Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2012-жылдын 4-июлундагы №28/10 

токтому менен бекитилген 

 

 

Коммерциялык банктарда видео байкоону уюштуруу тартиби 

 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы №43/1, 2019-жылдын 24-июлундагы №2019-П-20/39-3-(НПА) токтомдору менен бекитилген) 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. Бул документ коммерциялык банктын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары текст боюнча Банк) объекттеринде видео байкоо системаларын түзүүнүн, модернизациялоонун жана өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт. 

2. Банк ушул Тартиптин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик келип чыгат. 

 

2. Видео байкоо системасынын максаттары жана милдеттери  

 

3. Видео байкоо системасын түзүүнүн негизги максаттарынан жана милдеттеринен болуп төмөнкүлөр саналат: 

а) Банктын персоналына, имаратына, курулмаларына жана материалдык активдерине карата укукка каршы иш-аракеттери тууралуу Банктын коопсуздук бөлүмдөрүн маалымдоо; 

б) Банктын объекттеринин аймагында жана ага чектеш аймакта транспорттук каражаттардын жылышына оперативдүү мониторинг жүргүзүү

в) адаттагыдан башкача кандайдыр бир жагдайлардын орун алышы учурунда, видео архивди кайрадан карап чыгуу аркылуу Банктын объекттеринин аймагында жана анын жайларында болуп өткөн окуяны реалдуу чагылдырып берүү

 

3. Видео байкоо системасына карата жалпы техникалык талаптар  

 

4. Видео камералардан маалыматтарды оперативдүү негизде чыгарып алуу (анын ичинде Банктын коопсуздук бөлүмдөрүнө да) видео маалыматтарды чагылдырып көрсөтүү жабдууларынын жардамы менен ишке ашырылууга тийиш 

5. Видео маалыматтарды чагылдырып көрсөтүүчү жабдуулар, алар менен иштөө ыңгайлуу болгондой, ошол эле учурда Банктын коопсуздук бөлүмүнө жана анын жетекчилигине тиешеси жок адамдардын андан маалымат ала албагандай жайгаштырылууга тийиш. 

6. Маалыматтарды сактоо жабдууларында видео маалыматтардын видео архивдерге системалуу негизде жазылуу мүмкүндүгү

 

4. Видео байкоо системасында ишке ашырылуучу процесстер  

 

7. Видео байкоо системасында төмөнкү процесстер ишке ашырылышы мүмкүн: 

а) видео камералардагы маалыматтарды чагылдырып сүрөттөөчү жабдууларга жаздыруу; 

б) видео камераларды аралыктан туруп кол менен же автоматташтырылган түрдө тескөө (видео камералардын тартуу багыттарын, тартылып алынгандардын параметрлерин өзгөртүү ж.б.); 

в) видео архивдерди маалыматтарды сактоо жабдууларына системалуу түрдө жазып калтыруу; 

г) болгон окуяларды видео архивдерде сактоо; 

д) видео архивдерден тиешелүү учурларды чыгарып алуу, карап чыгуу жана аларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

е) видео архивдерден кандайдыр бир учурларды андан ары пайдалануу үчүн мобилдүү жазып алуучуларга сактоо; 

ж) контролдукка алынган аймакта башка объекттердин (субъекттердин) аныкталышы учурунда коргоо системасы менен өз ара иш алып баруу; 

з) Банк кызматкерлеринин жана ага келүүчүлөрдүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн тастыктоо үчүн контролдук системасы менен өз ара иш алып баруу; 

и) күйүп кетүү ыктымалдыгын алдын алуу үчүн өрттөн коргонуу системасы менен өз ара иш алып баруу. 

 

5. Видео байкоо системасын түзүүнүн негизги принциптери  

 

8. Улуттук банктын текшерүүчүлөр тобуна бөлүнгөн өзүнчө жайды эске албаганда, Банктын бардык объекттеринде видео байкоо системасынын орнотулушу зарыл. 

