Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 

26-июнунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 47-08 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2008-жылдын 28-майындагы 

№ 22/4 токтому менен 

бекитилген 

Тике банктык көзөмөл жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/6, 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/5, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ), 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА), 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17-3-(НПА), 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-13-(НФКУ), 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Бул жобо Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылат (мындан ары - банк/банктар). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.2. Жобо, «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсы (мындан ары - Финансы компаниясы), насыялык бюролорго, кепилдик фонддорго, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык уюмдарга жана катышуучулардан депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан жана/же Финансы компаниясынын алдында карызы бар кредиттик союздарга (мындан ары - банк/тар) бул уюмдардын иши жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга каршы келбеген бөлүгүндө, Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» Мыйзамына ылайык, алардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен таркатылат. 

Жобо Улуттук банктан лицензия алышкан төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына бул уюмдардын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга каршы келбеген бөлүгүндө, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Мыйзамына ылайык алардын иш өзгөчөлүгүн эске алуу менен таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17-3-(НПА), 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-13-(НФКУ), 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.3. Тике банктык көзөмөл банктын туруктуу жана ишенимдүү иши үчүн кооптуу жагдайлар орун алган шартта анын финансылык абалын чыңдоо боюнча тиешелүү чараларды өз убагында көрүп, абалды начарлатып, туруксуздукка дуушар кылуучу көйгөйлөрдүн тереңдеп кетишин алдын ала аныктап, четтетүү максатында, ошондой эле банктын финансылык абалын, эсепке алуу жана отчеттуулугун терең иликтөөгө алуу жана Улуттук банк тарабынан аныкталган башка максаттарда колдонулуучу таасир этүү чарасы болуп саналат. 

Тике банктык көзөмөл төлөм системаларынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана төлөм уюмдарынын өздөрүнүн күндөлүк финансылык милдеттенмелерин аткарууда алардын операцияларды жүргүзүүсүн контролдоо максатында төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чарасы болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.4. Тике банктык көзөмөлдүн негизги милдеттеринен болуп төмөнкүлөр саналат: банктын/төлөм уюмдарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн, банкты/төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары ишин башкаруу сапатын, абалды начарлатышы мүмкүн болгон потенциалдуу тобокелдикти камтыган кайсы болбосун башка иш багытын кылдат иликтеп чыгуу жана талдап-иликтөө; Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети (мындан ары - Көзөмөл боюнча комитет) жана Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети (мындан ары - Төлөм системасы боюнча комитет) тарабынан белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык, операцияларга жеринде барып максатка багытталган жана ыкчам мониторинг жүргүзүү жана контролдоо; Улуттук банктын бардык жазма буйруктарынын жана банк/төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары өздөрү иштеп чыккан финансылык абалды чыңдоо жана жакшыртуу боюнча чаралардын, ошондой эле системанын туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча чаралардын аткарылышын контролдоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Тике банктык көзөмөлдү киргизүү тартиби 

2.1 Банкка тике банктык көзөмөлдү киргизүү жөнүндө чечим Көзөмөл боюнча комитет тарабынан, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары үчүн Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан кабыл алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2. Көзөмөл боюнча комитет/Төлөм системасы боюнча комитет тике банктык көзөмөл милдеттерин аткаруу үчүн банкка/төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерин/кызматкерлерин жөнөтөт. Эгерде, банкка/төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына бир канча ыйгарым укуктуу кызматкерлер (мындан ары - контролёрлор тобу) жөнөтүлсө, анда алардын жетекчиси (мындан ары - контролёрлор тобунун жетекчиси) дайындалат. Эгерде, банкка/төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына бир ыйгарым укуктуу кызматкер (мындан ары - контролёр) жөнөтүлсө, анда ал контролёрлор тобунун жетекчисинин функцияларын аткарат (эгерде колдонулса). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2.1. Тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү негиздемесине жараша текшерүүчүлөр тобунун саны жана курамы аныкталат. 

Аткарыла турган иш чөйрөсү, контролерлор/контролерлор тобу алардын аткарылышына түздөн-түз жоопкерчиликтүү болгон милдеттер тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү максаттарына жана себептерине ылайык аныкталат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2.2. Тике банктык көзөмөлдү ишке ашырууда банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын төлөм операцияларын жүргүзүүсүн контролдоо үчүн зарыл учурларда Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, областтык башкармалыктарынын/өкүлчүлүгүнүн ыйгарым укуктуу кызматкерлерин жана банктарда/төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында ишке ашырылган операциялар боюнча жетиштүү тажрыйбага жана билимге ээ банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызматкерлери ишке тартылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3. Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин тике банктык көзөмөлдү киргизүү жөнүндөгү токтомунда төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:  

- тике банктык көзөмөлдү киргизүү үчүн негиздер;  

- таасир этүү чарасын колдонуу мөөнөтү;  

- банк/төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жана контролёр/контролёрлор тобунун жетекчиси бере турган отчеттордун түрү жана мезгил аралыгы;  

- банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын (филиалдарды/өкүлчүлүктү/агенттик түйүндү жана башка обочо түзүмдүк бөлүмдөрдү кошо алганда) жана контролёрдун/контролёрлор тобунун (анын ыйгарым укугун кошо алганда) ишинин өзгөчө шарттары/режими;  

- контролёрдун (контролёрлордун) кол тамгасынын үлгүсү (үлгүлөрү);  

- банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын Улуттук банкка жана контролёрлорго/контролёрлор тобуна карата милдеттери. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4. Тике банктык көзөмөл киргизилген күнү Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү банк Башкармасына/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчисине же алардын милдетин аткарган адамдарга Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомунун толук преамбуласын жана чечим чыгаруучу бөлүгү камтылган Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин тике банктык көзөмөлдү киргизүү жөнүндө токтомунан көчүрмөнү жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2.5.1. Контролёрлор тобунун жетекчиси төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:  

- Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин тике банктык көзөмөлдү жүргүзүү боюнча токтомунун аткарылышы;  

- контролёрлор тобунун ишин жетектөө;  

- контролёрлор тобунун мүчөлөрү ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.5.2. Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси Көзөмөл боюнча комитет менен макулдашуу аркылуу банктын филиалынын ишине контролдук кылуу укугун, банк иши боюнча жеткиликтүү тажрыйбасы жана билими бар банктын кызматкерине ыйгара алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.6. Банктын эсептешүү жана кассалык операцияларына контролдукту болжолдогон тике банктык көзөмөл режимин жүзөгө ашырууда Көзөмөл боюнча комитет төмөнкүлөрдү белгилөөгө укуктуу:  

- банк эсептешүү жана кассалык операцияларын (бардыгын же айрымдарын) кол тамгасынын үлгүсү Көзөмөл боюнча комитеттин токтомунда көрсөтүлгөн контролёр менен макулдашкандан жана анын колу коюлгандан кийин гана жүргүзүүгө тийиш экендиги талабын;  

- банктын айрым эсептешүү жана кассалык операцияларын убактылуу токтотуу боюнча контролёрдун/контролёрлор тобунун ыйгарым укуктарын жана ал боюнча чечимдерди Улуттук банктын жетекчилиги менен макулдашуу тартибин;  

- эсептешүү жана кассалык операциялары боюнча суммалардын максималдуу өлчөмүн, банк көрсөтүлгөн суммадан жогору өлчөмдө операцияларды кол тамгасынын үлгүсү Көзөмөл боюнча комитеттин токтомунда көрсөтүлгөн контролёр менен макулдашуусуз жана анын кол коюусуз жүргүзүүгө укугу жок;  

- банкта тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу контролёрго макулдашуу жана/же ага маалымдоо тартибин көрсөтүү менен банктын анда контролёр дайындалбаган филиалдары (сактык жана көчмө кассалары) тарабынан эсептешүү жана кассалык операцияларын жүргүзүү режимин. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.6-1. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишин контролдоо болжолдонгон тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууда Төлөм системасы боюнча комитет төмөнкүлөргө укуктуу:  

- төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар/агенттер/контрагенттер жана башка уюмдар менен эсептешүүлөрдү контролёрлор тобунун жетекчиси менен макулдашкандан кийин жана анын кол тамгасы коюлган учурда гана жүргүзүү талабын белгилөө;  

- тобокелдиктер орун алган шартта Улуттук банктын жетекчилигине макулдашуу менен келишимдин шарттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар ортосундагы келишимди бузууга чейин операциялардын/төлөмдөрдүн айрым түрлөрүн токтотууну демилгелөө;  

- төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары контролёрлор тобунун жетекчиси менен макулдашуусуз жана анын кол тамгасы жок операцияларды жүргүзүүгө укуксуз болгон суммалар боюнча максималдуу өлчөмдөрдү белгилөө

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.6-2. Контролёр/контролёрлор тобу зарыл учурларда Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы менен банктын айрым эсептешүү жана кассалык операцияларын убактылуу токтотуу жөнүндө чечимди 3 (үч) жумуш күнү ичинде макулдашуусу мүмкүн. Көрсөтүлгөн мөөнөт, эгерде зарыл болсо, кошумча 3 (үч) жумуш күнүнө узартылышы мүмкүн.  

Бул талап террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам ченемдерине ылайык операциялар (бүтүмдөр) убактылуу токтотулган учурларга таркатылбайт.  

Операция кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу деп шектелип, операция (бүтүм) убактылуу токтотулган учурда, мындай операцияны (бүтүмдү) токтото туруу террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.  

Банк эсептешүү жана кассалык операцияларды жүргүзүү боюнча ыкчам жана туура чечимдерди кабыл алуу үчүн контролёрго/контролёрлор тобуна ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.  

Контролёр/контролёрлор тобу банктын айрым эсептешүү жана кассалык операцияларын токтоткон учурда, банк мындай токтотууга байланыштуу келип чыккан чыгымдарды өзүнө алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.7. Тике банктык көзөмөл киргизилген күндөн жана банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын операцияларын жеринде контролго ала турган контролёр/контролёрлор тобу дайындалган күндөн кечиктирбестен, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкери тике банктык көзөмөл киргизилген уюмга Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомунда белгиленген контролёрлордун кол тамга үлгүлөрүн сунуштайт. Аралыктан тейлөө системасы аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө төлөм уюму аралыктан тейлөө системасында жүргүзүлүүчү эсептешүүлөр боюнча макулдашуу функциясын контролёрго/контролёрлор тобунун жетекчисине берүүгө тийиш. Мындай мүмкүнчүлүк жок болгон учурда төлөм уюмун тейлеген банк тике банктык көзөмөл киргизилген мезгил ичинде аралыктан тейлөө системасы аркылуу жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө контролёрго/контролёрлор тобунун жетекчисине маалымдоого тийиш (бул пункт банк менен төлөм уюму ортосунда кол коюлган келишимде камтылууга тийиш). Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомунда анын кол тамгасынын үлгүсү бар контролёрдун кол тамгасы жок болгон учурда банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызмат адамдарынын кол тамгалары анык эмес деп эсептелет.  

Макулдашылган операция боюнча документте контролёрдун кол тамгасынын болушу, контролёрдун банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун операцияны ишке ашыруу ниети менен тааныш экендигин жана аны ишке ашырууга Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин тиешелүү токтомунда белгиленген талаптарга ылайык макулдугун билдирет.  

