Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук Банк Башкармасынын 

2009 жылдын 26-августундагы 

№ 35/3 токтому менен 

бекитилген 

 

Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен 

операциялары жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/1,  

2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/7, 2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

 

I. Жалпы жоболор 

II. Коммерциялык банктардын баалуу металлдардын куймалары менен операциялары 

III. Баалуу металлдар менен операциялар боюнча ички контролдукту уюштуруу 

IV. Баалуу металлдар менен операциялар боюнча лимиттер жана отчеттуулук 

1-тиркеме. Баалуу металлдар рыногунун Лондон Ассоциациясы тарабынан кабыл алынган Сапаттын эл аралык стандарттары (LBMA) 

2-тиркеме. Таразага тартуу учурунда төмөнкүлөргө жол берилет 

3-тиркеме. 

 

I. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул жободо Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүсүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) талаптары белгиленген. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.2. Бул Жобонун чегинде колдонулган терминдер: 

1.2.1. Баалуу металлдар - бул: 

- аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куйма түрүндөгү алтын; 

- аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куйма түрүндөгү күмүш; 

- аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куйма түрүндөгү платина. 

1.2.2. Аффинаждалган баалуу металлдардан стандарттык куймалар - баалуу металлдардан даярдалган жана маркировкаланган, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан кабыл алынган Сапаттын эл аралык стандарттарына ылайык келген куймалар (1-тиркеме). 

1.2.3 Аффинаждалган өлчөнгөн куймалар - баалуу металлдардан жасалган жана маркировкаланган, Улуттук банк же баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан сертификатталган, аффинаждык ишкана аркылуу эмитирленген (чыгарылган), салмагы 1000 граммды же андан азды түзгөн алтын куйманын лигатуралык салмагынын кеминде 99,95-99,99%, ал эми күмүш/платина куймасынын лигатуралык салмагынын кеминде 99,90% химиялык таза металлды камтыган баалуу металлдардан жасалган жана маркировкаланган баалуу металл куймалары. 

1.2.4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы №49/7 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

1.2.5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15- июлундагы №38/1 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

1.2.6. Лигатуралык (брутто) масса - баалуу металлды камтыган эритменин нагыз жалпы массасы. 

1.2.7. Бир троян унциясы - бул, 31,1035 граммды түзгөн массанын чен өлчөмү

1.2.8. Проба (белги) - эритменин массасынын миң бирдигине үлүштө өлчөнгөн, белгилүү бир баалуу металлдын камтылышы. 

1.2.9. Металл эсептери - бул, баалуу металлдар менен операциялардын эсебин жүргүзүү жана жүзөгө ашыруу максаттарында банк тарабынан кардарлар үчүн ачылган эсеп. 

1.2.10. Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери - бул, жеке белгилери көрсөтүлбөгөн баалуу металлдарды эсепке алуу, аларды тартуу жана жайгаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн банк тарабынан ачылган эсеп.  

1.2.11. Жооптуу сактоодогу металл эсептери - жеке белгилери (баалуулуктардын аталышы, саны, пробасы, жасап чыгаруучусу, сериялык номери ж.б.) көрсөтүлүү менен банкка өткөрүлүп берилген баалуу металлдарды эсепке алуу үчүн каралган кардарлардын эсептери.  

1.3. Ушул жобонун талаптары анын 1.2-пунктунун 1.2.1- пунктчасында көрсөтүлгөн аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларга гана таркатылат. Коммерциялык банктарга асыл таштар жана баалуу металлдардын башка формалары менен операцияларды жүргүзүүгө уруксат берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.4. Баалуу металл менен операцияларды жүргүзүү жагында эл аралык тажрыйбага ылайык, алтын менен операциялар металлдын таза салмагынын сандык бирдигинде (трой унцияда же граммда), ал эми платина жана күмүш менен операциялар - металлдын лигатуралык массасынын сандык бирдигинде жүргүзүлөт. 

