Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 20-июнундагы  

№ 2018-П-12/24-2-(НПА) токтомуна  

тиркеме 

Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө 

НУСКОО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА), 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 2020-П-12/67-2-(НПА), 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын банк системасынын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, аманатчылардын жана башка керектөөчүлөрдүн, кредиторлордун укугун коргоо, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат жана жөнгө салуу ченемдерин белгилейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Улуттук банктын көзөмөл системасы бири-бирин толуктап турган жана колдоого алган көзөмөл иш багытынын негизги эки түрүнөн - тышкы көзөмөлдүктү жана инспектордук текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруудан турат. 

3. Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө бул нускоо (мындан ары - Нускоо) коммерциялык банктардын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишине инспектордук текшерүүлөрдүн негизги максаттарын жана түрлөрүн аныктайт.  

Мындан тышкары нускоо банктарга, алардын ишине тышкы көзөмөлдүктү жана инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө карата коюлуучу милдеттүү талаптарды белгилейт. 

4. Бул нускоонун максаттары үчүн төмөнкү аныктамалар колдонулат: 

- банктар - Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит уюмдары, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы; 

- коммерциялык банктарга тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүк - бул, коммерциялык банктардын иш коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу максатында, алардын иш тажрыйбасында орун алышы ыктымал болгон негизги тобокелдиктерди аныктоо үчүн каралган көзөмөлдөө ыкмасы, демек, көзөмөлдүк коммерциялык банк ошол тобокелдиктерди кандай жөнгө салып жаткандыгына баа берүүгө багытталат (6-тиркеме); 

- куратор/институционалдык инспектор - ага жүктөлгөн функционалдык милдеттерге ылайык, анын жоопкерчилигине берилген көзөмөлдөө астындагы уюмдардын ишине банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырган Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкери; 

- мүнөздүү болгон тобокелдик - бул, кандай гана болбосун контролдук чаралары жок болгон шартта тобокелдикке дуушар болушу; 

- накта тобокелдик - тобокелдикти тескөө сапатынын эсебинен орун алган тобокелдикти төмөндөткөндөн кийин мүнөздүү болгон тобокелдик катары аныкталат; 

- банктын тобокелдик профили - бул, тобокелдиктердин бардык түрлөрүнүн жана алардын деңгээлдеринин жыйынтыкталган маалыматы, алар банктын (холдинг компаниясынын/аффилирленген банктын) ишинде орун алган бардык негизги көйгөйлөрдү жана ушул тобокелдиктер боюнча колдо болгон маалыматка учурдагы (акыркы жаңыртылган) баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча корутундуларды чагылдырат."; 

- банктын жыйынтык рейтинги - бул, банктын тобокелдик профилине анын менеджментине, кирешелүүлүгүнө жана капиталына накта тобокелдик көз карашынан алганда баа берүүнүн жыйынтыгын кароого алгандан кийин жалпы баа берүү

- финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иш алып барган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2-глава. Банктык көзөмөл 

5. Банктык көзөмөл - бул, көзөмөл органы менен банктын ортосунда кызматташуу каралган, Улуттук банктын пландаштыруу, инспектрлөө, мониторинг жүргүзүү, баа берүү жана өз ара иш алып баруу боюнча иш-чараларынын жыйындысы. Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан комплекстүү жана максаттуу инспектордук текшерүүлөрдү тышкы көзөмөл менен айкалыштыруу менен ар бир банк үчүн көзөмөл стратегиясын түзөт. 

Улуттук банктын банктардын ишине көзөмөл жүргүзүүнүн алкагында тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма, ага тобокелдикке баа берүү, анын ичинде инспекторлордун кесипкөй ой-жүгүртүүсүнө негизделген, сандык жана сапаттык талдап-иликтөө, банктын иш алып баруу мүнөзүн, тобокелдик-профилин жана маанилүүлүгүн эске алуу менен ага карата жеке мамиле кылуу камтылган, ошондой эле ал кыйла иштиктүү колдонуу үчүн көзөмөл ресурстарынын натыйжалуу бөлүштүрүлүшүн камсыз кылат. Көзөмөлдүктүн ар бир баскычында Улуттук банктын атынан анын ыйгарым укуктуу бөлүмдөрү, банк жетекчилиги тобокелдиктерди канчалык деңгээлде натыйжалуу аныктап, өлчөп, контролдукка алып жана тескеп жаткандыгына баа берет. 

6. Улуттук банктын банктар менен өз ара аракеттенүүсү жана маалымат алмашуусу банктык көзөмөлдүктүн маанилүү компоненттери болуп саналат. Улуттук банк анын көзөмөлүндө турган банктар менен туруктуу жана натыйжалуу кызматташуу принцибине таянат. Өз ара иш жүргүзүү инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетторду кароодо сүйлөшүүлөр, жолугушуулар, кат алышуулар түрүндө жана башка кат жүзүндөгү документтердин негизинде жүзөгө ашырылат. 

7. Банктын учурдагы көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн кураторлор/институционалдык инспекторлор банктын аткаруу жетекчилиги, ошондой эле банктын директорлор кеңеши/директорлор кеңешинин мүчөсү менен (зарылчылыкка жараша), бирок жылына кеминде бир жолу жолугуша алышат. Жолугушуулар, зарылчылыгына жараша, документтештирилиши мүмкүн.  

Талкуулоодо төмөнкү маселелер каралышы мүмкүн:  

- финансылык абалдын көрсөткүчтөрү жана белгиленген тенденциялар;  

- банктын аткаруу органынын жана директорлор кеңешинин пикири боюнча, банкка жана бүтүндөй банк тутумуна тиешелүү болгон олуттуу маселелер;  

- кемчиликтерге жана алгылыксыз натыйжаларга жол бербөө/четтетүү боюнча чараларды аткаруу;  

- башкаруу маалыматынын шайкештиги жана банк менеджментинин натыйжалуулугу;  

- банктын (холдинг компаниясынын/аффилирленген банктын) тобокелдик профилиндеги мүмкүн болуучу өзгөрүүлөр;  

- келечекте ишке ашырылуучу көзөмөлдүк чаралары;  

- банк тарабынан коомчулукка маалымдоо боюнча көрүлүүчү чаралар;  

- башка маселелер.  

Мындан тышкары, кураторлор/институционалдык инспекторлор банктын тышкы аудиторлору менен зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу жолугушуп, жана акционерлердин жалпы жыйынына (жылдык/кезексиз) катыша алышат. 

Банк акционерлердин жалпы жыйынын өткөрүүдө Улуттук банкка жыйынга чейинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде акционерлердин жалпы жыйынынын күн тартибин жана материалдары жөнөтүү менен 2 (эки) нускада жөнөтүүгө милдеттүү. Акционерлердин жалпы жыйынын өткөрүүдө кураторлорго катышуу баракчасынын жана акционерлердин ишеним катынын көчүрмөлөрү (бар болсо) берилүүгө тийиш. 

Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги банктык көзөмөлдүн алкагында тигил же бул банктын куратору/институционалдык инспектору боюнча маалыматтарды (аты-жөнүн, почта дарегин, телефон номерин, ээлеген кызмат ордун), куратор/институционалдык инспектор тарабынан талап кылынган маалыматтарды кандай болбосун жеткиликтүү түрдө, анын ичинде электрондук почта аркылуу сунуштоо зарылчылыгы тууралуу маалыматты корпоративдик электрондук почта аркылуу банк башкармасынын төрагасынын/төрагасынын орун басарынын атына жөнөтөт.  

Куратор/институционалдык инспектор банк тутумундагы тобокелдиктерге баа берүү максатында, банкка зарыл маалыматты (банктык тобокелдиктерге баа берүү боюнча статистикалык маалыматтар, таблицалар, суроолор тизмеги ж.б.) берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүшү мүмкүн. Мында куратор/институционалдык инспектор банктын ишин көзөмөлдөө функцияларына кирген маселелер боюнча гана суроо-талапты банкка жөнөтөт.  

Көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруунун алкагында, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги тарабынан Улуттук банктын доменинен (*@nbkr.kg же *@nbkr.banks.kg) электрондук почта аркылуу банктын кураторуна/институционалдык инспекторуна маалымдоо менен жөнөтүлгөн талаптар банктын кураторунун/институционалдык инспекторунун талаптарына теңештирилет.  

Куратордун/институционалдык инспектордун банкка баруусу зарыл болгон шартта, банк жайларына, тиешелүү документтерине, материалдарына, анын ичинде банктык жазууларга, банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин катышуусунда - пайдалануучулардын жана кардарлардын автоматташтырылган системаларынан жана башка окшош маалыматтарынан пайдалануу коддору (паролдор, PIN коддор) тууралуу маалыматты эске албаганда, техникалык инфраструктурасына (банктын автоматташтырылган системасына, тесттик текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча документтерди кошо алганда, системага карата документтерге, СВИФТти кошо алганда, төлөм системаларынын маалыматтар базасына) кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.  

Банк, анын акционерлери, кызмат адамдары жана башка кызматкерлери жана банк менен байланыштуу жактар Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана кандай болбосун маалыматты өз убагында берүүгө милдеттүү.  

