Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2019-жылдын 28-июнундагы
№ 2019-П-12/34-4-(НПА)
токтому менен бекитилген
«Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө»
Жобо
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-12/39-1-(НПА), 2020-жылдын 23-декабрындагы №2020-П-12/73-10-(НПА), 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 2022-П-12/20-1-(НПА), 2022-жылдын 14-декабрындагы №2022-П-12/78-9-(НПА) токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жобо банктык топтордун жана алардын аффилирленген жактарынын ишине консолидацияланган негизде көзөмөл жүргүзүү максатында иштелип чыккан.
2. Жобонун максатында төмөнкү аныктамалар колдонулат:
Банктык топ:
- Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган банктан жана анын туунду жана/же караштуу компанияларынан, ошондой эле алардын аффилирленген жактарынан турган топ;
- Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банк анын туунду жана/же караштуу компанияларынын биринен болуп саналган банктык холдингдик компаниялардан турган топ;
- банктык жана/же финансылык иш менен алектенген, ошондой эле контролдукту бир же ошол эле юридикалык жак же жеке адам өз алдынча же башка адамдар (жактар) менен биргеликте жүзөгө ашырган банкты камтыган юридикалык жактар тобу.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы №2020-П-12/78-9-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
Банктык холдингдик компания – банк анын туунду компаниясы же туунду жана/же караштуу компанияларынын бири болуп саналган башкы компания, ошондой эле банктык топко (башкаруучу компания) кирген, туунду жана/же караштуу компанияларды (катышуучуларды) тескөөгө алуу максатында гана башкы компания тарабынан түзүлгөн компания. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана банктык топко кирген банктык холдингдик компаниялар акционердик коом формасында болууга тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы №2020-П-12/73-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
Туунду банк – бул, башка банк же башка юридикалык жак (башкы компания) тарабынан контролдукка алынуучу банк. Туунду банктын туунду банкы да башкы компаниянын туунду банкы катары каралат.
Караштуу банк – бул, кайсы бир жак өз алдынча же башка жактар менен биргеликте добуш берүүгө укук чегерген акциялардын 20 (жыйырма) пайызынан көбүрөөгүн түздөн-түз же кыйыр түрдө тескөөгө алган банк.
Банктык топтун катышуучусу – банктык топтун курамына кирген юридикалык жак.
Банктын филиалы – бул, банктын ал жайгашкан жерден башка жерде жайгашкан, юридикалык жак болуп саналбаган, банктын атынан банк операцияларынын бардыгын же алардын бөлүгүн жүзөгө ашырган жана банк тарабынан ыйгарылган ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барган обочо орун алган түзүмдүк бөлүмү (чет өлкө банкынын филиалын эске албаганда).
Банктын туунду компаниясы – бул, банк (башкы компания) тарабынан контролго алынуучу юридикалык жак. Туунду банктын туунду компаниясы да башкы компаниянын туунду компаниясы катары каралат.
Контролдук – өз алдынча же башка жактар менен биргеликте:
1) акционердик коомдун добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын же акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын 50 (элүү) пайызынан көбүрөөгүнө түздөн-түз же кыйыр түрдө ээлик кылуу же тескөөгө алуу; же
2) юридикалык жактын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн кеминде тең жарымын дайындоо мүмкүнчүлүгү; же
3) юридикалык жактын капиталына катышууга көз карандысыз ошол юридикалык жактын жетекчилигине же саясатына түздөн-түз же кыйыр түрдө аныктоочу таасирин тийгизүү мүмкүнчүлүгү.
Банк менен байланыштуу жактар түшүнүгүн, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында чагылдырылган мааниде түшүнүү зарыл.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы №2020-П-12/73-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
Банктын караштуу компаниясы – банк өз алдынча же башка жактар менен биргеликте добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын 20 (жыйырма) же андан ашкан пайызына же юридикалык жактын капиталында үлүшкө түздөн-түз же кыйыр түрдө ээлик кылган жана тескөөгө алган юридикалык жак.
3. Олуттуу катышуучуну, караштуу компанияны аныктоо жана контролдоо максатында:
1) бир жактын караштуу компаниясы болуп саналган же бир жактын контролдугуна алынган компаниянын ээлигиндеги акциялар ошол жактын кыйыр ээлигинде турган катары каралат жана ошол жакка тиешелүү болгон акциялардын жалпы санын аныктоодо аталган жактын түздөн-түз ээлигинде турган акцияларга бириктирилет;
2) ошол жакка жана анын жакын туугандарына (жарандык мыйзамдарга ылайык биринчи жана экинчи кезектеги мураскерлерге) таандык болгон акциялар, ошол жакка түздөн-түз таандык болгон акция катары каралат.
4. Банктык топтор ар кандай түзүмгө ээ болушу мүмкүн. Бул банктык топтун катышуучуларына, ошондой эле башкы банктын/холдингдик компаниянын же Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен тышкары жайгашкан банктык топко кирген банкка жараша аныкталат.
5. Консолидацияланган көзөмөлдүк банктык топтун түзүмүнө жараша жүзөгө ашырылат. Улуттук банк консолидацияланган көзөмөлдүк талаптары колдонулбаган учурларды белгилөөгө укуктуу.
6. Улуттук банк төмөнкүдөй түзүмдөргө ээ болгон банктык топторго карата консолидацияланган негизде көзөмөлдүктү жүргүзөт:
1) № 1 түзүм: Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган банктан/банк эмес финансы-кредит уюмунан, анын туунду жана/же караштуу компанияларынан (банк эмес/финансылык эмес) жана банктардан турган топ (1-тиркеме);
№1 түзүмдөгү топторго консолидацияланган көзөмөл ушул Жободо көрсөтүлгөн бардык талаптарды жана чектөөлөрдү колдонуу (банктык топтун капиталы, банктык топ үчүн белгиленген экономикалык ченемдер боюнча), ошондой эле сапаттуу баа берүү факторлоруна (банктык топто орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдукту жөнгө салуу, банктык топту корпоративдик башкаруу ж.б) таянуу менен жүргүзүлөт.
2) № 2 түзүм: Кыргыз Республикасынын резиденти эмес банкынан/банк эмес финансы-кредит уюмунан/банктык холдингдик компаниядан - Кыргыз Республикасынын резиденти эмесинен, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан банк анын туунду жана/же караштуу компанияларынын биринен болгон топ. Бул түзүм эл аралык банктык топтун курамы менен мүнөздөлөт (2-тиркеме).
Улуттук банк башкы банктын/холдингдик компаниянын деңгээлинде натыйжалуу банктык көзөмөлдүктү камсыз кылуу максатында банктык топтун катышуучулары орун алган өлкөнүн тиешелүү банктык көзөмөл органдары менен байланышты жөнгө салуу аркылуу топтун ишине таасирдүү көзөмөлдүктү камсыз кылат.
Консолидацияланган негизде банктык топтун ишин жөнгө салуу жана ар тараптан көзөмөлдөө максатында, топ түзүлгөн өлкө менен кабыл алган өлкөнүн көзөмөл органдары ортосунда кызматташуу келишими түзүлөт.
Чет өлкө көзөмөл органдары менен консолидацияланган көзөмөл боюнча кызматташуунун алкагында Улуттук банк банктык купуялуулукту (сырды) камтыган маалыматтарды кошо алганда, тиешелүү маалыматтар менен алмашууга, талап боюнча максаттуу текшерүүлөрдү (анын ичинде биргелешкен) жүргүзүүгө жана өз ара консультацияларды өткөрүүгө, ошондой эле колдонулуп жаткан таасир этүү чаралары тууралуу маалымдоого укуктуу.
№ 2 түзүмдөгү топко карата тиешелүү маалыматтарды (башкы компаниялар, алардын баланстары, кирешелер жөнүндө отчетторун, банк менен байланыштуу жактар тууралуу маалыматтарды ж.б) чечмелеп берүү талабы коюлат.
3) № 3 түзүм: Холдингдик компания/юридикалык жак/жеке адам жетектеген банктан/банк эмес финансы-кредит уюмунан жана юридикалык жактардан турган топ (3-тиркеме).
Улуттук банк, өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун алкагында финансылык иш чөйрөсүнүн же башка финансылык эмес иш багытына тартылган банк анын катышуучусунан болгон топтордун (катышуучулары трансформациялануу процессинин чегинде микрофинансылык компаниядан банкка өзгөртүп түзүлгөн топтор) ошондой эле, финансылык иштин кыйла кеңири чөйрөсүнө же финансылык эмес башка иш багытына тартылган башка компанияларды да контролдука алган холдингдик компания/ юридикалык жак/жеке адам тарабынан жетекчиликке алынган топтордун ишине көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат. Бул топторго карата талаптар анын курамына жана банктык топтун тиешелүү түзүмгө чегерилишине жараша белгиленет ( № 2 же № 3)
Улуттук банк, иш багытынын чөйрөсүн иликтеп түшүнүү жана ага талдап- иликтөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле банктык топко таасир этүү мүнөзүн аныктоо максатында талаптарды, анын ичинде финансы-кредит уюмдары, ошондой эле банктык эмес жана/же финансылык эмес ишкердикти жүзөгө ашырган башка жактар курамына кирген топтор боюнча зарыл маалыматтарды алуу талабын белгилеши мүмкүн.
Ушул максатта банктык топко же анын катышуучуларына карата олуттуу (тике же кыйыр) таасир эте алган башка жактар консолидацияланган отчетту түзүү максатында өз иш багыты боюнча отчетту аларга сунуштап турууга милдеттүү. Улуттук банк финансы-кредит уюмдарынын финансылык абалына таасир этүүнү аныктаган кайсы болбосун маалыматты (топтун түзүмү, топтун катышуучуларынын негизги иш боюнча маалыматтарды кошо алганда, топтун катышуучулары боюнча тиешелүү маалыттар, топтун катышуучуларынын финансылык отчеттору, алардын иши боюнча маалыматтар, топ ичиндеги операциялар боюнча маалыматтар) талап кылышы ыктымал.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 2022-П-12/20-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ушул жобонун талаптары, атайын топтун түзүмүн көрсөткөн өзүнчө талаптарды эске албаганда, банктык топтордун түзүмүнүн бардык түрүнө таркатылат.
8. Эгерде, банк жана/же финансылык ишкердик менен алектенген юридикалык жактардын тобунда башка компания жок болсо, анда ыйгарым укуктуу жак контролдоочу жактын (банктык жана/же финансылык иш менен алектенген) Улуттук банка макулдашылган тиешелүү чечими боюнча консолидацияланган отчеттун жана тиешелүү маалыматтардын Улуттук банка берилиши боюнча милдеттерди аткарат.
