Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

Көзөмөл боюнча комитетинин 

2011-жылдын 12-мартындагы №5/1 

токтому менен бекитилген 

 

 

Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган  

отчетту толтуруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр  

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2012-жылдын 24-декабрындагы №53/2 токтому менен бекитилген ) 

 

I. Жалпы жоболор 

 

 

1. Бул Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчетту толтуруу боюнча усулдук көрсөтмөлөрдө (мындан ары усулдук көрсөтмөлөр), Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/3 “Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө жобого карата тиркемелерди толтуруу тартиби түшүндүрүлөт жана ал төмөнкү юридикалык жактардын бири тарабынан түзүлөт жана сунушталат: 

1) банктык топтун башында турган жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары текст боюнча Улуттук банк) лицензиясына ээ банк тарабынан; 

2) банктык холдингдик компания, Кыргыз Республикасынын резиденти тарабынан; 

3) Улуттук банкка макулдашуу аркылуу ыйгарым укук чегерилген юридикалык жак тарабынан (банк жана/же финансылык иш менен алектенген). 

Бул усулдук көрсөтмөлөр, эгерде ал банктык топтун катышуучусу болуп саналса, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына да таркатылат. 

Ушул документтин максатында жогоруда аталган юридикалык жактар башкы компания деп аталышат. 

Мында, Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 17-февралындагы №2/3 токтому менен бекитилген “Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө” жобого ылайык:  

- “банк” деп Улуттук банктан лицензия алган коммерциялык банк же микрофинансылык компания же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын түшүнөбүз; 

- “банктык топ” деп төмөнкүлөрдү түшүнөбүз:  

· Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган банктан жана анын туунду жана/же караштуу компанияларынан, ошондой эле алардын аффилирленген жактарынан турган топ, 

· Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банктык холдингдик компаниядан турган, Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган банк анын туунду жана/же ага караштуу компаниялардын биринен болгон топ; 

· банкты кошо камтыган банктык жана/же финансылык ишкердикти жүргүзүшкөн юридикалык жактардын тобу, аларга контролдукту бир эле юридикалык жак же жеке адам өз алдынча же болбосо башка жактар менен биргеликте жүзөгө ашырат. 

2. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет Улуттук банкка төмөнкү бөлүктөр боюнча берилет: 

- титулдук баракча; 

- башкы компаниянын Байкоо жана Аткаруу органдарынын мүчөлөрү тууралуу маалыматтар; 

- башкы компаниянын айрым кызмат адамдары тууралуу маалымат; 

- башкы компания жөнүндө базалык маалымат; 

- 1-бөлүк. Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчет; 

- 2-бөлүк. Түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет; 

- 3-бөлүк. Эң ири кредиттик тобокелдиктер жөнүндө маалымат;  

- 4-бөлүк. Аффилирленген жактар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтар;  

- 5-бөлүк. Инсайдерлер менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтар; 

- 6-бөлүк. Экономикалык ченемдердин сакталышына тиешелүү маалыматтар; 

- 7-бөлүк. Банктык топтун капитал шайкештигин эсептөө

- 8-бөлүк. Банктык топтун катышуучуларынын ишине тиешелүү маалыматтар. 

 

 

II. Титулдук баракча  

 

3. Титулдук баракчада төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- каттоо күнү жана чыгыш номери; 

- ага карата абал боюнча даярдалган отчеттук күн (мисалы, 2010-жылдын 31-мартына карата абал боюнча); 

- отчет түзүлүп бүткөн күн; 

- мезгилдүүлүгү “чейректик”, “жылдык” же болбосо “корректировкалоо”. Техникалык мүнөздөгү каталар келип чыккан учурда гана корректировкаланган отчетту сунуштоого жол берилет. Бул учурда отчеттун өзгөртүүлөр киргизилген формасы гана берилет жана ага киргизилген өзгөртүүлөр маркер менен баса көрсөтүлөт; 

- жүргүзүлгөн аудиттин же текшерүүнүн түрү - төмөнкү саптардын бири же экөөсү көрсөтүлөт: 

а) ички текшерүү - эгерде текшерүү ички аудит же текшерүүчүлөр тарабынан жүргүзүлсө

б) корутундусуз аудит сунуш-көрсөтмөлөрдү, келечекке иш-планын берүүсүз аудит жүргүзүлсө, банктык топтун операцияларды жана бухгалтердик эсепке алууну туура жүргүзүп жаткандыгы тууралуу корутунду берүү менен гана чектелсе; 

в) корутунду берүү менен жүргүзүлгөн аудит - тиешелүү операциялардын жана бухгалтердик эсепке алуунун туура жүргүзүлүп жаткандыгын текшерүүдөн тышкары башкы компанияга банктык топтун ишин жакшыртуу жана/же аны өркүндөтүү боюнча сунуш-пикирлерди жана иш-чаралар планын берүү менен аудит жүргүзүлсө

- отчет берип жаткан башкы компаниянын аталышы, ал басма тамгалар менен көрсөтүлөт;  

- тышкы аудитор - жылдык отчетту берүү учурунда толтурулат; 

- башкы компаниянын Байкоо органынын Төрагасынын же болбосо ал жок учурда Төраганын милдетин аткарган Байкоо органынын мүчөсүнүн, Аткаруу органынын Төрагасынын, Башкы бухгалтердин, отчетту даярдоо боюнча ишти түздөн-түз тескөөгө алган Аткаруу органынын мүчөсүнүн жана отчетту түзүү жана берүү үчүн жооптуу адамдардын тастыктоочу кол тамгалары; 

- Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчетту түзүү жана берүү үчүн жооптуу башкы компаниянын кызматкеринин кызмат ордун, аты-жөнүн жана телефон номерин көрсөтүү менен кол тамгасы. 

 

III. Башкы компаниянын Байкоо жана Аткаруу органынын мүчөлөрү жөнүндө маалымат  

 

4. Башкы компаниянын Байкоо органынын мүчөлөрү тууралуу маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш; 

- аты-жөнү

- иштеген жери; 

- кызмат орду; 

- иш телефонунун номери; 

- кол тамгасынын үлгүсү

5. Башкы компаниянын Аткаруу органынын мүчөлөрү тууралуу маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- аты-жөнү

- кызмат орду; 

- иш телефонунун номери; 

- кол тамгасынын үлгүсүн. 

 

 

IV. Башкы компаниянын айрым кызмат адамдары тууралуу маалымат  

 

6. Башкы компаниянын айрым кызмат адамдары тууралуу маалыматта башкы компаниянын төмөнкү айрым кызмат адамдарынын тизмеси камтылат: 

1) башкы бухгалтер, 

2) башкы компанияда ликвиддүүлүктү тескөө үчүн жооптуу кызмат адамы,  

3) башкы компаниянын бюджетине жооптуу кызмат адамы, 

4) башкы компаниянын кредиттик ишине жооптуу кызмат адамы, 

5) Аудит боюнча комитеттин төрагасы, 

6) Ички аудит кызматынын/бөлүмүнүн жетекчиси, 

7) башкы компания тарабынан жүзөгө ашырылган чет өлкө валютасындагы операциялар үчүн жооптуу кызмат адамы. 

2, 3, 4, 7-пункттарда көрсөтүлгөн кызмат адамдар башкы компаниянын жетекчилигин сунуштоого жана бардык банктык топту камтыган багыттар боюнча жүргүзүлгөн саясат үчүн жооп берүүгө тийиш. 

7. Ар бир кызмат адамы тууралуу төмөнкүдөй маалымат камтылууга тийиш: 

- аты-жөнү

- кызмат орду; 

- иш телефонунун номери; 

- кол тамгасынын үлгүсү

8. Башкы компаниянын айрым кызмат адамдарына компаниянын белгилүү бир иш багыттары үчүн жоопкерчилигинин бекитилиши документ менен тариздетилүүгө тийиш.  