Банк жетекчиликтин, банктын активдерин жана пассивдерин, кредиттик жана операциялык ишин, комплаенс-контролдоо кызматын тескөөгө жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча (мындан ары - ПФТД/ЛПД) кызмат адамынын, ошондой эле банктын негизги кызматкерлеринин корпоративдик электрондук почта жана башка корпоративдик электрондук маалымат алмашуу каражаттары аркылуу кат алышуусунун резервдик көчүрмөлөрүн түзүү менен 3 (үч) жыл ичинде талаптагыдай корголушун жана сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.  

Жогоруда көрсөтүлгөн тизмеге кирген кызматкер иштен бошотулса, банк анын кат алышуусун, ал иштен бошотулган учурдан тартып 3 (үч) жыл бою сактоого тийиш.  

Банк өзүнүн ички документтеринде "корпоративдик электрондук почта", "маалымат алышуу үчүн корпоративдик электрондук каражаттар", "кызматтык кат алышуу" аныктамаларын, ошондой эле корпоративдик электрондук почта жана маалымат алмашуунун кайсы болбосун башка корпоративдик электрондук каражаттары менен кат алышуу тартибин белгилөөгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 2020-П-12/67-2-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

8. Банктарга тышкы көзөмөл сунушталган отчеттор жана башка маалыматтар боюнча банктардын ишине талдап-иликтөө жүргүзүү, ошондой эле банк ишинин негизги багыттары боюнча банктын башкаруу органдары менен өз ара иш алып баруу аркылуу аралыктан, туруктуу негизде ишке ашырылат. 

Банктарга тышкы көзөмөл банктык көзөмөлдүктүн үзгүлтүксүз иши болуп саналат, ал өзүндө кеминде төмөнкүлөрдү камтыйт: 

- мезгил-мезгили менен берилүүчү отчеттун алкагында финансылык абалдын өзгөрүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана баа берүү

- тобокелдик профилинин өзгөрүүсүнө ички жана тышкы аудиттин, инспектордук текшерүүлөрдүн буга чейинки жыйынтыктарын жана учурдагы маалыматтарды эске алуу менен байкоо жүргүзүү

- колдо болгон маалыматтын негизинде баштапкы алдын алуу системасы жана стресс-тестирлөө аркылуу финансылык түзүмдүн жана иш көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүсүн өз убагында аныктоону камсыз кылуу; 

- банкта жана бүтүндөй банк тутумунда финансылык өзгөрүүлөргө карата андан аркы иш-аракеттер жана аларга талдап-иликтөө жүргүзүү

- бизнес-пландын жана бизнес-стратегиянын өзгөрүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана баа берүү

9. Банктык көзөмөлдүктү жүргүзүүдө, банк операцияларынын жана бүтүмдөрүнүн масштабы жана деңгээли башкаруу сапатынан жана ыкмаларынан, ошондой эле текшерилүүчү иштердин же операциялар түрүнүн олуттуулугунан көз каранды болгондуктан, банк тарабынан башкаруу процесстерине баа берүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Банк операцияларын жана бүтүмдөрүн текшерүү банктын жалпы абалына баа берүү жана ички саясатынын, жол-жоболорунун жана ички контролдуктун сакталышы деңгээлин аныктоо үчүн ишенимдүү жана зарыл инструмент болуп саналат. 

Эскертүү. Ушул Нускоонун алкагында операцияларды жана бүтүмдөрдү текшерүү дегенден улам, ички эсепке алуу жазууларын регулятивдик жана финансылык отчеттор менен салыштыруу жана күн ичинде ишке ашырылган операцияларды саясат жана жол-жоболордун талаптарына салыштыруу (ички жол-жоболордун сакталышына баа берүү үчүн) гана эмес, мисалы, айрым кредиттердин жана инвестициялардын сапатын текшерүү сыяктуу, башка текшерүү жол-жоболорун түшүнүү зарыл. 

10. Улуттук банк ички контролдукту уюштуруу маселелери боюнча, анын ичинде террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, банк ишине банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат жана анын жыйынтыгы тууралуу маалыматты финансылык чалгындоо органына жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА), 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 2020-П-12/67-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3-глава. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү максаттары 

11. Банк ишин текшерүүнүн негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат: 

- банктын туруктуу жана коопсуз иш алып баруусуна тоскоолдук кылган банк ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктердин деңгээлдерин, мүнөзүн жана өзгөчөлүктөрүн тобокелдик профилин эске алуу менен изилдөө жана баа берүү

- банктын корпоративдик башкаруу жана ички контролдоо түзүмүнүн натыйжалуулугун жана сапатын анын бизнесинин мүнөзүн жана орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди эске алуу менен изилдөө жана ага баа берүү

- тобокелдиктерди тескөө системаларына жана процесстерине банктын капиталынын шайкештигине жана ликвиддүүлүгүнө таасир этиши мүмкүн болгон чабал жерлерин аныктоого өзгөчө көңүл буруу менен баа берүү

- банктын финансылык жана регулятивдик отчетторунун аныктыгын текшерүү

- банк тарабынан Улуттук банктын жазма буйруктары, талаптары жана сунуш-көрсөтмөлөрү аткарылгандыгына баа берүү

- банктын банктык мыйзам нормаларына, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам нормаларына ылайык келишин жана аларды так сактоосун аныктоо; 

- банк ишинде түптөлүшү ыктымал болгон тенденцияларга жол бербөө, кемчиликтерди четтетүү, банктын абалын жакшыртуу, тобокелдиктерди азайтуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу, ал эми зарыл учурларда - эскертүү чараларын жана таасир этүү чараларын иштеп чыгуу; 

- негизги тобокелдиктер боюнча баяндама жасоо, ошондой эле контролдоо жана тобокелдиктерди тескөө функциясын изилдөө

- банктын банктык мыйзамдарында жана террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди жана талаптарды аткаруусу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4-глава. Инспектордук текшерүүлөрдүн түрлөрү 

12. Инспектордук текшерүүлөр, коюлган максаттарга жана милдеттерге жараша комплекстүү жана максаттуу болушу мүмкүн. Бузуулар, кемчиликтер, тобокелдүү иш тажрыйбасы аныкталган учурда банкка карата тиешелүү таасир этүү чаралары колдонулушу жана/же тобокелдикти төмөндөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөр (банк жетекчилигине көңүл бурууну талап кылган аныкталган көйгөйлөр жана маселелер боюнча маалымдоо максатында түзүлгөн көзөмөл органдын конструктивдүү жана негиздүү пикирлери жана сунуштары), банктын тобокелдик профилине жана анын айрым компоненттерине баа берүү жөнөтүлүшү, ал эми зарылчылык келип чыккан учурда -банктын көзөмөл стратегиясы кайра каралышы мүмкүн. 

Комплекстүү текшерүүлөр банктын тобокелдик профили тууралуу толук маалымат менен камсыз кылуу үчүн тиешелүү банктын тобокелдиктеринин жана ишинин кеңири чөйрөсүн камтыйт. 

Максаттуу текшерүүлөр банктын айкын иш участогунда, мисалы, белгилүү бир продуктка (кредиттик картка), функциясына (ички аудитке) же тобокелдикке (кредиттик тобокелдик, Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризм менен экстремизмди каржылоо тобокелдиги) ж.б.у.с. багытталган. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

13. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү мезгил аралыгы жана көлөмү жалпы көзөмөл стратегиясын жана банктын мүнөздөмөлөрүн (өлчөмү, иш мүнөзү, тобокелдик профили, аныкталган кемчиликтер) эске алуу менен аныкталат. Жогоруда белгиленген текшерүүлөрдөн тышкары, максаттуу текшерүүлөр банкта орун алган жана токтоосуз түрдө көзөмөлдүк чараларын талап кылган жагдайга же иштеги кемчиликтерге карата өткөрүлүшү мүмкүн. Зарылчылыкка жараша, банктын буга чейинки пландаштырылган же максаттуу текшерүүдө аныкталган корректировкалоочу иш-аракеттерди же чараларды жүзөгө ашырууда банктын алдыга илгерилөөсүнө баа берүү үчүн андан ары текшерүүлөр жүргүзүлүшү мүмкүн. 

Инспектордук текшерүүнүн мөөнөтү банк ишин текшерүүгө берилген жолдомодо көрсөтүлөт (2-тиркеме) жана алар төмөнкүлөргө жараша белгиленет: 

- текшерүүнүн түрүнө

- маанилүүлүгүнө жана банктын тобокелдик профилине; 

- банк тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын көлөмүнө жана өзгөчөлүгүнө

Мында, жеринде барып инспектордук текшерүүнү жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтү 60 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш. 