9. Банктык топ консолидацияланган отчетту жана өз иш багыты боюнча маалыматтарды Улуттук банк тарабынан ушул жободо, «Мезгил-мезгил менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө» жободо банктык топтун катышуучуларына – Кыргыз Республикасынын резидент эместерине карата маалыматтарды белгиленген тизме боюнча, аныкталган формада, көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө, ырааттуу чечмелөө менен Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү.
10. Консолидацияланган отчетторду берүү талабы 100% мамлекеттик үлүш менен коммерциялык банктарга катышкан мамлекеттик органдарга жана банктык топко катышкан болсо Улуттук банкка таркатылбайт.
11. Улуттук банк ошондой эле, финансылык абалга, тобокелдиктерди тескөө системасына, корпоративдик башкаруунун сапатына кошумча баа берүү жана көзөмөлдүккө алуунун башка максаттарында, анын ичинде такталбаган/толук эмес маалыматтардын берилгендиги негиздемелери боюнча ушул жободо көрсөтүлгөн отчеттордо камтылбаган, банктык топко жана анын катышуучуларына тиешелүү маалыматтардын берилишин талап кылууга укуктуу.
12. Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчету Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүлөт. Банктык топтун башында турган банк, же банктык холдингдик компания, анын ичинде Кыргыз Республикасынын резиденти болбогон башкы/башкаруучу компания (банктык холдингдин башкаруучу компаниясы) аудитордук фирманын (аудитордун) корутундусу менен тастыкталып, мыйзамдарда белгиленген тартипте бекитилгенден кийин өзүнүн консолидацияланган бухгалтердик отчетторун жана пайда жана чыгымдар жөнүндө консолидацияланган отчетторун жыл сайын жарыялап турат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы №2020-П-12/73-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
13. Жылдык консолидацияланган финансалык отчет да жыл сайын жарыяланып турууга тийиш. Аудитордук корутунду консолидацияланган жылдык финансалык отчет менен бирге жарыяланат. Консолидацияланган жылдык финансылык отчет менен кызыкдар жактардын бардыгы тааныша алышы үчүн отчет банктын расмий интернет-сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштырылат.
Банктык топтун же банктык холдингдик компаниянын (резидент) башында турган банк отчетторду сайтта мезгил аралыгы боюнча хронологиялык тартипте жайгаштырып, отчеттун аталышын, отчет түзүлгөн мезгил аралыгын, Улуттук банкка сунушталган күндү, отчет жарыяланган басылманын аталышын, номерин жана жарыяланган күнүн, ошондой эле банктын сайтында жарыяланган күндү, кызыкдар болгон жактар аны менен тааныша алган күндү көрсөтүүгө тийиш. Кызыкдар болгон жактар консолидацияланган жылдык финансылык отчет менен кеңири тааныша алышы үчүн отчет банктын сайтында кеминде үч жыл аралыгында жайгаштырылып турууга тийиш.
Банктык топтун же банктык холдингдик компаниянын башында турган банк – Кыргыз Республикасынын резидент эмеси (банктык холдингдик компаниянын башкаруучусу) отчетту банктын сайтында жана/же башка интернет каражаттарында бардык кызыкдар жактардын отчет менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында жарыяланат.
14. Банктык топтун же банктык холдингдик компаниянын башында турган банк кызыкдар болгон бардык жактар отчет менен тааныша алуусу үчүн мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу жагында кандайдыр бир башка аракеттерди көрүүгө ниеттенсе, ал отчет жарыяланган буклеттерди, чакан китепчелерди жана басылмаларды таркатышы мүмкүн. Буклеттерде, чакан китепчелерде жана башка басылмаларда отчеттор банктын сайтында же жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылгандан бир топ убакыттан кийин жарыяланат. Банк буклеттерде, чакан китепчелерде жана башка басылмаларда отчеттун Улуттук банкка сунушталган күндү, банктын сайтынын дарегин, сайтка жарыяланган күндү, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган күндү көрсөтөт.
2-глава. Банктык топтордун иши
§1. Банктык топтордун ишинин ачык айкындуулугу
15. Банктык топко кирген компаниялар банктык жана/же финансылык ишти, ошондой эле банктык холдингдик компанияларга (катышуучулары микрофинансылык компаниядан трансформациялануу процессинин алкагында банкка өзгөртүп түзүлгөн банктык топторду эске албаганда) байланыштуу учурларда топтун катышуучуларынын акцияларына ээлик кылууну кошо алганда, банктык жана/же финансылык ишке байланыштуу ишти гана жүзөгө ашыра алат.
16. Улуттук банк кайсы болбосун учурда контролдоочу жактан жана банктын олуттуу катышуучуларынан, банктык топтун кайсы болбосун башка катышуучусунан жана банк менен жалпы кызыкчылыктарга ээ жактардан төмөнкүлөрдү аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды талап кылууга укуктуу:
- банктык топтун же банктык холдингдик компаниянын, анын ичинде башкы/башкаруучу компаниянын жана банктын топтун катышуучуларынын башында турган банктын финансылык абалын, тобокелдиктерди тескөө системасынын деңгээлин жана корпоративдик башкаруу сапатын;
- банктык холдингдик компаниянын, анын ичинде башкы/башкаруучу компаниянын туунду банкка таасир этүү деңгээлин;
- контролдоочу жактарды жана/же башка жактарды (жеке адамдарды жана юридикалык жактарды);
- банктык топ жана анын катышуучулары тарабынан жүргүзүлгөн иш багытын;
- банктык топтун жана анын катышуучуларынын финансылык абалын;
-банктык топко жана анын катышуучуларына мүнөздүү болгон тобокелдиктер түрүн;
- банктык топко мүнөздүү тобокелдиктерди тескөө системасын;
- банктык топтун катышуучулары ортосунда ишкердик, финансылык жана башка өз ара мамилелерди.
Улуттук банк банктык холдингдик компаниядан, анын ичинде башкы/башкаруучу компаниядан же банктык топтун кайсы болбосун катышуучусунан кошумча маалыматтарды талап кылышы мүмкүн. Бул учурда бардык зарыл маалыматтар Улуттук банк тарабынан банк/банктык эмес финансы-кредит уюумдары жана/же банктык холдингдик компаниядан же банктык топтун кайсы болбосун катышуучусунан түздөн-түз талап кылынат.
17. Кайсы болбосун жеке адам же юридикалык жак, эгерде алар өз алдынча же башка жактар менен биргелешип, мыйзамдарга ылайык банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууга же аны ажыратып алууга ниеттенген болсо, алар Улуттук банктан алдын ала уруксат алууга милдеттүү.
Банктык жана/же финансылык иш, ошондой эле банк жана/же финансылык ишке байланыштуу болбогон ишкердик менен алектенбеген юридикалык жактар өз алдынча же башка жактар менен биргеликте төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыра албайт:
- банктын добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын (кайсы түрү болбосун) жыйырма пайызынан көбүрөөгүнө тике же кыйыр түрдө ээлик кылууга же тескөөгө алууга;
- же, банктын уставдык капиталына катышуудан көз карандысыз, келишимдин негизинде же башка негиздер боюнча ошол банктын жетекчилигине жана/же саясатына олуттуу таасир этүүгө.
18. Улуттук банктын уруксаты ошондой эле, банктын акцияларын кошумча сатып алуунун же башка бир негиздер боюнча кайсы болбосун жеке адам же юридикалык жак тике же кыйыр түрдө банктын олуттуу катышуучусу болуп, тике же кыйыр ээлик кылууну же чектүү катышууну тескөөгө алса же банкты контролдоочу жак болуп калган шартта талап кылынат.
19. Банктын акцияларын сатып алууга билдирме берүүдө Улуттук банкка Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын, «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык тиешелүү маалыматтар сунушталууга тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы №2020-П-12/73-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
20. Банктык топтун катышуучусу болуп саналган банк өз ишин банктык топтун калган катышуучуларынан көз карандысыз жүзөгө ашырат.
21. Банктык топтун башында турган банк, банктык холдингдик компания же юридикалык жактар тобун контролдогон башкы/башкаруучу компания колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык бүтүндөй банктык топтук иши талапка ылайыктуулугу үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.
22. Банктык топтун, банктык холдингдик компаниянын же юридикалык жактар тобун контролдогон башкы компаниянын/ башкаруучу компаниянын башында турган банктын байкоочу жана аткаруу органы банктык топтун бардык катышуучулары ортосунда зарыл маалыматтар менен алмашууну камсыз кылууга тийиш.
23. Башкы компания (анын ичинде Кыргыз Республикасынын резидент эмеси), Улуттук банктан лицензияланган туунду жана/же караштуу банктын ишине терс/олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон фактылар же жагдайлар орун алган шартта, ошол фактылар же жагдайлар аныкталган учурдан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде мындай жагдайларды четтетүү боюнча чаралар камтылган кат жүзүндөгү билдирүүнү Улуттук банкка жөнөтөт.
Эскертүү: Бул жерде терс жана/же олуттуу таасир дегенден улам, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарын бузууга алып келиши мүмкүн болгон фактыларды же жагдайларды же болбосо Улуттук банктан лицензияланган банк ишиндеги өзгөрүүлөрдү түшүнүү зарыл.
24. Башкы банкка маалымдалбай же белгиленген мөөнөттөн кечиктирилип маалымдалган шартта Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан туунду жана/же караштуу банкка жана анын башкы компаниясына (Кыргыз Республикасынын резидентине) карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.
Башкы компания эгерде, Улуттук банктан лицензия алган туунду жана/же караштуу банктын ишине терс жана/же олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон фактылар же жагдайлар орун алган шартта, аларды өз учурунда четтетүү жана андан ары ага жол бербөө максатында ал тууралуу Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан туунду жана/же караштуу банкка маалымдоого тийиш.
Улуттук банктан лицензия алган туунду жана/же караштуу банк башкы компаниядан жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты алган учурда, ал тууралуу маалымат алгандан кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка кат жүзүндө билдириши зарыл.
25. Банктык топко катышуунун натыйжасында Улуттук банктан лицензия алган банктын финансылык абалына коркунуч келип чыкса, банк 2 (эки) жумуш күнү ичинде мындай жагдайды четтетүүгө багытталган чараларды көрсөтүү менен ал тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдайт.