 

V. Башкы компания тууралуу базалык маалымат  

9. Башкы компания тууралуу базалык маалымат төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш: 

- отчет берген башкы компаниянын толук аталышы башкы компаниянын толук расмий аталышы; 

- эл аралык операциялар үчүн аталышы, эгерде, ал башка болсо, башкы компания эл аралык операцияларды жүзөгө ашырган компаниянын толук аталышы көрсөтүлөт; 

- дареги: 

а) башкы компания жайгашкан шаардын аталышы; 

б) көчөсү, үйүнүн номери көчөнүн аталышы жана башкы кеңсе жайгашкан имаратынын номери; 

в) почта индекси почта бөлүмүнүн индекси; 

- расмий байланыш каналы: 

а) телефон башкы компаниянын телефонунун расмий номери; 

б) факс башкы компаниянын факсынын расмий номери; 

в) телекс башкы компаниянын телексинин расмий номери; 

г) электрондук почта башкы компаниянын электрондук почтасынын расмий дареги; 

- башкы компаниянын интернеттеги веб-сайты башкы компаниянын интернеттеги расмий веб-сайты; 

- уставдык (акционердик) капиталынын суммасы: 

а) жарыяланган - башкы компаниянын жарыяланган уставдык капиталынын суммасы; 

б) иш жүзүндө салынган - башкы компаниянын иш жүзүндө төлөнгөн уставдык капиталынын суммасы. 

 

 

VI. 1-бөлүк. Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчету  

10. Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчетунда регулятивдик отчеттуулук көз карашынан алганда, банктык топтун финансылык абалынын эң эле олуттуу статьялары өзүнчө көрсөтүлөт.  

Регулятивдик отчет үч графадан турат: баланстык статьялардын аталышы, сом түрүндө статьянын мааниси, ал эми үчүнчү графада баланстын статьяларынын сом түрүндөгү эквиваленти Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча чет өлкө валютасында бөлүп көрсөтүлөт. 

Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш. 

Эскертүү: банктык топтун финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчетунун статьяларындагы суммалар (кредиттердин жана финансылык ижарадан тышкары) потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга чегерилген тиешелүү суммаларды жана амортизациялык чегерүүлөрдү алып салуу менен көрсөтүлөт. 

Д жана Е бөлүктөрүндө банктык топтун финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчеттун айрым статьялары чечмеленип берилет. 

Бул бөлүктү толтурууда башкы компаниянын жана банктык топтун катышуучуларынын активдери, милдеттенмелери, капиталы, кирешелери жана чыгашалары статьялары боюнча суммаланат. Мында, башкы компаниянын отчеттуулук статьяларына банктык топтун ар бир катышуучуларынын тиешелүү статьялары толугу менен кошулат, башкы компаниянын анын капиталындагы ээлик кылуу үлүшү 50 пайыздан көбүрөөк жана андан көбүрөөк пайызды түзөт. Эгерде, банктык топтун катышуучусунун капиталында башкы компаниянын ээлик кылуу үлүшү 10 пайыздан жогору, бирок 50 пайыздан ашпаса, анда ошол катышуучунун финансылык маалыматтары башкы компаниянын катышуучусунун капиталына катышуу үлүшүнө тике пропорционалдуу өлчөмдө, статьялар боюнча кошулат. 

Эгерде, ошол катышуучунун балансындагы валютанын өлчөмү башкы компаниянын балансындагы валюта өлчөмүнүн 5 пайыздан азыраагын түзсө, банктык топтун ошол катышуучусунун маалыматтары Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчетко кошулбайт. 

Эгерде, отчеттук мезгилде башкы компания же банктык топтун катышуучусу тарабынан акча каражаттар чегерилсе, ал эми банктык топтун башка катышуучусу бул каражаттарды отчеттук мезгилде албаса, анда отчеттук мезгил ичинде банктык топтун катышуучусунун пайдасына чегерилген акча каражаттарды ал тарабынан алынган катары эсептөө зарыл.  

11. А бөлүкчөсү. Активдер.  

"Акча каражаттары" деп аталган 1-статьяда валюта түрлөрү боюнча жүгүртүү кассасындагы банкнотторду жана монеталарды, жолдогу банкнотторду жана монеталарды, аманат кассаларындагы банкнотторду жана монеталарды, банкоматтардагы банкнотторду жана монеталарды кошо алганда, сом, КМШ өлкөлөрүнүн жана Балтика боюндагы өлкөлөрдүн валюталары, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна кирген өлкөлөрдүн валюталары, ошондой эле башка валюталар боюнча акча каражаттардын суммасы чагылдырылат. 

“Күндөлүк эсептер” деп аталган 2-статьяда төмөнкү сумма чагылдырылат:  

- милдеттүү камдык талаптарды кошо алганда, Улуттук банктагы депозиттик жана корреспонденттик эсептердеги акча каражаттар; 

- банктардагы же финансы институттарындагы корреспонденттик эсептердеги акча каражаттар, ошондой эле РППУга тиешелүү чегерүүлөрдү минуска чыгаруу менен ушул банктардын же банктагы финансы институттарынын овердрафт суммалары;  

- финансы-кредит мекемелери болуп саналбаган банктык топтун катышуучуларынын эсептешүү эсептеринде турган акча каражаттары. 

Калган калдыктар төмөнкү валюталар: сом, КМШ өлкөлөрүнүн жана Балтика боюндагы өлкөлөрдүн валюталары, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна кирген өлкөлөрдүн валюталары жана башка валюталар боюнча көрсөтүлөт. 

“Депозиттик эсептер” деп аталган 3-статьясында банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде депозиттерге күрөөгө коюлган акча каражаттарын кошо алганда, депозитке салынган акча каражаттарынын суммасы РППУга тиешелүү чегерүүлөрдү минуска чыгаруу менен чагылдырылат. 

"Баалуу кагаздар" деп аталган 4-статьяда банктык топтун катышуучуларына таандык баалуу кагаздардын баланстык наркы: тооруктук баалуу кагаздардын, сатууга жарактуу баалуу кагаздардын жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздардын портфелдери, атайы РППУга тиешелүү чегерүүлөрдү минуска чыгаруу менен көрсөтүлөт. Баалуу кагаздар тууралуу маалыматтар “а) мамлекеттик баалуу кагаздар” жана “б) корпоративдик баалуу кагаздар” боюнча көрсөтүлөт. 

“Кыска мөөнөткө жайгаштыруулар” деп аталган 5-статьяда ал боюнча банктык топтун катышуучулары кредитор катары иш алып барган, камсыздалган жана камсыздалбаган кыска мөөнөткө банктар аралык жайгаштыруу (30 күнгө чейин) РППУга тиешелүү чегерүүлөрдү минуска чыгаруу менен чагылдырылат.  

“РЕПО-келишимдери боюнча сатылып алынган баалуу кагаздар” деп аталган 6-статьяда белгилүү бир мөөнөт өткөндөн кийин РППУга тиешелүү чегерүүлөрдү минуска чыгаруу менен белгилүү баада кайрадан сатуу милдеттенмеси менен банктык топтун катышуучулары тарабынан сатылып алынган баалуу кагаздар көрсөтүлөт. 

“Финансы-кредит мекемелерине кредиттер жана финансылык ижара” деп аталган 7-статьяда жергиликтүү жана чет өлкө банктарга, ошондой эле башка финансы-кредит мекемелерине берилген кредиттердин жана финансылык лизингдин суммалары РППУга тиешелүү дисконтту минуска чыгаруу менен чагылдырылат.  

“Башка кардарларга кредиттер жана финансылык ижара” деп аталган 8-статьяда финансылык институт болуп саналбаган жергиликтүү жана чет өлкөлүк кардарларга кредиттердин жана финансылык лизингдин, овердрафт-кредиттеринин кредиттик карттарды пайдаланууга берилген кредиттердин суммасы тиешелүү дисконтту минуска чыгаруу менен чагылдырылат. 

“Кредиттер жана финансылык ижара боюнча атайын РППУ” деп аталган 9-статьяда финансылык институттарга жана башка кардарларга берилген кредиттер жана финансылык ижара боюнча түзүлгөн атайын РППУнун өлчөмү көрсөтүлөт. 

“Таза кредиттер жана финансылык ижара” деп аталган 10-статьяда алар боюнча атайын РППУну минуска чыгаруу менен кредиттердин жана финансылык ижаранын наркы көрсөтүлөт (7-ст.+8-ст.-9-ст).  

