Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 30-октябрындагы  

№ 2019-П-12/54-4-(НПА) токтомуна тиркеме 

 

 

«Коммерциялык банктын ишине тиешелүү  

маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө»  

ЖОБО 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Бул жободо банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна катышуучулардын банк тутумуна карата ачык-айкындуулук жана ишенимдүүлүк деңгээлин жогорулатуу максатында банктардын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар аныкталат. 

Жобонун аракети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына таркатылат.  

2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына, ошондой эле Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин эл аралык стандарттарына ылайык иштелип чыккан жана рынок катышуучуларына тиешелүү маалыматтар менен таанышып жана алардын негизинде банктын иш чөйрөсү, тобокелдиктерге дуушарлануусу жана тобокелдиктерди баалоо жана тескөө процесстери, банк капиталынын жетиштүүлүгү тууралуу негизги маалыматтарга баа берүүгө өбөлгө түзгөн маалыматтарды чечмелөө аркылуу рынокто иш жүргүзүү тартибин жөнгө салууга багытталган. 

 

2-глава. Негизги түшүнүктөр жана финансылык  

көрсөткүчтөрдү эсептөө тартиби 

 

3. Жобонун максаттарында төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: 

Банктык сыр Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык аныкталган маалыматтар. 

Коммерциялык сыр - Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык сыр жөнүндө» мыйзамына ылайык аныкталган маалымат. 

Жалпы пайыздык киреше Улуттук банктын талаптарына ылайык, жылдык мааниде эсептелген, жалпы пайыздык киреше.  

Жалпы пайыздык чыгаша Улуттук банктын талаптарына ылайык, жылдык мааниде эсептелген, жалпы пайыздык чыгаша.  

Операциялык киреше - Улуттук банктын талаптарына ылайык, банктын жылдык мааниде эсептелген, таза операциялык кирешеси.  

Олуттуу маалымат маалыматтарда тиешелүү көрсөткүчтөрдүн камтылбай калышы же бурмаланышы экономикалык чечимдерди кабыл алууда ушул маалыматка таянган кызыкдар адамдын баа берүүсүн же чечимин өзгөртө ала турган болсо же таасирин тийгизе алса, ал маалыматтар олуттуу маалымат болуп эсептелет. Маалыматтардын олуттуулугу критерийи төмөнкүлөрдү эске алуу менен банктын ички документтеринде аныкталууга тийиш: 

- маалыматтын олуттуулугу банк тарабынан зарылчылыгына жараша ар бир чейрек сайын кайра каралып турууга жана кеминде жылына бир жолу аныкталууга тийиш, анткени убакыт өткөн сайын банктын иши жана анын тобокелдикке дуушарлануусу өзгөрүп турат, ошондуктан банктан бул өзгөртүүлөрдү чечмелөөсү талап кылынат; 

- олуттуулук сандык маалымат сыяктуу эле, сапаттык маалымат үчүн да аныкталууга тийиш; 

- маалыматтын олуттуулугу өлкөдө экономикалык жана саясий абалга жараша болот; 

-чечмеленүүчү маалыматтын олуттуулугу банк ишинин өзгөчөлүгүнө, анын тобокелдик мүнөзүнө жана башка мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнө жараша аныкталууга тийиш, б.а. олуттуулукту банктын көлөмүнө жана анын рыноктогу үлүшүнө жараша негиздөөгө болбойт; 

- маалыматтын олуттуулугу аны колдонуучулардын керектөөлөрүнө жараша аныкталуусу зарыл: маалымат банк үчүн олуттуу эмес, бирок колдонуучу үчүн олуттуу болушу мүмкүн. 

Таза пайыздык маржа жылдык мааниде таза пайыздык кирешенин Улуттук банктын талаптарына ылайык эсептелген, жылдык орточо активдерге карата катышы.  

