Кайта келүү

                                                                                                                                                                                                                                          Кыргыз Республикасынын  

                                                                                                                                                                                                                                          Улуттук банкынын 

                                                                                                                                                                                                                                          Көзөмөл боюнча комитетинин  

                                                                                                                                                                                                                                          2023-жылдын 28 сентябрындагы 

                                                                                                                                                                                                                                          № 37/1 токтомуна карата тиркеме  

 

 

Туруктуу каржылоо факторлоруна байланыштуу финансылык тобокелдиктерди (ESG тобокелдиктери) аныктоо, мониторинг жүргүзүү жана ачып көрсөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөр 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Бул Туруктуу каржылоо факторлоруна байланыштуу финансылык тобокелдиктерди (ESG тобокелдиктери) аныктоо, мониторинг жүргүзүү жана ачып көрсөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөр (мындан ары Сунуш-көрсөтмөлөр), туруктуу каржылоо принциптерин колдонгон коммерциялык банктардын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, банк эмес финансы-кредит уюмдардын жана Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнгөн башка юридикалык жактардын (мындан ары - банк) ишинде экологиялык, социалдык жана башкаруу факторлорун (мындан ары ESG тобокелдиктери) аныктоо, өлчөө, башкаруу, контролдоо жана ачып көрсөтүү үчүн сунуш-көрсөтмө мүнөзүндөгү колдонмо менен камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.  

2. Cунуш-көрсөтмөлөрдө учурда колдонулуп жаткан пруденциалдык негиздин алкагында ESG тобокелдиктерин коопсуз жана акыл ченемдүү башкаруу үчүн минималдуу ченемдер аныкталган. Бул сунуш-көрсөтмөлөрдү банктар ESG тобокелдиктерин баалоодо, өз бизнес-стратегиясын, ички башкарууну жана тобокелдиктерди тескөө системасын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда, анын ичинде ESG тобокелдиктери жөнүндө маалыматты ачып көрсөтүүнүн эсебинен ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында өз ишинде колдонушу мүмкүн. 

3. Бул Сунуш-көрсөтмөлөрдүн максаттарында төмөнкү терминдер колдонулат: 

Бул Сунуш-көрсөтмөлөрдүн контекстинде экологиялык, социалдык жана башкаруу тобокелдиктери (туруктуу өнүгүүгө байланыштуу ESG тобокелдиктери) учурдагы же келечектеги экологиялык, социалдык же башкаруу факторлорунун Банк ишине таасири/терс финансылык таасири менен байланыштуу тобокелдиктердин (чыгымдар же кошумча сарптоолор, же болбосо пландаштырылган кирешелерден ажыроо же банк аброюн жоготуусу ж.б. түрүндө) келип чыгуу ыктымалдыгын билдирет. 

ESG элементи бул сандык же сапаттык өзгөрүлмө, аны баалоонун негизинде ESG тобокелдиктерин башкарууга баа берилет. 

ESG тобокелдиктерине байланыштуу стратегиялык максаттар жана/же лимиттер - бул банктын кыска, орто жана узак мөөнөттүү келечекте ESG тобокелдиктерине дуушар болушун башкарууга багытталган аныктамалар. 

Физикалык тобокелдиктер климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында келип чыккан кесепеттерден улам банктарга карата тобокелдиктер: 

- Биринчи кезектеги физикалык тобокелдиктер (Acute physical risks) бул олуттуу терс таасирин тийгизүүчү, банк ишине түздөн-түз таасирин тийгизиши мүмкүн болгон климаттын белгилүү бир өзгөрүүлөрүнүн натыйжасында (мисалы, суу ташкындары, өрт же өзгөчө ысык аба ырайына ж.б. байланыштуу) келип чыгуучу күтүүсүз кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү жагдайлар (value chains). 

- Системалуу физикалык тобокелдиктер (Chronic physical risks) - узак мөөнөттүү климаттык өзгөрүүлөрдөн улам келип чыккан тобокелдиктер (мисалы, температуранын өзгөрүшү, суу ресурстарынын кыскарышы, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу жана жер кыртышынын сапатынын өзгөрүшү ж.б.). 

- Өткөөл тобокелдиктер бул төмөн көмүртектүү жана климатка туруктуу экономикага өтүүнүн натыйжасында банктарга карата келип чыккан тобокелдиктер: 

- Саясий-жөнгө салуу тобокелдиктери энергетикалык натыйжалуулук талаптарына, казылып алынган отундун баасын жогорулатуучу көмүртектерге баа түзүү механизмдерине же жерди туруктуу пайдаланууга шарттарды түзгөн саясаттарга байланыштуу тобокелдиктер. 

- Технологиялык тобокелдиктер - климатка азыраак зыяндуу технологияларды климатка көбүрөөк зыянын тийгизген технологияларга алмаштыруудан улам келип чыккан кесепеттерге байланыштуу тобокелдиктер. 

- Рыноктук тобокелдиктер - финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн климатка азыраак зыяндуу кызматтарга жана/же продуктыларга суроо-талаптарына байланыштуу тобокелдиктер. 

Парник газдары (Green House Gases - GHG) - жылуулук инфракызыл нурлануу спектринин (парник эффектиси) чегинде белгилүү бир толкундарда тиешелүү нурланууну сиңирген жана бөлүп чыгаруучу табигый жана антропогендик (адамга байаныштуу) атмосферанын газ түрүндө компоненттери. Жердин атмосферасындагы негизги парник газдары: суу буусу (H2O), көмүр кычкыл газы (CO2), азот кычкылы (N2O), метан (CH4) жана озон (O3). 

Жашыл экономика бул бир эле учурда курчап турган чөйрөгө карата тобокелдиктерди олуттуу кыскартуу, табигый капиталды сактоо жана жогорулатуу, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана өлкөнүн табигый экосистемаларынын сакталышына түрткү берүү менен адамдардын бакубаттуулугун жогорулатууну жана социалдык адилеттүүлүктү бекемдөөнү шарттаган экономика. 

Туруктуу өнүгүү - бул жаратылыш ресурстарын эксплуатациялоо, инвестицияларды жумшоо, илимий-техникалык өнүгүүнү багыттоо, жеке өнүгүү жана институционалдык өзгөрүүлөр бири-бирине дал келген жана адамдардын муктаждыктарын жана алдыга карай умтулуусун канааттандыруу үчүн учурдагы жана келечектеги потенциалын бекемдеген экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөрдүн процесси.  

Туруктуу каржылоо курчап турган чөйрөгө басымды азайтуу, калдыктарды кыскартуу жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу натыйжалуулугун жогорулатуу менен бирге экономикалык өсүштү колдоого багытталган каржылоо. Туруктуу каржылоо өзүндө ошондой эле финансы системасынын абалына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктер жөнүндө маалым болуу жана ачык-айкындуулук деңгээлинин жогору болушун, ошондой эле талапка ылайык башкаруу аркылуу финансылык жана корпоративдик субъекттердин тобокелдиктерин азайтуу зарылдыгын камтыйт. 

Жашыл кредиттөө/инвестиция («жашыл продуктулар») курчап турган чөйрөгө алгылыксыз таасирин же курчап турган чөйрөгө карата тобокелдиктерди азайтууга/жол бербөөгө багытталган, каражаттарды максаттуу пайдалануунун экологиялык критерийлеринен көз каранды кредиттөө/инвестициялоо кызматтарын көрсөтүү

Экологиялык факторлор курчап турган чөйрөнү коргоо, анын ичинде экологияга зыянды азайтуу (төмөн көмүртектүү экономика) деңгээлин аныктоочу факторлор, алар банктын, суверендүү же жеке адамдын финансылык ишине же төлөө жөндөмдүүлүгүнө оң же терс таасирин тийгизиши мүмкүн. 

Башкаруу факторлору банктын, суверендүү же жеке адамдын финансылык натыйжаларына же төлөө жөндөмдүүлүгүнө оң же терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башкаруу ишине байланыштуу факторлор. 