§2. Тобокелдиктерди тескөө жана банктык топтогу ички контролдук
26. Банктык топтун катышуучулары өз ишинде топтун кайсы болбосун катышуучусуна же бүтүндөй банктык топтун финансылык туруктуулугуна коркунуч жараткан тобокелдиктерди өзүнө албоого тийиш.
27. Банктык топ тобокелдикти тескөө системасын жана банктык топтун ишине шайкеш ички контролдукту жөнгө салууга тийиш. Кыргыз Республикасынын аймагында катталган банктын, банктык топту жетектеген банктык холдингдик компаниянын же юридикалык жактар тобун контролдогон башкы/башкаруучу компаниянын мыйзамда каралган акционерлердин укуктарын ишке ашыруу тартиби, анын ичинде акционерлер жыйынында катышууга ишеним кат берүү тартиби, башкаруунун байкоо органдарына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алуу тартиби боюнча маселелерди жана акционерлердин жалпы жыйынын компетенциясына кирген башка маселелерди жөнгө салган, Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички документтери болууга тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-12/39-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
28. Банктык топ (№1 түзүмдөгү) Улуттук банктын ири тобокелдиктер, консолидацияланган негизде инвестициялар өлчөмүнө карата чектөөлөрүн так сактоого, ошондой эле тобокелдиктерди минималдаштыруу жана чектөөлөр боюнча башка талаптарды аткарууга тийиш.
29. Банктык топтун ишинде келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө саясатында төмөнкүлөр камтылышы зарыл:
1) банктык топтордун башкаруу органы тарабынан бекитилген саясаттарга ылайык банктык топтор өзүнө алган тобокелдиктерди шайкеш тескөөгө алуу;
2) банктык топтордун ишинде орун алган тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон капитал деңгээлинин колдоого алынышын камсыз кылган ченемдерди;
3) бүтүндөй банктык топтун ишин камтыган тобокелдиктерди тескөө системасына ылайык жоболорду.
30. Ички контролдук системасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) капиталдын банктык топ өзүнө алган тобокелдиктерге карата жетиштүүлүгүнө баа берүүнү аныктаган, орун алган тобокелдиктерге шайкеш механизмдерди;
2) отчет берүү жана топ ичинде тобокелдиктерди аныктоо, ага баа берүү, мониторинг жүргүзүү жана операцияларды жүргүзүү жол-жоболорун.
31. Банктык топтун, бактык холдингдик компаниянын башында турган банк же юридикалык жактар тобун контролдогон башкы/башкаруучу компания банктык топтор тарабынан Улуттук банктын тобокелдиктерди тескөө системасына карата талаптарынын так сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.
32. Катышуучулары финансылык ишкердикти (банктык эмес) жүзөгө ашырган банктык топ ири кредиттик тобокелдиктерди, ликвиддүүлүк тобокелдигин, инвестициялык, валюталык жана топко кирген банктардын ишине мүнөздүү болгон башка тобокелдиктерди чектөө саясаттарын жана жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш.
33. Финансылык ишкердикти (банктык эмес) жүзөгө ашырган банктык топтун катышуучулары саясаттар жана жол-жоболор боюнча түшүндүрмөлөрдү банктык холдингдик компаниянын же банктын топтун башында турган банктын жылдык отчетторунда камтууга тийиш.
34. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарынын топко кирген банк (банктар) тарабынан бузууга жол берилишине бөгөт коюу жана келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында финансылык ишкердикти (банктык эмес) жүзөгө ашырган банктык топтордун катышуучуларынын саясаттарына жана жол-жоболоруна оңдоолордун киргизилишин талап кылышы мүмкүн.
35. Банк, банктык топтун катышуучусу акча каражатын тартуу учурунда башкы компаниядан, банктык топтун катышуучусунан же башка чет өлкө компаниясынан/банктык топтун катышуучусунан акча каражатын тартуу боюнча түзүлгөн тиешелүү келишимде, Улуттук банкка келишим токтотулганга чейинки 30 (отуз) жумуш күнү мурда ал тууралуу милдеттүү түрдө маалымдоо шартын караштырууга тийиш. Мында, Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган банктык топтун катышуучусу анын демилгечисинен болушу мүмкүн.
§3. Банктык топту корпоративдик башкаруу
36. Банктык топтун, бактык холдингдик компаниянын же Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан банктык топко кирген кайсы болбосун контролдукка алынган финансы-кредит уюмун кошо алганда, юридикалык жактар тобун контролдогон башкы/башкаруучу компаниянын кызмат адамдары, байкоочу жана аткаруу органдарынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык кынтыксыз ишкердик абройго ээ болууга тийиш.
Ошондой эле, банктык топтун, банктык холдингдик компаниянын же Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган кайсыл болбосун финансы-кредит уюмдарын кошо алганда, юридикалык жактар тобун контролдогон башкы/башкаруучу компаниянын кызмат адамдары, байкоочу жана аткаруу органдарынын мүчөлөрү Улуттук банк тарабынан кызмат адамдары үчүн белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш.
37. Банктык холдингдик компания/башкы/башкаруучу компаниянын байкоочу жана аткаруу органынын мүчөлөрү, олуттуу катышуучулар, тике же кыйыр түрдө контролдукка алган жактар алар менен байланыштуу болгон башка жактар боюнча маалыматтарды «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо талаптарына ылайык, дайындалган кызмат адамдарынын ишкердик аброюна жана ишенимдүүлүгү тиешелүү маалыматтар менен бирге сунуштоого тийиш.
Банктык холдингдик компания - Кыргыз Республикасынын резиденти жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды кызмат адамдары дайындалгандан кийинки 30 (отуз) жумуш күн ичинде Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.
Банктык холдингдик компания - Кыргыз Республикасынын резидент эмеси жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды кызмат адамдары дайындалгандан кийинки 40 (кырк) жумуш күн ичинде Улуттук банкка сунуштоого тийиш.
38. Тиешелүү жак төмөнкү учурларда банктык холдингдик компаниянын - Кыргыз Республикасынын, Улуттук банктын көзөмөлүндүгүнө алынган резидентинин байкоочу органынын мүчөсүнөн боло албайт:
1) эгерде ал кынтыксыз ишкердик абройго ээ болбосо же андан ажыратылса;
2) эгерде ал Улуттук банк тарабынан банктардын (банктык топтун, банктык холдингдик компаниянын же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактар тобун контролдогон башкы/башкаруучу компаниянын) кызмат адамдары үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп бербесе.
39. Банктык топтун, банктык холдингдик компаниянын башында турган банк же юридикалык жактар тобун контролдукка алган башкы/башкаруучу компаниянын байкоочу жана аткаруу органдары анын туунду/караштуу банктарынын, ошондой эле туунду/караштуу компанияларынын оптималдуу башкаруу түзүмүн аныктоо максатында, банктык топтун жалпы саясаттарын жана стратегияларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. Ал эми бул, бүтүндөй банктык топтун ишине натыйжалуу жана ырааттуу контролдукту жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.
40. Банктык топтун, банктык холдингдик компаниянын башында турган банктын же юридикалык жактар тобун контролдукка алган башкы/башкаруучу компаниянын байкоочу органы төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
1) Улуттук банкка банктык топтун түзүмү, топтун катышуучуларынын негизги иш багыты боюнча маалыматтарды кошо алганда, банктык топтун катышуучулары жөнүндө маалыматтарды банктык холдингдик компаниянын байкоочу органы тарабынан бекитилиген, банктык топтун тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдук саясаттары, анын катышуучуларын контролдоочу жактар, банктык топко айкын контролдукту жүзөгө ашырган жактарга тиешелүү маалыматтарды, топтун катышуучуларынын финансылык абалы боюнча маалыматтарды сунуштоого;
2) Улуттук банкка банктык топту, банктык холдингдик компаниянын келерки үч жылдык мезгил ичинде өнүктүрүү боюнча бекитилген саясатты сунуштоого;
3) банктык топтун ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктердин ордун жабуу, топтун жөнгө салуучу, рыноктук жана стратегиялык керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн банктык топту шайкеш капиталдаштыруу саясатын иштеп чыгуу жана бекитүү;
4) банктык топтун катышуучуларына жана алардын иш багытына байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерди аныктоо жана аларды тескөөгө алуу саясатын иштеп чыгуу жана бекитүү;
5) банктык топтун катышуучулары менен операциялар боюнча тиешелүү лимиттерди белгилөө;
6) банктык топ тарабынан мыйзам талаптарынын сакталышына жана ички саясаттардын талаптарынын аткарылышына контролдукту жүргүзүү;
7) банктык топтун бардык катышуучулары ортосунда тиешелүү маалыматтардын талаптагыдай алмашуусун камсыз кылуу;
8) банктык топко кирген банктардын аманатчыларын жана банктык топтун башка кредиторлорунун коопсуздугун, иш алып баруунун ишенимдүүлүгүн жана алардын кызыкчылыгынын корголушун камсыз кылуу.
41. Банктык топтун, банктык холдингдик компаниянын башында турган банктын же болбосо юридикалык жактар тобун контролдукка алган башкы/башкаруучу компаниянын байкоочу органы корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу максатында банктык топтун катышуучуларынын бардык иш багытын жүзөгө ашырууда стратегиялык максаттардын жана мыйзам талаптарынын так сакталышы, топтун катышуучуларынын ишинде келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге баа берүү көз карашынан, ички контролдуктун шайкештигине текшерүүнү жүргүзүүнү камтыган талаптарды да белгилеши мүмкүн.
42. Банктык топтун, банктык холдингдик компаниянын башында турган банктын же болбосо юридикалык жактар тобун контролдукка алган башкы/башкаруучу компаниянын байкоочу жана аткаруу органдары банктык топтун катышуучуларынын ишине таасир этиши мүмкүн болгон тобокелидктерди аныктап билүүгө, демек, алардын ишине талаптагыдай контролдукту жүргүзүүгө тийиш. Аткаруу органы чейрек ичинде кеминде бир жолу, ал эми зарылчылык келип чыккан шартта, банктык холдингдик компаниянын же банктык топтун башында турган банктын жана ошол топко кирген жактардын ишинде орун алып жаткан тобокелдиктер, аларды өз учурунда четтетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу дароо маалымдап турууга тийиш.
43. Банктык холдингдик компания Аудит боюнча комитетти түзүшү мүмкүн.