“Негизги каражаттар” деп аталган 11-статьяда банктык топтун катышуучуларынын ээлигинде турган жана/же пайдаланган жер, имараттардын жана башка курулмалардын, эмеректердин, жабдуулардын, автоунаа наркы, ошондой эле курулушка байланыштуу материалдардын, иштердин жана башка капиталдаштырылган чыгашалардын наркы негизги каражаттарга кошуп эсептелинген амортизацияны эсептен алып салуу менен чагылдырылат. Материалдык эмес активдер бул статьяга кошулбайт. Негизги каражаттарды төмөнкү топтор боюнча көрсөтүү зарыл: жер жана имараттар; бүткөрүлбөгөн курулуш жана башка негизги каражаттар. 

“Активдин ордун жабууга кабыл алынган кыймылсыз мүлк” деп аталган 12-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан активдин ордун жабууга кабыл алынган карыз алуучунун кыймылсыз мүлкү, ошондой эле тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен банктык топтун катышуучуларынын иштебеген филиалдарынын жана туунду компанияларынын кыймылсыз мүлктөрү чагылдырылат. 

“Активдин ордун жабууга кабыл алынган башка менчик” деп аталган 13-статьяда банктык топтун катышуучуларынын ээлигине өткөн башка активдер (кыймылсыз мүлктөн тышкары), ошондой эле банктык топтун катышуучуларынын жабылып калган филиалдарынын жана туунду компанияларынын башка мүлктөрү, РППУга тиешелүү чегерүүлөрдү минуска чыгаруу менен чагылдырылат. 

“Башка компанияларга инвестициялар” деп аталган 14-статьяда катышуучунун бул компанияны ээлик кылуу үлүшү 10 пайыздан азыраакты түзгөн компаниядагы банктык топтун катышуучуларынын капиталдык инвестицияларынын суммасы РППУга тиешелүү чегерүүлөрдү минуска чыгаруу менен көрсөтүлөт.  

“Башка активдер” 15-статьясында эсептешүүдөгү акча каражаттарын кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн активдердин баланстык наркы атайын РППУга тиешелүү чегерүүлөрдү минуска чыгаруу менен, ошондой эле материалдык эмес активдер, анын ичинде гудвилл чагылдырылат. 

“Бардыгы болуп активдер” 16-статьясында 1ден 7ге чейинки жана 10дон 15ке чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

 

12. Б бөлүкчөсү. Милдеттенмелер  

“Юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери” деп аталган 17-статьяда жергиликтүү жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын эсептешүү эсептерин кошо алганда, талап боюнча төлөнүүчү депозиттердин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Банктардын жана башка финансы-кредит мекемелердин эсептешүүлөрдөгү акча каражаттары жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттери бул статьяга кошулбайт. 

“Жеке адамдардын депозиттери” деп аталган 18-статьяда эсептешүү эсептерин, талап боюнча төлөнүүчү депозиттерин, мөөнөттүү депозиттерин, аманат сертификаттарын кошо алганда, жергиликтүү жана чет өлкөлүк жеке адамдардын депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

“Юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттери” деп аталган 19-статьяда жергиликтүү жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын депозиттик сертификаттарын кошо алганда, мөөнөттүү депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин мөөнөттүү депозиттери бул статьяга кошулбайт. 

“Улуттук банк алдындагы милдеттенмелер” деп аталган 20-статьяда Улуттук банк жана анын туунду компаниялары алдындагы милдеттенмелеринин суммасы чагылдырылат. 

“Корреспонденттик эсептер” деп аталган 21-статьяда банк-корреспонденттердин эсептериндеги банктык топтун банк-катышуучуларынын акча каражаттарынын суммасы чагылдырылат.  

“Банктардын депозиттери” деп аталган 22-статьяда банктардын же финансы-кредит мекемелеринин талап боюнча төлөнүүчү жана мөөнөттүү депозиттер түрүндө жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасы чагылдырылат. 

“Кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар” деп аталган 23-статьяда банктык топтун банк-катышуучулары анда дебитор катары иш алып барышкан, камсыз кылынган жана камсыздалбаган кыска мөөнөттүү банктар аралык жайгаштыруулардын (30 күнгө чейин) суммасы көрсөтүлөт. 

“Депозиттер жана бийлик органдарынан алынган кредиттер” деп аталган 24-статьяда бийлик органдарынын депозиттик эсептериндеги акча каражаттардын жана бийлик органдарынан алынган башка акча каражаттардын суммасы төмөнкүлөргө бөлүштүрүлүп көрсөтүлөт:  

а) бийлик органдарынын депозиттери; 

б) бийлик органдарынан алынган кредиттер; 

“РЕПО-келишими боюнча сатылган баалуу кагаздар” деп аталган 25-статьяда келечекте белгилүү бир убакыт ичинде, аныкталган баада кайтара сатып алуу келишими боюнча банктык топтун банк-катышуучулары тарабынан сатылган баалуу кагаздардын наркы көрсөтүлөт. 

“Алынган кредиттер” деп аталган 26-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан алынган кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар катары каралбаган кредиттердин суммасы көрсөтүлөт: 

а) банктардан: 

б) эл аралык уюмдарды кошо алганда, башка финансы-кредит мекемелерден. 

“Субординацияланган карыздык милдеттенмелер” деп аталган 27-статьяда эмитенттердин активине каршы талап коюлушу мүмкүн болгон жана башка дебиторлордун талаптарын канааттандыруудан кийин гана төлөнүп берилген карыздык милдеттенмелер көрсөтүлөт. 

“Башка милдеттенмелер” деп аталган 28-статьяда эсептешүүдөгү акча каражаттарды кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн башка милдеттенмелер чагылдырылат. 

“Бардыгы болуп милдеттенмелер” деп аталган 29-статьяда 17ден 28ге чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

13. В бөлүкчөсү. Капитал 

“Акционердик капитал” деп аталган 30-статьяда төмөнкүлөр боюнча акционердик капиталдын мааниси көрсөтүлөт: 

а) жөнөкөй акциялар уюштуруу-укуктук формалардан (Акционердик коом, Ачык акционердик коом ж.б) көз карандысыз банктык топтун катышуучуларынын жөнөкөй акцияларынын (капиталынын)/үлүштүк катышуунун жалпы суммасы көрсөтүлөт; 

б) артыкчылыктуу акциялар акционердик коом болуп саналган банктык топтун катышуучуларынын артыкчылыктуу акцияларынын жалпы суммасы көрсөтүлөт; 

в) акционерлер тарабынан салынган кошумча капиталды кошо алганда, номиналдан үстөк төлөнгөн капитал акционерлер тарабынан акциялардын номиналдык наркынан үстөк салынган акча каражаттардын суммасы, ошондой эле акционерлер тарабынан Улуттук банктын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү боюнча талаптарын аткаруу үчүн салынган кошумча капитал чагылдырылат; 

г) бөлүштүрүлбөгөн пайда банктык топтун катышуучуларынын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын суммасы чагылдырылат;  

г1) өткөн жылдардын пайдасы - каражаттардын бөлүгүн акционерлерге бөлүштүргөндөн жана банктык топтун катышуучуларынын келечектеги керектөөлөрү үчүн камга каражат которуудан кийин, банктык топтун катышуучуларынын колунда калган өткөн жылдарда түшкөн пайдасы чагылдырылат; 

г2) учурдагы пайда учурда алынган пайда чагылдырылат; 

г3) келечектеги керектөөлөрүнө кам - пайданы бөлүштүрүүнүн эсебинен келечекте пайдалануу үчүн каралган банктык топтун катышуучулары тарабынан түзүлүүчү камдардын суммасы көрсөтүлөт.  

“Жалпы кам” деп аталган 31-статьяда банктык топтун катышуучуларынын активдерин кайра баалоонун эсебинен жана консолидациялануу учурунда валюталарды кайрадан эсептеп чыгуунун натыйжасында түзүлгөн банктык топтун катышуучуларынын камдарынын өлчөмү, ошондой эле кредиттер жана финансылык ижара жана башка классификацияланган активдер боюнча жалпы РППУнун өлчөмү чагылдырылат: 

а) негизги каражаттарды кайрадан баалоо боюнча кам негизги каражаттардын кайрадан баалоонун суммасы чагылдырылат; 

б) сатууга боло турган жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздарды кайрадан баалоо боюнча кам - сатууга боло турган жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздарды кайрадан баалоодон улам келип чыккан сатып өткөрүлбөгөн кирешелердин жана чыгымдардын суммасы чагылдырылат; 

в) кредиттер жана финансылык ижара боюнча жалпы РППУ кредиттер жана финансылык ижара боюнча жалпы РППУнун суммасы көрсөтүлөт; 

г) башка классификацияланган активдер боюнча жалпы РППУ - классификациялоого тийиштүү башка активдер боюнча жалпы РППУнун суммасы көрсөтүлөт; 

д) башка жалпы камдар башка жалпы камдардын суммасы көрсөтүлөт. 

