аныкталышы керек. 

20. Товардын ар бир даанасынын эсебин анын абалына жана товардын тегине, башкача айтканда, анын салмагына, өлчөмүнө, көлөмүнө жана орун эсебине жараша аныкташат. 

21. Товарлар жеткирүү учурунда алар кайда турушу керек болсо, ошол жерде нормалдуу кырдаалдарда болушу керек жана сатуучу товарды сатып алуучуга жеткирүү боюнча өз милдеттерин аткаруу үчүн жеткиликтүү болушу керек. 

22. Тараптар жеткирүүнүн конкреттүү күнүн белгилешет, бирок келишимдин баштапкы түзүлгөн учурунда товарлардын наркы төлөнгөн шартта, аларды жеткирүүнүн ар кандай күндөрүн, товарларды партия менен жеткирүүнү белгилешет. 

23. Тараптар товарларды жеткирүү үчүн орунду аныктай алышат. Эгер келишимдин тараптары товарларды жеткирүү үчүн орунду аныкташпаса, анда келишим түзүлгөн жер, эгерде товарлардын ал жерге жеткирилиши мүмкүн эмес экендиги аныкталбаса, жеткирүү орду болуп эсептелет. Мындай учурда, товарларды жеткирүү үчүн орунду адаттагы практиканын негизинде аныкташат. 

24. Товарларды жеткирүү төлөмдөрдү ишке ашыруу милдеттенмелерин камсыздоонун кайсыл болбосун түрлөрү менен камсыздалышы мүмкүн. 

25. Товарларга менчик укугун алганга чейин сатып алуучуга аларды сатууга уруксат берилбейт. 

26. Тараптардын өзара макулдашуусу боюнча Салам келишими толук жокко чыгарылышы жана милдеттенмелер анын наркын толук кайтарып берүүнүн ордуна милдеттенмелер токтотулушу мүмкүн. Ошондой эле аны бөлүгү менен жокко чыгарууга, башкача айтканда, келишимдин наркынын ордун толтуруунун тиешелүү бөлүгүнүн ордуна товарлардын бөлүгүн жеткирүүнү жокко чыгарууга уруксат берилет. 

27. Сатуучу сатып алуучуга товарды келишимдин шарттарына ылайык белгиленген күнү, сүйлөшүлгөн спецификацияда жана сүйлөшүлгөн эсепте жеткирүүгө милдеттүү. Бир жагынан, товарлар келишимдеги спецификацияларда каралган талаптарга жооп берсе, сатып алуучу аларды кабыл алышы керек. 

28. Эгер сатуучу келишим спецификацияларына ылайык талап кылынгандарга караганда андан жогорку сапаттагы товарларды сунуш кылса жана жогорку сапат үчүн андан жогорку бааны сурабаса, анда сатып алуучу товарларды кабыл алышы керек. Бул келишимде каралган товардын аныктамалары (өтө төмөн сапаттык спецификация менен) маанилүү шарт болуп эсептелбеген учурда гана колдонулат. 

29. Эгер жеткирилген товарлардын сапаты келишим спецификацияларына ылайык талап кылынгандан төмөн болсо, анда сатып алуучу кабыл албаганга, же болбосо товарларды ушул абалда кабыл алууга укуктуу. Кабыл алган учурда, тараптар мындай товарларды төмөндөтүлгөн баада кабыл алуу жөнүндө макулдаша алышат. 

30. Сатуучу товарды келишимде сүйлөшүлгөн продукциянын формасында жеткириши керек. 

31. Товарлар сүйлөшүлгөн спецификацияларга жооп берген жана тиешелүү санда жеткирилген шартта, товарлар мөөнөтүнөн мурда жеткирилиши мүмкүн. 

32. Эгер сатуучу өз милдеттенмелерин аткара албаса же сатуучуда белгиленген күнгө товардын бардыгы же анын бөлүгү жок болсо, сатып алуучу төмөнкүдөй кылышы мүмкүн: 

а) товарлар бар болгонго чейин күтүп турат же товарларды жеткирүү үчүн убакыттын андан узак мезгил аралыгын бере алат; 

б) келишимди жокко чыгара алат жана төлөнгөн каражаттарды өндүрүп алат. 

Ошондой эле, тараптарга ал товарларды башка товарлар менен алмаштырууну макулдашууга уруксат берилет. 

33. Товарларды жеткирүүнүн кечиктирилиши үчүн айып санкциялары каралган белгилөөлөрдү кошууга уруксат берилбейт. 

34. Биринчи келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу жана бул товарларды жеткирүү үчүн биринчи салам келишиминде каралгандай, ошондой эле спецификациядагы товарларды сатып алуу үчүн сатуучуга үчүнчү жак менен өзүнчө өз алдынча салам келишимин түзүүгө уруксат берилет. Ошондон улам, биринчи салам келишиминде сатуучу катары иш алып барган банк экинчи салам келишиминде сатып алуучу болуп калат. 

35. Салам келишиминин негизинде сатылып алынган, алардын аныктамалары биринчи салам келишиминин жардамы менен сатып алуу каралып жаткан товарлардын аныктамаларына туура келген товарларды сатуу максатында сатуучуга үчүнчү жак менен өзүнчө параллель салам келишимин түзүүгө уруксат берилет. Бул учурда, биринчи салам келишиминде сатып алуучу катары иш алып барган банк экинчи салам келишиминде сатуучу болуп калат. 

36. Эки учурда тең тараптарга ушул эки салам келишими боюнча милдеттенмелерди байланыштырууга уруксат берилбейт. 

Эки келишим боюнча милдеттенмелер жана укуктар бардык аспекттер боюнча өзүнчө болушу керек. Биринчи салам келишими боюнча милдеттенмелер бузулган учурда, экинчи тарап (жапа чеккен тарап) бул зыянды же чыгымды биринчи тарап параллель салам келишимин түзгөн тарап менен байланыштырууга укугу жок. Ошондон улам, ал биринчи салам келишими боюнча тарткан өзүнүн чыгымдарынын же зыяндарынын негизинде экинчи салам келишимин токтотууга же анын аткарылышын кечиктирүүгө укугу жок. 

37. Салам келишими баш ийген бардык эрежелер параллель салам келишимине да колдонулат. 

38. Салам келишиминен келип чыккан карыздык милдеттенмелерге товардык облигацияларды чыгарууга уруксат берилбейт. 

39. Салам келишимдери боюнча банк кийин банктын үстүнө кошулган баасы боюнча аны кардарга сатуу менен буйрутмачы-кардар тарабынан аныкталган товарды сатып алууну каржылайт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

40. Салам келишиминин шарттарында банктын инвестициялары алгач баланстан тышкары эсептерде товардын - келишимдин предметинин чагылдырылышы менен баланста банк тарабынан берилген кредиттердин субэсептеринде эске алынат. 