Банк/төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму, жүргүзүлүп жаткан операциялардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келиши үчүн толугу менен жооп берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.8. Көзөмөл боюнча комитет/Төлөм системасы боюнча комитет банкта/төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында тике банктык көзөмөл жүргүзүлө турган мөөнөттү белгилейт, ошондой эле банк Башкармасы/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчилери жана контролёрлор тобунун жетекчиси тарабынан Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө жана Көзөмөл боюнча комитетке/Төлөм системасы боюнча комитетке сунушталуучу отчетторду берүү мезгилинин аралыгын аныктайт. Көзөмөл боюнча комитет/Төлөм системасы боюнча комитет отчетторду жана/же Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн маалыматтарын кароонун жыйынтыгы боюнча тике банктык көзөмөлдү узартууга же токтотууга (мөөнөтүнөн мурда) укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.9. Банк Башкармасы/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчиси же анын милдетин аткарган адам тике банктык көзөмөл киргизилген учурдан тартып 10 күн ичинде банктын/төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун бардык акционерлерине (уюштуруучуларына) тике банктык көзөмөл киргизилгендиги тууралуу маалымдоого милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.10. Тике банктык көзөмөлдү киргизүүдө банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчиси операцияларды контролёрго/контролёрлор тобуна макулдашылуу талабын кошо алганда, Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомунун аткарылышы үчүн толук жоопкерчиликтүү болуп саналат. Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомунун талабы аткарылбаган учурда банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчилигине карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17-3-(НПА), 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3. Тике банктык көзөмөлдү киргизүүнүн негиздери 

3.1. Банкка убактылуу администрацияны дайындоо же банк операцияларын жүргүзүүгө лицензияны кайтарып алуу үчүн жетиштүү негиздер жок болгон учурда, Улуттук банк тике банктык көзөмөлдү киргизүүгө укуктуу. 

Тике банктык көзөмөлдү киргизүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат: 

- белгиленген убакыт ичинде банк тарабынан четтетилбеген финансылык көйгөйлөрдүн орун алышы; 

- банктын жана/же анын кызмат адамдарынын аракеттери тобокелдикти камтыйт деп эсептесе жана ал банктын туруктуу жана ишенимдүү абалына терс таасир этиши ыктымал болсо; 

- аманатчылардын жана башка кредиторлордун таламдарына доо кетирүүчү жагдайлар орун алса; 

- мыйзам талаптарын, Улуттук банктын ченемдик актыларын жана буйрууларын бузууга жол берилгендиги фактылары аныкталса жана алар, белгиленген мезгил ичинде банк тарабынан четтетилбесе; 

- банктын акционерлеринин курамында Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасы да анын катарына кирген Коопсуздук Кеңеши тарабынан аларга карата ошол мамлекеттердин жеке адамдар жана юридикалык жактар менен кызматташууга тыюу салынган жана/же чектөөлөрдү караган чечим (резолюция) кабыл алынган мамлекеттерде каттоодон өткөн, өз алдынча же чогуу алганда банктын акцияларынын он же андан көп пайызына ээлик кылган же тескөөгө алган жактардын болушу. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөр менен иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана башка мамлекеттик органдар Улуттук банктын өтүнүчү боюнча эл аралык санкцияларга тиешелүү маалыматтарды сунуштап турат; 

- банктын акционерлеринин курамында акчаны адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таркатууга каршы аракеттенүү жагында эл аралык стандарттарды (ФАТФ) иштеп чыгуу жана аны жайылтуу боюнча өкмөттөр аралык уюмдун сунуш-көрсөтмөлөрүн кабыл албаган жана террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышпаган мамлекеттердин аймагында каттоодон өткөн жана ФАТФ аларга карата каршы аракеттерди көрүүгө мүчө-мамлекеттерди чакырган, өз алдынча же чогуу алганда банктын акцияларынын он же андан көп пайызына ээлик кылган же тескөөгө алган жактардын болушу. Мындай өлкөлөрдүн тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/5, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.1-1. Улуттук банк төмөнкү учурларда төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишине тике банктык көзөмөлдү киргизүүгө укуктуу:  

- төлөм системасынын ишинин үзгүлтүккө учурашына, системалуу тобокелдикке жана/же белгиленген мөөнөт ичинде пайдалануучулар алдында милдеттенмелеринин аткарылбай калышына алып келиши ыктымал болгон штаттан тышкаркы жагдайлардын келип чыгышы;  

- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун андан аркы ишине кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн болгон төлөм системасынын катышуучулары жана пайдалануучулары алдында финансылык милдеттенмелердин аткарылбай калышы жана белгиленген мөөнөт ичинде милдеттенмелердин ордун жабууга жөндөмсүз болуу;  

- укук коргоо жана башка органдардын, адамдардын төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун мыйзамсыз иш-аракеттерин тастыктаган маалыматынын болушу;  

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын жана/же башкаруу/аткаруу органдарынын төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун лицензиясынын токтотулушуна/кайтарылып алынышына, анын мажбурлап жоюлушуна же банкрот болушуна алып келиши мүмкүн болгон аракеттери же аракеттенбей коюулары;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берүү фактылары аныкталган, Улуттук банктын жазма буйруктарында белгиленген мөөнөт ичинде Улуттук банктын жазма буйруктары аткарылбаган учурлар.  

Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишине тике банктык көзөмөлдү киргизүүгө төмөнкүлөр дагы негиз болушу мүмкүн:  

- кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар/агенттер/контрагенттер жана башка катышуучулар алдында белгиленген мөөнөт ичинде өз милдеттенмелерин системалуу түрдө аткарбашы;  

- системанын аппараттык жана/же программалык камсыздоосунун үзгүлтүккө учурашы, ошондой эле кесепети төлөм системаларынын башка катышуучуларына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон резервдик жана/же альтернативдүү каналдарга өтүү мүмкүн болбогон учурлар;  

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын үзгүлтүксүз иштешине терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жана алардын кызмат адамдарынын аракеттери же аракеттенбей коюулары;  

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык абалын начарлатуу тобокелдигин жараткан, акционерлердин (уюштуруучулардын)/катышуучулардын, кызмат адамдарынын, аффилирленген жактардын жана алар менен жалпы кызыкчылыкта байланышкан адамдардын кызыкчылыктарына жооп берген укукка жатпаган аракеттер (аракеттенүү, аракеттенбей коюу, кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), ошондой эле документтерди жок кылуу, уурдоо, жасалмалоо аракеттери;  