Башкаруу факторлорунда баалуулуктар жана этика (мисалы, жүрүм-турум тобокелдиги, алдамчылык ж.б.), паракорлук жана коррупция (мисалы, коррупцияга каршы жөнгө салуу саясатынын болушу же жоктугу; соттолгондук жана коррупцияга каршы жөнгө салуу саясатын бузуу), салык мыйзамдарын сактоо, дискриминациянын ар кандай түрлөрү (мисалы, көп түрдүүлүк стратегиясынын жоктугу же мисалы, жаш курагы, жынысы, азчылык топтору ж.б.), ошондой эле ачык-айкындуулук (б.а. маалыматты даярдоодо жана ачык жарыялоодо) сыяктуу аспектилер камтылат.  

Башкаруу тобокелдиктери башкаруу факторлорунун анын контрагенттерине же инвестицияланган активдерине учурда же күтүлүп жаткан таасиринен улам келип чыккан банкка карата кандайдыр бир терс финансылык таасиринин тобокелдиктери. 

Социалдык факторлор бул банктын, суверендүү же жеке адамдын финансылык натыйжасына же төлөө жөндөмдүүлүгүнө оң же терс таасирин тийгизиши ыктымал болгон социалдык аспектилерге байланыштуу факторлор. 

Социалдык факторлорго маалыматтардын коопсуздугу (мисалы, жеке маалыматтарды коргоо), теңдик маселелери (мисалы, компаниянын директорлор кеңешинде же жалпы жумушчулар санында бирдей өкүлчүлүк, бирдей сый акы, мисалы, гендердик эмгек акы боюнча ажырым ж.б.), социалдык биримдик, эмгек мамилелери, адам укуктары, кардарларды тейлөөдөгү сапат жана инновациялар (мисалы, кардарлардын даттанууларынын саны) ж.б. аспектилер кирет. 

Социалдык тобокелдиктер социалдык факторлордун анын контрагенттерине же инвестицияланган активдерине учурдагы же күтүлүп жаткан таасиринен улам келип чыккан банкка карата кандайдыр бир терс финансылык таасирдин тобокелдиктери. 

«Гринвошинг» («Greenwashing») тобокелдиктери туруктуу каржылоо үчүн сунушталган продуктылар жөнүндө так эмес / туура эмес маалыматтарды берүү аркылуу рынокто адилетсиз атаандашуу артыкчылыктарына ээ болууга байланыштуу тобокелдиктер же курчап турган чөйрөгө зыяндуулугун же курчап турган чөйрөгө карата тобокелдиктерди төмөндөтүүгө/жол бербөөгө багытталган иши жөнүндө бурмаланган маалымат берген адамдарга банктык кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу тобокелдиктер. 

Тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү тиешелүү стратегиялык максаттарга жетүү үчүн учурдагы бизнес-моделине ылайык банк өзүнө алууга даяр болгон тобокелдиктердин жалпы деңгээли. 

Экономикалык иш-аракеттердин таксономиясы - экологиялык жактан туруктуу экономикалык ишмердүүлүктүн тизмеси жана чектүү маанилери кайсы экономикалык иш-аракеттер туруктуу өнүгүүнүн максаттарына, экологиялык милдеттерине жана туруктуу экономикалык иш принциптерине ылайык келерин так аныктоо үчүн колдонула турган классификациялоо тутумун билдирет. 

Экономикалык иш-аракеттердин улуттук таксономиясын киргизгенге чейин, ушул Сунуш-көрсөтмөлөрдүн алкагында банктарга экономикалык иш боюнча өз чектүү маанилерин жана классификациялоо системасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды эске алуу менен иштеп чыгууга жана аларды банк ишинин мүнөзүнө, камтуу чөйрөсүнө, көлөмүнө, өлчөмүнө шайкеш келүүгө тийиш болгон кызмат көрсөтүүлөргө/продукттарга карата колдонууга уруксат берилет. 

 

2-глава. Банктын бизнес-процесстери жана стратегиясы боюнча сунуштар 

4. ESG тобокелдиктерин аныктоо/талдоо/баалоо боюнча бизнес-процесстер банк Башкармасы тарабынан жооптуу түзүмдүк бөлүмдөр өз ара иш алып барууда иштелип чыгат жана банктын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилет (ал эми банк эмес адистештирилген финансы-кредит уюмдар болсо (мындан ары - БАФКУ) - ал иштелип чыгып, директорлор кеңеши тарабынан бекитилет, директорлор кеңеши жок болгон учурда компаниянын жетекчиси тарабынан бекитилет). Бизнес-процесс банктын ички ченемдик документтерине ылайык кайра каралышы мүмкүн. 

ESG тобокелдиктерин банк иштеп жаткан же пландаштырган негизги секторлордун, географиялык багытын жана продуктылар жана кызматтар деңгээлинде аныктоо сунушталат, мында бул тобокелдиктердин айрымдары мезгил-мезгили менен келип чыгышы мүмкүндүгүн эске алуу зарыл.  

Эскертүү: ESG тобокелдиктери, тагыраак айтканда, климат жана курчап турган чөйрөгө байланыштуу тобокелдиктер, мисалы, улуттук, аймактык же жергиликтүү деңгээлде экономикалык өсүшкө, жумуш менен камсыз болуу деңгээлине же мүлктүн баасына таасирин тийгизиши мүмкүн. Аба ырайы шарттары кургакчылыкка же суу ташкындарына алып келиши мүмкүн, бул аймактык айыл чарба өндүрүшүнө, турак жайга суроо-талапка же улуттук, аймактык же жергиликтүү деңгээлде күрөө баалуулуктарына таасирин тийгизет. Ошол эле учурда, атаандаштыкка “жашыл” каржылоо рыногунун өнүгүшү жана керектөөчүлөрдүн көмүртектүү же курчап турган чөйрөгө зыян келтирүү менен өндүрүлгөн товарлардан жана кызматтардан аз көмүртектүү же башка “жашыл” товарларга жана кызматтарга артыкчылык беришине таасирин тийгизет. Технологияда, энергияны көп талап кылган тармактарда жана электр станцияларында кардарларды тейлеген банктар (ошентип, тобокелдиктерди аныктоодо банк өз кардарларын же портфелдерин климаттык тобокелдиктердин таасирине жараша классификациялай алат. Мисалы, географиялык топторго бөлүү, мында суу ташкынынын же кургакчылыктын жогору тобокелдиги сыяктуу физикалык тобокелдиктерди аныктоого жардам берет. Сектордук категориялар өткөөл тобокелдиктерди аныктоого жардам берет, мисалы, кредит портфелиндеги парник газдарынын жогору секторлорго үлүшүн баалоо аркылуу ж.б.). 

5. Банктарга кыска, орто жана узак мөөнөттүү келечекте олуттуу болгон ESG тобокелдиктерин аныктоо жана баалоо сунушталат, ошондой эле банктын бизнес-стратегиясынын мындай тобокелдиктерге туруктуулугун баалоо сунушталат. 

6. Банктар ESG менен байланышкан тобокелдиктердин маанилүүлүгүн баалоо процесстерин талапка ылайык документтештирүүсү керек. 

7. Олуттуу ESG тобокелдиктерди эсепке алуу үчүн банктарга ички документтерде, зарыл болгон учурда, сандык мааниде узак мөөнөттүү негизги натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүн (мындан ары - KPI) аныктоо жана мониторинг жүргүзүү сунушталат. Банктын ишинин мүнөзүнө, татаалдыгына жана масштабына жараша бул көрсөткүчтөр маанилүү жана актуалдуу болгон бизнес-багыттарга, кардарларына жана өнүмдөрүнө бөлүштүрүлүшү мүмкүн. 

Эскертүү: “Жашыл” же социалдык кредит үчүн белгилүү бир максатты белгилеген көрсөткүчтөр, мисалы, каскад түрүндө же корпоративдик кардарлар; жеке адамдар; ишкердик же экономикалык секторлор; кредиттердин түрлөрү (мисалы, керектөө кредиттери, ипотекакалык кредиттер, кредиттик линиялар ж.б.); географиялык абалы; жана башкаларга бөлүштүрүлүшү мүмкүн. 