9. Жаңыдан түзүлүп жаткан жана модернизацияланып жаткан видео байкоо системасын долбоорлоодо аларга карата коюлуучу төмөнкү талаптар эске алынууга тийиш: 

а) видео байкоо системасы тарабынан контролдонуучу мейкиндик чеги; 

б) жайлардын (объекттердин) видео байкоо системасынын компоненттери менен жабдылышы; 

в) орнотулган видео камералардын параметрлери (ушул Тартипке карата 1-тиркемеге ылайык);  

г) видео байкоо системасынын компоненттеринин тышкы таасирлерден корголушу (пайдаланууда аба басымы, компоненттердин инженердик коргоого алынышы деңгээли ж.б.); 

д) видео байкоо системасынан маалыматтарды чагылдырып көрсөтүүчү жабдуулардагы сүрөттөлүштөрдүн параметрлери жана сапаты; 

е) видео маалыматтарды жазып алуу параметрлери (бир жолку, мезгил-мезгили менен, үзгүлтүксүз ж.б.); 

ж) ыйгарым укуктуу жактардын видео маалыматтардан пайдаланууга жана видео камералар менен иштөөгө Банк жетекчилиги тарабынан бекитилген укугу; 

з) видео архивдеги жазууларды сактоонун Банк жетекчилиги тарабынан бекитилген мөөнөттөрү

10. Биометрикалык идентификациялоону, автотранспорттун номерин дароо аныктоону, “унутулуп калган буюмдарга” контролдукту ишке ашырууга өбөлгө түзгөн жарылуучу заттарды орнотуп коюу тобокелдигин минималдаштыруу максатында, атайы программалык каражаттарды жана видео байкоо системасына ушул сыяктуу “интеллектуалдык” толуктоолорду колдонуу сунуш кылынат. 

11. Видео байкоо системасы аркылуу алынган маалыматтарды башка уюмдарга берүү, ошол уюмдун кат жүзүндөгү өтүнүчүнүн негизинде жана Банк жетекчилигинин уруксатына (кат жүзүндөгү буйруусуна, резолюциясына) ылайык ишке ашат. 

 

6. Видео байкоо системасынын компоненттерине карата жалпы техникалык талаптар  

 

12. Видео камеранын чагылдырып көрсөтүү чеги, адамдын стандарттык тулку боюн маалыматты чагылдыруу түзүлүшүнүн экранында сүрөттүн бийиктигинин кеминде 10 пайызын камтып чагылдыра алгандай аныкталууга тийиш. Мында, анын кароо кеңдиги аталган видео камеранын кароо кеңдигине дал келет. 

13. Видео камеранын оптикалык системасы объектти сапаттуу сүрөттөй алгандай жетиштүү параметрлер менен камсыз кылынууга тийиш. 

14. Видео камерадан алынган жана жабдууда чагылдырылып көрсөтүлгөн сүрөттөлүш адамды жана кандайдыр бир буюмду так аныктап идентификациялоого мүмкүндүк бериши зарыл. 

15. Сыртта орнотулган видео камералар пайдаланууга ыңгайлуулукту түзгөн аба басымы шартында атайы термобокстордо монтаждалууга тийиш. 

16. Видео камераларды атайылап таасир этүүдөн коргоону талап кылган жерлерде видео камералардын жана ага ылайыкташкан коммуникациялардын талаптагыдай корголушу камсыз кылынышы зарыл. 

17. Видео байкоо системасынын негизги компоненттери күнүүнү иштөөгөүнүнө 24 саат бою, жумасына 7 күн) ылайыкталган болууга тийиш. 