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишине таасирин тийгизүүчү акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар ортосунда пикир келишпестиктер;  

- акционерлерге (уюштуруучуларга)/катышуучуларга карата кылмыш ишин козгоо;  

- жетекчинин, Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн (бүткүл курамдын алмашуусу) кийинки 12 айдын ичинде эки жолудан ашык алмашуусу (Директорлор кеңешин акционерлердин жылдык жыйынында шайлоону эске албаганда);  

- кызмат адамдарын, негизги персоналды жана/же иш милдеттерин кайталап аткаруучу курамды иштен массалык түрдө бошотуу/кыскартуу (2 ай ичинде кызматкерлердин 15 пайызынан ашык);  

- банктык жана төлөм мыйзамдарынын, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарынын сактабоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2. Банктын жана/же анын кызмат адамдарынын, тобокелдикти камтыйт деп эсептелген жана ал банктын туруктуу жана ишенимдүү абалына терс таасирин тийгизиши, ошондой эле аманатчылардын жана башка кредиторлордун таламдарына доо кетириши ыктымалдыгына алып келген аракеттерине төмөнкүлөр да кирет: 

- кооптуу жана алгылыксыз банк ишин жүргүзүү

- банктын жана анын кызмат адамдарынын банктын милдеттенмелеринин өз убагында аткарылбай калышына же такыр эле аткарылбай калышына алып келген же алып келиши ыктымал аракеттери же аракеттенбегендиги; 

- акционерлердин, банктын жана акционерлердин кызыкчылыктарына жооп берген кызмат адамдарынын, алар менен жалпы кызыкчылыкка ээ кызмат адамдардын, аффилирленген жактардын жана байланыштуу жактардын кызыкчылыктарына туура келген, бирок банктын финансылык абалына же банктын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыктарына зыян келтире турган аракеттери же аракеттенбей коюулары; 

- банктын кызмат адамдарынын тобокелдүү операцияларды жүргүзүүдө тобокелдиктерге тиешелүү баа берүүнү жана контролдукту камсыз кылуу жагында аракеттенбей коюулары (же чара көрүү жөндөмсүздүгү); 

- банктын, акционерлердин, кызмат адамдарынын иши жөнүндө маалыматтын такталбаган, толук эмес түрдө берилиши; 

- банктын жана анын кызмат адамдарынын документтердин (кагаз жүзүндө жана электрондук формада) жоголушуна, уурдалышына, окшотуп жасоого алып келген, алардын кесепетинен банктын иши олуттуу финансылык жоготуу тобокелдигине, укуктук тобокелдикке, абройду жоготуу тобокелдигине дуушар болушун шарттаган аракеттери же аракеттенбегендиги; 

- банктын активдерин жана банктын сактоосунда турган күрөөлүк мүлктү жоготуу; финансылык алдоолор; натыйжасында банк жоготууларга жана чыгымга дуушар болгон, ыйгарым укугун кара ниеттик менен пайдалануулар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/6, 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.3. Аманатчылардын жана башка кредиторлордун таламдарына потенциалдуу коркунуч келип чыккан шартта, банктын финансылык абалы үчүн мүмкүн болуучу терс кесепеттерге бөгөт коюу максатында тике банктык көзөмөл чарасы киргизилет. Жобонун 3.2 пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлардан тышкары, төмөндөгү учурларда да аманатчылардын жана башка кредиторлордун таламдарына потенциалдуу коркунуч келип чыгышы ыктымал, маселен: 

- банк жетекчилигинин (Директорлор кеңешинин төрагасы, мүчөлөрү) тез-тез алмашып туруусу (1), ушундан улам Улуттук банктын жазма буйруктарын жана башка талаптарын аткарбай коюу/талаптагыдай аткара албай калууга жол берилип, банк ишин банктык мыйзамдарга жана террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарга ылайык камсыз кылууга банк жетекчилигинин жөндөмсүздүгү орун алып, ишти андан ары улап кетүү мүмкүнчүлүгү үзгүлтүккө учурап, ички контролдук системасынын начарлоосу; 

- акционерлер ортосунда пикир келишпестиктер келип чыгып, анын натыйжасында банктын активдеринин сакталышы коркунучу орун алса; 

- банкта контролдукту жүзөгө ашыруучу акционерлерге карата кылмыш иши козголсо; 

- алардын кесепетинен ликвиддүүлүк тобокелдигинин олуттуу көбөйүүсү, депозиттердин жана тартылган башка каражаттардын агылып чыгуусу күчөгөн окуялар жана жагдайлар орун алса. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/5, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4. Тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу 

4.1. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тике банктык көзөмөлдү киргизүү үчүн негиздерди, банктын финансылык абалын жана анын иш өзгөчөлүгүн, ошондой эле банктын абалына таасир этип жаткан же этиши мүмкүн болгон башка факторлорду жана жагдайларды эске алуу менен бул чараны киргизүүдө жана аны жүзөгө ашыруунун кайсы болбосун учурунда төмөнкүлөрдү белгилөөгө укуктуу: 

- банктын жоготуу тобокелдиги өтө жогору болгон операциялары боюнча чектөөлөр (жана/же убактылуу токтотуу талабы); 

- банкты капиталдаштыруу боюнча талапты; 

- алардын аракетинен же аракеттенбей коюусунан улам, банктын абалы начарлаган кызмат адамдарын алмаштыруу талабын; 

- депозиттерди тартуу боюнча операцияларга чектөөлөрдү коюу жана/же аларды убактылуу токтотуу талабын; 

- банктын абалына, анын финансылык абалын чыңдоого, ошондой эле аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун таламдарын коргоого коркунуч келтире турган тобокелдиктерди басаңдатууга багытталган башка талаптарды жана чектөөлөрдү