8. Банктарга иштелип чыккан бизнес-процесстер жана стратегиялар ESG тобокелдиктерин азайтууга кандай таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн карап чыгуу сунушталат (мисалы, бөлүнүп чыккан парник газдарын же алардын негизги портфелдеринин ресурстук натыйжалуулугун же өз ишмердүүлүгүн ж.б. өлчөө жана чектөө аркылуу). 

Убактылуу тобокелдиктерди азайтуу жагында чара көрүү сунушталат, мисалы, экологиялык жактан туруксуз иш-аракеттерди каржылоону акырындык менен токтотуу же дароо кыскартуу жана/же токтотуу. 

Бул максаттарда климат жана экологиялык туруктуулук чөйрөсүндө жалпы максаттарга ылайык, банктын көмүртек чөйрөсүндө нейтралдуулук планын (б.а. улуттук жана эл аралык деңгээлде белгиленген жол берилген чектерге ылайык) иштеп чыгуу сунушталат. 

Эскертүү: Банктар ESG тобокелдигине көбүрөөк туруктуу (б.а. ESG тобокелдигине азыраак дуушар болгон) өнүмдөрдү иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугун баалай алышат. Бул үчүн банктар банктын жалпы ESG тобокелдик максаттарына жана/же лимиттерине шайкеш келген кредиттик саясатты иштеп чыгышы керек. Төмөндө ESG тобокелдиктерине байланыштуу максаттардын жана/же чектөөлөрдүн түшүндүрмөсү келтирилген. Аны төмөнкүчө чагылдырууга болот: 

“Бул колдонмонун максаттарында стратегиялык максаттар жана/же ESG тобокелдиктери менен байланышкан чектөөлөр банктын кыска, орто жана узак мөөнөттүү мезгилдеги ESG тобокелдигине дуушар болушун башкарууга багытталгандар катары аныкталат. Мисалы, банктар стратегиялык максаттарды жана/же ESG тобокелдигине көбүрөөк дуушар болушу күтүлгөн айрым экономикалык иш-аракеттерге же секторлорго дуушар болуу пайызына чектөөлөрдү коюшу мүмкүн (мисалы, банктын тоо-кен компанияларына болгон таасирин 950 миллион сомго чейин чектөө; директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жана/же кызматкерлердин жалпы санынын бирдей өкүлдүгүн камсыз кылган компанияларды кредиттөөнүн көлөмүн көбөйтүү; ж.б.)." 

9. Банктарга ESG тобокелдигине бир аз туруктуу катары эсептелген туруктуу продуктыларды иштеп чыгуу зарылдыгына стратегиялык баа берүү сунушталат. Экологиялык туруктуу кредиттөө продуктыларын түзгөн же түзүүнү пландаштырган банктар экологиялык жактан туруктуу кредиттөө кызматтарын көрсөтүү боюнча бизнес-процесстерди, анын ичинде бул тобокелдиктерди баалоо, талдоо, мониторинг жүргүзүү жана контролдоону тиешелүү кредиттик саясаттарында жана кредиттик тобокелдиктерди тескөө жол-жоболорунда жөнгө салышы зарыл. 

Эскертүү: Бул Сунуш-көрсөтмөнүн максаттарында стратегиялык максаттар жана/же ESG тобокелдиктерине байланыштуу чектөөлөр банктын кыска, орто жана узак мөөнөттүү келечекте ESG тобокелдигине дуушар болушун жөнгө салууга багытталган катары аныкталат. Мисалы, банктар стратегиялык максаттарды жана/же алардын белгилүү бир экономикалык иш-аракеттерге же секторлорго таасиринин үлүшүнө чектөөлөрдү коюшу мүмкүн. Ал эми бизнес моделдин туруктуулугуна байланышпаган жана банктын ESG тобокелдиктерин натыйжалуу башкаруу максатын көздөбөгөн максаттар же чектөөлөр стратегиялык максаттар жана/же ESG тобокелдиктери менен байланышкан чектөөлөр катары каралбайт. Мындан тышкары, банктар стратегиялык милдеттерди коюу алардын тобокелдикке болгон табитин кайра карап чыгуу зарылчылыгына алып келүүчү жалпы тобокелдик профилин өзгөртүүгө алып келерин билиши керек.  

 

3-глава. Ички башкарууну жүзөгө ашыруу боюнча сунуш-көрсөтмөлөр 

10. Директорлор кеңеши (БАФКУ учурунда - директорлор кеңеши жок болгон учурда компаниянын жетекчиси) банктын ESG тобокелдигине дуушар болушуна жана анын бизнес стратегиясынын ESG максаттарына тийгизген таасирине натыйжалуу көзөмөлдү жүзөгө ашырууга тийиш. 

11. Директорлор кеңеши, банк Башкармасы, (БАФКУ учурунда - директорлор кеңеши жок болгон учурда компаниянын жетекчиси) бизнес-процесске тартылган негизги түзүмдүк бөлүмдөр натыйжалуу иш алып баруусу үчүн ESG менен байланышкан тобокелдиктер жөнүндө жетиштүү билимге жана түшүнүккө ээ болушу керек, бул банктын ишин жана анын финансылык абалын контролдоо, анын ичинде банк тобокелдиктин тиешелүү деңгээлин кабыл алуусун камсыздоо аркылуу. 

12. Банктар ESG тобокелдиктери боюнча тиешелүү отчеттордун берилишин камсыз кылууга же мезгил-мезгили менен, бирок жылына кеминде бир жолу банктын директорлор кеңешине (БАФКУ учурунда - директорлор кеңеши жок болгон учурда компаниянын жетекчиси) маалымдоого милдеттүү

13. Банктар Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-3-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда, банк эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелеринде (мындан ары - Эрежелер) белгиленген талаптарын эске алуу менен ыйгарым укуктарын, иш процесстерин жана максаттарын так көрсөтүү менен ESG тобокелдиктерин контролдоо функциясын жүзөгө ашырган жеке жактын милдеттерин так чектөөлөрү зарыл. 

14. ESG тобокелдиктерин башкаруу жана контролдоо боюнча ички милдеттерди жана жоопкерчиликтерди белгилөөдө банктарга төмөнкү варианттардын бирин тандоо сунушталат: 

Банк ESG тобокелдиктерин башкаруу жана контролдоо үчүн жооптуу болгон өзүнчө уюштуруу бөлүмүн түзөт же жооптуу адамды дайындайт. ESG тобокелдиктери боюнча өзүнчө бөлүм түзүүдө же жооптуу адамды дайындоодо банктарга жооптуу адамдын же өзүнчө бөлүмдүн функциясы колдонуудагы процесстерге интеграцияланышын жана анын башка функциялар менен байланышы так белгиленишин/аныкталышын камсыз кылуу сунушталат (жоопкерчиликтерди жана милдеттерди бөлүштүрүү, отчеттуулук боюнча өз ара иш алып баруу жана милдеттенмелер ж.б.). 

Банктык тобокелдиктер үчүн жооптуу кызматтар/бөлүмдөр үчүн ESG тобокелдиктерин башкаруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча ички милдеттенмелерди жана жоопкерчиликти аныктоо/түзүү

Же болбосо, милдеттерди жана жоопкерчиликти бөлүштүрүүдө, ESG тобокелдиктерин тескөө жана мониторинг жүргүзүү үчүн жоопкерчилик банктын башкармасынын бул маселе боюнча жооптуу мүчөсүнө (БАФКУ учурунда - компаниянын жетекчисине) жүктөлүшү керек. 

15. Банктын директорлор кеңешине жана башкармасына (БАФКУ учурунда директорлор кенеши жана компаниянын жетекчиси) 13-пунктка ылайык, бизнес-процесстерди жөнгө салуунун сакталышы үчүн жоопкерчилик жүктөлөт, ал ырааттуу, ишке ашырылышы мүмкүн болгондой жана талаптагыдай документ түрүндө түзүлүүгө тийиш. 

16. ESG тобокелдиктерин тескөөгө байланыштуу функцияларды аткаруу максатында, банк жетиштүү адам жана финансылык ресурстар менен камсыз болушу керек. 

17. Банктарга ESG тобокелдиктери үчүн каралган банк кызматкерлерин окутуу үчүн тийиштүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу жана Эрежелерге ылайык, өзгөчө контролдоо функцияларын аткаргандар үчүн жалпы ESG факторлору боюнча окутуунун болушун камсыз кылуу сунушталат. 