“Бардыгы болуп капитал” деп аталган 32-статьяда 30 жана 31-статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

“Бардыгы болуп милдеттенмелер жана капитал” деп аталган 33-статьяда 29 жана 32-статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

 

14. Г бөлүкчөсү. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

“Кредиттерди берүүгө карата милдеттенмелер” деп аталган 34-статьяда келечекте кредиттерди же аларды алмаштыруучуларды берүү боюнча милдеттенмелер чагылдырылат. 

“Жалпы кепилдиктер жана ошондой эле милдеттенмелер” деп аталган 35-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан чыгарылган же тастыкталган жалпы кепилдиктер жана ошондой эле милдеттенмелер чагылдырылат.  

“Аккредитивдер” деп аталган 36-статьяда аккредитивдер боюнча банктык топтун катышуучуларынын мүмкүн болуучу милдеттенмелери чагылдырылат: 

а) стендбай; 

б) документардык; 

в) жана башка. 

“Валюталык операциялар” деп аталган 37-статьяда валюталык операциялар боюнча банктык топтун катышуучуларынын милдеттенмелери чагылдырылат: 

а) спот-операциялар: 

- сатып алуу; 

- сатуу; 

б) форварддык операциялар: 

- сатып алуу; 

- сатуу. 

“Активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер” деп аталган 38-статьяда банктык топтун катышуучуларынын келечекте активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелери чагылдырылат. 

“Баланстан тышкаркы башка милдеттенмелер” деп аталган 39-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн баланстан тышкаркы жана башка бардык милдеттенмелер чагылдырылат. 

“Бардыгы болуп, баланстан тышкаркы милдеттенмелер” деп аталган 40-статьяда 34төн тартып 39га чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

Эскертүү: баланстан тышкаркы операциялар боюнча контр-эсептер чагылдырылбайт. 

 

15. Д бөлүкчөсү. Башка активдерин жана милдеттенмелерин чечмелөө

“Башка активдер” деп аталган 1-статьяда баланстык отчеттун тиешелүү статьясында камтылган банктык топтун катышуучуларынын активдеринин чечмелөөсү көрсөтүлөт: 

а) алууга карата чегерилген пайыздар алууга карата чегерилген пайыздардын суммасы көрсөтүлөт; 

б) алдын ала төлөнгөн төлөөлөр банктык топтун катышуучулары тарабынан башка тараптар менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык төлөнгөн суммалар көрсөтүлөт; 

в) такталбаган дебитордук сумма териштирүүгө чейинки акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлөт;  

г) баалуу металлдар банктык топтун катышуучуларында бар баалуу металлдардын наркы көрсөтүлөт; 

д) башка активдер жогоруда көрсөтүлбөгөн банктык топтун катышуучуларынын жана башка активдеринин суммасы көрсөтүлөт. 

“Башка активдерге карата атайы РППУ” деп аталган 2-статьяда банктык топтун катышуучуларынын жогоруда аталган башка активдерине карата атайы РППУнун суммасы көрсөтүлөт. 

“Таза башка активдер” деп аталган 3-статьяда банктык топтун катышуучуларынын башка активдеринин таза наркы көрсөтүлөт (1-статья минус 2-статья). Аталган статья “Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчет” деп аталган I бөлүктүн А бөлүкчөсүнүн 15-статьясына шайкеш келүүгө тийиш. 

“Башка милдеттенмелер” деп аталган 4-статьяда “Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчет” деп аталган I бөлүктүн тиешелүү статьясында камтылган банктык топтун катышуучуларынын милдеттенмелеринин чечмелөөсү көрсөтүлөт: 

а) төлөөгө карата чегерилген пайыздар төлөөгө карата чегерилген пайыздардын суммасы көрсөтүлөт; 

б) төлөөгө карата салыктар банктык топтун катышуучуларынын бюджетке чегерүүгө тиешелүү милдеттенмелеринин суммасы көрсөтүлөт; 

в) такталбаган кредитордук карыз тактоого чейинки акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт; 

г) төлөөгө карата дивиденддер акционерлерге төлөнүп берилүүгө тийиш болгон акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт; 

д) башка милдеттенмелер баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча РППУну кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн жана башка милдеттенмелер көрсөтүлөт. 

Аталган статья “Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчет” деп аталган I бөлүктүн А бөлүкчөсүнүн 28-статьясына шайкеш келүүгө тийиш.  

 

16. Е бөлүкчөсү. Улуттук банктын жана анын туунду компаниялары алдында милдеттенмелери  

“Овернайт” деп аталган 1-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан алынган овернайт кредиттеринин суммасы чагылдырылат. 

“Акыркы инстанция кредити” деп аталган 2-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан алынган акыркы инстанция кредитинин суммасы көрсөтүлөт. 

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредити” деп аталган 3-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредиттик линиясы боюнча алынган кредиттердин суммасы көрсөтүлөт. 

“МАРдын кредити” деп аталган 4-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан МАРдын кредиттик линиясы боюнча алынган кредиттердин суммасы көрсөтүлөт. 

“Башка кредиттер жана Улуттук банк алдындагы милдеттенмелер” деп аталган 5-статьяда банктык топтун катышуучуларынын Улуттук банктын жана анын туунду компаниялары (“Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду” ЖЧКсы, “Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансылык компаниясы” ЖЧКсы ж.б) алдындагы башка милдеттенмелердин, анын ичинде бир күндүк кредиттер боюнча суммалары көрсөтүлөт. 

“Бардыгы болуп” деп аталган 6-статьяда - 1-5-статьялардын суммалары чагылдырылат. 

 

 

17. Ж бөлүкчөсү. Банктык топтун активдерин жайгаштыруу  

Ж бөлүкчөсүндө банктык топтун катышуучуларынын активдеринин географиялык жайгаштырылышы тууралуу маалымат чагылдырылат. Активдер статьясындагы суммалар атайы РППУнун жана дисконттун тиешелүү суммаларын алып салуусуз көрсөтүлөт. Өлкөлөр боюнча бөлүштүрүүдө активди иш жүзүндө пайдалануу жерине жараша жүргүзүлөт. 

 

18. З бөлүкчөсү. Өлкөлүк белгилери боюнча капиталды тартуу  

Бул бөлүкчөдө өлкөлөр боюнча бөлүштүрүүдө кайсы болбосун уюштуруу-укуктук форманын (АК, ЖЧК ж.б) банктык топтун катышуучуларынын акционердик капиталын тартуу тууралуу маалымат чагылдырылат. Өлкөлөр боюнча бөлүү банктык топтун компаниялар-катышуучу акционерлеринин (ээлеринин) тигил же бул өлкөгө таандыгына жараша жүргүзүлөт. Чогуу алгандагы акционердик капиталдын суммасы “Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчет” деп аталган 1-бөлүктүн 30-статьясынын маалыматтары менен дал келүүгө тийиш. Мында, “бөлүштүрүлбөгөн пайда” деп аталган г) статьясы өзүндө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- акционерлерге каражаттардын бөлүгүн бөлүштүрүүдөн кийин жана банктык топтун катышуучуларынын келечектеги керектөөлөрү үчүн камга которуудан кийин банктык топтун катышуучуларында калган, өткөн жылдардын пайдасын;  

- өтүп жаткан жылы алынган пайданы; 

- банктын топтун катышуучуларында пайданы бөлүштүрүүнүн эсебинен келечекте орун алышы мүмкүн болгон жагдайлар үчүн түзүлүүчү банктык топтун катышуучуларынын келечектеги керектөөлөрү үчүн камдарды. 

Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.  

