Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын   

Көзөмөл боюнча комитетинин 2005-жылдын   

5-октябрындагы №43/1 токтому менен бекитилген  

   

   

Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчетту толтуруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр  

  

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 24.08.06-ж. № 59/5, 28.12.07-ж. № 96/3, 10.09.08-ж. №19/1, 25.12.08-ж. №27/2, 26.02.09-ж. № 03/6, 23.06.09-ж. №10/1, 24.12.09-ж. №17/1, 01.06.10-ж. №15/6, 01.02.11-ж № 3/3, 18.04.11-ж. № 4/6, 28.12.11-ж № 44, 09.02.11-ж. №07/1, 24.12.12-ж. № 53/2, 07.08.13-ж. № 27/1, 19.06.14-ж. №21/2, 26.12.14-ж. №46/2, 15.05.15-ж. №17/1, 23.07.2015-ж. №29/3, 21.04.2016-ж №17/1, 29.09.2016-ж. №39/1, 10.11.2016-ж. №45/3, 29.06.2017-ж. №22/2, 11.12.2017-ж. №47/2, 28.12.2017-ж. №51/4, 08.02.2018-ж. № 06/2, 03.05.2018-ж. №20/5, 22.03.2019-ж. №09/8, 19.12.2019-ж. №47/5 токтомдору менен бекитилген)  

  

1. Жалпы жоболор   

    

1.1. Ушул Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчетту толтуруу боюнча усулдук көрсөтмөлөрдө (мындан ары текст боюнча Усулдук көрсөтмөлөр) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары текст боюнча Улуттук банк) лицензия алышкан коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары (мындан ары текст боюнча банктар) тарабынан берилүүчү Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө жобого карата тиркемелерди төмөнкү бөлүктөр боюнча толтуруу тартибине түшүндүрмө берилет:    

- титулдук баракча;    

- Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрү тууралуу маалымат;    

- банктын айрым кызмат адамдары тууралуу маалымат;    

- банк жөнүндө базалык маалымат;    

- 1-бөлүк. Баланстык отчет;    

- 2-бөлүк. Түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет;    

- 3-бөлүк. Капитал түзүмү;    

- 4-бөлүк. Бөлүштүрүлбөгөн пайдалардагы өзгөрүүлөр;    

- 5-бөлүк. Баалуу кагаздар портфели;    

- 6-бөлүк. Мөөнөтү өтүп кеткен активдер жөнүндө маалымат;    

- 7-бөлүк. Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо;    

- 8-бөлүк. РППУдагы өзгөрүүлөр;    

- 9-бөлүк. Ири тобокелдиктер тууралуу маалыматтар;   

- 10-бөлүк. Аффилирленген компаниялар менен операциялар тууралуу маалыматтар;    

- 11-бөлүк. Банк менен байланыштуу жактар менен ишке ашырылган операциялар жөнүндө маалымат;    

- 12-бөлүк. Банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин пайыздык чендердин жана төлөө мөөнөттөрүнүн өзгөрүшү таасирине кабылышына (көз карандылыгына) талдап-иликтөөлөр;    

- 13-бөлүк. Суммалар боюнча бөлүштүрүлгөн депозиттер;    

- 17-бөлүк. Бир ай ичиндеги орточо маани;    

- 18-бөлүк. Башка маалыматтар;    

- 19-бөлүк. Банктардын кызмат көрсөтүүлөрү;    

- 20-бөлүк. Жол чектери жана карт эмиссиясы/эквайринги боюнча операциялар;    

- 21-бөлүк.Төлөмдөр жөнүндө маалымат;    

- 22-бөлүк. МКВлар жөнүндө отчет (Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2014-жылдын 26-декабрындагы №46/2 токтомуна ылайык алынып салынган);    

- 23-бөлүк. МКВларды аукциондордун жыйынтыгы боюнча жайгаштыруу;    

- 24-бөлүк. Улуттук банктын ноталары жөнүндө отчет (Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2014-жылдын 26-декабрындагы №46/2 токтомуна ылайык алынып салынган);     

- 25-бөлүк. Улуттук банктын ноталарын аукциондордун жыйынтыгы боюнча жайгаштыруу;    

- 26-бөлүк. Чет өлкө валютасы менен операциялар жөнүндө отчет;    

- 27-бөлүк. Банктар аралык валюталык СВОП-операциялар жөнүндө маалыматтар;    

- 28-бөлүк. Банктар аралык кредит рыногундагы операциялар жөнүндө маалыматтар;    

- 29-бөлүк. Депозиттер, кредиттер жана колдонулуучу пайыздык чендер жөнүндө отчет;    

- 30-бөлүк. Депозиттерди экономиканын тармактары боюнча бөлүштүрүү жөнүндө маалыматтар;    

- 33-бөлүк. Бир ай ичиндеги кассалык жүгүртүүлөр жөнүндө отчет;    

- 34-бөлүк. Бир жума ичиндеги кассалык жүгүртүүлөр жөнүндө отчет;    

- 37-бөлүк. Кредиттер боюнча карыз тууралуу маалымат.    

    

Эскертүү. Бул усулдук көрсөтмөлөрдө чагылдырылбаган бөлүктөр Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык толтурулат.    

Усулдук көрсөтмө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" мыйзамында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына да таркатылат.   

1.2. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар тууралуу маалыматты ачып көрсөтүү үчүн каралган Мезгил-мезгили менен берилүүчү банктык регулятивдик отчеттун бөлүктөрүөлүкчөлөрү “ислам терезесине” ээ банктар тарабынан гана толтурулат.    

    

2. Титулдук барак.   

    

2. Титулдук баракта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:    

- катталган күнү жана чыгыш номери;    

- отчет даярдалган күн (мисалы, 2004-жылдын 31-январына карата абал боюнча);    

- отчет түзүү аяктаган күн;    

- мезгилдүүлүгү - "айлык", "чейректик", "жылдык" же "корректировкалоо". Техникалык мүнөздөгү ката кетирүүлөр оңдолгон учурда гана корректировкаланган отчетту сунуштоого жол берилет. Мындай учурда отчеттун өзгөртүүлөр киргизилген формалары гана берилет жана алар маркер менен белгиленүүгө тийиш;    

- жүргүзүлгөн аудиттин же текшерүүнүн түрү  төмөнкү саптардын бири же экөөсү гана көрсөтүлөт:    

а) ички текшерүү  эгерде текшерүү ички аудит же ревизор тарабынан жүргүзүлгөн болсо;    

б) корутундусуз аудит  сунуш-көрсөтмөлөрдү жана келечекке иш-чаралар планын берүүсүз, банк операцияларынын жана бухгалтердик эсептин туура жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө корутунду берүү менен гана чектелген аудит;    

в) корутунду берүү менен аудит  банк операцияларынын жана бухгалтердик эсептин туура жүргүзүлүшүн текшерүүдөн тышкары, банкка анын ишин жакшыртуу жана/же өркүндөтүү үчүн сунуш-көрсөтмөлөр жана иш-чаралар планы берилүүчү аудит.    

- отчет берген банктын басма тамгалар менен көрсөтүлгөн аталышы;    

- тышкы аудитор  жылдык отчетту берүү учурунда толтурулат;    

- банктын Директорлор кеңешинин Төрагасынын же Төрага жок учурда аны алмаштыруучу Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн, банк Башкармасынын Төрагасынын, башкы бухгалтердин, банк Башкармасынын отчетту даярдоо ишин тескөөгө алган мүчөсүнүн, отчетту түзүү жана сунуштоо үчүн жооп берген адамдын тастыктоочу кол тамгалары;    

- банктын Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчетту түзүү жана берүү үчүн жооптуу кызматкеринин кызматын, аты-жөнүн жана телефон номерин көрсөтүү менен кол тамгасы.    

    

3. Банктын Директорлор кеңешинин жана банк Башкармасынын мүчөлөрү тууралуу маалымат    

    

3.1. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:    

- аты-жөнү;    

- иштеген жери;    

- кызматы;    

- иштеген жеринин телефон номери;    

- кол тамгасынын үлгүсү.    

3.2. Банк Башкармасынын мүчөлөрү тууралуу маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:    

- аты-жөнү;    

- кызмат орду;    

- иштеген жеринин телефон номери;    

- кол тамгасынын үлгүсү.    

   

 4. Банктын айрым кызмат адамдары тууралуу маалымат    

 4.1. Банктын айрым кызмат адамдары тууралуу маалымат банктын төмөнкү айрым кызмат адамдарынын тизмесин камтыйт:    

1. башкы бухгалтер;    

2. банкта ликвиддүүлүктүн тескөөгө алынышы үчүн жооп берген кызмат адамы;    

3. банктын бюджети үчүн жооп берген кызмат адамы;    

4. банктын кредиттик иши үчүн жооп берген кызмат адамы;    

5. Аудит боюнча комитеттин төрагасы;    

6. Ички аудит кызматынын/бөлүмүнүн жетекчиси;    

7. Банк тарабынан чет өлкө валютасында жүзөгө ашырылган операциялар үчүн жооп берген кызмат адамы.   

2, 3, 4, 7-пункттарда көрсөтүлгөн кызмат адамдар банктын жетекчилиги катары иш алып барууга жана бүтүндөй банк ишинде көрсөтүлгөн багыттар боюнча жүргүзүлүп жаткан саясат үчүн жооп берүүгө тийиш.    

4.2. Ар бир кызмат адамы боюнча төмөнкүдөй маалымат камтылууга тийиш:    

- аты-жөнү;    

- кызматы;    

- иштеген жеринин телефон номери;    

- кол тамга үлгүсү.    

4.3. Банктын айрым кызмат адамдарына банк ишинин белгилүү бир багыттары боюнча жүктөлгөн жоопкерчилик бекитилип, документ түрүндө тастыкталууга тийиш.    

   

 5. Банк жөнүндө базалык маалымат    

 5.1. Банк жөнүндө базалык маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:    

- отчет берип жаткан банктын толук аталышын  банктын расмий толук аталышын;    

- эл аралык операциялар үчүн аталышты, эгерде ал башка болсо  эл аралык операцияларды жүргүзгөн банктын расмий толук аталышы;    

- дареги:    

а) шаар  башкы банк жайгашкан шаардын аталышы;    

б) көчөсүүйдүн номери  башкы офис жайгашкан көчөнүн аталышы жана имараттын номери;    

в) почта индекси  почта бөлүмүнүн индекси;    

- расмий жарыяланган байланыш:    

а) телефон  банктын телефонунун расмий номери;    

б) факс  банктын факсынын расмий номери;    

в) телекс  банктын телексинин расмий номери;    

г) электрондук почта  электрондук почтасынын расмий дареги;    

- банктын Интернеттеги веб-сайты  банктын Интернеттеги расмий веб-сайты;    

- уставдык (акционердик) капиталдын суммасы:    

а) жарыяланган - банктын жарыяланган уставдык капиталынын суммасы;    

б) иш жүзүндө салынган  банктын иш жүзүндө салынган уставдык капиталынын суммасы.    

   

6. 1-бөлүк. Баланстык отчет    

    

6.1. Баланстык отчетто регулятивдик отчеттуулук көз карашынан алганда, банктын финансылык абалынын кыйла олуттуу беренесы өзүнчө бөлүп көрсөтүлөт.    

Баланстык отчет үч графадан турат: баланстык берененын аталышы, берененын сом түрүндөгү мааниси, ал эми үчүнчү графада баланстык берененын отчеттук күнгө карата Улуттук банктын эсептик курсу боюнча чет өлкө валютасындагы сом түрүндөгү эквиваленти бөлүп көрсөтүлөт.    

Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.    

Эскертүү: баланстык отчеттун беренеларындагы суммалар (кредиттерден жана финансылык ижаралардан тышкары) потенциалдуу жоготуулар жана чыгым тартуу камдарынын жана амортизациялык чегерүүлөрдүн тиешелүү суммаларын алып салуу менен көрсөтүлөт.    

Д жана Е бөлүкчөлөрүндө баланстык отчеттун айрым беренелары чечмеленет.    

6.2. А бөлүкчөсү. Активдер    

"Акча каражаттары" деп аталган 1-беренеде жүгүртүү кассасындагы банкнотторду жана монеталарды, жолдогу банкнотторду жана монеталарды, аманат кассаларындагы банкнотторду жана монеталарды, банкоматтардагы банкнотторду жана монеталарды кошо алганда, акча каражаттарынын суммасы валюта түрлөрү боюнча чагылдырылат: сом, КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн валюталары, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна (ОЭСР) кирген өлкөлөрдүн валюталары жана башка валюталар.    

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик эсептер" деп аталган 2-беренеде милдеттүү камдык талаптарды кошо алганда, Улуттук банктын корреспонденттик жана башка эсептериндеги акча каражаттарынын суммасы чагылдырылат.    

"Башка банктардагы жана финансы-кредит уюмдарындагы корреспонденттик эсептер" деп аталган 3-беренеде банктардагы же финансы институттарындагы корреспонденттик эсептердеги акча каражаттарынын суммасы, ошондой эле бул банктардын же финансы институттарынын овердрафтынын суммалары тиешелүүРППУну минуска чыгаруу менен чагылдырылат. Калган валюталар төмөнкүлөр боюнча көрсөтүлөт: сом, КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн валюталары, ОЭСРге киргенөлкөлөрдүн валюталары жана башка валюталар.    

"Башка банктардагы жана финансы-кредит уюмдарындагы депозиттер" деп аталган 4-беренеде банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында күрөөгөкоюлган депозиттердеги акча каражаттарын кошо алганда, тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен депозиттердеги акча каражаттардын суммасы чагылдырылат.   

"Банктын баалуу кагаздары" деп аталган 5-беренеде банкка тиешелүү баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт: тооруктук баалуу кагаздар, сатууга боло турган баалуу кагаздар жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар портфели, атайы түзүлгөн тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен.    

"Кыска мөөнөткө жайгаштыруулар" деп аталган 6-беренеде, анда банк кредитор болуп саналган камсыздалган жана камсыздалбаган кыска мөөнөттүүбанктар аралык жайгаштыруулардын (30 күнгө чейинки) суммасы тиешелүү атайы РППУну минуска чыгаруу менен чагылдырылат.    

"РЕПО-келишими боюнча сатылып алынган баалуу кагаздар" деп аталган 7-беренеде банк тарабынан аларды белгилүү бир мезгил ичинде жана белгилүү бир баа боюнча кайрадан сатуу милдеттенмеси менен сатылып алынган баалуу кагаздар тиешелүү атайы РППУну минуска чыгаруу менен камтылат.    

"Финансы-кредит уюмдарына кредиттер жана финансылык ижара" деп аталган 8-беренеде жергиликтүү жана чет өлкө банктарына, башка финансы-кредит уюмдарына каржылоонун суммасы тиешелүү дисконтту минуска чыгаруу менен чагылдырылат.    

"Башка кардарларга кредиттер жана финансылык ижара" деп аталган 9-беренеде кредиттердин, финансы лизингинин, овердрафт-кредиттеринин жана финансылык институт болуп саналбаган жергиликтүү жана чет өлкө кардарларына кредиттик карттарды колдонуу менен берилген кредиттердин суммасы тиешелүүдисконтту минуска чыгаруу менен чагылдырылат.    

"Кредиттер жана финансылык ижара боюнча атайын РППУ" деп аталган 10-беренеде финансылык институттарга жана башка кардарларга кредиттер жана финансылык ижара боюнча түзүлгөн атайы РППУнун өлчөмү көрсөтүлөт.    

"Таза кредиттер жана финансылык ижара" деп аталган 11-беренеде алар боюнча атайы РППУну минуска чыгаруу менен кредиттердин жана финансылык ижаранын наркы көрсөтүлөт (8-берене + 9-10-беренелер).   

"Негизги каражаттар" деп аталган 12-беренеде банктын карамагында же пайдалануусунда турган жерлердин жана/же үлүш жерлердин, имараттардын жана башка курулмалардын, автомобильдерди кошо алганда, эмеректердин, жабдуулардын наркы, ошондой эле курулушка байланыштуу материалдардын, иштердин жана башка капиталдаштырылган чыгашалардын наркы, ижарага алынган менчикти ыңгайлаштырууга капиталдык салымдар негизги каражатка чегерилген амортизацияны минуска чыгаруу менен камтылат. Материалдык эмес активдер бул беренега кошулбайт. Негизги каражаттарды төмөнкүдөй топтор боюнча көрсөтүүзарыл: жер жана имарат; бүтө элек курулмалар жана башка негизги каражаттар.    

"Активдин ордун жабуу үчүн ссуда алуучудан кабыл алынган кыймылсыз мүлк" деп аталган 13-беренеде банк тарабынан активди төлөөгө кабыл алынган ссуда алуучунун кыймылсыз мүлкү, ошондой эле банктын учурда иштебей турган филиалдарынын жана туунду компанияларынын кыймылсыз мүлкү тиешелүүРППУну минуска чыгаруу менен чагылдырылат.    

"Активдин ордун жабуу үчүн ссуда алуучудан кабыл алынган башка менчик" деп аталган 14-беренеде банктын ээлигине өткөн башка активдер (кыймылсыз мүлктөн башка), ошондой эле банктын жабылган филиалдарынын жана туунду компанияларынын башка мүлкү тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен чагылдырылат.    

"Консолидацияланбаган компанияларга инвестициялар" деп аталган 15-беренеде консолидацияланбаган компанияларга капиталдык инвестициялардын суммасы тиешелүү атайы РППУну минуска чыгаруу менен көрсөтүлөт.    

"Башка активдер" деп аталган 16-беренеде эсептердеги акча каражаттарын кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн активдердин баланстык наркы тиешелүүатайы РППУну минуска чыгаруу менен, ошондой эле валюталык операциялар боюнча суммалар (чет өлкө валютасы боюнча алгылыктуу таза своп-позиция, наркын форварддык бүтүмдөр боюнча корректировкалоо, аягына чыгарылбаган чет өлкө валютасын/улуттук валютаны спот-сатып алуулар) жана материалдык эмес активдер чагылдырылат.    

"Бардыгы болуп активдер" деп аталган 17-беренеде 1ден 7ге чейинки жана 11ден 16га чейинки беренелардын суммасы көрсөтүлөт.    

6.3. Б бөлүкчөсү. Милдеттенмелер    

"Юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери" деп аталган 18-статьясында эсептешүү эсептерин жана талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерин кошо алганда, юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын эсептешүүлөрдөгү акча каражаттары жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттери бул статьяга камтылбайт.   

"Жеке адамдардын депозиттери" деп аталган 19-статьяда сактык сертификаттарын жана жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерин кошо алганда, жеке адамдардын депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"Юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттери" деп аталган 20-статьяда депозит сертификаттарын жана жеке белгилери көрсөтүлбөгөн мөөнөттүү металл эсептерин кошо алганда, юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин мөөнөттүү депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын мөөнөттүү депозиттери бул статьяга камтылбайт.    

"Улуттук банк алдындагы милдеттенмелер" деп аталган 21-беренеде Улуттук банк алдындагы милдеттенмелердин суммасы чагылдырылат.    

"Корреспонденттик эсептер" деп аталган 22-беренеде банктын корреспондент-банктарынын эсептериндеги акча каражаттардын суммасы берилген.    

"Банктардын депозиттери" деп аталган 23-беренеде банктардын же финансы-кредит уюмдарынын талап боюнча төлөнүүчү жана мөөнөттүү депозиттер түрүндө жайгаштырылган акча каражаттарынын, ошондой эле банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын эсептешүү эсептериндеги акча каражаттардын суммасы чагылдырылат.   

"Кыска мөөнөткө жайгаштыруулар" деп аталган 24-беренеде анда банк дебитор катары иш алып барган, камсыздалган жана камсыздалбаган кыска мөөнөттүү (30 күнгө чейин) банктар аралык жайгаштыруулардын суммасы көрсөтүлөт.   

"Бийлик органдарынан депозиттер жана кредиттер" деп аталган 25-беренеде бийлик органдарынын депозиттик эсептериндеги акча каражаттарынын жана бийлик органдарынан төмөнкүчө бөлүштүрүү менен алынган башка акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлөт:    

а) бийлик органдарынан депозиттер;    

б) бийлик органдарынан кредиттер.    

"РЕПО-келишими боюнча сатылган баалуу кагаздар" деп аталган 26-беренеде банк тарабынан келечекте кайсы бир күнү жана белгилүү бир баада кайтарым сатып алуу жөнүндө келишим боюнча сатылган баалуу кагаздардын наркы көрсөтүлөт.    

"Алынган кредиттер" деп аталган 27-беренеде кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар катары каралбаган, банк тарабынан төмөнкүлөрдөн алынган кредиттердин суммасы көрсөтүлөт:    

а) банктардан;    

б) эл аралык уюмдарды кошо алганда, башка финансы-кредит уюмдарынан.    

"Субординацияланган карыздык милдеттенмелер" деп аталган 28-беренеде эмитенттин активдерине карата талап кылынышы жана башка дебиторлордун талаптарын канааттандыргандан кийин төлөнүшү мүмкүн болгон карыздык милдеттенмелер көрсөтүлөт.    

"Башка милдеттенмелер" деп аталган 29-беренеде эсептердеги акча каражаттарын кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн башка милдеттенмелер, ошондой эле чет өлкө валютасы боюнча терс таза своп-позиция, аягына чыгарылбаган чет өлкө валютасын/улуттук валютаны спот-сатып алуулар чагылдырылат.    

"Бардыгы болуп милдеттенмелер" деп аталган 30-беренеде 18-беренеден тартып 29-беренега чейинки беренелардын суммасы көрсөтүлөт.    

6.4. В бөлүкчөсү. Капитал.    

"Акционердик капитал" деп аталган 31-беренеде акционердик капиталдын мааниси төмөнкүлөр боюнча бөлүп көрсөтүлөт:    

а) жөнөкөй акциялар  банктын жөнөкөй акцияларынын жалпы суммасы көрсөтүлөт;    

б) артыкчылык берилген акциялар  банктын артыкчылык берилген акцияларынын жалпы суммасы көрсөтүлөт;    

в) акционерлер тарабынан салынган кошумча капиталды кошо алганда, номиналдан үстөк төлөнгөн капитал  акционерлер тарабынан акциялардын номиналдык наркынан жогору салынган акча каражаттарынын суммасы, ошондой эле акционерлер тарабынан Улуттук банктын капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмү боюнча талаптарын аткаруу үчүн салынган кошумча капитал көрсөтүлөт;    

г) бөлүштүрүлбөгөн пайда  банктын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын суммасы чагылдырылат;    

г1) өткөн жылдары алынган пайда  өткөн жылдын пайдасы, акционерлерге каражаттарды бөлүштүрүүдөн кийин жана банктын келечектеги керектөөлөрүнөкамдарга которуудан кийин банкта калган пайда чагылдырылат;    

г2) өтүп жаткан жыл ичинде алынган пайда  учурда өтүп жаткан жыл ичинде алынган пайда чагылдырылат;    

г3) банктын келечектеги керектөөлөрүнө камдар - пайдаларды бөлүштүрүүнүн эсебинен банкта келечекте жагдайлар үчүн түзүлүүчү камдардын суммасы көрсөтүлөт.    

"Жалпы камдар" деп аталган 32-беренеде банктын активдерин кайрадан баалоонун эсебинен түзүлгөн банктагы камдар өлчөмү жана консолидациялоо учурунда валюталарды кайра эсептөөнүн натыйжасында келип чыккан айырма, ошондой эле кредиттер жана финансылык ижара жана башка классификацияланган активдер боюнча жалпы РППУнун өлчөмү чагылдырылат:    

а) негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча кам  негизги каражаттарды кайра баалоо суммасы көрсөтүлөт;    

б) сатууга жарактуу жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча кам  сатууга жарактуу жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздарды кайра баалоодон келип чыккан, сатып өткөрүлбөгөн кирешелердин жана чыгымдардын суммасы берилет;    

в) кредиттер жана финансылык ижара боюнча жалпы РППУ  кредиттер жана финансылык ижара боюнча жалпы РППУнун суммасы көрсөтүлөт;    

г) башка классификациялануучу активдер боюнча жалпы РППУ  классификацияланууга тийиш болгон башка активдер боюнча жалпы РППУнун суммасы көрсөтүлөт;    

д) башка жалпы камдар  башка жалпы камдардын суммасы чагылдырылат. Мындан тышкары бул беренеде пайданы текшилөөгө камдарга жана инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга камдарга тиешелүү маалымат чагылдырылат.   

Эскертүү: Пайданы текшилөөгө кам (РВП)  бул, ислам банкынын Директорлор кеңешинин чечими боюнча инвестициялык эсеп ээлеринин инвестицияларынан алынган кирешелердин белгилүү бир деңгээлин колдоо максатында, мудариба үлүшүн бөлүштүрүүгө чейинки дүң пайдадан бөлүнүп алынган сумманын эсебинен түзүлүүчү кам. Инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам  бул, инвестициялык эсеп ээлеринин келечекте инвестициялык чыгым тартуусунан улам келип чыккан тобокелдиктерди кыскартуу максатында, мудариба пайдасынын үлүшүн бөлүштүргөндөн кийин инвестициялык эсеп ээлеринин пайдасынан бөлүнүп алынуучу кам.    

"Бардыгы болуп капитал" деп аталган 33-беренеде 31 жана 32-беренелардын суммасы көрсөтүлөт.    

"Бардыгы болуп милдеттенмелер жана капитал" деп аталган 34-беренеде 30 жана 33-беренелардын суммасы көрсөтүлөт.    

Төмөнкү эки сапта ал боюнча пайыз алынуучу бир ай ичиндеги активдердин орточо маанисин жана алар боюнча пайыздар төлөнүп жаткан бир ай ичиндеги милдеттенмелердин орточо маанисин көрсөтүү зарыл. Орточо маанилердин эсеби күн сайын жүргүзүлөт.    

6.5. Г бөлүкчөсү. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер.   

"Кредиттерди берүүгө милдеттенмелер" деп аталган 35-беренеде келечекте кредиттерди же кредит алмаштыруучуларды берүү боюнча милдеттенмелер чагылдырылат.    

