Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Адилет 

министрлигинде 2005-жылдын 1- 

февралында № 16-05 номеринде 

каттоодон өткөртүлгөн 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2004-жылдын 29-декабрындагы 

№36/13 токтому менен 

бекитилген 

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө" нускоо  

 

Өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 25-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №26/5, 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/5, 2016-жылдын 14-декабрындагы №48/11, 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА), 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА) 

токтомдору менен бекитилген.  

 

Бул нускоодо ачык позицияны эсептөө тартиби жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан коммерциялык банктар ачык валюта позициясын жана баалуу металлдар боюнча ачык позиция (мындан ары ачык позициялар) лимиттерин сактоосуна контролдукту жүргүзүү тартиби белгиленген. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) алдыга коюлган максаттарга жетишүүсү жана милдеттерди аткаруусу үчүн Улуттук банк Башкармасы өзүнчө токтом менен ушул нускоодо белгиленген ачык позиция лимиттерин белгилүү бир мөөнөткө өзгөртүшү мүмкүн. 

Ачык позиция лимиттерин сактоо тартиби бардык коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары текст боюнча - банктар) таркатылат. 

Ички саясаттарды жана тобокелдиктерге контролдукту жүргүзүү жол-жоболорун иштеп чыгууда банк ушул нускоонун талаптарына таянууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

1. Аныктама 

 

Бул Нускоонун максаттарында төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:  

1.1. Валюта тобокелдиги валюта курсунун алгылыксыз өзгөрүшү шартында, банктын чет өлкө валютасында туюндурулган (активдеринин)/ милдеттенмелеринин талаптарынын наркынын өзгөрүшүнүн натыйжасында анын чыгымга учуроо тобокелдиги. Валюта позициясы валюта операцияларын жүзөгө ашыруу учурунда келип чыгат жана банктын валюта тобокелдигине дуушар болуу деьгээлинин көрсөткүчү болуп саналат.  

1.2. Валюта операциялары бул чет өлкө валюталарын алмашырууга, сатып алууга/сатууга (конвертирлөөгө) байланыштуу бүтүмдөр, ошондой эле алардын натыйжасында чет өлкө валютасында туюндурулган талаптардын (активдердин) же болбосо милдеттенмелердин өзгөрүүгө учураган башка операциялары. 

1.3. Таза позиция бул, нумизматикалык (коллекциялык) монеталарды эске албаганда, банктын ар бир чет өлкө валютасындагы жана өзүнчө баалуу металл түрүндөгү (алтында, күмүштө, платинада) баланстык сыяктуу эле, баланстан тышкаркы талаптарынын (активдеринин) жана милдеттенмелеринин ортосундагы айырма. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.4. Ачык позиция бул, банктын тиешелүү валюталардагы жана баалуу металлдардагы талаптарынын (активдеринин) жана милдеттенмелеринин дал келбей калышы, ал эми бирдей болуп калган учурда ал жабык позиция деп эсептелинет. 

Ар бир чет өлкө валютасы жана баалуу металлдардын ар бир түрү (алтын, күмүш, платина) боюнча ачык позиция өз-өзүнчө эсептелинет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.5. Банктын ачык позициясы узун (банктын тиешелүү валютадагы/тиешелүү баалуу металл түрүндөгү талаптары (активдери) ошол эле валютадагы/ошол эле баалуу металл түрүндөгү милдеттенмелерден артышы) же кыска (милдеттенмелердин талаптардан (активдерден) артышы) болушу мүмкүн. Узун валюта позициясы «+» белгисинде, ал эми кыска валюта позициясы «-» белгисинде жазылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.6. Суммардык позиция бул, ушул нускоонун 2.5-пунктунда аныкталган «short hand» ыкмасында эсептелинген бардык чет өлкө валюталары жана баардык баалуу металл түрлөрү боюнча банктын бардык таза позицияларынын суммасы. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.7. Ачык позиция лимиттери бул, Улуттук банк тарабынан белгиленген, ачык валюта позицияларынын (ар бир чет өлкө валютасы/ар бир баалуу металл түрү боюнча жана суммардык) банктын таза суммардык капиталына карата пайыздык катышында туюндурулган чектөөлөр. Ачык валюта позицияларынын лимиттери үтүрдөн кийинки эки ондук белгиге чейин тегеректелип, пайыздарда эсептелинет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.8. Банктын таза суммардык капиталы бул ченем Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун талаптарына ылайык эсептеленет. Бул нускоонун максаттарында ачык позиция лимиттерин эсептөөдө банктын ар айдын 1ине карата суммардык капиталынын мааниси колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.9. Бүтүмгө келишилген күн бул, тараптардын бүтүмдүн негизги шарттары (валютанын түрү, алмашуу курсу, каражаттын суммасы, валютага айландыруу күнү, баалуу металлдын түрү, салмагы ж.б.) боюнча макулдашууга жетишишкен күнү.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.10 Валюталоо күнү бул бүтүмгө катышкандардын эсептерине каражаттарды чегерүү ишке ашырылган күн.  