 

VII. 2-бөлүк. Түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө  

отчет  

Бардык статьялар өтүп жаткан мезгилге салыштырылып, отчеттук жылдын баш жагынан тартып өсүү жыйынтыгы менен көрсөтүлөт. Бул отчетто суммалар оң же терс болушу мүмкүн. Терс суммалар кашаанын ичинде көрсөтүлүүгө тийиш, мисалы, жыл ичинде таза чыгым же чыгаша келип чыккан учурда, ал сумма кашаанын ичинде көрсөтүлүүгө тийиш. 

Бардык суммалар миң сомдо көрсөтүлүүгө тийиш. 

Эскертүү: Бул бөлүктү толтурууда башкы компаниянын жана банктык топтун катышуучуларынын активдери, милдеттенмелери, капиталы, кирешелери жана чыгашалары статьялар боюнча суммаланат. Мында, башкы компаниянын отчеттук статьяларына банктык топтун ар бир катышуучуларына тиешелүү статьялары толугу менен кошулат, башкы компаниянын анын капиталындагы ээлик кылуу үлүшү 50 пайыздан көбүрөөк жана андан көбүрөөк пайызды түзөт. Эгерде, банктык топтун катышуучусунун капиталында башкы компаниянын ээлик кылуу үлүшү 10 пайыздан жогоруну түзсө, бирок 50 пайыздан ашпаса, анда ошол катышуучунун финансылык маалыматтары башкы компаниянын катышуусунун үлүшү банктык топтун катышуусунун капиталына тике пропорционалдуу өлчөмдө статьялар боюнча кошулат.  

Эгерде, ошол катышуучунун балансынын валютасынын өлчөмү башкы компаниянын балансынын валютасынын өлчөмүнөн 5 пайызынан азыраагын түзсө, банктык топтун ошол катышуучусунун маалыматтары Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчетко кошулбайт. 

Эгерде, башкы компания же банктык топтун катышуучусу тарабынан отчеттук мезгилде акча каражаттар чегерилип, ал эми банктык топтун башка катышуучусу бул каражаттарды отчеттук мезгилде албаса, анда ал каражаттарды отчеттук мезгил ичинде алынган катары эсептөө зарыл.  

19. А бөлүкчөсү. Пайыздык кирешелер 

“Коммерциялык банктардагы депозиттер жана эсептер боюнча пайыздык кирешелер” деп аталган 1-статьяда банктык топтун катышуучулары башка банктардагы жана финансы-кредит мекемелериндеги депозиттер боюнча иштеп тапкан, ошондой эле банктар-резидент эместердин корреспонденттик эсептериндеги пайыздык кирешелер көрсөтүлөт.  

“Улуттук банктагы корреспонденттик эсептер боюнча пайыздык кирешелер” деп аталган 2-статьяда Улуттук банктагы корреспонденттик эсептер же депозиттер боюнча банктык топтун банк-катышуучуларынын пайыздык кирешелери көрсөтүлөт. 

“Тооруктук баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер” деп аталган 3-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан тооруктук баалуу кагаздар боюнча алынган пайыздык кирешелер көрсөтүлөт. 

“Сатууга жарактуу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер” деп аталган 4-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан сатууга жарактуу баалуу кагаздар боюнча алынган пайыздык кирешелер көрсөтүлөт. 

“Төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер” деп аталган 5-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар боюнча алынган пайыздык кирешелер көрсөтүлөт.  

“Кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар боюнча пайыздык кирешелер” деп аталган 6-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан кыска мөөнөттүү банктар аралык жайгаштыруулар (30 күнгө чейин) боюнча алынган пайыздык кирешелер көрсөтүлөт. 

“Финансы-кредит мекемелерге берилген кредиттер жана финансылык ижара боюнча пайыздык киреше” деп аталган 7-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан банктарга жана башка финансы-кредит мекемелерге берилген кредиттер жана финансылык ижара боюнча алынган пайыздык кирешелер, ошондой эле комиссиялык жана айыптык төлөмдөр көрсөтүлөт. 

“Башка кардарларга берилген кредиттер жана финансылык ижара боюнча пайыздык кирешелер” деп аталган 8-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан эл чарба тармактары боюнча кредиттер жана финансылык ижарадан алынган пайыздык кирешелер, ошондой эле комиссиялык жана айыптык төлөмдөр көрсөтүлөт. Мында пайыздык кирешелер, кардар алган акча каражаттарын өз иш чөйрөсү же бизнесинин негизги багыты боюнча эмес, коюлган максатка ылайык жумшоосуна жараша экономика секторлору боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш: 

а) өнөр жайы; 

б) айыл чарбасы жана кайра иштетүү

в) соода жана коммерциялык операциялар; 

г) курулуш; 

д) ипотека; 

е) жеке адамдар; 

ж) жана башкалар. 

“РЕПО-келишими боюнча сатылып алынган баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер” деп аталган 9-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан кайтарым РЕПО-келишимдери боюнча пайыздык кирешелер көрсөтүлөт.  

“Башка пайыздык кирешелер” деп аталган 10-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн пайыздык же ушул сыяктуу кирешелер чагылдырылат. 

“Бардыгы болуп пайыздык кирешелер” деп аталган 11-статьяда 1ден 10го чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

 

20. Б бөлүкчөсү. Пайыздык чыгашалар 

“Юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалар” деп аталган 12-статьяда банктык топтун катышуучуларынын юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт. Банктык топтун катышуучуларынын банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары бул статьяга кошулбайт. 

“Жеке адамдардын депозиттери боюнча пайыздык кирешелери” деп аталган 13-статьяда банктык топтун катышуучуларынын (коммерциялык банк, микрофинансылык уюм) жеке адамдардын депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.  

“Юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары” деп аталган 14-статьяда банктык топтун катышуучуларынын юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт. Банктык топтун катышуучуларынын банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары бул статьяга кошулбайт. 

“Кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар боюнча пайыздык кирешелер” деп аталган 15-статьяда банктык топтун катышуучуларынын кыска мөөнөттүү банктар аралык жайгаштыруулары (30 күнгө чейин) боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт. 

“Банктардын депозиттери боюнча пайыздык чыгашалар” деп аталган 16-статьяда банктык топтун катышуучуларынын (коммерциялык банк, микрофинансылык уюм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы) башка банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин депозиттери боюнча, ошондой эле банктар-резидент эместердин корреспонденттик эсептери боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.  

“Улуттук банктан алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалар” деп аталган 17-статьяда банктык топтун катышуучуларынын (коммерциялык банк, микрофинансылык уюм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы) Улуттук банктан жана Улуттук банктын туунду компанияларынан алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалар көрсөтүлөт. 

“РЕПО-келишими боюнча сатылган баалуу кагаздарга тиешелүү пайыздык чыгашалар” деп аталган 18-статьяда банктык топтун катышуучуларынын РЕПО-келишими боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт. 

“Алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалар” деп аталган 19-статьяда банктык топтун катышуучуларынын (коммерциялык банк, микрофинансылык уюм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы) эл аралык кредиттерди кошо алганда, банктардан жана башка финансы-кредит мекемелеринен алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалар көрсөтүлөт. 

“Субординацияланган карыздык милдеттенмелер боюнча пайыздык чыгашалар” деп аталган 20-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан чыгарылган субординацияланган карыздык милдеттенмелер боюнча пайыздык чыгашалар көрсөтүлөт. 

“Башка пайыздык чыгашалар” деп аталган 21-статьяда жогоруда аталбаган кредиттер боюнча дисконтко кеткен чыгашаларды кошо алганда, пайыздык же ушул сыяктуу чыгашалар көрсөтүлөт. 

“Бардыгы болуп пайыздык чыгашалар” деп аталган 22-статьяда 12ден 21ге чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

“Таза пайыздык киреше” деп аталган 23-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан алынган таза пайыздык киреше көрсөтүлөт (11-статья минус 22-статья). 

“Кредиттер боюнча жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам” деп аталган 24-статьяда кредиттер жана финансылык ижара боюнча потенциалдуу кредиттик жана лизингдик жоготуулардын ордун жабууга атайы жана жалпы камдар боюнча чыгашалар көрсөтүлөт. 