Баалуу металлдарды грамм түрүндө эсепке алууда алар ондук үлүшкө чейин төмөнкүчө тегеректелүүгө тийиш: 

1) эгерде жүздүк үлүш 5тен көп же ага барабар болсо онунчу үлүш 1ге жогорулатылып, андан кийинки бардык белгилер алынып салынат; 

2) ал эми эгерде жүздүк үлүш 5тен аз болсо, онунчу үлүш өзгөрүүсүз калат жана андан кийинки бардык белгилер алынып салынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.5. Баалуу металлдар түрүндөгү акчалай активдер жана милдеттенмелер Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын мурунку жумуш күнү белгиленген кечки фиксингдин негизинде күн сайын кайра бааланууга тийиш. 

Мында Улуттук банк тарабынан эмитирленген, аффинаждалган алтындан даярдалган өлчөнгөн куймалар банктын эсепке алуу саясатына ылайык кайра бааланат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

II. Коммерциялык банктардын баалуу металлдардын 

куймалары менен операциялары 

 

2.1. Банктык операцияларды жүргүзүү укугу белгиленген лицензияга уруксат берилген банктык операциялар тизмесинде баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү каралган шартта банк нак жана нак эмес формада баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүшү мүмкүн: 

- металл эсептерин жүргүзүү жана башка коммерциялык банктардан, юридикалык жактардан жана жеке адамдардан макулдашылган мөөнөттөргө өз атынан баалуу металлдарды тартуу; 

- башка банктарда ачылган металл эсептерине макулдашылган мөөнөттөргө өз атынан баалуу металлдарды жайгаштыруу; 

- банктарга баалуу металлдарда кредиттерди сунуштоо жана банктардан баалуу металлдарда кредиттерди алуу; 

- кардардын эсебинен өз атынан баалуу металлдарды сатып алуу жана сатуу; 

- өз атынан жана өз каражаттарынын эсебинен баалуу металлдарды сатып алуу жана сатуу; 

- баалуу металлдардын эсебинен туунду финансылык инструменттер менен операцияларды ишке ашыруу. 

Коммерциялык банктарга жогоруда белгиленген операциялардан тышкары баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат. 

Коммерциялык банктар төлөм каражаты болуп саналган, баалуу металлдардан (алтындан, күмүштөн, платинадан) жасалган монеталарды Улуттук банктан баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат алуусуз сатып алууга жана сатууга мүмкүнчүлүгү бар.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2. Банктар ушул Жобонун чегинде операцияларды жүзөгө ашырган баалуу металлдар төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- сапаттын London good delivery эл аралык стандарттарына жана баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясында листингден өткөн аффинаждоочу ишканаларда даярдалгандарга ылайык келүүгө

- келишимдердин тиешелүү шарттарына ылайык, салмакты туюндуруу үчүн стандарттык куймаларга дал келтирүүчү катары колдонулган чендик куймалар түрүндө даярдалууга; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук Стандартарына ылайык өлчөнгөн куймалар түрүндө даярдалууга (Кыргыз Мамлекеттик Стандарты (КМС) 1281:2015). 

2.3. Стандарттык жана өлчөнгөн куймалар түрүндөгү (аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган, Улуттук банк тарабынан эмитирленген (чыгарылган) өлчөнгөн куймаларды эске албаганда) баалуу металлдар менен операцияларды ишке ашырган коммерциялык банктар төмөнкүлөргө милдеттүү

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарына ылайык күбөлөндүрүлгөн, баалуу металлдарды таразалоо үчүн салмак өлчөөчү аспаптарга жана тараза таштарына ээ болууга тийиш, ал эми таразадан өткөрүү учурунда келип чыккан так эместиктер ушул жобого карата 2-тиркемеде келтирилген чектен ашпоосу зарыл; 

- ал эми булар жок болсо, салмак өлчөөчү приборлору жана тараза таштары 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген уюмдардын мына ушул багыттагы кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууга; 

- баалуу металлдардын жана алардын аралашмаларынын пайыздык катышын аныктоо максатында, баалуу металлдардан жасалган өлчөнгөн куймалардын курамына экспресс талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн 2-1-тиркемеде көрсөтүлгөн атайын жабдууга ээ болууга; 

- баалуу металлдарды сактоону жана ташып жеткирүүнү мыйзам актыларында белгиленген коопсуздук талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырууга. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15- июлундагы №38/1 токтомуна ылайык күчүн жоготту). 