18. Банктын узак мөөнөттүү финансылык кызыкчылыктарын эске алуу менен тобокелдиктерге комплекстүү мамиле кылуу үчүн директорлор кеңешине (БАФКУ учурунда - директорлор кеңеши жок болгон учурда компаниянын жетекчиси) баалоо боюнча банктын иш-аракеттеринин планын ESG тобокелдиктерин жана банктын сый акы саясатын кошо алганда, ESG тобокелдиктерин башкаруу системасына интеграциялоо аркылуу ESG тобокелдиктерин башкаруу стратегиясы түрүндөгү туруктуу өнүгүү максаттарын эске алуу менен иштеп чыгуу сунушталат.  

19. Банктар тобокелдиктерди баалоону банктын директорлор кеңеши жана Башкармалыгы (БАФКУ учурунда - директорлор кеңеши жок болгон учурда компаниянын жетекчиси үчүн) тиешелүү чечимдерди кабыл алуусу үчүн зарыл болгон толук, объективдүү жана өз убагында алынган маалымат менен камсыз кылуу үчүн ички отчеттуулук системаларына ESG тобокелдиктеринишенимдүү баалоону камсыз кылуу максатында интеграциялоо сунушталат. 

20. Тиешелүү ички контролду камсыз кылуу үчүн банкка ESG тобокелдиктери боюнча маалыматтарды топтоого жөндөмдүү натыйжалуу жана ишенимдүү ички жана тышкы отчеттуулуктун, ачып көрсөтүү жана маалымат берүү системаларынын болушун камсыз кылуу сунушталат. Банктарга ESG тобокелдигине банктын дуушар болушун баалоо үчүн зарыл маалыматтарды чогултуу жана топтоо үчүн өз маалымат системаларын ыңгайлаштырууну сунуштайт. 

 

4-глава. Тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар 

§1. Тобокелдиктерди тескөө системасы 

21. Банктар ESG тобокелдиктеринин учурдагы тобокелдик категорияларына тийгизген таасирин баалоого комплекстүү жана документтештирилген толук мамилени камсыз кылышы зарыл жана банктар бул тобокелдиктерди уюштуруу же аналитикалык максаттар үчүн өзүнчө тобокелдик категориясы катары карашы мүмкүн. 

Эскертүү: Мисалы, аба ырайынын экстремалдык шарттары (мисалы, кургакчылык) айыл чарбага кредит берүүдө кредиттик тобокелдикке (учурдагы категория катары) таасир этүүчү фактор катары каралышы мүмкүн, ал эми башка физикалык тобокелдиктер (мисалы, суу ташкындары) бир эле учурда бир нече тобокелдик категорияларына таасир этиши мүмкүн (мисалы, кредиттик тобокелдик), операциялык тобокелдик, ликвиддүүлүк тобокелдиги ж.б.). Бирок, банктар аларды "ESG", "климат" же башка деп аталган өзүнчө тобокелдик категориясынын бир бөлүгү катары карашы мүмкүн

22. Банктар ESG тобокелдиктеринин сандык көрсөткүчтөрүн баа берүү үчүн чара көрүүсү зарыл. Банктар сандык көрсөткүчтөргө баа берүүнүн бир бөлүгү катары аларды колдонууга пропорционалдуу күч-аракетти жумшоого тийиш, алар туш болушу мүмкүн болгон маалыматтардын кемчиликтерин оңдоо үчүн кандайдыр бир чараларды көрүүгө умтулушу зарыл. Бирок, социалдык жана башкаруу тобокелдиктери менен салыштырганда, климаттык жана экологиялык тобокелдиктер үчүн индикаторлор жана/же көрсөткүчтөр боюнча кеңири түшүнүктү колдонууга жол берилет. 

23. Банктар тобокелдиктерди тескөө боюнча саясатты жана банктын башка ички ченемдик документтерин кайра карап чыга алат, аларда банктын функциялары, системалары, процесстери, жол-жоболору, иш-чаралары жана методологиялары, ошондой эле ESG тобокелдиктерин эске алуу менен компетенциялары, милдеттери (жамааттык жана жекече) жана уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлдериндеги отчет берүүсү толук аныкталат.  

24. Банктарга тобокелдиктин тиешелүү индикаторлорун иштеп чыгуу жана ESG тобокелдиктери үчүн тиешелүү лимиттерди белгилөө сунушталат. 

25. Ушул Сунуш көрсөтмөлөрдүн 5-главасынын талаптарына ылайык, банктарга экономиканын секторлору боюнча банктын саясатын, географиялык тобокелдиктерди, ESG тобокелдигине дуушар болуу боюнча учурдагы маалыматтарды, эң жакшысы буга чейинки маалыматтар менен болжолдоонун айкалышынын негизинде сандык көрсөткүчтөр түрүндө мониторинг жүргүзүү жана ачып көрсөтүү (өз алдынча, ыктыярдуу түрдө) сунушталат. 

 

§2. Кредиттик тобокелдикти тескөө 

26. Банктарга туруктуу каржылоонун жалпы максаттарын, стратегиясын жана саясатын эске алуу менен ESG тобокелдиктери менен байланышкан ички документтерди иштеп чыгуу сунушталат. Туруктуу кредиттөөнү аныктоо критерийлердин жаңы ички топтомун иштеп чыгууну же Улуттук банктын кредиттик тобокелдиктерди тескөө жана кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актыларынын минималдуу талаптарынын аткарылышын эске алуу менен кредиттик тобокелдик саясатына жана кредиттөө стратегиясына учурдагы же келечектеги стандарттарды киргизүүнү талап кылат. 

27. Банктар ESG менен байланышкан тобокелдиктерди кредиттик тобокелдикти тастыктоо/дуушарлануу жана тескөөнүн бардык тиешелүү этаптарында кароого чакырылат.  

28. Туруктуу каржылоо саясатын аныктоодо банктар ири корпоративдик кардарларга төмөнкүлөр боюнча актуалдуу маалыматка ээ болуу сунушталат: 

- кардарлардын туруктуулугу, 

- кардардын физикалык жана өткөөл тобокелдиктерге дуушар болушу; 

- кардардын климаттын өзгөрүшүнүн таасирин жөнгө салуу боюнча пландары; 

- кардардын социалдык жоопкерчилиги (мисалы, жергиликтүү жамааттар менен түзүлгөн мамиле, продукциянын социалдык таасири, мажбурлоо эмгегинин болушу, басмырлоо практикасы, кардарларды коргоо деңгээли жана продукция үчүн жоопкерчилик ж.б. жөнүндө маалымат). ESG тобокелдиктеринин кардардын кредиттик тобокелдигин ишке ашырууга тийгизе турган таасирин кеңири түшүнүү үчүн банктар бул аспектилерди кредиттик тобокелдик рейтингдерине камтышы мүмкүн. 

29. Кредит берүү максатында, банктарга кардарлардан ESG тобокелдигине дуушарлануусу жөнүндө маалымат алуу жана бул маалыматтын мезгил-мезгили менен жаңыланып турушун камсыздоо тууралуу сунуш-көрсөтмө берилет. 

30. Банктарга банктын учурдагы ички документтеринде тиешелүү жол-жоболорду, нускоолорду жана методологияларды же ченемдерди иштеп чыгуу жолу менен кредиттик тобокелдиктерди тескөө процессин камсыз кылуу сунушталат, банктар алар аркылуу ESG менен байланышкан иш-чараларды каржылоо үчүн бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын текшере алат жана төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- менен байланышкан карыз алуучулардын бизнес максаттары жөнүндө маалыматтарды чогултуу; 

- ESG тиешелүү долбоорлору же иш-чаралары жана тиешелүү критерийлери бар карыз алуучуларды каржылоо долбоорлоруна баа берүү

- карыз алуучунун иш-аракеттерден түшкөн каражаттардын/кирешелердин ESG тиешелүү долбоорлоруна же иш-чараларына бөлүштүрүлүшү боюнча отчет берүүнү/мониторинг жүргүзүү системасын камсыз кылуусу. 