41. Жеткирүүчүдөн салам келишиминин предметин сатып алууга келишим түзүү менен байланышкан банктын алгачкы тике сарптоолору (ортомчуга комиссиондук төлөмдөр, юридикалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө ж.б.) күндөлүк мезгил аралыгындагы чыгашалар катары таанылат. 

42. Товарды сатып алуу менен байланышкан банктын кийинки сарптоолору, ошондой эле транспорттоого чыгашалар, импорттук пошлиналар жана башка чыгашалар товардын сатып алынуучу баасына кошулат жана банк тарабынан берилген кредиттин суммасын көбөйтөт. 

43. Түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, кредиттин андан аркы эсеби, ошондой эле бүтүмдөн кирешенин алынышы ишке ашырылат. 

Кардар тарабынан товар үчүн төлөмдүн жалпы суммасынын бир жолку төлөнүп берилген учурунда, банк келип түшкөн акча каражаттарын кредитти төлөөгө багыттайт жана кирешени тааныйт. 

Келишимдин шарттары боюнча, эгер кардар товар үчүн төлөөнү төлөмдөрдүн графиги боюнча бөлүп төлөөнү ишке ашырса, банк графикке ылайык, салам келишими боюнча кирешелердин ай сайын чегерүү эсебин жүргүзөт. Келип түшкөн акча каражаттарынын суммасын кредитти төлөөгө жана киреше алууга чегерилгенге багыттайт. 

44. Банк мезгил-мезгили менен Активдерди классификациялоо жана потенциалдык жоготуулардын жана кеткен чыгымдардын ордун толтурууга камдарга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө жобого ылайык, тиешелүү классификация жана РППУга чегерүүлөр менен салам келишимдери боюнча активдер менен байланыштуу мүмкүн болгон жоготуулардын келип чыгуу тобокелдигинин сапатына жана өлчөмүнө баа берүүнү жүргүзөт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

45. Салам операциялары боюнча жайгаштырылган активдер кредиттер катары эсепке алынат, өзүндө кредиттик тобокелдикти алып жүргөн активдерге теңдештирилет жана кредиттерди жайгаштыруу менен байланыштуу бардык чектөөлөргө туш болот. 

46. Капиталдын адекваттуулук коэффициентин эсептөөдө Салам операциялары боюнча жайгаштырылган активдер 100% кредиттик тобокелдик даражасындагы кредиттер катары классификацияланышат. 

47. Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу камына тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү жобого жана ички жол жоболорго ылайык банк ай сайын кам түзүү менен алардын сапатынын начарлашы көзкарашында бул активдерди баалоону жүргүзөт. 

2.9. глава 

"Документардык аккредитив" бүтүмү 

1. Банкка документардык аккредитивдерди берүү менен байланыштуу келтирилген анык чыгашаларды төлөөгө уруксат берилет. Ошондой эле банкка зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөр үчүн жыйымдарды, мындай жыйымдар бир жолку сумма формасында ишке ашырылып жаткандыгына көзкарандысыз түрдө дайындоого уруксат берилет же алар комиссиондук төлөмдөрдү аныктоодо аккредитивдердин аракеттенүү мөөнөтү эске алынбаган шартта, аккредитивдин суммасынан белгилүү пайыздык кармоону түшүндүрөт. Бул эреже, шарттардын өзгөрүүсү өзү менен аккредитивдин аракеттенүү мөөнөтүнүн графигинин өзгөрүүсүнө алып келген учурлардан тышкары, импорттук жана экспорттук кредиттер боюнча көрсөтүлүүчү кызматтарга колдонулат. Ошентип, уюм үчүн келтирилген анык чыгашаларга гана жыйымдарды белгилөөгө уруксат берилет, бул учурда ал пайыздык маңыз эмес, аныкталган сумма болот. 

Банк төмөнкү шарттарды аткарышы керек: 

а) Документардык аккредитивди жүзөгө ашыруу үчүн жыйымдарды эсептөөдө маңызы боюнча гарантиянын аспекти көңүлгө алынбашы керек. Ошого ылайык, банкка келтирилген анык чыгашаларга, эгер ал башка банк тарабынан берилген аккредитивди бекемдесе, кошумча жыйымдарды белгилөөгө уруксат берилбейт. 

б) Аккредитивди берүү пайыздарды алып келүүчү пайданы түшүндүрбөйт жана мындай пайданы алуунун каражаты болбойт. 

в) Документардык аккредитивде келишимдердин айкалышуусун гарантияларды берүү же займды бөлүп берүү үчүн комиссиондук төлөмдөр өңдүү тыюу салынган операцияларды киргизүү үчүн актоо катары пайдаланууга уруксат берилбейт. 

2. Банк документардык аккредитивдин бардык түрлөрүн ача алат. Ошондой эле, аткарылып жаткан документардык аккредитивдин болгон формаларына ылайык, банкка мындай операцияларга катышууга же ортомчунун ролун ойноого уруксат берилет. 

3. Мындай аккредитив Шариат тарабынан тыюу салынган же жараксыз, туура эмес келишимдин (Шариатка ылайык) негизиндеги товарларга тиешелүү болсо, банктын өзү үчүн, же болбосо башка кардардын же уюмдун атынан, же болбосо биргелешип иштөө жолу менен документардык аккредитив боюнча транзакцияларды аткаруусуна уруксат берилбейт. 

4. Банк аккредитивдерди, эгер ал көрсөтмөлөргө ылайык келсе, документти оңдоп коюу учурларынан тышкары, аткарууга милдеттүү

5. Банк документардык аккредитив менен байланыштуу келип чыгуучу милдеттенмелерди камсыздоону талап кылууга же документардык аккредитивди компаниялардын жана банктардын пайдасына төлөөнү гарантиялык камсыздоо катары берүүгө укуктуу. Банк камсыздоонун жол берилген жана жеткиликтүү формаларын пайдалануу менен, анын ичинде эсептешүү эсептериндеги акча каражаттары же кардардын Мудараба келишими боюнча салынган акча каражаттары түрүндө, документардык аккредитивди камсыздоо үчүн ортомчу катары иш алып бара алат. 

6. Банк Шариат тарабынан тыюу салынган иш менен алынган пайыздык облигацияларды, компаниялардын акцияларын жана пайыздык дебитордук карыздарды камсыздоо катары пайдаланууга укугу жок. 

7. Эгер кардар Мурабаха келишими боюнча документардык аккредитивдин алкагында каржылоонун жардамы менен банктан импорттук товарларды сатып алууга ниеттенсе, төмөнкү шарттарды сактоосу зарыл: 

а) Документардык аккредитивди ачуу буйрутмачы менен бенефициардын (сатуучунун) ортосунда сатуу келишимин түзүүдөн мурда болбошу керек. 