14. Улуттук банктын тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу боюнча саясатына ылайык, комплекстүү текшерүү пландаштырылган иш көлөмдөрүнүн негизинде банктын тобокелдик профилинин бардык элементтерине (кредиттик тобокелдик, рыноктук тобокелдик, ликвиддүүлүк тобокелдиги, Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризм менен экстремизмди каржылоо тобокелдиги, комплаенс-тобокелдиги, тобокелдикти тескөө сапаты, накта тобокелдик, капитал, кирешелүүлүк жана менеджмент) баа берүү үчүн жүргүзүлөт жана банктын ишинин бардык түрүн изилдөөнү камтыйт. Комплекстүү текшерүү эң аз дегенде, төмөнкү элементтерди камтыйт: 

банктын менчик түзүмүн жана топтук түзүмүн жана анын корпоративдик башкаруусун изилдөө

банктын финансылык абалын, капиталынын жетиштүүлүгүн, кирешелүүлүк деңгээлин, ликвиддүүлүк түзүмүн талдап-иликтөө

банктын стратегиялык документтерин, ишкердик моделин, маданиятын/иш-аракеттерин изилдөө

мүнөздүү болгон тобокелдиктин негизги категорияларын (кредиттик, рыноктук, пайыздык чен, ликвиддүүлүк тобокелдиктери, операциялык, Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу жана терроризм менен экстремизмди каржылоо жана комплаенс-тобокелдиги) жана тобокелдиктерди тескөө сапатын (стратегиялар жана саясат, процесстер жана жол-жоболор, контролдук каражаттары жана кадрлар); 

банктын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алкагында сунушталуучу, финансылык отчеттордо жарыялануучу маалыматтардын, ошондой эле басма сөз беттерине жарыялануучу башка маалыматтардын аныктыгын текшерүү. Бул жол-жободо банк тарабынан кредиттик бюрого (бюролорго) жөнөтүлүүчү маалыматтардын/отчеттордун толуктугун жана тактыгын текшерүү да камтылышы мүмкүн. 

Тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүктүн алкагында, комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгына негизделген отчет төмөнкү маалыматтарды (бирок муну менен чектелбестен) камтыйт:  

- кредиттик тобокелдик; 

- рыноктук тобокелдик; 

- ликвиддүүлүк тобокелдиги; 

- операциялык тобокелдик; 

- комплаенс-тобокелдиги; 

- Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризм менен экстремизмди каржылоо тобокелдиги; 

- менеджмент; 

- кирешелүүлүк; 

- капиталдын жетиштүүлүгү

- ички контролдук, тобокелдиктерди тескөө жана тышкы аудит; 

- банктык ченемдик, финансылык отчеттордо көрсөтүлгөн маалыматтарды жана кеңири коомчулук үчүн жарыяланган маалыматтарды текшерүү

- банктын акцияларын сатып алуу/ээликтен ажыратуу боюнча операцияларды, ошондой эле акционердик капиталдын суммасын көбөйтүү/азайтуу боюнча процесстин мыйзам талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү

- чет өлкө валютасында ишке ашырылган операцияларга байланыштуу тобокелдик деңгээлин аныктоо жана алмашуу курсунун тобокелдиктерин тескөөгө алынышына баа берүү максатында чет өлкө валютасындагы операцияларга байкоо жүргүзүү

- банктын баланстан тышкары ишин баланстан тышкаркы операцияларга байланыштуу тобокелдик деңгээлин аныктоо жана бул тобокелдиктерди тескөөгө алынышына баа берүү максатында кароо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

15. Максаттуу текшерүүнү жүргүзүү банк ишинин тигил же бул аспектисин кыйла кылдат кароо зарылчылыгына байланыштуу болушу мүмкүн. 

Максаттуу текшерүүлөр план боюнча же пландан тышкаркы (атайын) болушу мүмкүн. 

16. Текшерүүлөр банкка алдын ала билдирүү аркылуу сыяктуу эле, күтүүсүз (боло турган текшерүү жөнүндө алдын ала билдирүүсүз) да болушу мүмкүн. Күтүүсүз текшерүү жүргүзүлгөн учурда текшерүүгө жолдомо, банкка инспекторлор тобу келген учурда көрсөтүлөт. 

17. Күтүүсүз текшерүүлөр төмөнкү учурларда да жүргүзүлүшү мүмкүн, эгерде: 

- берилген отчеттордун жана башка маалыматтардын негизинде банктын финансылык абалынын начарлашына алып келиши мүмкүн болгон алгылыксыз тенденциялар аныкталса; 

- банк ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген жагдайлар орун алса; 

- текшерүү жөнүндө банкка алдын ала билдирүү күтүүсүз текшерүү максаттарына натыйжалуу жетишүүгө өбөлгө түзбөсө (мисалы, касса ишин текшерүү ж.б.). 

Улуттук банк башка негиздер келип чыккан шартта күтүүсүз текшерүүлөрдү жүргүзүүнү демилгелөөгө укуктуу. 

18. Эгерде текшерүү күтүүсүз болбосо, анда текшерүү тобунун жетекчиси банкка тиешелүү документтердин тизмесин тиркөө менен билдирүү катын (1-тиркеме) текшерүүгө чейинки 10 жумуш күндөн кечиктирбестен жөнөтөт, ал эми текшерүүгө жолдомо (2-тиркеме) банкка келген учурда көрсөтүлөт. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн зарыл документтер тизмеги акыркы болуп саналбайт жана маанилүүлүгүнө, ошондой эле банктын тобокелдик профилине жараша толукталышы/өзгөртүлүшү мүмкүн. 

19. Банктын филиалдарында/аманат кассаларында өзүнчө текшерүүлөр жүргүзүлүшү мүмкүн. 

5-глава. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү 

20. Текшерүүнүн жетекчиси төмөнкү максаттарда банк Башкармасынын төрагасы (же анын милдетин аткарган адам)/филиалдын, аманат кассанын жетекчиси менен жолугушууну өткөрөт: 

- текшерүүгө жолдомону тапшыруу, ошондой эле текшерүүнүн масштабы жана милдеттери жөнүндө билдирүү

- текшерүүнү жүргүзүү процессин талкуулоо; 

- алардын иштөө багытын белгилөө менен инспекторлорду Таанышуу; 

- банктын жетекчилиги жана кызматкерлери менен байланышты жүзөгө ашыруу тартибин аныктоо; 

- банк жетекчилигинин ишке ашырылуучу текшерүү боюнча суроолоруна жооп берүү

21. Улуттук банктын текшерүү жөнүндө билдирме катын алган шартта, банк текшерүүнүн биринчи күнүндө билдирме катка кошо тиркелген тизмекте келтирилген бардык документтерди көрсөтүүгө милдеттүү

Банк документтердин түп нускасын, ал эми объективдүү себептер боюнча түп нусканы сунуштоо мүмкүн эмес болгон өзгөчө учурларда гана, кызмат адамдын кол тамгасы жана банктын мөөрү менен күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөлөрүн сунуштоого тийиш. Текшерүүчүлөр тобунун талабы боюнча банк инспекторлор талап кылган документтердин электрондук версиясын көрсөтүүгө тийиш. 

22. Инспектордук текшерүү убагында банктын жетекчилиги жана персоналы текшерүүчүлөр тобуна (инспекторлорго) ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө жана төмөнкү шарттардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш: 

- банктын жайларына, кайсы болбосун кызматкерине, инспекторлор талап кылган форматтагы документтерге белгиленген мөөнөттө, анын ичинде банктык жазууларга, банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин катышуусунда - пайдалануулардын жана кардарлардын автоматташтырылган системаларына жана башка зарыл маалыматтарынан пайдалануу коддору (паролдор, PIN коддор) тууралуу маалыматты эске албаганда, инспектордук текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл техникалык инфраструктурасына (банктын автоматташтырылган системасына, тесттик текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча документтерди кошо алганда, системага карата документтерге, СВИФТ кошо алганда, төлөм системаларынын маалыматтар базасына) эркин кирүү мүмкүнчүлүгүн; 

- пайдалануучулардын жана банк кардарларынын автоматташтырылган системаларга кирүү коддору (паролдор, PIN коддор) тууралуу маалыматтардан тышкары, банктын кайсыл болбосун көрсөтүлгөн убакыт ичиндеги депозиттик, кредиттик, төлөм, казына ишин, ошондой эле корпоративдик баалуу кагаздар менен ишин кошо алганда, автоматташтырылган банктык системадан иштин бардык багыты боюнча толук жана так маалыматтардын электрондук көчүрмөсүн (банктардын маалыматтар базасы менен иш алып барууда кеңири форматта колдонулуучу резервдик көчүрмөлөө файлдары) берүүгө

- испекторлор талап кылган күнгө корреспондент-банктардын корреспонденттик эсептери боюнча көчүрмөлөрүн кошо алганда, СВИФТ системасы, ошондой эле банк колдонгон башка төлөм системалары аркылуу өткөрүлгөн бардык финансылык операциялары, корреспонденттик эсептер боюнча толук жана так маалыматтардын электрондук көчүрмөлөрүн берүүгө

- текшерүүчү топтун жетекчисинин талабы боюнча ушул Нускоонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн банктын кызматкерлери, анын ичинде иштен бошотулган кызматкерлери ортосундагы ички электрондук почтаны карап чыгуу жана маалымат алмашуунун кайсы болбосун башка корпоративдик электрондук каражаттарынан пайдалануу мүмкүндүгүн берүү. Текшерүүчү топтун жетекчисинин талабы боюнча электрондук почтада жана маалымат алмашуунун кайсы болбосун башка корпоративдик электрондук каражаттарында камтылган маалымат жана документтер кагазга чыгарылып, кызмат адамы тарабынан жана банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш; 