31. Юридикалык жактарды жашыл кредиттөө максаттары үчүн банктарга туруктуу каржылоо принциптерине ылайык кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына андан ары баа берүү үчүн акча каражаттары берилгенге чейин кредиттик каражаттарды пайдалануунун максаттары жөнүндө маалыматты сурап алуу сунушталат. 

32. Жеке адамдарды кредиттөө максатында, банктарга кредиттин жашыл каржылоонун аныктамасына ылайык келүүсүнө баа берүү жана ошого жараша төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоо сунушталат. Банктарга физикалык тобокелдикке эң көп/айрыкча дуушар болгон кардарлардын физикалык тобокелдигине баа берүү сунушталат (мисалы, суу ташкындоо коркунучу жогору аймактарда жашаган кардарлар ж.б.). 

33. Банктарга ESG тобокелдиктеринин карыз алуучунун дефолтко учуроо ыктымалдыгына (PD), дефолтко учуроо өлчөмүнө (EAD) жана андагы орточо чыгымына (LGD) таасирин баалоо сунушталат. Бул баалоонун бир бөлүгү катары банктар өз кардарларынын ESG тобокелдиктерин тескөөсүнүн сапатын, ошондой эле ESG тобокелдигинен улам келип чыккан секторлордун жана географиялык региондордун тобокелдик профилдеринин өзгөрүшүн эске алуу сунушталат. 

Эскертүү: банк LGD же EAD параметрлеринин маанисин аныктай албаган учурларда, Улуттук банктын активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого милдеттүү.  

34. Банктар өз кардарлары үчүн тобокелдикти аныктоого чейин да, андан кийин да ESG тобокелдигине баа берүү сунушталат, анда банктын ички документтерине ылайык карыз алуучулардын ар кандай ESG тобокелдиктерине дуушарлануусун баалоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды чогултуу жана текшерүү тууралуу камтылат.  

Эскертүү: Мисалы, банктар экономиканын ар бир (суб) секторунун ESG тобокелдиктерин графикте же масштабда чагылдырган аналитикалык инструменттерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгышы мүмкүн. ESG тобокелдиктери жогору болгон кредиттер же карыз алуучулар үчүн учурдагы жана парник газдарынын бөлүнүп чыгышын болжолдоону, рынок чөйрөсү, жөнгө салуучу экологиялык талаптар тууралуу маалыматты, экологиялык аспектилерге жөнгө салуунун мүмкүн болуучу таасирин талдоону, карыз алуучунун финансылык абалын талдоону, жана башкаларды кошо алганда, карыз алуучунун ишинин натыйжасын кеңири талдоо талап кылынат.  

35. Күрөөнү баалоодо банктарга ESG менен байланышкан тобокелдиктерди эске алуу сунушталат, анткени алар күрөөнүн наркына таасир этиши мүмкүн (өзгөчө климаттык жана экологиялык тобокелдиктер болгон учурда). 

36. Банктарга ESG тобокелдиктерин баа түзүмүнө киргизүү сунушталат. 

37. Кредиттик тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн аныктоодо банктарга ESG тобокелдиктеринин, өзгөчө физикалык жана өткөөл мезгил тобокелдиктеринин сандык көрсөткүчтөрүн аныктоо сунушталат. 

Эскертүү: Банктарга кредиттик тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жана лимиттерин банк тобокелдик профилинин чегинде кабыл алууга даяр болгон тобокелдиктин деңгээлине жараша аныктоо сунушталат. 

38. Банктарга концентрацияланган анализ жана стресс-тестирлөө аркылуу кредит портфелдериндеги ESG тобокелдиктерине мониторинг жүргүзүү жана тескөө сунушталат. 

 

§3. Операциялык тобокелдиктерди тескөө 

39. Банктарга климаттын өзгөрүшүнөн келип чыккан физикалык тобокелдиктердин банктын ишине, анын ичинде негизги иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо мүмкүнчүлүгүнө (кызмат көрсөтүүнү улантууга) тийгизген таасирин баалоо сунушталат. Банктын географиялык жактан жайгашкан жана иш алып барган жери аны физикалык тобокелдиктерге көбүрөөк дуушарлантышы мүмкүн. 

40. Климаттын өзгөрүшүнүн таасирин баалоонун натыйжасы банктын ишинин бир багыты же жалпы иши үчүн маанилүү болгон учурларда, банктарга муну иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу планында чагылдыруу сунушталат. 

41. Юридикалык жана аброюн жоготуу тобокелдиктерин болтурбоо үчүн, банктар өздөрүнүн инвестициялык продуктылары эң мыкты эл аралык тажрыйбага ылайык келүүсүнө баалоого чакырылат. 

42. Банктарга экологиялык жана көмүртектүү таасирин төмөндөтүү багытында иш алып баруу сунушталат, анткени мындай таасирин эффективдүү азайтуу мүмкүнчүлүгүнүн жетишсиздиги эл аралык келишимдер талап кылган аракеттерге конструктивдүү салым кошууну болтурбоодон тышкары, аброй жогтуу тобокелдиктерине да алып келет. Банктар өздөрүнүн экологиялык көрсөткүчтөрүн тынымсыз өркүндөтүүгө умтулуу сунушталат: 

1) Парник газдарынын бөлүнүп чыгышына карата төмөнкүлөр сунушталат: 

- өз ишинен улам бөлүнүп чыккан парник газдарынын тике таасирин өлчөө (эгер бар болсо, 1-чөйрө). 

- сатып алынган энергияга байланыштуу бөлүнүп чыккан парник газдарынын кыйыр таасирин баалоо (эгер бар болсо, 2-чөйрө). 

- башка бөлүнүп чыккан парник газдарынын кыйыр таасирин баалоо (эгер бар болсо, 3-чөйрө), финансылык таасирлер операциялык тобокелдиктерди тескөөгө караганда, негизинен кредиттик жана рыноктук тобокелдиктерди тескөөгө байланыштуу. 

2) иш-аракеттердин айлана-чөйрөгө башка таасирине жана аларды азайтуу боюнча чараларга карата төмөнкүлөр сунушталат: 

- накталай эмес төлөм ыкмаларын колдонууну ишке киргизүү жана жайылтуу; 

- кардарлардын жана/же продукциянын контракттары үчүн кагазды колдонууну кыскартуу, бул санариптик каражаттардын колдонулушуна көмөк көрсөтөт; 

- экологиялык натыйжалуулуктун бекитилген көрсөткүчтөрү менен бирге өз ишине тиешелүү башка демилгелер. 

3) экологиялык таасири боюнча төмөнкүлөр сунушталат: 

- банктын башкы кеңселеринде да, филиалдарында да кагазды жана сууну пайдаланууну кыскартуу; 

- персоналдын мобилдүүлүгүн, демек, автоунааларды жана башка транспорт каражаттарын пайдаланууну азайтуу үчүн аралыктан иштөөгө көмөктөшүү

- энергиянын кайра жаралуучу булактарын берүүчүлөр менен узак мөөнөттүү келишимдерди түзүү

- экологиялык таасирин төмөндөтө турган же болбосо экологиялык таасирине каршы күрөшүүгө салым кошо турган башка ыкмалар. 

43. Банктарга социалдык факторлордун банкка терс таасирин тийгизбешин камсыз кылуу сунушталат, ал эми операциялык тобокелдиктер боюнча социалдык факторлор маалыматтардын коопсуздугу маселелеринен (б.а. жеке маалыматтарды коргоо) теңдик, социалдык биримдик, эмгек мамилелери, адам укугу, кардарлар менен мамилелер ж.б. маселелерге чейин камтышы мүмкүн. 

44. Банктарга тобокелдиктерди тескөө боюнча ESG менен байланышкан ички ченемдик документтерин иштеп чыгуу сунушталат, аларда баалуулуктар жана этика (мисалы, жүрүм-турум тобокелдиги, алдамчылык ж.б.), паракордук жана коррупция, салык мыйзамдарын сактоо, дискриминациянын ар башка түрлөрү, ошондой эле ачык-айкындуулук (б.а. маалыматты даярдоодо жана ачыкка чыгарууда) камтылуусу зарыл. 