4. Финансылык көрсөткүчтөрдү эсептөө үчүн алардын эсебине кабыл алынган маалыматтар жылдык орточо индикаторлор же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2004-жылдын 12-февралындагы №7/7 токтому менен бекитилген Банк ишине коэффициенттердин негизинде талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөрдүн төмөндө чагылдырылган пункттарына ылайык, жылдык негизде эсептелген көрсөткүчтөр түрүндө алынууга тийиш: 

1) баланстык маалыматтар боюнча жылдык орточо индикаторлор 2.4-пункттун  

а) пунктчасына ылайык, алгылыктуу ыкманы колдонуу менен эсептелинет; 

2) түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчеттон маалыматтар 2.8-пунктка ылайык жылдык өлчөө менен келтирилет. 

 

3-глава. Маалыматтарды чечмелөө боюнча негизги принциптер 

 

5.  Банк иши тууралуу маалыматты чечмелөө боюнча талаптар капиталдын жетиштүүлүгүнө, тобокелдикке дуушарланышына, тобокелдиктерге баа берүү жана тескөө, ошондой эле корпоративдик тескөө процессине тиешелүү сапаттык жана сандык маалыматтарды камтыйт. Бул маалыматты чечмелөө мезгилдүүлүгү чейрек сайын жана жылдык. Сапаттык маалымат банк тарабынан эркин формада чечмеленип жана рынок катышуучулары үчүн түшүнүктүү болууга тийиш. 

6. Сандык маалыматтар да отчеттук мезгил ичиндеги бардык олуттуу өзгөрүүлөрдү жана сунушталган сандык маалыматтардын туура кабыл алынышы үчүн зарыл болгон кандай болбосун башка кошумча маалыматтарды, ошондой эле банк жетекчилиги рынок катышуучулары үчүн маанилүү деп эсептеген кайсы болбосун башка маалыматтарды камтууга тийиш.  

7. Ушул жободо талап кылынган олуттуу маалыматтардын чечмелениши, банктык же коммерциялык сыр болуп саналса же кандайдыр бир негизде банктын маалыматтарын ачып көрсөтүп, же колдонуудагы мыйзамдарга, келишимге ылайык өз милдеттерин аткарууда банктын иш өңүтүнө каршы келе турган болсо, банк мындай маалыматтарды чечмелебей коюуга жана талап кылынган предмет боюнча жалпы маалыматтарды гана сунуштоого укуктуу. Банк бул учурда эмне үчүн маалыматтарды чечмелөө тууралуу талап толугу менен аткарылбагандыгы боюнча отчеттордо түшүндүрмө берүүгө тийиш. 

8. Банктын маалыматтардын чечмелениши боюнча отчету кызыкдар жактар үчүн жеткиликтүү болуп, төмөндө келтирилген талаптарга ылайык банктын расмий сайтында мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жайгаштырылууга тийиш:  

- маалыматтардын чечмелениши боюнча чейректик отчет отчеттук чейрек аяктагандан кийинки 30 календардык күн ичинде; 

- маалыматтардын чечмелениши боюнча жылдык отчет - жылдык финансылык отчет жарыялангандан күндөн кечиктирбестен. 

9. Ушул Жободо сунушталган отчеттордун формасы маалыматтардын чечмеленишине карата минималдуу талаптарды түшүндүрөт. Банк рынок катышуучуларына маалымдоо үчүн маанилүү деп эсептеген, өз иши тууралуу олуттуу маалыматты эркин формада кошумча чечмелеши мүмкүн. 

10. Банкта Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, маалыматтарды чечмелөө саясаты болууга тийиш, анда чечмеленип жаткан маалыматтардын мүнөзүн аныктоо тартиби, ошондой эле маалыматты чечмелөө процессине ички контролдук чагылдырылат. 

11. Банктар тарабынан чечмелөө үчүн сунушталган маалыматтар финансылык отчетту даярдоо үчүн сунушталган маалыматтар сыяктуу эле, ички талдап-иликтөө жана ички контролдоо процесстеринен өткөрүлүүгө тийиш. 

12. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ички контролдоо түзүмүнүн түзүлүшү жана колдоого алынышы үчүн, ошондой эле финансылык маалыматтардын чечмеленишин жана ушул Жобонун алкагында чечмеленүүчү маалыматтар жоопкерчиликтүү болуп саналат.  