- инспекторлор бардык зарыл оозеки жана жазуу түрүндөгү маалыматты өз убагында алууга; 

- текшерүүчүлөр тобуна аудио/видео жазуулар жүргүзүлбөгөн аудио/видео жабдуулар орнотулбаган өзүнчө жай менен камсыздоого, текшерүүчүлөр тобуна берилген жайга үчүнчү жактардын аудио/видео жабдууларын орнотуу аракеттерине бөгөт коюуга жана бул тууралуу текшерүүнүн жетекчисине токтоосуз билдирүүгө. Бул талаптарды бузууга жол берген учурда банк кызматкерлери, анын ичинде банк жетекчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат; 

- банк өзүнүн жана Улуттук банктын документтеринин коопсуз сакталышын камсыздоого, ошондой эле текшерүүнү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл жабдуулар жана техника менен камсыз кылууга; 

- текшерүүчүлөр тобуна банктын бардык кардарлары, анын ичинде банк менен байланыштуу/аффилирленген жактар, ошондой эле банктын кызматкерлери жана алардын эсептери, банктын бардык баланстык эсептери (окуу, отчетторду түзүү жана басып чыгаруу) тууралуу маалыматты алуу мүмкүнчүлүгү менен автоматташтырылган банктык системалардан пайдалануу укугун берүүгө

- банк менен текшерүү тобунун өз ара аракеттенүүсүн координациялоо, инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө келип чыккан административдик жана башка маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечилиши үчүн Башкарманын Төрагасынын орун басарларынын ичинен бирин жооптуу катары дайындоого. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 2020-П-12/67-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

23. Инспектордук текшерүүнүн кайсы болбосун баскычында инспекторлор банктын жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн  протоколун аудио/видео жазуу аркылуу жүргүзүүгө укуктуу. Мында, жолугушуу/сүйлөшүү алдында бардык катышуучулар аудио/видео жазуу жүзөгө ашырылып жаткандыгы тууралуу алдын ала эскертилүүгө тийиш. 

24. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө банк, анын жетекчилиги жана/же кызматкерлери тарабынан кандай болбосун каршылык көрсөтүлгөн учурда, анын ичинде талап кылынган маалыматты (электрондук/кагаз түрүндө) сунуштоодон баш тартылган шартта, текшерүүнүн жетекчиси Текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү аракеттери жөнүндө акт (мындан ары - Каршылык көрсөтүү аракеттери жөнүндө акт) түзүлөт (эки нускада) (3-тиркеме), бул тууралуу өзүнүн түздөн-түз жетекчисине (түзүмдүк бөлүмдүн начальнигине), ошондой эле Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарына/Башкарманын мүчөсүнө дароо билдирет.  

Банкта инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөн же талап кылынган маалыматты сунуштоодон баш тарткан банктын өкүлдөрү эки нускада түзүлгөн каршылык көрсөтүү аракеттери жөнүндө актыга кол коюшат. Түзүлгөн актынын бир нускасы банкка берилет, ал эми экинчиси Улуттук банктын инспекторлорунда сакталат. Банк каршылык көрсөтүлгөндүгү жөнүндө актыга кол коюудан баш тарткан учурда, актынын бир нускасына кол коюудан баш тарткандыгын белгилөө менен банктын өкүлүнүн кол тамгасыз эле Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнүн коштомо каты менен банкка жөнөтүлөт. Каршылык көрсөтүлгөндүгү жөнүндө акт Улуттук банктын банк/анын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн расмий документи болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, банкка/төлөм системаларынын операторуна/төлөм уюмуна же анын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу үчүн негиз катары колдонулушу мүмкүн. 

Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөн банкка жана/же анын кызмат адамдарына карата (жол бербөө, баш тартуу, инспектордун талабы боюнча маалыматтардын толук берилбеши жана/же өз убагында берилбеши түрүндө) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык башка таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

25. Текшерүүнүн жүрүшүндө текшерүүчүлөр тобу айрым маселелерди талкуулоо үчүн банктын аткаруучу жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп турат. 

26. Инспекторлор, аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланыштуу банктын документтерин талап кылууга, ошондой эле тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн алууга жана банктан же банктын акцияларынын беш пайызына жана андан көбүрөөгүнө добуш берүү укугу менен ээлик кылуучулардан жана акционер болуп саналган адамдардан башкаруу чечимдеринин кабыл алынышына таасир этүүчү документтер боюнча түшүндүрмө берүүлөрүн талап кылууга укуктуу. 

27. Тапшырмаларды аткаруунун жүрүшүндө инспекторлор текшерүүнүн жүрүшүндө келип чыккан маселелер боюнча түздөн-түз аткаруучулар жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн начальниктери менен талкуулашы мүмкүн. Текшерүү жүргүзүлүп жаткан банктын Директорлор кеңешинин, Башкарма мүчөлөрүнүн, тышкы аудиторлорунун компетенциясына тиешелүү маселелерди талкуулоо текшерүүнүн жетекчисинин катышуусу астында жүзөгө ашырылат. 

28. Алгач текшерүүнү пландаштырууда каралбаган, текшерүүнүн жүрүшүндө банк ишинин башка чөйрөлөрүндө тобокелдиктер/кемчиликтер/мыйзам бузуулар аныкталган учурда, текшерүү мөөнөтү ушул нускоонун 13-пунктунда белгиленген мөөнөттөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн. 

29. Текшерүүнүн жүрүшүндө инспекторлор банк кызматкерлери менен биргеликте ишкердикке мониторинг жүргүзүү максатында, кардар иштеп жаткан жерге, ошондой эле күрөөлүк мүлк жайгашкан жерге барышы мүмкүн. 

6-глава. Банктын аткаруучу жетекчилиги менен жыйынтыктоочу жолугушуу 

30. Текшерүүнүн жетекчиси жана көзөмөл блогунун тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги зарыл деп эсептеген шартта, текшерүүнүн акыркы жумасында текшерүүчүлөр тобу банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин/кызматкерлеринин катышуусунда банк Башкармасынын Төрагасы (же анын милдетин аткарган адам) менен алдын ала жолугушуу өткөрөт, бул банктын жетекчилигине текшерүүнүн жыйынтыгын маалымдоо, тыянактарды талкуулоо жана кемчиликтер/мыйзам бузуулар/олуттуу тобокелдиктер аныкталган учурда - таасир этүү чараларынын (талаптардын, жазма буйруулардын ж.б.у.с.) алдын ала долбоору тууралуу маалымдоо үчүн уюштурулат. 

Бул жолугушуунун алкагында текшерүүчүлөр тобунун текшерүү жүргүзүлгөн чөйрөгө тиешелүү тигил же бул маселелерине түшүндүрмө же комментарийлерди берүү үчүн банкка мүмкүндүк берилет. Алдын ала жолугушуунун жыйынтыгында кыскача протокол түзүлөт, ага текшерүүнүн жетекчиси жана банк Башкармасынын Төрагасы же анын милдетин аткарган адам жолугушуу өткөрүлгөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен кол коюуга тийиш. 

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколго банк кол коюудан баш тарткан учурда, банкка жолугушууда талкуулаган негизги маселелер чагылдырылган кат жолдонот. 

31. Текшерүү тобунун жетекчиси текшерүү аяктагандан кийинки 20 (жыйырма) жумуш күнү ичинде тыянактарды жана текшерүү жыйынтыгын талкуулоо үчүн банк жетекчилиги менен жыйынтык жолугушуу уюштурулууга тийиш. Мында жыйынтык жолугушуу, зарыл болгон шартта, бир нече баскычтарда (бирок үч жолудан көп эмес) өткөрүлүшү мүмкүн. Жолугушууда текшерүүнүн жүрүшүндө ишке тартылган бардык инспекторлор, ошондой эле зарылчылык келип чыккан шартта көзөмөл блогунун тиешелүү бөлүмүнүн (бөлүмдөрүнүн) начальниги (начальниктери) катышууга тийиш. Зарылчылык келип чыккан шартта, жыйынтык жолугушууга Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Башкарманын мүчөсү катышуусу мүмкүн. 

Жыйынтык жолугушуу банк жетекчилигине банктык көзөмөл органында кооптонууну жараткан маселелер боюнча жагдай, орун алган проблемалар боюнча түшүндүрмө алууга жана такташтырууга, ошондой эле текшерүүнү жүзөгө ашырган инспекторлорго суроолорду берүүгө мүмкүндүк берет. 

Жыйынтык жолугушуу өткөргөнгө чейин банк, алдын ала жолугушуу учурунда текшерүүчүлөр тобунун текшерилген чөйрөгө тиешелүү тигил же бул маселелери боюнча маалыматтарына карата өз комментарийлерин же түшүндүрмөлөрүн жазуу түрүндө жетекчиге же текшерүү тобуна сунуштоого укуктуу, мындай комментарийлер/түшүндүрмөлөр текшерүү жыйынтыгы жөнүндө отчетто эске алынышы мүмкүн. 

Комментарийлер/түшүндүрмөлөр алдын ала жолугушууда, зарылчылыкка жараша тастыктоочу документтер менен бирге, Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөн кечиктирилбей берилүүгө тийиш. 