45. 5-главанын 56-пунктунун талаптарына ылайык, банктарга туруктуу өнүгүү контекстинде операциялык тобокелдикти тескөө боюнча көрүлгөн аракеттердин жүрүшүн же эл аралык таанылган стандарттарга ылайык даярдалган комплекстүү отчетторду жарыялоо сунушталат. 

 

§4. Рыноктук тобокелдиктерди тескөө 

46. Банктарга ESG тобокелдиктерин эске алуу сунушталат, бул финансылык инструменттерге (мисалы, баалуу кагаздарга, туундуларга), продуктуларга жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын жана сунуштун өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн, мунну натыйжасы алардын акыркы наркына таасирин тийгизиши ыктымал. 

47. Экологиялык жактан туруксуз деп бааланган, физикалык тобокелдиктерге дуушар болгон жана/же терс социалдык же башкаруу факторлоруна дуушар болгон географиялык аймактарда жайгашкан бизнес моделдери бар компанияларга инвестициялоочу банк рыноктук шарттардын же технологиялардын өзгөрүшү, аба ырайынын же климаттык шарттардын терс өзгөрүүлөрү, же компания тарабынан колдонулган начар социалдык же башкаруу практикасынын аныкталышынын натыйжасында инвестициянын наркы төмөндөп кетпеши үчүн да чараларды көрүүгө тийиш. 

 

§5. Ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө 

48. Банктарга ESG тобокелдиктеринин банктын ликвиддүүлүгүнө жана каржылоонун позициясына тийгизген таасирин аныктоо, баалоо, тескөө жана мониторинг жүргүзүү процессин тиешелүү убакыт аралыгында камсыз кылуу, ошондой эле ликвиддүүлүк тобокелдигин баалоо жана тескөө боюнча банк мыйзамдарынын талаптарынын чегинде ликвиддүүлүктүн жеткиликтүүлүгүн колдоо сунушталат. 

49. Ар бир кийинки баалоо, бизнести демейдегидей жана стресстик шарттарды, тактап айтканда, негизги аялуу жактарга көңүл буруу менен келип чыгышы мүмкүн болгон олуттуу, бирок акылга сыярлык сценарийлерди эске алуу менен келечекке багытталган болушу зарыл. Ошондуктан, банктарга ESG тобокелдиктеринин банктын ликвиддүүлүгүнө же туруктуу каржылоосуна олуттуу таасирин баалоо сунушталат. 

Эскертүү: Бир жагынан алганда, ESG факторлору финансылык активдердин наркына таасир этиши мүмкүн, бул өз кезегинде бул актив менен соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө таасир этиши мүмкүн, муну менен кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк тобокелдигин жаратат. Бул тобокелдик банктан депозиттердин агылып чыгышын шарттаган ESG жагдайларынан да келип чыгышы мүмкүн: социалдык толкундоолор сыяктуу экологиялык кризистер акча каражаттарын эсептен алынышынын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн же белгилүү бир географиялык аймакта банктын ликвиддүүлүгүнө коркунуч туудурушу мүмкүн. 

Башка жагынан алганда, ESG факторлору каржылоонун жеткиликтүүлүгүнө жана/же туруктуулугуна таасир этиши мүмкүн (мисалы, рыноктук каржылоону кыйынчылык менен же кымбатыраак пайдалануу, кардарлардын каалоолорунун өзгөрүшүнө байланыштуу туруксуз депозиттер ж.б.), ошентип, орто же узак мөөнөттүү каржылоону түзүшөт. Мында аброй жоготуу маселелеринин банктардын каржылоосуна потенциалдуу таасирин моюнга алуу маанилүү

 

§6. Сценарийлерди талдоо жана стресс тестирлөө 

50. Банктар ESG тобокелдиктерин сценарийлерди талдоо жана/же стресс-тестирлөө аркылуу узак убакыт аралыгында баалоого чакырылат. 

51. Банктарга ESG тобокелдигине дуушарланууну талдоодо, сценарийлерди талдоодо жана стресс-тестирлөөдө, жок дегенде төмөнкү аспектилерди эске алуу сунушталат: 

1) физикалык тобокелдик жана өтүү тобокелдиги банкка кандай таасир этиши мүмкүн. 

2) тобокелдиктин бул түрүнүн мүнөздөмөлөрүн (белгисиздик жана бир кылка эмес, буга чейинки маалыматтарга негизделбеген ыктымалдуулук, потенциалдуу экстремалдык жана масштабдуу таасирлер) эске алуу менен ар кандай сценарийлерде ESG тобокелдиктери кандайча өнүгүшү мүмкүн. 

3) каралып жаткан сценарийлерге жараша кыска, орто жана узак мөөнөттүү келечекте ESG тобокелдиктери кантип пайда болушу мүмкүн. 

52. Банктар тобокелдик профилин жана анын өзгөчөлүктөрүнө карата божомолдорду өз алдынча аныктоого укуктуу, ошондой эле божомолдордун ар кандай комбинацияларынын негизинде бир нече сценарийлерди карап чыгуу сунушталат. 

53. Стресс-тесттердин жыйынтыгы боюнча банктарга бул тобокелдиктердин келип чыгышын азайтуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү сунушталат. 

54. Стресс-тесттердин натыйжасы тобокелдиктер тууралуу кабардар болуусун жогорулатуу жана тобокелдиктерди тескөө боюнча тиешелүү чараларды көрүү максатында, бардык тиешелүү бизнес чөйрөлөрүнө жана банктын жогорку жетекчилигине билдирилиши мүмкүн. 

 

5-глава. Маалыматты ачып көрсөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөр 

55. Банкка банктын директорлор кеңеши (БАФКУ болгон учурда - директорлор кеңеши, ал жок болгон учурда - Компаниянын жетекчиси) тарабынан бекитилген маалыматты ачып көрсөтүү боюнча тиешелүү саясатты иштеп чыгуу сунушталат, анда ESG тобокелдиктери менен байланышкан маалыматтын маанилүүлүгүн банк кандай баалашы тууралуу аныкталууга тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-4-(НПА) токтому менен бекитилген «Коммерциялык банктын иши жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарууга карата талаптар жөнүндө» жобонун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин", Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашыруучу микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин», Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/3 токтому менен бекитилген «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы ишин жөнгө салуу» эрежелеринин, Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы №2019-П-33\55-2-(НФКУ) токтому менен бекитилген «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин», Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин», Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 16-июлундагы № 32/5 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашыруучу кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин», Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) токтому менен бекитилген «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин» талаптарын эске алуу зарыл. 

56. Эгерде банк ESG менен байланышкан тобокелдиктерди олуттуу деп эсептебесе, банк бул маалыматты ачыкка чыгарбоого укуктуу, мында банк бул чечимди баалоону тастыктаган сапаттык жана сандык маалымат камтылган документ аркылуу каттоого тийиш. 

57. Банк ESG менен байланышкан тобокелдиктер үчүн олуттуу деп эсептелген маалыматтарды, көрсөткүчтөрдү жана максаттарды ачып берген учурда, ал көрсөткүчтөрдү аныктоо ыкмаларын, аныктамаларын жана критерийлерин да ачып берүүгө милдеттүү

58. Белгилүү эл аралык стандарттарга ылайык даярдалган, ESG тобокелдиктерин тескөө максаттары үчүн кабыл алынган маалыматты /отчетторду банктын расмий сайтында мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес жарыялоо сунушталат. 

59. Социалдык жана башкаруу факторлорун ачып көрсөтүүдө банктар эске ала турган ар кандай көрсөткүчтөр бар, анын ичинде: 

- социалдык факторлорго байланыштуу: продуктылардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн социалдык таасири; директорлор кеңешинде жана персоналдын жалпы санында бирдей өкүлчүлүк; бирдей сый акы; кардарлар менен мамилелерде сапат жана инновациялар; жана башкалар. 

- башкаруу факторлоруна байланыштуу: паракорлук жана коррупция; дискриминация; жана башкалар. 

60. Банктар «Гринвошинг» тобокелдигин азайтуу үчүн тиешелүү чараларды көрүшү зарыл. 

