Кайта келүү

Улуттук банктын Көзөмөл боюнча  

комитетинин 2009-жылдын  

14-апрелиндеги №5/2 токтому менен 

БЕКИТИЛГЕН  

 

 

Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо боюнча  

усулдук сунуш-көрсөтмөлөр 

 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2012-жылдын 24-декабрындагы №53/2 токтому менен бекитилген)  

I. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул усулдук сунуш-көрсөтмөлөрдө, коммерциялык банктардын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, адистештирилген финансы-кредит мекемеси “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсынын жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын (мындан ары банктар) операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл капиталды эсептөө ыкмасы аныкталат жана банктар тарабынан өз ишинде операциялык тобокелдиктерди эффективдүү тескөө максатында колдонуу үчүн сунушталат.  

1.2. Усулдук сунуш-көрсөтмөлөр (мындан ары сунуш-көрсөтмөлөр) банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин эл аралык стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актарына ылайык иштелип чыккан.  

1.3. Бул сунуш-көрсөтмөлөр, Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген тартипте чечим кабыл алынгандан кийин милдеттүү түрдө банктар тарабынан операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл капиталды эсептөө ыкмасын колдонуу максатында иштелип чыккан. 

 

II. Базалык индикативдик ыкма боюнча операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн капиталды эсептөө  

 

2.1. Банктарга базалык индикативдик ыкма боюнча операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл капитал өлчөмүн эсептөө сунушталат.  

2.2. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл капитал өлчөмү банктын суммардык капиталынын шайкештигин эсептөөгө камтылат.  

Операциялык тобокелдик бул, тышкы жагдайлардан, персоналдын катачылыктарынан, көзбоемочулуктан улам банктын же анын туунду компанияларынын операцияларында үзгүлтүктөрдүн натыйжасында, ошондой эле контролдоо процесстеринин, жол-жоболорунун же системаларынын шайкеш эместигинин жана бузууга жол берүүсүнүн натыйжасында банк тике же кыйыр түрдө чыгымга дуушар болуу тобокелдиги. 

2.3. Базалык индикативдик ыкмада операциялык тобокелдик деңгээлинин банк ишкердигине тике көз карандылыгы каралат жана банк үчүн бирдиктүү индикаторду, б.а. банктын таза кирешесин пайдаланууну түшүндүрөт. Мында, контролдоонун ички жол-жоболору да, иштин ар түрдүү багыттары боюнча тобокелдикке дуушарлануу мүмкүнчүлүгү да эске алынбайт.  

2.4. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл капитал өлчөмү акыркы үч жыл үчүн орточо жылдык таза кирешени альфа (б) түрүндө белгиленген коэффициентке көбөйтүү аркылуу эсептелинет.  

2.5. Таза киреше таза пайыздык киреше жана таза пайыздык эмес кирешенин суммасы катары аныкталат жана ссудалар боюнча жоготуулардын ордун жабууга камды эсептен алып салууга чейин эсептелинет. Бул көрсөткүчтү эсептөөдө төмөнкүлөр алып салынат:  

Банктын баалуу кагаздары менен кайсы болбосун операциялардан чыгым тартуулар; 

бир жолу ишке ашырылуучу, кайталанбаган операциялардан түшкөн киреше, ошондой эле камсыздандыруудан алынган киреше.  

2.6. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл капитал төмөнкү формула боюнча эсептелинет:  

 

КОР = [(ЧД1…n x б)]/n, 

мында: 

КОР Базалык индикативдик ыкманын алкагында, операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн резервге коюлган капитал өлчөмү;  

ЧД акыркы үч жыл үчүн ар жылдык алгылыктуу таза киреше; 

N - таза киреше алгылыктуу болуп саналган акыркы үч жыл ичиндеги жылдардын саны; 

б = 15%, Базель комитети тарабынан белгиленген резервге коюлган коэффициент.  

Операциялык тобокелдиктин ордун жабуу үчүн резервге коюлган капиталды эсептөө ыкмалары ушул сунуш-көрсөтмөлөрдүн 1-тиркемесинде келтирилет. 

2.7. Жылдык таза киреше терс же нөлдүк мааниде болгон кайсы болбосун жыл үчүн көрсөткүчтөр, мында орточо маанини эсептөөдө алымдан алынып салынат, ал эми бөлүүдөн банк чыгым тарткан жылдардын саны алып салынат. 