32. Жыйынтык жолугушуунун жүрүшүндө текшерүүнүн жетекчиси банктын жетекчилигине текшерүүнүн жүрүшүндө чыгарылган алдын ала тыянактар, анын ичинде ушул нускоонун 14-пунктунда аныкталган маселелер боюнча маалымат берет. 

33. Жыйынтык жолугушууда текшерүүнүн жетекчиси аныкталган кемчиликтерди четтетүү зарылчылыгы жөнүндө банк жетекчилигине билдирет, ошондой эле бул проблемаларды алгылыктуу чечүү жолдорун жана аларды аткаруу мөөнөтүн сунуш кылат. 

34. Жолугушуунун жыйынтыгында протокол түзүлүп, анда бардык талкууланган маселелер чагылдырылат жана ага текшерүүнүн жетекчиси, банк Башкармасынын Төрагасы, ал эми ал жок учурда - анын милдетин аткарган адам жолугушуу өткөрүлгөн күндөн тартып 5 жумуш күндөн кечикпестен кол тамгасын коет. 

35. Зарылчылыкка жараша текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерүү күнү аяктагандан кийинки отчеттук күнгө (айдын акырына) же текшерүү күнүнө карата олуттуулугун эске алуу менен финансылык жана регулятивдик отчеттуулукка Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын "Эсептик саясат, эсептик бааларга өзгөртүүлөр жана ката кетирүүлөр" 8-стандартына ылайык оңдоолорду киргизүү талап кылынышы мүмкүн. Мында, эгерде алар боюнча корректировкалоолор талап кылынган операция отчеттук жылдын өткөн чейректерине тиешелүү болсо, анда банк түшүндүрмөлөрдү келтирүү менен өткөн чейрек үчүн финансылык отчеттун тиешелүү формаларынын статьялары өзгөртүлгөндүгүн милдеттүү түрдө көрсөтүп, операцияларды ишке ашырууда алар финансылык отчетто туура чагылдырылгандай өзгөртүүгө тийиш. Жарыялоо, корректировкалоо киргизилгенден кийинки 15 (он беш) календардык күн ичинде жүзөгө ашырылуусу зарыл. 

Ошондой эле аталган жарыялоодо, операциялар ишке ашырылган учурдан тартып финансылык отчеттор ар айлык негизде (айларды көрсөтүү менен) өзгөртүлгөндүгү жана пайдалануучулар андан таанышууга боло тургандай банктын (анын башкы кеңсеси, филиалдары, өкүлчүлүктөрү, аманат кассалары) дареги көрсөтүлүүгө тийиш; 

- эгерде алар боюнча корректировкалоолор талап кылынган операция отчеттук жылдын өтүп жаткан чейрегине тиешелүү болсо, анда банк ошол чейректин өткөн айлары үчүн финансылык отчетторду ошол операциялар ишке ашырылган учурда туура чагылдырылгандай кайрадан карап чыгууга жана өтүп жаткан чейрек үчүн финансылык отчет кийинчерээк ишке ашырылган корректировкалоолор боюнча түшүндүрмөлөр менен белгиленген мөөнөттө жарыяланууга тийиш. 

Ошондой эле мындай жарыялоодо, ай сайын берилүүчү өткөн чейректин финансылык отчетторунун өзгөртүлгөндүгү (айларды көрсөтүү менен) тууралуу маалыматты камтууга тийиш жана пайдалануучулар алар менен банк (анын башкы кеңсеси, филиалдары, өкүлчүлүктөрү, аманат кассалары) жайгашкан жери боюнча дарегин көрсөтүү менен таанышууга болот. 

7-глава. Текшерүү жөнүндө отчет 

36. Комплекстүү текшерүүлөрдүн жыйынтыгында банкка текшерүү жөнүндө отчет жөнөтүлөт. Текшерүү жөнүндө отчетто директорлор кеңешине жана башкармага маалымдоо үчүн бардык олуттуу көйгөйлөр жана көрүлүүгө тийиш болгон чараларды кошо алганда, негизги тыянактар жана корутундулар чагылдырылат. Текшерүүнүн жыйынтыгында кемчиликтер, мыйзам бузуулар жана тобокелдүү тажрыйба аныкталган шартта, банкка жана анын кызмат адамдарына карата мындай жагдайды жөнгө салуу жана/же жакшыртуу үчүн таасир этүү чаралары колдонулушу жана/же сунуш-көрсөтмөлөр берилиши мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 2020-П-12/67-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

37. Текшерүү жөнүндө отчетто банктын жалпы абалы тууралуу маалымат камтылат, эгерде зарыл болсо, банктын айрым бөлүмдөрүнүн (филиалдарынын) абалы, ошондой эле орун алган кемчиликтер, орчундуу тобокелдиктер, жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузуу тууралуу маалымат камтылат, анын ичинде аларга жол берүүгө жооптуу кызмат адамдарынын жана башка кызматкерлердин аты-жөнү жана/же башкаруу органы көрсөтүлүшү мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 2020-П-12/67-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

38. Текшерүү жөнүндө отчет Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык түзүлөт. Текшерүү жөнүндө отчет Улуттук банктын менчиги болуп саналат, ошол эле учурда текшерүү жөнүндө отчет үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте Улуттук банктын уруксаты болгон шартта тапшырышы мүмкүн. Банктар текшерүү жөнүндө отчеттун сакталышын камсыз кылууга жана анын кагаз түрүндө же электрондук түрдө таркатылышына жол бербөөгө тийиш. 

8-глава. Текшерүү жөнүндө отчет менен таанышуу 

39. Текшерүү жөнүндө отчет текшерүү жүргүзүлгөн банктын Директорлор кеңешинин Төрагасына жана Башкарманын Төрагасына "Кызматтык иште пайдалануу үчүн" деген белги коюлган конвертке салынып, чапталган түрдө, текшерүүнүн жыйынтыгы банк менен талкууланган күндөн тартып 40 (кырк) жумуш күнүнөн кечиктирбестен коштомо кат менен бирге жөнөтүлөт. Милдеттүү түрдө отчетту алуучунун аты-жөнү жана берилген күнү көрсөтүлгөн отчеттун жеткирилгендиги жөнүндө тастыктама болууга тийиш. 

40. Банктын Директорлор кеңешинин төрагасына жана Башкарманын төрагасына коштомо кат "Кызматтык иште пайдалануу үчүн" деген белги коюлган конвертке салынган текшерүү жөнүндө отчет менен бирге жөнөтүлөт. Анда текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча банкка ыйгарылган рейтинг жөнүндө маалымат көрсөтүлүшү мүмкүн, бул учурда катта чагылдырылган маалымат купуялуулукту камтыган маалымат болуп санала тургандыгы жана үчүнчү жакка берилүүгө тийиш эместиги эскертилет. 

41. Коштомо катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрү отчет менен кылдат таанышып чыгып, отчетто камтылган сунуш-көрсөтмөлөргө жана талаптарга жараша аныкталган бузууга жол берүүлөрдү жана белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча зарыл чараларды көрүүгө тийиш экендиги; 

- текшерүү жөнүндө отчет менен таанышкандан кийин Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрү, ошондой эле ички аудит, тобокелдик-менеджменти жана комплаенс-контролдук бөлүмдөрүнүн (кызматтарынын) начальниктери (жетекчилери) отчет менен кылдат таанышып чыккандыгы жөнүндө баракчага кол коюуга тийиш экендиги; 

- эгерде Улуттук банк Директорлор кеңеши менен жолугушуу зарыл деп эсептесе, жолугушуу күнү көрсөтүлөт. 

42. Эгерде, Улуттук банктын пикири боюнча Директорлор кеңеши менен жолугушууну өткөрүү зарылчылыгы жок болсо, ал эми Директорлор кеңеши жолугушууну зарыл деп эсептесе, анда банк жолугушуу күнүн болжолдоп, ал тууралуу Улуттук банкка маалымдайт. 

43. Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрү, ошондой эле ички аудит, тобокелдик-менеджменти жана комплаенс-контролдук бөлүмдөрүнүн (кызматтарынын) начальниктери (жетекчилери) отчет менен таанышып чыккандан кийин кол тамга коюуга милдеттүү, мында отчетто камтылган тыянактар жана корутундулар менен макул эместиги Таанышуу барагына кол тамга коюудан баш тартууга негиз болуп саналбайт. 

9-глава. Текшерүү жөнүндө отчет менен таанышуу барагы 

44. Текшерүү жөнүндө отчет менен таанышуу барагында (барактар) (4, 5-тиркемелер) Директорлор кеңешинин, Башкарманын бардык мүчөлөрүнүн, ички аудит, тобокелдик-менеджменти жана комплаенс-контролдук бөлүмдөрүнүн (кызматтарынын) начальниктеринин (жетекчилеринин) кол тамгалары камтылат. Отчет менен таанышкандан кийин таанышуу барагы Улуттук банктан коштомо катты алынгандан кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка кайтарылып берилет. Банк таанышуу барагынын көчүрмөсүн текшерүү жөнүндө отчет менен бирге сактоого тийиш. 

