Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2009 жылдын 14-октябрындагы 

N 41/4 токтомуна карата 

тиркеме 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине 

ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү 

банктар тарабынан ачык валюта позициясынын 

лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө» 

нускоо 

 

(Өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы №91/7, 2017-жылдын 31-майындагы №21/11 токтомдору менен бекитилген) 

 

 

I. Жалпы жоболор 

 

1.1. (1.1 пункт Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомуна ылайык күчүн жоготту).  

1.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) чет өлкө валютасында операцияларды жүргүзүү боюнча лицензиясына ээ ислам банктарынын жана «ислам терезесине» ээ банктардын (мындан ары - банктар) ачык валюта позицияларынын эсептөө тартибин аныктоо жана алар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышына контролдукту жүргүзүү бул нускоонун максаты болуп саналат. 

1.3. Валюта тобокелдигин контролдоонун ички саясаттарын жана жол-жоболорун иштеп чыгууда, банк, ушул нускоонун талаптарына, Шариат стандарттарына жана Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудитти уюштуруу уюму (ААOIFI) тарабынан бекитилген, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук стандарттарына таянууга тийиш. 

1.4. Ушул Нускоонун максаттарында төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат: 

Валюта тобокелдиги - валюта курсунун алгылыксыз өзгөрүүсү жана банк ошол валюта боюнча ачык валюта позициясына ээ болуп турган шартта, банктын чет өлкө валютасында туюндурулган талаптарынын (активдеринин)/милдеттенмелеринин наркынын өзгөрүүсү кесепетинен анын чыгымга учурап калуу тобокелдиги. Валюта операцияларын жүзөгө ашыруу учурунда валюталык позиция пайда болуу менен ал банктын валюта тобокелдигине дуушарлануу даражасынын көрсөткүчү болуп саналат. 

Валюта операциялары - бул чет өлкө валютасын сатып алуу/сатууга (конвертациялоо), алмаштырууга байланыштуу бүтүмдөр ошондой эле, алардын натыйжасында чет өлкө валютасында туюндурулган талаптардын (активдердин) же болбосо милдеттенмелердин көлөмүнүн өзгөрүүсү жүргөн башка операциялар. 

Таза валюта позициясы - банктын айрым чет өлкө валютасында баланстык сыяктуу эле, баланстан тышкаркы талаптары (активдери) менен милдеттенмелеринин ортосундагы айырма. 

Банктын тиешелүү валюталардагы талаптары (активдери) менен милдеттенмелеринин төп келбеген учурунда валюта позициясы ачык, ал эми барабар чыккан учурда жабык болуп эсептелинет. 

Банктын ачык валюта позициясы (банктын тиешелүү валютадагы талаптары (активдеринин) ошол эле валютадагы анын милдеттенмелеринен ашкан болсо) узун болушу же (милдеттенмелердин талаптардан (активдерден) артышы учурунда) анда ал кыска болушу мүмкүн. Узун валюта позициясы «+» белгиси, ал эми кыска валюта позициясы «-» белгисинде чагылдырылат. 

Суммардык валюта позициясы - бул, банктын ушул Нускоонун 2.5-пунктунда аныкталган «short hand» ыкмасын пайдалануу менен эсептелинген, бардык чет өлкө валютасы боюнча таза валюталык позицияларынын суммасы. 

Ачык валюта позициясынын лимиттери - бул банктын таза суммардык капиталына карата (ар бир чет өлкө валютасы боюнча) ачык валюта позицияларынын пайыздык катышында туюндурулган, Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөр. Ачык валюта позицияларынын лимиттери Улуттук банктын эсептик курсу боюнча кыргыз сомунда эсептелинет. Ачык валюта позицияларынын лимиттери үтүрдөн кийин, эки ондук мааниге чейин тегеректөө аркылуу пайыздарда эсептелинет. 

Банктын таза суммардык капиталы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык эсептелинет. 

Ушул Нускоонун максаттарында ачык валюта позицияларынын лимиттерин эсептөөдө, ар бир айдын бирине карата абал боюнча банктын таза суммардык капиталынын мааниси колдонулат. 