2.5. Стандарттык жана чендик куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашырган банктар, баалуу металлдардын куймаларын таразадан өткөрүү учурунда, геофизикалык жана атмосфералык факторлордун таасиринен жана салмак өлчөөчү аспаптардын конструктивдүү өзгөчөлүгүнөн улам, алардын көрсөткүчтөрүн эсепке алуу же коштомо документтерде чагылдырылган ошол баалуулуктардын мурда таразаланган көрсөткүчүнөн айырмаланышы мүмкүндүгүн эске алууга тийиш (3-тиркеме). 

2.6. Баалуу металлдардагы активдердин максималдуу көлөмү жана кардарлардын тапшыруусу боюнча баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашырууга каралган каражаттардын суммасы чогуу алганда, банктын төлөнгөн уставдык капиталынын 100% ашпаган өлчөмдү түзүүгө тийиш. 

2.7. Баалуу металлдардын жеке белгилеринин сакталышы түзүлгөн келишимдердин милдеттүү шарты болуп саналбаган бардык операциялар, жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча жүргүзүлөт. 

2.7-1. Банктар баалуу металлдарды тартуу жана жайгаштыруу боюнча операцияларды ишке ашыруу үчүн жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерин ачат. 

2.7-2. Баалуу металлдарды жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерине которууга байланыштуу операцияларды жүзөгө ашырууүчүн банктар төмөнкүлөр менен корреспонденттик мамилелерди түптөө укугуна ээ: 

1) Аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган, Улуттук банк тарабынан эмитирленген (чыгарылган) өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү үчүн Улуттук банк менен; 

2) башка эмитенттердин аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган, стандарттык жана өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдары менен операцияларды жүргүзүү үчүн банк-резидент эместер менен. 

2.7-3. Баалуу металлдарды тартуу жана аларды жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерине жайгаштыруу, баалуу металлдар алынып келинген учурда аларды жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерине чегерүү, ошондой эле кардарларга сатылган же банк тарабынан сатылып алынган баалуу металлдарды да чегерүү аркылуу жеке белгилери көрсөтүлбөгөн башка металл эсептеринен баалуу металлдарды которуу аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. 

Баалуу металлдарды башка ээси көрсөтүлбөгөн металл эсептерине которуу, нак түрүндө сыяктуу эле, улуттук валютада туюндурулган акчалай түрдө да баалуу металлдарды эсептерден алуу, ошондой эле металл эсептеринде катталган баалуу металлдарды сатып алуу-сатуу бүтүмүн ишке ашыруу аркылуу кардарлардын ээси көрсөтүлбөгөн металл эсептеринен баалуу металлдарды кайтаруу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.8. Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсеп келишиминде ошол эсеп боюнча жүргүзүлгөн операциялар, металл эсептерине чегерүүлөр жана андан кайтарып берүү тартиби, ошондой эле эсеп жүргүзүүгө байланыштуу сыйакы өлчөмдөрү аныкталат. Ошондой эле, бул келишимде баалуу металлдардын жеке мүнөздөмөлөрүн өзгөртүү шарттары, эсептен физикалык формада берүүлөр жана баалуу металл эсебинде катталган массанын (пробанын) ушул эсептен физикалык формада кайтарып берүүгө тийиш болгон баалуу металлдын массасынан (пробасынан) четтөө шарттары камтылууга тийиш. 

2.9. Баалуу металлдардын жеке белгилерин сактоо, түзүлгөн келишимдердин милдеттүү шарты болуп саналган бардык операциялар жооптуу сактоодогу металл эсептери боюнча жүргүзүлөт. 

Кардардан сактоого кабыл алынган баалуу металлдар банктын тартылган каражаттары болуп саналбайт жана өз атынан жана өз эсебинен жайгаштырылышы мүмкүн эмес. 