45. Директорлор кеңешинин, банк Башкармасынын бул же тигил мүчөлөрү жок учурда жана/же отчет менен таанышуу үчүн белгиленген мезгил ичинде алар менен байланышуу мүмкүн эмес болсо, банк отчетту алгандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка Директорлор кеңешинин жана/же Башкарманын бардык мүчөлөрү Таанышуу барагына кол тамгасын кое албай тургандыгы себебин билдирүүгө тийиш. Мында, Таанышуу барагы белгиленген мөөнөттө Улуттук банкка Директорлор кеңешинин, Башкарманын жок болуп калган мүчөлөрүнүн кол тамгасысыз кайтарылып берилиши мүмкүн. Улуттук банк айрым учурларда Таанышуу барагына кол коюу үчүн белгиленген мөөнөттөрдү узартышы мүмкүн. 

46. Отчет менен таанышуу жана Башкарма мүчөлөрүнүн жана/же Директорлор кеңешинин Таанышуу барагына кол тамга коюу үчүн жоопкерчилик банк Башкармасынын/Директорлор кеңешинин Төрагасына жүктөлөт. 

10-глава. Банктын Директорлор кеңеши менен жолугушуу 

47. Банктын Директорлор кеңеши менен жолугушуу максаты - текшерүү жыйынтыктарын жана көрүлүүчү зарыл чараларды жыйынтыктап талкуулоо саналат. Директорлор кеңеши менен жолугушуу бардык мүчөлөр отчет менен таанышкандан кийин өткөрүлөт. 

Өзгөчө учурда Банктын Директорлор кеңеши менен жолугушуу интернет байланышты пайдалануу менен видеоконференция форматында өткөрүлүшү мүмкүн. 

48. Жолугушуу учурунда банк жетекчилигине текшерүү жыйынтыгы, күчөтүүнү талап кылган тиешелүү чаралар жөнүндө маалымдалат жана/же Улуттук банктын эскертүү чараларын жана таасир этүү чараларын кабыл ала тургандыгы жөнүндө ниети, ошондой эле төмөнкүлөр тууралуу маалымат берилет: 

- банк дуушар болушу мүмкүн болгон тобокелдиктерди кошо алганда, негизги проблемалар же маселелер; 

- мурда аныкталган кемчиликтерди жана бузууга жол берүүлөрдү четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар, кемчиликтерди жана бузууга жол берүүлөрдү четтетпөө натыйжалары, ошондой эле кесепеттери; 

- текшерүү жыйынтыгын талкуулоо боюнча банк менен алдын ала жана жыйынтык жолугушуулар; 

- банктын өнүгүшүн, продукттарын, кызмат көрсөтүүлөрүн жана банктын стратегиясын камтыган стратегиялык маселелер; 

- аныкталган тобокелдиктерди кошо алганда, банктык көзөмөл органын тынчсыздандырган негизги маселелер; 

- банктын алгылыктуу жана начар жактары; 

- банкка таасирин тийгизген тышкы шарттар; 

- Улуттук банк банктан күтүп жаткан аракеттер жана мөөнөттөр (мисалы, иш-аракеттер планы, көзөмөл стратегиясы, милдеттенмелер). 

11-глава. Эскертүү жана таасир этүү чаралары 

49. Банкка карата бул же тигил эскертүү чараларын жана таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, ушундай чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу Улуттук банктын тиешелүү кызмат адамдары жана органдары тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат. 

50. Олуттуу тобокелдиктерди шартташы мүмкүн болгон бузууга жол берүүлөр аныкталган шартта, көзөмөлдүк чараларынын негизинде таасир этүү чаралары колдонулат, алар банкка жөнөтүлөт. 

51. Таасир этүү чараларында банк милдеттүү түрдө белгиленген мөөнөттө аткарууга тийиш болгон айкын чаралар белгиленет. Кемчиликтерди четтетүү жана таасир этүү чараларын аткаруу боюнча банктын иш-чаралар планы Улуттук банкка банкта жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө отчетту расмий корреспонденция аркылуу алган күндөн тартып же болбосо отчет банкка жөнөтүлбөй турган/кечирээк жөнөтүлө турган учурда, ыйгарым укуктуу жак тарабынан кол коюлган Улуттук банктын жазма буйругун/катын расмий корреспонденция же электрондук почта аркылуу алган күндөн тартып, 30 (отуз) календардык күн ичинде сунушталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 2020-П-12/67-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

12-глава. Таасир этүү чаралары боюнча даттануу менен кайрылуу тартиби 

53. Текшерүү жөнүндө отчет боюнча даттануу менен кайрылууга жол берилбейт. 

54. Отчеттун негизинде даярдалган таасир этүү чаралары боюнча даттануу менен Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобого ылайык кайрылууга жол берилет. 

  

  

  

Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоого карата  

1-тиркеме 

  

  

  

Улуттук банктын  

20__-ж. "__" _________  

№ _________________  

катына карата  

тиркеме 

Банк тарабынан текшерүүгө сунушталган документтердин жана маалыматтардын  

ТИЗМЕСИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

I. Уюштуруу документтери, банкты түзүү учурунда сыяктуу эле, анын өлчөмүнүн көбөйүүсү/азаюусу учурунда да акционерлер жана капиталды түзүү боюнча документтер 

1. Уюштуруу документтери: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөртүлгөн уюштуруу келишими, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген устав; 

- уставдык капиталды түзүү боюнча туруктуу сакталуучу көктөмөлөр. 

2. Акционерлердин текшерүү күнүнө карата тизмеси жана көз карандысыз каттоочу тарабынан тастыкталган, акциялардын суммасын жана уставдык капиталга карата пайыздык катышка ээлик кылуу үлүшүн көрсөтүү менен текшерилүүчү бир мезгил ичиндеги өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат. 

3. Банктын акцияларынын бардык эмиссияларынын проспектилери жана ага тиешелүү колдо болгон бардык документтер. 

4. Текшерилүүчү мезгил ичинде акционерлердин кезектүү жана кезексиз жалпы чогулушунан толтурулган протоколдор. 

5. Банктын 1% акциясын ээлеген акционерлер боюнча юридикалык иштер. 

II. Банктын тескөө органдары жана ички документтери 

6. Банкты өнүктүрүүнүн стратегиялык планын, өткөн жыл жана өтүп жаткан жыл үчүн бизнес-планды кошо алганда, өткөн жана учурдагы жылдар үчүн жылдык отчеттор. 

7. Банк ишин жөнгө салуучу жана анын саясатын аныктай турган документтердин топтому. 

8. Акыркы эки жыл жана өтүп жаткан жыл ичинде айкын аткарылгандыгы тууралуу отчеттор менен салыштырылган кирешелер жана бюджет тууралуу отчеттордун көчүрмөсү

9. Ликвиддүүлүктүн, активдер менен пассивдерди тескөөнүн жана бардык финансылык тобокелдиктерди (пайыздык, валюталык ж.б.) тескөөнүн бардык аспектилерине мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулган, бардык негизги отчеттордун көчүрмөлөрү

10. Кеңеште иштөө мөөнөтүн жана иштеген жерин көрсөтүү менен банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси. 

11. Ээлеген кызматын, аткаруучу милдеттеринин чөйрөсүн көрсөтүү менен банк Башкармасынын мүчөлөрүнүн тизмеси. 

12. Директорлор кеңешинин, банк Башкармасынын жана комитеттердин текшерилүүчү мезгил ичинде отурумдарынан толтурулган протоколдор. 

13. Текшерилүүчү мезгил ичинде өзгөрүүлөрү менен бирге банктын уюштуруу түзүмү

14. Банктын штаттык тизими, эмгекке төлөө системасы боюнча ички документтери, жеке курамы жана негизги иши боюнча буйруктары. 

15. Персоналдык курамын көрсөтүү менен банкты тескөө боюнча бардык комитеттердин тизмеси, ошондой эле комитеттердин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө, мурдагы текшерүү жүргүзүлгөн мезгилден тартып, учурдагы текшерүү мезгили ичиндеги тиешелүү документтер (жалпы жыйындан толтурулган протокол, комитеттин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө буйруктар, келишимдер жана башкалар). 

16. Банктын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кошо алганда, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин/начальниктеринин кызматтык милдеттеринин тизмегин көрсөтүү менен тизмеси (кагаз жүзүндө/электрондук түрдө). 

17. Ар бир маанилүү оперативдүү бөлүм, департамент жана функционалдык топ боюнча телефон номерлерин көрсөтүү менен негизги байланышуучу кызматкерлердин тизмеси. 

III. Банктын кредиттик жана депозиттик операциялары боюнча маалымат 

18. Текшерүү күнүнө жана өткөн төрт чейректик күнгө карата абал боюнча кредит портфелине баяндама (валюта номиналында): 

- карыз алуучунун аты-жөнү, кредиттин түрү, суммасы, мөөнөтү, пайыздык чендер, кредиттин текшерүү күнүнө карата калдыгы, кредитти жана ал боюнча пайыздарды төлөө графиги; 

- күрөөлүк документтер; 

- реструктуризациялардын саны, күрөөнүн түзүмү, мөөнөтүндө төлөнбөй калган күндөрдүн саны (негизги сумма жана пайыздар), 1-30 күн, 31-60 күн, 61-90 күн, 91-180 күн, 181-360 күн жана андан ашык интервалдары боюнча жыйынтык суммаларды кошо алганда, келишим боюнча кайтарып берүүнүн баштапкы күнүнө тиешелүү мөөнөтүндө төлөнбөй калган учурларды көрсөтүү менен; 

- кредит портфелин классификациялоо, ошондой эле бүтүндөй банк жана филиалдар боюнча өткөн текшерүүлөрдөн кийинки аралыкта РППУну түзүү боюнча туруктуу сактоодогу көктөмөлөр. 