"Жалпы гарантиялар жана ушул сыяктуу милдеттенмелер" деп аталган 36-беренеде жалпы гарантиялар жана банк тарабынан чыгарылган же тастыкталган ушул сыяктуу милдеттенмелер чагылдырылат.    

"Аккредитивдер" деп аталган 37-беренеде банктын төмөнкү аккредитивдер боюнча мүмкүн болуучу милдеттенмелери чагылдырылат:    

а) стендбай;    

б) документардык;    

в) жана башкалар.    

"Валюталык операциялар" деп аталган 38-беренеде банктын валюталык операциялар боюнча милдеттенмелери чагылдырылат:    

а) своп-операциялары:    

- сатып алуу;    

- сатуу;    

б) башка форварддык операциялар:    

- сатып алуу;    

- сатуу.   

Сатылган валютаны сатып алуу сыяктуу эле, сатылып алынган валютаны сатуу боюнча своп-операциялардын натыйжасында келип чыккан милдеттенмелер а) пунктунда тиешелүүлүгүнө жараша “сатып алуу” жана “сатуу” саптарында чагылдырылат.    

Валютаны сатып алуу сыяктуу эле, сатуу боюнча своп-операцияларды эске албаганда, башка форварддык операциялар боюнча милдеттенмелер б) пунктунда тиешелүүлүгүнө жараша “сатып алуу” жана “сатуу” саптарында чагылдырылат.    

"Активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер" деп аталган 39-беренеде банктын келечекте активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелери чагылдырылат.    

"Баланстан тышкаркы башка милдеттенмелер" деп аталган 40-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн баланстан тышкаркы бардык башка милдеттенмелер чагылдырылат.    

"Бардыгы болуп баланстан тышкаркы милдеттенмелер" деп аталган 41-беренеде 35-беренеден тартып 40-беренега чейинки беренелардын суммасы көрсөтүлөт.    

Эскертүү: баланстан тышкаркы операциялар боюнча контр-эсептер чагылдырылбайт    

6.6. Д бөлүкчөсү. Банктын башка активдерин жана башка милдеттенмелерин чечмелөө    

"Башка активдер" деп аталган 1-беренеде баланстык отчеттун тиешелүү беренесында камтылган банктын активдерин чечмелөө көрсөтүлөт:    

а) алууга карата чегерилген пайыздар  алууга карата чегерилген пайыздардын суммасы чагылдырылат;    

б) алдын-ала төлөнгөн төлөм  келишим шарттарына ылайык, башка тараптарга банк тарабынан төлөнгөн төлөмдөрдүн суммасы көрсөтүлөт;   

в) такталбаган дебитордук суммалар  тактоого чейинки акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт;   

г) баалуу металлдар  банктын карамагында турган баалуу металлдардын наркы көрсөтүлөт;    

д) жана башка активдер  валюталык операциялар боюнча суммалар (чет өлкө валютасы боюнча таза своп-позиция, наркын форварддык бүтүмдөр боюнча корректировкалоо, аягына чыгарылбаган чет өлкө валютасын/улуттук валютаны спот-сатып алуулар), ошондой эле жогоруда көрсөтүлбөгөн банктын башка активдеринин суммасы чагылдырылат.    

"Башка активдерге карата атайы РППУ" деп аталган 2-беренеде банктын жогоруда белгиленген башка активдерине карата атайы РППУнун суммасы берилет.    

"Башка таза активдер" деп аталган 3-беренеде банктын башка активдеринин таза наркы көрсөтүлөт (1-берене минус 2-берене). Бул берене "Баланстык отчет" деп аталган I бөлүгүнүн А бөлүкчөсүнүн 16-беренесына барабар болууга тийиш.    

"Башка милдеттенмелер" деп аталган 4-беренеде банктын баланстык отчетунун тиешелүү беренесында камтылуучу милдеттенмелерин чечмелөө көрсөтүлөт:    

а) төлөөгө карата чегерилген пайыздар - төлөөгө карата чегерилген пайыздардын суммасы көрсөтүлөт;    

б) төлөөгө карата салыктар  бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон банктын милдеттенмелеринин суммасы көрсөтүлөт;    

в) такталбаган кредитордук карыз  тактоого чейинки акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт;    

г) төлөөгө карата дивиденддер  акционерлерге төлөнүүчү акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт;    

д) башка милдеттенмелер  аягына чыгарылбаган чет өлкө валютасын/улуттук валютаны спот-сатуу суммасы, ошондой эле баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча РППУну кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн башка милдеттенмелер чагылдырылат.   

Бул берене "Баланстык отчет" деп аталган 1-бөлүктүн А бөлүкчөсүнүн 29-беренесына дал келүүгө тийиш.    

6.7. Е бөлүкчөсү. Улуттук банк алдында милдеттенмелер.   

"Овернайт" деп аталган 1-беренеде банк тарабынан алынган овернайт кредиттеринин суммасы чагылдырылат.    

"Акыркы инстанция кредити" деп аталган 2-беренеде банк тарабынан алынган акыркы инстанция кредитинин суммасы көрсөтүлөт.    

"ЕБРР кредиттери" деп аталган 3-беренеде ЕБРР кредиттик линиясы боюнча банк тарабынан алынган кредиттердин суммасы чагылдырылат.   

"МАР кредиттери" деп аталган 4-беренеде МАР кредиттик линиясы боюнча банк тарабынан алынган кредиттердин суммасы чагылдырылат.   

"Улуттук банк алдындагы башка кредиттер жана милдеттенмелер" деп аталган 5-беренеде банктын Улуттук банк алдындагы башка милдеттенмелеринин суммасы көрсөтүлөт.   

"Бардыгы болуп" деп аталган 6-беренеде 1-5-беренелардын суммасы көрсөтүлөт.    

6.8. Ж бөлүкчөсү. Активдерди жайгаштыруу.   

Ж бөлүкчөсүндө коммерциялык банктын активдерин географиялык жайгаштыруу жөнүндө маалымат чагылдырылат. Активдер беренесындагы суммалар атайын РППУнун жана дисконттун тиешелүү суммаларын алып салуусуз көрсөтүлөт. Өлкөлөр боюнча бөлүү активдерди иш жүзүндө пайдалануу жерине жараша жүргүзүлөт.    

«Башка активдер» деп аталган 14-беренеде валюта операциялары боюнча суммалар (чет өлкө валютасы боюнча алгылыктуу таза своп-позиция, форвардык бүтүмдөр боюнча наркты корректировкалоо, чет өлкө валютасында/ улуттук валютадагы бүткөрүлө элек спот-сатып алуулар), ошондой эле жогоруда көрсөтүлбөгөн банктын башка активдеринин суммасы чагылдырылат.   

6.8-1. 1-бөлүкчөсү. З. Банктын “ислам терезесинин” алкагында жүзөгө ашырылган операциялары жөнүндө отчет   

   

А тобу. Активдер.   

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик эсеп" деп аталган 1-беренеде банк “ислам терезесинин” алкагында операцияларды жүзөгөашыруусу үчүн ачылган Улуттук банктагы корреспонденттик жана башка эсептердеги акча каражаттарынын суммасы чагылдырылат.    

"Башка коммерциялык банктардагы жана финансы-кредит уюмдарындагы корреспонденттик эсептер" деп аталган 2-беренеде коммерциялык банктарда же финансы-кредит уюмдарында “ислам терезесинин” алкагында операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн ачылган корреспонденттик эсептердеги акча каражаттарынын суммасы, ошондой эле бул банктардын же финансы институттарынын овердрафтынын суммалары тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен чагылдырылат. Калган валюталар төмөнкүлөр боюнча көрсөтүлөт: сом, КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн валюталары, ОЭСРге кирген өлкөлөрдүн валюталары жана башка валюталар.    

"Башка банктардагы жана финансы-кредит уюмдарындагы эсептерде турган акча каражаттары" деп аталган 3-беренеде күрөөгө коюлган депозиттердеги акча каражаттарын кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялардын экономикалык маңызын эске алуу менен банктардагы жана башка финансы-кредит уюмдарындагы эсептерде жайгаштырылган акча каражаттардын суммасы тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен чагылдырылат.   

"Баалуу кагаздар" деп аталган 4-беренеде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чыгарылган баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт: тооруктук баалуу кагаздар портфели, сатууга боло турган баалуу кагаздар жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар портфели, атайы түзүлгөн тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен.    

"Кыска мөөнөткө жайгаштыруулар" деп аталган 5-беренеде, анда банк кредитор болуп саналган камсыздалган жана камсыздалбаган кыска мөөнөттүүбанктар аралык жайгаштыруулардын (30 күнгө чейинки) суммасы тиешелүү атайы РППУну минуска чыгаруу менен чагылдырылат.    

"РЕПО-келишими боюнча сатылып алынган баалуу кагаздар" деп аталган 6-беренеде банк тарабынан аларды белгилүү бир мезгил ичинде жана белгилүү бир баа боюнча кайрадан сатуу милдеттенмеси менен сатылып алынган баалуу кагаздар тиешелүү атайы РППУну минуска чыгаруу менен камтылат.    

"Банктарга жана финансы-кредит уюмдарына сунушталган каржылоо" деп аталган 7-беренеде жергиликтүү жана чет өлкө банктарына, башка финансы-кредит уюмдарына сунушталган каржылоо суммасы тиешелүү дисконтту минуска чыгаруу менен чагылдырылат. Бул берене ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялардын экономикалык маңызын эске алуу менен толтурулат.   

"Башка кардарларга сунушталган каржылоо" деп аталган 8-беренеде финансылык институт болуп саналбаган жергиликтүү жана чет өлкө кардарларына сунушталган каржылоо суммасы тиешелүү дисконтту минуска чыгаруу менен чагылдырылат.  Бул берене ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялардын экономикалык маңызын эске алуу менен толтурулат.   

"Сунушталган каржылоо боюнча атайы РППУ" деп аталган 9-беренеде финансылык институттарга жана башка кардарларга сунушталган каржылоо боюнча түзүлгөн атайы РППУнун өлчөмү көрсөтүлөт.    

"Таза каржылоо " деп аталган 10-беренеде алар боюнча атайы РППУну минуска чыгаруу менен сунушталган каржылоонун наркы көрсөтүлөт (7-берене + 8-9-беренелер).   

“Андан ары кардарларга өткөрүлүп берилүүчү активдер” деп аталган 11-беренеде анын ичинде мурабаха, истиснаа келишимдери боюнча андан ары кардарларга өткөрүлүп берилүүчү жер тилкесинин жана/же үлүштүн, имараттардын, башка курулмалардын, эмеректин, жабдуунун жана башка активдердин/мүлктүн наркы камтылат.   

“Андан ары кардарларга иджара мунтахийа биттамлик келишими боюнча өткөрүлүп берилүүчү активдер” деп аталган 12-беренеде андан ары кардарларга иджара мунтахийа биттамлик келишими боюнча өткөрүлүп берилүүчү жер тилкесинин жана/же үлүштүн, имараттардын, башка курулмалардын, эмеректин, жабдуунун жана башка активдердин/мүлктүн наркы камтылат.    

"Алынган каржылоонун ордун жабуу үчүн кардардан кабыл алынган кыймылсыз мүлк" деп аталган 13-беренеде банк кардардан каржылоонун ордун жабууүчүн кабыл алган кыймылсыз мүлк тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен чагылдырылат.    

"Алынган каржылоонун ордун жабуу үчүн кардардан кабыл алынган башка менчик" деп аталган 14-беренеде банктын ээлигине өткөн башка активдер (кыймылсыз мүлктөн тышкары) тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен чагылдырылат.   

"Башка активдер" деп аталган 15-беренеде эсептердеги акча каражаттарын кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн активдердин баланстык наркы тиешелүүатайы РППУну минуска чыгаруу менен, ошондой эле материалдык эмес активдер чагылдырылат.    

"Бардыгы болуп активдер" деп аталган 16-беренеде 1ден 8ге чейинки жана 11ден 15га чейинки беренелардын суммасы көрсөтүлөт.    

   

Б тобу. Милдеттенмелер    

"Юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү эсептериндеги акча каражаттары" деп аталган 17-беренеде юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү эсептериндеги чектелген мудараба, чектелбеген мудараба, кард хасан, вадиаґа йад даман келишимдери боюнча акча каражаттарынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. Банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын эсептешүү жана талап боюнча төлөнүүчү эсептериндеги акча каражаттары бул беренеде камтылбайт.    

"Жеке адамдардын эсептериндеги акча каражаттар" деп аталган 18-беренеде сактык сертификаттарын кошо алганда, жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү эсептериндеги чектелген мудараба, чектелбеген мудараба, кард хасан, вадиаґа йад даман келишимдери боюнча акча каражаттарынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"Юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери" деп аталган 19-беренеде депозиттик сертификаттарды кошо алганда, юридикалык жактардын мөөнөттүүэсептериндеги чектелген мудараба, чектелбеген мудараба келишимдери боюнча акча каражаттарынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. Банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын мөөнөттүү эсептери бул беренеде камтылбайт.    

"Улуттук банк алдындагы милдеттенмелер" деп аталган 20-беренеде Улуттук банк алдындагы милдеттенмелердин суммасы чагылдырылат.    

"Корреспонденттик эсептер" деп аталган 21-беренеде банк тарабынан “ислам терезесинин” алкагында операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн ачылган корреспондент-банктын эсептериндеги акча каражаттардын суммасы берилет.    

"Банктардагы эсептерде жайгаштырылган акча каражаттары" деп аталган 22-беренеде банктардын же финансы-кредит уюмдарынын талап боюнча төлөнүүчүжана мөөнөттүү эсептеринде жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасы чагылдырылат.   

"Кыска мөөнөткө жайгаштыруулар" деп аталган 23-беренеде камсыздалган жана камсыздалбаган кыска мөөнөттүү (30 күнгө чейин) банктар аралык жайгаштыруулардын суммасы көрсөтүлөт.   

"Бийлик органдары алдында милдеттенмелер" деп аталган 24-беренеде бийлик органдарынын эсептериндеги акча каражаттарынын жана төмөнкүчөбөлүштүрүү менен бийлик органдарынан алынган башка акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлөт:    

а) бийлик органдарынын эсептериндеги акча каражаттары;    

б) бийлик органдарынан алынган каржылоо.    

“Баалуу кагаздар” деп аталган 25-беренеде алар боюнча банк “ислам терезесинин” алкагында милдеттенмелерге ээ болгон, жайгаштырылган баалуу кагаздардын наркы көрсөтүлөт.    

"РЕПО-келишими боюнча сатылган баалуу кагаздар" деп аталган 26-беренеде банк тарабынан келечекте кайсы бир күнү жана белгилүү бир баада кайтарым сатып алуу жөнүндө келишим боюнча сатылган баалуу кагаздардын наркы көрсөтүлөт.    

“Катар (параллель) салам келишими боюнча милдеттенмелер” деп аталган 27-беренеде банктын кардар алдында катар салам келишими боюнча келип чыккан милдеттенмелеринин суммасы көрсөтүлөт.    

"Алынган каржылоо" деп аталган 28-беренеде кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар катары каралбаган, банк төмөнкүлөрдөн “ислам терезесинин” алкагында операцияларды жүзөгө ашыруусу үчүн алган каржылоо суммасы көрсөтүлөт:    

а) банктардан;    

б) эл аралык уюмдарды кошо алганда, башка финансы-кредит уюмдарынан.    

"Башка милдеттенмелер" деп аталган 29-беренеде эсептердеги акча каражаттарын кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн башка милдеттенмелер чагылдырылат.    

"Бардыгы болуп милдеттенмелер" деп аталган 30-беренеде 17-беренеден тартып 29-беренеге чейинки беренелердин суммасы көрсөтүлөт.    

   

В тобу. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер   

“Каржылоо сунуштоого милдеттенмелер” деп аталган 31-беренеде банктын каржылоо сунуштоо боюнча милдеттенмелери чагылдырылат.   

“Жалпы гарантиялар жана ушул сыяктуу милдеттенмелер” деп аталган 32-беренеде банк тарабынан чыгарылган же тастыкталган жалпы гарантиялар жана ушул сыяктуу милдеттенмелер чагылдырылат.   

“Аккредитивдер” деп аталган 33-беренеде банктын аккредитивдер боюнча милдеттенмелери бар учурда чагылдырылат.    

“Активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер” деп аталган 34-беренеде банктын келечекте активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелери чагылдырылат.    

“Башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер” деп аталган 35-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн бардык башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер көрсөтүлөт.   

“Бардыгы болуп баланстан тышкаркы милдеттенмелер” деп аталган 36-беренеде 31-беренеден тартып 35-беренеге чейинки беренелердин суммасы көрсөтүлөт.   

   

Эскертүү: баланстан тышкаркы операциялар боюнча контр-эсептер чагылдырылбайт.    

   

Г тобу. Банктын башка активдерин жана башка милдеттенмелерин чечмелөө.    

   

“Башка активдер” деп аталган 1-беренеде баланстык отчеттун тиешелүү беренесинде камтылган банктын активдери боюнча чечмелөөлөр берилет:   

а) банк алуусу үчүн чегерилген сый акы  банк “ислам терезесинин” алкагында алуусу үчүн чегерилген сый акы суммасы чагылдырылат;    

б) алдын-ала төлөнгөн төлөм  банк келишим шарттарына ылайык башка тараптарга “ислам терезесинин” алкагында төлөп берген төлөмдөрүнүн суммасы көрсөтүлөт;   

в) такталбаган дебитордук суммалар  тактоого чейинки акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт;   

г) баалуу металлдар  колдо болгон баалуу металлдардын наркы көрсөтүлөт;    

д) жана башка активдер  жогоруда көрсөтүлбөгөн банктын башка активдеринин суммасы чагылдырылат.   

"Башка активдерге карата атайы РППУ" деп аталган 2-беренеде банктын жогоруда белгиленген башка активдерине карата атайы РППУнун суммасы берилет.    

"Башка таза активдер" деп аталган 3-беренеде банктын башка активдеринин таза наркы көрсөтүлөт (1-берене минус 2-берене). Бул берене 1.З “Банктын “ислам терезесинин” алкагында жүзөгө ашырган операциялары жөнүндө отчет” деп аталган бөлүгүнүн А тобунун 15-беренесине барабар болууга тийиш.   

"Башка милдеттенмелер" деп аталган 4-беренеде банктын баланстык отчетунун тиешелүү беренесинде камтылуучу милдеттенмелери боюнча чечмелөөлөр көрсөтүлөт:    

а) төлөөгө карата чегерилген сый акы  банктын “ислам терезесинин” алкагында жүзөгө ашырылган операциялары боюнча төлөөгө чегерилген сый акынын суммасы көрсөтүлөт;   

б) төлөөгө карата салыктар  бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон, банктын “ислам терезесинин” алкагында милдеттенмелеринин суммасы көрсөтүлөт;   

в) такталбаган кредитордук карыз  тактоого чейинки акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт;    

г) башка милдеттенмелер  баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча РППУну кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн башка милдеттенмелер чагылдырылат. Бул берене 1.З “Банктын “ислам терезесинин” алкагында жүзөгө ашырган операциялары жөнүндө отчет” деп аталган бөлүгүнүн Б тобунун 29-беренесине барабар болууга тийиш.   

   

Эскертүү: 1.З бөлүкчөнүн маалыматтарын Баланстык отчеттогу маалыматтар менен консолидациялоо ар бир сап боюнча өз-өзүнчө операциялардын/беренелердин маңызына/маанисине жараша жүргүзүлөт. Мисалы, 1.З бөлүкчөнүн “8. Банктарга жана финансы-кредит уюмдарына сунушталган каржылоо” жана “9. Башка кардарларга сунушталган каржылоо” беренелери Баланстык отчеттун “8. Финансы-кредит уюмдарына кредиттер жана финансылык ижара” жана “9. Башка кардарларга кредиттер жана финансылык ижара” беренелери менен консолидацияланат. Баланстык отчетто консолидациялоочу беренелер жок учурда маалымат “Башка активдер” жана “Башка милдеттенмелер” беренелеринде консолидацияланат.    

6.9. И бөлүкчөсү. Банк милдеттенмелерин өлкө белгилери боюнча тартуу    

Бул бөлүкчөдө банк милдеттенмелерин тартуу жөнүндө маалымат өлкөлөр боюнча бөлүп чагылдырылат. Өлкөлөр боюнча бөлүү милдеттенмелер иш жүзүндөтартылган жерине жараша жүзөгө ашырылат. "Бардыгы болуп милдеттенмелер" саптарындагы маалымат "Баланстык отчет" деп аталган 1-бөлүктүн 30-беренесиндеги маалыматтарга дал келүүгө тийиш.    

«Башка милдеттенмелер» деп аталган 12-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн башка милдеттенмелер, ошондой эле чет өлкө валютасындагы терс таза своп-позиция, чет өлкө валютасында/улуттук валютада бүткөрүлө элек спот-сатып алуулар чагылдырылат.   

К. бөлүкчөсүндө банктын чет өлкө валютасындагы милдеттенмелерин Улуттук банктын отчеттук күнгө карата расмий курсу боюнча сом эквивалентинде тартуу жөнүндө маалымат чагылдырылат. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.    

6.10. Л. бөлүкчөсү. Капиталды өлкөлүк белгиси боюнча тартуу    

Бул бөлүкчөдө банктын акционердик капиталын өлкөлөр боюнча бөлүү менен тартуу жөнүндө маалымат берилет. Өлкөлөр боюнча бөлүү банк акционеринин тигил же бул өлкөгө таандык экендигине жараша жүргүзүлөт. Чогуу алгандагы акционердик капиталдын суммасы "Баланстык отчет" деп аталган 1-бөлүктүн 31-беренесиндеги маалыматтарга да келүүгө тийиш. Мында г) "бөлүштүрүлбөгөн пайда" беренеси өзүндө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:    

- каражаттардын бөлүгүн акционерлерге бөлүштүргөндөн кийин жана банктын келечектеги керектөөлөрү үчүн камга которгондон кийин банкта калган өткөн жылдардын пайдасы;    

- учурдагы жылдын пайдасы;    

- банкта келечекте жагдайлар үчүн, пайданы бөлүштүрүүнүн эсебинен келишилген банктын келечектеги керектөөлөрү үчүн камдар.    

Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.    

6.11. М бөлүкчөсү. Кыргыз Республикасынын областтарында тармактар боюнча кредиттердин көлөмү    

Бул бөлүкчөдө финансы-кредит уюму болуп саналбаган жергиликтүү жана чет өлкө кардарларына улуттук сыяктуу эле, чет өлкө валютасында кредиттик карттарды пайдалануу менен берилген кредиттердин, финансы лизингинин, овердрафт-кредитинин калдыктарынын суммасы чагылдырылат. Чет өлкө валютасында берилген кредиттердин жана финансы лизингинин суммасы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата расмий курсу боюнча сом эквивалентинде келтирилет. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.    

Маалымат, банктын кайсы областтык бөлүмү тарабынан кредит сунушталгандыгына жараша, республиканын областтарына бөлүү менен көрсөтүлөт.    

Кардарларга сунушталган кредиттер жана финансылык ижара, экономиканын секторлоруна жараша кардардын ишинин негизги багыты же бизнесинин түрүбоюнча эмес, алган каражаттарын колдонуу максатына ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш. Бардык кредиттер жана финансылык ижара боюнча алардын отчеттук күнгөкарата наркы, тиешелүү дисконтту минуска чыгаруу менен көрсөтүлөт.    

"Башка кардарларга кредиттер жана финансылык ижара" саптарындагы маалыматтар "Баланстык отчет" деп аталган 1-бөлүктүн 9-беренесинин маалыматтарына дал келүүгө тийиш.    

    

6.12. Н бөлүкчөсү. Кредиттерди тобокелдик деңгээлине жараша Кыргыз Республикасынын областтары боюнча классификациялоо    

Бул бөлүкчөдө финансы институту болуп саналбаган жергиликтүү жана чет өлкө кардарларына сунушталган, тобокелдиктер деңгээли боюнча классификацияланууга тийиш болгон кредиттердин жана финансы лизингинин калдыктарынын суммасы, ошондой эле аларды төлөөгө улуттук сыяктуу эле, чет өлкөвалюталарында түзүлгөн камдардын өлчөмү чагылдырылат. Тобокелдик деңгээли боюнча классификацияланууга тийиш болгон кредиттер жана аларды төлөө үчүн чет өлкө валютасында түзүлгөн камдар Улуттук банктын отчеттук күнгө карата расмий курсу боюнча сом эквивалентинде келтирилет. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.    

Маалыматтар, кредит банктын кайсы областтык бөлүмү тарабынан берилгендигине жараша республиканын областтарына бөлүү менен көрсөтүлөт.    

"Кредит портфели" сабындагы маалыматтар "Баланстык отчет" деп аталган 1-бөлүктүн 9-беренесиндеги маалыматтарга дал келүүгө тийиш. "Бардыгы болуп камдар" сабындагы маалыматтар "Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо" деп аталган 7А бөлүгүнүн "Бардыгы болуп камдар" деп аталган саптагы маалыматтарга дал келүүгө тийиш.   

6.13. О бөлүкчөсү. Кыргыз Республикасынын областтары боюнча депозиттерди тартуу булактарынын көлөмү.    

Бул бөлүкчө республиканын областтары боюнча тартуу булактарына карата депозиттердин көлөмү тууралуу маалыматты камтыйт. Чет өлкө валютасында тартылган депозиттер Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сом эквивалентинде келтирилет. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгөтийиш. Маалыматтар банктын кайсы областтык бөлүмү тарабынан депозит тартылгандыгына жараша, республиканын областтарына бөлүү менен көрсөтүлөт. "Бардыгы болуп депозиттер" деп аталган саптагы маалыматтар "Баланстык отчет" деп аталган 1А бөлүктүн 18, 19, 20, 23, 25а-беренелеринин суммасына дал келүүгөтийиш.    

6.14. П. бөлүкчөсү. Коммерциялык банктардын Кыргыз Республикасынын областтары боюнча башка маалыматтары.    

Бул бөлүкчө республиканын областтары боюнча банк тууралуу маалыматтарды камтыйт.    

"Филиалдардын саны" деп аталган сапта банктын филиалдарынын жалпы саны тууралуу маалымат республиканын областтары боюнча өз-өзүнчөчагылдырылат.    