2.10. Жооптуу сактоодогу металл эсептери боюнча баалуу металлдарды сатуу кызмат көрсөтүүлөрү сунушталышы мүмкүн, мында кардардын тапшыруусу боюнча ал тарабынан салынган баалуу металлдар гана сатылууга тийиш. Жооптуу сактоодоогу эсептер боюнча которууларды эсепке алуу милдеттүү түрдө физикалык формада жүзөгө ашырылат. 

2.11. Күрөөлүк камсыздоодон ажыратуунун натыйжасында банктын менчигине өткөн баалуу металлдар, мыйзам актыларына ылайык сатылууга тийиш. 

Банк баалуу металлдын бул түрү/формасы менен ишкердикти жүргүзүүгө банктан уруксат албаган учурда, ал баалуу металлдар менен башка операцияларды жүргүзүүгө укугу жок. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.12. Баалуу металлдарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана ташып кетүү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын макулдугу менен жүзөгө ашырылат. 

2.13. Коммерциялык банктар баалуу металлдарды өз эсебинен же кардардын эсебинен ташуу учурунда, баалуу металлдардын жеткирилишин тиешелүү негизде камсыздандырууга тийиш. Ташып жеткирүү учурунда банк менен анын кардарларынын, коштоп жүргөн адамдар менен жүк ташыгандар ортосунда жоопкерчиликтердин жана ээлик кылуу укугунун өтүшү тиешелүү келишимдерде аныкталат. 

2.14. Баалуу металлдарды ташып жеткирүү учурунда куймалардын беттери чийилип же оюлуп калбашы үчүн алардын тышкы көрүнүшүнүн талаптагыдай сакталышын камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш. 

 

III. Баалуу металлдар менен операциялар боюнча ички 

контролдукту уюштуруу 

 

3.1. Баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн банктар ушул операцияларды жүргүзүүдө орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди тескөө боюнча тиешелүү саясатты иштеп чыгууга жана ички шайкеш контролдукту уюштурууга милдеттүү. Ар бир жүргүзүлүүчү операциялар боюнча тиешелүү жол-жоболор иштелип чыгууга жана бекитилүүгө тийиш. 

3.2. Жол-жоболордо ички контролдуктун эң аз дегенде төмөнкү каражаттары чагылдырылышы зарыл: 

3.2.1. Банктын кызматкерлеринин функционалдык милдеттери бүтүмгө келишүү демилгеленгенден анын бухгалтердик китептерде эсепке алынышына чейинки процессти толук көлөмдө бир кызматкер аткарууга жана/же контролдоого тийиш эмес болгондой чектөө

3.2.2. Кош контролдукту жүргүзүү - жогорку деңгээлдеги тобокелдикти камтыган айрым операцияларды (аракеттерди) аткаруу үчүн жок дегенде эки кызматкер талап кылынат. 

3.2.3. Банк тарабынан ишке ашырылган операциялардын бүтүндөй көлөмүнүн банктын тиешелүү ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан санкцияланышынын так системасын киргизүү

3.2.4. Бухгалтердик эсеп маалыматтарынын иш жүзүндөгү маалыматтарга дал келүүсүн тактоо көз карашынан баалуу металлдарга мезгил-мезгили менен пландык жана пландан тышкаркы инвентаризация жүргүзүү

3.2.5. Ага ыйгарым укугу болбогон персоналга активдерден же маалыматтардан пайдаланууга чектөөлөр. Санкциясыз пайдалануудан же санкцияланбаган операциялардан коргоону бекем жабылган сейфтер, сактоочу жайлар, атайы каалгаларды, камераларды орнотуу, кош контролдукту жүргүзүү, жетекчиликке маалымдап туруу, электрондук коргоо ж.б. сыяктуу каражаттар камсыз кылат. 

3.2.6. Баалуу металлдардын ар бир түрү жана баалуу металлдардын бардык түрлөрү боюнча баалуу металлдардын ачык позицияларынын ички лимиттеринин банк тарабынан белгилениши. 