 

2. Ачык позицияларын эсептөө тартиби 

 

2.1. Банк ар бир жумуш күнүнүн акырына карата абал боюнча төмөнкү көрсөткүчтөрдү эсептеп чыгууга тийиш: 

· Ар бир чет өлкө валютасы боюнча таза валюта позицияларын; 

· Суммардык валюта позицияларын; 

· Баалуу металлдардын ар бир түрү боюнча таза позициялары; 

· Суммардык баалуу металлдар боюнча позицияларын. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2. Таза позициялар төмөнкү көрсөткүчтөрдүн суммасы катары ар бир чет өлкө валютасы жана ар бир баалуу металл түрү боюнча өз-өзүнчө эсептелинет:  

Чет өлкө валютасындагы/баалуу металл түрүндөгү таза спот-позиция. Бул өлчөм баланстык активдер менен баланстык милдеттенмелер ортосундагы айырма катары эсептелинет (анын ичинде 2 күнгө чейинки валютага айландыруу күнү менен бүткөрүлбөй калган «спот» контракттар жана «СВОП» контракттардын бөлүгү болуп саналган «спот» контракттар). Мында, активдер жана милдеттенмелер эсепке таза баланстык нарк боюнча кошулат. 

Эскертүү: Бул нускоонун максаттарында “СВОП” контракт дегенден улам эки бүтүмдүн «спот» жана «форвард» контракттарынын бир эле суммага/баалуу металл салмагына («СВОП» контрактынын негизги суммасы) белгилүү бир мезгил ичинде бир эле контр-агент менен келишилген бүтүмдөрдүн айкалышын (комбинациясын) чагылдырган операцияны түшүнүү зарыл. 

- чет өлкө валютасындагы/баалуу металл түрүндөгү таза форвард-позиция. Бул өлчөм, талаптар менен «форвард» контракт боюнча милдеттенмелердин (фьючерстерди кошо алганда), ошондой эле «СВОП» контракттын бөлүгү болуп саналган «форвард» контрактынын («СВОП» контрактынын негизги суммасы) ортосундагы айырма катары эсептелинет. 

Гарантиялардан, аккредитивдерден жана аларга окшош ошол эле валютада/ошол эле баалуу металл түрүндө камсыздалган финансылык инструменттерден тышкары, банк тарабынан чыгарылган жана тастыкталган кайтарылып алынбаган гарантиялар, аккредитивдер жана аларга окшош чет өлкө валютасында номинирленген финансылык инструменттер. Бул нускоонун максатында, финансылык инструменттер дегенден улам, векселдик кепилдикти (аваль), жол чектерин жана эл аралык тажрыйбада кабыл алынган банктын шарттуу милдеттенмелерин түшүнүүгө болот. Финансылык инструменттерге кредиттик линиялар кирбейт.  

Мында, көрсөтүлгөн гарантиялар, аккредитивдер жана ушул сыяктуу финансылык инструменттер, бенефициар (пайда алуучу) милдеттенме боюнча акчалай сумманы төлөөнү талап кылган учурдан тартып же банк мындай милдеттенмелерди төлөө тууралуу талап коюлушу мүмкүндүгүн тастыктаган документти алган учурдан тартып таза позиция эсебине кошулат. Мисалы, бенефициардын принципал өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы (аткарууну кечеңдеткени) жөнүндө каты ошол гарантияны таза позиция эсебине кошуунун негизи болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3. Валюталык операциялар жана баалуу металлдар менен операциялар, ошондой эле келечекте валюталоо күнү камтылган жана ал бүтүм келишилген күн болуп саналбаган операциялар да бүтүмгө келишилген күндөн тартып таза позиция эсептерине кошулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4. Ар бир чет өлкө валютасы боюнча таза валюта позицияларын эсептөө учурунда, валюта позицияларынын өлчөмү отчеттук күнгө карата колдонулуп жаткан Улуттук банктын эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулат

Баалуу металл түрүндөгү таза позицияларды эсептөөдө:  

- сандык туюндурууда нак эмес түрүндөгү баалуу металлдар Лондон баалуу металлдар рыногу ассоциациясы тарабынан эсептешүүгө чейинки күнү кечки фиксинг боюнча Улуттук банктын отчеттук күнгө карата расмий белгиленген АКШ долларындагы кросс-курс аркылуу сом түрүндө эсептелинет; 

- сандык туюндурууда нак түрүндөгү баалуу металлдар банктын эсепке алуу саясатында белгиленген эсептик курс боюнча эсептелинет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.5. Суммардык позициялар «short hand» ыкмасында эсептелинет. Тактап айтканда, ар бир валюта/ар бир баалуу металл түрү боюнча бардык узун таза позицияларды өзүнчө жана бардык кыска таза позицияларды өзүнчө кошуу аркылуу эсептелинет. Андан соң келип чыккан өлчөм бири-бирине салыштырылат (абсолюттук өлчөмдө) жана алардын ичинен көбүрөөк өлчөмү суммардык позиция лимитин эсептөөдө колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

3. Ачык позиция лимиттери  

 

3.1. Банктардын валюта тобокелдигин басаңдатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ачык валюта позицияларынын төмөнкүдөй лимиттерин белгилейт: 

3.1.1. Операциялык күндүн акырына карата абал боюнча ар бир чет өлкө валютасы боюнча ачык узун/кыска валюта позицияларынын өлчөмү төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш: 

а) Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин валюталары жана/же ЭВФ менен «Келишимдер статьясынын» 8-статьясына кол койгон өлкөлөрдүн валюталары үчүн банктын таза суммардык капиталынан 15%. Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин тизмеги www.oecd.org дареги боюнча расмий сайтта ал эми ЭВФ менен «Келишимдер статьясынын» 8-статьясына кол койгон өлкөлөрдүн тизмеги www.imf.org дареги боюнча расмий сайтта жайгаштырылган;  

б) ЭВФ менен «Келишимдер статьясынын» 8-статьясына кол койбогон өлкөлөрдүн валюталары үчүн банктын таза суммардык капиталынан 0% (жабык позиция). 

3.1.2. Операциялык күндүн акырына карата абал боюнча өлкөлөрдүн бардык чет өлкө валюталары боюнча бул Нускоонун 3.1.1-пунктунун а) пунктчасында көрсөтүлгөн суммардык валюта позициясынын өлчөмү банктын таза суммардык капиталынан 20% ашпоого тийиш.  

3.1.3. Баалуу металлдарды сатуу-сатып алуу операцияларын жөнгө салуу максатында Улуттук банк коммерциялык банктарга карата баалуу металлдар боюнча ачык позиция лимиттерин белгилейт: 

а) операциялык күндүн акырына карата абал боюнча ар бир баалуу металлдын түрү боюнча ачык узун/кыска позицияларынын өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 15% ашпоого тийиш; 

б) операциялык күндүн акырына карата абал боюнча баалуу металлдар түрүндөгү суммардык позиция өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 20% ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2. Банктар ар бир операциялык күндүн акырына карата ачык позицияларынын белгиленген лимиттерин сактоого милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.3. Ачык позицияларынын белгиленген лимиттерден арткандары банк тарабынан кийинки операциялык күнгө которулбайт. Лимиттер өтүп жаткан операциялык күндүн акырына чейин Улуттук банктын талаптарына ылайык келтирилүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.4. Операциялык күн ичинде ачык позициялар өлчөмүн банк валюта жана баалуу металлдар менен операциялар тобокелдигинин жол берилген деңгээлине жеке баа берүүгө жараша өз алдынча контролдукка алат. Мында, ар бир банк Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички саясатка ылайык, күн ичинде тобокелдиктерди тиешелүү деңгээлде кармап турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.5. Ачык позиция лимиттеринин чектүү мааниси ушул банктар тарабынан өзүнө кабыл алып жаткан валюта тобокелдигинин эң эле жогорку деңгээли табылган шартта, Көзөмөл боюнча комитеттин чечими менен айрым банктар үчүн төмөндөтүлүшү мүмкүн.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.6. Эгерде, банктын таза суммардык капиталынын өлчөмү терс мааниде же нөлгө барабар болсо, банк ар бир валюта/ар бир баалуу металлдын түрү боюнча таза позицияларды Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө нөлдүк мааниге (жабык позиция) жеткирүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.7. Банкта жооптуу сактоодо жана күрөө түрүндө сунушталган баалуу металлдар банктын милдеттенмеси болуп саналбайт жана баалуу металлдар түрүндөгү ачык позицияны эсептөөдө эсепке алынбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