4.1-1. Төлөм системасы боюнча комитет, тике банктык көзөмөлдү киргизүү үчүн негиздерди, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык абалын жана иш өзгөчөлүгүн, ошондой эле төлөм системасынын натыйжалуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө таасирин тийгизген же таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка факторлорду жана жагдайларды эске алуу менен тике банктык көзөмөлдү киргизүүдө жана аны ишке ашыруунун кайсы болбосун процессинде төмөнкүлөрдү белгилөөгө укуктуу:  

- жогорку тобокелдиктерге байланыштуу товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жагында жүргүзүлгөн операциялар боюнча чектөөлөрдү (убактылуу токтотуу);  

- товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар алдында карызды төлөө мөөнөттөрү боюнча талаптарды;  

- аракеттери жана аракеттенбей коюулары төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын абалын начарлатуу коркунучун же системалуу тобокелдиктин келип чыгышын жараткан төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарын алмаштыруу жөнүндө талаптарды;  

- тобокелдиктер орун алган учурда келишим шарттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен келишимдерди токтотуу боюнча чектөөлөрдү жана/же талаптарды;  

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын абалына коркунуч жараткан тобокелдиктерди төмөндөтүүгө, анын финансылык абалын чыңдоого жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган башка талаптарды жана чектөөлөрдү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.2. Көзөмөл боюнча комитет банкта тике банктык көзөмөлдүк чарасынын талаптарын аткаруучу контролёрдун/контролёрлор тобунун жетекчисинин жана мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары жана милдеттерин аныктайт, негизгилерден болуп:  

- банктын финансылык абалын жана төлөөгө жөндөмдүүлүгүн, башкаруу ишинин сапатын, эсепке алуу жана отчеттуулукту, абалдын начарлап кетүүсүн шарттаган потенциалдуу тобокелдикти камтыган кайсы гана болбосун иш багытын кылдат иликтөөгө алуу, анализдөөлөрдү жүргүзүү;  

- банктын бүтүндөй финансылык абалына туруктуу, максатка багытталган жана ыкчам мониторингди, банктын жана/же анын кызмат адамдарынын операцияларына жана аракеттерине мониторинг жүргүзүү;  

- операцияларды убактылуу токтотуусун кошо алганда, банктын эсептешүү жана кассалык операцияларына, ошондой эле операциялар боюнча Көзөмөл боюнча комитет тарабынан белгиленген чектөөлөргө контролдук;  

- финансылык абалды чыңдоо жана жакшыртуу боюнча Улуттук банк сунуштаган жана банктын өзү тарабынан иштелип чыккан бардык чаралардын аткарылышына контролдук;  

- тике банктык көзөмөлдү киргизүү жөнүндө токтомдо каралган банктын туруктуу негизде берилүүчү отчетторунун берилишин контролдоо;  

- отчеттордун даярдалышы жана алардын Улуттук банктык тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө, Улуттук банктын жетекчилигине берилиши;  

- Улуттук банктын жетекчилигине банкта түптөлгөн жагдай жана көрүлгөн чаралар тууралуу дайыма жана ыкчам (оозеки жана/же жазуу жүзүндө) маалымдоо, банктын жана анын кызмат адамдарынын банктын жалпы жана финансылык абалына коркунуч туудурган аракеттери же банктын Улуттук банктын талаптарын бузуу менен операция жүргүзүүсү жөнүндө дароо билдирүү;  

- көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун, учурдагы абалды, банктагы жагдайга таасир эте турган факторлорду жана жагдайларды иликтөөнүн негизинде банкка жана анын кызмат адамдарына карата андан ары көрүлө турган чаралар жана аракеттер тууралуу Улуттук банктын жетекчилигине сунуштарды даярдоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.2-1. Төлөм системасы боюнча комитет төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында тике банктык көзөмөлдү жүргүзүү милдеттерин аткарып жаткан контролёрлор тобунун жетекчисинин жана мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын жана милдеттерин аныктайт, алардын негизгилери болуп төмөнкүлөр саналат:  

- төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар ортосундагы келишимдерди, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын башкаруу сапатын, эсепке алуу жана отчеттуулуктун абалын, төлөм системаларынын бардык катышуучулары үчүн абалды начарлатышы мүмкүн болгон потенциалдуу тобокелдикти камтыган кайсы болбосун башка иш багытын кылдат иликтеп чыгуу жана талдап-иликтөө;  

- төлөмдөрдү иштеп чыгууда жана жүргүзүүдө туруктуу, максатка багытталган жана ыкчам мониторинг жүргүзүү, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын операцияларына жана/же алардын кызмат адамдарынын иш-аракеттерине мониторинг жүргүзүү;  

- төлөмдөрдү кабыл алууну убактылуу токтотууну кошо алганда, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын акчалай эсептешүү операцияларын, ошондой эле операциялар боюнча Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан белгиленген чектөөлөрдү контролдоо;  

- Улуттук банк тарабынан колдонулуучу таасир этүү чараларынын аткарылышын жана төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары өздөрү иштеп чыккан финансылык абалды чыңдоо жана жакшыртуу, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын карыздарынын ордун жабуу, төлөм системаларынын катышуучулары ортосунда төлөмдөрдү аягына чыгаруу боюнча чаралардын аткарылышын контролдоо;  

- тике банктык көзөмөлдү киргизүү жөнүндө токтомдо каралган, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын туруктуу негизде берилүүчү финансылык отчетторунун берилишин контролдоо;  

- туруктуу негизде берилүүчү отчетторду даярдоо жана аларды Улуттук банктын жетекчилигине жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө берүү;  

- Улуттук банктын жетекчилигине төлөм системаларынын операторлорундагы/төлөм уюмдарындагы жагдайлар, көрүлгөн чаралар тууралуу туруктуу негизде жана ыкчам (оозеки жана/же жазуу жүзүндө) маалымдоо, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын абалына жана финансылык абалына коркунуч туудурган төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жана/же кызмат адамдарынын аракеттери же алардын Улуттук банктын талаптарын бузуу менен операцияларды жүргүзүүсү жөнүндө дароо билдирүү;  

- көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун, учурдагы абалды, төлөм системаларынын операторлорундагы/төлөм уюмдарындагы жагдайга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон факторлорду жана жагдайларды иликтөөнүн негизинде төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана/же анын кызмат адамдарына карата андан ары кабыл алына турган чаралар жана аракеттер тууралуу Улуттук банктын жетекчилигине сунуштарды даярдоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.3. Тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу максатында контролёрлор тобунун жетекчиси зарылчылыкка жараша төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу:  

- Директорлор кеңешин (болгон учурда) жана банк Башкармасын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын аткаруу органын чакырууну демилгелөө;  

- Директорлор кеңешинин төрагасын жагдай боюнча түшүндүрмө берүү жана кечиктирилгис чара көрүү өтүнүчү менен чакыруу;  

- Директорлор кеңешине (болгон учурда) банктын акционерлеринин кезексиз отурумун чакыруу жөнүндө сунуш киргизүү;  

- банктын бардык кардарлары жана алардын эсептери, банктын бардык баланстык эсептери тууралуу маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүңдоо укугусуз, отчетторду окууга, түзүүгө жана чыгарууга) менен банктын автоматташтырылган банктык системаларынан толук пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу;  

- оңдоо, өчүрүү укугусуз, окуу жана кагазга чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын электрондук ченемдик базасынан толук пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу;  

- зарыл маалыматтарды тиешелүү мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан талап кылууну демилгелөө жана Улуттук банктын жетекчилигине кол коюуга жөнөтүү;  

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын автоматташтырылган системасынан/программалык камсыздоосунан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу (оңдоо, өчүрүү укугусуз, окуу, отчетторду түзүү жана басып чыгаруу). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.4. Тике банктык көзөмөл шартында банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчилиги банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын иши, анын ичинде банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык абалы, операциялар/бүтүмдөр боюнча эсептөөлөрдүн тууралыгы, Улуттук банктын талаптарынын жана сунуш-көрсөтмөлөрүнүн аткарылышы, банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык абалын чыңдоо, тобокелдиктерди төмөндөтүү, алардын ишиндеги бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү, ошондой эле Улуттук банкка жана контролёрго/контролёрлор тобунун жетекчисине банкты/төлөм системаларынын операторлорун/төлөм уюмдарын түптөлгөн жагдайдан чыгаруу боюнча иш-чаралар планын, туруктуу негизде берилүүчү отчеттордун жана зарыл болгон жана/же талап кылынган башка маалыматтардын берилип турушу үчүн толук жоопкерчиликтүү бойдон калат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.5. Банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчилиги контролёрго/контролёрлор тобуна көмөк көрсөтүүгө жана банктын Директорлор кеңешинин (болгон учурда) жана банк Башкармасынын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын аткаруу органынын отурумдарына даярдалган отурум өткөрүлгөнгө чейин бардык материалдарды кошо алганда, так жана туура маалыматтар менен документтерди берүүгө милдеттүү.  

Тике банктык көзөмөлдү жүргүзүү максатында контролёр/контролёрлор тобу банктан/төлөм системаларынын операторунан/төлөм уюмунан кандай болбосун зарыл маалыматтарды талап кылууга укуктуу. Маалымат берүүдөн баш тарткан/бербеген учурда же толук эмес/так эмес маалыматтарды берген учурда, ошондой эле маалыматты өз убагында бербеген учурда, контролёр/контролёрлор тобу банктан/төлөм системаларынын операторунан/төлөм уюмунан же кызматкерден/катыштыгы бар адамдардан жана алардын жетекчилеринен тактоолорду/түшүндүрмөлөрдү берүүсүн талап кылууга укуктуу.  

Маалыматтарды берүүдөн баш тартуу/бербөө же болбосо толук эмес/так эмес маалыматтарды берүү, ошондой эле маалыматты өз убагында бербөө тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга каршылык көрсөтүүгө барабар жана Улуттук банк тарабынан тиешелүү таасир этүү чараларын колдонууга негиз болуп саналат.  

Ошондой эле банк/төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл шарттарды (жай, компьютер, байланыш каражаттары ж.б.) камсыз кылууга милдеттүү.  

Банктын/төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун жетекчилиги (банк башкармасынын мүчөлөрүөлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун аткаруу органы) төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:  

- контролёрго/контролёрлор тобуна банкта/төлөм системаларынын операторунда/төлөм уюмунда аудио/видео жаздыруу үчүн каралган аудио/видео жабдуулар орнотулбаган өзүнчө жай бөлүп берүүгө;  

- контролёрго/контролёрлор тобуна бөлүп берилген жайга үчүнчү жактар аудио/видео жабдууларды орнотуу боюнча кандай болбосун аракеттерине бөгөт коюуга;  

- банктын/төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун жана контролёрдун/контролёрлор тобунун документтеринин коопсуз сакталышын камсыз кылууга;  

- тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жабдуулар жана техника менен камсыз кылууга;  

- тышкы электрондук почтадан толук пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;  

- банк/төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму жана/же анын кызматкерлери тарабынан контролёрдун/контролёрлор тобунун компьютердик жумушчу станцияларында толук купуялуулук режиминин сакталышын камсыз кылууга. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.6. Банк ишине тике банктык көзөмөл банктын бухгалтердик эсепке алуу маалыматтарынын, ошондой эле контролёрдун/контролёрлор тобунун төмөнкү маалыматтарды камтыган отчетторун жана маалыматтарын кошо алганда, банктын отчетторунун (мезгил аралыгы Комитет тарабынан аныкталат) негизинде жүзөгө ашырылат:  

