Кайта келүү

КР Юстиция министрлигинин 2005-жылдын 1-апрелинде 44-05 номеринде каттоодон өткөн 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2005-жылдын 2-мартындагы N 4/1 токтому  

менен бекитилген 

Кыргыз Республикасынын ФКУнун кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо 

САЯСАТЫ ЖАНА НЕГИЗГИ ПРИНЦИПТЕРИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2013-жылдын 27-мартындагы N 9/12, 2014-жылдын 19-февралындагы № 4/5, 2016-жылдын 28-декабрындагы №51/3, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. (Улуттук банктын Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

1.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилген лицензиянын (күбөлүктүн) негизинде ФКУнун кызматтарды көрсөтүүчү коммерциялык банктардын, башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары, иш-аракеттерине алар тарабынан Кыргыз Республикасынын ФКУнун кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы мыйзамды сактоолору боюнча контролдукту жүзөгө ашырат. 

1.3. Бул саясатта Улуттук банктан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан сунушталуучу банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияны жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөр укугун коргоо жагында Улуттук банк тарабынан көрүлүүчү иш-аракеттер аныкталат.  

1.4. Бул Саясат аркылуу коммерциялык банктар, башка финансы-кредит уюмдары (ФКУнун), төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары ортосунда Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкка таасирин тийгизген мамилелер жөнгө салынат. 

2. Негизги терминдер жана аныктамалар 

2.1. Бул Саясатта пайдаланылуучу терминдөр жана аныктамалар ушул саясаттын 1.1.-пунктунда келтирилген ченемдик укуктук актыларда пайдаланылуучу терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет. 

2.2. Бул Саясатта кошумча төмөндөгүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат: 

банктык кызмат көрсөтүүлөр банктардын, финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жактарга жана жеке адамдарга көрсөтүүчү операциялары жана кызматтары; 

банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногу - Кыргыз Республикасынын аймагындагы жана анын бөлүгүндөгү банктардын, финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары ишаракеттеринин керектөөчүлөргө банктык кызматтардын көрсөтүлгөн жердин негизинде аныкталуучу чөйрөсү

банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаштык ФКУлар, финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары ортосундагы эркин атаандаштык, мында алардын өз алдынча иш-аракеттери алардын ар биринин банктык жана башка финансы-кредит уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ишкердикти жүзөгө ашыруу шарттарына, анын ичинде кызматтардын сегменттери боюнча, бир тараптуу таасир этүү мүмкүнчүлүгү чектелет; 

банктык кызмат көрсөтүү рыногундагы монополиялык ишкердик - бул, ФКУлардын, финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары жактардын тобунун басымдуу абалды ээлөөдөн кыянаттык менен пайдаланышы, монополияга каршы мыйзамдарга карама-каршы аракеттенүүгө макулдашуусу же макулдашып аракеттениши, ФКУнун (жактардын тобунун) атаандаштыкка бөгөт коюуга, чектөөгө же четтетүүгө багытталган аракеттери (аракеттенбей коюулары); 

банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда адилетсиз атаандаштык банктардын, финансы-кредит меке уюмдары мелери, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары монополияга каршы мыйзамдарга жана иштердин адаттагы жүрүшүнө каршы келүүчү, банктык кызматтарды көрсөтүүдө негизсиз артыкчылыктарды белгилөөчү жана банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы башка атаандаш банктарга зыян келтирген жана келтириши мүмкүн болуучу же алардын ишкердик абройлоруна шек келтирүүчү аракеттери; 

банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда тиешесиз жарнамалык иш-аракеттер банктын, финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндө мыйзамынын жалпы жана/же атайын талаптарын бузуучу иш-аракеттери; 

банктык кызмат көрсөтүү рыногунда үстөмдүк кылуу абалы - банктын банктык, финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары кызмат көрсөтүүнүн жалпы шарттарына чечүүчү таасир көрсөтүүгө мүмкүндук берүүчү жана/же банктык кызмат көрсөтүү рыногуна Кыргыз Республикасынын башка банктарынын кирүүлөрүнө кыйынчылык келтирүүчү өзгөчө абалы; 

атаандаштыкка каршы макулдашуу (макулдашылган аракеттер) - бир документте же бир нече документтерде чагылдырылган кат жүзүндө макулдашуу, ошондой эле оозеки макулдашып алуу. Банктык кызмат көрсөтүү рыногундагы жагдайдын өзгөрүүсүнө талдап-иликтөөлөр мунун далилинен болушу мүмкүн. 

3. ФКУлардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын басымдуу абалды ээлөөсү 

3.1. Кыргыз Республикасынын аймагында ФКУ, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан сунушталган банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн кайсыл болбосун түрү боюнча басымдуу абалды ээлөө жагдайын аныктоого болот. 

3.2. Эгерде ФКУнун, төлөм системасынын оператору же төлөм уюмунун үстөмдүк кылуучу абалы керектөөчүлөр үчүн сунушталуучу кызматтын сапатына таасирин тийгизсе, же банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда финансылык тобокелдиктин жана/же монополиялык абалдын орун алышына алып келиши мүмкүн болсо, же кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жогорулатса, же болбосо эркин баа түзүлүшүнө чектөөлөрдү белгилесе, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык тиешелүү чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу. 

3.3. ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ФКУ, төлөм системаларынын операторлору же төлөм уюмдарынын» деген сөздөр менен толукталсын үстөмдүк кылуу абалы эгерде, ал төмөндөгү жолдор менен жетишилген болсо, монополияга каршы мыйзамды бузгандык болуп саналат: 

а) ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда керектөөчүлөр менен келишим түзүүдөн жүйөсүз баш тартса; 

б) керектөөчүнү ал үчүн пайдасыз жана алгылыксыз же келишимдин шарттарынын предметтерине таандык болбогон келишимдерди бекитүүгө мажбурласа; 

в) сунушталуучу кызматтарга монополиялык жогорку (төмөн) баалардын белгилениши, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат; 

г) ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногуна башка ФКУ, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кирүүсүнө кыйынчылык келтирүү

д) ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ФКУ кызматтарды көрсөтүүнүн жалпы шарттарына терс таасир этүү, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарына доо кетирүү

4. Адитлетсиз атаандаштык 

4.1. ФКУлар, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары өз ишкердигин жүргүзүүдө банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы башка атаандаш ФКУларга, төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына зыян келтириши же алардын ишкердик аброюна шек келтириши ыктымал болгон же болбосо керектөөчүлөр укугунун бузулушуна алып келген адилетсиз атаандаштыкка жол бербөөгө тийиш. Мына ушундай аракеттердин катарына төмөндөгүлөр таандык: 

а) башка ФКУ, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары же ФКУ, жөнүндө жалган, так эмес же бурмаланган маалыматтарды таркатуу; 

б) жарнаамалык иштердин формаларын жана ыкмаларын бузуу; 

в) кызматтык жана коммерциялык сырды камтыган маалыматтарды Кыргыз Рөспубликасынын майзамдары тарабынан каралган учурларды эске албагандыгынын ээсинин макулдугусуз алуу, пайдалануу жана таркатуу; 

г) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келүүчү аракеттердин башка формалары. 

5. ФКУлардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ФКУ кызмат көрсөтүү рыногунда атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашуусу (макулдашып аракеттенүүсү

5.1. ФКУ, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын Келишимдери жана макулдашылган аракеттери ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты чектөө- гө багытталган шарттарды камтууга тийиш эмес, атап айтканда: 

а) ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда аныкталган бааларды белгилөө максатында ФКУ, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын арасындагы сүйлөшүп алуулар; 

б) ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногун аймактык принцип боюнча, көрсөтүлүүчү ФКУ кызматтардын түрлөрү боюнча, ФКУ кызматтарды керектөөчүлөр боюнча бөлүү

в) ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногуна жаңы ФКУ, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кирүүлөрүн чектөө же андан иштеп жаткандарды четтетүү

г) башка ФКУ, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын тигил же бул төлөө системасына кирүүсү үчүн негизсиз бөгөт коюулары. 

5.2. Чарба жүргүзүүчү субъекттер менен түзүлүүчү келишимдер ФКУ кызмат көрсөтүүлөрдүн (эсептерди ачуу, эсептик-кассалык тейлөө ж.б.) негизги түрлөрүнө карата тарифтерди негизсиз өзгөртүүгө, географиялык жайгашуусунан же рынокто башка финансы-кредиттик уюмдардын же төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын жок болушунан улам чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн тарифтерди дифференциялоого алып келүүчү шарттарды камтыбоого тийиш. 