4. Банктын отчеттору жана аларды берүүнүн тартиби  

4.1. Күн сайын банктар саат 9.00гө чейин ушул Нускоого кошо тиркелген 1-тиркемеге жана 2-тиркемеге ылайык, соңку операциялык күндүн акырына карата абал боюнча ачык позициялары тууралуу отчетторун Улуттук банкка берүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.2. Чет өлкө валютасында операцияларды/баалуу металл менен операцияларды жүзөгө ашырышкан филиалдарга жана туунду банктарга, ошондой эле алмашуу пункттарына ээ банктар өз отчетторунда бардык филиалдардын, туунду банктардын жана алмашуу пунктарынын маалыматтары эске алынган ачык позициялар боюнча жыйынтык маалыматтарды камтууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

5. Ачык позиция лимиттери бузууга жол берилген шартта банктарга карата көрүлүүчү таасир этүү чаралары 

 

5.1. Банк ар бир операциялык күндүн акырына карата абал боюнча белгиленген ачык позиция лимиттерин бузган шартта, Улуттук банк бузууга жол берүү суммасынын 5% өлчөмүндө, бирок банктын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү ченеминен 10% ашпаган өлчөмдө айыптык төлөм өндүрүү түрүндө таасир этүү чарасын колдонот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА), 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.2. Банк системалуу түрдө (30 календардык күн ичинде 2 жана андан көп жолу) белгиленген лимиттерди бузууга жол берсе, Улуттук банк лицензияны кайтарып алууну кошо алганда, банктык мыйзамдарда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонушу мүмкүн. 

Эскертүү: 0-0,05% чегинде белгиленген лимиттерди бузууга жол бергендиги үчүн айыптык төлөм белгиленбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5.3. Банктын айкын таза позицияны отчетто кандай болбосун жол менен чагылдырбай коюусу Улуттук банк тарабынан төмөнкүчө каралат: 

- Улуттук банкты адашууга алып келүү аракети;  

- алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылышы;  

- анын айкын өлчөмүн жашыруу максатында, таза позициясыны бурмалоо, башкача айтканда, алардын келип чыгышын жана жүзөгө ашырылышын идентификациялоо мүмкүн эмес болсо жана/же эгерде мындай операциялар банктын финансылык отчетуна жана экономикалык ченемдерине таасирин тийгизген шектүү операцияларды жүргүзүү

- банк анык эмес финансылык жана регулятивдик отчетторду сунуштаса. Мындай операциялар ачык позиция лимиттерин эсептөөдө эске алынбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5.4. Ушул нускоодо камтылган талаптардын кайсы бирин бузууга жол берилген учурда, банктын жетекчиси ал тууралуу Улуттук банкка дароо билдирүүгө жана эки күндүк мөөнөт ичинде ошол кемчиликтердин себептери жана аны четтетүүгө багытталган банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын тизмеси менен кат жүзүндөгү түшүндүрмөнү берүүгө тийиш.  

5.5. Эрежедегидей эле, эгерде ачык позиция лимиттери форс-мажордук жагдайлардан улам бузууга жол берилген болсо, айыптык төлөм өндүрүү түрүндө таасир этүү чаралары банкка карата колдонулбайт. 