б) Буйрутмачы үчүн жеткирүүгө Мурабаха келишимине тиешелүү Шариаттын эрежелерине ылайык, банк Мурабаха келишиминин алкагында жеткирүүчүдөн товарларды сатып алып, кийин аларды кардарга сатуучу тарап болушу керек. 

8. Эгер документардык аккредитив, документардык аккредитивди өңчөйлөштүрүүчү басым кылуучу принциптерге жана практикаларга баш ийген жоболорду камтыса, белгилөөнү кошо алганда, мындай өтүнмөнү квалификациялоо зарыл, бул Шариаттын эрежелерин жана принциптерин бузбайт. 

9. Банктын акцептолгон векселдерди дисконттоого, башкача айтканда, бул векселдерди алардын номиналдык наркынан төмөн нарк боюнча сатып алууга укугу жок. 

10. Банкка документтердин номиналдык наркын, алардын негизинде талап боюнча төлөө же векселдерди көрсөтүү боюнча төлөө жүргүзүлүшү керек болгон, төмөндөтүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт. 

11. Аккредитивдер боюнча операциялардын бухгалтердик эсепке алуусу Банктын Эсепке алуу саясатына жана Финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарына ылайык жүргүзүлөт. 

Капиталдын адекваттуулугунун коэффициентин эсептөөдө төлөнбөгөн аккредитивдер Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун стандарттарын белгилөө боюнча нускоого ылайык кредиттик тобокелдик даражасындагы баланстан тышкары активдер катары классификацияланышат. 

Банктын милдеттенмеси болуп эсептелген аккредитив Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктардын ачык валюта позициясынын лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө нускоонун талаптарына ылайык таза валюта позициясынын эсебине кошулат. 

2.10. глава 

Валюта операциялары 

1. Банк четөлкө валютасын сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөрдү, алардын Шариаттын төмөнкү эрежелерине ылайык келүү шартында жүргүзүүгө укуктуу: 

а) эки тарап алмашууну ишке ашыруунун алдында валютага ээлик кылуу анык же болжолдуу экендигинен көзкарандысыз түрдө, анын каршысына алмашууга тийиш болгон валютага ээ болуусу керек; 

б) валюта алмаштыруу бирдиги, эгер алардын бири купюра, ал эми башкасы ошол эле өлкөнүн тыйыны болсо да, бирдей сумма болушу керек; 

в) контракт алмашуунун бир же эки бирдигин жеткирүү маселеси боюнча мөөнөтүн узартуу. тууралуу эч кандай шарттуу альтернативаларды же белгилөөлөрдү камтыбайт. 

г) валюта операциялары фьючердик жана форварддык рыноктордо жүргүзүлбөшү керек. 

2. Келечектеги сатууларга валюта контракттарын түзүүгө тыюу салынат. 

Бул эреже ал контракттардын карыздарды төлөө үчүн мөөнөтү узартылган акча которууларын алмашуу же тараптардын алмашуусунун эки бирдигине биргелешкен ээлик кылуу жүргүзүлбөгөн мөөнөтү узартылган контрактты аткаруу болуп эсептелерине көзкарандысыз түрдө сакталышы керек. 

3. Форварддык валюта рыногунда, максаты жакынкы убакта анын баасынын төмөндөшү мүмкүн болгон валютага көзкаранды белгилүү операцияларда чыгымдарды болтурбоо үчүн камсыздандыруу бүтүмү (сатуу же четөлкө валютасын сатып алуу боюнча мөөнөткө бүтүмдөрдү түзүү) болуп эсептелген кандайдыр бир бүтүмдөрдү түзүүгө тыюу салынат. 

4. Банк тиешелүү валютада милдеттенмелерин же Мурабаханы аткаруу керек болгон учурларда валютанын келечектеги арзандашына камсыздандыруу бүтүмдөрүн түзүүгө укуктуу. 

5. Банк менен кардарга кредиттерди төлөөнү жана башка кредиттик операцияларды төлөп берүү күнүндөгү валютанын жергиликтүү курсуна ылайык башка валютада жүргүзө тургандыгы жөнүндө сүйлөшүп алууга уруксат берилет. 

6. Өтүнмө берүүчү тарабынан которууга берилген валютадан мыкты валютада акча которууларын жүргүзүүгө уруксат берилет. Бул которуу ага анык же болжолдуу ээлик кылуу жолу менен, банк эсеби менен тастыкталган валюта суммасын жеткирүү жолу менен валюталарды алмаштыруудан турат, андан кийин акча которуунун өтүнмө берүүчүсү тарабынан сатылып алынуучу валютаны пайдалануу менен ал сумманы которуу жүргүзүлөт. 

7. Белгиленген валюта суммасын сатууга контракт түзүүдө бардык суммага ээлик кылуу укугу бүтүмдүн мөөнөтүн аяктоо күнүндө таанылышы керек. 

8. Ээлик кылуу анык же болжолдуу болушу мүмкүн. Активдерге ээлик кылуунун формасы иштиктүү жүгүртүлүштүн каадаларында пайдаланылуучу алардын түрлөрүнөн жана эрежелеринен көзкаранды болот. 

9. Жеке (анык) ээлик кылуу өз колуна тапшыруу учурунда берилет. 

10. Эгер сатуучу башка адамга бул активди анын атынан алууга жана сатууга мүмкүндүк берген учурда, эгерде ошол учур активдерге ээлик кылуу жеке тапшырылбаса, анын ичинде төмөнкү учурларда, активге болжолдуу ээлик кылуу таанылат: 

а) качан банк акча каражаттарын кардардын эсебине чегергенде; 

б) качан банк кардар менен накталай валютаны накталай эмес жана нак алмаштыруу келишимин түзгөндө

в) эгер төлөө үчүн сумма чек берүүчүнүн эсебинде чекте көрсөтүлгөн валютада болсо жана банк бул сумманы төлөп берүү үчүн блокко алганда гана, чекти алуу болжолдуу ээлик кылуу жөнүндө күбөлөндүрөт. 

11. Валютаны сатуу жана сатып алуу жөнүндө эки тараптуу милдеттенмеге тыюу салынат, эгер бул милдеттенме валютанын арзандашынан мүмкүн болгон чыгымдардан камсыздандыруу максатында болсо да мажбурланган катары эсептелет. 

12. Валютаны параллель сатууга жана сатып алууга тыюу салынат, анткени ал анын юридикалык күчүнөн ажыратуучу төмөнкү факторлордун бирин камтыйт: 

а) эки түрдөгү сатылып алынган жана сатылган валютанын жеткирилиши жана алынышы жок болот, бул контрактты валютаны сатуу мөөнөтүнүн узартылышына алып келет; 

б) валютаны сатуу жөнүндө келишим валютаны сатуу жөнүндө башка келишимге көзкаранды болот; 

в) эки тараптын өзүнөн-өзү уруксат берилбей турган, валютаны алмаштыруу тууралуу эки тараптуу мажбурлоочу милдеттенмелерге алып келет. 