18. Видео байкоо системасын ток менен камсыз кылуу системасы төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

а) ток менен камсыз кылуу блокторунун бардык параметрлери, электр түйүндөрүнүн чыңалуусунун бардык диапазонунда туруктуу болууга тийиш; 

б) көз карандысыз резервдик ток берүү булактарынын (аккумуляторлордун) болушу зарыл; 

в) «электр тогу менен резервдик камсыз кылуу булактарынын (аккумуляторлордун) мүмкүнчүлүгү видеобайкоо системасынын өз алдынча үзгүлтүксүз иштөөсүн, эң аз дегенде, 30 мүнөт камсыз кылууга тийиш»

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-июлундагы №2019-П-20/39-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Резервдик ток берүү булагы жана анын блоктору атайы жабдылган жайларда (сервердик бөлмөлөрдө), же болбосо кулпу менен жабылган бекем бокстордо сактоо сунуш кылынат. 

20. Видео камералардан күнүүнү сапаттуу сүрөттөлүштөрдү алуу үчүн жарык жеткиликсиз болгон жана аларды кандайдыр бир ылайыктуулугуна жараша чоңойтууга мүмкүн болбогон жерлерде, видео камеранын инфракызыл жарык берүүчүсү менен дал келген, байкоо секторунун инфракызыл жарык берүүчүсүн колдонуу сунуш кылынат. 

21. Коргоо максаттарында жарык берүүчүлөрдү колдонууда алардын жарыгы видео камераларга чагылышуусуна, ошондой эле көлөкө түшүрүүсүнө, өтө жарык болгон же интерференциялык аймактардын пайда болушуна жол берилбөөгө тийиш, анткени мындай учурлардан кыянатчылар пайдаланып кетиши мүмкүн. 

22. Видео байкоо системасынын жазып алуу жабдууларын (видео байкоонун адистештирилген серверлери, видео каттоочулар) аларга кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген атайы жабдылган жайларда (сервердик же аппараттык бөлмөлөрдө), же болбосо кулп салынып, кирүүгө мүмкүн болбогон жерлерде орнотулган бокстордо жайгаштыруу зарыл. 

23. Видео байкоо системасынын компоненттерине карата кыйла ырааттуу техникалык талаптар ушул Тартипке карата 1-тиркемеде чагылдырылган. 

24. 26-пунктта көрсөтүлбөгөн жерлерде видео архивге жазып алуу функциясысыз кошумча видео камераларды орнотууга жол берилет. 

 

7. Банктын объекттеринде видео камераларды жайгаштыруунун негизги принциптери  

25. Видео камераларды орнотуунун төмөнкүдөй жалпы принциптери колдонулат: 

а) видео камералар жерден же жерге төшөлүүчү тактайдан кеминде 2,2 м бийиктикте орнотулууга тийиш; 

б) видео камералардын байкоого алуу секторлору мүмкүнчүлүгүнө жараша, орнотулган видео камеранын бири экинчиси орнотулган жерге жакындагандарды контролдоп тургандай тандалат; 

в) атайы багыттагы видео камералар - жа кыйла жогорку бийиктикте орнотулат, алар түптөлгөн шартка ылайык аныкталат. 

26. Видео камералар Банктын объекттеринин эң аз дегенде төмөнкү аймактарын контролдоп турууга мүмкүндүк бериши зарыл: 

а) кирүү дарбазасын; 

б) тышкы эшиктер (тор эшиктер) жана кире бериштер (вестибюлдар) аркылуу өтүүчү жолдорду; 

в) акча каражаттарын (баалуулуктарды) ташып өтүү маршруттарды; 

г) сактоо жайынын тышкы каалгаларын; 

д) акча каражаттарын (баалуулуктарды) кайра эсептеп чыгуучу (алмаштыруучу, таңычактоочу) жерлерди; 

е) Банк кардарларынын жеке банктык сейфтери жайгаштырылган жерлерди; 

ж) эсепчилердин иш ордун жана кардарлардан нак акчаларды кабыл алуу-берүү жерлерин (лотокторун);  

з) банк ичинде кардарларды тейлөө аймактарын (оператордук залдарды). 

1-тиркеме. Видео байкоо системасынын компоненттеринин техникалык параметрлерине карата талаптар. 