"Өкүлчүлүктөрдүн саны" деп аталган сапта банктын өкүлчүлүктөрүнүн жана аманат кассаларынын жалпы саны тууралуу маалымат республиканын областтары боюнча өз-өзүнчө чагылдырылат.    

"Кредиттердин саны" деп аталган сапта банктын отчеттук күнгө карата жеке адамдарга жана юридикалык жактарга берилген кредиттеринин жалпы саны областтарга бөлүү менен берилген. Мында банктарга жана башка ФКУларга берилген кредиттердин саны тууралуу маалымат камтылбайт. Кредиттердин саны тууралуу маалымат "Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо" деп аталган 7А. бөлүгүнүн "Башка кардарларга кредиттер жана финансылык ижара" деп аталган саптагы маалыматтарга дал келүүгө тийиш.    

"Карыз алуучулардын саны" деп аталган сапта банктын кредиттерин кайтарып берүү боюнча милдеттенмени өзүнө алышкан, кардар-жеке адамдардан жана юридикалык жактардан болушкан карыз алуучулардын жалпы саны көрсөтүлөт. Мында банктар жана башка ФКУлар тууралуу маалымат камтылбайт.    

"Депозиттик эсептердин саны, анын ичинде" деп аталган сапта юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин жана жеке адамдардын банкта ачылган депозиттик эсептеринин жалпы саны көрсөтүлөт. Бул сапта көрсөтүлгөн депозиттик эсептердин саны юридикалык жактардын жана жеке адамдардын "Суммаларга бөлүштүрүү менен депозиттер" деп аталган 13-бөлүктө көрсөтүлгөн депозиттик эсептердин санына дал келүүгө тийиш. Бийлик органдарынын, банктардын жана башка ФКУлардын депозиттик эсептеринин саны тууралуу маалымат камтылбайт.    

"Аманатчылардын саны" деп аталган сапта ушул банкта ачылган биринчи эсеп боюнча банктын аманатчыларынын - юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин жана жеке адамдардын жалпы саны көрсөтүлөт. Мында мамлекеттик органдар жана финансы-кредит уюмдары тууралуу маалымат камтылбайт.   

6.15. 1.Р бөлүкчөсү. Депозиттер жөнүндө маалымат.  

Бул бөлүкчө жеке адамдардын, юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин депозиттери боюнча банктын депозиттери жөнүндө маалыматтарын камтыйт.  

"Саны" тилкесинде аманатчылардын саны/депозиттердин түрү боюнча бөлүнгөн акча которуу системаларынын саны көрсөтүлөт. Эгерде аманатчыда депозиттердин бир нече түрү болсо (мөөнөттүү / талап боюнча төлөнүүчү / жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери), ошол аманатчыны акча каражатынын суммасы көбүрөөк болгон депозиттерде көрсөтүү зарыл.  

"Суммасы" тилкесинде аманатчылардын депозиттеринин суммасы/ депозиттердин түрү боюнча бөлүнгөн акча которуу системаларынын суммасы көрсөтүлөт. Мында "Жеке адамдардын депозиттери" статьясы 1.Б Милдеттенмелер (R1А.) бөлүгүндөгү жеке адамдардын депозиттеринин суммасына туура келүүгө тийиш.   

Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин суммасы 1.Б Милдеттенмелер (R1А.) бөлүгүндөгү юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин суммасына туура келүүгө тийиш;  

Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин мөөнөттүү депозиттеринин суммасы 1.Б Милдеттенмелер (R1А.) бөлүгүндөгү юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттеринин суммасына туура келүүгө тийиш.  

МРБОнун 1-Р бөлүкчөсүндөгү депозиттердин суммасы МРБОнун 13-бөлүгүндө дагы тиешелүү беренелерде көрсөтүлүшү керек.  

"Акча которуу системалары боюнча камсыздандыруу депозиттери" деп аталган беренеде акча которуу системаларынын камсыздандыруу депозиттеринин саны жана суммасы көрсөтүлөт.  

    

    

7. 2-бөлүк. Түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет    

    

7.1. Бардык беренелар учурдагы мезгил үчүн салыштырылып, отчеттук жылдын башынан тартып өсүү жыйынтыгы менен көрсөтүлөт. Бул отчетто суммалар оң же терс болушу мүмкүн.Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.    

7.2. А бөлүкчө. Пайыздык кирешелер    

"Коммерциялык банктардагы депозиттер жана эсептер боюнча пайыздык кирешелер" деп аталган 1-беренеде банк тарабынан башка банктардагы жана финансы-кредит уюмдарындагы депозиттерден, ошондой эле резидент эмес банктардагы корреспонденттик эсептерден алынган пайыздык кирешелер көрсөтүлөт.    

"Улуттук банктагы корреспонденттик эсептер боюнча пайыздык кирешелер" деп аталган 2-беренеде банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсептер же депозиттер боюнча пайыздык кирешелери көрсөтүлөт.   

"Тооруктук баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер" деп аталган 3-беренеде банк тарабынан тооруктук баалуу кагаздар боюнча алынган пайыздык кирешелер көрсөтүлөт.    

"Сатууга жарактуу болгон баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер" деп аталган 4-беренеде банк тарабынан сатууга жарактуу болгон баалуу кагаздар боюнча алынган пайыздык кирешелер көрсөтүлөт.    

өлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер" деп аталган 5-беренеде банк тарабынан төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар боюнча алынган пайыздык кирешелер көрсөтүлөт.    

"Кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар боюнча пайыздык кирешелер" деп аталган 6-беренеде банк тарабынан банктар аралык кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар (30 күнгө чейинки) боюнча алынган пайыздык кирешелер берилет.    

"Финансы-кредит уюмдарына кредиттер жана финансылык ижара боюнча пайыздык кирешелер" деп аталган 7-беренеде банктарга жана башка финансы-кредит уюмдарына берилген кредиттер жана финансылык ижара боюнча банк тарабынан алынган пайыздык кирешелер, ошондой эле комиссиялык төлөмдөр жана айыптык төлөмдөр чагылдырылат.    

"Башка кардарларга кредиттер жана финансылык ижара боюнча алынган пайыздык кирешелер" деп аталган 8-беренеде эл чарба тармактарына кредиттер жана финансылык ижара боюнча банк тарабынан алынган пайыздык кирешелер, ошондой комиссиялык төлөмдөр жана айыптык төлөмдөр көрсөтүлөт. Мында пайыздык кирешелер кардардын ишинин негизги багыты же бизнесинин төмөнкүдөй түрлөрү боюнча эмес, пайдалана турган максатына ылайык, экономиканын секторлору боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш:    

а) өнөр жай;    

б) айыл-чарба жана кайра иштетүү;    

в) соода жана коммерциялык операциялар;    

г) курулуш;    

д) ипотека;    

е) жеке адамдар;    

ж) башкалар.    

"РЕПО келишимдери боюнча сатылып алынган баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер" деп аталган 9-беренеде банктын кайтарым РЕПО-келишимдери боюнча пайыздык кирешелери көрсөтүлөт.    

   

"Башка пайыздык кирешелер" деп аталган 10-беренеде жогоруда келтирилбеген, пайыздык же ушул сыяктуу кирешелер чагылдырылат.    

"Бардыгы болуп пайыздык кирешелер" деп аталган 11-беренеде 1-беренеден тартып 10-беренеге чейинки беренелердин суммасы көрсөтүлөт.    

   

7.3. Б. бөлүкчөсү. Пайыздык чыгашалар    

"Юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары" деп аталган 12-беренеде юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча банктын пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт. Банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын талап боюнча төлөнүүчүдепозиттерине тиешелүү банктын пайыздык чыгашалары бул беренеде камтылбайт.    

"Жеке адамдардын депозиттери боюнча пайыздык чыгашалар" деп аталган 13-беренеде банктын жеке адамдардын депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары берилет.    

"Юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары" деп аталган 14-беренеде юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттери боюнча банктын пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт. Банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын мөөнөттүү депозиттери боюнча банктын чыгашалары бул беренеде камтылбайт.    

"Кыска мөөнөтүү жайгаштыруулар боюнча пайыздык чыгашалар" деп аталган 15-беренеде банктын кыска мөөнөттүү (30 күнгө чейинки) банктар аралык жайгаштыруулар боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.    

"Банктардын депозиттери боюнча пайыздык чыгашалар" деп аталган 16-беренеде башка банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын депозиттери боюнча, ошондой эле резидент эмес банктардын корреспонденттик эсептери боюнча банктын пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.    

"Улуттук банктан кредиттер боюнча пайыздык чыгашалар" деп аталган 17-беренеде банктын Улуттук банктан алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.    

"РЕПО-келишимдери боюнча сатылган баалуу кагаздар боюнча пайыздык чыгашалар" деп аталган 18-беренеде банктын РЕПО-келишимдери боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.    

"Алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалар" деп аталган 19-беренеде банктын эл аралык мекелерин кошо алганда, банктардан жана башка финансы-кредит уюмдарынан алынган кредиттер боюнча банктын пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.   

"Субординацияланган карыздык милдеттенмелер боюнча пайыздык чыгашалар" деп аталган 20-беренеде банк тарабынан чыгарылган субординацияланган карыздык милдеттенмелер боюнча пайыздык чыгашалар чагылдырылат.    

"Башка пайыздык чыгашалар" деп аталган 21-беренеде кредит боюнча дисконтко тиешелүү чыгашаларды кошо алганда, жогоруда келтирилбеген пайыздык же ушул сыяктуу чыгашалар көрсөтүлөт.    

"Бардыгы болуп пайыздык чыгашалар" деп аталган 22-беренеде 12-беренеден тартып 21-беренеге чейинки беренелердин суммасы чагылдырылат.    

"Таза пайыздык киреше" деп аталган 23-беренеде банк тарабынан алынган таза пайыздык киреше көрсөтүлөт (11-берене минус 22-берене).    

"Кредиттер боюнча жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга карата кам" деп аталган 24-беренеде кредиттер жана финансылык ижара боюнча чегерилген пайыздарга тиешелүү РППУ чыгашаларын кошо алганда, кредиттер жана финансылык ижара боюнча потенциалдуу кредиттик жана лизингдик жоготуулардын ордун жабууга атайы жана жалпы камдар боюнча чыгашалар чагылдырылат.    

"РППУга чегерүүдөн кийинки таза пайыздык киреше" деп аталган 25-беренеде 23 жана 24-беренелер ортосундагы айырма көрсөтүлөт.    

7.4. В бөлүкчөсү. Пайыздык эмес кирешелер    

Бул бөлүкчөдө бухгалтердик баланстын тиешелүү эсептериндеги кредиттик калдыктар көрсөтүлөт.    

"Кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр жана комиссиялык жыйымдар" деп аталган 26-беренеде банк тарабынан алынган комиссиялык жыйымдар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр чагылдырылат.    

"Баалуу кагаздар менен операциялардан кирешелер" деп аталган 27-беренеде банк тарабынан карыздык жана капиталдык тооруктук баалуу кагаздар, сатууга жарактуу болгон карыздык жана капиталдык баалуу кагаздар жана төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздар менен операциялардан алынган кирешелер көрсөтүлөт.    

"Чет өлкө валютасы менен операциялардан кирешелер" деп аталган 28-беренеде банк тарабынан чет өлкө валютасы менен операциялардан алынган кирешелери көрсөтүлөт.    

"Туунду жана ассоциацияланган компанияларды кошо алганда, акцияларга жана пайларга салымдардан кирешелер/дивиденддер" деп аталган 29-беренеде банк тарабынан акцияларга жана пайларга салуудан дивиденддер түрүндө (капиталга катышуунун натыйжасы катары) алынган кирешелер, ошондой эле туунду жана ассоциацияланган компаниялардан кирешелер чагылдырылган.    

"Башка пайыздык эмес кирешелер" деп аталган 30-беренеде туунду финансылык инструменттер (фъючерс, форвард/спот, опцион) менен операциялардан кирешелерди кошо алганда, жогоруда эсептелинбеген пайыздык эмес кирешелер жана баалуу кагаздарды жана туунду финансылык инструменттерди кайра баалоодон алынбаган киреше (чыгым тартуу) көрсөтүлөт.    

"Бардыгы болуп пайыздык эмес кирешелер" деп аталган 31-беренеде 26-беренеден тартып 30-беренеге чейинки беренелердин суммасы көрсөтүлөт.    

7.5. Г бөлүкчөсү. Пайыздык эмес чыгашалар    

Бул бөлүкчөдө бухгалтердик баланстын тиешелүү эсептериндеги дебеттик калдыктар көрсөтүлөт.    

"Банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр жана комиссиялык жыйымдар боюнча чыгашалар" деп аталган 32-беренеде банк тарабынан төлөнгөн комиссиялык жыйымдар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр көрсөтүлөт.    

"Баалуу кагаздар менен операциялардан чыгымдар" деп аталган 33-беренеде банк тарабынан карыздык жана капиталдык тооруктук баалуу кагаздар, сатууга жарактуу болгон карыздык жана капиталдык баалуу кагаздар жана төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздар менен операциялар боюнча чыгымдар чагылдырылат.    

"Чет өлкө валюталары менен операциялардан чыгым тартуулар" деп аталган 34-беренеде банктын чет өлкө валюталары менен операциялар боюнча чыгымдары көрсөтүлөт.    

"Башка пайыздык эмес чыгашалар" деп аталган 35-беренеде чет өлкө валютасын кайра баалоодон чыгымды кошо алганда, жогоруда келтирилбеген пайыздык эмес чыгашалар чагылдырылат.    

"Бардыгы болуп пайыздык эмес чыгашалар" деп аталган 36-беренеде 32-беренеден тартып 35-беренеге чейинки беренелердин суммалары көрсөтүлөт.    

7.6. Д бөлүкчөсү. Башка операциялык жана административдик чыгашалар    

"Персоналды күтүүгө сарптоолор" деп аталган 37-беренеде банк кызматкерлеринин эмгек акысына, сый акыларга жана башка ушул сыяктуу төлөмдөргөбайланыштуу (Банк кеңешинин мүчөлөрүнө төлөмдөрдөн тышкары) төмөнкүдөй сарптоолор көрсөтүлөт:    

а) эмгек акы жана сый акылар;    

б) башка компенсациялар жана субсидиялар (башка төлөөлөр);    

в) Социалдык фондго төлөмдөр.   

"Банк кеңешинин мүчөлөрүнө гонорарлар" деп аталган 38-беренеде банк Башкармасынын/Кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү төлөмдөр жана гонорарлар көрсөтүлөт.    

"Менчикке салыкты кошо алганда, негизги каражаттарга карата башка чыгашалар" деп аталган 39-беренеде амортизацияларга чегерүүлөрдү жана менчикке салыктар боюнча сарптоолорду кошо алганда, банктын имаратына жана курулмаларына, эмеректерине, транспортуна, жабдууларына, компьютерлерине, программалык камсыздоолоруна жана материалдык эмес активдерине чыгашалар көрсөтүлөт:    

а) ижара төлөмү;    

б) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана менчикке карата салык;    

в) амортизацияга чыгашалар.    

"Салыктар жана камсыздандыруу" деп аталган 40-беренеде түшкөн пайдага салыкты жана менчикке салыкты эске албаганда, камсыздандырууга, салыкка байланыштуу чыгашалар көрсөтүлөт.    

"Башка операциялык жана административдик чыгашалар" деп аталган 41-беренеде күтүлбөгөн кирешелерди жана чыгашаларды кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн бардык операциялык жана административдик чыгашалар көрсөтүлөт.    

"Бардыгы болуп операциялык жана административдик чыгашалар" деп аталган 42-беренеде 37-беренеден тартып 41-беренеге чейинки беренелердин суммасы чагылдырылат.    

"Таза операциялык киреше (чыгым)" деп аталган 43-беренеде банк тарабынан алынган таза операциялык киреше (чыгым) көрсөтүлөт (25-беренеден тартып 31-беренеге чейинки беренелердин суммасы менен 36-беренеден тартып 42-беренеге чейинки беренелердин суммасы ортосундагы айырма).    

"Жоготуулардын жана чыгым тартуулардын (кредиттик эмес операциялардан) ордун жабууга кам" деп аталган 44-беренеде потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын (кредиттик операциялардан жана финансылык ижарадан айырмаланган) ордун жабууга атайы жана жалпы камдарга чыгашалардын суммасы берилет.    

"РППУга чегерүүлөрдөн кийинки таза киреше (чыгым)" деп аталган 45-беренеде 43 жана 44-беренелер ортосундагы айырма көрсөтүлөт.    

"Пайдага салык" деп аталган 46-беренеде банктын пайда салыгы боюнча чыгашалары көрсөтүлөт.    

"Таза пайда (чыгым)" деп аталган 47-беренеде банктын таза пайдасы (чыгымы) көрсөтүлөт - 45-берене минус 46-берене.    

7.7. Банктын “ислам терезесинин” алкагында жүзөгө ашырылган операциялары боюнча пайда жана чыгым тартуусу жөнүндө отчет.   

   

А тобу. Операциялардан алынган кирешелер   

“Коммерциялык банктардагы эсептерде жайгаштырылган акча каражаттары боюнча кирешелер” деп аталган 1-беренеде банктын “ислам терезесинин” алкагында операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн банктарда жана финансы-кредит уюмдарында ачылган эсептерде, ошондой эле банк-резидент эместердеги корреспонденттик эсептерде жайгаштырылган акча каражаттары боюнча кирешеси көрсөтүлөт.    

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик эсеп боюнча киреше” деп аталган 2-беренеде банк “ислам терезесинин” алкагында операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн ачкан корреспонденттик эсептердеги же Улуттук банктагы эсептерде жайгаштырылган акча каражаттары боюнча кирешеси көрсөтүлөт.    

“Баалуу кагаздар боюнча киреше” деп аталган 3-беренеде банк ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чыгарылган тооруктук баалуу кагаздар, сатууга жарактуу баалуу кагаздар, төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар боюнча алган кирешеси көрсөтүлөт.    

"Кыска мөөнөтүү жайгаштыруулар боюнча киреше" деп аталган 4-беренеде банктын “ислам терезесинин” алкагында кыска мөөнөттүү (30 күнгө чейинки) банктар аралык жайгаштыруулардан алган кирешеси көрсөтүлөт.    

“Финансы-кредит уюмдарынае сунушталган каржылоодон алынган киреше” деп аталган 5-беренеде банктын “ислам терезесинин” алкагында банктарды жана башка финансы-кредит уюмдарын каржылоодон алган кирешеси чагылдырылат.   

“Башка кардарларга сунушталган каржылоодон алынган киреше” деп аталган 6-беренеде банктын “ислам терезесинин” алкагында банктарды жана башка финансы-кредит уюмдардан тышкары, кардарларды каржылоодон алган кирешеси чагылдырылат.   

“РЕПО-келишими боюнча сатылып алынган баалуу кагаздар боюнча киреше” деп аталган 7-беренеде банктын “ислам терезесинин” алкагында РЕПО-келишими боюнча алган кирешеси көрсөтүлөт.   

“Каржылоо операцияларынан алынган башка кирешелер” деп аталган 8-беренеде каржылоодон алынган кирешелер же жогоруда көрсөтүлбөгөн ушул сыяктуу башка кирешелер көрсөтүлөт.   

“Бардыгы болуп киреше” деп аталган 9-беренеде 1-беренеден 8-беренеге чейинки беренелердин суммасы көрсөтүлөт.   

Б тобу. Операциялар боюнча тарткан чыгашалар.   

“Юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү эсептери боюнча чыгашалар” деп аталган 10-беренеде банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган, юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү эсептери боюнча чыгашалары чагылдырылат.   

“Жеке адамдардын эсептери боюнча чыгашалар” деп аталган 11-беренеде банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган, жеке адамдардын эсептери боюнча чыгашалары көрсөтүлөт.   

“Юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери боюнча чыгашалары” деп аталган 12-беренеде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган, юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери боюнча чыгашалары көрсөтүлөт. Банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын мөөнөттүү эсептери боюнча банктын чыгашалары бул беренеде көрсөтүлбөйт.    

“Кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар боюнча чыгаша” деп аталган 13-беренеде банктын “ислам терезесинин” алкагында кыска мөөнөттүү (30 күнгө чейинки) банктар аралык жайгаштыруулар боюнча чыгашасы көрсөтүлөт.    

“Банк эсептери боюнча чыгашалар” деп аталган 14-беренеде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган, башка банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын эсептери, ошондой эле банк-резидент эместердин корреспонденттик эсептери боюнча банктын чыгашалары көрсөтүлөт.    

“Улуттук банк алдында милдеттенмелер боюнча чыгашалар” деп аталган 15-беренеде Улуттук банктан алынган каржылоо боюнча банктын чыгашасы көрсөтүлөт.    

“Баалуу кагаздар боюнча чыгашалар” деп аталган 16-беренеде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чыгарылган баалуу кагаздар боюнча чыгашалар чагылдырылат.    

“РЕПО-келишимдери боюнча сатылган баалуу кагаздар боюнча чыгашалар” деп аталган 17-беренеде банктын РЕПО-келишимдери боюнча чыгашалары көрсөтүлөт.    

“Каржылоо операцияларынан улам келип чыккан чыгашалар” деп аталган 18-беренеде банктардан жана башка финансы-кредит уюмдарынан, анын ичинде эл аралык уюмдардан алынган каржылоо боюнча банктын чыгашалары көрсөтүлөт.   

“Каржылоо операцияларынан улам келип чыккан башка чыгашалар” деп аталган 19-беренеде жогоруда келтирилбеген, банктын каржылоо операцияларынан улам келип чыккан же ушул сыяктуу башка чыгашалары көрсөтүлөт.   

“Бардыгы болуп чыгашалар” деп аталган 20-беренеде 10-беренеден тартып 19-беренеге чейинки беренелердин суммасы көрсөтүлөт.    

“Киреше/чыгаша” деп аталган 21-беренеде 9 жана 20-беренелер ортосундагы айырма көрсөтүлөт.    

“Каржылоо боюнча жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чыгашалар” деп аталган 22-беренеде каржылоо операциялары боюнча түзүлгөн, потенциалдуу жоготуулардын ордун жабууга атайы жана жалпы камдар боюнча чыгашалар көрсөтүлөт.    

“Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүдөн кийинки киреше/чыгым” деп аталган 23-беренеде 21 жана 22-беренелер ортосундагы айырма көрсөтүлөт.    

   

В тобу. Банктын операциялары боюнча башка кирешелер.   

Бул бөлүкчөдө бухгалтердик баланстын тиешелүү эсептериндеги кредиттик калдыктар көрсөтүлөт.    

“Кызмат көрсөтүүлөр жана комиссиялык жыйымдар үчүн төлөө” деп аталган 24-беренеде банктын “ислам терезесинин” алкагында алынган комиссиялык жыйымдары жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрү көрсөтүлөт.   

“Баалуу кагаздар менен операциялардан киреше” деп аталган 25-беренеде банк “ислам терезесинин” алкагында карыздык жана капиталдык тооруктук баалуу кагаздар, сатууга жарактуу карыздык жана капиталдык баалуу кагаздар, ошондой эле төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздар менен операциялардан алынган кирешелери көрсөтүлөт.    

“Чет өлкө валютасы менен операциялардан кирешелер” деп аталган 26-беренеде банктын банк “ислам терезесинин” алкагында ишке ашырылган чет өлкөвалютасы менен операциялардан кирешеси көрсөтүлөт.    

“Башка кирешелер” деп аталган 27-беренеде баалуу кагаздарды кайра баалоодон улам алынбаган кирешени (тартпаган чыгым) кошо алганда, жогоруда келтирилбеген киреше көрсөтүлөт.    

“Бардыгы болуп башка киреше” деп аталган 28-беренеде 24-беренеден тартып 27-беренеге чейинки беренелердин суммасы көрсөтүлөт.    

   

Г тобу. Банктын операциялары боюнча башка чыгашалар   

Бул бөлүкчөдө бухгалтердик баланстын тиешелүү эсептериндеги дебеттик калдык көрсөтүлөт.   

“Банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр боюнча чыгашалар жана комиссиялык жыйымдар” деп аталган 29-беренеде банк “ислам терезесинин” алкагында төлөгөн комиссиялык жыйымдар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр чагылдырылат.    

“Кайрымдуулукка чыгашалар жана башка ушул сыяктуу чыгашалар” деп аталган 30-беренеде кайрымдуулук ишин жүргүзүүдө банк тарткан чыгашалар көрсөтүлөт.    

“Баалуу кагаздар менен операциялардан улам келип чыккан чыгым” деп аталган 31-беренеде банк “ислам терезесинин” алкагында карыздык жана капиталдык тооруктук баалуу кагаздар, сатууга жарактуу карыздык жана капиталдык баалуу кагаздар, ошондой эле төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздар менен операциялардан улам келип ыккан чыгашалар көрсөтүлөт.   

“Чет өлкө валютасы менен операциялардан улам келип чыккан чыгым” деп аталган 32-беренеде банк “ислам терезесинин” алкагында чет өлкө валютасында ишке ашырган операцияларынан тарткан чыгашасы чагылыдырылат.    

“Башка чыгашалар” деп аталган 33-беренеде жогоруда келтирилбеген чыгашалар көрсөтүлөт.    

“Бардыгы болуп башка чыгашалар” деп аталган 34-беренеде 29-беренеден тартып 33-беренеге чейинки беренелердин суммасы көрсөтүлөт.   

“Операциялык чыгашалар” деп аталган 35-беренеде күтүүсүз кирешелерди жана чыгашаларды кошо алганда, банктын жогоруда келтирилбеген башка операциялык чыгашалары камтылат.    

“Таза операциялык киреше (чыгым)” деп аталган 36-беренеде банктын “ислам терезесинин” алкагында операциялык кирешеси (чыгымы) көрсөтүлөт (23 жана 28-беренелер менен 34 жана 35-беренелер суммалары ортосундагы айырма).   

“Жоготуулардын жана чыгым тартуулардын (каржылоодон башка) ордун жабуу үчүн камга чыгашалар” деп аталган 37-беренеде потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын (каржылоодон башка) ордун жабуу үчүн атайы жана жалпы камга чыгашалардын суммасы көрсөтүлөт.    