Бүтүмгө келишүү күнү - бул, бүтүмдүн (валюталардын түрлөрү, алмашуу курсу, каражаттардын суммасы, валюталоо күнү) негизги шарттары боюнча тараптардын макулдашууга келишкен күнү

Валюталоо күнү - бул бүтүмдүн катышуучуларынын эсебине каражаттарды которуу жүргөн күн. 

 

II. Ачык валюта позициясын эсептөө тартиби 

 

2.1. Банк ар бир операциялык күндүн аягында төмөнкү көрсөткүчтөрдү эсептөөгө тийиш. 

- ар бир чет өлкө валютасы боюнча таза валюта позицияларды; 

- суммардык валюта позициянын. 

2.2. Таза валюта позициясы «Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоодо келтирилген тартипке ылайык, төмөнкүлөрдү милдеттүү түрдө кошуу аркылуу ар бир чет өлкө валютасы боюнча, өз өзүнчө эсептелинет (Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 29-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 1-февралында 16-05 номеринде каттоодон өткөн N 36/13 токтом менен бекитилген): 

- банктар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча, чет өлкө валютасындагы таза спот-позициялар. Бул өлчөм, валюталоо күнү 2-күнгө чейинки бүткөрүлбөгөн «спот» контракттарды кошо алганда, баланстык активдер менен баланстык милдеттенмелердин ортосундагы айрыма катары эсептелинет. Эсептешүү активдердин жана милдеттенмелердин таза баланстык наркы боюнча жүргүзүлөт; 

- банк тарабынан ошол эле валютада камсыз кылынган гарантияларды, аккредитивдерди жана ошондой эле башка финансылык инструменттерди эске албаганда, чыгарылган же тастыкталган чет өлкө валютасындагы кайтарылып алынгыс гарантиялар, аккредитивдер жана ошондой эле башка финансылык инструменттер. Ушул нускоонун максаттарында, финансылык инструменттер дегенден улам, банктын векселдик тапшырмаларын (аваль), жол чектерин жана эл аралык тажрыйбада кабыл алынган башка милдеттенмелерин түшүнүү зарыл. Финансылык инструменттерге кредиттик линиялар кирбейт. 

Мында, көрсөтүлгөн гарантиялар, аккредитивдер, жана ошондой эле финансылык инструменттер бенефициар (пайда алуучу) милдеттеме боюнча акчалай сумманы төлөө талабын койгон же банк көрсөтүлгөн милдеттенмелер боюнча төлөө талабынын коюлушу ыктымалдуулугун тастыктаган документ жүзүндөгү айкын маалыматтарды алуусу учурунан тартып, таза валюта позициясын эсептөөгө кошулат. Мисалы, бенефициардын принципал өз милдеттенмелерин аткарбай жаткандыгы (аткарууну кечиктирип жаткандыгы) жөнүндөгү каты, таза валюта позицияларынын эсептөөгө гарантияларды кошуу үчүн негиз болуп саналат; 

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган/тартылган, өзүндө валюта тобокелдигин алып жүргөн чет өлкө валютасындагы жана башка баланстык эмес активдер. 

2.3. Валюта операциялары мудараба жана шарика/мушарака контракттарында негизделген операцияларды эске албаганда, бүтүмдөргө келишүү күнү валюта позициясын эсептөөдө кошулат (анын ичинде бүтүмгө келишкен күн болуп саналбаган, келечектеги валюталоо күнүн камтыган операциялар). 

Мудараба жана шарика/мушарака келишимдерине негизденген чет өлкө валютасындагы бүтүмдөр, банк тарабынан чет өлкө валютасындагы суммалар алынган күнү, валюта позициясынын эсептөөгө кошулат. Ушул бүтүмдөрдүн натыйжасында алынган пайда же чыгым, алар айкын келип чыккан учурда валюта позицияларынын эсептөөдө кошулат. 

2.4. Ар бир чет өлкө валютасы боюнча таза валюталык позицияларды эсептөөдө, валюта позицияларынын өлчөмү, отчеттук күнгө карата Улуттук банктын колдонуудагы эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулат. 