 

4-глава. Маалыматтардын чейрек сайын чечмеленишине карата талаптар 

 

13. Банк төмөнкү маалыматтарды чейректик негизде чечмелеп турууга тийиш: 

1) экономикалык ченемдердин сакталышы жана банктын финансылык көрсөткүчтөрүнүн чечмелениши боюнча баяндама (1-тиркеменин 1-таблицасы); 

2) Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы, банк акцияларынын 5 (беш) пайызынан көбүрөөгүнө ээ болгон акционерлери жана бенефициардык ээлери тууралуу маалыматтар (1-тиркеменин 2-таблицасы);  

3) Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун тиркемесине ылайык капиталдын түзүмү

4) кредиттердин тармактык түзүмү (1-тиркеменин 3-таблицасы); 

5) финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын талаптары менен Улуттук банктын эсеп жүргузүү боюнча талаптары ортосундагы айрымалар боюнча, анын ичинде сандык маалыматтар айрымасын так көрсөтүү менен түшүндүрмөлөр. 

 

5-глава. Жылдык отчет 

 

14. Банктын маалыматтардын чечмелениши боюнча жылдык отчетунда төмөнкүлөр камтылат: 

- чейректик отчетко карата талаптарга ылайык сунушталган маалыматтар; 

- эсептик жана/же жөнгө салуу консолидациясына киргизилген бардык субьекттердин тизмеси жана консолидациялоонун тиешелүү ыкмалары  

(2-тиркеменин 1-таблицасы); 

-  аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялардын жана бүтүмдөрдүн көлөмү (2-тиркеменин 2-таблицасы); 

- операциялык тобокелдикке тиешелүү сандык маалыматтар (2-тиркеменин  

3-таблицасы); 

- ушул Жобонун 6-бөлүгүндө аныкталган, сапаттык маалыматтар.  

 

6-глава. Сапаттык маалыматтарды чечмелөө боюнча талаптар 

 

15. Маалыматтарды чечмелөө боюнча жылдык отчетто банктар корпоративдик башкарууга тиешелүү төмөнкү маалыматтарды сунуштоолору зарыл:  

1) банктын акцияларынын 5 (беш) пайызынан көбүрөөгүнө ээлик кылган акционерлер курамы, кабыл алынган чечимдер жөнүндө кыскача маалымат менен акционерлердин өткөрүлгөн жыйындарынын саны тууралуу маалымат; 

2) банктын уюштуруу түзүмү

3) банктын Директорлор кеңешинин курамы жана анын иш багыты: 

- Директорлор кеңешинин, анын комитеттеринин курамы, ошондой эле алардын мүчөлөрүнүн милдеттери; 

- Директорлор кеңешинин банк ишине тартылышы, атап айтканда Директорлор кеңешинин жана комитеттердин отурумдарын өткөрүү аралыгын, отурумдарды өткөрүү формасы, тобокелдиктерди тескөө саясаттарына баа берүү жана бекитүү мезгил аралыгы

- Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн билими, квалификациясы, көз карандысыздыгы жана ишкердик аброюна тиешелүү кыскача маалымат;  

4) Банк Башкармасынын курамы жана анын иш багыты:  

- Башкарманын курамы, жетекчиликтин деңгээлинде иш алып барган комитеттер жөнүндө маалымат жана бул комитеттердин отурумдарынын мезгилдүүлүгү

- Башкарма мүчөлөрүн тандоо саясаты жана алардын билими, квалификациясы жана ишкердик аброю, учурда ээлеген кызмат орду боюнча тажрыйбасын кошо алганда, жалпы иш тажрыйбасы;  

5) 2-тиркеменин 2-таблицасында келтирилген жактардын категориялары боюнча аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялардын жана бүтүмдөрдүн түрү жана шарттары;  

6) банктын кызматкерлер, кардарлар, атаандаштар менен өз ара мамилеси тууралуу негизги жоболорду жана нормаларды, кесиптик этика стандарттарынын сакталышын контролдоо тартибин жана башка негизги аспектилерди камтыган, колдонуудагы кесиптик этика стандарттары тууралуу маалымат;  

7) таламдардын каршы келип калышы жана анын орун алышы шарттары жөнүндө саясаттын кыскача чагылдырылышы, ошондой эле, банктын кызмат адамдары менен кызматкерлеринин сый акылары боюнча саясаттын бар экендиги тууралуу маалыматтар. 