Форс-мажордук жагдайларга: бөөдө кырсыктар (суу ташкыны, жер титирөө, өрттүн чыгышы жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), согуштук жаңжалдар, террористтик актылар, элдик толкундоолор жана баш аламандыктар, ошондой эле Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин банк тарабынан аткарылышына кедергисин тийгизген же алардын аткарылышына чек коюп, тыюу салган кандайдыр бир ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы. 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5.6. Банкка убактылуу администрация киргизилген учурда Көзөмөл боюнча комитет экономикалык ченемдин бузулушуна алып келген бардык жагдайларды эске алуу менен ачык позиция лимиттери сакталбагандыгы үчүн банктан айыптык төлөмдү өндүрүү максатка ылайыктуу катары кароого укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5.7. Эгерде банкта убактылуу администрация киргизилген учурда ачык позиция лимиттерин бузууга жол берүү убактылуу администрация киргизилгенге чейинки банк ишинин натыйжасынан болсо, Көзөмөл боюнча комитет аны төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу менен банктан айыптык төлөмдү өндүрүү маселесин кароого укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

6. Чет өлкө валютасындагы операцияларга ички контролдукту уюштуруу  

6.1. Чет өлкө валютасында операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн банктар, валюта тобокелдигин тескөөгө тиешелүү ички саясатты иштеп чыгууга жана шайкеш ички контролдукту уюштурууга тийиш.  

6.2. Чет өлкө валютасында жүзөгө ашырылган ар бир операция боюнча тиешелүү жол-жоболор иштелип чыгып, аларда кеминде төмөнкү маселелер чагылдырылышы зарыл: 

· Back жана front офистеринин функцияларын чектөө

· Банк кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин кандайдыр бир иш процессин бүтүмдү жүзөгө ашыруу демилгесин көтөрүүдөн аны бухгалтердик китептерде эсепке алууга чейинки толук көлөмүндө бир кызматкер аткара албай жана/же контролдой албай тургандай кылып чектөө

· Банктын тиешелүү ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылуучу банк операцияларынын көлөмүн санкциялоонун так системасын жайылтуу; 

· Ар бир чет өлкө валютасы жана бүтүндөй бардык валюталар боюнча ачык валюта позицияларынын ички лимиттеринин банк тарабынан белгилениши; 

· Жүзөгө ашырылып жаткан операциялардын мүнөзүнө жана аларда камтылган тобокелдик деьгээлине жана контр-агенттердин категорияларына жараша, контр-агенттердин ишенимдүүлүгүнө тиешелүү маалыматтардын жетиштүүлүгү деьгээлин белгилөө

· Валюта операцияларына текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда ички аудитке карата талаптарды белгилөө (эь аз дегенде, аудиторлордун көз карандысыздыгы жана алардын тиешелүү квалификациясынын жана билим деьгээлдеринин болушу); 

· Банк жана анын филиалдары үчүн валюта операциялары боюнча эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча талаптарды (отчеттордун формасы, кайсыл убакта берилиши, жоопкерчилик) белгилөө

6.3. Баалуу металлдар менен операцияларга ички контролдукту уюштуруу Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө жободо белгиленген ченемдерге ылайык жүргүзүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө нускоого карата 1-тиркеме 

 

Ачык валюта позициялары тууралуу отчет (АВП) 

 

ТСК:___________________ миң сом 

 

Валютанын түрү 

Улуттук банктын эсептик курсу 

Ачык валюта позицияларынын өлчөмү  

(миь сом) 

Анын ичинде: 

Ачык валюта позицияларынын өлчөмү  

(ТСК карата %) 

Лимиттин нормасынан четтөө (%) 

Бүткөрүлбөгөн спот-бүтүмдөрү боюнча калдыктар  

ба-ланстык 

баланс- 

тан тышкаркы 

сатуу 

сатып алуу  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

… 

 

 

 

 

 

 

 

Суммардык АВП: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө нускоого карата 2-тиркеме 

 

Баалуу металлдар боюнча ачык позициялар жөнүндө  

ОТЧЕТ 

ТСК: ________________ миң сом 

  

Баалуу металлдын түрү 

Эсеп 

тик курс 

Баалуу металлдар боюнча ачык позициялар өлчөмү (миң сом) 

Анын ичинде:  

Баалуу металлдар боюнча ачык позициялар өлчөмү (таза суммардык капиталга карата %):  

Лимиттин нормасынан четтөө (%)  

Бүткөрүлбөгөн спот-бүтүмдөр боюнча калдыктар   

  

  

  

ба-ланстык  

ба-ланстан тышкаркы  

  

  

сатуу  

сатып алуу  

алтын 

  

  

  

  

  

  

  

  

күмүш 

  

  

  

  

  

  

  

  

платина 

 

 

 

 

 

 

 

 

Суммардык баалуу металлдар боюнча ачык позиция