2.5. Бардык чет өлкө валюталары боюнча суммардык валюталык позиция «short hand» ыкмасын колдонуу менен эсептелинет, б.а. эсептөө ар бир валюта боюнча бардык узун таза валюталык позицияларды өзүнчө жана бардык кыска таза валюталык позицияларды өзүнчө суммалоо аркылуу жүргүзүлөт. Андан соң, алынган өлчөмдөр бири-бирине салыштырылып (абсолюттук өлчөмдө) эки өлчөмдүн эң чоң суммардык валюталык позициянын лимитин эсептөөдө колдонулат. 

 

III. Ачык валюта позицияларынын лимиттери 

 

3.1. Улуттук банк валюта тобокелдигин басаңдатуу максатында ачык валюта позицияларынын төмөнкүдөй лимиттерин белгилейт: 

3.1.1. Операциялык күндүн акырына карата абал боюнча банктын ар бир чет өлкө валютасындагы ачык узун/кыска валюталык позициялары жогору болбоого тийиш: 

а) Евразия экономикалык биримдигине жана ОЭСРге мүчө болуп саналган мамлекеттердин жана «Standard & Poor's» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингине ээ же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган рейтингге ээ мамлекеттердин валюталары үчүн, ошондой эле ЭВФ менен “Келишим статьяларынын” 8 статьясына кол коюшкан өлкөлөрдүн валютасы үчүн- банктын таза суммардык капиталынан 15%; 

Эскертүү: ОЭСР- Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму 

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин тизмеси www.oecd.org. расмий сайтына жайгаштырылган; 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы №21/11 токтомунун редакциясында). 

б) бардык калган өлкөлөрдүн валюталары үчүн банктын таза суммардык капиталынан 0% (жабык позиция). 

3.1.2. Операциялык күндүн акырына карата абал боюнча, ушул нускоонун 3.1.1. пунктунун а) пунктчасында көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн валюталары боюнча суммардык валюталык позициянын өлчөмү, банктын таза суммардык капиталынын 20% ашпоого тийиш. 

3.2. Ачык валюта позицияларынын белгиленген лимиттери, ар бир операциялык күндүн акырына карата милдеттүү түрдө сакталууга тийиш. 

3.3. Ачык валюта позицияларынын белгиленген лимиттеринен артып калуулар банк тарабынан кийинки операциялык күнгө которулбайт. Лимиттер өтүп жаткан операциялык күндүн акырына чейин Улуттук банктын талаптарына ылайык келтирилүүгө тийиш. 

3.4. Ачык валюта позицияларынын өлчөмдөрү, операция күнү ичинде валюта тобокелдигинин жол берилген деңгээлине баа берүүгө жараша, банк тарабынан өз алдынча контролдукка алынат. Мында банк, Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген валюталык тобокелдикти тескөө боюнча ички саясатка ылайык, күн ичинде валюта тобокелдигинин өлчөмүн бир чекте токтотуп, кармап турууга тийиш. 

3.5. Ачык валюта позицияларынын лимиттеринин чектүү мааниси, банк тарабынан операцияларды жүргүзүү жагында ишенимсиз жана алгылыксыз тажрыйбалар колдонулган шартта же болбосо банктык мыйзамдардын талаптарын бузууга жол бериши учурунда, Көзөмөл боюнча комитеттин чечимине ылайык, төмөндөтүлүшү мүмкүн. 

3.6. Эгерде банктын таза суммардык капиталынын өлчөмү терс чыкса же нөлгө барабар болсо, анда банк ар бир валюта боюнча таза валюта позицияларын Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө нөлгө (жабык позиция) ылайык келтирүүгө тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы №21/11 токтомунун редакциясында). 

 

IV. Банктын отчеттору жана аларды берүү тартиби 

 

4.1. Банк күн сайын саат 09.00гө чейин ушул нускоонун 1- жана 2-тиркемесине ылайык, акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча, ачык валюталык позициялар жөнүндө отчетторду Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы №21/11 токтомунун редакциясында). 

4.2. Банк бардык филиалдары, туундуу банктарды жана алмашуу бюролору боюнча маалыматтарды эске алуу менен ачык валюта позициялары тиешелүү төмөнкү отчетторду даярдап берүүгө тийиш: 

- ислам каржылоо принциптерине ылайык чет өлкө валютасында жүзөгө ашырылган операциялар боюнча отчет (1-тиркеме); 

- банктын бардык операциялары боюнча жыйынтык отчет (2-тиркеме); 

4.3. Ислам банкы ачык валюта позициясы боюнча отчеттун 1-тиркемеге ылайык берүүгө тийиш. 