§4. Банктын туунду жана караштуу компанияларына карата талаптар
44. Банк туунду же караштуу компанияларды түзүшү же сатып алышы мүмкүн. Мында, банктык холдингдик компаниянын же Улуттук банктан лицензия алган банктын туунду жана/же караштуу компаниялар аларга контролдукту жүзөгө ашырган же катышкан юридикалык жактар туунду жана/же караштуу компанияларды түзүүгө жана/же сатып алууга укугу жок.
45. Банк тарабынан туунду же караштуу компанияны түзүү жана/же сатып алуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ишке ашырат.
46. Туунду же караштуу компанияны түзүү же сатып алуу банктык топтун уюштуруу түзүмүнүн ачык-айкындуулугуна доо кетирбөөгө тийиш.
47. Эгерде, сатып алынып же түзүлүп жаткан компания финансы секторун көзөмөлдөө органы тарабынан (анын ичинде чет өлкө) жөнгө салынууга тийиш болсо, анда билдирмеде ошол компания түзүлгөн өлкөдөгү көзөмөлдөө режимине тиешелүү маалыматтар камтылууга тийиш. Сатып алынып же түзүлүп жаткан компания түптөлгөн өлкөнүн мыйзамдарында же иш тажрыйбасында Улуттук банктын маалымат талап кылуусуна тоскоолдук жараткан нормалар камтылган болсо, анда Улуттук банк компанияны сатып алууга же түзүүгө уруксат берүүдөн баш тарта алат.
Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган негиздер боюнча туунду же караштуу компанияны сатып алууга/түзүүгө банктын укугу жок.
Мындан тышкары, төмөндө көрсөтүлгөн жагдайлар да туунду же караштуу компанияны түзүүдөн же сатып алуудан баш тартуу үчүн негиз болуп саналат:
1) банктын финансылык жана/же уюштуруучулук мүмкүнчүлүктөрү компания сатып алууга же түзүүгө инвестицияны колдоо үчүн жетишсиз болсо же ал банкты жана/же банктык топту олуттуу тобокелдиктерге дуушар кылса;
2) кабыл алган өлкөдө/түзүлгөн өлкөдө натыйжалуу иштеген таасирдүү көзөмөлдүк, анын ичинде консолидацияланган негизде банктык көзөмөл камсыз кылынбаса;
3) эгерде туунду компанияны түзүү же сатып алуу консолидацияланган натыйжалуу көзөмөл жүргүзүүгө жана/же жөнгө салуу чараларын колдонуу жагында ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруусуна Улуттук банкка тоскоолдуктарды жаратса.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы №2020-П-12/73-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
48. Чет өлкө туунду же караштуу компаниясын түзүп же сатып алып жаткан банк төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш:
1) ушул жобонун талаптарын аткаруусу үчүн зарыл болгон бардык маалыматтардын туунду же караштуу компания тарабынан банкка берилишин;
2) Улуттук банктын банктык топтун түзүмүнүн ачык-айкындуулугуна тиешелүү талаптарынын бузулушуна алып келиши ыктымал болгон башка жактар менен жалпы кызыкчылыктардын түптөлүшүнө бөгөт коюуну.
49. Эгерде, алардын негизинде банк түзүүгө уруксат берүүдөн баш тартууга себеп болгон фактылар маалым болуп же туунду же караштуу компания Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында уруксат берилбеген ишкердикке тартылгандыгы айкын болсо, Улуттук банк туунду же караштуу компанияларды түзүү же сатып алууга берген макулдугун кайтарып алышы мүмкүн.
50. Берилген уруксат кайтарылып алынган шартта банк, Улуттук банк тарабынан аныкталган мөөнөт ичинде туунду компаниянын ага тиешелүү болгон акцияларын банк менен байланыштуу болбогон жактарга сатууга тийиш.
51. Улуттук банктын уруксаты менен банк чет өлкөдө филиал ачышы мүмкүн. Банктын чет өлкөдө филиал ачуусуна уруксат берүү тартиби «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого ылайык белгиленет.
3-глава. №1 түзүмгө кирген банктык топко карата талаптар.
§1. Банктын топтун капиталы
52. Банктык топ, топтун бардык катышуучуларынын күтүүсүз келип чыгышы ыктымал болгон чыгымдарынын жана жоготууларынын ордун жабууга жетиштүү тиешелүү капитал деңгээлине ээ болууга тийиш.
53. Банктык топтун катышуучулары, топко кирген банктар, демек алардын чарбалык ишинде келип чыгышы ыктымал болгон кесепеттүү жагдайлардан коргоону караган капитал шайкештигин камсыз кылуу боюнча саясаттарды жана жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш.
54. Банктык топтун жана анын катышуучуларынын капиталы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келүүсү зарыл. Банктык топтун катышуучулары ушул талаптардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.
55. Банктык топтун, банктык холдингдик компаниянын башында турган банк же юридикалык жактар тобун контролдогон башкы/башкаруучу компания, топтун капиталынын шайкештиги боюнча байкоочу орган тарабынан бекитилген саясатты, анын ичинде топтун капиталынын шайкештигине баа берүү ыкмасын иштеп чыгууга тийиш.
56. Улуттук банк инспектордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө капиталдын шайкештиги боюнча тиешелүү саясаттардын жана жол-жоболордун иштелип чыккандыгын жана анын талаптары так сакталып жаткандыгын текшерүүгө укуктуу.
57. Улуттук банк, банктык топко кирген банктардын коргоого алынышын камсыз кылуу максатында, капитал шайкештигин камсыз кылуу боюнча саясаттарга жана жол-жоболорго өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун киргизилишин талап кылышы мүмкүн.
58. Эгерде, топтун капиталы банкты коргоого алуу үчүн жетишсиз экендиги жана анын банктык топко катышуусунан улам, банктын финансылык абалына терс таасирин тийгизиши ыктымалдыгынын олуттуу тобокелдиги орун алып жаткандыгы же банктык топтун иши Улуттук банктын талаптарын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын аткаруу үчүн ачык-айкын эместиги аныкталган шартта, Улуттук банк банктан кошумча капитал салууну талап кылып же капитал шайкештиги боюнча кыйла жогорулатылган экономикалык ченемдерди белгилеши мүмкүн.
59. Банктык топтун, банктык холдингдик компаниянын башында турган банк же юридикалык жактар тобун контролдогон башкы/башкаруучу компания өз капиталына же анын кайсыл болбосун туунду же караштуу компанияларынын капиталына олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон бардык фактылар же жагдайлар тууралуу Улуттук банкка милдеттүү түрдө маалымдоого тийиш.
§2. Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдер
60. Улуттук банк банктык топ милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон төмөнкүдөй экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилейт:
1) суммардык капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти;
2) бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү;
3) ликвиддүүлүк ченеми;
4) банктык топтун ишинде келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди басаңдатуу жана топко кирген банктардын аманатчыларынын таламдарын коргоо үчүн зарыл болгон башка ченемдер жана талаптар.
61. Банктык топтун суммардык капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К) 12 пайыздан кем болбоого тийиш. Улуттук банк орун алган тобокелдиктерге жана топтун системага таасир этүүчү маанилүүлүгүнө баа берүүнүн негизинде, суммардык капиталдын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) минималдуу коэффициенти боюнча кыйла жогорулатылган талапты белгилеши мүмкүн.
Суммардык капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталынын суммасынын жана банктык топтун катышуучуларынын өздүк капиталынын (өздүк каражаттарынын) банктык топко кирген коммерциалык банктын тобокелдик деңгээли боюнча таразаланып алынган баланстык активдеринин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелеринин жана банктык топтун катышуучуларынын суммардык активдерине карата катышы катары аныкталат жана төмөнкү формула боюнча эсептелинет:
К = СК / СА х 100%, мында:
СК - бул, банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталынын жана банктык топтун катышуучуларынын өздүк капиталынын (өздүк каражаттарынын) суммасы;
СА - бул, банктык топтун катышуучуларынын суммардык активдеринин суммасы жана банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын тобокелдик деңгээли боюнча таразаланган, банктын туунду жана/же караштуу компанияларга инвестицияларын кемитүү менен (минуска чыгаруу) алынган баланстык активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер суммасы.
Банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталы жана тобокелдик деңгээли боюнча таразаланып алынган баланстык активдери жана баланстан тышкаркы милдеттенмелери «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо жөнүндө» нускоого ылайык аныкталат. Мында, банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталын эсептөөдө банктык топтун катышуучуларынын уставдык капиталына инвестициялар эске алынбайт.
Банктык топтун катышуучуларынын капитал өлчөмү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык аныкталат.
Эгерде, банктын топтун катышуучусуна карата өздүк капитал өлчөмүн эсептөөнүн өзгөчө тартиби белгиленбеген болсо, анда банктык топтун катышуучусунун капиталы бухгалтердик эсепке алуунун жана финансылык отчетту түзүүнүн белгиленген ченемдерине ылайык, анын активдери менен милдеттенмелери ортосундагы айырма катары аныкталат.
62. Консолидацияланган капиталды эсептөө.
Банктык топтун консолидацияланган капиталында үлүштү, азчылыкты түзгөндөр жана туунду компаниялар тарабынан чыгарылган, ушул Жободо, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү стандарттарын аныктоо жөнүндө» нускоонун жоболорунда чагылдырылган жол-жоболорго жана принциптерге ылайык эсептелген башка капиталды камтыйт.
63. Консолидацияланган капиталды эсептөө максатында, консолидацияланган камсыздандыруу компанияларынын банктык топтун консолидацияланган капиталында камсыздандыруу компанияларына инвестициялар банктык топтун консолидацияланган капиталына кирбейт.
64. Туунду компаниялардын-резидент эместердин капитал инструменттери, «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары үчүн капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо жөнүндө» нускоодо белгиленген критерийлерге ылайык келген шартта гана консолидацияланган капиталда таанылат.
Мында туунду компаниялардын - резидент эместердин капиталынын инструменттеринин талапка ылайык экендиги, банктын Директорлор кеңеши тарабынан кат жүзүндө тастыкталышы зарыл.
Туунду компаниялардын - резидент эместердин капиталынын инструменттеринин Улуттук банктын талаптарына ылайык келишин тастыктаган, орун алган өлкөнүн мыйзам талаптарына ылайык күбөлөндүрүлгөн бардык юридикалык документтер банктарда сакталуу менен Улуттук банктын талабы боюнча берилүүгө тийиш.