“РППУга чегерүүдөн кийинки таза киреше (чыгым)” деп аталган 38-беренеде 36 жана 37-беренелер ортосундагы айырма көрсөтүлөт.    

Маалымат үчүн кардарларды каржылоодон алынган киреше тармактар боюнча көрсөтүлөт.   

   

Эскертүү: 2.А. бөлүкчөсүндөгү маалыматтарды Пайда жана чыгым жөнүндө отчеттогу маалыматтар менен консолидациялоо төмөнкү тартипте жүргүзүлөт.    

2.А. бөлүкчөсүнүн “Бардыгы болуп киреше” деп аталган 9-берене менен “Бардыгы болуп чыгаша” деп аталган 20-берене Пайда жана чыгым жөнүндө отчеттун “Башка пайыздык кирешелер” деп аталган 10-беренеси жана “Башка пайыздык чыгашалар” деп аталган 21-беренеси менен консолидацияланат.    

2.А. бөлүкчөсүнүн “Бардыгы болуп башка кирешелер” деп аталган 28-берене менен “Бардыгы болуп башка чыгашалар” деп аталган 34-берене Пайда жана чыгым жөнүндө отчеттун “Башка пайыздык эмес кирешелер” деп аталган 30-беренеси жана “Башка пайыздык эмес чыгашалар” деп аталган 35-беренеси менен консолидацияланат.    

2.А. бөлүкчөсүнүн “Операциялык чыгашалар” деп аталган 35-берене Пайда жана чыгым жөнүндө отчеттун “Башка операциялык жана административдик чыгашалар” деп аталган 41-берене менен консолидацияланат.    

   

8. 3-бөлүк. Капитал түзүмү    

    

8.1. А бөлүкчөсү. Капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр   

Капитал өзүндө жөнөкөй жана артыкчылык берилген акцияларды, бөлүштүрүлбөгөн пайданы жана капиталдык камдарды камтыйт. Бул отчетто чогуу алгандагы капиталдын суммасы баланстык отчеттун 33-беренесинде көрсөтүлгөн чогуу алгандагы капиталдын суммасына барабар болууга тийиш. 1, 3 жана 10-саптарды кошпогондо, таблицада белгиленген бардык сумма жыл башынан берки таза суммардык өзгөрүүлөр катары көрсөтүлүүгө тийиш. Бул бөлүктөгү суммалар оң жана терс болушу мүмкүн. Бардык суммалар миң сом менен берилүүгө тийиш.    

"Өткөн жыл үчүн отчетто көрсөтүлгөн, жыйынтыгында капитал" деп аталган 1-беренеде алгач жыл башына карата баланстык отчетто көрсөтүлгөн, оңдоолор киргизилгенге чейинки капиталдын суммасы чагылдырылат. Учурдагы жылдын 1-январында же андан кийинчерээк өз ишин баштаган банк үчүн бул беренеде нөлдүк маани көрсөтүлөт, ал эми баштапкы капитал 2-беренеде чагылдырылат.    

"Өткөн жыл үчүн отчетто көрсөтүлбөгөн, капиталдын эсептерин корректировкалоо" деп аталган 2-беренеде жыл башындагы маалыматтардын өзгөрүшүнөалып келген, капиталдын эсептериндеги калдыктарга киргизилген бардык өзгөртүүлөрдүн суммасы чагылдырылат. Бул сапта, эгерде эч кандай өзгөртүүлөр киргизилбесе, нөл белгисин көрсөтүү зарыл.    

"Корректировкалоолорду эске алуу менен өткөн жылдын акырына карата капитал" деп аталган 3-беренеде 1 жана 2-беренелердин суммасы берилет. Эгерде эч кандай оңдоолор киргизилбесе, анда 3-берененин мааниси 1-берененин маанисине барабар болууга тийиш.    

"Жыл башынан берки пайда (чыгым)" деп аталган 4-беренеде жыл башынан берки таза пайда (чыгым) көрсөтүлөт. Бул берененин мааниси Пайда жана чыгымдар жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн пайдага (чыгымга) ылайык келүүгө тийиш.    

"Ушул жылы номиналдан үстөк төлөнгөн капитал (нетто)" деп аталган 5-беренеде акционерлер тарабынан номиналдан үстөк салынган акча каражаттарынын суммасы чагылдырылат.    

"Ушул жылдагы камдарга карата өзгөртүүлөр" деп аталган 6-беренеде жыл башынан бери капиталдык камдарда болуп өткөн өзгөрүүлөр көрсөтүлөт:    

а) негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча кам  жыл ичинде нетто-негизде негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча камдардагы кандай болбосунөзгөрүүлөрдүн таза эффекти көрсөтүлөт;    

б) сатууга жарактуу баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча камдар - жыл ичинде нетто-негизде баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча камдардагы кандай болбосун өзгөрүүлөрдүн таза эффекти көрсөтүлөт;    

в) башка жалпы камдар  жыл ичинде нетто-негизде классификациялануучу активдер жана башка капиталдык камдар боюнча жалпы РППУга өзгөрүүлөрдүн таза эффекти көрсөтүлөт;    

г) банктын келечекте керектөөсү үчүн камдар  жыл ичинде нетто-негизде банктын келечекте керектөөсү үчүн камдардагы кандай болбосун өзгөрүүлөрдүн таза эффекти чагылдырылат;    

д) пайданы текшилөө үчүн кам - пайданы текшилөө үчүн камдагы кандай болбосун өзгөрүүлөрдүн таза эффекти көрсөтүлөт;    

е) инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн кам - инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камдагы кандай болбосунөзгөрүүлөрдүн таза эффекти көрсөтүлөт.   

"Минуска чыгаруу менен: жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган акча дивиденддери" деп аталган 7-беренеде отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган бардык акча дивиденддери чагылдырылат.    

"Минуска чыгаруу менен: артыкчылык берилген акциялар боюнча жарыяланган акча дивиденддери" деп аталган 8-беренеде кийинки отчеттук мезгилде төлөнө турган дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде төлөө мөөнөтү чектелген сыяктуу эле, мөөнөтү чектелбеген, артыкчылык берилген акциялар боюнча жарыяланган бардык акча дивиденддери көрсөтүлөт.    

"Өтүп жаткан жыл ичинде капиталга киргизилген башка корректировкалоолор (нетто)" деп аталган 9-беренеде капиталга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон, жогоруда келтирилбеген, башка беренелер боюнча корректировкалоолордун таза суммасы, уставдык капиталды көбөйтүү үчүн салынган акча каражаттардын суммасы, ошондой эле негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча камдардын которулган бөлүгү көрсөтүлөт.    

"Жыйынтыгында отчеттук мезгилдин акырына карата капитал" деп аталган 10-беренеде 3-беренеден тартып 9-беренеге чейинки саптардын суммасы көрсөтүлөт. Бул сумма отчеттук мезгилдин акырына карата баланстык отчетто көрсөтүлгөн капиталдын суммасына барабар болууга тийиш.    

8.2. Б бөлүкчөсүндө. Банктын акциялары жана башка баалуу кагаздары тууралуу маалыматта банк тарабынан чыгарылган акциялар жана баалуу кагаз жөнүндө маалымат келтирилет. Мындай маалымат банк капиталынын таандыгына жараша “жергиликтүү капиталга” жана “чет өлкө капиталына” бөлүп көрсөтүлөт.    

"Жарыяланган уставдык капитал" деп аталган 1-беренеде банктын уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн уставдык капитал көрсөтүлөт.    

өлөнгөн уставдык капитал" деп аталган 2-беренеде В. "Капитал" деп аталган 1-бөлүктүн 31-беренесинин а) жана б) пунктчаларындагы жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялар чагылдырылат.    

"Мамлекеттин төлөнгөн уставдык капиталдагы үлүшү" деп аталган 3-беренеде эгерде банктын төлөнгөн уставдык капиталында болгон болсо, мамлекетке таандык акциялардын бөлүгү көрсөтүлөт. Мындан тышкары буга мамлекеттик уюмдардын жана мамлекеттин 51 пайыздан жогору акциялары катышкан юридикалык жактардын ациялары да кирет.    

Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.    

    

9. 4-бөлүк. Бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы өзгөрүүлөр    

    

9.1. Эгерде отчеттук мезгил ичинде бул отчеттун кайсы бир беренеси боюнча эч кандай өзгөрүүлөр болбосо, мындай берене боюнча нөлдүк маани көрсөтүлөт. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.    

"Өткөн жыл үчүн отчетто көрсөтүлгөн бөлүштүрүлбөгөн пайда" деп аталган 1-беренеде алгач Баланстык отчетто жана Пайда жана чыгым жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн банктын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы чагылдырылат. Өз ишин өтүп жаткан жылдын 1-январында же андан кийин баштаган банк үчүн бул беренеде нөлдүк маани көрсөтүлөт.    

"Өткөн жылдын акырына карата көрсөтүлбөгөн, бөлүштүрүлбөгөн пайданы корректировкалоо" деп аталган 2-беренеде өткөн жыл үчүн Баланстык отчетто алгач көрсөтүлгөн бөлүштүрүлбөгөн пайданын өлчөмүнө киргизилген бардык корректировкалоолордун таза суммасы көрсөтүлөт.    

"Корректировкаларды эске алуу менен өткөн жылдын акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда" деп аталган 3-беренеде бул бөлүктүн 1 жана 2-саптарындагы сумма көрсөтүлөт. Эгерде, эч кандай корректировкалоолор киргизилбесе, анда бул берененин мааниси 1-берененин маанисине барабар болууга тийиш.    

"Жыл башынан берки пайда (чыгым) " деп аталган 4-беренеде Пайда жана чыгым жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн, өтүп жаткан мезгил ичинде катталган таза пайда (чыгым) чагылдырылат.    

"Өтүп жаткан жыл ичинде банктын келечекте керектөөсү үчүн камдагы өзгөрүүлөр (нетто)" деп аталган 5-беренеде өтүп жаткан жыл ичинде орун алган, банктын келечекте керектөөсү үчүн камдардагы кандай болбосун өзгөрүүлөрдүн таза эффекти көрсөтүлөт.    

"Өтүп жаткан жыл ичинде бөлүштүрүлбөгөн пайдага таасирин тийгизүүчү башка камдардагы өзгөрүүлөр" деп аталган 6-беренеде негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча камдардагы өзгөрүүлөрдү кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде бөлүштүрүлбөгөн пайдага таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка камдардагы кандай болбосун өзгөрүүлөрдүн таза эффекти чагылдырылат.    

"Минуска чыгаруу менен: жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган акчалай дивиденддер" деп аталган 7-беренеде отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган бардык акча дивиденддери көрсөтүлөт.    

"Минуска чыгаруу менен: артыкчылык берилген акциялар боюнча жарыяланган акча дивиденддери" деп аталган 8-беренеде отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде төлөө мөөнөтү чектелген сыяктуу эле, мөөнөтү чектелбеген артыкчылыктуу акциялар боюнча жарыяланган бардык акчалай дивиденддер көрсөтүлөт.    

"Минуска чыгаруу менен: жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган акциялар түрүндө дивиденддер" деп аталган 9-беренеде отчеттук күнгө карата капиталда таанылбаган акцияларды кошо алганда, учурдагы жыл ичинде акциялар түрүндө жарыяланган дивиденддер чагылдырылат.    

"Минуска чыгаруу менен: артыкчылык берилген акциялар боюнча жарыяланган акциялар түрүндөгү дивидендер" деп аталган 10-беренеде отчеттук күнгөкарата капиталда таанылбаган дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде төлөө мөөнөтү чектелген сыяктуу эле, мөөнөтү чектелбеген артыкчылык берилген акциялар катары жарыяланган дивиденддер көрсөтүлөт.    

"Өтүп жаткан жыл ичинде бөлүштүрүлбөгөн пайдага башка корректировкалоолор, нетто" деп аталган 11-беренеде өтүп жаткан жыл ичинде бөлүштүрүлбөгөн пайдага таасирин тийгизиши мүмкүн болгон кандай болбосун башка өзгөрүүлөрдүн нетто-балансы чагылдырылат.    

"Жыйынтыгында, отчеттук мезгилдин акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда" деп аталган 12-беренеде таблицанын 3-11 чейинки саптардын суммасы берилет. Бул сумма отчеттук мезгил үчүн Баланстык отчеттогу бөлүштүрүлбөгөн пайда суммасына дал келүүгө тийиш.    

    

10. 5-бөлүк. Баалуу кагаздар портфели    

    

10.1. Бул отчет үч графадан турат: берененин аталышы, чет өлкө валютасындагы отчеттун беренелеринин Улуттук банктын отчеттук күнгө карата расмий курсу боюнча берененин сом түрүндөгү мааниси жана берененин сом эквивалентиндеги мааниси. Бардык суммалар миң сом менен берилүүгө тийиш.    

10.2. РЕПО-келишимдери боюнча сатылып алынган жана сатылган баалуу кагаздар бул бөлүктө чагылдырылбайт, бирок мындай операциялар Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун башка бөлүктөрүндө көрсөтүлүүгө тийиш.    

10.3. "Мамлекеттик органдар тарабынан чыгарылган тооруктук карыздык баалуу кагаздар" деп аталган 1-беренеде банктын төмөнкүлөр боюнча тооруктук карыздык баалуу кагаздары көрсөтүлөт:    

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик казына векселдери жана башка мамлекеттик баалуу кагаздар  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан чыгарылган, тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;    

б) Улуттук банк тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  Улуттук банк тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;    

в) жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;    

г) КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;    

д) ОЭСР өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  ОЭСР өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;    

е) башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт.    

"Башка тооруктук карыздык баалуу кагаздар" деп аталган 2-беренеде төмөнкү компаниялар тарабынан чыгарылган тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт:    

а) жергиликтүү компаниялардын карыздык баалуу кагаздары  жергиликтүү компаниялар тарабынан чыгарылган тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

а1) жергиликтүү ислам банктарынын карыздык баалуу кагаздары - жергиликтүү ислам банктары тарабынан чыгарылган тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

б) чет өлкө компанияларынын карыздык баалуу кагаздары  чет өлкө компаниялары тарабынан чыгарылган, тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт.    

б1) чет өлкөлүк ислам банктарынын карыздык баалуу кагаздары  чет өлкөлүк ислам банктары тарабынан чыгарылган тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт.    

"Тооруктук капиталдык баалуу кагаздар" деп аталган 3-беренеде банктын капиталдык тооруктук баалуу кагаздарынын баланстык наркы көрсөтүлөт:    

а) жергиликтүү компаниялардын капиталдык баалуу кагаздары  жергиликтүү компаниялардын капиталдык тооруктук баалуу кагаздарынын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

а1) жергиликтүү ислам банктарынын капиталдык баалуу кагаздары  жергиликтүү ислам банктары тарабынан чыгарылган капиталдык тооруктук баалуу кагаздарынын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

б) чет өлкө компанияларынын капиталдык баалуу кагаздары  чет өлкө компанияларынын капиталдык тооруктук баалуу кагаздарынын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

б1) чет өлкөлүк ислам банктарынын капиталдык баалуу кагаздары  чет өлкөлүк ислам банктары тарабынан чыгарылган капиталдык тооруктук баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;    

"Мамлекеттик органдар тарабынан чыгарылган, сатуу үчүн жарактуу карыздык баалуу кагаздар" деп аталган 4-беренеде - мамлекеттик органдар тарабынан чыгарылган, сатууга жарактуу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт:    

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик казына векселдери жана башка мамлекеттик баалуу кагаздар  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан чыгарылган, сатууга жарактуу баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;    

б) Улуттук банк тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар - Улуттук банк тарабынан чыгарылган, сатууга жарактуу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы чагылдырылат;    

в) жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган, сатууга жарактуу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;    

г) КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган, сатууга жарактуу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;    

д) ОЭСР өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  ОЭСР өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган, сатууга жарактуу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы чагылдырылат;    

е) башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган, сатууга жарактуу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы чагылдырылат.   

"Сатууга жарактуу башка карыздык баалуу кагаздар" деп аталган 5-беренеде компаниялар тарабынан чыгарылган, сатууга жарактуу төмөнкүдөй карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы чагылдырылат:    

а) жергиликтүү компаниялардын карыздык баалуу кагаздары  жергиликтүү компаниялар тарабынан чыгарылган, сатууга жарактуу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы чагылдырылат;    

а1) жергиликтүү ислам банктарынын карыздык баалуу кагаздары  жергиликтүү ислам банктары тарабынан чыгарылган, сатууга жарактуу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы чагылдырылат;    

б) чет өлкө компанияларынын карыздык баалуу кагаздары  чет өлкө компаниялары тарабынан чыгарылган, сатууга жарактуу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;    

б1) чет өлкө ислам банктарынын карыздык баалуу кагаздары  чет өлкө ислам банктары тарабынан чыгарылган, сатууга жарактуу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;    

"Сатууга жарактуу капиталдык баалуу кагаздар" деп аталган 6-беренеде сатууга жарактуу төмөнкүдөй капиталдык баалуу кагаздардын баланстык наркы берилет:    

а) жергиликтүү компаниялардын капиталдык баалуу кагаздары  жергиликтүү компаниялардын сатууга жарактуу капиталдык баалуу кагаздардын баланстык наркы чагылдырылат;   

а1) жергиликтүү ислам банктарынын капиталдык баалуу кагаздары  жергиликтүү ислам банктары тарабынан чыгарылган, сатууга жарактуу капиталдык баалуу кагаздардын баланстык наркы чагылдырылат;   

б) чет өлкө компанияларынын капиталдык баалуу кагаздары  чет өлкө компанияларынын сатууга жарактуу капиталдык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;    

б1) чет өлкө ислам банктарынын капиталдык баалуу кагаздары  чет өлкө ислам банктары тарабынан чыгарылган, сатууга жарактуу капиталдык баалуу кагаздардын баланстык наркы чагылдырылат.   

"Мамлекеттик органдар тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздар" деп аталган 7-беренеде мамлекеттик органдар тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалып туруучу төмөнкүдөй баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт:    

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик казына векселдери жана башка мамлекеттик баалуу кагаздар  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;    

б) Улуттук банк тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар - Улуттук банк тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы чагылдырылат;    

в) жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалып туруучу, карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;    

г) КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;    

д) ОЭСР өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  ОЭСР өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы чагылдырылат;    

е) башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы берилет.    

өлөөгө чейин кармалып туруучу башка карыздык баалуу кагаздар" деп аталган 8-беренеде компаниялар тарабынан чыгарылган төлөөгө чейин кармалып туруучу төмөнкүдөй баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт:    

а) жергиликтүү компаниялардын карыздык баалуу кагаздары  жергиликтүү компаниялар тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

а1) жергиликтүү ислам банктарынын карыздык баалуу кагаздары  жергиликтүү ислам банктары тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

б) чет өлкө компанияларынын карыздык баалуу кагаздары  чет өлкө компаниялары тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы чагылдырылат.   

б1)  чет өлкө ислам банктарынын карыздык баалуу кагаздары  чет өлкө ислам банктары тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы чагылдырылат.   

"Баалуу кагаздарга карата жалпы РППУ" деп аталган 9-беренеде тооруктук баалуу кагаздар, сатууга жарактуу жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар боюнча жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга жалпы кам көрсөтүлөт.    

"Баалуу кагаздарга карата атайын РППУ" деп аталган 10-беренеде тооруктук баалуу кагаздар, сатууга жарактуу жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар боюнча жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын кам көрсөтүлөт.    

"Баалуу кагаздардын таза наркы" деп аталган 11-беренеде баалуу кагаздардын таза наркы көрсөтүлөт (баалуу кагаздар боюнча дисконтту жана РППУну минуска чыгаруу менен баалуу кагаздардын номиналдык наркы) берилет.    

10.4. Мындан тышкары, тооруктук баалуу кагаздар, сатууга жарактуу жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар боюнча өткөн мезгилге салыштырмалуу банктын баалуу кагаздарынын баланстык наркындагы өзгөрүүлөр боюнча маалыматты кошумча берүү зарыл.    

    

11. 6-бөлүк. Мөөнөтү өтүп кеткен активдер жөнүндө маалымат    

    

11.1. 6 А бөлүкчөсүндө банктын улуттук сыяктуу эле, чет өлкө валютасындагы бардык мөөнөтү өтүп кеткен активдери тууралуу маалымат кардарлардын түрүнө жана мөөнөтү өтүп кеткен күндөрдүн санына жараша чагылдырылат. 6 Б бөлүкчөсүндө банктын чет өлкө валютасындагы мөөнөтү өтүп кеткен активдери тууралуу маалымат отчеттук күнгө карата Улуттук банктын эсептик курсу боюнча сом эквивалентинде келтирилет.    

11.2. Кардарларга кредиттер жана финансылык ижара, кардардын негизги иш багыты же бизнесинин түрү боюнча эмес, алынган каражаттар кандай максатта пайдаланыла тургандыгына жараша экономиканын секторлору боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш. Активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин бардык түрлөрү боюнча маалыматта тиешелүү дисконтту минуска чыгаруу менен отчеттук күнгө карата алардын наркы көрсөтүлөт (эгерде болгон болсо). Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.    

11.3. "Башка активдер" деп аталган 4-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн, бирок ал боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы бар активдер көрсөтүлөт.    

11.4. Маалымат үчүн: реструктуризацияланган активдердин саны  банкты каржылоонун кадимки тажрыйбасынан айрымаланган, келишим шарттарынөзгөртүү аркылуу (жаңы келишим түзүү же кредиттик келишимге карата кошумча келишим түзүү) банк кардарга жекече тартипте жеңилдиктерди сунуштай турган активдердин жалпы саны, б.а реструктуризацияланган активдер көрсөтүлөт.   

11.5. Бөлүктү толтуруунун төмөндө келтирилген тартиби 6 А бөлүкчөсүнө сыяктуу эле, 6.Б бөлүкчөсүнө да таандык болот.    

"Берененин аталышы" деп аталган 1-тилкеде ал боюнча мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген карыз орун алган активдин түрү көрсөтүлөт.    

"Бардыгы болуп" деп аталган 2-тилке 3 жана 5-тилкелердин суммасына барабар болууга тийиш.    

үндөлүк (мөөнөтү өткөрүлбөгөн) активдер" деп аталган 3-тилкеде алар боюнча мөөнөтү өткөрүлгөн карыздары болбогон күндөлүк активдердин суммасы көрсөтүлөт.    

"Реструктуризацияланган кредиттер" деп аталган 4-тилкеде реструктуризацияланган кредиттердин суммасы (3-тилкеден) көрсөтүлөт.    

"Бардыгы болуп мөөнөтү өтүп кеткен активдер" деп аталган 5-тилкеде мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы бар (негизги сумма жана/же ал боюнча пайыздар боюнча), активдердин (кредиттердин) баланстык калдыктарынын суммасы чагылдырылат. 5-тилкенин мааниси 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12-тилкелердин маанилеринин суммасына барабар.    

6-12-тилкелеринде карыздын келип чыгуу мөөнөтүнө жараша мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдердин баланстык калдыктарынын суммасы көрсөтүлөт. Мөөнөттөр карыз келип чыккан учурдан тартып, отчеттук күнгө чейин аныкталат.    

"Кошуп эсептебөө статусундагы бардык кредиттер" деп аталган 13-тилкеде банктын ички саясатына ылайык мөөнөтү өтүп кеткен, алар боюнча пайыздарды кошуп эсептөө токтотулган кредиттердин суммасы көрсөтүлөт.    

11.6. “Ислам терезесинин” алкагында банктын мөөнөтү өтүп кеткен активдери жөнүндө маалымат (сом түрүндө)” деп аталган В бөлүкчөсүндө “ислам терезесинин” алкагында банктын мөөнөтү өтүп кеткен активдери жөнүндө маалымат улуттук валютада сыяктуу эле, чет өлкө валютасында да кардарлардын түрүжана өткөрүлүп жиберилген күндөргө жараша чагылдырылат.    

“Ислам терезесинин” алкагында банктын мөөнөтү өтүп кеткен активдери жөнүндө маалымат (сом түрүндө)” деп аталган Г бөлүкчөсүндө “ислам терезесинин” алкагында банктын мөөнөтү өтүп кеткен активдери жөнүндө маалымат чет өлкө валютасында Улуттук банктын отчеттук күнгө карата расмий курсу боюнча сом эквивалентинде көрсөтүлөт.   

Мында кардарларга сунушталган каржылоо, кардардын негизги ишкердик түрү же анын бизнес боюнча эмес, алынган каражаттарды кандай максатта пайдалана тургандыгына жараша экономика секторлору боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш.    

Маалымат үчүн: реструктуризацияланган активдердин саны  банкты каржылоонун кадимки тажрыйбасынан айрымаланган, келишим шарттарын өзгөртүүаркылуу (жаңы келишим түзүү же кредиттик келишимге карата кошумча келишим түзүү) банк кардарга/өнөктөшкө жекече тартипте жеңилдиктерди сунуштай турган активдердин жалпы саны, б.а реструктуризацияланган активдер көрсөтүлөт.   

Маалымат үчүн, чегербөө статусунда турган рестуруктуризацияланган активдер көрсөтүлөт. Мөөнөтү өткөрүлгөн, рестуруктуризацияланган жана чегербөөстатусунда турган активдердин бардык түрлөрү боюнча отчеттук күнгө карата алардын номиналдык наркы чагылдырылат. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.   

6.В жана 6.Г бөлүкчөлөрү 6.А жана 6.Б бөлүкчөлөрүн толтуруу үчүн 11.5-пунктта келтирилген тартипте толтурулат.    

    

12. 7-бөлүк. Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо    

    

12.1. 7.А бөлүкчөсүндө тобокелдик деңгээли боюнча классификацияланууга тийиш болгон бардык активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер, ошондой эле улуттук сыяктуу эле, чет өлкө валютасында алардын ордун жабууга карата түзүлгөн кам өлчөмү жөнүндө маалымат камтылат. Ал эми 7.Б бөлүкчөсүндөтобокелдик деңгээли боюнча классификацияланууга тийиш болгон бардык активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер, ошондой эле алардын ордун жабууга карата түзүлгөн кам өлчөмү Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сом эквивалентинде көрсөтүлөт.    