2.8. Банктарга зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл капиталдын өлчөмүн кайра карап чыгуу жана ал тууралуу маалыматты банктын Директорлор кеңешине өз убагында берүү сунушталат.  

2.9. Банктын операциялык тобокелдиктерин үзгүлтүксүз, тиешелүү негизде жана натыйжалуу тескөө максатында, Директорлор кеңеши банктын операциялык тобокелдиктерин тескөө саясатынын жүзөгө ашырылып жатышын түздөн-түз контролдукка алат.  

 

III. Капитал шайкештиги коэффициентин эсептөө 

 

3.1. Банк капиталынын шайкештиги коэффициентин эсептөө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат. Төмөндө келтирилген формулада базалык индикативдик ыкмага ылайык эсептелинген, операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн каралган капиталды эске алуу менен банктардын суммардык капитал шайкештиги коэффициентин эсептөөлөр көрсөтүлгөн.  

 

К2.1 = _____К_____ *100 КА,  

А + П x КОР  

мында:  

К таза суммардык капитал (коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, адистештирилген финансы-кредит мекемеси "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы үчүн), өздүк капитал (депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үчүн); 

А тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдер (коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, адистештирилген финансы-кредит мекемеси “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсы үчүн), баланстык активдердин суммасы (депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үчүн); 

КОР операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн резервге коюлган капитал өлчөмү;  

П коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, адистештирилген финансы-кредит мекемеси “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсы үчүн белгиленген көрсөткүч (коэффициент) - 8,33 (100%:12%), депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үчүн 5,55 (100%:18%);  

КА банк капиталынын шайкештиги коэффициенти. 

 

3.2. 3.1-пунктта көрсөтүлгөн формулага ылайык, капитал шайкештиги коэффициентин эсептөөдө бөлчөк бөлүмү активдерди суммалоо жана операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн резервге коюлган капитал өлчөмүн белгиленген коэффициентке көбөйтүү аркылуу эсептелинет.  

Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн резервге коюлган капиталды эске алуу менен коммерциялык банктардын капиталынын шайкештиги коэффициентин эсептөө мисалы ушул сунуш-көрсөтмөлөрдүн 2-тиркемесинде келтирилет. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1-тиркеме 

 

Базалык индикативдик ыкманы колдонуу менен операциялык тобокелдиктин ордун жабуу үчүн резервге коюлган капиталды эсептөө 

 

1-мисал. 

 

2006, 2007, жана 2008-жылдары банктын таза кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша 3 664 миң сомду, 3 574 миң сомду жана 8 616 миң сомду түзгөн. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капиталдын өлчөмү төмөнкүчө эсептелинет: 

 

К ОР = ((3 664 + 3 574 + 8 616) х 15%) / 3 = 792,7 миң сом  

 

Ошентип банк, операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн 792,7 миң сом суммасындагы капиталды караштырууга тийиш. 

 

2-мисал. 

 

Банктын таза кирешеси 2006-жылы 8 297 миң сомду, 2007-жылы 3 451 миң сомду, ал эми 2008-жылы банктын чыгым тартуулары 0,2 миң сомду түзгөн. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл капитал өлчөмү төмөнкүчө эсептелинет: 

 

К ОР = ((8 297 + 3 451) х 15%) / 2 = 881,1 миң сом 

 

Мисалда көрүнүп тургандай эле, сунуш-көрсөтмөнүн 2.7-пунктуна ылайык 2008-жыл ичиндеги көрсөткүч капитал эсебине киргизилген эмес. 

 

 

 

 

2-тиркеме 

 

 

Коммерциялык банктардын капитал шайкештиги коэффициентин эсептөө 

 

Мисал. 

 

Банктын таза суммардык капиталы 2 500 миң сом. Тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн бардык активдердин суммасы 10 000 миң сомду түзөт. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн резервге коюлган капитал өлчөмү 792,7 миң сомду түзөт (Базалык индикативдик ыкма боюнча эсептелинген). Сунуш-көрсөтмөлөрдүн 3.1-пунктунда көрсөтүлгөн формулага ылайык, шайкештик коэффициенти төмөнкүчө эсептелинет: 

 

2 500 

К2.1 =  ____________________ *100 =15,1 

10 000 + 8.33 x 792,7 

 

Ошентип, операциялык тобокелдиктин ордун жабуу үчүн резервге коюлган капиталды эске алуу менен эсептелинген капитал шайкештигинин коэффициенти 15,1 пайызды түзөт.