65. Банктын туунду компанияларында азчылыкты түзгөн акционерлердин үлүшү, ошол туунду компаниялардагы азчылыктын тиешелүү үлүшү «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо жөнүндө» нускоодо көрсөтүлгөн критерийлерге жооп берген шартта гана, банктын биринчи деңгээлдеги консолидацияланган капиталында таанылат.
66. Азчылыкты түзгөндөрдүн банктын биринчи деңгээлдеги консолидацияланган капиталында таанылышы мүмкүн болгон үлүшү, биринчи деңгээлдеги капиталдын критерийлерине жооп берген туунду компаниялардын капиталы менен алардын мыйзам талаптарына ылайык, мындай капиталга карата коюлуучу минималдуу талаптардан үлүшү ортосундагы айырма болуп саналган сумманы эсептеп алып салуу менен миноритардык акционерлердин үлүшүнүн суммасы катары эсептелинет.
67. Жобонун 65-пунктунда көрсөтүлгөн капиталды кошо алганда, үчүнчү жактардын банктын туунду компанияларындагы үлүшү, эгерде алар «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо жөнүндө» нускоодо белгиленген критерийлерге жооп берген шартта, банктын биринчи деңгээлдеги консолидацияланган капиталында таанылат.
68. Банктын туунду компанияларындагы азчылыкты түзгөндөрдүн үлүшү жобонун 65, 66, 67-пункттарында көрсөтүлгөн капиталды кошо алганда, «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо жөнүндө» нускоодо белгиленген критерийлерге жооп берген шартта банктын биринчи жана экинчи деңгээлдеги консолидацияланган капиталында таанылат.
Экинчи деңгээлдеги консолидацияланган капиталда таанылуучу сумма жана банктык топтун суммардык капиталы биринчи деңгээлдеги консолидацияланган капиталды эсептөө үчүн белгиленген тартиптегидей эле эсептелинет.
69. Ликвиддүүлүк ченеми 45 пайыздан төмөн болбогон деңгээлде колдоого алынышы зарыл.
Ликвиддүүлүк ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:
ЛА = ЛА/О, мында:
ЛА - банктык топтун катышуучуларынын ликвиддүү активдеринин суммасы, ага төмөнкүлөр кирет:
- банктын, банктык топко катышуучунун «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобого ылайык аныкталган банктын ликвиддүү активдери;
- банктык топтун катышуучусунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган, өзүндө акча каржаттарын жана күрөөгө коюлгандарды эске албастан, баа берүү учурунан кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде акча каражаттарына айландырылышы мүмкүн болгон баалуу кагаздарды камтыган ликвиддүү активдери.
О - банктык топтун катышуучуларынын милдеттенмелеринин суммасы, аларга ликвиддүүлүк ченемин эсептөө үчүн төмөнкүлөр кирет:
- банктын, банктык топтун катышуучусунун «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобого ылайык аныкталган милдеттенмелери;
- банктык топтун катышуучусунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган, алар боюнча эсептешүүлөр отчеттук күндөн кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде келип жеткен милдеттенмелер.
Банкка же банктык топтун катышуучулары ортосунда ликвиддүү активдерди өткөрүп берүүгө тоскоолдук кылган жагдайлар орун алган шартта ошол катышуучунун ликвиддүү активдеринин ликвиддүүлүк ченеминин ордун жабуу үчүн зарыл болгон анын ликвиддүү активдеринин суммасынан ашкан суммадагы үлүшү банктык топтун ликвиддүүлүк ченемин эсептөөдө банктык топтун ликвиддүү активдеринен алынып салынат.
70. Банктык топтун бир карыз алуучусуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (МР) төмөндө көрсөтүлгөн маанилерден ашпоого тийиш:
- банктык топко байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү - 15%;
- банктык топко байланыштуу болгон бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү - 10%.
Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (МР) ченеми төмөнкүчө эсептелинет:
МР = СЗ/К х 100%, мында:
СЗ – бир карыз алуучунун банктык топтун катышуучулары тарабынан ага сунушталган бардык активдер боюнча өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча чогуу алгандагы карызы, жалпы карызы :
- кредиттер (төлөө мөөнөтүнө карабастан);
- факторинг;
- финансылык ижара;
- банктар аралык жайгаштыруулар;
- капиталга инвестициялар;
- карыздык милдеттенмелер формасындагы инвестициялар;
- алууга каралган пайыздар;
- маани-маңызы карыз боюнча кредитти алмаштыруучу болуп саналган карыз алуучуга тике же кыйыр түрдө берилген каражаттардын кандай болбосун башка түрү;
- ошол карыз алуучуга берилген баланстан тышкаркы милдеттенмелер суммасы (гарантиялар, аккредитивдер, кредиттерди берүүгө милдеттенмелер);
- катышуучунун үчүнчү тарапка карата кандай болбосун тобокелдиги, ал ошол карыз алуучу тарабынан талашсыз гарантияланууга тийиш;
- мурда эсептен алынып салынган кредиттер, анын ичинде пайыздар. Ар бир карыз алуучунун кредиттик делосунда, анын жана ага байланыштуу жактардын мурда эсептен алынып салынган кредиттери жана пайыздарына тиешелүү, төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтар көктөлүүгө тийиш: карыз алуучунун жана ага байланыштуу жактарынын аты-жөнү, эсептен алынган кредиттер жана пайыздар суммасы аларды эсептен алуу себептери жана эсептен алынган күн;
К - банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталынын жана банктык топтун катышуучуларынын өздүк капиталынын (өздүк каражаттарынын) суммасы.
Банктык топко байланыштуу болгон бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн сактоо төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
- карыз алуучу банктык топтун курамына кирген болсо;
- карыз алуучу банкка жана/же банктык топтун катышуучусунун аффилирленген жагына байланыштуу болсо;
- биргелешип иш алып баруу келишими же биргелешип иш алып баруу келишиминин белгилерин камтыган башка документ боюнча башка карыз алуучу менен байланыштуу болгон учурда;
- юридикалык жактардын - карыз алуучулардын башкаруу органдары кабыл алган чечимге тике же кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) таасир этүүгө жөндөмдүү жак болсо.
71. Компаниялар, анын ичинде банктык топко кирген банктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тиешелүү талаптарды жана экономикалык ченемдерди аткарууга тийиш.
72. Экономикалык ченемдерди аткаруу жана орун алган тобокелдиктерди басаңдатуу үчүн банктык топко Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында белгиленген экономикалык ченемдер жана талаптар боюнча максималдуу чектен төмөн, ал эми минималдуу чектен жогору болууга тийиш болгон ички чектерди белгилөө сунушталат.
73. Банк, банктык топтун катышуучусу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берүү максатында кайсыл бир жак менен бүтүмдөргө келише албайт жана/же операцияларды жүзөгө ашыра албайт:
- банк менен байланыштуу болгондордун же банктык топтун катышуучусунун аффилирленген жагы алдындагы милдеттенмелерди төлөө;
- банк менен байланыштуу болгондордон же банктык топтун катышуучуларынын аффилирленген жагынан кандайдыр бир мүлктү сатып алуу;
- банктык топтун катышуучусунун аффилирленген жагы тарабынан эмитирленген баалуу кагаздарды сатып алуу;
- банктын финансылык абалынын начарлашына алып келиши мүмкүн болгон операцияларды жүзөгө ашыруу/бүтүмдөргө келишүү.
Банкка жана/же банктык топтун катышуучуларынын биринин аффилирленген жагына байланыштуу болгондор банк жана/же банктык топтун ар бир катышуучусунун аффилирленген жагына байланыштуу болгондор катары таанылат.
74. Банктык холдингдик компания же банктык топтун башында турган банк, банктык топтун катышуучулары тарабынан талаптардын жана экономикалык ченемдерди аткарылышын камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.
§3. Отчеттор, ошондой эле №1 түзүмгө кирген банктык топ тарабынан сунушталуучу маалыматтар
75. Банктык топтун консолидацияланган отчеттунда төмөнкүлөр камтылат:
- мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет;
- банктык топтун консолидацияланган финансылык отчету;
- тобокелдиктер боюнча консолидацияланган негизде түзүлгөн отчеттор.
76. Банктык топтун, банктык холдингдик компаниянын башында турган банк же башкы компания «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө» жободо белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчетту Улуттук банкка сунуштап турууга милдеттүү.
77. Банктык топтун, банктык холдингдик компаниянын башында турган банк же башкы компания «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобого ылайык финансылык отчетту түзүп, аны Улуттук банктын кароосуна сунуштоого тийиш.
78. Банктык топтун, банктык холдингдик компаниянын башында турган банк же башкы компания көз карандысыз аудитордук компания тарабынан тастыкталган (аудитордук текшерүүнү жүргүзүү мыйзам талаптарына ылайык милдеттүү болуп саналбаган учурларды эске албаганда), банктык топтор жана банктык холдингдик компаниялар үчүн ички контролдуктун шайкештигине баа берүүнү камтыган консолидацияланган жылдык финансылык отчетту өз алдынча жана отчеттук жыл аяктагандан кийинки 180 (жүз сексен) күндөн кечиктирбестен (банктык топтор - Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн), Улуттук банкка сунуштоого тийиш.
Жылдык консолидацияланган финансылык отчет отчеттук мезгил үчүн сунушталып, ага банктык холдингдик компаниянын же банктык топтун башында турган банктын байкоочу органынын, аткаруу органынын төрагасы жана башкы бухгалтери кол коюуга тийиш.
79. Консолидацияланган отчет менен бирге топтун ар бир катышуучусунун (Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери) ишине тиешелүү финансылык отчеттор чейректик негизде Улуттук банкка сунушталып турат.
80. Банктык топ жыл сайын консолидацияланган негизде тобокелдиктер боюнча отчетту жылдык консолидацияланган финансылык отчет менен бирге сунуштап турат.