3.2.7. Жүзөгө ашырылып жаткан операциялардын мүнөзүнө жана аларда камтылган тобокелдик деңгээлине жана контр-агенттердин категорияларына жараша контр-агенттердин ишенимдүүлүгү жөнүндө маалыматтарга карата минималдуу талаптарды белгилөө

3.2.8. Баалуу металлдар менен операцияларды текшерүүдө ички аудитке карата талаптарды белгилөө

3.2.9. Банк жана анын филиалдары үчүн баалуу металлдар менен операцияларды эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча талаптарды белгилөө

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.3. Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн баалуу металлдар менен операциялар боюнча банктык тобокелдиктерге баа берүү туунду финансылык инструменттер менен операциялардан улам келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге баа берүү сыяктуу ишке ашырылат, мында баалуу металлдарды накталай түрүндө сунуштоо эске алынууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

IV. Баалуу металлдар менен операциялар боюнча 

лимиттер жана отчеттуулук 

 

4.1. Баалуу металлдар боюнча позициялардын лимитин эсептөө, чет өлкө валюталары боюнча позициялардын лимиттерин эсептөөлөрдөй эле жүзөгө ашырылат. 

4.2. Улуттук банк баалуу металлдарды сатып алуу - сатуу операцияларын жөнгө салуу максатында, коммерциялык банктар баалуу металлдар боюнча (алтын, күмүш жана платина боюнча өз-өзүнчө) ачык позициялардын лимиттерин белгилейт. Мында, валюта позициясы баалуу металлдардын ар бир түрү (алтын, күмүш, платина) боюнча өз-өзүнчө эсептелинет. 

4.3. Коммерциялык банктар баалуу металлдардын ар бир түрү боюнча балансты жана баалуу металлдар боюнча позициялардын лимиттеринин сакталышына тиешелүү маалыматтарды "Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө" нускоого ылайык(1) ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы боюнча отчеттун курамында, күндөлүк негизде Улуттук банкка берип турушат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.4. Коммерциялык банктардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алдындагы отчет берүү формалары жана алардын мезгил аралыгы ошол ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет жана банктар колдонуудагы мыйзам актыларынын чегинде ыйгарым укуктуу органдарынын талаптарын так сактоого милдеттүү

4.5. Коммерциялык банк тарабынан белгиленген лимиттер бузууга жол берилген учурда, Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» нускоого ылайык таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.6. Улуттук банк уруксат берилген операциялар тизмесинен баалуу металлдар менен операцияларды төмөнкү учурда алып салууга укуктуу: 

- эгерде банк уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн баалуу металлдар менен операцияларды ишке ашырса; 

- баалуу металлдар боюнча позициялардын лимиттерин системалуу түрдө (30 календардык күн ичинде экиден көп жолу) бузууга жол берсе; 

- эгерде банктын акыркы эки жылдагы баалуу металлдар менен операциялар боюнча иши чыгашалуу болсо; 

- эгерде коммерциялык банк капиталдын шайкештиги ченемин бузууга жол берген болсо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

(1) Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 29-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 1-февралында 16-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 36/13 токтом менен бекитилген. 

 

 

Коммерциялык банктардын баалуу 

металлдар менен операциялары 

жөнүндө" жобого карата 

1-тиркеме 

 

Баалуу металлдар рыногунун Лондон Ассоциациясы 

тарабынан кабыл алынган Сапаттын 

ЭЛ АРАЛЫК СТАНДАРТТАРЫ 

(LBMA) 

 

Баалуу металлдар рыногунун Лондон Ассоциациясы тарабынан кабыл алынган, баалуу металлдар сапатынын стандарттары ассоциациянын документинде London good delivery стандарты катары белгиленген. 

17. London good delivery стандартындагы алтындын куймалары төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

Куюлган алтындын таза массасы 350дөн 430га чейинки троян унциясын түзүүгө тийиш (10886 граммдан 13375 граммга чейин). 

Ар бир куйманын салмагы троян унциясында туюндурулууга жана 0,025 унцияга барабар болууга тийиш. 

