Кайта келүү

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2005-жылдын 2-мартындагы 

N 4/1 токтому менен 

бекитилген 

Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары, башка юридикалык жактар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо 

САЯСАТЫ ЖАНА НЕГИЗГИ ПРИНЦИПТЕРИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2013-жылдын 27-мартындагы N 9/12, 2014-жылдын 19-февралындагы № 4/5, 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/3, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

1.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) банктык кызматтарды Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын (күбөлүктүн) негизинде сунуштаган коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдардын, башка юридикалык жактардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинде монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарынын жана Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү, баа түзүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо (мындан ары - монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдары) жөнүндө ченемдик укуктук актыларынын талаптары сакталгандыгын контролдойт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.3. Бул саясатта Улуттук банктан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары, башка юридикалык жактар, тарабынан сунушталуучу банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияны жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөр укугун коргоо жагында Улуттук банк тарабынан көрүлүүчү иш-аракеттер аныкталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/3, 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Бул Саясат аркылуу Улуттук банктан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары, башка юридикалык жактар (мындан ары - ФКУ), төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары ортосунда Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкка таасирин тийгизген мамилелер жөнгө салынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Негизги терминдер жана аныктамалар 

2.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2.2. Бул Саясатта төмөнкү терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:  

атаандаштыкка каршы макулдашуу (макулдашылган иш-аракеттер) - бир документте же бир нече документтерде чагылдырылган кат жүзүндө макулдашуу, ошондой эле оозеки макулдашып алуу, анын далили катары банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы жагдайдын өзгөрүүсүн талдап-иликтөөлөр болушу мүмкүн;  

банктык кызмат көрсөтүүлөр - ФКУлардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жактарга жана жеке адамдарга көрсөтүлүүчү операциялары жана кызматтары;  

банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абал - ФКУлардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын банктык кызмат көрсөтүүнүн жалпы шарттарына чечүүчү таасирин тийгизүүгө мүмкүндүк берген жана/же банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна Кыргыз Республикасынын башка ФКУларынын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын аралашуусуна кыйынчылык келтирген өзгөчө абалы;  

банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаштык - ФКУлар, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары ортосунда эркин атаандаштык, мында алардын өз алдынча иш-аракеттери алардын ар биринин банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ишкердикти жүзөгө ашыруусунун жалпы шарттары, анын ичинде кызмат көрсөтүү сегменттери боюнча бир тараптуу таасир этүү мүмкүнчүлүгү чектелет;  

банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы монополиялык ишкердик - бул, ФКУлардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын, жактар тобунун өз басымдуулук абалынан кыянаттык менен пайдаланышы, монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарына каршы макулдашуулар же макулдашылган иш-аракеттер, ФКУлардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын (жактар тобунун) атаандаштыкка бөгөт коюуга, чектөөгө же четтетүүгө багытталган аракеттери (аракеттенбей коюулары);  

банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда адилетсиз атаандаштык - ФКУлардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарына жана адатта жүргүзүлгөн иштерге каршы келген, банктык кызматтарды көрсөтүүдө банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда аттандаш - башка ФКУларга, төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына зыян келтирген же зыян келтириши мүмкүн болгон же алардын ишкердик абройуна шек келтирген негизсиз артыкчылыктар;  

банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда тиешесиз жарнамалык иш-аракеттер - ФКУлардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын Кыргыз Республикасынын жарнама чөйрөсүндө мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жалпы жана/же атайын талаптарын бузган иш-аракеттери;  

банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногу - Кыргыз Республикасынын аймагында ФКУлардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишкердик чөйрөсү же керектөөчүлөргө банктык кызматтарды көрсөтүү жерине жараша аныкталган анын бөлүгү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. ФКУдердин, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын басымдуу абалды ээлөөсү 

(Аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы N 9/12 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.1. Кыргыз Республикасынын аймагында ФКУ, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан сунушталган банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн кайсыл болбосун түрү боюнча басымдуу абалды ээлөө жагдайын аныктоого болот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы N 9/12, 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/3 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.2. Эгерде ФКУдин, төлөм системасынын оператору же төлөм уюмунун үстөмдүк кылуучу абалы керектөөчүлөр үчүн сунушталуучу кызматтын сапатына таасирин тийгизсе, же банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда финансылык тобокелдиктин жана/же монополиялык абалдын орун алышына алып келиши мүмкүн болсо, же кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жогорулатса, же болбосо эркин баа түзүлүшүнө чектөөлөрдү белгилесе, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык тиешелүү чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.3. ФКУ, төлөм системаларынын операторлору же төлөм уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ФКУ, төлөм системаларынын операторлору же төлөм уюмдарынын үстөмдүк кылуу абалы эгерде, ал төмөндөгү жолдор менен жетишилген болсо, монополияга каршы мыйзамды бузгандык болуп саналат: 

а) ФКУ, төлөм системаларынын операторлору же төлөм уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөр рыногунда керектөөчүлөр менен келишим түзүүдөн жүйөсүз баш тартса; 

б) керектөөчүнү ал үчүн пайдасыз жана алгылыксыз же келишимдин шарттарынын предметтерине таандык болбогон келишимдерди бекитүүгө мажбурласа; 

в) сунушталуучу кызматтарга монополиялык жогорку (төмөн) баалардын белгилениши, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат; 

г) башка ФКУларга, төлөм системаларынын операторлоруна же төлөм уюмдарына банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна аралашуусуна тоскоолдуктарды жаратуу; 

д) ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ФКУ кызматтарды көрсөтүүнүн жалпы шарттарына терс таасир этүү, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарына доо кетирүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы N 9/12, 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/3 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4. Адитлетсиз атаандаштык 

4.1. ФКУлар, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары өз ишкердигин жүргүзүүдө банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы башка атаандаш ФКУларга, төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына зыян келтириши мүмкүн болгон же алардын ишкердик аброюна шек келтириши ыктымал болгон же болбосо керектөөчүлөр укугунун бузулушуна алып келген адилетсиз атаандаштыкка жол бербөөгө тийиш. Мына ушундай аракеттердин катарына төмөндөгүлөр таандык:  

а) башка ФКУ, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары жөнүндө жалган, так эмес же бурмаланган маалыматтарды таркатуу;  

б) жарнама чөйрөсүндө мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жарнама иштеринин формаларын жана ыкмаларын бузуу;  

в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды эске албаганда, ээсинен макулдук алуусуз кызматтык же коммерциялык сырды камтыган маалыматтарды алуу, пайдалануу жана таркатуу;  

г) сунушталуучу банктык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө атайылап жалган, такталбаган, ачыкталбаган же бурмаланган, анын ичинде керектөөчүлөрдөн кошумча чыгым талап кылган маалыматтарды берүү менен кардарларды адаштыруу аркылуу тартуу;  

д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген башка иш-аракеттер формалары. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. ФКУдердин, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ФКУ кызмат көрсөтүү рыногунда атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашуусу (макулдашып аракеттенүүсү

(Аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы N 9/12 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.1. ФКУ, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын Келишимдери жана макулдашылган аракеттери ФКУ, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты чектөө- гө багытталган шарттарды камтууга тийиш эмес, атап айтканда: 

а) ФКУ, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөр рыногунда аныкталган бааларды белгилөө максатында ФКУ, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын арасындагы сүйлөшүп алуулар; 

б) ФКУ, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөр рыногун аймактык принцип боюнча, көрсөтүлүүчү ФКУ, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызматтардын түрлөрү боюнча, ФКУ, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызматтарды керектөөчүлөр боюнча бөлүү

в) ФКУ, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөр рыногуна жаңы ФКУ, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кирүүлөрүн чектөө же андан иштеп жаткандарды четтетүү