- проблемалуу (мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген, классификацияланган, пролонгацияланган, реструктуризацияланган) активдер жөнүндө (активдин сапатынын начарлап кетүү себептерин иликтөө, активдерди/кредиттерди, анын ичинде банктын системадан тышкары эсепке алуусундагы суммаларды кайтарып алуу боюнча көрүлгөн чаралар, ликвиддүүлүк жана күрөөлүк камсыздоонун абалы жөнүндө маалыматтар ж.б.);  

- ири тобокелдикти камтыган активдерди жана күрөө менен камсыз болбогон активдерди бөлүп көрсөтүү менен бардык активдердин классификациясы, анын ичинде зарыл болгон учурда жакынкы аралыкта (бир жумадан ашпаган мөөнөттө) активдердин сапатындагы өзгөрүүлөргө жана классификациялануусуна баа берүү/болжолдоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга түзүлгөн камдардын өлчөмү тууралуу (мындан ары - РППУ) маалыматтарды.  

Мында активдерди классификациялоо контролёр/контролёрлор тобу тарабынан банктын тобокелдик профилин, ошондой эле зарылчылыкка жараша кылдат изилденүүгө тийиш болгон тобокелдикти тескөө сапатын эске алуу менен тандалма негизде каралат;  

- ликвиддүүлүктүн учурдагы абалы (банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин түзүмү; күндөлүк милдеттенмелердин аткарылышы боюнча болжолдоо, каржылоо булактары боюнча маалыматтар, активдерди/милдеттенмелерди төлөө мөөнөттөрүндөгү айырмачылыктарды талдап-иликтөө, ж.б.);  

- банк жетекчилигинин кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда, мыйзамдарга жана Улуттук банктын талаптарына ылайык коопсуз, ишенимдүү жана натыйжалуу ишти камсыз кылууга жөндөмдүүлүгүөндөмсүздүгү). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.6-1. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишине тике банктык көзөмөл төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын регулятивдик отчетунун маалыматтарынын, инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыктарынын, жазма буйруктарды/эскертүүлөрдү аткарбоонун, контролёрлор тобунун төмөнкүлөр камтылган маалыматтарынын (отчетторунун) негизинде ишке ашырылат:  

- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун андан аркы ишине кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн болгон төлөм системасынын катышуучулары жана пайдалануучулары алдында проблемалуу жана аткарылбаган финансылык милдеттенмелер, белгиленген мөөнөт ичинде милдеттенмелердин ордун жабууга жөндөмсүз болуу;  

- ликвиддүүлүктүн күндөлүк абалы (төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын активдеринин жана милдеттенмелеринин түзүмү, күндөлүк милдеттенмелердин аткарылышы боюнча болжолдоолор, каржылоо булактары жөнүндө маалыматтар, карыздын ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча талдап-иликтөө жүргүзүү ж.б.);  

- укук коргоо жана башка органдардын, адамдардын төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын мыйзамсыз иш-аракеттерин тастыктаган маалыматынын болушу;  

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын жана/же башкаруу/аткаруу органдарынын төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун лицензиясынын токтотулушуна/кайтарылып алынышына, анын мажбурлап жоюлушуна же банкрот болушуна алып келиши мүмкүн болгон аракеттери же аракеттенбей коюулары. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.7. (КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

4.8. Банк/төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жана/же анын кызмат адамдары Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин тике банктык көзөмөлдү киргизүү жөнүндө токтомун аткаруудан баш тарткан же тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга тоскоолдуктарды жараткан учурда, ошондой эле Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомунун ченемдерин, анын ичинде Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомунун айрым пункттарын бузууга жол берген учурда, контролёр/контролёрлор тобу тарабынан тике банктык көзөмөлдү жүргүзүүгө каршы аракеттенүү тууралуу акт түзүлүп (мындан ары - каршы аракеттенүү тууралуу акт), ага контролёр/контролёрлор тобунун жетекчисинин жана бардык мүчөлөрүнүн, ошондой эле тике банктык көзөмөл режимин жүзөгө ашырууга тоскоолдуктарды жараткан банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызматкерлеринин колу коюлат (1 жана 2-тиркеме).  

Банк/төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму каршы аракеттенүү тууралуу актыга кол коюудан баш тарткан учурда, түзүлгөн актынын банктын/төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун өкүлүнүн колу коюлбаган бир нускасына кол коюудан баш тартылгандыгы жөнүндө белги коюлуп, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнүн коштомо каты менен банкка/төлөм системаларынын операторуна/төлөм уюмуна жөнөтүлөт.  

Тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга каршы аракеттенүү тууралуу актыда датаны, кирген номерин жана ушул документти каттаган адам жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен, кирген корреспонденция катары банкта/төлөм системаларынын операторунда/төлөм уюмунда катталууга тийиш.  

Банк/төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга каршы аракеттенүү тууралуу актыны кабыл алуудан жана каттоодон баш тарткан учурда, акт контролёрлор тобу тарабынан Улуттук банкка тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга тоскоолдук жараткан жактарга чараларды көрүү үчүн жөнөтүлөт.  

Тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга каршы аракеттенүү тууралуу акт Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн расмий документи болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банкка/төлөм системаларынын операторуна/төлөм уюмуна же анын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу үчүн негиз катары колдонулушу мүмкүн.  