12.2. Кардарларга кредиттер жана финансылык ижара, кардардын негизги иш багыты же бизнесинин түрү боюнча эмес, алган каражаттарды пайдалана турган максатына ылайык экономиканын секторлору боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш. Активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин бардык түрлөрүбоюнча алардын отчеттук күнгө карата наркы тиешелүү дисконттуу минуска чыгаруу менен көрсөтүлөт (болгон болсо). Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.    

12.3. "Башка активдер" деп аталган 6-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн, бирок Улуттук банктын талаптарына ылайык классификацияланууга тийиш болгон активдер көрсөтүлөт.    

12.4. Бөлүктү толтуруунун төмөндө келтирилген тартиби 7 А сыяктуу эле, 7 Б бөлүкчөсүнө да тиешелүү.    

"Берененин аталышы" деп аталган 1-тилкеде классификацияланууга тийиш болгон активдин түрү көрсөтүлөт.    

"Бардыгы болуп" деп аталган 2-тилкенин мааниси 5, 6, 7, 9, 10, 11-тилкелердин маанилеринин суммаларына барабар болууга тийиш.    

"Дисконт" деп аталган 3-тилкеде бардык активдер боюнча отчеттук күнгө карата амортизацияланбаган дисконттун өлчөмү көрсөтүлөт.    

"Бардыгы болуп камдар" деп аталган 4-тилкеде активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин ар бир түрү үчүн РППУнун (жалпы жана атайын)өлчөмү чагылдырылат. 4-тилкенин мааниси 8 жана 12-тилкелердин манилеринин суммасына барабар болууга тийиш.    

5, 6, 7, 9 10 жана 11-тилкелерде активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин категориялары классификациясына жараша "нормалдуудан" тартып "жоготууларга" чейин көрсөтүлөт.   

6.1, 6.2, 6.3, 7.1, 7.2, 7.3, 9.1 жана 9.2- тилкелерде активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин категориялары классификациясына жараша РППУ чендери боюнча"нормалдуудан" тартып "жоготууларга" чейин көрсөтүлөт.   

8 жана 12-тилкелерде РППУнун түрлөрү: жалпы жана атайы камр өлчөмдөрү көрсөтүлөт.   

12.5. “Банк тарабынан “ислам терезесинин” алкагында активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо (сом түрүндө)” деп аталган 7.В-бөлүкчөсүндө тобокелдик деңгээли боюнча классификацияланууга тийиш болгон банктын активдери жана баланстан тышкаркы милдеттенмелери, ошондой эле улуттук сыяктуу эле, чет өлкө валютасында алардын ордун жабууга карата түзүлгөн кам өлчөмү жөнүндөмаалымат камтылат. Ал эми “Банк тарабынан “ислам терезесинин” алкагында активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо (чет өлкө валютасында)” деп аталган 7.Г бөлүкчөсүндө тобокелдик деңгээли боюнча классификацияланууга тийиш болгон бардык активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер, ошондой эле алардын ордун жабууга карата түзүлгөн кам өлчөмү Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сом эквивалентинде көрсөтүлөт.    

Мында кардарларга сунушталган каржылоо, кардардын негизги ишкердик түрү же анын бизнес боюнча эмес, алынган каражаттарды кандай максатта пайдалана тургандыгына жараша экономика секторлору боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш. Активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин бардык түрлөрү боюнча алардын отчеттук күнгө карата наркы тиешелүү дисконтту минуска чыгаруу менен көрсөтүлөт (болгон болсо). Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.    

“Башка активдер” деп аталган 6-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн, бирок Улуттук банктын талаптарына ылайык классификацияланууга тийиш болгон активдер чагылдырылат.    

7.В жана 7.Г бөлүкчөлөрү 7.А жана 7.Б бөлүкчөлөрүн толтуруу үчүн 12.4-пунктта келтирилген тартипте толтурулат.    

    

13. 8-бөлүк. РППУдагы өзгөрүүлөр    

    

13.1. "РППУнун эсебинен алынып салынган жана кайтарылган активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер (мурда эсептен алынып салынган) жөнүндө маалыматтар" деп аталган А. бөлүкчөдө учурдагы жылдын башынан тартып РППУнун эсебинен алынып салынган активдер, ошондой эле учурдагы жылы отчеттук күнгө карата (3, 5, 7-тилкелер) Улуттук банктын эсепке алуу курсу боюнча сом эквивалентинде сом (2, 4, 6-тилкелер) жана чет өлкө валютасында кайтарылган (мурда алынып салынган) активдер жөнүндө маалымат чагылдырылат.    

13.2. Кардарларга кредиттер жана финансылык ижара, кардардын негизги ишкердик түрү же анын бизнес боюнча эмес, алынган каражаттарды кандай максатта пайдалана тургандыгына жараша экономика секторлору боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш. Эсептен алып салуу жана кайтарып берүү тиешелүү тилкелерге жана саптарга жазылууга тийиш. Таза алып салуунун суммасы автоматтык түрдө эсептелет. Бардык суммалар миң сом менен берилүүгө тийиш.    

13.3. "Берененин аталышы" деп аталган 1-тилкенин 1, 2, 4, 5, 6 жана 8-саптарында РППУнун эсебинен эсептен алып салынган жана кайтарылып берилген (мурда алынып салынган) активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер келтирилет.    

"Финансы-кредит уюмдарына кредиттер жана финансылык ижара" жана "Кардарларга кредиттер жана финансылык ижара" деп аталган 1 жана 2-беренелерде кредиттердин наркы РППУну алып салуусуз (амортизацияланбаган дисконттун өлчөмүн минуска чыгаруу менен) көрсөтүлөт.    

"Башка активдер" деп аталган 6-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн, бирок ушул жылдын башынан тартып РППУнун эсебинен алынып салынган же учурдагы жылы кайтарылган (мурда эсептен алынып салынган) бардык активдер көрсөтүлөт.    

"Алып салуу  А" деп аталган 2 жана 3-тилкелерде РППУнун эсебинен алынып салынган активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенммелердин суммасы көрсөтүлөт.    

"Кайтаруу  Б" деп аталган 4 жана 5-тилкелерде мурда эсептен алынып салынган активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин РППУга кайтарылган суммалары көрсөтүлөт.    

"Таза алып салуу" деп аталган 6 жана 7-тилкелерде эсептен алып салынган жана кайтарылган активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердинөлчөмдөрүнүн ортосундагы айырма көрсөтүлөт, ал мурда эсептен алынып салынган активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин кайтарылышынан таза кирешени (чыгымды) түшүндүрөт.    

13.4. "Банкка кредиттен тышкары кредиттер боюнча РППУдагы өзгөрүүлөр" деп аталган Б бөлүкчөсү.    

"Жыл башына карата РППУнун калдыгы, бардыгы болуп" деп аталган 1-беренеде баланстык отчетто өтүп жаткан жылдын башына карата РППУнун эсеби боюнча калдык көрсөтүлөт. Алардын ичинен:    

а) атайы камдар  жыл башына карата классификацияланган кредиттерден улам келип чыккан жоготуулардын ордун жабуу үчүн түзүлгөн атайы камдынөлчөмү көрсөтүлөт;   

б) жалпы камдар - жыл башына карата классификацияланбаган кредиттерден улам келип чыккан жоготуулардын ордун жабуу үчүн түзүлгөн атайы камдынөлчөмү көрсөтүлөт.    

"Кайтарылган активдер (плюс)" деп аталган 2-беренеде мурда алынып салынган кредиттер боюнча кайтаруунун натыйжасында ага карата РППУнун абсолюттук мааниси азайган сумма көрсөтүлөт. Бул сумма 8А бөлүкчөнүн Б-4 тилкесинин 2-беренесинде көрсөтүлгөн кайтаруу суммасына ылайык келүүгө тийиш.    

"Алынып салынган активдер (минус)" деп аталган 3-беренеде чыгым катары классификацияланган кредиттерди алып салуунун жыйынтыгы катары РППУ эсеби боюнча калдык азайган сумма көрсөтүлөт. Бул сумма 8А бөлүкчөсүнүн А-2 тилкесинин 2-беренесинде көрсөтүлгөн алып салуу суммасына ылайык келүүгөтийиш.   

"Жыл башынан тартып РППУга чегерүүлөр" деп аталган 4-беренеде өтүп жаткан жыл ичинде РППУга иш жүзүндө жүргүзүлгөн чегерүүлөрдүн өлчөмүкөрсөтүлөт.    

"Корректировкалоо" деп аталган 5-беренеде өтүп жаткан жылдын башталышына карата РППУнун тиешелүү суммасына карата бардык өзгөрүүлөрдүн суммасы көрсөтүлөт. Эгерде, сан терс мааниде болсо, ал кашаанын ичинде көрсөтүлүүгө тийиш.    

"Отчеттук мезгилдин акырына карата РППУнун калдыгы, бардыгы болуп" деп аталган 6-берененин мааниси 3-беренени минуска чыгаруу менен 1, 2, 4 жана 5-беренелердеги суммага барабар болот, алардын ичинен:    

а) атайы камдар  отчеттук мезгилдин акырына карата классификацияланган кредиттерден жана улам жоготуулардын ордун жабуу үчүн түзүлгөн атайы камөлчөмү көрсөтүлөт;    

б) жалпы камдар - отчеттук мезгилдин акырына карата классификацияланбаган кредиттерден жана улам жоготуулардын ордун жабуу үчүн түзүлгөн жалпы кам өлчөмү чагылдырылат.   

13.5. "Кредиттерден айырмаланган активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча РППУга өзгөртүүлөр" деп аталган В бөлүкчөсү жана "Банктарга жана башка финансы-кредит уюмдарына кредиттер боюнча РППУдагы өзгөрүүлөр" деп аталган Г бөлүкчөсү бөлүкчөлөрдүн аталыштарына жараша төмөнкү активдердин тиешелүү түрлөрүн эске алуу менен Б бөлүкчөсүнө окшош толтурулат.    

13.6. “Банктын “ислам терезесинин” алкагында РППУнун эсебинен алынып салынган жана кайтарылган активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер жөнүндө маалымат” деп аталган Д бөлүкчөсү 8.А. бөлүкчөсү сыяктуу толтурулат.   

Мында кардарларга кредиттер жана финансылык ижара, кардардын негизги ишкердик түрү же анын бизнес боюнча эмес, алынган каражаттарды кандай максатта пайдалана тургандыгына жараша экономика секторлору боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш. Эсептен алып салуу жана кайтарып берүү тиешелүү тилкелерге жана саптарга жазылууга тийиш. Таза алып салуу суммасы автоматтык түрдө эсептелет. Бардык суммалар миң сом менен берилүүгө тийиш.   

“Финансы-кредит уюмдарына сунушталган каржылоо” деп аталган 1-беренеде жана “Башка кардарларга сунушталган каржылоо” деп аталган 2-беренеде РППУну эсептен алып салуусуз сунушталган каржылоонун наркы чагылдырылат (амортизацияланбаган дисконт өлчөмүн минуска чыгаруу менен).   

"Башка активдер" деп аталган 6-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн, бирок ушул жылдын башынан тартып РППУнун эсебинен алынып салынган же учурдагы жылы кайтарылган (мурда эсептен алынып салынган) бардык активдер көрсөтүлөт.    

13.7. “Банктарга сунушталган каржылоодон тышкары, “ислам терезесинин” алкагында банк тарабынан сунушталган каржылоо боюнча РППУдагы өзгөрүүлөр” деп аталган Е бөлүкчөсү 8.Б бөлүкчөсү сыяктуу эле толтурулат.    

Мында "Жыл башына карата РППУнун калдыгы, бардыгы болуп" деп аталган 1-беренеде өтүп жаткан жылдын баш жагына карата баланстык отчеттогу РППУ эсеби боюнча калдык көрсөтүлөт, алардын ичинен:    

а) атайы камдар  жыл башына карата классификацияланган активдерден улам жоготуулардын ордун жабуу үчүн түзүлгөн атайы кам өлчөмү көрсөтүлөт;    

б) жалпы камдар - жыл башына карата классификацияланбаган активдерден улам жоготуулардын ордун жабуу үчүн түзүлгөн жалпы кам өлчөмүчагылдырылат.   

"Кайтарылган активдер (плюс)" деп аталган 2-беренеде мурда эсептен алынып салынган активдер боюнча кайтаруунун натыйжасында ага карата РППУнун абсолюттук мааниси азайган сумма көрсөтүлөт. Бул сумма 8Д бөлүкчөнүн Б-4 тилкесинин 2-беренесинде көрсөтүлгөн кайтаруу суммасына ылайык келүүгө тийиш.    

"Алынып салынган активдер (минус)" деп аталган 3-беренеде чыгым катары классификацияланган активдерди алып салуунун жыйынтыгы катары РППУ эсеби боюнча калдык азайган сумма көрсөтүлөт. Бул сумма 8Д бөлүкчөсүнүн А-2 тилкесинин 2-беренесинде көрсөтүлгөн алып салуу суммасына ылайык келүүгөтийиш.   

"Отчеттук мезгилдин акырына карата РППУнун калдыгы, бардыгы болуп" деп аталган 6-берененин мааниси 3-беренени минуска чыгаруу менен 1, 2, 4 жана 5-беренелердеги суммага барабар болот, алардын ичинен:    

а) атайы камдар  отчеттук мезгилдин акырына карата классификацияланган активдерден улам жоготуулардын ордун жабуу үчүн түзүлгөн атайы кам өлчөмүкөрсөтүлөт;    

б) жалпы камдар - отчеттук мезгилдин акырына карата классификацияланбаган активдерден улам жоготуулардын ордун жабуу үчүн түзүлгөн жалпы камөлчөмү чагылдырылат.   

13.8. “Каржылоодон айырмаланган “ислам терезесинин” алкагында банктын активдери боюнча РППУдагы өзгөрүүлөр” деп аталган Ж бөлүкчөсү жана “Банктарга жана башка финансы-кредит уюмдарына банк тарабынан “ислам терезесинин” алкагында сунушталган каржылоо боюнча РППУдагы өзгөрүүлөр” деп аталган Е бөлүкчөсү бөлүкчөнүн аталышына жараша активдердин тиешелүү түрлөрүн эске алуу менен Е бөлүкчөсүнө окшош толтурулат.    

    

14. 9-бөлүк. Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат    

    

14.1. "Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат" деп аталган А бөлүкчөсүндө банктын карыз алуучуларынын бир көбүрөөк чогуу алгандагы карыздары алардын отчеттук күнгө карата номиналдык наркы боюнча чагылдырылат. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.    

14.2. Эгерде банкта ири тобокелдиктер жок болсо (карыз алуучулардын банк алдында чогуу алгандагы карызы боюнча) же алар 15тен аз болсо, анда толтурулгандан кийинки башка саптарда эң чоң карыздар азайуу тартибинде көрсөтүлөт. Эгерде банкта ири тобокелдиктер же ири тобокелдиктер катары саналган тобокелдиктер тобу 15тен көп болсо, анда алардын тизмесин 9-бөлүктө көрсөтүлгөн тобокелдиктерди тиешелүү тартипте жана формада кагаз жүзүндө өзүнчөкөрсөтүүгө болот.    

14.3. "Кардардын аталышы" деп аталган тилкеде банк активдерин кайтарып берүү боюнча өзүнө милдеттенме алган ар бир кардардын  карыз алуучунун аты-жөнүн көрсөтүү зарыл.    

Бул тилкеде карыз алуучунун аты-жөнү толук көрсөтүлүүгө тийиш: 1) юридикалык жактар үчүн  компаниянын мамлекеттик органдарда каттоодон өткөндүгүбоюнча аталышы, 2) жеке адамдар үчүн  аты-жөнү толугу менен.    

"Топ" тилкесинде бирдиктүү чогуу алгандагы карыз катары каралууга тийиш болгон кардарлар тобунун номери көрсөтүлөт. Мындай топтогу ар бир карызөзүнчө сапта көрсөтүлүүгө тийиш. Мисалы, эгерде кайсы бир адам жеке кредит сыяктуу эле, анын компаниясына берилген кредитке ээ болсо, анда бул кредиттерге ири тобокелдиктерди аныктоо максатында топтун бир номери ыйгарылууга тийиш.    

Мисалы: эгерде А жеке адамы жана ага байланыштуу эки компания аларды бириктиргенде ири тобокелдикти (бир топту) түзгөн үч кредитке ээ болсо, анда 1, 2 жана 3-кредиттерге 1-топ номери ыйгарылат. Эгерде, кийинки ири кредит өзүнчө башка кардарга берилген болсо, анда бул кредитке 2-топ номери ыйгарылат.    

Бул мындайча көрсөтүлөт:    

Кардардын аталышы Топтун номери    

А жеке адамы 1    

А жеке адамынын компаниясы 1    

А жеке адамынын компаниясы 1    

Б жеке адамы 2.   

“Башка активдер” тилкесинде, “Кредиттер жана финансылык ижара” тилкесинде көрсөтүлгөн карыздан тышкары, жеке адамдын жана юридикалык жактын банк алдында кандай болбосун башка карызы көрсөтүлөт (эсептелинген пайыздар, дебитордук карыз ж.б.)   

14.4. А-1-бөлүкчө. 15 ири каржылоо булагы, анын ичинде ФКУ жана мамлекеттик уюмдар (Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ж.б.) боюнча маалымат.   

Ушул бөлүкчөдө 15 ири каржылоо булагы, анын ичинде ФКУ жана мамлекеттик уюмдар чагылдырылат (кредит боюнча камсыздоо катары саналган депозиттер бул таблицага камтылбайт).   

«Аманатчынын/кредитордун аты-жөнү» деген тилкеде ар бир аманатчынын/ кредитордун аты-жөнү чагылдырылат.   

«Кредиттин/депозиттин суммасы» деген тилкеде төмөнкүлөр боюнча сумма чагылдырылат:   

- кредит;   

- эсептешүү эсеби;   

- мөөнөттүү депозит;   

- талап боюнча төлөнүүчү депозит.    

«Келишим түзүлгөн күн» деген тилкеде банктын аманатчы/кредитор менен келишим түзүлгөн күнү «жыл.ай.күн» форматында (мисалы, 2016-жылдын 1-февралы) көрсөтүлөт.   

«Келишим аяктаган күн» деген тилкеде банктын аманатчы/кредитор менен түзүлгөн келишимдин аяктаган күнү «жыл.ай.күн» форматында (мисалы, 2016-жылдын 1-февралы) көрсөтүлөт.    

14.4-1. 9.Б-1 бөлүкчө______________ карата абал боюнча корреспонденттик эсептердеги акча каражаттарынын калдыктары боюнча маалыматтар.   

Бул бөлүкчөдө корреспонденттик эсептердеги акча каражаттарынын валюта номиналында жана сом түрүндөгү калдыктары боюнча маалымат чагылдырылат.   

14.5. Г бөлүкчө. Банк тейлөөгө алган брокер/дилер/депозитарий жөнүндө (компания) маалымат.    

Бул бөлүкчөдө банк отчеттук мезгил ичинде корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар менен операцияларды же бүтүмдөрдү алар менен өз атынан же кардарынын атынан жүргүзгөн брокер/дилер/депозитарий (мындан ары-компания) жөнүндө маалымат чагылдырылат.    

"Компаниянын түрү (брокер/дилер/депозитарий)" деп аталган 2-графада банк операцияларды же бүтүмдөрдү ишке ашырган компаниянын, б.а. брокер/дилер/депозитарийдин ишинин аталышы көрсөтүлөт.    

"Компаниянын аталышы" деп аталган 3-графада ушул бөлүктүн 2-графасында көрсөтүлгөн компаниянын толук расмий аталышы берилет.    

"Компаниянын дареги" деп аталган 4-графада компания жайгашкан өлкөнүн жана шаардын, көчөнүн аталышы жана имаратынын номери көрсөтүлөт.    

"Лицензиянын № жана алган күнү" деп аталган 5-графада компаниянын лицензиясынын номери жана алган күнү, ошондой эле лицензия берген ыйгарым укуктуу орган жана бул органдын өлкөсү берилген.    

"Ыйгарылган рейтинг" деп аталган 6-графада компанияга рейтингдик агенттик тарабынан ыйгарылган кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү боюнча рейтингдин мааниси көрсөтүлөт.    

"Рейтингдик агенттиктин аталышы" деп аталган 7-графада компанияга узак мөөнөттүү кредит төлөө жөндөмдүүлүгү рейтингин ыйгарган рейтингдик агенттиктин аталышы берилет.    

"Рейтинг ыйгарылган күн" деп аталган 8-графада компанияга узак мөөнөттүү кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү рейтинги ыйгарылган расмий күн "күн.ай.жыл" форматында (мисалы, 01.11.2010) берилет.    

"Компания менен контракт түзүлгөн күн" деп аталган 9-графада банктын компания менен контракт түзгөн расмий күнү "күн.ай.жыл" форматында (мисалы, 01.11.2010) көрсөтүлөт.    

14.6. Д бөлүкчөсү. Корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар менен операциялар жөнүндө маалымат.    

Бул бөлүкчөдө отчеттук мезгил ичинде репо шарттарын кошо алганда, банкка жана/же банк кардарына менчик укугунда таандык болгон корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар менен ишк ашырылган банктын операциялары жана бүтүмдөрү жөнүндө маалымат чагылдырылат.    

"Компаниянын (брокер/дилер/депозитарийдин) аталышы" деген 2-графада "9.Г. Банк тейлөөгө алган брокер/дилер/депозитарий жөнүндө маалымат" бөлүкчөсүнүн 3-графасында көрсөтүлгөн компаниянын толук расмий аталышы берилет.    

"Операциянын түрү" деп аталган 3-графада компаниянын баалуу кагаздарды сатып алууну (банк жана анын кардарлары үчүн), сатууну (банктын жана анын кардарларынын атынан), сактоону, эсепке алууну жана каттоону жүзөгө ашыруусу көрсөтүлөт.    

"Операциялардын суммасы" деп аталган 4-графада ушул бөлүкчөнүн "Валюта" 5-графасында көрсөтүлгөн, валюта түрүндө берилген операциялардын/бүтүмдөрдүн суммасы чагылдырылат.    

"Валюта" деп аталган 5-графада банк менен компаниянын ортосунда баалуу кагаздар менен операциялар жана бүтүмдөр жүргүзүлгөн валютанын тамга түрүндөгү коду* көрсөтүлөт.    

"Операция башталган күн" деп аталган 6-графада компания тарабынан ушул бөлүкчөнүн 3-графасында көрсөтүлгөн операциялар ишке ашырыла баштаган күн "күн.ай.жыл" форматында (мисалы, 01.11.2010) көрсөтүлөт.    

"Операция аяктаган күн" деп аталган 7-графада компания тарабынан ушул бөлүкчөнүн 3-графасында көрсөтүлгөн операциялар ишке аяктаган күн "күн.ай.жыл" форматында (мисалы, 01.11.2010) көрсөтүлөт.    

"Эскертүү" деп аталган 8-графада зарыл учурларда, операцияларды/бүтүмдөрдү ишке ашыруу шарттары, мисалы, операцияларды/бүтүмдөрдү ишке ашыруу мөөнөтү, банк же анын кардары тарабынан брокерге/дилерге/депозитарийге операцияларды/бүтүмдөрдү ишке ашыруу үчүн күрөө сунуштоосу, брокердин/дилердин/депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө шарттары (бир жолку төлөм же бөлүп төлөө аркылуу) ж.б. маалымат чагылдырылат.    

14.7. Е. бөлүкчөсү. Банктын корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар портфели    

Бул бөлүкчөдө отчеттук күнгө карата абал боюнча менчик укугунда банкка таандык болгон корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар жөнүндөмаалымат, корпоративдик баалуу кагаздар жана мамлекеттик баалуу кагаздар деген топторго бөлүштүрүү менен көрсөтүлөт.    

"Баалуу кагаздардын түрү" деген 2-графада баалуу кагаздардын түрү (акция, вексель, облигация, евробонд ж.б.) чагылдырылат.    

"Баалуу кагаздын номери" деп аталган 3-графада мамлекеттик баалуу кагаздын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган мамлекеттик каттоо номери көрсөтүлөт.    

"Эмитенттин аталышы" деп аталган 4-графада баалуу кагаздын эмитентинин түп нускасынын тилинде берилген толук расмий аталышы чагылдырылат.    

"Эмитенттин резиденттик белгиси" деп аталган 5-графада баалуу кагаздын эмитенти  Кыргыз Республикасынын резиденти же баалуу кагаздын эмитенти Кыргыз Республикасынын резидент эмеси көрсөтүлөт.    

"Эмитенттин өлкөсү" деп аталган 6-графада юридикалык жак  баалуу кагаздын эмитенти катталган өлкө көрсөтүлөт.    

"Сатып алуу күнү" деп аталган 7-графада банк баалуу кагаздарды сатып алган күн "күн.ай.жыл" форматында (мисалы, 01.11.2010) берилет.    

өлөө күнү (карыздык баалуу кагаздар үчүн гана)" деп аталган 8-графада карыздык баалуу кагаздарды төлөө күнү "күн.ай.жыл" форматында (мисалы, 01.11.2010) көрсөтүлөт.    

"Баалуу кагаздардын саны (даана)" деп аталган 9-графада менчик укугунда банкка таандык болгон баалуу кагаздардын саны, даана менен көрсөтүлөт.    

"Валюта" деп аталган 10-графада бир баалуу кагаздын баасы берилген валютанын тамга түрүндөгү коду чагылдырылган*.    

"Бир баалуу кагаздын (негизги валюта бирдигинде) номиналдык баасы" деп аталган 11-графада бир баалуу кагаздын номиналдык баасы ушул бөлүкчөнүн "Валюта" деп аталган 10-графасында көрсөтүлгөн валюта бирдигинде, үтүрдөн кийин эки белги менен көрсөтүлөт.    

"Бир баалуу кагаздын (негизги валюта бирдигинде) рыноктук баасы" деп аталган 12-графада бир баалуу кагаздын рыноктук баасы ушул бөлүкчөнүн "Валюта" деп аталган 10-графасында көрсөтүлгөн валюта бирдигинде, үтүрдөн кийин эки белги менен көрсөтүлөт.    