Эскертүү: Мисалы, эгерде банк айрым тармактарды же иш-аракеттерди каржылоону токтотууга же чектөөгө милдеттенме алган болсо, анда иштин так аныктамасы жана ага байланыштуу максаттар, мөөнөттөр жана төлөнбөгөн тобокелдиктин көлөмү ачыкка чыгышы керек. Ошондой эле банк үчүн бул максаттарга жетүүдөгү прогрессти, ички мониторинг процесстерин жана ага байланыштуу методологиялык ойлорду, атап айтканда, кайсы контрагенттер каржылоо саясаты менен камтыла тургандыгын аныктоо критерийлерин жана тартылган бизнес мамилелеринин көлөмүн билдирүүсү маанилүү. Ошо сыяктуу эле, ESG максаттарына жетишүүгө кошкон салымы жөнүндө отчет түзүп жатканда, банк иштин бардык багыттарын жана бардык тобокелдиктерин эске алуусу максатка ылайыктуу. 

61. Тез өнүгүп жаткан ESG тобокелдиктери жөнүндө маалыматты ачып көрсөтүү системаларын жана бул чөйрөдөгү рыноктун катышуучуларынын керектөөлөрүн эске алуу менен, маалыматты ачып көрсөтүүнү туруктуу негизде жигердүү өнүктүрүү сунушталат. 

62. Банктын маалыматты ачып көрсөтүү иш-аракеттеринин тартиби: 

1) 2024-жылдын март айынын аягына чейин №1 тиркемеге ылайык ушул Сунуш-көрсөтмөлөрдө баяндалган сунуш-көрсөтмөлөр менен иш жүзүндө болгон бардык карама-каршылыктарды ачып көрсөтүү

2) 2024-жылдын июнь айынын аягына чейин № 2 тиркемеге ылайык Сунуш-көрсөтмөлөрдү («иш-чаралар планы») бара-бара ишке ашырууга багытталган чараларды даярдоо. 

3) 2024-жылдын декабрь айынын аягына чейин № 3 тиркемеге ылайык Сунуш көрсөтмөлөрдү («иш-чаралар планы») бара-бара ишке ашырууга багытталган чараларды кайра карап чыгуу/толуктоо.1-тиркеме Өзүн-өзү баалоо: үлгү жана нускоолор 

1. Бул Тиркеме ушул Сунуш-көрсөтмөлөрдүн 62-пунктунун 1-пунктчасында баяндалган көзөмөл боюнча болжолдоолордон банктын практикасында орун алган кайсы болбосун четтөөлөр жөнүндө маалымат берүү үчүн отчеттук форма болуп саналат: 

Бөлүм 

Бөлүмчө 

Банктын статусунун сүрөттөлүшү 

Банктын шайкештик статусу 

Кошумча комментарийлер 

Кемчилик 

2. Бизнес процесстер жана стратегия боюнча сунуш-көрсөтмөлөр 

 

 

 

 

3. Ички башкарууну жүзөгө ашыруу боюнча сунуш-көрсөтмөлөр  

 

 

 

 

4. Тобокелдиктерди тескөө боюнча сунуш-көрсөтмөлөр  

4.1. Тобокелдиктерди тескөө системасы 

 

 

 

 

4.2. Кредиттик тобокелдикти тескөө 

 

 

 

 

4.3. Операциялык тобокелдиктерди тескөө 

 

 

 

 

4.4 Рыноктук тобокелдиктерди тескөө 

 

 

 

 

4.5. Ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө 

 

 

 

 

4.6. Сценарий талдоо жана стресс тестирлөө 

 

 

 

 

5. Маалыматты ачып көрсөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөр 

 

 

 

 

 

2. Жогорудагы таблицаны толтурууда банктар суралган маалыматтын төмөнкү аныктамаларын эске алышы зарыл: 

Бөлүм: Сунуш-көрсөтмөлөрдүн 2-5-главаларына шилтемелерди камтыйт. Банктар тарабынан өзгөртүүгө жатпайт. 

Бөлүмчө: жогорудагы Сунуш-көрсөтмөлөрдүн 2-5-главаларынын параграфтарына шилтемелерди камтыйт, зарыл болгон учурда. Банктар тарабынан өзгөртүүгө жатпайт. 

Банктын статусунун сыпаттамасы: талаптардын сакталышына (сакталбагандыгына) карата банктын учурдагы абалын чагылдыруу/сыпаттоо, ошондой эле Сунуш-көрсөтмөлөрдө баяндалгандай, ар бир конкреттүү бөлүмдө же бөлүмчөдө баяндалган, сунуш-көрсөтмөлөрдү ишке ашыруу үчүн аткарылышы керек болгон кайсы болбосун конкреттүү план. 

Банктык шайкештик статусу: ар бир конкреттүү бөлүмдө же бөлүмчөдөгү шайкештиктин деңгээлин чагылдыруу/сыпаттоо (3 деңгээлдүү шкала): 

- Шайкеш: банк конкреттүү бөлүм же бөлүмчө боюнча Сунуш-көрсөтмөлөрдө белгиленген күтүүлөргө толугу менен дал келет, же жакшыртууну талап кылган маанилүү болбогон бир нече аспект бар жана банк талаптарга өтө кыска мөөнөттө жооп беришин камсыз кылуу үчүн иш-чаралар планы бар;  

- Начар: банк белгилүү бир бөлүм же бөлүм боюнча Сунуш-көрсөтмөлөрдө белгиленген күтүүлөргө жарым-жартылай дал келет, же банк күтүүлөрдүн же сунуш-көрсөтмөлөрдүн бирине да дал келбейт жана аларды ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планына ээ. 

- Шайкеш келбегендик: банк белгилүү бир бөлүм же бөлүмчө боюнча Сунуш-көрсөтмөлөрдө белгиленген талаптардын эч бирине дал келбейт жана банкка өтө кыска мөөнөттүн ичинде шайкештиктикти же жарым-жартылай шайкештикти камсыз кылууга мүмкүндүк бере турган иш-аракеттер планы жок. 

Банктар бул өзүн-өзү баалоодо аныкталган кемчиликтердин ар бирин жоюу боюнча чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылышы керек. 

Кошумча комментарийлер: Банк алардын статусуна, ишке ашырыла турган иш-аракеттерге, иштелип жаткан же ишке ашырылып жаткан планга ж.б. карата орундуу деп эсептеши мүмкүн болгон кошумча комментарий. 

# кемчилик: бул кемчилик менен байланышкан сандык идентификатор (б.а. 1, 2, 3, ж.б.) банктар бул кемчилик менен байланыштырышат. Ар башка сандык идентификаторлор ар башка кемчиликтер менен байланыштуу болот. 

 

 

3. Бул Тиркеме Сунуш-көрсөтмөлөрдүн 62-пунктунун 1-пунктчасында сүрөттөлгөндөй, белгиленген күтүүлөрдөн айырмачылыктарды акырындык менен жоюу боюнча чаралар жөнүндө отчеттун формасы болуп саналат: 

2-тиркеме. Иш-чаралар планынын үлгүсү жана нускамасы 

2-тиркеме. Иш-чаралар планы: үлгү жана нускоолор 

# Ишке ашырылуучу иш-аракет 

Ишке ашырыла турган иш-аракеттин сүрөттөлүшү 

# тиешелүү мүчүлүштүктөр 

Татаалдык 

Орун алышы мүмкүн болгон тоскоолдуктар 

Күтүлгөн натыйжа толугу менен аткарылышы керек 

1-жыл үчүн ишке ашыруу максаттары 

2(1)-жыл үчүн ишке киргизүү максаттары 

>2 жыл үчүн ишке ашыруу максаттары(1) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4. Жогорудагы таблицаны толтурууда банктар суралган маалыматтын төмөнкү аныктамаларын эске алышы зарыл: 

Ишке ашырылуучу иш-аракет: Сунуш-көрсөтмөлөрдү ишке ашыруу үчүн (кыска же орто мөөнөттө, же узак мөөнөттөгү келечекте) банк тарабынан аткарылышы керек болгон, аталган иш-аракет менен байланышкан сандык идентификатор (мисалы, 1, 2, 3, ж.б.). Ар кандай сандык идентификаторлор ар бир банктын абалы жөнүндө жылдык отчеттун алкагында иш-аракеттердин өнүгүшүнө байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн ар кандай иш-чаралар менен байланыштырылат. Банктар бир нече иш-чаралардын пландары мурунку өзүн-өзү баалоодо аныкталган бир кемчилик менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин эске алышы зарыл. 