5.3. Улуттук банк менен макулдашууда ФКУ, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын төмөндөгү максаттарды камтыган келишимине же макулдашылган аракеттерине тыюу салынбайт: 

а) келишимге катышуучу ФКУ, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын стандарттык иш-аракеттерин унификациялоону; 

б) негизги иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн техникалык каражаттарды биргелешип сатып алууну; 

в) информацияларды жана маалымат базаларын иргөөнүн биргелешкен программалык жана техникалык каражаттарын пайдаланууну. 

5.4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары тарабынан ФКУ, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын тыюу салынбаган башка келишим шарттары жана макулдашылган аракеттери белгилениши мүмкүн. 

5.5. ФКУ, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары Улуттук банкка бардык түзүлгөн келишимдер же биргелешкен аракеттерди жүргүзүү тууралуу кабыл алынган чечимдер жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтүүлөрү тийиш, алардын натыйжасында алар ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда үстөмдүк кылуучу абалды ээлеши мүмкүн. 

ФКУ, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан ушул Саясаттын 5.1.-пунктунда көрсөтүлгөн келишимдин шарттары боюнча чектөөлөр сакталбаган учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аны иштебеген катары таануу үчүн чараларды кабыл ала алат. 

6. Улуттук банктын ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча милдеттери жана функциялары 

6.1. Улуттук банктын негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат: 

6.1.1. Жаңы ФКУ кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүүгө банктык жана инновациялык технологияларды өнүктүрүүнү көмөктөшүүнү кошо алганда, ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү

6.1.2. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда, анын ичинде ФКУлардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын келишимдерди түзүүдө жана макулдашылган аракеттерди көрүүдө, ФКУларды, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын түзүүдө, кайра уюштурууда (биригүү, кошулуу, өзгөртүп түзүү) жана ФКУлардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын акцияларын сатып алууда монополияга каршы мыйзам талаптарынын сакталышына контролдук кылуу

6.1.3. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу. 

6.2. Улуттук банк төмөндөгү негизги функцияларды аткарат: 

6.2.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ылайык ФКУ, төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата монополияга каршы мыйзамдын сакталышы боюнча милдеттүү түрдө аткарылуучу ченемдик укуктук актыларды жана көрсөтмөлөрдү чыгарат; 

Аткаруучу бийлик органдарына, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берет; 

Монополияга каршы мыйзамдын жана ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү жөнүндө башка ченемдик укуктук актылардын бузулуу фактыларын белгилейт жана алар боюнча тиешелүү чараларды кабыл алат; 

ФКУ кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн кайрылуусу учурунда алардын укуктарынын бузулуу фактыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде караштырат. 

7. Улуттук банктын ыйгарым укуктары 

7.1. ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияны болтурбоо максатында Улуттук банк төмөндөгүлөргө укуктуу: 

7.1.1. ФКУ, төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына үчүн алардын монополия абалына дуушар болуусу учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бааларды түзүү принциптерин белгилөөгө

7.1.2. ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы мыйзамдарды колдонуу маселелери боюнча түшүнүк берүүгө

7.1.3. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар укугун коргоо максатында, мамлекеттик программанын чегинде ФКУлар, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары үчүн милдетүү түрдө тейлөөгө алынууга тийиш болгон керектөөчүлөрдүн категорияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныктоо. Мамлекеттик программага катышуу ФКУлар, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан өз алдынча аныкталат

7.1.4. Туунду ФКУ аны ачуу боюнча башкы ФКУ башкы ФКУ жактыруусу жөнүндө кепилдик катын сурап алууга; 

7.1.5. ФКУлар, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары милдеттүү аткарууга тийиш болгон, монополияга каршы мыйзам талаптарын жана атаандаштыкты өнүктүрүү жана банктык кызмат көрсөтөөлөр рыногунда керектөөчүлөр укугун коргоо жана/же аларлын кесепеттерин четтетүү тууралуу башка ченемдик укуктук актыларды бузууларды четтетүү тууралуу жазма буйрууларды чыгаруу; 

7.1.6. Төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынсын: 

а) ФКУга, төлөм системаларынын операторуна жана төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопккерчилик жөнүндө» Кодексине, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык айып салуу жөнүндө