13. Эгер бүтүм валюта алмаштыруу менен байланыштуу болсо, кемүүчү мушарака же мудараба шериктеринин бирине башка шерикке гарант болууга уруксат берилбейт. Ошентсе да, эгер бул гарантия контрактта көрсөтүлбөсө, үчүнчү жак өз эрки менен гарант боло алат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

14. Карызгердин белгиленген карыздары болуп эсептелген, эгер ал валютанын эки тараптуу алмашуу учурунда эки карызды төлөөгө, ошондой эле тиешелүү карызды толук төлөөгө алып келсе, валюта суммаларын алмаштырууга уруксат берилет. 

15. Валюта тооругуна кирүүнүн чечилбеген ыкмаларынын бири, мында банк кардары жетиштүү суммага ээ болбостон валюта тооругуна кирет, валюта тооругунун чөйрөсүндө иштеген банк тарабынан берилген кредиттерди пайдаланат, ошондон улам, кардарга ал төлөп бере алгандан жогору суммага бүтүмгө кирүү мүмкүнчүлүгүн берет. 

16. Банктын кардарга валюта бүтүмдөрү ушул гана мекеме менен эч кандай башкалар менен жүргүзүлбөй тургандыгы шартында займ берүүсүнө уруксат берилбейт. Эгер мындай шарт жок болсо, Шариат займдарды берүүгө тыюу салбайт. 

17. Баштапкы долбоорду жүзөгө ашыруу алкагында банк тарабынан жүргүзүлүүчү валюта операциялары Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктардын ачык валюта позициясынын лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө нускоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган коммерциялык банктардын жана финансы кредиттик мекемелердин милдеттүү аткаруусу үчүн экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылышы керек. 

2.11. глава 

Төлөм карттары 

1. Банкка төмөнкү учурларда төлөм карттарын чыгарууга уруксат берилет: 

а) Карт ээси зарыл болгон сумманы өз убагында төлөбөгөн учурда пайыздарды төлөбөйт. 

б) Банк карт ээсин гарантия катары депозитти салууга Милдеттендире алат жана бул сумма карт ээси тарабынан сарпталбашы керек. Банк бул сумманы Мударабага ылайык карт ээси үчүн пайда алуу максатында инвестициялашы керек жана бул суммадан алынган кайсыл болбосун киреше Мудараба контрактынын шарттарына ылайык Банк менен карт ээсинин ортосунда бөлүнө тургандыгын билдириши керек. 

в) Банк карт ээсине картты Шариат тарабынан тыюу салынган максаттарда пайдалана албастыгына шарт коет жана бул шарттарды бузган учурунда банк карточканы алып кое алат. 

2. Көрсөтүлгөн кызматтарга ылайык накталай суммаларды алгандыгы үчүн банк өзгөрүлбөгөн төлөмдү алууга укуктуу. Ошентсе да, накталай суммаларды алгандыгы үчүн алынуучу төлөм өзгөрүлбөшү керек. Карттарды чыгаруу жана тейлөө үчүн төлөмдүн өлчөмү, ошондой эле төлөмдөр үчүн комиссиондук сыйакынын өлчөмү банк тарабынан аныкталат. 

3. Банк кардардын эсебинде болгон суммадан улам кардарга дебиттик карт берүүгө укуктуу. 

Кардар картты пайдалангандыгы үчүн, качан ал нак акчаларды алуу же банк-эмитенттен мыкты болгон валютаны уюмдан сатып алуу үчүн пайдаланылгандан тышкары, банкка комиссия төлөмүн төлөбөшү керек. 

4. Карт ээси кредиттин суммасын өз убагында кайтарып бербеген учурунда пайыздарды, ошондой эле жаңыртылган кредиттик лимит менен пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөбөгөн шартта банк кредиттик карттарды чыгарууга укуктуу. 

5. Банк төлөм катары картты кабыл алган тараптан комиссиондук төлөмдөрдү алууга укуктуу. Комиссиондук төлөмдөр товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жумшалган суммадан пайыздар катары эсептелет. 

6. Банк карт ээсинен мүчөлүк акыларды, картты узартуу жана жаңыртуу үчүн комиссиялык төлөмдү алууга укуктуу. 

7. Карт ээсине жеткиликтүү каражаттардын лимитинен жогорулабаган же суммага пайыздар кошулбаган шартта картты берген банк менен алдынала макулдашылган болсо, андан жогору накталай сумманы алууга уруксат берилет. 

8. Банк отелдердеги, авиалиниялардагы жеңилдиктерге артыкчылыктуу укук, ресторанды резервациялоо жана башкалар сыяктуу Шариат тарабынан тыюу салынбаган жеңилдиктерди берүүгө укуктуу. 

Банк өмүрдү камсыздандыруу, тыюу салынган жерлерге кирүү же тыюу салынган белектер менен шартталган, Шариат тарабынан тыюу салынган артыкчылыктарды берүүгө укугу жок. 

9. Банктын карттарды жөнгө салуу боюнча эларалык уюмдарга, банк бул уюмдарга алгылыктуу деп эсептелген Шариаттын эрежелерин бузбаган шартта кошулуусуна уруксат берилет. 

Банкка карттарды жөнгө салуу боюнча эларалык уюмга мүчөлүк үчүн, кызмат көрсөтүүлөр жана башка төлөмдөрү үчүн акыны, алар пайыздык төлөмдөрдү кошконго, анын ичинде кыйыр, мисалы кредит берүүнү көңүлгө алуу үчүн кызмат көрсөтүүлөргө төлөм көбөйгөн учурга чейин төлөөгө уруксат берилет. 

10. Карттык эсептер депозиттик эсептер катары классификацияланат жана милдеттүү камдык талаптардын эсептерине кошулат. Банктын ликвиддүүлүгүнүн коэффициентин эсептөөдө бул милдеттенмелер банктын милдеттенмелеринин суммасына кошулат. 

Мазмуну боюнча карттык эсептер депозиттик операцияларга теңдештирилет жана К5 экономикалык ченемдер (жеке адамдардын депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдык өлчөмүнүн ченеми) менен чектелишет. 

2.12-глава 

Ишенимдүү (вадиайад аманат) жана гарантияланган түрдө (вадиайад дамана) сактоо келишимдери 

(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

1. Ишенимдүү сактоо келишими (вадиайад аманат). 

1.1. Вади'айад аманат келишими - кардардын акча каражаттарын же башка баалуулуктарын ишеним боюнча сактоо келишими. Банк сактоодо турган предметти тескөөгө укугу жок жана ал вади'айад аманат келишиминде көрсөтүлгөн белгилүү өлчөмдөгү төлөмдү кармап калуу менен ошол предметке карата, анын ээсинин тапшырмасын гана аткарууга тийиш. 