Ишке ашыруунун статусу (%): банктын сарпталган убакытка, иш-аракеттерди толугу менен аткарууга ж.б. иш-аракеттерди толук ишке ашыруудагы жалпы муктаждыкка салыштырмалуу баа берүүсү. Маанилер 0% дан 100% чейин болушу зарыл. 

Баштапкы күтүлгөн мөөнөттүн ичинде киргизилген бардык өзгөртүүлөр толугу менен ишке ашырылышы керек: конкреттүү иш-аракетти аткаруу үчүн алгач белгиленген мөөнөттөргө карата кайсы болбосун өзгөртүүлөрдүн (б.а. кечиктирүүлөр же алдын ала) чагылдырылышы/сүрөттөлүшү. Ошондой эле кайсы болбосун кечиктирүү же алдын алуу иш-аракеттин жалпы аякташына кандай таасир этиши мүмкүн экендигине баа берүүнү камтышы күтүлүүдө

Статус жөнүндө мурунку отчеттон берки жакшыртуулардын сүрөттөлүшү: статус жөнүндө мурунку отчеттон берки конкреттүү иш-аракеттерди аткарууга байланышкан кайсы болбосун жакшыртуулардын чагылдырылышы/сүрөттөлүшү. Банктар мурунку иш-чаралар планында, же "1-жыл үчүн максаттарды ишке ашыруу" категориясында, ошол эле иш-аракет боюнча билдирилген жок дегенде "кийинки 12 айдын ичинде аткарыла турган кийинки кадамдар" жөнүндө эскертмелерди камтышы керек, эгерде бул биринчи жолу болуп жатса банк кийинки иш-чаралардын планын берет. 

Кийинки 12 айдын ичинде аткарыла турган кийинки кадамдар: отчеттук күндөн кийин 12 айдын ичинде ишке ашырыла турган глобалдык иш-аракеттер планынын бөлүмчөлөрүн чагылдыруу/сүрөттөө

Кошумча комментарийлер: банк иш-чаралар планын ишке ашыруунун статусуна, орун алышы мүмкүн болгон кайсы болбосун тоскоолдуктарга, аткаруу мөөнөтүнө, иш-аракеттин баштапкы аныктамасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ж.б. карата орундуу деп эсептеши мүмкүн болгон кайсы болбосун кошумча комментарийлер. 

 

3-тиркеме. Иш-чаралар планын иштеп чыгуу: шаблон жана нускоолор 

5. Бул Тиркеме ушул Сунуш-көрсөтмөлөрдүн 62-пунктунун 3-пунктчасында баяндалган иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берүү үчүн отчеттук форма болуп саналат: 

# Ишке ашырылуучу иш-аракет 

Ишке ашыруунун статусу (%) 

Баштапкы күтүлгөн мөөнөттүн ичинде киргизилген бардык өзгөртүүлөр толугу менен ишке ашырылууга тийиш. 

Мурунку отчеттуулук абалынан берки жетишкендиктердин сүрөттөлүшү 

Кийинки 12 айдын ичинде төмөнкү кадамдар аткарылышы керек 

Кошумча комментарийлер 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

6. Жогорудагы таблицаны толтурууда банктар суралган маалыматтын төмөнкү аныктамаларын эске алышы зарыл: 

Ишке ашырылуучу иш-аракет: Сунуш-көрсөтмөлөрдү ишке ашыруу үчүн (кыска же орто мөөнөттө, же узак мөөнөттөгү келечекте) банк тарабынан аткарылышы керек болгон бул иш-аракет менен байланышкан сандык идентификатор (мисалы, 1, 2, 3 ж.б.). Ар кандай сандык идентификаторлор ар бир банктын абалы жөнүндө жылдык отчеттун алкагында иш-аракеттердин өнүгүшүнө байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн ар кандай иш-чаралар менен байланыштырылат. Банктар бир нече иш-чаралардын пландары мурунку өзүн-өзү баалоодо аныкталган бир кемчилик менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин эске алышы зарыл. 

Ишке ашырыла турган иш-аракеттердин сүрөттөлүшү: Сунуш-көрсөтмөлөрдүн ар бир конкреттүү бөлүмүндө же бөлүмчөсүндө баяндалган сунуш-көрсөтмөлөргө шайкеш келүүнү камсыз кылуу үчүн аткарылууга тийиш болгон иш-аракеттер планынын чагылдырылышы/сүрөттөлүшү. Сыпаттамада сөз болгон аймактарга, тышкы таасирлерге жана башкаларга шилтемелер камтылууга тийиш. 

# байланыштуу кемчиликтер: бул иш-аракеттер планы "жоюуга" жардам берет деп күтүлгөн бардык кемчиликтердин ("кемчиликтер #") идентификациялык номерлерин чагылдыруу/сүрөттөө. Банктар бир иш-аракеттер планы бир же бир нече кемчиликтерге байланыштуу болушу (же таасир этиши) мүмкүн экендигин; жана бир же бир нече кемчилик бул иш-аракеттер планына байланыштуу болушу мүмкүн экендигин эске алышы мүмкүн 

Татаалдык ишке ашырылышы керек болгон тигил же бул иш-аракеттин татаалдык деңгээлин чагылдыруу/сүрөттөө (3 деңгээлдүү шкала): 

Төмөн: банк иш-аракеттин кыска мөөнөттө аткарылышын күтөт; аны ишке ашыруу үчүн аз өлчөмдөгү ресурстарды (мисалы, персонал, акча ж.б.) бөлүү зарыл; жана/же акционерлер кеңешинин жыйынынын деңгээлинде маанилүү чечимдерди кабыл алуунун зарылдыгы жок. 

Орточо: төмөн же жогорку татаалдыкка тиешеси жок учурлар. 

Жогорку: банк иш-аракет кыска же орто мөөнөттө ишке ашырылбайт деп күтөт; аны ишке ашыруу үчүн чоң көлөмдөгү ресурстарды (мисалы, персонал, акча ж.б.) бөлүү зарыл; жана/же маанилүү чечимдер акционерлер кеңешинин жыйынынын деңгээлинде кабыл алынууга тийиш. 

Орун алышы мүмкүн болгон тоскоолдуктар: Банктар иш-аракеттерди ишке ашырууну кечеңдетүүгө алып келген, орун алышы мүмкүн болгон тоскоолдуктарды тизмелеп, кыскача түшүндүрүшү зарыл. Банктар ошондой эле банк аныктоого же ишке ашырууга ниеттенген бардык мүмкүн болгон жумшартуу чараларын камтууга тийиш. 

Толук ишке ашыруунун күтүлгөн мөөнөтү: Конкреттүү планды толук ишке ашыруу үчүн Банктын күтүлгөн мөөнөтү. Аткаруу убактысын билдирүүдө конкреттүү датанынын ордуна, банктар 3 айдан ашык убакытты белгилейт (б.а. 2025-жылдын 1-чейреги ишке ашыруу мөөнөтү деп эсептелишм мүмкүн). 

1-жыл үчүн ишке ашыруу максаттары: отчеттук күндөн кийин 12 айдын ичинде ишке ашырылышы күтүлгөн глобалдык иш-аракеттер планын чагылдыруу/сүрөттөө

2-жыл үчүн ишке ашыруу максаттары: ишке ашыруу мөөнөтү 12 айдан ашык улантылышы күтүлгөн учурда, банктар бул жерде отчеттук күндөн кийин 12 айдан 24 айга чейинки аралыкта ишке ашырылышы күтүлгөн глобалдык иш-аракеттер планынын бөлүмдөрүн камтышы күтүлүүдө

>2 жыл үчүн ишке ашыруу максаттары: ишке ашыруу мөөнөтү 24 айдан ашык күтүлгөн учурда, банктар бул жерде отчеттук күндөн кийин 24 айдан кийин ишке ашырыла турган глобалдык иш-аракеттер планынын бөлүмчөлөрүн камтышы күтүлүүдө.