 

 

 

Коммерциялык банктардагы  

видео байкоону уюштуруу  

тартибине карата  

1-тиркеме 

Видео байкоо системасынын компоненттеринин техникалык параметрлерине карата 

ТАЛАПТАР 

 

Бул талаптарда Банктын объектилеринде колдонулуучу видео байкоо системасынын компоненттеринин минималдуу техникалык мүнөздөмөлөрү белгиленген. 

 

1. Видео камералар 

 

1. Видео камеранын түрүүстүү, түссүз же "күнүүнү" иштеген) анын багытына жана байкоо секторундагы жарык берүү шарттарына жараша аныкталат. 

2. Трансфокатор (вариообъектив) видео камерага анын багытына жана байкоо секторунда талап кылынуучу камтуу чөйрөсүнө жараша орнотулат. 

3. Видео камераларды бекитүү жабдуулардын багытталган абалда ишенимдүү кармалып турушун камсыз кылууга тийиш. 

4. Видео камералардын айланып туруу механизмдери анын багытына жараша жана байкоого алуу секторунда талап кылынуучу камтуу чөйрөсүнүн кенендигине/бийиктигине жараша орнотулат. 

5. Минималдуу сезгичтиги люкс (лк) менен өлчөнөт жана видео камералардан сапаттуу сүрөттөлүштү алуу үчүн: түстүү видео камералар үчүн 0,5 лкдан төмөн болбоого, түссүздөр үчүн 0,1 лкдан төмөн болбоого тийиш. 

6. Видео камеранын интерфейси (аналогдук же IP) видео байкоо системасына карата жана видео камеранын конкреттүү бир байкоого алуу секторуна карата жалпы талаптардан улам аныкталат. 

7. Аналогдук видео камеранын уруксат берүү жөндөмдүүлүгү телевизиондук линиялар менен (твл) өлчөнөт жана 450 твлдан кем болбоого тийиш. 

8. IP-видео камералардын уруксат берүү жөндөмдүүлүгү видео матрицанын чекиттери - мегапикселдер менен (Mpix) өлчөнөт жана видео камеранын багытына жараша тандалат. 

9. Секундасына кадрлардын саны (fps) IP-видео камералар үчүн анын багытына жараша 5-25 fps кем болбоого тийиш. 

10. Видео камеранын динамикалык диапазону децибеллдер менен (Дб) өлчөнөт жана анын багытына жараша 60-70 Дб кем болбогон чоңдукту түзүүгө тийиш. 

11. Видео камеранын ишинин температуралык диапазону анын багытына жана видео камера орнотулган жайга жараша аныкталат жана имараттын ичинде орнотуу үчүн 0 град. Цельсиядан +40 град. Цельсияга чейинкиден кем болбоого, ал эми имараттын сыртына орнотуу үчүн, -10 град. Цельсиядан +50 град. Цельсияга чейинкиден кем болбоого тийиш. 

 

2. Видео коммутаторлор 

 

12. Видео коммутатордун каналдарынын саны видео байкоо системасында колдонулган камералардын жана маалыматтарды чагылдыруучу жабдуулардын санына жараша аныкталат. 

13. Кирүү тиби видео байкоо системасында колдонулган видео камералардын түрүнө (аналогдук, санариптик, IP) жараша аныкталат. 

14. Чыгуу түрү (VGA, DVI, HDMI ж.б.) колдонулуучу чагылдырып сүрөттөө түзүлүштөрдүн жана видео коммутаторлордун түрүнө жараша аныкталат. 

15. Башкаруу интерфейси видео байкоо системасында колдонулуучу видео камералардын санына жана техникалык параметрлерине, ошондой эле видео коммутатордун жайгашуусуна жараша аныкталат. 

 

3. Видео каттоочулар 

 

16. Видео каттоочунун жазып алуу каналдарынын саны видео байкоо системасында колдонулуучу видео камералардын санына жараша аныкталат. 