Банк/төлөм системаларынын оператору/төлөм уюмдары тарабынан ушул жобонун, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомдорунда белгиленген тике банктык көзөмөл режиминин талаптарын (тапшырмаларды, чектөөлөрдү) бузууга жол берилген шартта, Улуттук банк банк жана төлөм мыйзамдарына ылайык, банкка/төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана анын жетекчилигине карата, банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны кайтарып алууну кошо алганда, таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

(1) Банк жетекчилигинин тез-тез алмашуусу дегенди: Төрага үчүн - кийинки 12 ай ичинде 2 жолудан көп; Директорлор кеңешинин мүчөлөрү үчүн - Директорлор кеңешинин бүтүндөй курамынын кийинки 12 ай ичинде 2 жолудан көп алмашуусун (акционерлердин жылдык жыйынында Директорлор кеңешин шайлоону эске албаганда) түшүнүү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

  

  

  

Тике банктык көзөмөлдүк жөнүндө жобого карата 

1-тиркеме 

Банкта тике банктык көзөмөлдү жүргүзүүгө каршы аракеттенүүлөр тууралуу 

АКТ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/6, 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА), 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

_______________________________________________________________________ 

(коммерциялык банктын (филиалынын, терминалдын, 

_______________________________________________________________________ 

аманат кассасынын) аталышы) 

_______________________________________________________________________ 

(банктын (филиалынын, терминалдын, аманат кассасынын) 

_______________________________________________________________________ 

жайгашкан орду, дареги, телефону) 

  

_________________________ 

үзүлгөн жер) 

  

"___" __________ 2012-ж. 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкери/лери тарабынан ____________________ (Улуттук банктын кызматкерлеринин аты-жөнү) коммерциялык банктын атынан иш жүргүзгөн: 

_______________________________________________________________________ 

                                     (кызматчынын/ларынын аты-жөнү

тике банктык көзөмөлдүктү жүргүзүүгө тоскоолдуктарды жаратты: 

_______________________________________________________________________ 

                  (банктын имаратына киргизбей койду, банктын текшерүүчүлөр 

_______________________________________________________________________ 

                      тобуна зарыл болгон документтерин берген эмес ж.б.) 

_______________________________________________________________________ 

Банктын кызматчынын/ларынын Улуттук банктын текшерүүчүлөр тобу тарабынан банкка жана анын кызмат адамдарына тике банктык көзөмөлдүктү жүргүзүү учурундагы тоскоолдуктарга карата жоопкерчиликтер тууралуу эскертилген. 

Акт түзүлдү

____________________________________________ 

(Текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин аты-жөнү

___________________ 

(кызматы) 

____________ 

(Колтамгасы) 

  

 

 

___________________________________________ 

(Банк Башкармасынын Төрагасынын/анын, 

милдетин аткаруучунун аты-жөнү

___________________ 

(кызматы) 

____________ 

(Колтамгасы) 

тааныштырылды: 

 

 

  

  

  

___________________________________________ 

(Текшерүүчүлөр тобунун мүчөсүнүн аты-жөнү

___________________ 

(кызматы) 

____________ 

(Колтамгасы) 

  

  

  

___________________________________________ 

(Банктын тике банктык көзөмөлдүктү 

жүргүзүүгө тике же кыйыр түрдө 

тоскоолдуктарды жараткан кызматчыларынын 

аты-жөнү

___________________ 

(кызматы) 

____________ 

(Колтамгасы) 

  

  

  

Актынын экинчи нускасын алды  

_________________________________ 

банктын кызматкеринин аты-жөнү 

  

  

___________________ 

(кызматы) 

________________ 

(Колтамгасы) 

Эгерде банк кызматкерлери ушул; актыга кол коюудан баш тартышса, текшерүүчүлөр тобу актыны банктын кеңсесине калтырын коюуга укуктуу, мында кол коюудан баш тартуу фактысы көрсөтүлүү менен акт, белгиленген тартипте каттоодон өткөртүлүүгө тийиш. 

  

  

  

Тике банктык көзөмөл жөнүндө жобого карата 

2-тиркеме 

Төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында тике банктык көзөмөл жүргүзүүгө каршы аракеттенүү тууралуу 

АКТ  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

_______________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы) 

________________________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун жайгашкан жери, дареги, телефону) 

  

_________________________ 

  

20___-жылдын "____" ________________ 

       (түзүлгөн жер) 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкери/кызматкерлери 

_____________________________________________________________________________________  

(Улуттук банктын кызматкерлеринин аты-жөнү) тарабынан  

төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун атынан иш алып барган  

_____________________________________________________________________________________  

өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызматкеринин/кызматкерлеринин аты-жөнү)  

төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна тике банктык көзөмөлдү жүргүзүүгө тоскоолдуктарды:  

______________________________________________________________________________________  

өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун имаратына киргизбей койду,  

контролерлор тобу тарабынан суроо-талап кылынган төлөм системасынын  

операторунун/төлөм уюмунун документтерин берген эмес ж.б.)  

жараткандыгы жөнүндө акт түзүлдү.  

Төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызматкери/кызматкерлери контролёрлор тобу  

тарабынан тике банктык көзөмөл жүргүзүүгө тоскоолдуктарды жараткандыгы үчүн төлөм  

системасынын операторунун/төлөм уюмунун жана анын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги  

тууралуу эскертилди.  

  

Акт түзүлдү:  

____________________________________________ 

_________________ 

________________ 

(Контролёрлор тобунун жетекчисинин аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

  

  

  

__________________________________________________ 

_________________ 

________________ 

өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун 

жетекчилигинин/анын, милдетин аткаруучунун аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

  

  

  

ТААНЫШТЫРЫЛДЫ 

  

  

_____________________________________________ 

_________________ 

________________ 

(Контролёрлор тобунун мүчөлөрүнүн аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

  

  

  

__________________________________________________ 

_________________ 

________________ 

өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун 

тике банктык көзөмөл жүргүзүүгө тике же кыйыр 

түрдө тоскоолдуктарды жараткан 

кызматкери/кызматкерлеринин аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

  

Актынын экинчи нускасын алды 

_______________________________________________________________________ 

  

өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызматкеринин аты-жөнү

  

_________________________ 

__________________ 

  

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

  

Төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызматкерлери ушул актыга кол коюудан баш тарткан учурда, контролёрлор тобу актыны төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кеңсесине калтырып коюуга укуктуу, мында кол коюудан баш тартуу фактысын актыда көрсөтүү менен аталган акты белгиленген тартипте катталат.