Тобокелдиктер боюнча консолидацияланган отчетто банктык топторго мүнөздүү тобокелдиктер, аларга баа берүү жана тескөө жол-жоболору боюнча маалыматтар чечмеленип берилиши зарыл:
1) банктык топтор деӊгээлинде тобокелдиктерин тескөө боюнча милдеттер түзүмү жана схемасы, банктын, банктык холдингдик компаниянын же банктык топтун башында турган башкы компаниянын байкоочу органына, аткаруу органына маалымдоо процесси;
2) банктык топтун тобокелдиктерди тескөө жагындагы, анын ичинде тобокелдиктин ар бир түрү боюнча стратегиясы жана саясаты (мисалы, кредиттик, рыноктук, операциялык, пайыздык чен тобокелдиги, ликвидүүлүк тобокелдиги жана башкалар);
3) отчеттордун жана/же тобокелдиктерди өлчөө системасынын камтуу чөйрөсү жана мүнөзү, атап атйканда тобокелдиктерге дуушарлануу жагдайы боюнча отчеттор көлөмү жана алардын негизи маани-маңызы;
4) тобокелдиктерди тескөөгө алуу милдетинин көз карандысыздыгын камсыз кылган жол-жоболордун кабыл алууну кошо алганда, банктык топтун ишинде келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди басаңдатуу жана аларды тескөө системасынын таасирин күчөтүү;
5) тобокелдиктерди хеджирлөө жана анын деңгээлин басаңдатуу саясатын, ошондой эле тобокелдиктерди хеджирлөө же басаңдатуу интрументтеринин таасирдүүлүгүнө туруктуу көз салып туруу стратегияларын жана процесстерин;
6) банктык топтордун стресс-тестирлөөнү колдонуу жол-жобосу, стресс сценарийлерди колдонуу ыкмаларын чечмелөө.
81. Банктык топ же анын катышуучулары контролдогон же контролдоочу таасирге ээ болгон юридикалык жактар консолидацияланган отчетту түзүү максатында өз ишине тиешелүү отчетторду аларга сунуштап турууга милдеттүү.
4-глава. Отчеттор, ошондой эле жана №2 түзүмгө кирген банктык топ тарабынан сунушталуучу маалыматтар
82. Банктык топтун консолидацияланган отчетторунда төмөнкүлөр камтылат:
- топтордун түзүмү боюнча отчет;
- банктык топтун консолидацияланган финансалык отчету;
- тобокелдиктер боюнча консолидацияланган негизде кабыл алынган отчеттор;
- банктык топтунк атышуучулары ортосунда келишилген бүтүмдөр боюнча отчет.
83. Банктык топтун, банктык холдингдик компаниянын башында турган банк же банктык топтун катышуучусунан болгон банк төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган топтун түзүмү боюнча отчетту жыл сайын жана топтун түзүмүнүн өзгөрүшүнө жараша сунуштап турат:
1) топтун катышуучулары боюнча маалыматты;
2) банктык топтун түзүмү боюнча маалыматты, анын ичинде ар бир катышуучу боюнча маалыматты, топтун барыдк катышуучуларынын башкаруу органдарынын курамын көрсөтүү менен схема катары түзүлгөн маалыматты;
3) банктык холдингдик компаниянын аталышын, ээлик кылуу пайызын, топтун ар бир катышуучусу тартылган иш багытынын түрүн көрсөтүү менен бардык туунду жана караштуу компаниялар тууралуу маалыматтарды кошо алганда, банктык топтун иш чөйрөсүнө тиешелүү маалыматтарды;
4) банктык холдингдик компаниянын, анын ичинде башкы компаниянын - Кыргыз Республикасынын резидент эмесинин жана бардык туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялардын акционерлери, үлүштөрү жана түпкү менчик ээлери тууралуу маалыматтар;
5) ушул Жободо белгиленген көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө байкоочу органдын жана аткаруу органынын мүчөлөрү, олуттуу катышуучулар, тике же кыйыр түрдө контролдукту жүзөгө ашырган жактар, алар менен байланыштуу жактар боюнча маалыматтарды, ошондой эле уюштуруу документтерине, уставга, туунду же караштуу компаниялардын түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү, алардын иш чөйрөсүн кеңейтүү, банктын туунду компанияларынын туунду компанияларынын түзүлгөндүгү жана/же сатылып алынгандыгы тууралуу маалыматтарды кошо алганда туунду же караштуу компанияларда кызмат адамдарын алмаштырууга тиешелүү малыматтар, чечим кабыл алынгандан кийинки 30 (отуз) күндөн кечиктирилбестен сунушталууга тийиш;
6) ушул Жобого карата 4-тиркеменин талабына ылайык банктык топ менен аффилирленген жана байланыштуу болгон жактар тууралуу маалыматтар.
84. Банктык топтун, банктык холдингдик компаниянын башында турган банк же банктык топтун катышуучусунан болгон банк Улуттук банкка көз карандысыз аудитордук компания тарабынан тастыкталган (аудитордук текшерүүнү жүргүзүү мыйзам талабына ылайык милдеттүү болбогон учурларды эске албаганда) жылдык консолидацияланган финансылык отчетту өз алдынча жана консолидацияланган негизде сунуштайт. Анда банктык топтор жана банктык холдингдик компаниялар үчүн ички контролдуктун шайкештигине баа берүү камтылат. Көз карандысыз аудитордук компания тарабынан тастыкталган жылдык отчет орун алган өлкөнүн башкы/башкаруучу компаниясынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө өз алдынча жана консолидацияланган негизде берилет.
Жылдык консолидацияланган финансылык отчет отчеттук мезгил үчүн сунушталууга тийиш жана ага банктык холдингдик компаниянын же банктык топтун башында турган банктын байкоочу органынын же аткаруу органынын төрагасы жана башкы бухгалтери кол коет.
85. Консолидацияланган отчет менен бирге топтун ар бир катышуучусунун (Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери) ишине тиешелүү финансылык отчеттор жылдык негизде Улуттук банкка сунушталып турат.
86. Банктык топ жыл сайын консолидацияланган негизде тобокелдиктер боюнча отчетту жылдык консолидацияланган финансылык отчет менен бирге Улуттук банкка сунуштап турат.
Тобокелдиктер боюнча консолидацияланган негизде даярдалган отчетто банктык топторго мүнөздүү тобокелдиктер, аларга баа берүү жана тескөөнү уюштуруу жол-жоболору боюнча маалыматтар чечмеленип берилиши зарыл:
1) банктык топтордун деӊгээлинде тобокелдиктерди тескөө боюнча милдеттер түзүмү жана схемасы, банктын, банктык холдингдик компаниянын же банктык топтун башында турган башкы компаниянын байкоочу органына, аткаруу органына маалымдоо процесси;
2) банктык топтун тобокелдиктерди тескөө жагындагы, анын ичинде тобокелдиктин ар бир түрү боюнча стратегиясы жана саясаты (мисалы, кредиттик, рыноктук, операциялык, пайыздык чен тобокелдиги, ликвидүүлүк тобокелдиги жана башкалар);
3) отчеттордун жана/же тобокелдиктерди өлчөө системасынын камтуу чөйрөсү жана мүнөзү, атап айтканда тобокелдиктерге дуушарлануу жагдайы боюнча отчеттор көлөмү жана алардын негизги маани-маңызы;
4) тобокелдиктерди тескөөгө алуу милдетинин көз карандысыздыгын камсыз кылган жол-жоболорду кабыл алууну кошо алганда, банктык топтун ишинде келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди басаңдатуу жана аларды тескөө системасынын таасирин күчөтүү;
5) тобокелдиктерди хеджирлөө жана анын деңгээлин басаңдатуу саясатын, ошондой эле тобокелдиктерди хеджирлөө же басаңдатуу инструменттеринин таасирдүүлүгүнө туруктуу көз салып туруу стратегияларын жана процесстерин;
6) банктык топтордун стресс-тестирлөөнү колдонуу жол-жобосу, стресс сценарийлерди колдонуу ыкмаларын чечмелөө.
87. Банктык топтор консолидацияланган отчетунда ошондой эле, төмөнкүлөр ортосунда келишилген бүтүмдөр боюнча маалыматтар да камтылат (чейректик негизде):
- Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан банк /банк эмес финансы –кредит уюмдары жана алардын башкы/туунду/караштуу компаниялары ортосунда;
- Кыргыз Республкасынын аймагында иштеп жаткан банк/банк эмес финансы-кредит уюму жана анын туунду/караштуу компаниялары ортосунда.
88. Банктык топ же анын катышуучулары контролдогон же контролдоочу таасирге ээ болгон юридикалык жактар консолидацияланган отчет түзүү максатында өз ишине тиешелүү отчетторду аларга сунуштап турууга милдеттүү.
5-глава. Отчеттор, ошондой эле № 3 түзүмгө кирген банктык топ тарабынан сунушталуучу маалыматтар
89. Банктык топтун консолидацияланган отчетторунда төмөнкүлөр камтылат:
- топтордун түзүмү боюнча отчет;
- банктык топтун консолидацияланган финансылык отчету;
- тобокелдиктер боюнча консолидацияланган негизде кабыл алынган отчеттор.
90. Банктык топтун, банктык холдингдик компаниянын башында турган банк же банктык топтун катышуучусунан болуп саналган банк төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган топтун түзүмү боюнча отчетту жыл сайын жана топтун түзүмүнүн өзгөрүшүнө жараша сунуштап турат:
1) топтун катышуучулары боюнча маалыматты;
2) банктык топтун түзүмү боюнча маалыматты, анын ичинде ар бир катышуучу боюнча маалыматты, топтун бардык катышуучуларынын башкаруу органдарынын курамын көрсөтүү менен схема катары түзүлгөн маалыматты;
3) банктык холдингдик компаниянын аталышын, ээлик кылуу пайызын, топтун ар бир катышуучусу тартылган иш багытынын түрүн көрсөтүү менен бардык туунду жана караштуу компаниялар тууралуу маалыматтарды кошо алганда, банктык топтун иш чөйрөсүнө тиешелүү маалыматтарды;
4) банктык холдингдик компаниянын, анын ичинде башкы компаниянын - Кыргыз Республикасынын резидент эмесинин жана бардык туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялардын акционерлери, үлүштөрү жана түпкү менчик ээлери тууралуу маалыматтар;
5) ушул Жободо белгиленген көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө байкоочу органдын жана аткаруу органынын мүчөлөрү, олуттуу катышуучулар, тике же кыйыр түрдө контролдукту жүзөгө ашырган жактар, алар менен байланыштуу жактар боюнча маалыматтарды, ошондой эле уюштуруу документтерине, уставдарга, туунду же караштуу компаниялардын түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү, алардын иш чөйрөсүн кеңейтүү, банктын туунду компаниялар тарабынан туунду компаниялардын түзүлгөндүгү жана/же сатылып алынгандыгы тууралуу маалыматтарды кошо алганда туунду же караштуу компанияларда кызмат адамдарын алмаштырууга тиешелүү малыматтар, чечим кабыл алынгандан кийинки 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен сунушталууга тийиш;
6) ушул Жобого карата 4-тиркеменин талабына ылайык банктык топ менен аффилирленген жана байланыштуу болгон жактар тууралуу маалыматтар.