Эгерде ушул пункттагы жогоруда көрсөтүлгөн маалымат банк тарабынан анын расмий сайтынын башка бир бөлүгүндө чечмеленген болсо, анда банк жылдык отчетунда бул маалымат кайсы жерде жарыялангандыгы тууралуу (веб-шилтеме же документтин номери жана аталышы, документтин барагы жана бөлүмү) шилтеме келтирүүгө тийиш. 

16. Банктык топтун башкы компаниясы - Кыргыз Республикасынын резиденти жана банктык топко кирген банктар жылдык отчетто эгер болгон болсо, банк жана аны менен байланыштуу компаниялар тарабынан ишке ашырылган инвестициялардын өлчөмү тууралуу маалыматты кошо алганда, банк акцияларынын 5 (беш) пайызынан көбүрөөгүнө ээ болгон акционерлердин акцияга ээлик кылуу схемасы тууралуу маалыматты жана банктык топтун катышуучуларынын түзүмү жана өз ара байланышы тууралуу маалыматтар чечмеленүүгө (схемалык түрдө) тийиш.  

17. Банк пайдалануучуларга ошол банк дуушар болушу ыктымал болгон тобокелдиктердин мүнөзүн жана түрүн жана тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу так түшүнүк алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн анын тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдоо системасына тиешелүү төмөнкүдөй маалыматтарды чечмелеп көрсөтүшү зарыл:  

1) банктын негизги стратегиялык багыттары жана Директорлор кеңеши менен Банк Башкармасы бул багыттарды коштоп жүргөн тобокелдиктерге өз учурунда кантип баа берип, жөнгө сала тургандыгы; 

2) бизнес-модель менен банк ишинде келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктин мүнөзү жана тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү ортосундагы өз ара байланыш; 

3) банк тобокелдиктин ар бир түрү боюнча (кредиттик тобокелдик, рыноктук тобокелдик, операциялык тобокелдик, пайыздык тобокелдик, ликвиддүүлүк тобокелдиги жана тобокелдиктердин башка түрлөрү) төмөнкүлөрдү кошо алганда, аларды тескөөгө алуу максаттарын жана саясатын ырааттуу чагылдырууга тийиш: 

-  стратегияларын жана процесстерин; 

- тобокелдиктерди тескөөнүн тиешелүү функциясынын уюштуруу түзүмүн жана схемасын; 

- отчеттор системасынын камтуу чөйрөсүн жана мүнөзүн жана/же тобокелдиктерди өлчөө, атап айтканда, банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын кароосуна сунушталуучу тобокелдиктерге дуушарлануу жагдайы боюнча отчеттор көлөмүн жана алардын маани-маңызын; 

- тобокелдиктерди тескөө функциясынын көз карандысыздыгын камсыз кылган жол-жоболорду кошо алганда, банкта тобокелдиктерди басаңдатуу жана аларды тескөө системасынын таасирин күчөтүү үчүн байланыш каналдары; 

- тобокелдиктерди хеджирлөө жана/же басаңдатуу саясатын, ошондой эле тобокелдиктерди хеджирлөө же басаңдатуу инструменттеринин таасирдүүлүгүнө туруктуу көз салып туруу стратегияларын жана процесстерин; 

4) тобокелдиктерди тескөөдө колдонулуучу стресс-тесттерге тиешелүү сапаттык маалыматтар; 

5) кредиттик тобокелдикти басаңдатуу тууралуу маалыматтар: 

- күрөөгө баа берүү саясатынын жана процессинин негизги мүнөздөмөлөрү жана аларды тескөө

- күрөөгө баа берүүнүн негизги түрлөрү жана аларды тескөө

- кредиттик тобокелдиктин концентрацияланышы тууралуу маалыматтар. 