1.2. Вади'айад аманат келишими боюнча кызмат көрсөтүүлөр банк тарабынан акча каражаттарын же башка баалуулуктарды банктык сейфтерде (ячейкаларда) сактоо түрүндө сунушталат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Гарантияланган сактоо келишими (вади'айад дамана).  

2.1. Вади'айад дамана келишими - гарантиялык сактоо келишими, анын шарттарына ылайык, акча каражаттарын гарантиялык сактоого кабыл алган банк, ишенип берилген акча каражаттарын тескөөгө алып, аларды жайгаштыруудан пайда көрүү укугуна ээ болот. 

2.2. Вади'айад дамана келишими боюнча кызмат көрсөтүүлөр банк тарабынан күндөлүк жана аманат эсептерин ачуу жана тейлөө аркылуу сунуш кылынат. 

2.3. Банк акча каражаттарын жайгаштыруудан алынган пайдадан аманатчыга хиба сыйакыны төлөп бериши мүмкүн. Вади'айад дамана келишими боюнча кардарга тиешелүү хиба сыйакыны төлөө тартиби, өлчөмү жана аларды төлөп берүү эрежелери банк тарабынан белгиленет. Кардарга төлөнүп берилген сыйакынын суммасы тиешелүү мезгилдин чыгашаларында таанылат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 17-декабрындагы N 47/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4. Банк утурумдук ликвиддүүлүктү талап кылынган деңгээлде колдоп туруу жана милдеттенмелерин өз учурунда аткаруу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кассада же болбосо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган корреспонденттик эсепте жетиштүү көлөмдө акча каражаттарын сактап турууга тийиш. 

2.5. Вади'айад дамана операциялары маңызы боюнча депозиттик операцияларга окшош жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 93-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" N 18/1 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" Жобого ылайык, К5 экономикалык ченеми менен чектелет (жеке адамдардын депозиттери боюнча тобокелдикти максималдуу өлчөмү ченеми). Ушул эле жобого ылайык, банк концентрациялануу тобокелдигин аныктайт жана аны тескөөгө алат. 

2.6. Вади'айад дамана операцияларын эсепке алуу эсептери Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 27-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 5-октябрында 108-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Милдеттүү камдар жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" 22/4 токтом менен бекитилген "Милдеттүү камдар жөнүндө" Жобого ылайык, милдеттүү камдык талаптарды эсептөөгө кошулат. Ликвиддүүлүк коэффициентин эсептөөдө бул милдеттенмелер "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жободо көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык, банктын милдеттенмелеринин суммасына кошулат. 

3. Вади'айад дамана депозиттерин эсепке алуу 

3.1. Вади'айад дамана шарттарында банк тарабынан тартылган каражаттарды эсепке алуу келишимге ылайык, кардарлардын депозиттеринин баланстык эсептеринде, төлөмдүн негизги суммасы боюнча жүргүзүлөт. Четөлкө валютасындагы депозиттик эсептерди эсепке алуу, валюта номиналында ишке ашырылат. Банк тарабынан кардарлардын жеке эсептери боюнча аналитикалык эсепке алуу, эсептер боюнча жүзөгө ашырылган бардык операцияларды чагылдыруу менен өзүнчө автоматташтырылган программада ишке ашырылат. 

2.13-глава 

Хиба сыйакысы 

(Глава КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 17-декабрындагы N 47/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

Хиба сый акысы кард, вади'айад дамана жана пайызсыз негиздеги башка депозиттик (аманаттык) операциялар шарттарында акча каражаттарын жайгаштырган банктын кардарларына төлөнүүчү материалдык колдоо.  

Кард, вади'айад дамана жана башка пайызсыз негиздеги башка депозиттер (аманаттар) келишимдеринде гарантияланган кирешелүүлүк каралбагандыгынан улам, хиба сый акысын төлөө, банк ишинин натыйжасына жараша, анын эрки боюнча жүргүзүлөт.  

Банк акчалай түрүндө сыяктуу эле, белектер, жеңилдиктер жана банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча тарифтерге жеңилдиктер түрүндөгү башка формада хиба сый акысын төлөп бериши мүмкүн.  

Кард, вади'айад дамана жана пайызсыз негиздеги башка депозиттер (аманаттар) келишимдери боюнча ислам аманаттарын (депозиттерин) кабыл алууга тиешелүү маалыматтарды жайгаштырууда банк, ислам аманаттарын (депозиттерин) кабыл алуу жөнүндө банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, иште алгылыктуу натыйжага жетишилген шартта, аманатчыларга алар салган аманаттын (депозиттин) өлчөмүнө көз карандысыз хиба сый акысын колдоо түрүндө төлөп бериши мүмкүндүгүн потенциалдуу кардарларына (аманатчыларына) маалымдоого милдеттүү

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3-БӨЛҮК 

ТОБОКЕЛДИКТЕРДИ ТЕСКӨӨ 

1. Натыйжалуу банктык көзөмөлдүн Базелдик негизги принциптеринин талаптарына ылайык, банк өз ишинде капиталды, рынок тартибин пруденциалдык жөнгө салуу үчүн бекем негиз түзүү жана тобокелдик менежментин жана финансылык туруктуулукту андан ары күчөтүү боюнча ишти үзгүлтүксүз жүргүзүшү керек. 

2. Каржылоонун ислам принциптери боюнча жүргүзүлүүчү банк операциялары, салттуу каржылоо принциптер боюнча жүргүзүлүүчү операциялардай эле активдүү жана пассивдүү болуп бөлүнөт, ошого жараша банк тарабынан каржылоонун ислам каржылоо принциптерин колдонуу процессинде келип чыгуучу тобокелдиктер каражаттарды тартуу менен байланыштуу тобокелдиктерге жана аларды жайгаштыруу менен байланыштуу тобокелдиктерге бөлүнүшөт. 

3. Директорлор кеңеши банктын өнүгүү стратегиясын бекемдөөчү жана контролдоочу көзөмөлдөө органы катары банктын активдүү жана пассивдүү операцияларын жүргүзүү үчүн критерийлерди белгилейт. Алар Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары, Улуттук банктын ченемдик актылары жана эларалык практика тарабынан аныкталган критерийлерге негизденет. Ошондой эле, Директорлор кеңеши банктын укуктук жана башкаруу структурасын, алар тобокелдиктерге натыйжалуу контролдук кылууга тоскоолдук болбош үчүн иштеп чыгат жана бекитет. 