“РППУга чегерүүлөрдөн кийинки таза пайыздык киреше” деп аталган 25-статьяда 23 жана 24-статьялардын ортосундагы айырма чагылдырылат. 

 

21. В бөлүкчөсү. Пайыздык эмес кирешелер 

Бул бөлүкчөдө бухгалтердик баланстын тиешелүү эсептеринин кредиттик калдыктары көрсөтүлөт. 

“Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөөлөр жана комиссиялык жыйымдар” деп аталган 26-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан алынган комиссиялык жыйымдар жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөөлөр чагылдырылат. 

“Баалуу кагаздар менен операциялардан алынган кирешелер” деп аталган 27-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан карыздык жана капиталдык тооруктук баалуу кагаздар, сатууга жарактуу карыздык жана капиталдык баалуу кагаздар, төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздар менен операциялардан алынган кирешелер көрсөтүлөт. 

“Чет өлкө валютасындагы операциялардан алынган кирешелер” деп аталган 28-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан чет өлкө валютасындагы операциялардан алынган кирешелер көрсөтүлөт. 

“Туунду жана ассоциацияланган компанияларга салымдарды кошо алганда, акцияларга жана пайларга салымдардан түшкөн кирешелер/дивиденддер” деп аталган 29-статьяда туунду же ассоциацияланган компаниялар болуп саналбагандардын акцияларына жана пайларына (капиталга катышуудан натыйжа катары) салымдардан түшкөн дивиденд түрүндө банктык топтун катышуучулары тарабынан алынган кирешелер, ошондой эле туунду жана ассоциацияланган компаниялардан алынган кирешелер чагылдырылат.  

“Башка пайыздык эмес кирешелер” деп аталган 30-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн, туунду финансылык инструменттер (фьючерс, форвард/спот, опцион) менен операциялардан түшкөн кирешелерди кошо алганда, пайыздык эмес кирешелер, ошондой эле баалуу кагаздарды жана туунду финансылык инструменттерди кайрадан баалоодон түшкөн жүзөгө ашырылбаган киреше (чыгым) көрсөтүлөт. 

“Бардыгы болуп пайыздык эмес киреше” деп аталган 31-статьяда 26дан 30га чейинки статьялардын суммасы чагылдырылат. 

 

22. Г бөлүкчөсү. Пайыздык эмес чыгашалар 

Бул бөлүкчөдө бухгалтердик баланстын тиешелүү эсептеринин дебеттик калдыктары көрсөтүлөт. 

“Банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр боюнча чыгашалар жана комиссиондук жыйымдар” деп аталган 32-статьяда комиссиондук жыйымдар жана банктык топтун катышуучулары тарабынан кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөөлөр көрсөтүлөт. “Баалуу кагаздар менен операциялардан чыгым тартуулар” деп аталган 33-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан карыздык жана капиталдык тооруктук баалуу кагаздар, сатууга жарактуу карыздык жана капиталдык баалуу кагаздар жана төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздар менен операциялар боюнча чыгашалар чагылдырылат.  

“Чет өлкө валютасы менен операциялардан чыгым тартуулар” деп аталган 34-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча тарткан чыгашалары көрсөтүлөт. 

“Башка пайыздык эмес чыгашалар” деп аталган 35-статьяда жогоруда аталбаган пайыздык эмес чыгашалар көрсөтүлөт. 

“Бардыгы болуп пайыздык эмес чыгашалар” деп аталган 36-статьяда 32ден 35ге чейинки статьялардын суммасы чагылдырылат.  

 

23. Д бөлүкчөсү. Башка операциялык жана административдик чыгашалар  

“Персоналды күтүүгө кеткен чыгашалар” деп аталган 37-статьяда банктык топтун катышуучу-компанияларынын кызматкерлерине (банктык топтун катышуучу-компанияларынын байкоо органынын мүчөлөрүнө төлөөлөрдөн тышкары) эмгек акыларды, сый акыларды жана башка ушул сыяктуу төлөмдөр менен байланыштуу чыгашалар көрсөтүлөт: 

а) эмгек акы жана сый акы; 

б) башка компенсациялар жана субсидиялар (башка төлөөлөр); 

в) Социалдык фондго төлөөлөр 

“Банктык топтун катышуучу-компанияларынын байкоо органынын мүчөлөрүнө гонорарлар” деп аталган 38-статьяда банктык топтун катышуучу-компанияларынын байкоо жана аткаруу органдарынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү төлөөлөр жана гонорарлар чагылдырылат. 

“Менчиктен алынуучу салыкты кошо алганда, негизги каражаттарга башка чыгашалар” деп аталган 39-статьяда кошуп эсептелинген амортизациялоону жана менчиктен алынуучу салык боюнча чыгашаларды кошо алганда, имараттарды жана курулмаларды, эмеректерди, транспортту, жабдууларды, компьютерлерди, программалык камсыздоону жана банктык топтун катышуучуларынын материалдык эмес активдерди күтүүгө кеткен чыгашалары чагылдырылат:  

а) ижара төлөмү

б) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана менчиктен алынуучу салык; 

в) амортизацияга чыгашалар. 

“Салыктар жана камсыздандыруу” деп аталган 40-статьяда түшкөн пайдадан жана менчиктен алынуучу салыктарды эске албаганда, камсыздандырууга, салык төлөөгө байланыштуу чыгашалар чагылдырылат. 

“Башка операциялык жана административдик чыгашалар” деп аталган 41-статьяда күтүүсүз кирешелерди жана чыгашаларды кошо алганда, жогоруда аталбаган бардык операциялык жана административдик чыгашалар көрсөтүлөт.  

“Бардыгы болуп башка операциялык жана административдик чыгашалар” деп аталган 42-статьяда 37ден 41ге чейинки статьялардын суммасы чагылдырылат. 

“Таза операциялык киреше (чыгым)” деп аталган 43-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан алынган таза операциялык киреше (чыгым) чагылдырылат (25 жана 31-статьялардын суммасы менен 36 жана 42-статьялардын суммасынын ортосундагы айырма). 

“Жоготуулардын жана чыгым тартуулардын (кредиттик операциялардан эмес) ордун жабууга кам” деп аталган 44-статьяда потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайы жана жалпы камга кеткен чыгашалардын суммасы (кредиттик операциялардан жана финансылык ижарадан айрымаланып) чагылдырылат. 

“РППУга чегерүүлөрдөн кийин таза киреше (чыгым)” деп аталган 45-статьяда 43 жана 44-статьялардын ортосундагы айырма чагылдырылат.  

“Пайдадан алынуучу салык” деп аталган 46-статьяда банктык топтун катышуучуларынын пайдадан алынуучу салык боюнча чыгашалары чагылдырылат. 

“Таза пайда (чыгым)” деп аталган 47-статьяда банктык топтун катышуучуларынын таза пайдасы (чыгымы) көрсөтүлөт 45-статья минус 46-статья. 

 

VIII. 3-бөлүк. Эң ири кредиттик тобокелдиктер тууралуу маалымат.  

 

24. Бул бөлүктө банктык топтун карыз алуучуларынын эң эле чогуу алгандагы карыздары анын отчеттук күнгө карата номиналдык наркы боюнча чагылдырылат. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш. Мында, бир карыз алуучунун банктык топтун таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 5 пайызынан ашкан чогуу алгандагы карызы ири тобокелдик катары каралат.  

25. Эгерде банктык топто ири тобокелдиктер (банктык топ алдында карыз алуучунун чогуу алгандагы карызы боюнча) катталбаса же алардын саны 15тен аз болсо, анда толтургандан кийин бош калган саптарда ири (олуттуу) карыздардын суммасы кемүү тартибинде көрсөтүлөт. Эгерде банктык топто ири тобокелдиктер же ири тобокелдик катары аныкталган тобокелдиктер тобунун саны 15тен ашса, анда алардын тизмесин 3-бөлүктө көрсөтүлгөн тобокелдиктер сыяктуу эле, кагаз жүзүндө ошол эле тартипте жана ошол эле формада өзүнчө берилүүгө тийиш.  

