Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 

2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөн.  

   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын   

2005-жылдын 25-августундагы №26/5   

токтому менен бекитилген   

   

Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик  

банктык отчет жөнүндө жобо  

  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2005-жылдын 28-декабрындагы 41/7, 2007-жылдын 28-февралындагы N 10/4,  

2007-жылдын 28-мартындагы N 16/4, 2008-жылдын 28-майындагы N 22/10,  

2008-жылдын 28-майындагы N 22/12, 2008-жылдын 20-августундагы N 32/4,  

2008-жылдын 27-августундагы N 33/2, 2008-жылдын 17-сентябрындагы N 35/2,  

2008-жылдын 22-декабрындагы N 48/6, 2008-жылдын 22-декабрындагы N 48/3,  

2009-жылдын 11-майындагы N 24/1, 2009-жылдын 23-сентябрындагы N 38/14,  

2009-жылдын 16-декабрындагы N 49/8, 2010-жылдын 9-августундагы N 61/10,  

2010-жылдын 18-ноябрындагы N 85/3, 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 67/8,  

2011-жылдын 21-декабрындагы N 69/15, 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1,  

2013-жылдын 26-июнундагы N 20/7, 2015-жылдын 15-июлундагы N 38/2,   

2016-жылдын 5-февралындагы №5/1, 2016-жылдын 11-апрелиндеги №17/5,   

2016-жылдын 15-июнундагы №25/1, 2016-жылдын 14-октябрындагы №42/3,  

2016-жылдын 30-ноябрындагы №47/5, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА), 2017-жылдын 16-августундагы №2017-П-12/34-1-(НПА), 2017-жылдын 27-сентябрындагы №2017-П-10/42-4-(НПА), 2017-жылдын 13-декабрындагы №2017-П-12/51-13-(НПА), 2019-жылдын 27-февралындагы 2019-П-10-9-5-(НПА), 2019-жылдын 10-апрелиндеги №2019-П-12/19-3-(НПА), 2019-жылдын 28-июнундагы №2019-П-12\34-3-(НПА), 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-2-(НПА), 2020-жылдын 23-декабрындагы №2020-П-12/73-10-(НПА, 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-2-(НПА), 2022-жылдын 23-мартындагы №2022-П-12/17-4-(НПА), 2022-жылдын 23-мартындагы №2022-П-12/17-6-(НПА)), 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 2022-П-12/20-1-(НПА), 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА), 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-9-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)) 

   

1. Жалпы жоболор  

  

 1.1. Бул жободо мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун бирдиктүү формасы аныкталган.   

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

  

1.2. ПРБО жөнүндөгү бул Жобонун аракети бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде “ислам терезесине” ээ банктарга, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары  Улуттук банк) лицензия алышкан “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттикөнүгүү банкына (мындан ары  банктар) таркатылат.   

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы N67/8, 2012-жылдын 16-ноябрындагы N43/1 токтомдорунун редакцияларына ылайык)   

1.3. ПРБО бухгалтердик эсепке алуунун жана системадан тышкаркы эсепке алуунун маалыматтарынын негизинде түзүлөт.   

  

2. Максаттары жана милдеттери  

  

 2.1. ПРБО төмөнкү багыттар боюнча талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү максатында түзүлөт:   

а) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында бекитилген функциялардын аткарылышынын чегинде банктын финансылык абалына;   

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА), 2022-жылдын 14-декабрындагы токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

б) ликвиддүүлүктү, төлөөгө жөндөмдүүлүктү жана кирешелүүлүктү камсыз кылуу боюнча чечимдерди кошо алганда, ишти жөнгө салууга тиешелүү чечимдердин банк жетекчилиги тарабынан кабыл алынышы үчүн банк ишине.    

2.2. ПРБОнун башкы максаты  ушул Жобонун 2.1. пунктунда белгиленген максаттардын аткарылышына жетишүү үчүн банктын экономикалык жана чарбалык иши тууралуу так жана толук маалыматтарды берүү болуп саналат.   

3. ПРБОнун мазмуну жана берүү мезгил аралыгы  

 3.1. ПРБО белгиленген формада түзүлгөн жана банктын белгилүү бир мезгил ичинде аткарган иши жөнүндөгү отчетту түшүндүрүп, белгиленген мөөнөттө берилүүгөтийиш.    