19. Банк тарабынан банк менен байланыштуу/аффилирленген жактарга берилген кредиттердин жана кредиттин ордун алмаштыруучулардын тизмеси. 

20. Кредиттерди берүүгө билдирмелерди каттоо жана карыз алуучулар менен байланышууларды эсепке алуу журналдары, банк кардарларынын даттанууларынын жана сунуштарынын китепчеси. 

21. Кардарлардын даттануулары жана кайрылуулары менен банктын иш алып баруусу боюнча маалымат (ички отчеттуулук). 

22. Системадан тышкаркы эсепке алууга киргизилген кредиттердин тизмеси. 

23. Банк, өзү же башкалар үчүн кайсы болбосун кредиттин же милдеттенмелердин төлөнүшүнө же аткарылышына кепилдик берген кандай болбосун контракттардын чагылдырылышы. 

24. Төмөнкү отчеттордун түрлөрү

- аткаруу шарттары өзгөртүлгөн (пайыздык ченди азайтуу же негизги сумманы төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу, пайыздык ченди же негизги сумманы же кайсы бир башка шарттарды төлөө жолу менен) кредиттер жөнүндө отчеттор; 

- ар бир кредиттик продукт боюнча пайыздык чендердин өзгөрүү тенденциясы жөнүндө отчет; 

- пайыздык чендин күндөлүк түзүмү жөнүндө отчет, кредиттик продукттар боюнча күрөөнүн түзүмү

- кредиттердин ар бир продукт боюнча кайтарылып берилиши деңгээли жөнүндө отчет; 

- пайыздары кредиттик келишимдин шарттарына ылайык карыз алуучу тарабынан төлөнбөгөн кредиттер жөнүндө отчет; 

- банктын филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү тескөөчү кызматкерлерине, кызмат адамдарына, банктын негизги акционерлерине жана алар же банк менен байланыштуу болгон жакка кредиттерди берүү жөнүндө отчет; 

- жетекчилик жана аткаруучулар тарабынан активдердин сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулган Маалыматтык башкаруу системасы (МБС) боюнча негизги отчеттордун көчүрмөлөрү

25. Банктын ири депозиторлорунун тизмеси. 

26. Банктын негизги акционерлеринин, банк менен байланыштуу жактардын жана аткаруучу кызмат адамдарынын, филиалдардын жетекчилеринин депозиттер түрү, аманат суммалары, чендери, салынган күнү жана мөөнөтү боюнча тизмеси. 

27. Банк менен байланыштуу жактар жана аффилирленген жактар менен операцияларды эсепке алуу журналы. 

28. Өткөн текшерүү учурунан тартып текшерүү мезгили үчүн жабык жана ачык корреспонденттик эсептердин, башка кардарлардын тизмеси. Аларды жабуу негиздери. 

29. Банктар тарабынан расмий тастыкталган жана тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн (мисалы, күнү, мөөрү жана кол тамгасы) калдыктар көрсөтүлгөн, ошол банктардагы кредиттердин, депозиттердин жана корреспонденттик эсептердин тизмеси. 

30. Банк менен башка финансылык уюмдар ортосундагы кредиттик линиялар тууралуу маалымат. Ири жеке каржылоо булактарынын тизмеси. 

Эскертүү: Улуттук банкты, башка банктарды (анын ичинде чет өлкө банктарын), банкка каражаттарын салышкан юридикалык жактар менен жеке адамдарды кошо алганда, банктын 10 эң ири кредиторлору тууралуу маалымат келтирилет (салынган каражаттар өлчөмүнүн азаюу деңгээли боюнча). 

31. Төлөмдөрдү төлөө мөөнөттөрүнүн сакталышын, реквизиттердин туура толтурулушун жана өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрдү кармап калууларды текшерүү үчүн документтер. 

32. Өткөн текшерүү учурунан тартып текшерүү мезгили ичинде тартылган депозиттерге тиешелүү (юридикалык жактардын жана жеке адамдардын) белгиленген пайыздык чендер боюнча маалыматтары. 

33. Негизги кредиттик продуктулар боюнча эффективдүү пайыздык чендерге тиешелүү маалыматтар жана эсептөөлөр. 

IV. Банктын баалуу кагаздар менен операциялары боюнча маалымат 

34. Улуттук банктын белгиленген талаптарына ылайык банк тарабынан сатылып алынган/сатылган баалуу кагаздар боюнча банктын бүтүмдөрү тууралуу тастыктоочу документтер менен текшерилүүчү мезгил ичиндеги баалуу кагаздардын тизмеси. 

35. Банк алар менен иш алып барган же анын ичинде банк кардарларынын баалуу кагаздары менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүүнү пландаштырган брокерлердин, дилерлердин жана депозитарийлердин Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген тизмеси, ошондой эле жогоруда аталган адамдарды тандоо тууралуу Директорлор кеңишинин бардык мүчөлөрүнүн кол тамгасы коюлган чечим. 

36. Суб-брокерлердин жана/же брокерлердин контрагенттеринин, ошондой эле брокер алардын кызмат көрсөтүүлөрүн баалуу кагаздар боюнча операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн банктын атынан колдонууга ниеттенген депозитарийлердин жана суб-депозитарийлердин тизмеси. 

37. Банктын брокерлеринин, дилерлеринин жана депозитарийлеринин Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүлөрүн иликтөө жана баалоо боюнча маалыматтар, анын ичинде банктын юристинин кол тамгасы коюлган, банк тарабынан тандалып алынган баалуу кагаздар рыногунун жогоруда аталган кесипкөй катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жооп берет деген корутундусунун көчүрмөсү

38. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органдардан алынган, брокерлердин, дилерлердин жана депозитарийлердин абройлору тууралуу маалымат (ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органдардан алынган жооп иретиндеги маалымат менен каттардын көчүрмөлөрү тиркелсин). 

39. Банк брокерлер/дилерлер жана депозитарийлер аркылуу ишке ашырууга ниеттенген операцияларды жана бүтүмдөрдү кеңири чагылдырган маалыматтар. 

40. Банк менен байланыштуу жактары олуттуу кызыкдар болгон, банктын акцияларга, карыздык милдеттенмелерге инвестицияларынын тизмеси. 

41. Күрөөгө коюлган баалуу кагаздардын тизмеси (номиналдык, баланстык жана рыноктук наркы). 

42. Баалуу кагаздар портфелине мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулган Маалыматтык башкаруу системасы боюнча негизги отчеттордун көчүрмөлөрү

V. Бухгалтердик эсепке алуу, Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет, аудит боюнча маалыматтар 

43. Банктын бухгалтердик балансы, акыркы эки жыл үчүн корректировкаланган жылдык отчеттору. Акыркы эки жыл үчүн ай сайын берилүүчү Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет (кагаз жүзүндө/электрондук түрдө). 

44. Экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу акыркы эки жыл жана өтүп жаткан жыл үчүн мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттор жана маалыматтар. 

45. Баланстын статьяларынын чечмелөөлөрү: "Негизги каражаттар", "Башка менчик", "Башка активдер", "Башка милдеттенмелер". 

46. Тышкы жана ички аудиттин акыркы жыл үчүн отчеттору (жетекчиликке жазган катын кошо алганда). Аудитордук текшерүүлөрдүн өткөн жана өтүп жаткан жыл үчүн пландарынын аткарылышы тууралуу маалымат. 

VI. Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында, тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдукту уюштуруу боюнча маалыматтар 

47. Тобокелдик менеджеринин жана Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынын мурдагы текшерүүдөн тартып учурдагы текшерүү мезгили ичиндеги отчеттору. 

48. Финансылык чалгындоо органга маалыматтарды жөнөтүүнү эсепке алуу журналы. 

49. Банктын текшерүү мезгил ичинде финансылык чалгындоо органы менен кат алышуулары. 

50. Ишинде жогорку тобокелдиктер камтылган кардарлардын тизмеси. 

51. Оффшордук аймактарда катталган кардарлардын тизмеси. 

52. Эркин экономикалык аймакта катталган кардарлардын тизмеси. 

53. Эсептер боюнча жүгүртүүлөрү анкетада көрсөтүлгөн жүгүртүүлөрдөн олуттуу арткан кардарлардын тизмеси. 

54. Аралыкта орнотулган кызмат көрсөтүүлөрдү (Интернет-банкинг ж.б.у.с.) пайдаланышкан кардарлардын тизмеси. 

55. Кыргыз Республикасынын "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында, банк тарабынан бекитилген ченемдик документтер. Түзүмдүк бөлүмдөр жана террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча саясаттын ишке ашырылышына жооп берген кызматкерлердин кызматтык нускоолору жөнүндө жобо. 