17. Кирүү түрү мүмкүнчүлүгү видео байкоо системасында колдонулган видео камералардын түрүнө (аналогдук, санариптик, IP) жараша аныкталат. 

18. Чыгуу түрү (VGA, DVI, HDMI ж.б.) колдонулуучу чагылдырып сүрөттөө түзүлүштөрдүн жана видео коммутаторлордун түрүнө жараша аныкталат. 

19. Кысуу алгоритми (компрессия) (M-JPEG, MPEG, Н.264 ж.б) колдонулган видео камералардын түрүнө, видео архивдерди топтоочулардын көлөмүнө жана видео архивде жазып алуулардын талап кылынган сактоо мөөнөттөрүнө жараша аныкталат. 

20. Секундасына кадрлардын саны видео каттоочулар үчүн (fps) менен өлчөнүп, ар бир жазып алуу каналы үчүн алынган сүрөттөлүштүн сапатына, колдонулган видео камералардын түрүнө, видео архив топтолгон сыйымдуулукка, видео архивде жазып алуулардын талап кылынган сактоо мөөнөттөрүнө жана видео камеранын багытына жараша аныкталат жана ал 5-25 fps кем болбоого тийиш. 

21. Видео каттоочунун аппараттык жана программалык камсыздоо мүмкүнчүлүгү, кирген видео белгилердин иштелип чыгышын, маалыматтын видео архивге берилген параметрлер менен жазылышын, видео архивден маалыматтын берилген параметрлер боюнча изделишин камсыз кылууга тийиш. 

22. Башкаруу интерфейси видео байкоо системасында колдонулуучу видео камералардын санына жана техникалык параметрлерине, ошондой эле видео коммутатордун жайгашуусуна жараша аныкталат. 

 

4. Маалымат берүү түйүнү 

 

23. Видео маалыматты берүүнүн аналогдук түйүнү аналогдук видео камералардан видео каттоочуларга аналогдук видео белгилердин минималдуу жоготуулар жана бузуулар менен берилишин камсыз кылууга тийиш. 

24. Видео маалыматты берүүнүн IP түйүнү IP-видео камералардан IP-видео каттоочуларга цифровкаланган видео белгилердин, анын ичинде IP-видео камералардын белги берүүчү кабелдик (РоЕ технологиясы) каныктыруу колдонулуп жаткан учурда берилишин камсыз кылуусу зарыл. Видео байкоо системасынын маалымат берүү түйүндөрү өткөрмө жөндөмдүүлүктөрү боюнча 20% кем эмес запаска ээ болууга тийиш.  

 

5. Ток берүү системасы 

 

25. Ток берүү системасынын блоктору видео байкоо системасынын компоненттерин туруктуу кондициялык ток берип турууга тийиш. 

26. Ток берүү тилкелери видео байкоо системасынын компоненттерин кондициялык ток берүү менен туруктуу камсыз кылып туруусу зарыл. 

 

6. Кошумча жабдуулар 

 

27. Байкоо секторунун инфракызыл жарык берүүчүсү видео камеранын багытына жана байкоо секторунун жарык кылынышына жараша орнотулат. 

28. Температуралык турукташтыруу жабдуулары (термокожуха, термобокстор ж.б.) аларда орнотулган видео байкоо системасынын компонеттеринин айлана-чөйрөдөгү температуранын бардык диапазонунда штаттык ишин камсыз кылууга тийиш. 

29. Сактоо жабдууларынын (видео архивдин) сыйымдуулугу окуяларды жазып алуу үчүн колдонулган видео камералардын санына, видео агымдын орточо өлчөмүнө (Mb/сек) жана видео маалыматтарды сактоо мөөнөттөрүнө жараша аныкталат. Сактоо жабдууларынын (видео архивдин) сыйымдуулугу 20% төмөн болбогон көлөмдөгү запаска ээ болууга тийиш.