Лигатуралык массанын 1000 үлүшүндө 995тен төмөн болбогонун химиялык таза алтын түзүүгө тийиш. Куймада милдеттүү түрдө төмөнкү белгилердин болушу зарыл: 

- сериялык номери; 

- пробасы (белгиси); 

- даярдоочунун эн тамгасы; 

- куйма даярдалган жыл. 

Куймада тешикчелер, кем тиктер жана башка кемчиликтер болбоого тийиш, ал ташып жеткирүүгө жана ирээттеп коюуга ыңгайлуу болгондой болушу зарыл. 

18. London good delivery стандартындагы күмүш куймасы төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

Куйманын салмагы 750дөн 1100гө чейинки троян унциясын түзүүгө тийиш (23328 граммдан 34214 граммга чейин). 

Ар бир куйманын салмагы троян унциясында туюндурулууга жана 0,10 унцияга барабар болууга тийиш. 

Лигатуралык массанын 1000 үлүшүндө 999тан төмөн болбогонун химиялык таза күмүш түзүүгө тийиш. Куймада милдеттүү түрдө төмөнкү белгилердин болушу зарыл: 

- сериялык номери; 

- пробасы (белгиси); 

- даярдоочунун эн тамгасы; 

- салмагы троян унциясында же килограммдарда (куйманын килограмм менен өлчөнгөн салмагы троян унциясына которулууга жана жогорудагы белгилен талаптарга ылайык келүүгө тийиш). 

Куйма ташып жеткирүүгө жана ирээттеп коюуга ыңгайлуу болгон формада болушу зарыл. 

Куйманын бетинде тешикчелер, кемтиктер жана башка кемчиликтер болбоого тийиш, куйманын кыры кесип кетпегендей жылмакай түз болушу зарыл. 

3. London good delivery стандартындагы платина куймалары (пластиналары) төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

Куйманын салмагы 32,150дөн 192,904кө чейинки троян унциясын түзүүгө тийиш (1000 граммдан 6000 граммга чейин). 

Лигатуралык массанын 1000 үлүшүндө 999,5тен төмөн болбогону химиялык таза металл болууга тийиш. Куймада милдеттүү түрдө төмөнкү белгилердин болушу зарыл: 

- сериялык номери; 

- пробасы (белгиси); 

- РТ же PLATINUM литерлери; 

- даярдоочунун эн тамгасы; 

- граммда же троян унциясында өлчөнгөн салмагы. 

Куйманы ташып жеткирүүгө жана иреттеп коюуга ыңгайлуу болгон формада болууга тийиш. 

Куйманын бетинде тешикчелер, кемтиктер жана башка кемчиликтер болбоого тийиш, куйманын кыры кесип кетпегендей жылмакай түз болушу зарыл. 

London good delivery стандартына жооп берген алтын, платина жана күмүш куймаларына эн тамга койгон аффинаждоочу фирма LBMAнын (List оf Ассерtаblе Меlters аnd Аssayers) атайын тизмесине кошулууга тийиш. 

 

 

"Коммерциялык банктардын баалуу 

металлдар менен операциялары 

жөнүндө" жобого карата 

2-тиркеме 

 

Таразага тартуу учурунда төмөнкүлөргө жол берилет 

 

Таразага тартуу учурунда жол берилгендер төмөнкү маанилерден ашпоого тийиш (миллиграммга) (ГОСТ 24104-88): 

№ п/п 

Салмактап кёръъдёгъ эь чоь чек 

2-класс тактыктагы таразалар ъчън 

3-класс тактыктагы таразалар ъчън 

4. 

200 миллиграммдан жогору 1 граммга чейин (аны кошо алганда) 

0,015 

5. 

200 миллиграммдан жогору 1 граммга чейин (аны кошо алганда) 

0,025 

6. 

1 граммдан жогору 2 граммга чейин (кошо алганда) 

0,030 

7. 

2 граммдан жогору 20 граммга чейин (аны кошо алганда) 

0,100 

0,25 

8. 