4. Критерийлердин негизинде банк Башкармасы белгилүү органдын же кызмат адамынын уруксатынын болушу сатып алуулардын жана инвестициялардын кандай түрлөрүн жана суммасын (банк капиталынын абсолюттук жана/же салыштырмалуу) талап кылары так аныкталган ички жобону иштеп чыгат, ал эми Директорлор кеңеши аны бекитет. Активдүү операцияларды жүргүзүүнүн негизги критерийлеринин бири катары кайсыл болбосун жаңы сатып алуулар жана инвестициялар банкты акталбаган тобокелдиктерге туш болтурбоосу же натыйжалуу көзөмөлгө тоскоолдук болбошу үчүн коюлган талап колдонулат. 

5. Банк Башкармасы жана Директорлор кеңеши пруденциялык критерийлерди, саясаттарды, практикалык методдорду жана өзүндө кредиттик тобокелдикти алып жүрүүчү активдүү операцияларды ишке ашыруу жол-жоболорун жана туруктуу мониторингин Тобокелдик-менежер ишке ашыруучу мындай активдердин портфелине үзгүлтүксүз жетекчиликти бекитет, ишке ашырат жана мезгил-мезгили менен текшерип турат. 

6. Банктын Директорлор кеңеши мыкты банктык практиканы ишке ашырууну жана бул операциялардын ислам каржылоо принциптерине ылайык келишин камсыз кылышы керек. 

7. Банктын Директорлор кеңеши төмөнкүлөргө жооптуу: 

а) ислам каржылоо принциптери боюнча банктын бардык бизнес-стратегияларын, бизнес-пландарын жана саясаттарын түзүү, бекитүү жана мезгил-мезгили менен жаңыртуу үчүн; 

б) ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырууда банк туш болгон негизги тобокелдиктерди аныктоо үчүн, ошондой эле бул тобокелдиктер үчүн алгылыктуу деңгээлдерди белгилөө үчүн; 

в) ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жана ишти жүзөгө ашырууда тобокелдиктерди табуу, өлчөө, мониторинги жана контролдоо үчүн колдонулуучу банк Башкармасынын аракеттерине карата көзөмөлдүктү ишке ашыруу үчүн; 

г) ички контролдун адекваттуу жана натыйжалуу системасын түзүү жана сактоо үчүн, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине ылайык ишти жана операцияларды ишке ашырууда банк Башкармасы тарабынан ички контролдун натыйжалуу системасынын мониторингин ишке ашыруу үчүн; 

д) Ислам өнүктүрүү банкынын эксперти менен ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашыруу боюнча банктын саясаттарын жана жол-жоболорун макулдашуу үчүн; 

е) банктын, бүтүндөй алганда анын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыктарын максималдуу коргоо максатында тиешелүү ички механизмдерди жана жол-жоболорду иштеп чыгуу. 

8. Банктын ички ченемдик документтеринде (саясаттарында жана жол-жоболорунда) төмөнкүлөр каралышы керек: 

а) тобокелдиктерди (кредиттик, ликвиддүүлүк, концентрация ж.б.) идентификациялоо жана башкаруу, анын ичинде ислам каржылоо принциптери боюнча ишке ашырылуучу операциянын ар бир түрүнүн бүтүндөй алганда банк ишине таасири; 

б) террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө саясатты жана жол-жобону; 

в) банктык саясаттарды, контролдоо жол-жоболорун сактоо максатында банктын ички аудитин жүргүзүү тартиби, ошондой эле табылган жетишпестиктерди четтетүү үчүн тиешелүү чараларды кабыл алуу; 

г) банк ишин жөнгө салуу боюнча башка маселелер. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

9. Таза суммардык капитал тобокелдерди сандык аныктоо үчүн негиз болуп эсептелет. Капиталдын жетиштүүлүгү талаптары, капиталды аныктоо жана эсептин методу Капиталдын адекваттуулугунун стандарттарын аныктоо боюнча нускоо менен аныкталган. Бул нускоодо мүмкүн болгон чыгымдарды сиңдирүү үчүн болгон капиталдын элементтерине өзгөчө маани берүү үчүн капиталдын компоненттери жазылган. Банктын бардык активдүү операциялары сыяктуу эле, каржылоонун ислам каржылоо принциптери боюнча жайгаштырылган активдер бул активдерге түзүлгөн жалпы жана атайын камдардын жардамы менен таза суммардык капиталдын өлчөмүнө таасир берет. 

10. Активдүү операцияларды (каржылоонун ислам принциптери же салттуу каржылоо принциптер) жүргүзүү принциптерине көзкарандысыз түрдө капиталдын жетиштүүлүгүнө баа берүү кредиттик тобокелдикке, башкача айтканда, активдердин ар кандай түрлөрүн тийиштүү болгон жана кардардын активди толук же бөлүгү менен кайтаруусун камсыз кылуунун мүмкүн эместигинде түзүлүүчү тобокелдикке жараша жүргүзүлөт. 

11. Кредиттик тобокелдин даражасына көзкаранды түрдө бардык баланстык активдер аларды жайгаштыруу принциптеринен көзкарандысыз беш категорияга бөлүнөт. Ошону менен бирге, баланстык активдер бул же тигил категорияга тийиштүүлүгүнө ылайык төмөнкүлөр: шериктештин тиби, трансферттик тобокелдиктин көзкарашында шериктин өлкөлүк таандыктыгы, активди, гарантияны камсыздоо жана активди жайгаштыруу мөөнөттөрү негизги критерийлер болуп эсептелет. 

12. Капиталга кайсыл болбосун терс таасир этүү, башкача айтканда, тобокелдиктердин биринин келип чыгышы, өзүндө таза суммардык капиталдын эсеби менен байланыштуу ченемдерди бузуу тобокелдигинин көбөйүүсүнө алып келет. Ушуга байланыштуу, капиталдын жетиштүүлүгү боюнча бекемдиктин запасына жана башка милдеттүү ченемдерди аткаруу көзкарандылыгына ылайык банк системаны киргизет, аларды сактоо үчүн контролдук түздөн-түз жетекчиликке жүктөлөт. 

13. Улуттук банк өзүнүн негизги функцияларын аткаруу максатында аткарууга милдеттүү болгон Экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобого ылайык банк тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө жолу менен банк ишине чектөөлөрдү киргизет, ошондой эле Милдеттүү камдар жөнүндө жобого ылайык, милдеттүү камдык талаптарды белгилейт. 

Мындан тышкары, Улуттук банк банк ишин, анын ичинде төмөнкү жоболордун негизинде регламенттейт: 

- Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөөгө минималдуу талаптар жөнүндө жобо; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде рыноктук тобокелдиктерди тескөөгө минималдуу талаптар жөнүндө жобо; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде өлкөлүк тобокелдиктерди тескөөгө минималдуу талаптар жөнүндө жобо; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде кредиттик тобокелдиктерди тескөөгө минималдуу талаптар жөнүндө жобо; 

- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөөгө минималдуу талаптар жөнүндө жобо; 

аларга ылайык банк өз иш процессинде келип чыгуучу тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, контролдоо жана мониторинги боюнча ички саясаттарды, жоболорду жана жол-жоболорду иштеп чыгат. 