91. Банктык топтун, банктык холдингдик компаниянын башында турган банк же банктык топтун катышуучусунан болгон банк Улуттук банкка көз карандысыз аудитордук компания тарабынан тастыкталган ( аудитордук текшерүүнү жүргүзүү мыйзам талабына ылайык милдеттүү болбогон учурларды эске албаганда) жылдык консолидацияланган финансылык отчетту өз алдынча жана консолидацияланган негизде отчеттук жыл аяктагандан кийинки 180 (жүз сексен) күндөн кечиктирбестен сунуштайт (банктык топтор-Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн). Анда банктык топтор жана банктык холдингдик компаниялар үчүн ички контролдуктун шайкештигине баа берүүлөр камтылат. Резидент эместер үчүн – көз карандысыз аудитордук компания тарабынан тастыкталган жылдык отчет орун алган өлкөнүн башкы/башкаруучу компаниясынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө өз алдынча жана консолидацияланган негизде берилет.
Жылдык консолидацияланган финансылык отчет отчеттук мезгил үчүн сунушталууга тийиш жана ага банктык холдингдик компаниянын же банктык топтун башында турган банктын байкоочу органынын, аткаруу органынын төрагасы жана башкы бухгалтери кол коет.
92. Консолидацияланган отчет менен бирге топтун ар бир катышуучусунун (Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери) ишине тиешелүү финансылык отчеттор жылдык негизде Улуттук банкка сунушталып турат.
93. Банктык топ жыл сайын тобокелдиктер боюнча отчетту консолидацияланган негизде жылдык консолидацияланган финансылык отчет менен бирге Улуттук банкка сунуштап турат.
Тобокелдиктер боюнча консолидацияланган негизде даярдалган отчетто банктык топторго мүнөздүү тобокелдиктер, аларга баа берүү жана тескөөнү уюштуруу жол-жоболору боюнча маалыматтар чечмеленип берилиши зарыл:
1) банктык топтордун деӊгээлинде тобокелдиктерди тескөө боюнча милдеттер түзүмү жана схемасы, банктын, банктык холдингдик компаниянын же банктык топтун башында турган башкы компаниянын байкоочу органына маалымдоо процесси;
2) банктык топтун тобокелдиктерди тескөө жагындагы, анын ичинде тобокелдиктин ар бир түрү боюнча стратегиясы жана саясаты (мисалы, кредиттик, рыноктук, операциялык, пайыздык чен тобокелдиги, ликвидүүлүк тобокелдиги жана башкалар);
3) отчеттордун жана/же тобокелдиктерди өлчөө системасынын камтуу чөйрөсү жана мүнөзү, атап айтканда тобокелдиктерге дуушарлануу жагдайы боюнча отчеттор көлөмү жана алардын негизги маани-маңызы;
4) тобокелдиктерди тескөөгө алуу милдетинин көз карандысыздыгын камсыз кылган жол-жоболорду кабыл алууну кошо алганда, банктык топтун ишинде келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди басаңдатуу жана аларды тескөө системасынын таасирин күчөтүү үчүн байланыш каналдары;
5) тобокелдиктерди хеджирлөө жана/же алардын деңгээлин басаңдатуу саясатын, ошондой эле тобокелдиктерди хеджирлөө же басаңдатуу инструменттеринин таасирдүүлүгүнө туруктуу көз салып туруу стратегияларын жана процесстерин;
6) банктык топтордун стресс-тестирлөөнү колдонуу жол-жобосу, стресс сценарийлерди колдонуу ыкмаларын чечмелөө.
94. Банктык топ же анын катышуучулары контролдогон же контролдоочу таасирге ээ болгон юридикалык жактар консолидацияланган отчет түзүү максатында өз ишине тиешелүү отчетторду аларга сунуштап турууга милдеттүү.
95. Эгерде курамына банк кирген юридикалык жактар тобуна жеке адам контролдукту жүргүзгөн болсо, анда топтун катышуучусу болуп саналган банк жыл сайын топтун бардык катышуучуларынын финансылык отчетун жана банктын топтун катышуучулары менен келишкен бүтүмдөрүнө тиешелүү маалыматтарды Улуттук банкка сунуштайт.
6-глава. Банктык топтун катышуучуларына карата колдонулуучу чаралар
96. Банктык топтун кайсы болбосун катышуучусуна (жеке жана юридикалык жактарга) же анын кызмат адамына карата Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган талаптарга ылайык таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн.
Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары ушул жободо жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган негиздер боюнча, учурларда жана тартипте колдонулат. Улуттук банк таасир этүү чараларын колдонуунун максатка ылайыктуулугун, түрүн жана тартибин өз алдынча аныктайт.
Банктык топтун катышуучусуна (жеке жана юридикалык жактарга) же анын кызмат адамына карата төмөнкүдөй таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн:
- жазма буйрук;
- талап коюу;
- чектөөлөрдү белгилөө жана тыюу салуу;
- экономикалык ченемдерди жогорулатуу.
Улуттук банк тарабынан башка таасир этүү чаралары «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жободо каралган негиздер боюнча, белгиленген учурларда жана тартипте колдонулат:
1) Жазма буйрук
Банктык топко карата жазма буйрук Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктери, Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан колдонулат.
Жазма буйрукта Кыргыз Республикасынын анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын банктык топтун катышуучулары (банк, анын акционерлери жана кызмат адамдары) айкын шилтемелер, ошондой эле аларды четтетүү мөөнөтү көрсөтүлөт.
Аныкталган мыйзам бузууларга, ошондой эле банктын, банктык топтун иш туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө коркунуч жараткан тобокелдиктерге жараша жазма буйрукта төмөнкүдөй талаптар камтылышы мүмкүн:
а) орун алган кемчиликтерди четтетүү (кредиторлор, аманатчылар жана башкалар алдында милдеттенмелерди аткарууда милдеттүү ченемдердин маанилерин белгиленген деңгээлге ылайык келтирүү);
б) банктын жана бактык топтун ишин Улуттук банктын талаптарына келтирүү;
в) белгиленген иш-аракеттерди аткаруу, анын ичинде айрым операцияларды жүргүзүп/бүтүмдөргө келишүүдө банкта орун алган тобокелдик деңгээлин басаңдатуу/оптималдаштыруу.
Жазма буйрук банктык топтун же банктык холдингдик компаниянын башында турган банкка, анын ичинде башкы/башкаруучу компанияга - Кыргыз Республикасынын резидент эмесине, банктык топтун катышуучусуна тийиштүү болгон кемчилектер/бузуулар жөнүндө маалыматты, ошондой эле аны жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлүшү мүмкүн.
2) Талаптар, чектөөлөр жана тыюу салуулар. Улуттук банктын төмөнкү негиздемелер боюнча талаптарды коюп, чектөөлөрдү белгилеп же тыюу салышы мүмкүн:
а) аффилирленген жактар банктын финансылык туруктуулугуна, аманатчылардын кызыкчылыгына доо кетирген же ага кесепетин тийгизүүчү аныкталган кемчиликтерди жана иштеги мүчүлүштүктөрдү четтетүү боюнча Улуттук банктын талабына карата эч кандай чара көрбөсө;
б) банктын олуттуу катышуучусу, жүргүзүп жаткан иши же финансылык абалы банктын финансылык туруктуулугуна жана аманатчыларынын таламына кедергисин тийгизип жаткан же тийгизиши мүмкүн болгон контролдукка алынган компанияларга карата Улуттук банктын талабы боюнча тиешелүү чара көрбөсө;
в) Улуттук банктын баа берүүсү боюнча банктык топтун ишине башкы банк/компания жана/же чет өлкө көзөмөл органы тарабынан жетишсиз контролдук/ банктык топтун катышуучуларынын ишине көзөмөлдүк ашырылбай жаткандыгы жана бул орун алган тобокелдиктерди аныктап, аларды басаңдатууга өбөлгө түзбөй жаткан болсо;
г) Улуттук банк консолидацияланган негизде көзөмөлдүктү жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды ала албай жаткан болсо;
д) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган негиздер боюнча, анын ичинде:
- банкка жана банктык топтун катышуучуларына карата талаптагыдай консолидацияланган көзөмөл жүргүзүүгө тоскоолдуктар келип чыкса;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү бузууга жол берилсе.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы №2020-П-12/73-10-(НПА), 2022-жылдын 14-декабрындагы токтомдорунун редакцияларына ылайык)
97. Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу:
1) банктын туунду компаниясы менен байланыштуу болгон учурда банктан ошол компанияга кандай болбосун инвестицияларды сунуштоону токтотууга;
2) банктын аффилирленген жактарына байланыштуу болгон учурда - банктан жана/же аффилирленген жактардан мындай аффилирленген жактар менен банк ортосунда операцияларды, бутүмдөрдү (тике же кыйыр) жүргүзүүнү токтотууну талап кылууга;
3) банктык холдингдик компанияга байланыштуу болгон учурда - банктык холдингдик компаниядан банк ишине контролдукту токтотууну, анын ичинде тике же кыйыр түрдө акциялар боюнча добуш берүүнү токтотууну талап кылууга;
4) банктын олуттуу катышуучулары тарабынан контролдукка алынган компанияларга байланыштуу болгон учурда - олуттуу катышуучудан төмөнкүлөрдү талап кылууга:
а) банк ишине катышууну, токтотууну, анын ичинде тике же кыйыр түрдө акциялар боюнча добуш берүүнү убактылуу токтотууга;
б) банк менен олуттуу катышуучу жана/же банк менен анын олуттуу катышуучусу контролдогон компания ортосунда тике жана кыйыр түрдө операцияларды жүргүзүүнү, бүтүмдөргө келишүүнү токтотууга;
5) банктын туунду же караштуу компанияларына байланыштуу болгон учурда- банк өз инвестицияларынын деңгээлин, компания мындан ары банктын туунду же караштуу компаниясы болуп калбагандай деңгээлге чейин азайтышын талап кылууга;
6) банктык холдингдик компанияга байланыштуу болгон учурда - банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууга уруксатты жокко чыгарууга жана акциялардын тиешелүү топтомун сатууну талап кылууга;
7) банктын башкы компаниясынын туунду компаниясына байланыштуу болгон учурда - банктык холдингдик компания туунду компанияга же банкка контролдукту токтотушун талап кылууга;
8) банктын олуттуу катышуучусунан болуп саналган компанияларга байланыштуу болгон учурда - банк капиталына чектүү катышууну сатып алууга уруксатты жокко чыгарууга жана банкка олуттуу катышууну токтотууну талап кылууга;
9) банктын олуттуу катышуучулары контролдукка алган юридикалык жактарга байланыштуу болгон учурда – банкта олуттуу катышуучу болуу укугуна уруксатты жокко чыгарууга жана банкта олуттуу катышууну токтотууну талап кылууга. Улуттук банктын талаптарын чагылдыруу формасы - Улуттук банктын жазма буйруктары же Улуттук банк менен банктын аффилирленген жагынын ортосунда түзүлгөн кат жүзүндөгү келишим.