4.4. «Ислам терезесине» ээ банк, бүтүндөй банк боюнча ачык валюта позицияларына тиешелүү отчету, ушул нускоого карата 2-тиркеме ылайык берүүгө тийиш. 

 

V. Банк тарабынан ачык валюта позицияларынын 

белгиленген лимиттерин бузууга жол бергендиги 

үчүн санкциялар 

 

5.1. Банк тарабынан ачык валюта позицияларынын белгиленген лимиттерин бузууга жол берилиши учурунда, Улуттук банкы бузууга жол берилген суммадан 5% өлчөмүндө, бирок Улуттук банктын ченемдик актыларында каралган банктын төлөнгөн уставдык капиталынын өлчөмүнүн 1% ашпаган чекте, акчалай айыптык төлөмдү өндүрүү түрүндөгү санкцияны колдонот. 

5.2. Банк белгиленген лимиттерди системалуу түрдө бузууга жол берсе (30 календардык күн ичинде эки жолудан көбүрөөк), Улуттук банк банктык мыйзамдарда жана Улуттук банктын нормативдик актыларында каралган лицензияны кайтарып алууга чейинки башка санкцияларды колдонушу мүмкүн. 

Эскертүү: Белгиленген лимиттерден 0-0,05% чегинде ашуу, айыптык санкциялардын колдонулушуна алып келбейт. 

5.3. Банктын кандай болбосун жол менен отчеттордо реалдуу валюталык позицияларды чагылдыруудан качуусу, Улуттук банк тарабынан: 

- Улуттук банкты жаңылыштыкка алып келүүгө аракеттенүү

- алгылыксыз банктык тажрыйбаны колдонуу; 

- реалдуу өлчөмүн бурмалоо максатында, валюта позицияларын жаап жашыруу, б.а. алардын келип чыгышын аныктоого мүмкүн болбогон шектүү операциялардын жүргүзүлүшү жана/же бул операциялар банктын финансылык отчетуна жана анын экономикалык нормативдерди аткаруусуна таасирин тийгизиши мүмкүн экендиги катары каралат. 

5.4. Ушул нускоонун кайсыл болбосун жобосун бузууга жол берүү учурунда, банк жетекчилери ошол кемчиликтер жөнүндө Улуттук банкка дароо маалымдоого жана эки күн ичинде жол берилген кемчиликтердин себептерин жана аны чектетүү боюнча банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын тизмегин кошо тиркөө менен кат жүзүндөгү түшүндүрмөнү берүүгө тийиш. 

5.5. Эгерде форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышынан улам, ачык валюта позицияларынын лимиттерин бузууга жол берилген болсо, эрежедегидей эле анда, акчалай айыптык төлөмдү өндүрүү түрүндө санкциялар банкка карата колдонулбайт. 

Форс-мажордук жагдайларга: бөөдө кырсыктар (суу ташкыны, жер титирөө, өрттүн чыгышы жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), согуштук жаңжалдар, террористтик актылар, элдик толкундоолор жана баш аламандыктар, ошондой эле Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин банк тарабынан аткарылышына кедергисин тийгизген же алардын аткарылышына чек коюп, тыюу салган кандайдыр бир ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы N 91/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.6. Банкта убактылуу администрация режими аракеттенип турган учурда Көзөмөл боюнча комитет ачык валюта позицияларынын белгиленген лимиттерин сактабагандыгы үчүн банктан акчалай айыптык төлөмдү өндүрүүнүн максатка ылайыктуулугун кароого укуктуу. Албетте мында, мына ушул экономикалык ченемдин бузулушуна алып келген бардык жагдайлар да эске алынат. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы №21/11 токтомунун редакциясында). 