г) башка ФКУ, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын тигил же бул төлөө системасына кирүүсү үчүн негизсиз бөгөт коюулары. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2. Чарба жүргүзүүчү субъекттер менен түзүлүүчү келишимдер ФКУ кызмат көрсөтүүлөрдүн (эсептерди ачуу, эсептик-кассалык тейлөө ж.б.) негизги түрлөрүнө карата бааларды негизсиз өзгөртүүгө, географиялык жайгашуусунан же рынокто башка финансы-кредиттик мекемелердин же төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын жок болушунан улам чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн тарифтерди дифференциялоого алып келүүчү шарттарды камтыбоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/3, 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.3. Улуттук банк менен макулдашууда ФКУ, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын төмөндөгү максаттарды камтыган келишимине же макулдашылган аракеттерине тыюу салынбайт: 

а) келишимге катышуучу ФКУ, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын стандарттык иш-аракеттерин унификациялоону; 

б) негизги иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн техникалык каражаттарды биргелешип сатып алууну; 

в) информацияларды жана маалымат базаларын иргөөнүн биргелешкен программалык жана техникалык каражаттарын пайдаланууну. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары тарабынан ФКУ, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын тыюу салынбаган башка келишим шарттары жана макулдашылган аракеттери белгилениши мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.5. ФКУ, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары Улуттук банкка бардык түзүлгөн келишимдер же биргелешкен аракеттерди жүргүзүү тууралуу кабыл алынган чечимдер жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтүүлөрү тийиш, алардын натыйжасында алар ФКУ, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары кызмат көрсөтүүлөр рыногунда үстөмдүк кылуучу абалды ээлеши мүмкүн. 

ФКУ, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан ушул Саясаттын 5.1.-пунктунда көрсөтүлгөн келишимдин шарттары боюнча чектөөлөр сакталбаган учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аны иштебеген катары таануу үчүн чараларды кабыл ала алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Улуттук банктын ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча милдеттери жана функциялары 

6.1. Улуттук банктын негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат: 

6.1.1. Жаңы ФКУ кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүүгө жана банктык жана инновациялык технологияларды өнүктүрүүнү, ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

6.1.2. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда, анын ичинде ФКУдердин, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын келишимдерди түзүүдө жана макулдашылган аракеттерди көрүүдө, ФКУдерди, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын түзүүдө, кайра уюштурууда (биригүү, кошулуу, өзгөртүп түзүү) жана ФКУдердин, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын акцияларын сатып алууда монополияга каршы мыйзам талаптарынын сакталышына контролдук кылуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы N 9/12, 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/3 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

6.1.3. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу. 

6.2. Улуттук банк төмөндөгү негизги функцияларды аткарат: 

6.2.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ылайык ФКУ, төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата монополияга каршы мыйзамдын сакталышы боюнча милдеттүү түрдө аткарылуучу ченемдик укуктук актыларды жана көрсөтмөлөрдү чыгарат; 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы N 9/12, 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/3 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Аткаруучу бийлик органдарына, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берет; 

Монополияга каршы мыйзамдын жана ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү жөнүндө башка ченемдик укуктук актылардын бузулуу фактыларын белгилейт жана алар боюнча тиешелүү чараларды кабыл алат; 

ФКУ кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн кайрылуусу учурунда алардын укуктарынын бузулуу фактыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде караштырат. 

7. Улуттук банктын ыйгарым укуктары 

7.1. ФКУ, төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияны болтурбоо максатында Улуттук банк төмөндөгүлөргө укуктуу: 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

7.1.1. ФКУ үчүн алардын монополия абалына дуушар болуусу учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бааларды түзүү принциптерин белгилөөгө

7.1.2. ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы мыйзамдарды колдонуу маселелери боюнча түшүнүк берүүгө

7.1.3. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар укугун коргоо максатында, мамлекеттик программанын чегинде ФКУдер, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары үчүн милдеттүү түрдө тейлөөгө алынууга тийиш болгон керектөөчүлөрдүн категорияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныктоо. Мамлекеттик программага катышуу ФКУдер, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан өз алдынча аныкталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

7.1.4. Туунду ФКУ аны ачуу боюнча башкы ФКУ башкы ФКУ жактыруусу жөнүндө кепилдик катын сурап алууга; 

7.1.5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

7.1.6. Төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:  

а) ФКУларга, төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пул түрүндө жаза чарасын колдонуу жөнүндө;  

б) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарынын жана атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө башка ченемдик укуктук актылар бузулгандыгы жөнүндө, анын ичинде банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарына жана атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө башка ченемдик укуктук актыларга каршы келген макулдашууларды толугу менен же жарым жартылай жараксыз катары таануу жөнүндө арыз менен сотко кайрылуу;  

в) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарын жана атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө башка ченемдик укуктук актыларды бузуунун натыйжасында алынган пайдаларды мамлекеттик бюджетке чегерүү тууралуу сотко кайрылуу;  

г) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарын жана атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө башка ченемдик укуктук актылардын бузулгандыгы жөнүндө арызды, ошондой эле банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамын жана атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларды бузууларга байланыштуу кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө маселелерди чечүү үчүн материалдарды тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөтүү жөнүндө

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7.1.7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктардын чегинде башка аракеттерди жүзөгө ашыруу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

7.2. Улуттук банк монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарын бузгандыгы үчүн ФКУларга, төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларын колдонот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Улуттук банк тарабынан монополияга каршы жөнгө салуунун механизми 

8.1. ФКУ кызмат көрсөтүү рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөр укугун коргоо боюнча көзөмөлдүктү жүргүзүү процессинде Улуттук банк лицензиялоо, сырттан көзөмөлдүктү жүргүзүү жана жеринде барып инспекциялоодо иштерин айкалышта караган ыкмаларды колдонот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы N 9/12 токтомунун редакциясына ылайык) 

8.2. ФКУнун, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы басымдуу абалы Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы № 16/5 токтому менен бекитилген "Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу" жобого ылайык аныкталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

8.3. Жеринде барып Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө Улуттук банк тарабынан банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча баанын түзүлүшүнө, тарифтерди ФКУдин, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ички баа түзүү саясатына ылайык иштеп чыгуу жана бекитүү тартибине тандап иликтөөлөр жүргүзүлөт жана тиешелүү маалыматтар ФКУди, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын текшерүү натыйжалары боюнча жалпы отчетто чагылдырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

8.4. Улуттук банк текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча отчеттордо камтылган, ошондой эле тышкы көзөмөлдүктү жана лицензиялоону жүзөгө ашыруу процессинде аныкталган маалыматтардын негизинде, ФКУлар, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан монополияга каршы жөнгө салуу мыйзам талаптары сакталбаган төмөнкү жагдайларды кароого алат:  

- монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарына каршы келген бүтүмдөргө келишүүдө иш-аракеттерди;  

- баа түзүү тартибин бузууга жол берүү, анын ичинде банктык кызмат көрсөтүүлөргө монополиялык жогорку (төмөн) бааларды белгилөө, колдоого алуу;  

- банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы жагдайдын өзгөрүүсүн талдап-иликтөө анын далили мүмкүн болгон атаандаштыкты чектөө максатында келишип алуу;  

- банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда талапка жооп бербеген жарнамалык иш-аракеттер;  

- банктык кызматтардан керектөөчүлөрдүн мыйзам бузууларга жол берилгендигин далилдеген документтерди кошо тиркөө менен кат түрүндө арызы. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

8.5. ФКУдер, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан монополияга каршы мыйзамдарды бузууга жол бергендик аныкталган учурда, ошондой эле келип түшкөн арыздарды кароодо Улуттук банк, белгиленген тартиптерге ылайык, планда каралбаган (комплекстүү же максаттуу) инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечимин кабыл алышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы N 9/12, 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/3 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

9. Корутунду жоболор 

9.1. ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу маселеси боюнча Улуттук банк банктык сыр жөнүндө мыйзам тарабынан аныкталган чектеги маалыматтарды Кыргыз Рөспубликасынын монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдары менен алмаша алат. 

9.2. Төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү натыйжалуу жүргүзүү үчүн Улуттук ФКУ төлөө системасына көзөмөлдү жүзөгө ашырат, ошондой эле ФКУ клирингдик жана эсептөшүү кызматтарына карата адилеттүү жана тең укуктуу мүмкүндүктөрдү камсыз кылат.