26. “Карыз алуучунун аты-жөнү” тилкесинде банктык топтун катышуучуларынын активдерди кайтаруу боюнча милдеттенмелерин өзүнө алган ар бир карыз алуучусунун аты-жөнү көрсөтүлүшү зарыл.  

Бул тилкеде карыз алуучунун толук аты-жөнүн көрсөтүү зарыл: 1) юридикалык жактар үчүн мамлекеттик органда катталгандыгына ылайык компаниянын аталышы, 2) жеке адамдар үчүн аты-жөнү толугу менен.  

“Ал карыз алуучуга актив берген банктык топтун катышуучуларынын аты-жөнү” тилкесинде аталган карыз алуучуга активди берген банктык топтун ар бир катышуучусунун аты-жөнү чагылдырылат. Ошол топтун ар бир өзүнчө карызы өзүнчө сапта көрсөтүлүүгө тийиш.  

 

IX. 4-бөлүк. Аффилирленген жактар менен операциялар тууралуу маалымат 

 

27. А. “Аффилирленген компаниялар менен активдүү операциялар тууралуу кыскача маалымат” деп аталган бөлүкчөсүндө банктык топтун кредиттеринин суммасы жана ага теңештирилген активдер алардын номиналдык наркы боюнча чагылдырылууга тийиш. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.  

“Аффилирленген жактын аты-жөнү” тилкесинде банктык топтун катышуучусунан актив алган банктык топтун катышуучусунун аффилирленген жагынын аты-жөнү көрсөтүлөт.  

Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 17-февралындагы №2/3 токтому менен бекитилген, “Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө” жобого ылайык, банктык топтун чегинде аффилирленген жак деп төмөнкүлөрдү түшүнүүгө болот:  

- банктарды кошо алганда, юридикалык жактын олуттуу катышуучулары; 

- банктарды кошо алганда, анда башка юридикалык жактар олуттуу катышуучу болуп саналган юридикалык жактар; 

- банктарды кошо алганда, анда башка юридикалык жактар да олуттуу катышуучу болуп саналган юридикалык жактар. 

Банктык топтун катышуучуларынын биринин аффилирленген жагы банктык топтун ар бир катышуучусунун аффилирленген жагы катары таанылат.  

 

X. 5-бөлүк. Инсайдерлер менен операциялар тууралуу маалымат 

 

28. А. “Инсайдерлер менен актив түрүндөгү операциялар тууралуу кыскача маалымат” бөлүкчөсүндө кредиттердин суммасы жана аларга теңдештирилген банктык топтун катышуучуларынын активдери алардын номиналдык наркы боюнча көрсөтүүлүгө тийиш. Бардык суммалар миң сомдо көрсөтүлүүгө тийиш.  

В. “Инсайдерлер менен жалпы кызыкчылыкка ээ жактар жөнүндө маалыматтар” бөлүкчөсүнүн “Инсайдердин аты-жөнү” тилкесинде банктык топтун катышуучулары менен операцияларды жүргүзгөн инсайдердин аты-жөнү көрсөтүлөт. 

Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 17-февралындагы №2/3 токтому менен бекитилген “Консолидацияланган көзөмөлдүк жөнүндө” жобого ылайык, банктык топтун чегинде инсайдерлер (ички жактар) катары аткаруу органынын мүчөлөрүн, байкоо органынын мүчөлөрүн, башка кызмат адамдарын, олуттуу катышуучулар жана көрсөтүлгөн жактар менен жалпы кызыкчылыкка ээ кайсы болбосун башка жеке адамдарды түшүнүүгө болот.  

Банктык топтун катышуучусунун биринин инсайдери банктык топтун ар бир катышуучусунун инсайдери катары таанылат. 

Инсайдерлер менен жалпы кызыкчылыкта байланыштуу жактар бул банктык топтун катышуучу-компаниянын инсайдерлери тарабынан чечимдерди кабыл алууга реалдуу таасир тийгизе алган инсайдерлердин туугандары, башка жеке адамдар, ошондой эле банктык топтун катышуучу-компаниясынын инсайдерлери тарабынан контролдонуучу юридикалык жактар. 

 

XI. 6-бөлүк. Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат 

 

Банктык топтун экономикалык ченемдерин эсептөө Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 17-февралындагы №2/3 токтому менен бекитилген “Консолидацияланган көзөмөлдүк жөнүндө” жобо менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

Эскертүү: Аталган бөлүктү толтуруу учурунда башкы компаниянын жана банктык топтун катышуучуларынын активдери, милдеттенмелери, капиталы, кирешелери жана чыгашалары статьялар боюнча суммаланат. Мында, башкы компаниянын отчеттук статьяларына банктык топтун ар бир катышуучуларынын тиешелүү статьялары толугу менен кошулат, башкы компаниянын анын капиталындагы ээлик кылуу үлүшү 50 пайыздан көбүрөөк жана андан көбүрөөк пайызды түзөт. Эгерде, банктык топтун катышуучусунун капиталында башкы компаниянын ээлик кылуу үлүшү 10 пайыздан жогору, бирок 50 пайыздан жогору эмес болсо, анда ошол катышуучунун финансылык маалыматтары башкы компаниянын катышуучунун капиталына катышуу үлүшүнө тике пропорционалдуу өлчөмдө, статьялар боюнча кошулат. 

 

· Банктык топтун (К) капиталынын (өздүк каражаттарынын) шайкештик коэффициенти 12 пайыздан кем эмес болууга тийиш. (Ушул усулдук көрсөтмөлөрдүн банктык топтун капиталынын шайкештигин эсептөө деп аталган 7-бөлүгүн караңыз).  

 

· Ликвиддүүлүк ченемин (НЛ) 30 пайыздан төмөн эмес деңгээлде кармап туруу зарыл.  

Ликвиддүүлүк ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

НЛ = ЛА /О, мында: 

 

ЛА банктык топтун катышуучуларынын ликвиддүү активдеринин (ЛА) суммасы, аларга төмөнкүлөр кирет: 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталган банктын, банктык топтун катышуучусунун ликвиддүү активдери; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган, күрөөгө коюлгандарды эсептен алып салуу менен баа берилгенден тартып 30 күн ичинде акча каражаттарына айландырылышы мүмкүн болгон каражаттарды жана баалуу кагаздарды камтыган банктык топтун катышуучусунун ликвиддүү активдери. 

О банктык топтун катышуучусунун милдеттенмелеринин суммасы, ликвиддүүлүк ченемин эсептөө үчүн аларга төмөнкүлөр кирет: 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталган банктын, банктык топтун катышуучуларынын милдеттенмелери; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган банктык топтун катышуучусунун милдеттенмелери, алар отчеттук күндөн кийинки 30 күн ичинде эсептелинет.  

· Банктык топтун бир карыз алуучусуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (МР) төмөнкү маанилерден ашпоого тийиш:  

- банктык топ менен байланышы жок бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 15%;  

- банктык топ менен байланышкан бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү - 10%. 

Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкүчө эсептелинет: 

 

МР = СЗ / К x 100%, мында 

 

СЗ - чогуу алгандагы карыз, банктык топтун катышуучулары тарабынан сунушталган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган, бардык активдер боюнча бир карыз алуучунун жалпы карызы, анын ичинде: 

- кредиттер боюнча (төлөө мөөнөтүнө көз карандысыз); 

- факторинг боюнча; 

- финансылык ижара боюнча; 

- банктар аралык жайгаштыруулар боюнча; 

- капиталга инвестициялар боюнча; 

- карыздык милдеттенмелер формасында инвестициялар боюнча; 

- алууга карата чегерилген пайыздар боюнча; 

- негизинен кредитти алмаштыруучу болуп саналган, карыз алуучуларга тике же кыйыр түрдө берилген каражаттардын башка түрлөрү боюнча;  

- аталган карыз алуучуга берилген баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасы боюнча (кепилдиктер, аккредитивдер, кредиттерди берүүгө милдеттенмелер);  

- катышуучунун үчүнчү жакка карата кандай болбосун тобокелдиги, ал ошол карыз алуучу тарабынан шартсыз негизде гарантияланууга тийиш; 

- мурда эсептен алынып салынган кредиттер, анын ичинде пайыздар боюнча. Ар бир карыз алуучунун кредиттик көктөмөсүнө анын жана аны менен байланыштуу адамдардын мурда эсептен алынып салынган кредиттери жана пайыздары тууралуу төмөнкүдөй маалыматтар көктөлүүгө тийиш: карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу адамдардын аты-жөнү, эсептен алынып салынган кредиттердин жана пайыздардын суммасы, эсептен алынып салынган күн жана анын себептери чагылдырылышы зарыл.  

К банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын таза суммардык капиталынын жана банктык топтун катышуучуларынын өздүк капиталынын (өздүк каражаттарынын) суммасы. 

Банктык топко байланыштуу бир карыз алуучуга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү төмөнкү учурларда сакталат, эгерде карыз алуучу: 

- банктык топтун курамына кирсе; 

- банктык топтун катышуучусунун аффилирленген жагы жана/же инсайдери болуп саналса; 

- башка карыз алуучулар менен биргелешип иштөө келишими же болбосо биргелешип иштөө келишиминин шарттарын (белгилерин) камтыган башка документ аркылуу байланыштуу болсо;  

- юридикалык жак - карыз алуучулардын башкаруу органы тарабынан кабыл алынган чечимге тике же кыйыр түрдө олуттуу таасир этүүгө жөндөмдүү жак (үчүнчү жак аркылуу) болуп саналса.  

 

XII. 7-бөлүк. Банктык топтун капиталынын шайкештигин эсептөө 

 

Банктык топтун капиталынын шайкештигин эсептөө Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 17-февралындагы №2/3 токтому менен бекитилген “Консолидацияланган көзөмөлдүк жөнүндө” жобо менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

 

Эскертүү: Аталган бөлүктү толтуруу учурунда башкы компаниянын жана банктык топтун катышуучуларынын капиталы статьялар боюнча суммаланат. Мында, башкы компаниянын отчеттук статьяларына банктык топтун ар бир катышуучуларынын тиешелүү статьялары толугу менен кошулат, башкы компаниянын анын капиталындагы ээлик кылуу үлүшү 50 пайыздан көбүрөөк жана андан көбүрөөк пайызды түзөт. Эгерде, банктык топтун катышуучусунун капиталында башкы компаниянын ээлик кылуу үлүшү 10 пайыздан жогору, бирок 50 пайыздан жогору эмес болсо, анда ошол катышуучунун финансылык маалыматтары банктык топтун катышуучусунун капиталындагы башкы компаниянын катышуу үлүшүнө тике пропорционалдуу өлчөмдө, статьялар боюнча кошулат. 

“СА. Банктык топтун катышуучуларынын активдери” деп аталган статьясында 1ден nге чейинки статьялардын суммасы, башкача айтканда, банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын тобокелдик деңгээли боюнча салмактанып алынган активдеринин жана банктык топтун катышуучуларынын активдеринин суммасы чагылдырылат. 

“СА. Банктык топтун катышуучуларынын активдери” чакан тобунун 2-статьясы “Банктык топтун башкы компаниясынын активдеринин суммасы” деп аталат жана анда банктык топтун башкы компаниясынын бардык активдеринин өлчөмүнүн мааниси көрсөтүлөт. 

Эгерде банктык топтун башкы компаниясы болуп Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган банк саналса, анда анын активдеринин мааниси “СА. Банктык топтун катышуучусунун активдери” чакан тобунун 1-статьясындагы “тобокелдик деңгээли боюнча” деген сөздөр “(башкы компания)” деген сөздөр менен толукталат. 

Банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын активдери тобокелдик деңгээли боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык салмактанып, туунду жана/же көз каранды компанияларга банктын инвестицияларын камтыбашы керек. 

“СК. Банктык топтун капиталы (өздүк каражаттар)” деп аталган статьяда 1ден nге чейин статьялардын суммасы, башкача айтканда, банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын / Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын таза суммардык капиталынын жана банктык топтун башка катышуучуларынын өздүк капиталынын (өздүк каражаттарынын) суммасы чагылдырылат.  

“СК. Банктык топтун капиталы (өздүк каражаттары)” деп аталган чакан топтун 2-статьясы “Банктык топтун башкы компаниясынын өздүк капиталы (өздүк каражаттары)” деп аталат. 

Эгерде банктык топтун башкы компаниясы болуп Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган банк саналса, анда анын капиталынын мааниси “СК. Банктык топтун капиталы (өздүк каражаты)” деп аталган чакан топтун 1-статьясындагы “банктык топтун катышуучуларынын” деген сөздөр “(башкы компания)” деген сөздөр менен толукталат.  

Бантык топтун курамына кирген коммерциялык банктын/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын тобокелдик деңгээли боюнча салмактанып алынган таза суммардык капиталы жана активдери Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө нускоого ылайык аныкталат. Мында, банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын таза суммардык капиталын эсептөө учурунда банктык топтун катышуучуларынын уставдык капиталына инвестициялар алынып салынат.  

Банктык топтун катышуучусунун өздүк капиталынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык аныкталат. 

Кыргыз Республикасынын резиденти эмес болуп саналган банктык топтун катышуучусунун өздүк капиталынын өлчөмү ал жайгашкан өлкөдөгү ишти жөнгө салган ыйгарым укуктуу органдын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. 

Эгерде, банктык топтун катышуучусуна карата өздүк капиталдын өлчөмүн эсептөөнүн өзгөчө тартиби белгиленбесе, анда банктык топтун катышуучусунун капиталы, бухгалтердик эсепке алуунун жана финансылык отчеттун белгиленген ченемдерине ылайык, анын активдери менен милдеттенмелеринин ортосундагы айырма катары аныкталат. 

“К. Банктык топтун капиталынын (өздүк каражаттары) шайкештик коэффициенти (СК/СА)” деп аталган статьяда банктык топтун капиталынын (өздүк каражаттарынын) шайкештик коэффициенти (К), ушул бөлүктүн “СА. Банктык топтун катышуучуларынын активдери” жана “СК. Банктык топтун капиталы (өздүк каражаттары)” деп аталган статьяларынын катышы катары аныкталат, башкача айтканда, банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын таза суммардык капиталынын жана банктык топтун башка катышуучуларынын өздүк капиталынын (өздүк каражаттарынын) банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын тобокелдик деңгээли боюнча салмактанып алынган активдеринин жана банктык топтун башка катышуучуларынын активдеринин суммасына карата катышы.  

Банктык топтун капиталынын (өздүк каражаттарынын) шайкештик коэффициенти (К) 12 пайыздан кем эмес болууга тийиш. 

 

XIII. 8-бөлүк. Банктык топтун катышуучуларынын иши жөнүндө маалымат 

Ушул бөлүктү толтурууда банктык топтун катышуучулары иш багытына жараша топтоштурулуп чагылдырылат. 

“Банктык топтун катышуучуларынын иши” тилкесинде катышуучунун аты-жөнү жана анын юридикалык дареги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан катталган уюштуруу документтерине ылайык көрсөтүлөт. 

Башкы компаниянын ар бир катышуучусунун капиталында катышуу үлүшү төмөнкү өлчөмдөрдүн суммасы катары аныкталат: 

а) башкы компаниянын менчигинде турган катышуучунун акцияларынын (үлүштөрүнүн) салыштырма салмагы, башкача айтканда, башкы компаниянын менчигинде турган катышуучунун акцияларынын санынын катышуучунун 100 пайызга көбөйтүлгөн акцияларынын жалпы санына карата катышы катары; 

б) бул катышуучулардын капиталында башкы компаниянын акцияларынын (үлүштөрүнүн) салыштырма салмагына көбөйтүлгөн катышуучунун капиталындагы топтун башка катышуучусунун акцияларынын (үлүштөрүнүн) салыштырма салмагы. 

Катышуучулардын акцияларынын жалпы саны башкы компаниянын менчигинде турган жана банктык топтун башка катышуучуларынын акцияларын да камтыйт.  

Бардык суммалар миң сом менен жана пайыз түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш. 

Ошондой эле банктык топтун катышуучуларынын ишине тиешелүү тизме жана маалымат (катышуучунун аты-жөнү, анын жайгашкан жери жана мекеменин жери) ар бир катышуучунун банктык топтун активдериндеги жана кирешелериндеги активдеринин жана кирешелеринин салыштырма салмагын көрсөтүү менен келтирилет.