20 граммдан жогору 20 граммга чейин (аны кошо алганда) 

0,300 

0,50 

9. 

50 граммдан жогору 200 граммга чейин (аны кошо алганда) 

0,750 

2,00 

10. 

200 граммдан жогору 500 граммга чейин (аны кошо алганда) 

1,500 

5,00 

11. 

500 граммдан жогору 1 килограммга чейин (аны кошо алганда) 

3,000 

10,00 

12. 

1 килограммдан жогору 2 килограммга чейин (аны кошо алганда) 

7,500 

20,00 

13. 

2 килограммдан жогору 5 килограммга чейин (аны кошо алганда) 

15,000 

50,00 

14. 

5 килограммдан жогору 10 килограммга чейин (аны кошо алганда) 

30,000 

100,00 

15. 

10 килограммдан жогору 20 килограммга чейин (аны кошо алганда) 

75,000 

200,00 

16. 

20 килограммдан жогору 50 килограммга чейин (аны кошо алганда) 

150,000 

500,00 

 

Алтындын жана платинанын салмагын өлчөө минимум 2-класс тактыктагы таразада, ал эми күмүш минимум үчүнчү класс тактыктагы таразада ишке ашырылат. 

 

«Коммерциялык банктардын баалуу 

металлдар менен операциялары 

жөнүндө» жобого карата 

2-1-тиркеме 

 

Аффинирленген баалуу металлдардан жасалган өлчөнгөн куймаларга экспресс талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүүчүн каралган жабдууларга карата 

ТЕХНИКАЛЫК ТАЛАПТАР 

Аталышы 

Колдонуу багыты 

Эскертүү 

Рентген-флуоресценттик анализатор  

Өлчөнгөн куймалардын жана монеталардын курамына экспресс талдап-иликтөө (баалуу металлдардын жана аралашмалардын пайыздык катышынаныктоо) 

Жүздөн бир үлүштүк % га чейин өлчөө менен 99,99 пайыз алтындан турган куйманын курамын тастыктоо 

Атайын электрондук тараза 

Баалуу металдардын (өлчөнгөн куймалардын жана монеталардын) так салмагын аныктоо 

0,02 граммдан 120 граммга чейин өлчөө чегиндеги ГОСТ 24104 боюнча II (жогорку) класстагы тактык 

 

"Коммерциялык банктардын баалуу 

металлдар менен операциялары 

жөнүндө" жобого карата 

3-тиркеме 

 

1. Геофизикалык жана атмосфералык факторлордун таасиринен жана салмак өлчөөчү приборлордун конструктивдүү өзгөчөлүгүнөн улам, алардын көрсөткүчтөрү эсепке алуу же коштомо документтерде катталган ошол баалуулуктардын мурда таразаланган көрсөткүчүнөн айырмаланышы мүмкүн. Баалуулуктарды таразадан өткөрүүдө төмөнкүдөй айырмачылыктар келип чыгышы мүмкүн: 

 

Баалуу металлдын аталышы 

Масса, грамм 

Таразадан ёткёръъдёгъ жогорку чек, грамм 

Таразада 

жол берилген четтёёлёр, грамм 

Алтын жана платина куймалары 

5500 

5500-30000 чейин 

5500 

30000 

0,1 

0,2 

Къмъш куймалар  

20000-32000 

32000-60000 

32000 

60000 

1,0 

1,0 

 

2. Куймаларды таразалоо учурунда аныкталган, салмак өлчөөчү аспаптардын көрсөткүчтөрү менен коштомо же эсепке алуу документтердеги көрсөткүчтөрдүн ортосунда келип чыккан айырма бухгалтердик китептерде чагылдыруусуз (кассалык) журналдарда көрсөтүлөт. 

3. Куймаларды таразалоо учурунда аныкталган, салмак өлчөөчү аспаптардын көрсөткүчтөрү менен коштомо же эсепке алуу документтердеги көрсөткүчтөрдүн ортосунда жол берилген нормалардын чеги, таразада кетирилген айырмачылыктар актысы менен таризделүүгө жана бухгалтердик китептерде чагылдырылууга тийиш.