Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

Көзөмөл боюнча комитетинин   

2009-жылдын 22-майындагы №09/1  

токтому менен бекитилген  

 

Банктын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча усулдук көрсөтмөлөр 

 

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитеттин 2013-жылдын 22-мартындагы №9/6, 2015-жылдын  

4-декабрындагы №54/2, 2017-жылдын 29-июнундагы №22/2 токтомдору менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.) 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Банктын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндөгү маалымат базасын жүргүзүү боюнча бул усулдук көрсөтмөлөр (мындан ары-Усулдук көрсөтмөлөр), Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары- Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.   

1.2. Өз ишин Улуттук банктын лицензиясына ылайык жүзөгө ашырып жаткан коммерциялык банктар, маалымат базасын ушул Усулдук көрсөтмөгө ылайык жүргүзүүсү зарыл.   

1.3. Бул Усулдук көрсөтмөдө коммерциялык банктар тарабынан банктын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери боюнча маалымат базасын жүргүзүү тартибине түшүндүрмөлөр берилет.   

1.4. Аталган Усулдук көрсөтмөдө Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамынын түшүндүрмө аппаратында берилген аныктамалар колдонулат.   

 

2. Банктын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери 

жөнүндө маалымат базасын түзүү 

  

2.1. Банк, аманаттар (депозиттер) боюнча гарантияланган ордун толтуруулардын суммалары боюнча эсепке алууларды кошо алганда, Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык компенсацияланган, жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин аманаттарынын (депозиттеринин) эсебин жүргүзүү үчүн автоматташтырылган маалымат базасын (мындан ары-маалымат базасы) түзүүсү жана аны туруктуу негизде кармап туруулары зарыл.    

2.2. Маалымат базасы банк тарабынан жумалык негизде жүргүзүлүп турат жана ар бир айдын бирине карата абал боюнча жана гарантиялык учур келип жеткен күнгө карата жыйынтыктап, жалпыланууга тийиш.  

2.3. Ушул Усулдук көрсөтмөгө ылайык түзүлгөн маалыматтар, гарантиялык мезгил келип жеткен шартта, Депозиттерди коргоо боюнча Агенттик (мындан ары -Агенттик) тарабынан банктын аманатчыларына компенсация катары төлөнүүчү сумманы аныктоо жана түзүү үчүн негиз болуп саналат.   

2.4. Ушул Усулдук көрсөтмөгө ылайык маалымат базасын түзүү, гарантиялык мезгил келип жеткен учурда аманатчыга төлөнүп берилүүчү сумма, банк тарабынан аманатчыга берилген кредиттердин жана банк тарабынан аманатчынын өтүнүчү боюнча сунушталган (мындан ары утурлама талап) гарантиялардын төлөнбөгөн суммасына азая тургандыгын карайт.    

2.5. Маалымат базасы ушул Усулдук көрсөтмөгө карата 1 жана 1-1-тиркемелерге ылайык түзүлүүгө тийиш жана ал электрондук түрдө жүргүзүлөт. Мында, функционалдуулук, коопсуздук жана ишенимдүүлүк сыяктуу негизги критерийлер сакталууга тийиш мындан тышкары, электрондук маалымат базасына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган программаларга карата жалпы талаптар сакталуусу зарыл.   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 29-июнундагы №22/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.6. «Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин банкта жайгаштырылган, компенсацияланууга тийиш болгон аманаттары (депозиттери) жөнүндө маалыматтар» (ушул Усулдук көрсөтмөгө карата 1 жана 1-1-тиркемелер) деген таблица 2-тиркемеге ылайык толтурулат.    

 

3. Корутунду жоболор 

 

3.1. Гарантиялык учур келип жеткен шартта атайы администратор ошол учурдан кийинки 10 календарлык күн ичинде жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык компенсацияланууга тийиш болгон, ушул усулдук көрсөтмөлөрдүн талаптарына ылайык эсептелинген депозиттер жөнүндө маалыматтарды Депозиттерди коргоо боюнча агенттикке сунуштоого милдеттүү.   

3.2. Ушул Усулдук көрсөтмөнүн талаптарына ылайык түзүлгөн маалымат базасынын негизинде Агенттик, гарантиялык мезгил келип жеткен учурда аманатчыларга- банктын жеке адамдарына жеке ишкерлерине берилүүчү компенсациялык төлөөлөрдүн суммасын аныктайт жана түзөт.    

3.3. Гарантиялык мезгил келип жеткен учурда аманат (депозит) боюнча кошуп эсептелген, бирок төлөнбөгөн жана капиталдаштырылбаган пайыздар, гарантиялык мезгил келип жеткен күнгө карата эсептелет. Мындай пайыздарды кошуп эсептөө банктык аманат келишиминде көрсөтүлгөн чен боюнча жүзөгө ашырылат, бирок Улуттук банктын гарантиялык мезгил келип жеткен күнгө карата эсептик ченинен жогору болбоого тийиш.   

3.4. Гарантияланган аманат боюнча аманатчыларга төлөөлөр Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамында каралган тартипте жана шартта жүзөгө ашырылат.   

3.5. Жоюла турган банктын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык Агенттик тарабынан жүзөгө ашырылат. Банктын аманатчылар алдындагы милдеттенмелеринин калган суммасы «Кыргыз Республикасынын « Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына ылайык төлөнөт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 29-июнундагы №22/2 токтомунун редакциясына ылайык)