98. Ушул Жобонун 97-пунктунун 3-9-пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларда банктын акционерлеринин жыйынынын жана чечим кабыл алуу кворумунун эсептөөдө акциялар боюнча добуштар эске алынбайт. Эгерде мындай акциялар боюнча добуштардын саны орун алган маселе боюнча чечим кабыл алууга таасир эткен болсо, жогоруда көрсөтүлгөн чаралар колдонулган күндөн тартып мурда кабыл алынган чаралар анык эмес деп эсептелинет. Улуттук банктын талабы боюнча кемчиликтерге жол берген жак акциялардын тиешелүү топтомун белгиленген мөөнөт ичинде, аны менен байланыштуу болбогон жактарга сатууга милдеттүү. Эгерде бул талап аткарылбаса,Улуттук банк ошол жактын акцияларын мажбурлап ажыратып алуу өтүнүчү менен сотко кайрылышы мүмкүн.
99. Ушул Жобонун 97-пунктунун 1, 2, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларда, эгерде келишилген бүтүмдөр Улуттук банктын талаптарын бузуу менен ишке ашырылган болсо, анда мындай бүтүмдөр жараксыз болуп саналат. Улуттук банк анык эмес бүтүмдөрдү жараксыз катары таануу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу.
Банктык топко карата талаптар, чек коюу жана тыюу салуулар Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктери, Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан колдонулат.
Таасир этүү чараларын колдонуу чечими банктык топтун же банктык холдингдик компаниянын башында турган банкка, анын ичинде башка/башкаруучу компанияга – Кыргыз Республикасынын резидент эмесине, банктык топтун катышуучусуна тийиштүү болгон кемчилектер/бузуулар жөнүндө маалыматты, ошондой эле аны жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлүшү мүмкүн.
100. Экономикалык ченемдерди бузууга жол берилген же банктын жана банктык топтун Улуттук банктын минималдуу экономикалык ченемдерин жана талаптарын сактоодо банктын жана банктык топтун финансылык абалынын начарлоо тенденциясы байкалган учурда Улуттук банк банк жана банктык топ үчүн экономикалык ченемдердин жогорулатылган өлчөмүн белгилеши мүмкүн.
101. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети төмөнкүлөргө укуктуу:
1) капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттеринин ченемин жогорулатууга;
2) ликвидүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) жогорулатууга;
3) ачык валюта позициясынын жана чет өлкө валютасы, баалуу металлдар менен операция жүргүзүүдө олуттуу тобокелдиктин келип чыгышын алдын алуу же бөгөт коюу зарыл болгон учурда баалуу металлдагы позициялардын лимит өлчөмүн;
4) Улуттук банк тарабынан белгиленген башка экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү өзгөртүүгө.
5) Кызмат адамдарын четтетүүгө же бошотууга, башкаруу органын алмаштырууга.
Таасир этүү чараларын колдонуу чечими банктык топтун же банктык холдингдик компаниянын башында турган банкка, анын ичинде башка/башкаруучу компанияга – Кыргыз Республикасынын резидент эмесине, банктык топтун катышуучусуна тийиштүү болгон кемчилектер/бузуулар жөнүндө маалыматты, ошондой эле аны жөнгө салган ыйгарым укуктук мамлекеттик органга жөнөтүлүшү мүмкүн.
7-глава. Финансы секторунун көзөмөл органдары ортосунда өз ара иш алып баруу
102. Банктык топтун бөлүгү болуп саналган компания башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдүккө алынууга же жөнгө салынууга тийиш болсо, Улуттук банк жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган банктык топтун ишин ар тараптан жөнгө салуу жана аны көзөмөлдөө максатында кызматташып иш алып барууга тийиш.
103. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган банктык топтун же анын кайсы болбосун катышуучусунун колунда болгон жана ага тиешелүү болгон, ошондой эле төмөнкүлөргө өбөлгө түзгөн маалыматтарды Улуттук банкка сунуштап турууга тийиш:
- банктык топтун түзүмүн, контролдоочу жактарын, кызмат адамдарын аныктоого;
- банктык топтун кайсы болбосун катышуучусун ээлик кылуу, башкаруу түзүмүндө же уюштуру түзүмүндө келип чыккан, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жактыруусун же ага билдирилишин талап кылган өзгөрүүлөр боюнча;
- банктык топтун же банктык топтун катышуучусунун ишине жана саясатына тиешелүү маалыматтарды;
- банктык топтун жана анын катышуучуларынын финансылык абалына тиешелүү маалыматтарды (мында капитал шайкештигине, жалпы кызыкчылыкка ээ жактар менен операцияларга, топ ичиндеги тобокелдиктерге жана алынуучу пайдага өзгөчө көңүл буруу зарыл);
- банктык топтун катышуучуларынын башкаруу органдарынан маалыматтарды топтоо жана аларга текшерүүнү жүргүзүү жол-жобосуна тиешелүү маалыматтар;
- банктык топтун же банктык топтун катышуучусунун ишиндеги банктын – банктык топтун катышуучусунун ишине олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон операциялар, бүтүмдөр жана жагдайлар боюнча маалыматтарды;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын банктык топтун катышуучуларына карта көргөн чаралары жана санкцияларына тиешелүү маалыматтар;
- таасирдүү банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарга.
104. Улуттук банк консолидацияланган негизде көзөмөлдүктү жүргүзүү максатында, ошол ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан отчетторду жана башка материалдарын талап кылууга укуктуу. Улуттук банк ошондой эле, эгерде башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Улуттук банкка зарыл болгон маалыматка ээ болбосо же ошол ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сунушталган маалымат Улуттук банктын пикири боюнча жетишсиз болсо, банктык топтун катышуучуларынын ишине инспектрлөөнү жүргүзүүгө укуктуу. Жогоруда көрсөтүлгөн компаниялар жана алардын кызмат адамдары Улуттук банкка өз ыйгарым укугун банк жана анын кызмат адамдары талап кылган деңгээлде ишке ашыруусуна көмөктөшүүгө жана ага тоскоолдук жаратпоого милдеттүү.
105. Улуттук банк зарылчылык келип чыккан шартта, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көзөмөлдүккө алган банктык топтун катышуучусунун ишине жүргүзүлгөн текшерүү жыйынтыгы боюнча маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
«Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө»
жобого карата 1-тиркеме
«Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө»
жобого карата 2-тиркеме
«Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө»
жобого карата 3-тиркеме
«Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө» жобого карата 4-тиркеме |
|
|
|
|
|
||||||||||||
БАНКТЫК ТОПТУН АФФИЛИРЛЕНГЕН ЖАКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
____________________________________________________________________ Башкы компаниянын аталышы жана 2 же 3-топтун түзүмүнүн аталышы көрсөтүлөт |
|
|
|
|
|
||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
||||||
№ |
Аффилирленген жактын аталышы |
Банктык топтун катышуучусунун аталышы |
Аффилирленген жактын банктык топтун катышуучусу менен өз ара мамилесинин мүнөзү |
Банктык топтун катышуучуларына карата мамилеге жараша акцияларга/үлүшкө ээлик кылуу пайызы |
Аффилирленген жактын аталышы/аты-жөнү/негизги иши |
Эскертүү |
|
|
|
|
|
||||||
Банктык топтун катышуучусунан актив алган банктык топтун катышуучусунун аффилирленген жагынын аталышы көрсөтүлөт |
Банктык топтун катышуучусунун толук аталышы көрсөтүлөт |
Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзам ченемдерине ылайык көрсөтүү зарыл |
Ээлик кылуу пайызы/үлүшү көрсөтүлөт |
Аффилирленген жактын толук аталышы же аффилирленген жактын аты-жөнү; негизги иштин түрү көрсөтүлөт |
|
|
|
|
|
|
|||||||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|||||||||
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|||||||||
…. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|||||||||
n |
|
|
|
|
|
|
|
|
|||||||||
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын 16-беренесине ылайык төмөнкүлөр аффилирленген жак катары таанылат: - юридикалык жактын олуттуу катышуучулары; - бир эле юридикалык жак олуттуу катышуучу болуп саналган юридикалык жактар. |
|
|
|
|
|
||||||||||||
Кызмат орду _________________ Аты-жөнү _________________ Кол тамгасы ________________ |
|
|
|
||||||||||||||
БАНКТЫК ТОП МЕНЕН БАЙЛАНЫШТУУ ЖАКТАР ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТАР |
|||||||||||||||||
№ |
Банктык топ менен байланыштуу жактын аты-жөнү |
Банктык топтун катышуучу - компаниясында ээлеген кызмат орду |
Байланыштуу адамдын аты-жөнү |
Байланыштуулук деңгээлин ачык көрсөтүү |
Туугандык даражасы (ата-энеси, жолдошу/жубайы ж.б.) |
||||||||||||
|
Байланыштуу жактын аты-жөнү көрсөтүлөт |
Байланыштуу жактын кызматы көрсөтүлөт |
Байланыштуу жактын аты-жөнү көрсөтүлөт |
Байланыштуулук деңгээли көрсөтүлөт |
Байланыштуу адам менен тууганчылык даражасы көрсөтүлөт |
||||||||||||
1 |
|
|
|
|
|
||||||||||||
2 |
|
|
|
|
|
||||||||||||
3 |
|
|
|
|
|
||||||||||||
4 |
|
|
|
|
|
||||||||||||
5 |
|
|
|
|
|
||||||||||||
6 |
|
|
|
|
|
||||||||||||
… |
|
|
|
|
|
||||||||||||
n |
|
|
|
|
|
||||||||||||
Эскертүү: «байланыштуу жак» түшүнүгү Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын 52-беренесинде көрсөтүлгөн. |
|||||||||||||||||
Кызмат орду _________ аты-жөнү ________________ Кол тамгасы ________________ |