"Баалуу кагаздар топтомунун (негизги валюта бирдигинде) номиналдык баасы, 9-берене* 11-берене" деп аталган 13-графада баалуу кагаздар топтомунун "Баалуу кагаздардын саны (даана)" деп аталган 9-графадагы саптардын маанисин "Бир баалуу кагаздын (негизги валюта бирдигинде) номиналдык баасы" деп аталган 11-графанын саптарынын маанисине көбөйтүү аркылуу эсептеле турган номиналдык жалпы наркы чагылдырылат.    

"Баалуу кагаздар топтомунун (негизги валюта бирдигинде) номиналдык баасы, 9-берене* 12-берене" деп аталган 14-графада баалуу кагаздар топтомунун "Баалуу кагаздардын саны (даана)" деп аталган 9-графадагы саптардын маанисин "Бир баалуу кагаздын (негизги валюта бирдигинде) рыноктук баасы" деп аталган 12-графанын саптарынын маанисине көбөйтүү аркылуу эсептеле турган рыноктук жалпы наркы чагылдырылат.    

"Баалуу кагаздарды сактоону, эсепке алууну жана каттоону жүзөгө ашырган уюм (уюмдун аталышы жана дареги, жетекчисинин аты-жөнү, лицензиясынын №)" деп аталган 15-графада ушул бөлүкчөнүн "Баалуу кагаздын түрү" деп аталган 2-графада көрсөтүлгөн сактоону, эсепке алууну жана каттоону жүзөгө ашырган уюмдун толук расмий аталышы, ошондой эле ушул уюм жайгашкан өлкөнүн жана шаардын, көчөнүн аталышы жана имаратынын номери берилет.    

"РППУну классификациялоо" деп аталган 16-графада тиешелүү категорияда классификацияланган баалуу кагаз боюнча РППУга чегерүүлөрдүн өлчөмү баалуу кагаздын наркынан пайыздарда берилген (мисалы, 5%, 25% ж.б.) өлчөмү чагылдырылат.    

"Баалуу кагаздар статусу (төлөнгөн, сатылган, күрөөгө коюлган ж.б)" деп аталган 17-графада баалуу кагаздын отчеттук мезгилдин акыркы жумуш күнүнөкарата абал боюнча, мисалы, "банктын менчигиндеги", "сатылган", "күрөөгө коюлган", "баалуу кагазга чектөөлөр белгиленген (блокировкалоо, баалуу кагаздарга арест коюу, баалуу кагаздарга үчүнчү жактардын тартылышы ж.б.)", "жоголгон (кайсы болбосун негизде, анын ичинде жоголуу, уурдалуу жолу менен ээликтен ажыроосу)" сыяктуу учурдагы статусу көрсөтүлөт. Эгерде баалуу кагаздардын бир эмиссиясынын бөлүктөрү ар башка статуска ээ болсо, ар бир бөлүк боюнча маалымат өз-өзүнчө статусуна жараша отчтетук мезгилдин акыркы күнүнө карата абал боюнча чагылдырылууга тийиш.    

14.8. Ж. бөлүкчөсү. Кардарлардын корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар портфели    

Бул бөлүкчөдө банк кардарларына менчик укугунда таандык болгон жана/же банкка отчеттук күнгө карата абал боюнча ишенимдүү тескөөгө өткөрүлүп берилген корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар тууралуу маалымат, корпоративдик баалуу кагаздар жана мамлекеттик баалуу кагаздар деген топторго бөлүштүрүү менен чагылдырылат.    

"Баалуу кагаздын түрү" деп аталган 2-графада баалуу кагаздардын түрү (акция, вексель, облигация, евробонд ж.б.) берилет.    

"Баалуу кагаздын номери" деп аталган 3-графада мамлекеттик баалуу кагаздын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган мамлекеттик каттоо номери көрсөтүлөт.    

"Эмитенттин аталышы" деп аталган 4-графада баалуу кагаздын эмитентинин түп нускасынын тилинде берилген толук расмий аталышы чагылдырылат.    

"Эмитенттин резиденттик белгиси" деп аталган 5-графада баалуу кагаздын эмитенти  Кыргыз Республикасынын резиденти же баалуу кагаздын эмитенти Кыргыз Республикасынын резидент эмеси көрсөтүлөт.    

"Эмитенттин өлкөсү" деп аталган 6-графада юридикалык жак  баалуу кагаздын эмитенти катталган өлкө көрсөтүлөт.    

"Сатып алынган күн" деп аталган 7-графада банк баалуу кагаздарды сатып алган күн "күн.ай.жыл" форматында (миалы, 01.11.2010) берилет.    

өлөө күнү (карыздык баалуу кагаздар үчүн гана)" деп аталган 8-графада карыздык баалуу кагаздарды төлөө күнү "күн.ай.жыл" форматында (мисалы, 01.11.2010) көрсөтүлөт.    

"Баалуу кагаздардын саны (даана)" деп аталган 9-графада менчик укугунда банкка таандык болгон баалуу кагаздардын саны даана менен көрсөтүлөт.    

"Валюта" деп аталган 10-графада бир баалуу кагаздын баасы берилген валютанын тамга түрүндөгү коду чагылдырылган*.    

"Бир баалуу кагаздын (негизги валюта бирдигинде) номиналдык баасы" деп аталган 11-графада бир баалуу кагаздын номиналдык баасы ушул бөлүкчөнүн "Валюта" деп аталган 10-графасында көрсөтүлгөн валюта бирдигинде, үтүрдөн кийин эки белги менен көрсөтүлөт.    

"Бир баалуу кагаздын (негизги валюта бирдигинде) рыноктук баасы" деп аталган 12-графада бир баалуу кагаздын рыноктук баасы ушул бөлүкчөнүн "Валюта" деп аталган 10-графасында көрсөтүлгөн валюта бирдигинде, үтүрдөн кийин эки белги менен көрсөтүлөт.    

"Баалуу кагаздар топтомунун (негизги валюта бирдигинде) жалпы номиналдык баасы, 9-берене*11-берене" деп аталган 13-графада баалуу кагаздар топтомунун "Баалуу кагаздардын саны (даана)" деп аталган 9-графадагы саптардын маанисин "Бир баалуу кагаздын (негизги валюта бирдигинде) номиналдык баасы" деп аталган 11-графанын саптарынын маанисине көбөйтүү аркылуу эсептеле турган номиналдык жалпы наркы чагылдырылат.    

"Баалуу кагаздар топтомунун (негизги валюта бирдигинде) жалпы рыноктук баасы, 9-берене*12-берене" деп аталган 14-графада баалуу кагаздар топтомунун "Баалуу кагаздардын саны (даана)" деп аталган 9-графадагы саптардын маанисин "Бир баалуу кагаздын (негизги валюта бирдигинде) рыноктук баасы" деп аталган 12-графанын саптарынын маанисине көбөйтүү аркылуу эсептеле турган рыноктук жалпы наркы чагылдырылат.    

"Баалуу кагаздарды сактоону, эсепке алууну жана каттоону жүзөгө ашырган уюм (уюмдун аталышы жана дареги, жетекчисинин аты-жөнү, лицензиясынын №)" деп аталган 15-графада ушул бөлүкчөнүн "Баалуу кагаздын түрү" деп аталган 2-графада көрсөтүлгөн сактоону, эсепке алууну жана каттоону жүзөгө ашырган уюмдун толук расмий аталышы, ошондой эле ушул уюм жайгашкан өлкөнүн жана шаардын, көчөнүн аталышы жана имаратынын номери берилет.    

"РППУну классификациялоо" деп аталган 16-графа толтурулбайт.    

"Баалуу кагаздар статусу (төлөнгөн, сатылган, күрөөгө коюлган ж.б)" деп аталган 17-графада баалуу кагаздын отчеттук мезгилдин акыркы жумуш күнүнөкарата абал боюнча төмөнкүдөй күндөлүк статустары көрсөтүлөт:    

- "банктын ишеним боюнча тескөөсүндө", мында кыйгач сызыктан кийин төмөнкү белгилөөлөрдүн бирин кошумча көрсөтүү зарыл: "сатылган", "күрөөгөкоюлган", "төлөнгөн", "баалуу кагазга чектөөлөр (блокировкалоо, баалуу кагаздарга арест коюу, баалуу кагаздарга үчүнчү жактардын тартылышы белгиленген ж.б.)", "жоголгон (кайсы болбосун негизде, анын ичинде жоголуу, уурдалуу жолу менен ээликтен ажыроосу)" ж.б.    

- "кардардын менчигинде", мында кыйгач сызыктан кийин төмөнкү белгилөөлөрдүн бирин кошумча көрсөтүү зарыл: "сатылган", "күрөөгө коюлган", "төлөнгөн", "баалуу кагазга чектөөлөр (блокировкалоо, баалуу кагаздарга арест коюу, баалуу кагаздарга үчүнчү жактардын тартылышы белгиленген ж.б.)", "жоголгон (кайсы болбосун негизде, анын ичинде жоголуу, уурдалуу жолу менен ээликтен ажыроосу)" ж.б.    

     

15. 10-бөлүк. Аффилирленген жактар жөнүндө маалымат   

    

15.1. "Аффилирленген жактар менен активдүү операциялар жөнүндө кыскача маалымат" деп аталган А бөлүкчөсүндө жана “Аффилирленген жактар менен ишке ашырылган операциялар жөнүндө жалпы маалымат” деп аталган Б бөлүкчөсүндө банктын кредиттеринин жана аларга барабар болгон активдеринин суммасы номиналдык наркы боюнча көрсөтүлүүгө тийиш. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.    

15.2. "Кардардын аталышы" жана "Топ" тилкелерин толтуруу тартиби "Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат" деп аталган 9-бөлүктүн тиешелүү тилкелерин толтуруу тартибине окшош.   

15.3. “Аффилирленген жактар жөнүндө маалымат” деп аталган В бөлүкчөсүндө алар менен операциялар ишке ашырылган жана бүтүмдөргө келишилген банктын аффилирленген жактары жөнүндө маалымат келтирилген.    

    

16. 11-бөлүк. Банк менен байланыштуу жактар жөнүндө маалымат    

    

16.1. "банк менен байланыштуу жактар менен активдүү операциялар жөнүндө кыскача маалымат" деп аталган А бөлүкчөсүндө банктын кредиттеринин жана аларга барабар болгон активдеринин суммасы номиналдык наркы боюнча көрсөтүлүүгө тийиш. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.    

16.2. "Кардардын аталышы" жана "Топ" тилкелерин толтуруу тартиби "Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат" деп аталган 9-бөлүктүн тиешелүү тилкелерин толтуруу тартибине окшош.    

16.3. "Банк менен байланыштуу жактар менен операциялар жөнүндө жалпы маалымат" деп аталган Б бөлүкчөсүндө активдүү сыяктуу эле, пассивдүүоперациялар да көрсөтүлөт. Бардык суммалар миң сом менен берилүүгө тийиш.    

Активдүү операцияларды көрсөтүүдө бул бөлүкчөдөөзүндө тобокелдикти камтыбаган операция катары саналган банк менен байланыштуу жактардын операциялары/бүтүмдөрү тышкары, банк менен байланыштуу жактар менен ишке ашырылган бардык операциялар көрсөтүлөт:   

- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, байланыш операторлорунун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө;   

- овердрафт/кредиттик лимит боюнча операциялардан тышкары, төлөм карттары боюнча операциялар;   

- кассалык тейлөө боюнча операциялар;   

- коммерциялык жол чектерин сатып алуу/сатуу;   

- сейфтик операциялар;   

- мамлекеттик баалуу кагаздар менен операциялар;   

- салык жана жыым боюнча мамлекеттик бюджетке төлөөлөр.   

Бул бөлүкчөдө банк менен байланыштуу жактын депозиттик операциялары чагылдырылган шартта, “Операцияны ишке ашыруу шарттары” тилкесинде депозит валютасынын кодун, ал эми “Эскертүү” тилкесинде пайыздарды төлөө жана пайыздарды капиталдаштыруу (болгон болсо) шарттары жөнүндө маалыматты чагылдыруу зарыл.    

16.4. “Банктын кызмат адамдарынын жакын туугандары жөнүндө маалымат” деп аталган В бөлүкчөсүндө, “Банк менен байланыштуу башка жактар жөнүндөмаалымат” деп аталган Г бөлүкчөсүндө жана “Анда кызмат адамдар жана кызмат адамдардын жакын туугандары же банк менен байланыштуу башка адамдар контролдоо укугуна ээ болгон юридикалык жактар тууралуу маалымат” деп аталган Д бөлүкчөсүндө жогоруда аталган бардык адамдар жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.    

    

17. 12-бөлүк. Банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин пайыздык чендердин жана төлөө мөөнөттөрүнүн өзгөрүү таасирине кабылышына (көз карандылыгына) талдап-иликтөөлөр   

   

17.1. "Активдердин жана милдеттенмелердин пайыздык чендердин өзгөрүү таасирине кабылышына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү" деп аталган А. бөлүкчөсүпайыздык чендердин өзгөрүү таасирине кабылышы мүмкүн болгон активдер менен милдеттенмелер ортосундагы айырманы өлчөө аркылуу пайыздык чен тобокелдигине баа берүү үчүн пайдаланылат.    

17.2. Пайыздык чендердин өзгөрүү таасирине кабылышы мүмкүн болгон активдерге активдердин акча көлөмү кирет, ал рыноктук пайыздык чендердин же белгилүү бир убакыт ичинде алар боюнча келип жеткен мөөнөттүн өзгөрүшүнөн улам белгилүү бир убакыт аралыгы ичинде кайра бааланат. Пайыздык чендердинөзгөрүү таасирине кабылышы мүмкүн болгон милдеттенмеге милдеттенменин акча көлөмү кирет, ал рыноктук пайыздык чендердин же белгилүү бир убакыт ичинде алар боюнча келип жеткен мөөнөттүн өзгөрүшүнөн улам белгилүү бир убакыт аралыгы ичинде кайра бааланат.    

17.3. Пайыздык чендердин өзгөрүү таасирине кабылышы мүмкүн болгон активдер менен милдеттенмелер ортосундагы ар кандай мезгил аралыгындагы ажырымды белгилөө бул отчеттун максатынан болуп саналат. Бул ажырымга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү банктын рыноктук пайыздык чендеринин өзгөрүүтаасирине кабылышы мүмкүндүгүн аныктоо ыкмаларынын бири болуп саналат.    

17.4. Пайыздык чендердин өзгөрүү таасирине кабылышы мүмкүн болгон бардык активдер жана милдеттенмелердин күндөлүк баланстык наркы төмөнкү эки мөөнөттүн алгач мезгилинин негизинде чагылдырылууга тийиш: 1) банк активдерди/милдеттенмелерди кайра баалоону жүргүзүүгө тийиш болгон күнгө чейинки күндөрдүн саны (пайыздык ченди рыноктогу кырдаалга жараша жана/же мурда келишилгенге ылайык өзгөртүү) же 2) төлөөгө чейинки күндөрдүн саны.    

17.5. 9 жана 20-саптарда бул бөлүкчөнүн башка беренелерине кирбеген пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө карата ийкемдүү бардык активдер жана милдеттенмелер чагылдырылат.    

17.6. 22 жана 23-саптар ар бир мезгил үчүн автоматтык түрдө эсептелет. Чет өлкө валютасындагы маалымат отчеттук күнгө карата Улуттук банктын эсепке алуу курсу боюнча сом эквивалентинде келтирилет. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.    

17.7. "Активдердин/милдеттенмелердин төлөө мөөнөтү" деп аталган Б бөлүкчөсүндө бардык активдер (атайын РППУну алып салуусуз) жана милдеттенмелер активдерди берүүнүн алгачкы мөөнөтүнөн же милдеттенмелердин келип чыгуусунан көз карандысыз, активдерди же милдеттенмелерди төлөөгө чейин калган күндөрдүн санына жараша чагылдырылат.    

17.8. Активдерди жана милдеттенмелерди төлөө мөөнөттөрүнө ылайык келбөөлөрдү жана алардын келечекте банктын ликвиддүү позициясына карата таасирин белгилөө бул отчеттун максатынан болуп саналат. Бул бөлүкчө отчеттук күнгө карата банктын ликвиддүү позициясын аныктоо үчүн инструменттердин бири катары пайдаланылат. Отчетто бардык активдер жана милдеттенмелер камтылат. Бардык активдердин жана милдеттенмелердин күндөлүк баланстык наркы төлөөгө чейинки күндөрдүн санынын негизинде тиешелүү ячейкага киргизилүүгө тийиш.    

17.9. Эгерде кредитти төлөө мөөнөтү 30 күндөн 60 күнгө чейин өткөрүлүп жиберилген жана/же эки жолу кайрадан реструктуризацияланган болсо, ал «181-365 күнгө» чейинки категорияда камтылууга тийиш. Эгерде, кредиттин төлөө мөөнөтү 60 күндөн ары өткөрүлүп жиберилсе жана/же үч же андан көп жолу кайрадан реструктуризацияланган болсо жана/же кредит чегербөө статусунда турса, ал «3 жылдан көбүрөөк» категориясында камтылууга тийиш.   

17.10. 9 жана 22-саптарда бул бөлүкчөнүн башка беренелерине кирбеген, төлөө мөөнөттөрүнө ылайык бардык башка активдер жана милдеттенмелер чагылдырылат.    

17.11. Атайы РППУну минуска чыгаруу менен деген 10-сап "Баланстык отчеттун" 1-бөлүгүнүн А бөлүкчөсүндөгү 17-сапка барабар болууга, ал эми 23-сап ушул эле бөлүмдүн Б бөлүкчөсүндөгү 30-сапка барабар болууга тийиш.    

17.12. 24 жана 25-саптар ар бир мезгил үчүн автоматтык түрдө эсептелет. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.    

17.13. “Активдердин жана милдеттенмелердин рынокто кирешелүүлүк ченинин өзгөрүү таасирине кабылышына талдап-иликтөөлөр” деген В бөлүкчөсүкирешелүүлүк ченинин өзгөрүү таасирине кабылышы мүмкүн болгон активдер жана милдеттенмелер ортосундагы ажырымды өлчөө аркылуу кирешелүүлүк ченинин тобокелдигине баа берүү үчүн колдонулат.   

Кирешелүүлүк ченинин өзгөрүү таасирине кабылышы мүмкүн болгон активдерге, кирешелүүлүктүн рыноктук чендеринин өзгөрүүсүнөн улам белгилүү бир мезгил аралыгы ичинде кайра баа берилген же алар боюнча төлөө мөөнөтү белгилүү бир мезгил аралыгында келип жеткен активдердин акчалай көлөмү кирет. Кирешелүүлүк ченинин өзгөрүү таасирине кабылышы мүмкүн болгон милдеттенмелерге, кирешелүүлүктүн рыноктук чендеринин өзгөрүүсүнөн улам белгилүү бир мезгил аралыгы ичинде кайра баа берилген же алар боюнча төлөө мөөнөтү белгилүү бир мезгил аралыгында келип жеткен милдеттенмелердин акчалай көлөмүкирет.   

Бул отчеттун максаты  ар башка мезгил аралыгында кирешелүүлүк ченинин өзгөрүү таасирине кабылышы мүмкүн болгон активдер жана милдеттенмелер ортосунда ажырымды белгилөө саналат. Бул ажырымга талдап-иликтөөлөр банктын кирешелүүлүгүнүн рыноктук ченинин таасирине кабылышын аныктоо ыкмаларынын бири болуп саналат.   

Кирешелүүлүк ченинин өзгөрүү таасирине кабылышы мүмкүн болгон бардык активдер жана милдеттенмелердин күндөлүк баланстык наркы тиешелүүмезгилде төмөнкү эрте келип жеткен мөөнөттөрдүн биринин негизинде чагылдырылууга тийиш: 1) банк активдерге/милдеттенмелерге кайра баалоону жүргүзүүгөтийиш болгон күнгө чейинки күндөрдүн саны, же 2) төлөө мөөнөтүнө чейинки күндөрдүн саны.    

9 жана 20-саптарда бул бөлүкчөнүн башка беренелерине кирбеген, кирешелүүлүк ченинин өзгөрүү таасирине кабылышы мүмкүн болгон бардык башка активдер жана милдеттенмелер чагылдырылат.    

22 жана 23-саптар ар бир мезгил аралыгы боюнча автоматтык түрдө эсептелет. Чет өлкө валютасында маалыматтар Улуттук банктын отчеттук күнгө карата расмий курсу боюнча сом эквивалентинде келтирилет. Бардык усммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.   

17.14. «Ислам терезесинин» алкагында банктын активдеринин/милдеттенмелеринин ордун жабуу мөөнөтү» деп аталган Г бөлүкчөсү 12.Б бөлүкчөсүндөй эле толтурулат.    

Мында, эгерде кредитти төлөө мөөнөтү 30 күндөн 60 күнгө чейин өткөрүлүп жиберилген жана/же эки жолу кайрадан реструктуризацияланган болсо, ал «181-365 күнгө» чейинки категорияда камтылууга тийиш. Эгерде, кредиттин төлөө мөөнөтү 60 күндөн ары өткөрүлүп жиберилсе жана/же үч же андан көп жолу кайрадан реструктуризацияланган болсо жана/же кредит чегербөө статусунда турса, ал «3 жылдан көбүрөөк» категориясында камтылууга тийиш.   

   

18. 13-бөлүк. Суммалар боюнча бөлүү менен депозиттер    

    

18.1. Маалымат, Бишкек шаары жана республиканын областтары боюнча, ошондой эле отчеттук формада сом эквивалентинде аныкталган депозиттин суммасына жараша берилет. Областтар боюнча маалымат суммардык түрдө берилет. Бардык маалымат миң сом менен берилүүгө тийиш. Чет өлкө валютасындагы депозиттер тууралуу мааалымат Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча улуттук валюта эквивалентинде келтирилет.    

18.2. "Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер" бөлүкчөсүнүн "Жеке адамдардын депозиттери" деп аталган сабында өлчөмү белгилүү диапазонго тиешелүү болгон, талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерин кошо алганда, жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер" бөлүкчөсүнүн "Юридикалык жактардын депозиттери" деп аталган сабында эсептешүү эсептерин жана талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерин кошо алганда, юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

"Юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттери" деп аталган сабында депозит сертификаттарын жана мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерин кошо алганда, юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин мөөнөттүү депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери" деп аталган сабында сактык сертификаттарын жана жеке белгилери көрсөтүлбөгөн мөөнөттүү металл эсептерин кошо алганда, жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"Бардыгы болуп" тилкесиндеги сумма автоматтык түрдө эсептелет.    

    

19. 17-бөлүк. Банктын ишеним боюнча тескөө операциялары тууралуу маалымат    

    

19.1. Бул бөлүктө банктын ишеним боюнча тескөө операциялары жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.    

"Объекттердин түрлөрү" деп аталган тилкеде ишенимдүү операциялардын түрлөрү көрсөтүлөт.    

"Ишеним боюнча тескөө келишимдеринин операциялардын типтери жана түрлөрү боюнча саны" деп аталган тилкеде банктын ишеним боюнча тескөөкелишимдеринин саны көрсөтүлөт.    

"Отчеттук мезгилдин башталышына карата калдык" жана "Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык" деп аталган тилкелерде отчеттук күндүн башталышына жана акырына карата банктын ишеним боюнча тескөөсүндө турган бардык объекттердин наркы тиешелүүлүгүнө жараша көрсөтүлөт.    

"Эсеп боюнча дебеттик жүгүртүү" жана "Эсеп боюнча кредиттик жүгүртүү" деп аталган тилкелерде ишеним боюнча тескөөгө байланыштуу иштер боюнча бардык дебеттик жана кредиттик жүгүртүүлөр көрсөтүлөт (колдонуудагы мыйзам актыларында каралган, келишим шарттарына ылайык, бенефициарга төлөөлөр, башка милдеттүү төлөөлөр, ишеним боюнча тескөөчүгө сый акы, ишеним боюнча тескөө процессинде активдерди сатып алуу-сатуу, каражаттардын жылышы ж.б.) чагылдырылат.    

Калган тилкелерде ишеним боюнча тескөөгө кабыл алынган мүлктүн жана башка объекттердин мөөнөтү көрсөтүлөт.    

    

20. 18-бөлүк. Башка маалымат   

    

20.1. "Активдердин жана милдеттенмелердин орточо мааниси" деп аталган А бөлүкчөсүнүн I жана II пункттарында "Баланстык отчет" деп аталган 1-бөлүгүндөгү маалыматтардын негизинде жыл башынан берки мезгил ичиндеги суммардык активдердин жана суммардык милдеттенмелердин орточо мааниси чагылдырылууга тийиш.    

Бул бөлүкчөнүн 1-8 жана 10-18-саптарында активдердин жана милдеттенмелердин жыл башынан берки мезгил ичиндеги орточо мааниси көрсөтүлүүсү зарыл. Мында, эсептөөгө пайыздык чени нөлгө барабар болгон активдер жана милдеттенмелер камтылат. "Бардыгы болуп, кредиттер жана финансылык ижара" беренеси маалымат үчүн көрсөтүлөт жана пайыздык киреше алып келген активдердин жыйынтык суммасы эсептерде камтылбайт. Ал эми 5 жана 6-саптарда кардарларга сыяктуу эле, финансы-кредит уюмдарына сунушталган кредиттер жана финансылык ижара көрсөтүлөт.    

20.2. Орточо маани ар бир сап боюнча күндөлүк калдыктардын суммасынын жыл башынан берки календардык күндөрдүн санына карата катышы катары эсептелет. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.    

20.3. "Банк иши жөнүндө башка маалымат" деп аталган Б бөлүкчөсүндө банк менеджментинин, анын акционерлеринин курамындагы өзгөрүүлөр тууралуу кошумча маалымат келтирилет. Мындан тышкары, финансылык иштердин жаңы түрлөрү, экономикалык ченемдердин аткарылышы жана банктын башка компанияларга үлүштүк катышуусу жөнүндө маалымат келтирилүүгө тийиш.    

20.4. "Банк персоналы жөнүндө башка маалымат" деп аталган В бөлүкчөсүндө банк кызматкерлеринин саны, алардын эмгек акысы жана банктын бөлүмдөрүтууралуу кошумча маалымат келтирилет.    