 

 

 

Коммерциялык банктын ишине  

тиешелүү маалыматтарды 

чечмелөөгө карата талаптар  

жөнүндө жобого 

1-тиркеме 

 

1-таблица. Экономикалык ченемдер жана финансылык көрсөткүчтөр 

№  

Экономикалык ченемдер жана финансылык көрсөткүчтөр 

Т 

Т-1 

Т-2 

Т-3 

Т-4 

Ченемдин белгиленген мааниси 

 

Капитал көрсөткүчү (миң сом) 

  

  

  

  

  

  

Биринчи деңгээлдеги Базалык капитал  

  

  

  

  

  

  

Биринчи деңгээлдеги капитал 

  

  

  

  

  

  

Таза суммардык капитал 

  

  

  

  

  

  

Тобокелдиктери боюнча салмактанып алынган активдер (миң сом)  

  

  

  

  

  

  

  

Активдердин салмактанып алынышына негизделген, капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттери  

  

  

  

  

  

  

Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К 2.3) 

  

  

  

  

  

кеминде 4,5% 

Биринчи деңгээлдеги капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти  

  

  

  

  

  

кеминде 6% 

Таза суммардык капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти  

  

  

  

  

  

кеминде 12% 

Левераж (К.2.4) 

  

  

  

  

  

кеминде 8%  

Банк капиталынын кошумча запасы ("капитал буфери" индекси) 

  

  

  

  

  

Улуттук банк тарабынан белгиленген мааниден кем эмес 

  

Кирешелүүлүк көрсөткүчү 

  

  

  

  

  

  

10 

Жалпы пайыздык киреше/жылдык орточо активдер  

  

  

  

  

  

  

11 

Жалпы пайыздык чыгаша/жылдык орточо активдер 

  

  

  

  

  

  

12 

Операциялык киреше/жылдык орточо активдер 

  

  

  

  

  

  

13 

Таза пайыздык маржа 

  

  

  

  

  

  

  

Активдер сапаты  

  

  

  

  

  

  

14 

Классификацияланган кредиттер/ бардыгы болуп, кредиттер 

  

  

  

  

  

  

15 

РППУ/ Бардыгы болуп, кредиттер 

  

  

  

  

  

  

16 

Чет өлкө валютасындагы кредиттер/ бардыгы болуп кредиттер  

  

  

  

  

  

  

17 

Кредит портфели (бир мезгилдин акырына карата, миң сом) 

  

  

  

  

  

  

  

Ликвиддүүлүк 

  

  

  

  

  

  

18 

Ликвиддүүлүк коэффициенти K3.1 

  

  

  

  

  

кеминде 45%  

19 

Ликвиддүү активдер/ Бардыгы болуп, активдер  

 

 

 

 

 

  

 

Экономикалык башка көрсөткүчтөр  

  

  

  

  

  

  

20 

Бир карыз алуучуга же банк менен байланышы болбогон байланыштуу карыз алуучулар тобу үчүн тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.1)  

  

  

  

  

  

20%дан ашпаган 

21 

Бир карыз алуучуга же банк менен байланыштуу болгон карыз алуучулар тобу үчүн тобокелдиктин максималдуу өлчөмү   (К1.2)   

  

  

  

  

  

15%дан ашпаган 

22 

Банк менен байланыштуу болбогон банкка банктар аралык жайгаштыруулар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.3)  

  

  

  

  

  

30%дан ашпаган 

23 

Банк менен байланыштуу болгон банкка банктар аралык жайгаштыруулар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.4)  

  

  

  

  

  

15%дан ашпаган 

24 

"Узун" ачык валюталык позициялардын суммардык өлчөмү боюнча бузууларга жол берилген күндөрдүн саны (К4.2)  

  

  

  

  

  

20%дан ашпаган 

25 

"Кыска" ачык валюталык позициялардын суммардык өлчөмү боюнча бузууларга жол берилген күндөрдүн саны (К4.3)  

  

   

  

  

  

20%дан ашпаган 

26 

"Узун" ачык валюталык позициялардын суммардык өлчөмү боюнча бузууларга жол берилген күндөрдүн саны (К4.2)  

  

  

  

  

  

20%дан ашпаган  

27 

"Кыска" ачык валюталык позициялардын суммардык өлчөмү боюнча бузууларга жол берилген күндөрдүн саны (К4.3)  

 

 

 

 

 

20%дан ашпаган 

 

Эскертүү

(1) Таза суммардык капитал, биринчи деңгээлдеги капитал, биринчи деңгээлдеги базалык капитал Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо жөнүндө” нускоого ылайык аныкталат. 