VII. Улуттук банктын жазма буйруктарын жана сунуш-көрсөтмөлөрүн сактоо, Улуттук банк жана башка органдар менен өз ара иш алып баруусу тууралуу маалымат 

56. Улуттук банк жана башка мамлекеттик бийлик органдары менен кат алышуу. 

57. Мурдагы текшерүүлөрдүн натыйжасында берилген жазма буйруктардын аткарылышы жана сын-пикирлердин четтетилиши жөнүндө маалымат. 

Эскертүү: Тизме зарылчылыкка жараша толукталышы мүмкүн. 

  

  

  

Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоого карата  

2-тиркеме 

  

___________________________________________________________________________ 

(уюмдун толук аталышы) 

____________________________________________ ишин текшерүүгө карата  

ЖОЛДОМО КАГАЗЫ 

Ушул аркылуу төмөнкү кызматкерлер: 

1. _____________________________________________________________________________________ 

                                                    (Аты-жөнү жана кызматы) 

2. _____________________________________________________________________________________ 

                                                    (Аты-жөнү жана кызматы) 

3. _____________________________________________________________________________________ 

                                                    (Аты-жөнү жана кызматы) 

4. _____________________________________________________________________________________ 

                                                    (Аты-жөнү жана кызматы) 

5. _____________________________________________________________________________________ 

                                                    (Аты-жөнү жана кызматы) 

20__-жылдын ______________ тартып, ______________ жумуш күн мөөнөтүнө _________________________ ишин текшерүүгө жөнөтүлүшөт. Текшерүү мезгилинде орун алган жагдайларга жараша, текшерүү мөөнөтү Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоонун 13-пунктунда белгиленген мөөнөт чегинде узартылышы мүмкүн. 

Текшерүүнүн программасы төмөнкү багыттарды жана маселелерди текшерүүнү камтыйт:  

_____________________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________________ 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүчү топтордун банк ишин инспектирлөөгө байланыштуу ыйгарым укуктары банктын кызыкчылыгы менен байланыштуу болгон кайсыл болбосун компанияга (банк менен байланыштуу жана аффилирленген жактарга) карата жүзөгө ашырылат. 

  

Төраганын орун басары/ 

Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү 

  

Аты-жөнү 

  

  

  

Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоого карата  

3-тиркеме 

Текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүлгөндүгү жөнүндө  

АКТ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

______________________________________________________________________________ 

(банктын (филиалдын, терминалдын, аманат кассасынын) аталышы) 

______________________________________________________________________________ 

(банктын (филиалдын, терминалдын, аманат кассасынын) жайгашкан жери,  

дареги, телефону) 

_______________________ 

       (түзүлгөн жери) 

  

20__-жылдын "__" ___________ 

  

Бул акт биз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери тарабынан 

_____________________________________________________________________________________ 

                                 (Улуттук банктын кызматкерлеринин аты-жөнү

_______________________________________________ банкынын ишине текшерүү ишин жүргүзүүгө 

банктын кызматкерлери ________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________________ 

                                           (Банктын кызматкерлеринин аты-жөнү

тарабынан каршылык __________________________________________________________________ 

                                              (банктын имаратына киргизбөөсү, инспекторлор талап кылган 

                                                                  документтердин берилбеши ж.б.) 

көрсөтүлгөндүгүнөн улам түзүлгөн. 

Банктын кызматкери/кызматкерлери банктын ишине текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү үчүн банк кызматкери банкта текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү үчүн банктын жана анын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө текшерүүчү топ тарабынан эскертилди. 

Акт _______________________________________________ ______________ тарабынан түзүлдү 

          (Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү (кызматы)    (кол тамгасы) 

  

_____________________________________________ 

(Текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин аты-жөнү

_________________ 

(кызматы) 

_______________ 

(кол тамгасы) 

  

  

  

_____________________________________________ 

(Банк Башкармасынын Төрагасынын/анын,  

милдетин аткаруучунун аты-жөнү) тааныштырылды: 

_________________ 

(кызматы) 

_______________ 

(кол тамгасы) 

  

  

  

_____________________________________________ 

(Текшерүүчүлөр тобунун мүчөсүнүн аты-жөнү

_________________ 

(кызматы) 

_________________ 

(кол тамга) 

  

  

  

_____________________________________________ 

(Банктын текшерүүнү жүргүзүүгө тике же кыйыр түрдө  

тоскоолдуктарды жараткан кызматкеринин аты-жөнү

_________________ 

(кызматы) 

_________________ 

(кол тамга) 

  

Актынын экинчи нускасын алды 

__________________________________ 

банктын кызматкеринин аты-жөнү 

  

  

____________________ 

(кызматы) 

_________________ 

(кол тамга) 

  

  

  

Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоого карата  

4-тиркеме 

ТААНЫШТЫРУУ БАРАГЫ 

Биз, төмөндө кол койгондор, ____________________________________________________________ 

____________________________________________________________________________________ 

                                                    (банктын аталышы) 

____________________________________________________________________________________ 

                                              ((күнү) карата абал боюнча) 

текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө ушул отчеттун мазмуну менен жекече таанышып чыктык. 

  

Кол тамгалары 

  

Күнү 

_________________________________________ 

                        Аты-жөнү 

  

_________________________________________ 

_________________________________________ 

  

_________________________________________ 

_________________________________________ 

  

_________________________________________ 

_________________________________________ 

  

_________________________________________ 

_________________________________________ 

  

_________________________________________ 

_________________________________________ 

  

_________________________________________ 

_________________________________________ 

  

_________________________________________ 

Эскертүү: Бул Тааныштыруу баракка Директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүнүн жана ички аудит, тобокелдик-менеджмент жана комплаенс-контролдук бөлүмдөрүнүн (кызматтарынын) начальниктеринин (жетекчилеринин) кол тамгасы коюлуп, андан кийин Улуттук банкка 10 жумуш күнү ичинде кайтарылып берилүүгө тийиш. Бул Тааныштыруу барагынын көчүрмөсү банкта сакталууга тийиш. 

  

  

  

Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоого карата  

5-тиркеме 

БАНК БАШКАРМАСЫНЫН МҮЧӨЛӨРҮН ТААНЫШТЫРУУ БАРАГЫ 

Биз, төмөндө кол койгондор, банк Башкармасынын мүчөлөрү __________________________________ 

_____________________________________________________________________________________ 

                                                  (банктын аталышы) 

_____________________________________________________________________________________ 

                                            ((күнү) карата абал боюнча)  

текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө ушул отчеттун мазмуну менен жекече таанышып чыктык. 

  

Банк Башкармасынын мүчөлөрүнүн кол тамгалары 

  

Күнү 

_________________________________________ 

  

_________________________________________ 

_________________________________________ 

  

_________________________________________ 

_________________________________________ 

  

_________________________________________ 

_________________________________________ 

  

_________________________________________ 

_________________________________________ 

  

_________________________________________ 

_________________________________________ 

  

_________________________________________ 

Эскертүү: Бул Тааныштыруу баракка банк Башкармасынын бардык мүчөлөрүнүн кол тамгасы коюлуп, андан кийин Улуттук банкка 10 жумуш күнү ичинде кайтарылып берилүүгө тийиш. Бул Тааныштыруу барагынын көчүрмөсү банкта сакталууга тийиш. 

  

  

  

Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоого карата  

6-тиркеме 

Коммерциялык банктардын тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүк боюнча классификациясы 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

Компонент 

Мүнөздүү болгон тобокелдик 

Тобокелдикти тескөө сапаты 

Таза тобокелдик 

Тобокелдик тенденциясы 

Кредиттик тобокелдик 

1-4 

1-4 

1-4 

, же ↑ 

Рыноктук тобокелдик 

1-4 

1-4 

1-4 

, же ↑ 

Ликвиддүүлүк тобокелдиги 

1-4 

1-4 

1-4 

, же ↑ 

Операциялык тобокелдик 

1-4 

1-4 

1-4 

, же ↑ 

Комплаенс тобокелдиги 

1-4 

1-4 

1-4 

, же ↑ 

Жалпы таза тобокелдик 

  

  

1-4 

, же ↑ 

Менеджмент 

  

  

1-4 

, же ↑ 

Кирешелүүлүк  

  

  

1-4 

, же ↑ 

Капитал 

  

  

1-4 

, же ↑ 

Жыйынтык рейтинг 

  

  

1-4 

, же ↑ 

Мүнөздүү болгон тобокелдикке баа берүүнүн жыйынтыгында төмөндө келтирилген төрт рейтингдин бири аныкталат: 

1) төмөн (1) - орун алышы ыктымал болгон тобокелдик банктын кыйла чыгым тартуусуна же террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) алып келиши ыктымалдуулугу, өтө жогору; 

2) алгылыктуу (2) - орун алышы ыктымал болгон тобокелдик банктын кыйла чыгым тартуусуна же террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) алып келиши ыктымалдуулугу, орто; 

3) олуттуу (3) - орун алышы ыктымал болгон тобокелдик банктын кыйла чыгым тартуусуна же террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) алып келиши ыктымалдуулугу, олуттуу; 

4) жогору (4) - орун алышы ыктымал болгон тобокелдик банктын кыйла чыгым тартуусуна же террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) алып келиши ыктымалдуулугу, жогору.