5.7. Эгерде банкта убактылуу администрация режими аракеттенип турган учурда ачык валюта позицияларынын лимиттерин бузууга жол берүү, убактылуу администрация киргизилгенге чейинки банк ишинин натыйжасынан болсо, Көзөмөл боюнча комитет аны төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу менен банктан акчалай айыптык төлөмдү өндүрүү маселесин кароого укуктуу. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы №21/11 токтомунун редакциясында). 

 

VI. Чет өлкө валютасындагы операциялар 

боюнча ички контролдукту уюштуруу 

 

6.1. Банк чет өлкө валютасы менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн валюта тобокелдигин тескөө боюнча ички саясатты иштеп чыгып, шайкеш ички контролдукту уюштурууга тийиш. 

6.2. Чет өлкө валютасы менен жүргүзүлгөн ар бир операция боюнча тиешелүү жол-жоболор иштелип чыгууга жана аларда кеминде төмөнкү маселелер камтылууга тийиш: 

- bаск жана front офистеринин функцияларын так чектеп бөлүштүрүү

- банктын кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин, бир кызматкер кандайдыр бир процессти толук көлөмүндө аткарып жана/же контролдой алгандай, б.а. бүтүмгө келишүү демилгесинен алардын бухгалтердик китептерде чагылдырылышына чейинки милдетти аткара алгандай бөлүштүрүү

- банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан операциялардын көлөмүнүн банктын тиешелүү ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан санкцияланышынын так системасын колдонууга киргизүү

- банк тарабынан ар бир чет өлкө валютасы жана бүтүндөй валюталар боюнча ачык валюта позицияларынын ички лимиттеринин белгилениши; 

- жүргүзүлүп жаткан операцияларда камтылган тобокелдик деңгээлине жана алардын мүнөзүнө, ошондой эле контрагенттердин категорияларына жараша, алардын ишенимдүүлүгү боюнча жеткиликтүү маалыматтардын алынышын белгилөө

- валюта операцияларына текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ички аудитке карата талаптарды белгилөөң аз дегенде, аудиторлордун көз карандысыздыгы жана алардын тиешелүү билим деңгээлге ээ экендиги); 

- валюта операцияларынын эсебин жүргүзүү жана отчет даярдоо боюнча банк жана анын филиалдары үчүн талаптарды белгилөө (алардын формасы, сунуштоо мезгил аралыгы, жоопкерчиликтери); 

 

1-тиркеме 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча 

ачык валюта позициялары жөнүндө 20___-жылдын «____» ___________ карата абал боюнча күндөлүк отчет.  

______ жылдын карата абал боюнча ТСК: _______ миң сом 

 

Валюта түрү 

Улуттук банктын эсептик курсу 

АВПнын өлчөмү (миң сом 

Анын ичинде: 

АВПнын өлчөмү (% ТСКга карата) 

Лимит нормасынан четтөө (%) 

Бүткөрүлбөгөн спот- бүтүмдөр боюнча калдыктар 

Баланс 

Баланстан тышкары 

 

 

Сатуу 

Сатып алуу 

  

  

  

  

  

 

 

 

 

  

  

  

  

  

 

 

  

 

  

  

  

  

  

 

 

  

 

Суммардык ачык валюта позициясы:  

 

 

  

 

  

Аты-жөнү:_____________________ Кызмат орду ___________________ Күнү________________ 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы №21/11 токтомунун редакциясында). 

 

2-тиркеме 

20_-жылдын «___» ______ карата абал боюнча ачык валюта позициялары (АВП) тууралуу 

жыйынтыкталган күндөлүк отчет. 

______ жылдын карата абал боюнча ТСК: _______ миң сом 

 

Валюта түрү 

Улуттук банктын эсептик курсу 

АВПнын өлчөмү (миң сом 

Анын ичинде: 

Бүткөрүлбөгөн спот- бүтүмдөр боюнча калдыктар 

АВПнын өлчөмү (% ТСКга карата) 

Лимит нормасынан четтөө (%) 

Баланс 

Баланс тан тышкары 

Сатуу 

Сатып алуу 

  

  

  

  

  

 

 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

 

  

  

  

  

  

 

  

  

Суммардык ачык валюта позициясы:  

  

 

  

  

 

Аты-жөнү:_____________________ Кызмат орду ___________________ Күнү________________ 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы №21/11 токтомунун редакциясында).