3.2. Отчеттун жыйынтыкталган түрүндө берилиши, анын кыскача мазмуну, берүү мөөнөттөрү ушул Жобого карата 1-тиркемеде келтирилген.   

3.3. ПРБО 37 бөлүктөн турат.   

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 16-декабрындагы N49/8, 2013-жылдын 26-июнундагы N20/7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)   

4. ПРБОну берүүнүн тартиби  

 4.1. Ар бир банкта ПРБОнун мазмуну толук берилгендиги, белгиленген мөөнөттө сунушталышы жана туура толтурулушу үчүн жооп берген кызматкер дайындалууга тийиш. Бул кызматкерге ПРБОдо камтылган маалыматка тиешелүү бардык маселелер боюнча Улуттук банк менен өз ара иш алып баруу жана отчетторду электрондук форматта берүүдө бир нече кызмат адамдарынын кол тамгасы коюлуучу отчетторду ички макулдашуу үчүн да жоопкерчилик жүктөлөт. 

Банктын жетекчилиги жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган отчеттор үчүн толук жоопкерчилик тартат. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)   

4.2. ПРБО Улуттук банкка ушул Жобого карата 2-тиркемеде келтирилген формада жана Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы № 25/6 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын электрондук цифралык кол тамга ачык ачкычын тастыктоо борбору катары иш алып баруусу жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, ар бир отчет үчүн белгиленген мөөнөттө, электрондук байланыш системасы (маалымат сакталган электрондук каражаттар) аркылуу жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлуп берилүүгө тийиш.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)   

4.3. Жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган электрондук форматтагы отчеттор Улуттук банкка белгиленген мөөнөттөрдө сунушталат. 

(экинчи абзац Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 67/8 токтомуна ылайык алынып салынган)   

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 16-декабрындагы N49/8, 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 67/8, 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)   

4.4. ПРБОнун 1-37-бөлүктөрүнүн электрондук версиялары Улуттук банкка берилет. Мында ПРБОнун 19-37-бөлүктөрүнүн электрондук версиялары электрондук кол тамгалар менен коштолууга тийиш. ПРБОнун бардык бөлүктөрүнө карата белгиленген форматтагы коштомо каттарга да электрондук кол тамгалар коюлууга жана электрондук форматта берилүүгө тийиш.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы  

N 67/8, 2013-жылдын 26-июнундагы N20/7, 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)   

4.5. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчетто кандайдыр бир дал келбестиктер, каталар табылса, толук эмес маалымат берилсе же болбосо формалар туура эмес толтурулса, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү банкка финансылык отчетто төмөнкү саптарга чагылдыруу менен отчетту корректировкалоо зарылчылыгы жөнүндө маалымдайт: 

- ар күндүк жана ар жумалык отчет үчүн 2 жумуш күнү ичинде; 

- ар айлык отчет үчүн 10 жумуш күнү ичинде; 

- чейректик отчет үчүн 10 жумуш күнү ичинде; 

- жарым жылдык отчет үчүн 15 жумуш күнү ичинде; 

- жылдык отчет үчүн 30 жумуш күнү ичинде. 

Жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган, корректировкаланган электрондук форматтагы отчеттор Улуттук банкка: күндө берилүүчү жана жумалык отчеттор 2 жумуш күнү ичинде, калган бардык отчеттор 5 жумуш күнү ичинде берилүүгө тийиш.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы  

N 67/8, 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-2-(НПА), 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 2022-П-12/20-1-(НПА) токтомдорунун редакциясына ылайык)   

4.6. Улуттук банк тарабынан ПРБО боюнча эч кандай сын-пикирлер билдирилбеген же болбосо Улуттук банктын сын-пикирлеринен кийин кайрадан оңдолуп чыккан жана банктын коштомо каты менен тастыкталган ПРБО Улуттук банк тарабынан кабыл алынган болуп эсептелинет.   