(2) Ликвиддүү (өтүмдүү) активдер Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын  

21-июлундагы № 18/1 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө” жободо аныкталган К3.1 коэффициентинин алымы. 

(3) Т - отчеттук чейрек,Т-1, Т-2, Т-3, Т-4 - өткөн чейректер. 

 

2-таблица. Директорлор кеңеши, Башкарма, акционерлер жана бенефициардык менчик ээлери боюнча маалыматтар 

 

 № 

Директорлор кеңешинин мүчөлөрү 

Дайындалган күнү 

 

  

 

  

 

  

 

  

 

  

  

Башкарманын мүчөлөрү 

Дайындалган күнү 

 

  

 

  

 

  

 

  

 

  

  

Акционердик капиталдын 5 пайызынан ашыгыраагына ээ болгон акционерлер 

% үлүшү 

 

  

 

  

 

  

 

  

 

  

  

Акциялардын 5 пайызынан ашыгыраагына түздөн -түз же кыйыр түрдө ээлик кылгандардын аты-жөнүн көрсөтүү менен банктын бенефициарларынын тизмеси  

% үлүшү 

 

  

 

  

 

  

 

  

  

  

 

3-таблица. Кардарларга берилген кредиттерди тармактар боюнча бөлүштүрүү 

№  

Кардарларга берилген кредиттерди тармактар боюнча бөлүштүрүү, миң сом 

T-1 

Кардарларга кредиттер жана финансылык ижара, бардыгы болуп 

  

  

 

Анын ичинде: 

 

 

өндүрүшкө кредиттер 

  

  

айыл чарбасына, сактоого жана кайра иштетүүгө кредиттер  

  

  

соодага жана кызмат көрсөтүүлөргө кредиттер 

  

  

курулушка кредиттер 

  

  

ипотека 

  

  

керектөө кредиттери 

  

  

кредиттердин башка түрлөрү 

  

  

 

Эскертүү

(1) Т- отчеттук мезгилдин акырына карата калдык, Т-1- өткөн мезгилдин акырына калдык. 

 

Коммерциялык банктын 

ишине тиешелүү маалыматтарды 

чечмелөөгө карата  

талаптар жөнүндө жобого 

2-тиркеме 

 

4-таблица. Субьекттерди консолидациялоо 

№ 

Субьекттин аталышы 

Эсептик консолидацияланууга тийиш (ооба/жок) болгон жана консолидациялоо ыкмасы 

Жөнгө салуучу консолидацияланууга тийиш (ооба/жок) болгон жана консолидациялоо ыкмасы 

Эскертүү (консолидациялоо түрүн жана ыкмаларын колдонуудагы айырмачылык тууралуу) 

XXX 

  

  

  

XXX 

  

  

  

XXX 

  

  

  

 

5-таблица. Аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялар жана бүтүмдөр тууралуу маалымат 

№  

Операциялардын суммасы, миң сом 

T-1 

банктарга контролдукту жүзөгө ашырган юридикалык жактар жана жеке адамдар 

 

 

караштуу компаниялар 

  

  

банк менен аффилирленген компаниялар 

  

  

банк контролдукту жүзөгө ашырган юридикалык жактар 

  

  

акцияларга биргеликте ээлик кылган адамдардын катарына кирген башка адамдар 

  

  

Банк Башкармасын, Директорлор кеңешин кошо алганда, кызмат адамдары, ошондой эле көрсөтүлгөн жактар жана олуттуу катышуучулар менен жалпы таламга ээ болгон жеке адамдар жана юридикалык жактар  

  

  

 

6-таблица. Операциялык чыгымдар тууралуу маалыматтар 

  

 Операциялык чыгымдар, миң сом 

T-1 

T-2 

Чыгымдардын жалпы суммасы 

  

  

  

Чыгымдардын 1 млн. сомдон ашкан жалпы суммасы 

  

  

  

Чыгымдардын келип чыгышын шарттаган жагдайлардын саны 

  

  

  

5 ири чыгымдын жалпы суммасы 

  

  

  

 

Эскертүү

(1) Т -отчеттук жылдын акырына карата, Т-1, Т-2 - өткөн жылдардын акырына карата. 

(2) 1 млн. сом шарттуу кабыл алынган олуттуу көрсөткүч