14. Тобокелдиктерди тескөөнүн үзгүлтүксүз натыйжалуу процессин ишке ашыруу үчүн контроль жүргүзүү банктын Директорлор кеңешине жүктөлөт. 

15. Кредиттик тобокелдик - келишимдин мөөнөттөрүнө жана шарттарына ылайык карыз алуучунун карыз алуучу банк алдындагы өз милдеттенмелерин аткарбастыгы мүмкүн болгондо, ал банк капиталына же анын пайдасына терс таасир тийгизиши мүмкүн. 

16. Каржылоонун ислам принциптери боюнча операцияларды ишке ашыруу боюнча банктын ички саясаты төмөнкүлөрдү кошо алганда кредиттик тобокелдикке контролдукту ишке ашыруу үчүн практикалык методдорду жана жол-жоболорду камтышы керек: 

а) негизделген жана тиешелүү түрдө документтештирилген инвестициялоо процесси; 

б) администрлөөнүн тиешелүү процессин, баа берүүнү жана өзүндө кредиттик тобокелдикти (бул активдердин классификациясын кошо алганда) алып жүрүүчү активдер боюнча үзгүлтүксүз мониторингди/отчеттуулукту жүргүзүү

в) кредиттик тобокелдикке контролдун тиешелүү механизмдерин камсыз кылуу. 

17. Каржылоонун ислам принциптери боюнча операцияларды ишке ашыруу боюнча банк саясаты Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу камына тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү жобого ылайык, тобокелдик активдерди мезгил-мезгили менен текшерүү, активдерди классификациялоо жана провизияларды түзүү эрежесин, ошондой эле проблемалуу активдер менен иштөө жол-жоболорун аныкташы керек. 

18. Кредиттөөнү чектөөлөр жөнүндө нускоо менен бир жолку карыз алуучуларга же бири-бири менен байланышкан адамдардын топторуна өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди жайгаштыруу менен байланыштуу банктын мүмкүн болгон тобокелдиктерин чектөө үчүн пруденциалдык лимиттер белгиленген. 

19. "Бири-бири менен байланышкан адамдар" аныктамасы юридикалык жана да финансылык жактан байланышкан компанияларды гана камтыбаган, тобокелдикке анык туш болууну кайра кайтаруу үчүн колдонулат. Бул критерийлерден улам банк өзүндө кредиттик тобокелдикти алып жүрүүчү активдерди жайгаштыруу этабында эле жетекчиликке өз портфелинде концентрациянын деңгээлин аныктоого жана келип чыгуучу тобокелдиктерди ыкчам башкарууга мүмкүндүк берүүчү ушундай башкаруу маалымат системасын киргизет. 

20. Каржылоонун ислам принциптери боюнча операцияларды ишке ашыруу боюнча банк саясаты тарабынан Улуттук банктан лицензия алышкан, коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин инсайдерлери жана аффилирленген адамдары менен жүргүзүлгөн операцияларга коюлган талаптар жөнүндө нускоого ылайык, эрежелер аныкталышы керек, алар боюнча банк менен байланыштуу адамдарга банк менен байланышпаган адамдарга тиешелүү инвестицияларга караганда өтө ыңгайлуу шарттарда активдердин берилиши мүмкүн эмес. 

21. Каржылоонун ислам принциптери боюнча операцияларды ишке ашыруу боюнча банк саясаты тарабынан өзүндө кредиттик тобокелдикти алып жүрүүчү активдерди белгилүү тармакка, белгилүү мөөнөткө жана максаттарга жайгаштыруу тобокелдигине баа берүү жол-жоболору каралышы керек. 

22. Ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдиги - бул, банк алгылыксыз жоготууларды (башкача айтканда, ликвиддүүлүккө активдерди сатуу жолу менен гана жетишүү, бул алгылыксыз жоготууларга алып келет) тартпаш үчүн анын өз милдеттенмелерин өз убагында аткарууга жөндөмсүз болгон учурда туш болгон жоготуулардын тобокелдиги. 

23. Банк Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдикти тескөөгө коюлган минималдуу талаптар жөнүндө жобонун негизинде Ликвиддүүлүктү тескөөнүн ички саясатын иштеп чыгат. Ликвиддүүлүктүн алгылыктуу деңгээли боюнча лимиттер Директорлор кеңеши тарабынан белгиленет. 

24. Ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдигин тескөөдө төмөнкүнү: башкаруу маалыматтын мыкты системасын, ликвиддүүлүккө борборлоштурулган контролдукту, альтернативдик сценарийлерде таза каржылоонун талаптарын талдоону, стресс-тестирлөөнү жана күтүлбөгөн абалдардагы учурларга пландоону түшүнүүгө болот. Ликвиддүүлүктү тескөөдө жергиликтүү жана четөлкө валютасы менен байланышкан маселелерди өзүнчө кароо керек. 

25. Банк күндөлүк жана болжолдонгон терс тенденцияларда туш болгон ликвиддүүлүктүн тобокелдигинин даражасына баа берүү үчүн банктын келечектеги акча агымын божомолдоо методун камтыган ликвиддүүлүктү өлчөөнүн так аныкталган системасын белгилейт. 

26. Банк кризис учурунда же ликвиддүүлүк Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген деңгээлдерге ылайык келбеген учурларда так жана шашылыш чараларды кабыл алуу каралган, банкты каржылоонун экинчилик булактары боюнча пландарды кошо алганда, күтүлбөгөн кырдаалдарды четтетүү боюнча пландарды иштеп чыгат. Ликвиддүүлүктү жетиштүү деңгээлде кармап туруу максатында банк активдердин жана милдеттенмелердин оптималдуу катышын белгилейт. 

27. Ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдигин тескөөнү Ликвиддүүлүктү тескөө боюнча комитет ишке ашырат. Банктын бул структурасы банктын ликвиддүүлүгүнө таасир берүүчү операциялар боюнча чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз катышуучу орто жана жогорку звенодогу менеджерлерден турат. 

28. Каржылоонун ислам принциптерине ылайык ишке ашырылуучу бүтүмдөрдүн бухгалтердик эсепке алуусу Финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарынын талаптарына ылайык банк тарабынан жүргүзүлөт. 

29. Банк каржылоонун ислам принциптерине ылайык ишке ашырылуучу бүтүмдөрдү эсепке алуу саясатын Улуттук банктын эсептик саясатка коюлган талаптарына ылайык иштеп чыгат. 

30. Банк каржылоонун ислам принциптерине ылайык ишке ашырылуучу бүтүмдөрдү ишке ашыруунун эрежелерин жана тартибин кылдат сүрөттөө менен иштеп чыгат. 