20.5. "Айкалышта иштеген кызматкерлерди эске алуусуз, кызматкерлердин саны" деп аталган 1-беренеде иштеп жаткандар сыяктуу эле, формалдуу түрдөкатталып тургандардын (мисалы, 3 жашка чейинки баласын багуу боюнча эмгек өргүүдөгүлөр) саны көрсөтүлөт. Мындан тышкары, бул тилкеде башка уюмдардын тизмесинде катталбаган, жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер боюнча иштеген кызматкерлер чагылдырылат. Орточо ай ичиндеги кызматкерлердин саны, отчеттук айдын ар бир календардык күнү катталган кызматкерлердин курамын кошуп, ал сумманы ай ичиндеги календардык күндөрдүн санына бөлүү аркылуу эсептелет.    

"Орточо эмгек акыны жана башка өлчөмдөрдү эсептөө үчүн алынган кызматкерлердин саны" деп аталган 2-беренеде аларга отчеттук ай ичинде иштеген сыяктуу эле, иштебеген күндөр үчүн да эмгек акы эсептеле турган кызматкерлердин саны көрсөтүлөт. Иш күнү толук иштебеген же белгилүү бир ишти аткарууга гана тартылган кызматкерлердин саны иш жүзүндө иштеген убакыт боюнча пропорционалдуу түрдө эсепке алынат: отчеттук ай ичинде кызматкер иштеген сааттын саны алгач иш күнү белгиленген узактыгына, андан кийин отчеттук мезгилде календарь боюнча иш күндөрүнүн санына бөлүнөт.    

"Эмгек акы фонду (материалдык жардамды жана социалдык жеңилдиктерди кошо алганда)" деп аталган 3-беренеде жыл башынан берки эмгек акы боюнча акча төлөмдөр өсүү тартибинде көрсөтүлөт, анда кошумча төлөөлөр, үстөк акылар, сыйлыктар жана башка төлөмдөр камтылат.    

20.6. "Эсептер боюнча көбүрөөк жүгүртүүнү ишке ашырышкан кардарлар боюнча маалымат" деп аталган Г бөлүкчөсүндө банктын бардык операциялары боюнча эң ири жүгүртүүгө ээ 15 кардары кемүү тартибинде көрсөтүлөт (отчеттук ай үчүн). "Жүгүртүү" дегенден улам, отчеттук ай ичинде кардардын эсебине чегерилген же андан алынып салынган сумманы түшүнүүгө болот. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.    

"Кардардын аты-жөнү" деп аталган тилкеде төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:    

1) юридикалык жактар  компаниянын мамлекеттик органдарда катталышына ылайык аталышы;    

2) жеке адамдар  аты-жөнү толугу менен.    

"Резидент/резидент эмес" тилкесинде банктын кардары Кыргыз Республикасынын резиденти/резидент эмеси болуп саналаарын көрсөтүү зарыл. Мында, "Кардар катталган өлкө" тилкесинде банктын кардары  юридикалык жак катталган өлкө көрсөтүлүүгө тийиш. Жеке адамдар  жараны болуп саналган өлкөнүкөрсөтүүгө тийиш.    

20.7. "Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына берилген билдирүүлөрдүн саны жана суммасы жөнүндө маалымат" деп аталган Д бөлүкчөсүндөМамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына отчеттук ай ичинде "милдеттүүлүк" жана "шектүүлүк" белгилери боюнча берилген маалыматтардын жалпы саны көрсөтүлөт. "Жалпы сумма" графасында ишке ашырылган операциялардын жалпы суммасы, Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына берилген маалымат чагылдырылат. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.    

 20.8. «Коммерциялык банктар тарабынан проблемалуу кредиттер боюнча карыздардын ордун жабуунун эсебине баланска кабыл алынган башка менчик (кыймылсыз мүлк) тууралуу маалымат» деген Е бөлүкчөдө банк карыз алуучунун карызынын ордун жабуунун эсебинен кабыл алган кыймылсыз мүлк тууралуу маалымат чагылдырылат.   

«Баа берүү наркы» деген тилкеде көз карандысыз баалоочу/банктын баалоочусу тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык күрөөлүк мүлккө берилген наркы (кредит берилген учурга карата) көрсөтүлөт.   

20.9. «Мамлекеттик ишканалардын, мамлекеттик үлүшкө ээ чарба жүргүзүүчү субъекттердин, мамлекеттик бийлик органдарынын эсептериндеги акча каражаттарынын калдыктары боюнча маалымат» деген Ж бөлүкчөсүндө мамлекеттик ишканалардын, мамлекеттик үлүшкө ээ чарба жүргүзүүчү субъекттердин, мамлекеттик бийлик органдарынын эсептериндеги акча каражаттарынын калдыгы тууралуу маалымат чагылдырылат.   

«Келишим түзүлгөн күн» жана «Келишимди колдонуу мөөнөтү аяктаган күн» деген тилкеде ар бир эсеп боюнча келишим түзүлгөн жана аяктаган күндөр көрсөтүлөт (эгерде мамлекеттик ишканалардын, мамлекеттик үлүшкө ээ чарба жүргүзүүчү субъекттердин, мамлекеттик бийлик органдарынын бир банкта бир нече эсептери болгон болсо).   

«Валютасы» деген тилкеде ар бир эсеп боюнча катталган валюта берилет (эгерде мамлекеттик ишканалардын, мамлекеттик үлүшкө ээ чарба жүргүзүүчүсубъекттердин, мамлекеттик бийлик органдарынын эсеби мультивалюталык болсо, ар бир валюта боюнча өз-өзүнчө көрсөтүү зарыл).    

«Маалымат үчүн:» деген бөлүктө мамлекеттик ишканалардын, мамлекеттик үлүшкө ээ чарба жүргүзүүчү субъекттердин, мамлекеттик бийлик органдарынын эсептеринин саны, кардарларынын саны, эсептешүү эсептериндеги суммалар жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттердеги суммалар бюнча жалпы маалымат көрсөтүлөт.    

20.10. «Жеке белгиленгендерди кошо алганда, колдонуудагы кредиттер жана депозиттер боюнча максималдуу жана минималдуу пайыздык чен боюнча маалымат» деп аталган З бөлүкчөсүндө жеке белгиленгендерди кошо алганда, колдонуудагы кредиттердин жана депозиттердин максималдуу жана минималдуу пайыздык чендери боюнча маалымат улуттук жана чет өлкө валюталары боюнча өз-өзүнчө көрсөтүлөт.    

Эскертүү. Улуттук банкка сунушталуучу Мезгил-мезгили менен берилүүчү банктык регулятивдик отчеттун 1-18 чейинки бөлүктөрүнүн электрондук версиясында белгилүү бир талаптарды сактоо үчүн “Кетирилген каталар протоколу” пайдаланылат. Анда ката кетирилсе отчет туура эмес толтурулгандыгын билдирет.   

Е, Ж, З бөлүктөрү Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгына электрондук түрдө жана кагазга чыгарылган түрүндө сунушталат.    

   

21. 19-бөлүк. Банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер   

   

21.1. “Банктардын башкы кеңселеринде жана региондордо кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер” деп аталган А бөлүкчөсүндө банктар жана анын филиалдары (аманат кассаларын кошо алганда) юридикалык жакты түзүүсүз эле иш алып барган жеке ишкерлерди кошо алганда, жеке адамдарга жана юридикалык жактарга улуттук жана чет өлкө валюталарында сунуштаган бардык кызмат көрсөтүүлөр жана бекитилген тарифтерге ылайык ошол кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы көрсөтүлөт.    

Филиалдар боюнча маалыматтар, улуттук валютадагы тарифтерди min жана max чегинде (диапазон), ошондой эле min жана max чегинде пайыздык катышта көрсөтүү менен сунушталат. Мында, min графасында минималдуу маани, ал эми max графасында  бүтүндөй регион боюнча максималдуу маани чагылдырылат.   

Отчет формасынын “Код” деп аталган 1-графасында кызмат көрсөтүүлөрдүн коду көрсөтүлөт.   

Отчет формасынын “Кызмат көрсөтүүнүн аталышы” деп аталган 2-графасында банк өз кардарларына улуттук жана чет өлкө валюталарында сунуштаган бардык кызмат көрсөтүүлөр тизмектелип чагылдырылат.   

“Жактар ортосунда эсептерди тейлөө” деп аталган 1.2.1-кызмат көрсөтүү коду боюнча эсептен акча каражаттарын берүү тарифтери белгиленет.   

“Интернет-Банкинг” 1.2.2-кызмат көрсөтүү коду боюнча, эгерде ошол кызмат көрсөтүүдө бир нече кызмат көрсөтүү түрү камтылса, мисалы, каттоо/абоненттик төлөм/тейлөө ж.б. анда отчетто кызмат көрсөтүүнүн бардык түрү боюнча min жана max чегинде алардын наркы чагылдырылат.   

Ушул бөлүктө камтылган кызмат көрсөтүүлөр тизмегине кирбей калган кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүн боюнча маалыматтар ушундай эле негизде толтурулат.   

“Терминалдар аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү” деген 1.2.11-кызмат көрсөтүү коду боюнча терминалдар аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү тарифтери чагылдырылат.   

Эгерде коммерциялык банктын тариф саясатында “Тараптардын келишимдери/Макулдашуулары боюнча” тарифтерге ылайык кызмат көрсөтүүлөр камтыла турган болсо, анда отчетто тиешелүү мезгил ичинде ошол кызмат көрсөтүүлөр боюнча бардык операциялардын min жана max чегинде айкын тарифтерин көрсөтүүзарыл.   

“Банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер” деп аталган 19-бөлүккө кошумча бөлүктөр/пунктар/пунктчалар Улуттук банк тарабынан рынокто кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрү пайда болуп жатышына байланыштуу киргизилген. Кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрү пайда болгон шартта, коммерциялык банк ал тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого тийиш.    

Отчет формасынын “Региондун коду” деп аталган 3-графасында тиешелүү региондун тамга менен белгиленген коду көрсөтүлөт.   

Отчет формасынын “Валюта” деп аталган 4-графасында валютанын тамга менен белгиленген коду (ИСО боюнча 4217) көрсөтүлүүгө тийиш. Бул банк жана анын филиалдары тарабынан чет өлкө валютасында сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди валюта түрлөрү боюнча бөлүштүрүү үчүн маанилүү. Улуттук валюта (эгерде банк кызмат көрсөтүүнү улуттук валютада сунуштаган болсо) биринчи болуп көрсөтүлөт.   

“Кызмат көрсөтүүнүн наркы” деп аталган 5-графада отчеттук мезгилдин акыркы күнүнө карата абал боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн декларацияланган тарифтери чагылдырылат. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы милдеттүү түрдө өлчөө бирдигинде: улуттук валютада (сом) min жана max чегинде, ошондой эле min жана max чегинде пайыздык катышта көрсөтүлүүгө тийиш.   

Чет өлкө валютасында сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Улуттук банктын отчеттук мезгилдин акыркы күнүнө карата эсептик курсу боюнча улуттук валютага конвертацияланып, сом эквивалентинде көрсөтүлөт.   

Эгерде банк кызмат көрсөтүүнү акысыз сунуштаган болсо, анда тиешелүү тилкеде “0” көрсөтүлөт, ал эми банк ошол кызмат көрсөтүүнү сунуштабаган болсо, анда тиешелүү тилкеде эч нерсе көрсөтүлбөйт.   

“Тарифтерди өзгөртүү себептери” деп аталган 6-графада отчеттук мезгил ичинде кызмат көрсөтүүлөрдүн ошол түрү боюнча тарифтердин өткөн отчеттук мезгилге салыштырганда өзгөрүү себептери көрсөтүлөт, мисалы, банктын ички/баа саясаты; төлөм системалары боюнча тарифтердин өзгөртүлүшү; жана башка себептер (көрсөтүлсүн).   

Тиешелүү бөлүкчөнүн “Эскертүү” деп аталган 7-графасында отчеттук мезгил ичинде банк тарабынан сунуштала турган болсо, ушул бөлүктө кызмат көрсөтүүлөр тизмегине камтылбаган кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрү (кызмат көрсөтүүнүн аталышы), ошондой эле өлчөө бирдиктери менен алар боюнча тарифтер: улуттук валютада (сом) min жана max чегинде, пайыздык туюндурууда min жана max чегинде чагылдырылат. Ушул эле графада ошол кызмат көрсөтүүкайсы убакыттан (айдан) тартып сунуштала баштагандыгы да көрсөтүлүүгө тийиш. Коммерциялык банк жаңы кызмат көрсөтүүнүн түрү пайда болгон шартта ал тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого тийиш. Эгерде банк отчеттун бөлүктөрүнүн биринде да камтылбаган кызмат көрсөтүүнүн жаңы түрүн сунуштай баштаса, анда ал тууралуу да Улуттук банкка кат жүзүндө кызмат көрсөтүүнүн жаңы түрүнүн тарифтерин өлчөө бирдиктери менен кошо: улуттук валютада (сом) min жана max чегинде пайыздык туюндурууда, кайсыл учурдан тартып сунуштай баштагандыгын көрсөтүү менен маалымдоого тийиш.   

Отчет формасынын “Эсеп ачуусуз которуулар” деп аталган 5-пунктунун “Локалдык акча которуу системасы” деп аталган 5.1.1-пунктчасы, “Эл аралык акча которуу системасы” деп аталган 5.1.2-пунктчасы жана “Чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр системасы” деп аталган 5.2.1-пунктчалары тиешелүүлүгүнө жараша, “Локалдык акча которуу системасы” кызмат көрсөтүүсүн чечмелөө” деп аталган А-1 бөлүкчөсүндө, “Эл аралык акча которуу системасы ” кызмат көрсөтүүсүн чечмелөө” деп аталган А-2 жана “Чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр системасы” кызмат көрсөтүүсүн чечмелөө” деп аталган А-3 бөлүкчөлөрдө толтурулат.    

Отчет формасынын “Банктык төлөм карттарын тейлөө” деп аталган 6-пунктунда “Элкарт улуттук төлөм системасынын карттары” деп аталган 6.1-пунктча жана “Эл аралык төлөм карттары” деп аталган 6.2-пунктчалар боюнча маалыматтар тиешелүүлүгүнө жараша “Элкарт” улуттук төлөм системасынын карттары” кызмат көрсөтүүсүн чечмелөө” деп аталган А-4 бөлүкчөдө жана “Эл аралык төлөм карттары” кызмат көрсөтүүсүн чечмелөө” деп аталган А-5 бөлүкчөсүндө чагылдырылат.   

Отчет формасынын “Е-кардар системасы боюнча тейлөө” деп аталган 7-пунктунда электрондук документтер менен иш алып баруу системасы болуп саналган Екардар системасын тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр көрсөтүлөт. Мында, банк өз кардарларына эсептешүү эсебин (кардардын эсептешүү эсеби ачылгандан кийин электрондук документ аркылуу күндөлүк операцияларды жүргүзгөндөн кийин аны тейлөө) ачкандан кийин электрондук документ менен иш алып баруу системасы болуп саналган Е-кардар системасын тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр чагылдырылат.    

Отчет формасынын “Электрондук акча” деген 8-пунктунда электрондук акчаларды чыгаруу, аны нак акчага айландыруу (төлөө), электрондук капчыктар боюнча которууларды жүзөгө ашыруу кызмат көрсөтүүлөрү чагылдырылат.   

Отчет формасынын “Башка кызмат көрсөтүүлөр” деп аталган 9-пунктунда ушул бөлүктө камтылган кызмат көрсөтүүлөр жана алар боюнча тарифтер чагылдырылат.    

Отчет формасынын “Маалымат үчүн” деп аталган I пунктундагы маалымат "I. Маалымат үчүн" пунктун чечмелөө” деп аталган А-6 бөлүкчөдө көрсөтүлөт.    

21.2. “Акча которуулардын локалдык системалары” кызмат көрсөтүүсүн чечмелөө” деп аталган А-1 бөлүкчөсүнүн “Акча которуулар системасынын аталышы” деп аталган 1-графасында маалымдамадагы банк иш алып барган акча которуулардын локалдык системалары келтирилет.   

“Региондун коду” 2-графасы, “Валюта” 3-графасы, “Кызмат көрсөтүү наркы” 4-графасы, “Тарифтердин өзгөрүү себептери” 5-графасы жана “Эскертүү” 6-графасы “Банктардын башкы кеңсесиндеги жана региондордогу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер” деп аталган А таблицасынын тиешелүү графаларына окшош толтурулат.    

21.3. “Акча которуулардын эл аралык системалары” кызмат көрсөтүүлөрүн чечмелөө” деп аталган А-2 бөлүкчөсүнүн “Акча которуу системасынын аталышы” 1-графасында маалымдамадагы банк иш алып барган акча которуулардын эл аралык системалары келтирилет.    

“Региондун коду” 2-графасы, “Валюта” 3-графасы, “Кызмат көрсөтүү наркы” 4-графасы, “Тарифтердин өзгөрүү себептери” 5-графасы жана “Эскертүү” 6-графасы “Банктардын башкы кеңсесиндеги жана региондордогу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер” деп аталган А таблицасынын тиешелүү графаларына окшош толтурулат.   

21.4. “Чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр системасы” кызмат көрсөтүүсүн чечмелөө” деп аталган А-3 бөлүкчөсүнүн “Чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр системасынын аталышы” 1-графасында маалымдамадагы банк иш алып барган чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр системасы чагылдырылат.    

“Региондун коду” 2-графасы, “Валюта” 3-графасы, “Кызмат көрсөтүү наркы” 4-графасы, “Тарифтердин өзгөрүү себептери” 5-графасы жана “Эскертүү” 6-графасы “Банктардын башкы кеңсесиндеги жана региондордогу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер” деп аталган А таблицасынын тиешелүү графаларына окшош толтурулат.   

21.5. “Элкарт” улуттук төлөм системасынын карттары” кызмат көрсөтүүсүн чечмелөө” деп аталган А-4 бөлүкчөсүнүн “Кызмат көрсөтүүнүн аталышы” 2-графасында маалымдамадагы аталган төлөм системасы боюнча банк сунуштаган кызмат көрсөтүүлөр чагылдырылат.    

“Төлөм картынын аталышы” деп аталган 3-графада маалымдамадагы “Элкарт” төлөм карттарынын аталышы чагылдырылат.   

“Код” 1-графасы, “Региондун коду” 4-графасы, “Валюта” 5-графасы, “Кызмат көрсөтүү наркы” 6-графасы, “Тарифтердин өзгөрүү себептери” 7-графасы жана “Эскертүү” 8-графасы “Банктардын башкы кеңсесиндеги жана региондордогу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер” деп аталган А таблицасынын тиешелүү графаларына окшош толтурулат.   

21.6. “Эл аралык төлөм карттары” кызмат көрсөтүүсүн чечмелөө” деп аталган А-5 бөлүкчөсүнүн “Кызмат көрсөтүүнүн аталышы” 2-графасында маалымдамадагы тиешелүү төлөм карттары боюнча банк сунуштаган кызмат көрсөтүүлөр чагылдырылат.    

“Төлөм карттарынын аталышы” деп аталган 3-графада маалымдамадагы тиешелүү төлөм системасы ал менен иштеген төлөм картынын аталышы чагылдырылат.   

“Код” 1-графасы, “Региондун коду” 4-графасы, “Валюта” 5-графасы, “Кызмат көрсөтүү наркы” 6-графасы, “Тарифтердин өзгөрүү себептери” 7-графасы жана “Эскертүү” 8-графасы “Банктардын башкы кеңсесиндеги жана региондордогу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер” деп аталган А таблицасынын тиешелүү графаларына окшош толтурулат.   

21.7. “I. “Маалымат үчүн” чечмелөө” деп аталган А-6 бөлүкчөсүнүн “Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы” 2-графасында юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкерлерди кошо алганда, юридикалык жактар жана жеке адамдар боюнча эсептешүү эсебиндеги минималдуу калдык, ошондой эле юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкерлерди кошо алганда, юридикалык жактар жана жеке адамдар боюнча аманаттын минималдуу өлчөмү чагылдырылат.   

“Код” 1-графасы, “Региондун коду” 3-графасы жана “Валюта” 4-графасы “Банктардын башкы кеңсесиндеги жана региондордогу кызмат көрсөтүүлөрүнөтарифтер” деп аталган А. таблицасынын тиешелүү графаларына окшош толтурулат.   

«Min» деп аталган 5-графада юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкерлерди кошо алганда, юридикалык жактар жана жеке адамдар боюнча эсептешүү эсебиндеги минималдуу калдыктын өлчөмү, ошондой эле юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкерлерди кошо алганда, юридикалык жана жеке адамдар боюнча аманаттын минималдуу өлчөмү чагылдырылат.   

“Эскертүү” деп аталган 6-графада эгерде болгон болсо, кызмат көрсөтүүлөрдүн ушул түрлөрү боюнча кошумча маалымат көрсөтүлөт.   

21.8. “Башкы кеңседеги жана региондордогу депозиттер жана кредиттер боюнча пайыздык чендер” деп аталган Б. бөлүкчөсүндө юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкерлерди кошо алганда, юридикалык жактар жана жеке адамдар үчүн белгиленген улуттук жана чет өлкө валюталарындагы депозиттер жана кредиттер боюнча пайыздык чендер чагылдырылат.   

“Региондордун коду” 1-графасы жана “Валюта” 2-графасы “Банктардын башкы кеңсесиндеги жана региондордогу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер” деп аталган А. таблицасынын тиешелүү графаларына окшош толтурулат.    

Эгерде банк чектерди төмөнкү тартипте белгилей турган болсо, “Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер” деп аталган 3-графада; “0-1 ай” деп аталган 4-графада; “1-3 ай” деп аталган 5-графада; “3-6 ай” деп аталган 6-графада; “6-12 ай” деп аталган 7-графада жана “12 айдан жогору” деп аталган 8-графада пайыздык чендердин минималдуу жана максималдуу чеги көрсөтүлөт:   

· Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер;   

· 0-1 ай (0дөн 1 айга чейинки маалымат);   

· 1-3 ай (1 айдан 3 айга чейинки маалымат);   

· 3-6 ай (3 айдан 6 айга чейинки маалымат);   

· 6-12 ай (6 айдан 12 айга чейинки маалымат);   

· 12 айдан жогору (12 айдан жогору маалымат).   

Бөлүк кошумча графалар менен толукталбайт, белгиленген форма гана толтурулат.   

21.9. “Башкы кеңселердеги жана региондордогу кредиттердин түрлөрү боюнча пайыздык чендер” деп аталган В. бөлүкчөсүндө банк тарабынан белгиленген пайыздык чендердин min жана max диапазонунда улуттук жана чет өлкө валюталарында берилген кредиттердин түрлөрү боюнча пайыздык чендер көрсөтүлөт.      

“Код” 1-графасы, “Региондун коду” 3-графасы жана “Валюта” деп аталган 4-графа “Банктардын башкы кеңсесиндеги жана региондордогу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер” деп аталган А. таблицасынын тиешелүү графаларына окшош толтурулат.   

“Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы” деп аталган 2-графада төмөнкү маалымат чагылдырылат:   

- “Эл аралык кредиттик линиялардан башка кредиттер” деп аталган 1-пунктунда жеке адамдарга ипотекалык кредиттерди кошо алганда, турак жай курууга жана сатып алууга, керектөө кредиттерине, ошондой эле юридикалык жактарга жана юридикалык жактарды түзүүсүз иш алып барган жеке ишкерлерге бизнестиөнүктүрүүгө улуттук жана чет өлкө валюталарында берилген кредиттерге пайыздык чендер көрсөтүлөт;    

- “Эл аралык кредиттик линиялар боюнча кредиттер” деп аталган 2-пунктта, эгерде мындай болгон болсо, эл аралык кредиттик линиялар боюнча улуттук жана чет өлкө валюталарында берилген экпресс-кредиттер, микрокредиттер, чакан кредиттер, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө кредиттер боюнча пайыздык чендер чагылдырылат.    

Жылдык пайыздарда” деп аталган 5-графада банк мындай чекти белгилеген шартта, пайыздык чендердин минималдуу жана максималдуу чектери көрсөтүлөт.    

Эгерде болгон болсо, “Эскертүү” деп аталган 6-графада кызмат көрсөтүүлөр боюнча кошумча маалымат чагылдырылат.    

21.10. “1-тиркеме “Региондор боюнча филиалдардын аталышы жана саны” деп аталган Г бөлүкчөсүндө төмөнкү маалымат чагылдырылат:   

“Региондун коду” деп аталган 1-графада “Банктардын башкы кеңсесиндеги жана региондордогу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер” деп аталган А таблицасынын тиешелүү графасына окшош толтурулат.   

“Кеңсенин аталышы” деп аталган 2-графада маалымдамадагы банктын бардык филиалдарынын жайгашкан региону (областы) чагылдырылат.   

“Филиалдардын жалпы саны” деп аталган 3-графада банктын региондор боюнча филиалдарынын жалпы саны чагылдырылат.   

Зарылчылык келип чыккан учурда, “Банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер” деп аталган 19 А бөлүгү кошумча графалар/бөлүктөр/пункттар/пунктчалар менен толукталышы мүмкүн. Улуттук банк кошумча графаларды/бөлүктөрдү/пункттарды/пунктчаларды киргизүү укугуна ээ.   

“Банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер” деп аталган 19 А бөлүгүндөгү маалымат ачык болуп саналат жана Улуттук банктын веб-сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштыруу үчүн колдонулушу мүмкүн.   

   

22. 20-бөлүк. Жол чектери менен жана карттардын эмиссиясы/эквайринги боюнча операциялар    

   

 22.1. "Жол чектери менен операциялар" деп аталган А бөлүкчөсүндө республиканын областтары боюнча жол чектери менен операциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт.    

Таблицада жол чектеринин бир кыйла пайдаланылуучу түрлөрү чагылдырылат. Чектердин башка түрлөрү менен операцияларды жүзөгө ашыруу учурунда, кошумча тилкелерди кошуп толтуруу зарыл.    