б) монополияга каршы мыйзам талаптар аткарылбаган шартта, ФКУнун, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын лицензияларын кайтарып алуу жөнүндө

в) ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы мыйзамдын жана атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө башка ченемдик актылардын бузулгандыгы жөнүндө, анын ичинде монополияга каршы мыйзамга жана ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө башка ченемдик укуктук актыларга каршы келүүчү келишимдерди толук же жарым жартылай жараксыз деп таануу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга; 

г) ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы мыйзамды жана атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө башка ченемдик укуктук актыларды бузуунун натыйжасында алынган пайдаларды мамлекеттик бюджетке чегерүү тууралуу сотко кайрылуу жөнүндө

д) ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы мыйзамдын жана атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө башка ченемдик укуктук актылардын бузулгандыгы жөнүндө арызды, ошондой эле монополияга каршы мыйзамды жана ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларды бузууларга байланыштуу кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иштерин козгоо жөнүндө маселелерди чечүү үчүн материалдарды тиешелүү укук коргоо органдарына багыттоо жөнүндө

7.1.7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктардын чегинде башка аракеттерди жүзөгө ашыруу

8. Улуттук банк тарабынан монополияга каршы жөнгө салуунун механизми 

8.1. ФКУ кызмат көрсөтүү рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөр укугун коргоо боюнча көзөмөлдүктү жүргүзүү процессинде Улуттук банк лицензиялоо, сырттан көзөмөлдүктү жүргүзүү жана жеринде барып инспекциялоодо иштерин айкалышта караган ыкмаларды колдонот. 

8.2. ФКУ кызмат көрсөтүү рыногунда ФКУлардын басымдуу абалды ээлөөсү Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы N 16/5 токтому менен бекитилген "Банктык кызмат көрсөтүү рыногунда басымдуу абалды ээлөөнү аныктоо жөнүндө" жобого ылайык аныкталат. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун басымдуу абалы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат 

8.3. Жеринде барып Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө Улуттук банк тарабынан банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча баанын түзүлүшүнө, тарифтерди ФКУнун, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ички баа түзүү саясатына ылайык иштеп чыгуу жана бекитүү тартибине талдап иликтөөлөр жүргүзүлөт жана тиешелүү маалыматтар ФКУну, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын текшерүү натыйжалары боюнча жалпы отчетто чагылдырылат. 

8.4. Улуттук банк текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча отчеттордо камтылган, сырттан көзөмөлдүктү жана лицензиялоону жүзөгө ашыруу процессинде аныкталган маалыматтардын негизинде, ФКУлар, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан монополияга каршы Мыйзам талаптарынын же атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жагындагы башка ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бузууга жол берилиши учурларын, атап айтканда төмөнкү жагдайларды кароого алат: 

- монополияга каршы мыйзамдарга каршы келген бүтүмдөргө келишүүдө аракеттерди; 

- баа түзүү тартибин бузууга жол берип, анын ичинде негизсиз жогорулатылган (төмөндөтүлгөн) бааны белгилөө, колдоого алуу учурларын; 

- атаандаштыкты чектөө максатында келишип алуулар. ФКУ рынокто жагдайдын өзгөрүүсүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү мунун далилинен болушу мүмкүн; 

- ФКУ кызматтардан пайдалануучулардын Мыйзам бузуулардын орун алып жаткандыгын далилдеген документтерди кошо тиркөө менен кат жүзүндө кайрылуусу. 

8.5. ФКУлар, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан монополияга каршы мыйзамдарды бузууга жол бергендик аныкталган учурда, ошондой эле келип түшкөн арыздарды кароодо Улуттук банк, белгиленген тартиптерге ылайык, планда каралбаган (комплекстүү же максаттуу) инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечимин кабыл алышы мүмкүн. 

9. Корутунду жоболор 

9.1. ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу маселеси боюнча Улуттук банк банктык сыр жөнүндө мыйзам тарабынан аныкталган чектеги маалыматтарды Кыргыз Рөспубликасынын монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдары менен алмаша алат. 

9.2. Төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү натыйжалуу жүргүзүү үчүн Улуттук ФКУ төлөө системасына көзөмөлдү жүзөгө ашырат, ошондой эле ФКУ клирингдик жана эсептөшүү кызматтарына карата адилеттүү жана тең укуктуу мүмкүндүктөрдү камсыз кылат.