31. Каржылоонун ислам принциптерин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун ийгилигин баалоо үчүн бул каржылоо принциптер боюнча жүргүзүлүүчү бардык операциялардын банк тарабынан эсепке алынышы өзүнчө жана да банктын консолидирленген отчеттуулугунун курамында да жүргүзүлөт. Регулятивдик банктык отчеттуулук Ислам принциптери боюнча жүргүзүлүүчү операциялар боюнча ай сайын өзүнчө жана консолидирленген негизде Улуттук банкка (N 1 тиркемеге ылайык) берилет. 

32. Банк балансты, түшкөн пайда жана келтирилген чыгымдар жөнүндө отчетту, ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылуучу операциялар боюнча акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчетту кошо алганда, андан кийин банктын балансы менен консолидациялоо менен өзүнчө эсеп, финансылык отчеттуулукту жүргүзүшү керек. 

33. Улуттук банк каржылоонун ислам принциптеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө талап коюуга укуктуу. 

34. Банк ислам каржылоо принциптери боюнча иштин тышкы аудитин жүргүзүшү жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин тышкы аудитине минималдуу талаптар жөнүндө" Жобого (Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 14-июлундагы N 22/2 токтому менен бекитилген) ылайык бул иш боюнча аудитордук корутундуну Улуттук банкка берет. 

4-БӨЛҮК 

БАНК ИШИН ИСЛАМ ПРИНЦИПТЕРИ БОЮНЧА УЮШТУРУУ 

1. Лицензиялоо 

1.1. Ушул Жобонун шарттарына ылайык филиалдын/бөлүмдүн ишин баштоо жана ушул Жобого кошо тиркелген жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык бүтүмдөргө келишүүгө уруксат берген 1-тиркемеде көрсөтүлгөн форма боюнча лицензияга карата тиркеме алуу үчүн банк Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: 

1) төмөнкүлөр карала турган филиал/бөлүм жөнүндө жобо: 

а) филиалдын/бөлүмдүн ишин уюштуруу тартиби, чечимдерди кабыл алуу, банк Башкармасы менен, зарыл болгондо Директорлор кеңеши, комитеттери жана банктын башка башкаруу органдары менен чечимдерди макулдашуу; 

б) ислам принциптерине ылайык банктын филиалынын/бөлүмүнүн ишин жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу жөнүндө жобо; 

в) бул Жобонун алкагында иштин өзгөчөлүктөрү менен байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка маселелер. 

2) Директорлор кеңешинин көзкарандысыз мүчөсүнүн - чакырылган квалификациялуу адистин - ислам принциптери боюнча эксперттин талапкердиги жөнүндө маалыматтар. 

3) Филиал/бөлүм ишке ашырууга ыйгарым укуктуу болгон операциялардын ар бир түрү боюнча жетиштүү билимге ээ болууга тийиш болгон банктын филиалынын/бөлүмүнүн жетекчиси жөнүндө маалымат; 

4) Банктын филиалынын/бөлүмүнүн так уюштуруу түзүмүн камтыган бизнес-план, экономикалык негиздеме жана банктын филиалынын/бөлүмүнүн иши боюнча банктын стратегиясы; 

5) Банк ишин ислам принциптери боюнча жүргүзүү билимине ээ болгон, "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" Жобого (Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы N 5/7 токтому менен бекитилген) 17-тиркеменин формасы боюнча банктын филиалынын/бөлүмүнүн бөлүмдөрүнүн жетекчилик кызматтарына талапкерлер жөнүндө маалымат; 

6) бул филиалда/бөлүмдө ислам принциптерине ылайык ишке ашырылуучу, банктын Директорлор кеңеши тарабынан тиешелүү түрдө жактырылган жана белгиленген тартипте бекитилген, минимум катары төмөнкүлөр каралган жана иштин бардык түрлөрү боюнча банктын негизги саясаттары: 

а) банк туш болгон, мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерди табуу, өлчөө, иликтөө, контролдоо жана мониторинги боюнча жол-жоболор; 

б) туруктуу негизде мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча контролдук чаралар; 

в) маалымат системаларынын (ислам принциптерине ылайык ишке ашырылуучу операциялар боюнча отчеттуулукту эсепке алуу жана түзүү боюнча программалык камсыздоонун), бекитилген саясатка ылайык тобокелдиктерди тескөө системасынын жана ички контроль системасынын сүрөттөлүшү

7) ишке ашыруу филиалга/бөлүмгө ыйгарылган ар бир операцияны жүргүзүү боюнча деталдуу жол-жоболор; 

8) ислам принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырууда террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө саясаттар жана жол-жоболор; 

9) банк филиалынын/бөлүмүнүн ишин баштоо жана уюштуруу боюнча ишчаралардын планы. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-ноябрындагы N 38/1, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5-БӨЛҮК 

БАШКА МАСЕЛЕЛЕР 

1. Улуттук банк алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, бул Жобого ылайык банк ишине көзөмөлдүктү, жөнгө салууну жана текшерүүнү ишке ашырат. Улуттук банк жөнгө салууну жана көзөмөлдүктү ишке ашыруу максатында каржылоонун ислам принциптерине ылайык келген ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга укуктуу жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толуктоолордун жана өзгөртүүлөрдүн долбоорлорун киргизүүгө укуктуу. 

2. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банктын биринчи талабы боюнча маалыматты жана документтерди берүүгө милдеттүү

3. Банк ислам принциптери боюнча операцияларды ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырат. 

(КР УББ 2006-жылдын 30-ноябрындагы N 38/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Банк өзүнүн ишинин жүрүшүндө каржылоонун ислам принциптери боюнча бүтүмдөрдү ишке ашыруу менен байланыштуу өз ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө кардарларга маалымдоо боюнча үзгүлтүксүз ишти жүргүзүшү керек. 

5. Бул Жобонун талаптарынын банк тарабынан аткарылбаган учурунда, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, Улуттук банк банкка карата таасир этүү чараларын колдоно алат. 

  

  

  

Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү Жобого 

1-тиркеме 

Банктык операцияларды жүргүзүү укугуна берилген лицензияга тиркеме 

(КР Улуттук бан Башкармасынын 2006-жылдын 30-ноябрындагы N 38/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

Бул тиркеме_____________________ каржылоонун ислам (юридикалык жактын аталышы) 

принциптерин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы N 373 Жарлыгы менен ратификацияланган, "Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын жана "Экобанк" ачык акционердик коомунун ортосунда Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жана каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча өзара түшүнүшүү жөнүндөгү 2006-жылдын 16-майындагы Меморандумга ылайык берилген. 

__________________ "Кыргыз Республикасында каржылоонун (юридикалык жактын аталышы) 

ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" Жобого ылайык бүтүмдөрдү жүзөгө ашыра алат. 

  

Төраганын орунбасары