22.2. "Карттардын эмиссиясы/эквайринги боюнча операциялар" деп аталган Б бөлүкчөсүндө карттардын эмиссиясын/эквайрингин жүзөгө ашырган финансы-кредит уюмдардын иши чагылдырылат.   

"Карттардын түрлөрү" деп аталган 1-графада банк иш алып барган төлөм карттарынын бардык түрлөрү (Visa, Master Card, Алай-кард, Демир-24 ж.б) келтирилет.    

"Транзакциялардын саны" жана "Транзакциялардын көлөмү" деп аталган 5-6-графаларда улуттук валютада гана жүргүзүлгөн акча каражаттарды нак акчага айландыруу операциялары көрсөтүлөт.    

"Транзакциялардын саны" жана "Транзакциялардын көлөмү" деп аталган 7-8-графаларда чет өлкө валютасында гана жүргүзүлгөн акча каражаттарын нак акчага айландыруу операциялары чет өлкө валютасын көрсөтүү менен чагылдырылат (АКШ долл. ж.б.).    

"Транзакциялардын саны" жана "Транзакциялардын көлөмү" деп аталган 9-10-графаларда соода түйүндөрүндө улуттук валютада төлөө ишке ашырылган транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт.    

"Транзакциялардын саны" деп аталган графаларда операциялардын бирдигиндеги сан чагылдырылат.    

    

23. 21-бөлүк. Төлөмдөр жөнүндө маалымат   

    

23.1. Бул бөлүктө Кыргыз Республикасындагы нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр системасынын абалы чагылдырылат.    

Бул бөлүктүн А, Б жана В бөлүкчөлөрүндө банк кардарларынын чыгыш төлөмдөрү: банк кардарларынын филиалдар аралык, ички филиалдык төлөмдөрү жана банктын төлөмдөрүн кошо алганда, банктар аралык төлөмдөр көрсөтүлөт.    

Башкы кеңсе өзүнчө каралат жана ага банктын ички эсептери боюнча операцияларды кошууга болбойт.    

Г бөлүкчөсүндө банк төлөмдөрүн кошо алганда, кардарлардын төлөмдөрү төлөм инструменттеринин түрлөрү боюнча көрсөтүлөт.    

Д, Е, Ж бөлүкчөлөрүндө акча которуу системалары боюнча жүзөгө ашырылган кириш жана чыгыш төлөмдөрүнүн (которуулардын) жана чек ара аркылууөтүүчү төлөмдөрдүн бардык түрлөрү (SWIFT, Телекс, Банк-клиент ж.б.ус) чагылдырылат.    

23.2. "Кардарлардын ички филиалдык чыгыш төлөмдөрү" деп аталган А бөлүкчөсүндө банктын ар бир филиалынын ичиндеги кардарлар ортосунда улуттук валютада, областтар боюнча бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы төлөмдөрдү бөлүү менен жүргүзүлгөн чыгыш төлөмдөрүнүн көлөмү жана саны чагылдырылат. Бул бөлүккө банк төлөмдөрү да камтылат.    

Мисалы. А банкынын (башкы кеңсе) филиалында эсептешүү эсебин ачкан № 1 кардар А банкынын ушул эле филиалында эсептешүү (башкы офисинде) эсебине ээ №2 кардарга каражаттарды чегерүүнү жүргүзгөн төлөм.    

23.3. "Ички банктык филиалдар аралык төлөмдөр" деп аталган Б бөлүкчөсүндө бир банктын филиалдары ортосунда улуттук валютада, областтар боюнча бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы төлөмдөргө бөлүү менен жүргүзүлгөн филиалдар аралык чыгыш төлөмдөрдүн көлөмү жана саны чагылдырылат. Бөлүккөкардарлардын бир филиал ичинде ишке ашырган төлөмдөрү камтылбайт.    

Мисалы. А банкынын филиалында эсептешүү эсебин ачкан №1 кардар ушул эле А банкынын башка филиалында эсептешүү эсебине ээ №2 кардарга каражаттарды чегерүүнү жүргүзгөн төлөм.    

23.4. "Банктын филиалдар боюнча банктар аралык төлөмдөрү" деп аталган В бөлүкчөдө банктын филиалдары тарабынан башкы кеңсе аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан башка банктардын филиалдарынын пайдасына улуттук валютада, областтар боюнча бюджеттик (РОК жана Соцфонд эсептери боюнча өткөн: салыктар, жыйымдар, алымдар ж.б) жана бюджеттик эмес төлөмдөргө бөлүү менен өткөрүлгөн банктар аралык чыгыш төлөмдөр чагылдырылат. Бул бөлүккө банк филиалдарынын эсептери башка банктын филиалдарында турган кардарларынын төлөмдөрү да камтылат.    

Мисалы. А банкынын филиалында эсептешүү эсебин ачкан №1 кардар башка Б банкынын филиалында эсептешүү эсебине ээ №2 кардарга каражаттарды чегерүүнү жүргүзгөн төлөм.    

23.5. Ар айлык негизде сунушталуучу “Төлөм инструменттеринин түрлөрү боюнча төлөмдөр” деп аталган Г бөлүкчөсүндө Кыргыз Республикасынын чегинде сыяктуу эле, банктын кардарлары, банк өзү жана алардын филиалдары тарабынан улуттук жана чет өлкө валюталарында башка мамлекеттерге жөнөтүлүүчү жана алардан алынуучу бардык төлөмдөр түрлөрүнүн (которуулардын) саны жана суммасы чагылдырылат. Маалыматтар, колдонулуучу төлөм инструменттеринин түрлөрү боюнча чыгыш/кириш төлөмдөргө (которууларга) бөлүштүрүү менен улуттук валютада көрсөтүлөт. Чет өлкө валютасында жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн суммасы Улуттук банк тарабынан отчеттук айдын акыркы күнүнө карата белгиленген алмашуу курсу боюнча улуттук валютада чагылдырылат. Отчет берүүдөотчеттун формасынын аталышынын астына төмөнкүнү көрсөтүү зарыл: “Отчет Кыргыз Республикасынын чегинде сыяктуу эле, анын чегинен тышкары да улуттук жана чет өлкө валюталарында төлөмдөрдү өткөрүү үчүн колдонулган төлөм инструменттеринин түрлөрү боюнча жыйынтыкталган маалыматтарды камтыйт”.       

Ар айлык негизде сунушталуучу “Электрондук төлөмдөр” деп аталган Г1 бөлүкчөсүндө Кыргыз Республикасынын чегинде сыяктуу эле, банктын кардарлары, банк өзү жана алардын филиалдары тарабынан башка мамлекеттерге жөнөтүлүүчү жана алардан алынуучу улуттук жана чет өлкө валюталарында жүргүзүлгөн электрондук төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнүн саны жана суммасы чагылдырылат. Маалымат, колдонулуучу электрондук төлөм түрлөрү боюнча улуттук валютада чагылдырылат. Чет өлкө валютасында жүргүзүлгөн электрондук төлөмдөрдүн суммасы Улуттук банк тарабынан отчеттук айдын акыркы күнүнө карата белгиленген алмашуу курсу боюнча улуттук валютада чагылдырылат.    

Ушул бөлүкчөнүн “Кардарлардын саны” деп аталган 2-графасында улуттук сыяктуу эле, чет өлкө валютасында да электрондук төлөмдөрдүн ар бир түрүбоюнча тейлөөгө алынуучу банк кардарларынын жалпы саны чагылдырылат. Отчет берүүдө отчеттун формасынын аталышынын астына төмөнкүнү көрсөтүү зарыл: “Отчет Кыргыз Республикасынын чегинде сыяктуу эле, анын чегинен тышкары да төлөмдөрдү улуттук жана чет өлкө валюталарында өткөрүү үчүн колдонулган төлөм инструменттеринин түрлөрү боюнча жыйынтыкталган маалыматтарды камтыйт». “Транзакция көлөмү” деп аталган 4-графада улуттук валютага конвертирленген (Улуттук банктын отчеттук мезгилдин акырына карата эсептик курсу боюнча сом) бардык операциялар бардык валюталар боюнча чагылдырылат. “Валюта коду” деп аталган 6-графада транзакция жүргүзүлгөн валюталар коду көрсөтүлөт.   

2015-жылдын 21-декабрында №77/4 Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу эрежелеринин жаңы редакциясы бекитилгендигине байланыштуу, Улуттук Банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы №22/11 токтому менен бекитилген, Юстиция министрлигинде 2008-жылдын 4-июлунда №67-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу эрежесинин 1-тиркемесине ылайык, Усулдук көрсөтмөлөрдүн “________ төлөм системасында төлөмдөрдүн саны жана көлөмү жөнүндө отчет” деп аталган З бөлүкчөсүнүн отчетунун формасындагы 4-7 жана 9-13-графаларга келтирилген шилтеме, ошондой эле “Төлөм системасынын түрү” деп аталган тилкесинде “системанын түрү көрсөтүлөт” деген сөз айкашы алынып салынсын. Мисалы, 3, эгерде система төлөм карттары менен эсептешүүнүн локалдык системаларына тиешелүү болсо, 4, эгерде система төлөм карттары менен эсептешүүнүн эл аралык системаларына тиешелүү болсо ж.б.у.с.    

23.6. "Мамлекеттердин системалардын түрлөрү боюнча чек ара аркылуу акча которуулары" деп аталган Д бөлүкчөдө отчеттук мезгил ичинде мамлекеттердин банк өзү же кардардын тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасына жана анын чегинен тышкары эл аралык системалар боюнча чек ара аркылуу өтүүчү кириш жана чыгыш акча которууларынын бардык түрлөрү чагылдырылат. Эгерде, банк же анын кардарлары ушул бөлүктүн кеңири тизмесинде көрсөтүлбөгөн өлкөлөрдүн/мамлекеттердин банктары же кардарлары менен кызматташса, анда аларды тиешелүү пункттарга бөлүнгөн континенттер жана геосаясий аймактары боюнча камтуу зарыл.    

23.7. "Областтардын системалардын түрлөрү боюнча чек ара аркылуу акча которуулары" деп аталган Е бөлүкчөдө отчеттук мезгилде областтардын банк өзүже кардардын тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасына жана анын чегинен тышкары эл аралык системалар боюнча чек ара аркылуу өтүүчү кириш жана чыгыш акча которууларынын бардык түрлөрү чагылдырылат.    

23.8. "Системалардын түрлөрү жана өлкөлөр боюнча чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр" деп аталган Ж бөлүкчөсүндө отчеттук мезгил ичинде банк өзү же кардардын тапшыруусу боюнча чыгыш жана кириш төлөмдөрдүн бардык түрлөрү көрсөтүлөт. Маалыматтар мамлекеттер боюнча чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр системасынын түрлөрү (SWIFT, Телекс, Банк-кардар ж.б.у.с.) боюнча сунушталат.    

"Валюта коду" графаларында валютанын тамга түрүндө берилген коду көрсөтүлөт (ИСО боюнча 4217). Төлөмдөр суммасы төлөм жүргүзүлгөн (каражат которулган) валютада да миң бирдик менен көрсөтүлөт.   

Эгерде бөлүктө банк ишкердикти жүзөгө ашырган төлөмдөр системасы (каражат которуу) көрсөтүлбөсө кошумча саптарды толтуруу зарыл.    

23.9. “ ______ төлөм системасындагы төлөмдөр (которуулар) саны жана көлөмү жөнүндө отчет” деп аталган З бөлүкчөсүндө отчеттук ай ичинде локалдык, эл аралык акча которуу системаларында өткөрүлгөн төлөмдөрдүн (которуулардын) сандык мүнөздөмөлөрү, төлөм карттары менен эсептешүүлөр, электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүүлөр жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр (SWIFT, Telex ж.б.у.с.) тууралуу маалымат чагылдырылат. Отчет валюталар боюнча отчеттук мезгилдин күндөрүнө жараша ар бир система боюнча өзүнчө түзүлөт.    

Отчеттун аталышынан кийин тиешелүү системанын аталышы көрсөтүлөт (мисалы, Элкарт, Western Union, SWIFT, ж.б.у.с.).   

Аталыштын төмөн жагындагы:   

“Төлөм системасынын катышуучусунун аталышы” тилкесинде  системанын катышуучусунун тиешелүү аталышы толтурулат.   

“Төлөм системасынын аталышы” тилкесинде  системанын тиешелүү аталышы көрсөтүлөт (мисалы, «Элкарт», «Visa» ж.б.у.с.).   

“Төлөм системасынын түрү” тилкесинде системанын тиешелүү аталышы толтурулат (мисалы, төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасы, төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системасы, электрондук акча менен эсептешүүлөр системасы, акча которуулардын эл аралык системасы ж.б.у.с.);   

“Төлөм системасынын оператору” тилкесинде системанын операторунун тиешелүү аталышы толтурулат (мисалы, “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК ж.б.у.с.);   

“Валюта”  валютанын тамга түрүндөгү коду көрсөтүлөт.   

“Күндөр (дата)” деп аталган 1-графада “жыл, ай, күнү” форматында күнү көрсөтүлөт, мисалы 2016-жылдын 1-январы. Ар бир күн боюнча эки сап толтурулат: биринчиси  кириш (система аркылуу банк-алуучунун операциясы катары өткөн банк операциясы), экинчиси  чыгыш төлөмдөр (которуулар) боюнча (система аркылуу банк-жөнөтүүчүнүн операциясы катары өткөн банк операциясы). Чыгыш операциялар боюнча сапты электрондук формада негизги форматтагыдан айырмаланган түс менен белгилеп коюу зарыл.   

“Валюта курсу” деп аталган 2-графада Улуттук банк тарабынан валютанын отчеттук күнгө карата белгиленген алмашуу курсу чагылдырылат.   

“Отчеттук күн ичиндеги төлөмдөрдүн (которуулардын) саны” деп аталган 3-графада отчеттук күн ичиндеги төлөмдөрдүн саны чагылдырылат (бүтүн санга тегеректөө менен сандык маалыматтардын форматы).   

“Отчеттук күн ичиндеги кириш/чыгыш төлөмдөрдүн (которуулардын) көлөмү” деп аталган 4-графада отчеттук күн ичиндеги төлөмдөрдүн көлөмү үтүрдөн кийинки эки белгиге чейин тегеректөө менен ондук формада валютанын миң бирдигинде берилет.   

Валюта боюнча маалыматтардын акырында чет өлкө жана улуттук валютадагы маанини камтыган “Бардыгы болуп ай ичинде” деген жыйынтыктоочу сап көрсөтүлөт. Маалыматтар кириш жана чыгыш төлөмдөр (которуулар) боюнча берилүүгө тийиш. Улуттук валютадагы төлөмдөр (которуулар) көлөмүнүн мааниси валюталардын тиешелүү отчеттук күн үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген алмашуу курсу боюнча эсептелинет.    

3-графадагы жыйынтыктоочу сапта  3-графа боюнча бардык саптарынын маанилеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт, 4-графада  4-графа боюнча бардык саптарынын маанилеринин жалпы суммасы чагылдырылат.   

Отчет система боюнча төлөмдөр (которуулар) жүзөгө ашырылган бардык валюталар боюнча окшош эле толтурулат, башкача айтканда, башка валютада операциялар жүзөгө ашырылганда ал валютанын коду көрсөтүлөт жана төмөндөгү таблицада ушул валюта боюнча тиешелүү маалымат чагылдырылат.    

Ушундай эле схема боюнча банк тарабынан колдонулуучу ар бир башка система боюнча системанын аталышынан жана отчеттун башынан баштап өзүнчөмаалыматтар чагылдырылат.   

23.10. "______ төлөм системасы тарабынан иштеп чыгууга кабыл алынбаган төлөмдөрдүн саны жана көлөмү жөнүндө отчет" деп аталган И бөлүкчөсүндөсистема тарабынан иштеп чыгууга кабыл алынбаган төлөм документтеринин саны жана көлөмү көрсөтүлөт. Отчет ар бир өзүнчө система (акча которуу, чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр системасы (SWIFT, Telex ж.б.) төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасы) боюнча валюталарда айдын күнүнө жана кабыл алынбаган себептер боюнча толтурулат.    

Отчеттун аталышынан кийин тиешелүү системанын аталышы (мисалы, Western Union, SWIFT, Элкарт ж.б.) көрсөтүлөт.    

Аталыштын алдындагы төмөнкү тилкелерде:    

· "Төлөм системасынын түрү" - Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2008-жылдын 4-июлунда №67-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №22/11 Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү жүзөгөашыруу эрежесинин 1-тиркемесине ылайык системанын түрү көрсөтүлөт. Мисалы, 3, эгерде система төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн локалдык системаларына тиешелүү болсо, 4, эгерде система төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системаларына тиешелүү болсо ж.б.;    

· "Төлөм системасынын оператору" тилкесинде системанын операторунун тиешелүү аталышы (мисалы, НКО "Вестерн Юнион ДП Восток" ЖЧК, "РСК" ААК ж.б.) көрсөтүлөт;    

· "Валюта" - валютанын тамга менен берилген коду ИСО 4217 валюта коддорунун классификатору боюнча көрсөтүлөт.    

үндөр (даталар)" деп аталган 1-графада күндөр "күн.ай.жыл" форматында көрсөтүлөт, мисалы 01.04.2008.    

2-3-графаларда валютанын Улуттук банк тарабынан отчеттук күн үчүн белгиленген алмашуу курсу жана система тарабынан төлөмдүн (которуунун) кабыл алынбашынын себеби, тиешелүүлүгүнө жараша чагылдырылат.    

4-графада система тарабынан кабыл алынбаган төлөмдөрдүн (которуулардын) саны бүтүнгө чейин тегеректөө эрежелери боюнча сандык форматта берилет.    

Төлөмдөрдүн (которуулардын) көлөмүнүн мааниси 5-6-графаларда үтүрдөн кийинки эки белгиге чейин тегеректөө менен сандык форматта, валютанын миңбирдигинде берилет.    

Төлөмдөрдүн системада кабыл алынбашынын себебине тиешелүү, ар бир валюта боюнча бир ай үчүн жыйынтыктоочу сап кошулат.    

23.11. Чейректик негизде сунушталуучу "Системада орун алышы ыктымал болгон штаттан тышкаркы жагдайлар тууралуу отчет" деп аталган К бөлүкчөдөсистемада төмөнкүлөрдүн орун алышынан улам келип чыккан штаттан тышкаркы жагдайлар тууралуу маалымат чагылдырылат:    

· энергожабдуудагы мүчүлүштүктөрдүн;    

· аппараттык жана программалык камсыздоодогу үзгүлтүктөрдүн;    

· байланыш каналдарындагы үзгүлтүктөрдүн;    

· иш регламентинин бузулушунун;    

· форс-мажордук жагдайлардын.    

Отчеттун жогорку сол бурчунда системаны пайдаланган банктын аталышын көрсөтүү зарыл.    

Отчет ар бир система боюнча өзүнчө түзүлөт.    

"№" деген 1-графада - штаттан тышкаркы жагдайдын катар номери көрсөтүлөт.    

"Үзгүлтүк келип чыккан күн жана убакыт (минута/саат)" деп аталган 2-графада штаттан тышкаркы жагдай келип чыккан күн жана "/" белгисинен кийин убакыт "күн.ай.жыл/саат.мин" форматында көрсөтүлөт (мисалы, 01.02.2009/16:50).    

"Үзгүлтүк четтетилген күн жана убакыт (минута/саат)" деп аталган 3-графада штаттан тышкаркы жагдай четтетилген күн жана "/" белгисинен кийин убакыт "күн.ай.жыл/саат.мин" форматында берилет (мисалы, 01.02.2009/18:10).    

"Үзгүлтүктү чагылдыруу" деп аталган 4-графада штаттан тышкаркы жагдай (мисалы, системадан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, билдирүүлөрдү түзүүжана жөнөтүүнүн мүмкүн эместиги ж.б.) жазылат.    

"Үзгүлтүктүн келип чыгышынын себеби (ПК, аппараттык камсыздоо ж.б.)" деп аталган 5-графада штаттан тышкаркы жагдайдын келип чыгышына (мисалы, энергожабдуунун өчүрүлүшүнөн же ж.б улам конкреттүү жабдуунун (оператордун иш станциясынын, сервердин, үзгүлтүксүз камсыз кылуу булагынын ж.б.) үзгүлтүккөучурашы, кандайдыр бир себептерден улам байланыш каналынын үзгүлтүккө учурашы ж.б.) алып келген үзгүлтүктүн себеби чечмеленип берилет.    

"Үзгүлтүккө учуроодо жол берилген убакыт (мин)" деп аталган 6-графада системанын иштебей туруп калышына жол берилген максималдуу убакыт аралыгы (мисалы, 90 мин. же 30 мин ж.б.) көрсөтүлөт, мындай жагдай банк үчүн финансылык тобокелдиктерди жаратпайт.    

"Үзгүлтүктүн мүнөздөмөсү (олуттуу/олуттуу эмес, системанын жарым-жартылай же толугу менен токтошу)" деп аталган 7-графада орун алган штаттан тышкаркы жагдайдын ситеманын ишине таасир этүү деңгээли көрсөтүлөт.    

"Орун алган үзгүлтүктөрдү четтетүү боюнча кабыл алынган чаралар" деп аталган 8-графада жумуш ордун, жооптуу аткаруучуну жана иштин түрүн (мисалы, банк адиси (же система операторунун персоналы) тарабынан резервдик жабдууга, резервдик байланыш каналына которуштуруу ишке ашырылган, банк адистеринин (же система операторунун) жардамы аркылуу жабдуу алмаштырылган ж.б.) кошо алганда, штаттан тышкаркы жагдайдын келип чыгышына алып келгенүзгүлтүктөрдүн себебин четтетүү боюнча кабыл алынган бардык чаралардын тизмеси жана чечмеленип берилиши көрсөтүлөт.    

"Техникалык үзгүлтүктөрдүн финансылык тобокелдиктердин келип чыгышына таасири (бар/жок)" деп аталган 9-графада штаттан тышкаркы жагдай финансылык тобокелдиктердин келип чыгышына таасири бар же жок экендиги чагылдырылат.    

"Техникалык үзгүлтүктөрдүн кесепеттери (айыптык санкция иүрүндө чыгым тартуулардын келип чыгышы)" деп аталган 10-графада айыптык санкция түрүндөчыгым тартууларга же пайданын/кирешенин жеткире алынбай калышына, натыйжада белгилүү бир убакыт ичинде кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыроого алып келген штаттан тышкаркы жагдайлардын келип чыгышынын кесепеттери, алардын сандык мааниси (мисалы, 2 саатка үзгүлтүккөучуроо мезгили ичинде жеткире алынбай калган пайда/киреше  10 000 сомду түзгөн ж.б.) берилет.    

"Эскертүү" деп аталган 11-графада үзгүлтүк келип чыккан дарек жөнүндө (шаар, күн ж.б.) маалыматты кошо алганда, штаттан тышкаркы жагдай тууралуу кошумча маалымат, ошондой эле кайсы тарап, б.а. катышуучу же болбосо системанын оператору же агенттер ж.б. үзгүлтүккө жол бергендиги тууралуу маалымат зарылчылыкка жараша көрсөтүлөт.    

23.12. Ар айлык негизде сунушталуучу "Системада алдамчылык менен өткөрүлгөн транзакциялар жөнүндө отчет" деп аталган Л бөлүкчөдө төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн эл аралык, локалдык, улуттук системаларында алдамчылык менен жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалымат чагылдырылат (Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-январындагы №4/6 токтому менен бекитилген "Төлөм системасында штаттан тышкаркы жагдайлардын келип чыгышы шартында, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобонун 2.2 жана 4.2.6-пункттарына ылайык).    

Аталыштын алдындагы төмөнкү тилкелерде:    

· "Төлөм системасынын түрү" - Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 28-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2008-жылдын 4-июлунда №67-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 22/11 токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу эрежесине карата 1-тиркемеге ылайык системанын түрү көрсөтүлөт. Мисалы, 3, эгерде система төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн локалдык системаларына тиешелүү болсо, 4, эгерде система төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системаларына тиешелүү болсо ж.б. Саптын уландысында "-" белгисинен кийин төлөм системасынын аталышы (мисалы, 4  Visa Int, 3 - Алай карт, 5  Элкарт ж.б.) көрсөтүлөт;    

· "Төлөм системасынын оператору" - система операторунун тиешелүү аталышы (мисалы, "РУКАРД" процессинг компаниясы, "РСК" ААК, БПБ ЖАК ж.б.);    

· "Катышуучу" тилкесинде - банктын аталышы көрсөтүлөт.    

"№"1-графада  баяндалган алдамчылык операцияларынын катар номери көрсөтүлөт.    

"Соода-тейлөө ишканасынын аталышы жана терминалдын №" деп аталган 2-графада соода-тейлөө ишканасынын, банктын филиалынын же аманат кассасынын аталышы жана "/" белгисинен кийин системанын (терминалдын, банкоматтын же башка жабдуунун) алдамчылык операциясы жүргүзүлгөн аралыкта орнотулган жабдуусунун аталышы жана номери (мисалы, Бета Сторес/POS0000123, Народный/АТМ000045 ж.б.) чагылдырылат. Графадагы маалыматтар соода-тейлөө ишканаларынын аталыштары боюнча жана ичинде аралыкта орнотулган жабдуулардын аталыштары жана номерлери боюнча иретке келтирилүүгө тийиш.    

"Соода-тейлөө ишканасынын профили" деп аталган 3-графада бул соода-тейлөө ишканасы тарабынан сатылуучу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү (б.а. ишканалардын категорияларынын аталыштары - Merchant category codes Name - МСС Name) эл аралык төлөм системаларынын (мисалы, супермаркет, дарыкана, мейманкана, бут кийим дүкөнү, турагенттиктер ж.б.) коддорунун маалымдамаларына ылайык көрсөтүлөт. Эгерде, бул банктын филиалы же аманат кассасы болсо, анда 3-графада "накталай берүү", "төлөмдөрдү төлөө" ж.б. көрсөтүлөт.    

"Системанын катышуучусунунэквайердин аталышы" деп аталган 4-графада тиешелүү банкэквайердин (ушул соода-тейлөө ишканасында аралыкта жабдууларды орноткон банктын) аталышы көрсөтүлөт.    

"Карттын №" деп аталган 5-графада аны колдонуу менен алдамчылык операцияларды жүргүзгөн карттын номери көрсөтүлөт.