4.7. Коммерциялык банктардын областтар боюнча жайгашкан филиалдары башкы банк тарабынан консолидацияланган ПРБО берилгенден кийин отчеттук чейректен кийинки айдын 15ине чейинки мөөнөттө, Улуттук банктын тиешелүү областтык (регионалдык) башкармалыгына ПРБОнун төмөнкү бөлүктөрүнө тиешелүү маалыматты (электрондук) чейрек сайын берип турууга тийиш

1-бөлүк. Баланстык отчет 

A. Активдер 

Б. Милдеттенмелер 

2-бөлүк. Пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчет:     

А. Пайыздык кирешелер 

Б. Пайыздык чыгашалар 

В. Пайыздык эмес кирешелер 

Г. Пайыздык эмес чыгашалар 

Д. Операциялык жана административдик башка чыгашалар  

2.А. Банк тарабынан «ислам терезеси» алкагында жүзөгө ашырылган операциялар боюнча пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчет.   

29-бөлүк. Депозиттер, кредиттер жана колдонулган пайыздык чендер жөнүндө отчет:  

А. «Кредиттер боюнча карыз» 

Б. «Бир мезгил ичинде берилген кредиттер» 

В. «Депозиттердин көлөмү» 

Г. «Бир мезгил ичинде кабыл алынган депозиттер» 

Коммерциялык банктардын филиалдары төмөнкү отчеттордун электрондук версиясын кошумча жөнөтүүгө милдеттүү:  

33-бөлүк. Бир ай ичиндеги кассалык жүгүртүүлөр тууралуу отчет  

34-бөлүк. Бир жума ичиндеги кассалык жүгүртүүлөр жөнүндө отчет..   

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы 

N 67/8, 2020-жылдын 23-декабрындагы №2020-П-12/73-10-(НПА), 2021-жылдын 15 декабрындагы № 2021-П-12/70-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)    

4.8. 31-декабрга карата абал боюнча ПРБО жылдык отчет болуп саналат жана Улуттук банкка ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык сунушталат. 

4.9. Тышкы аудиттин жыйынтыгы боюнча жылдык ПРБОдо корректировкалар бар болсо, ошол өзгөртүүлөр киргизилген отчеттун формасын кайсы бөлүгүндө өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндө түшүндүрмө менен сунушталат. Корректировкаланган отчеттор көз карандысыз аудитордук компаниянын корутундусун алгандан кийин 15 жумуш күндүн ичинде Улуттук банкка сунушталат.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 67/8, 2019-жылдын 27-декабрындагы №2019-П-12/68-2-(НПА), 2020-жылдын 23-декабрындагы №2020-П-12/73-10-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)     

4.10. Дем    алыш күндөрү жана майрам күндөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Улуттук банк жана коммерциялык банктар үчүн жумуш күнү деп жарыяланган жана сунуш кылынган күндөр үчүн маалыматтар, ошол күндөрү банк иштегенине же иштебегенине карабастан, ПРБОдо камтылууга жана белгиленген мөөнөттөрдө берилүүгө тийиш. Мында, сом эквивалентинде чет өлкө валютасындагы маалыматтарды камтыган отчеттор Улуттук банктын отчет түзүү күнүнө карата белгиленген расмий курсун пайдалануу менен түзүлүүгө тийиш.   

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы №2022-П-12/78-9-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

4.11. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет белгиленген формада жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлуп берилүүгө тийиш.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-2-(НПА) токтомуна ылайык алынып салынган)   

4.12. ПРБОдо отчеттук датага карата банктын иш жагдайы тууралуу так маалыматтарды камтылышы зарыл. Ай сайын, чейрек сайын жана жылдык ПРБОдо банктын жагдайынын туура чагылдырылышы банктын Директорлор кеңешинин төрагасы же төрага жок болгон учурда анын милдетин аткаруучу Директорлор кеңешинин мүчөсү, банк Башкармасынын Төрагасы, башкы бухгалтери жана отчеттун даярдалышына түздөн-түз жетекчилик кылган банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан тастыкталууга тийиш.   

4.13. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 67/8 токтомуна ылайык алынып салынган)   

5. Корутунду жоболор  

 5.1. Маалыматты өз убагында бербегендиги жана/же такталбаган маалыматты бергендиги, ошондой эле ПРБОну талапка ылайык толтурбагандыгы үчүн банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.    

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 67/8 токтомунун редакциясына ылайык)   

   

 Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө жобонун №1 тиркемеси