Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2019-жылдын 27-декабрындагы
№ 2019-П-12\68-4-(НПА)
токтому менен бекителген
«Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобо
1-глава.
Жалпы жоболор
Бул Жободо ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө тартиби аныкталган. Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициенти банктардын 30 календардык күнгө созулган стресске дуушарлануу мезгилинде өзүнүн ликвиддүүлүккө муктаждыгын канааттандыруу үчүн оңой жана дароо акча каражаттарына айланышы мүмкүн болгон жогорку ликвиддүү активдеринин жетиштүү запасын камсыздоо жолу менен банктардын туруктуулугун колдоого багытталган.
Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициенти финансылык стресстен улам келип чыгуучу таасирлерге банктын туруштук берүүсүн арттырат жана олуттуу стресс сценарийлери орун алган шартта банктардын ликвиддүүлүк тобокелдиги тармагын кыска мөөнөттүү туруктуулукка ээ болушун колдоого багытталган.
Жобо Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-9-(НПА) токтому менен бекитилген «Коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын системалуу маанилүүлүгүн аныктоо критерийлери жөнүндө» жобого ылайык сандык көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталган системалуу мааниге ээ коммерциялык банктарга (мындан ары – банктар) таркатылат.
2-Глава. Ликвиддүүлүк деңгээлин өлчөө жана ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө тартиби
§ 1. Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициенти
1. Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициенти эсептөө күнүнө карата абал боюнча жогорку ликвиддүү активдердин аталган коэффициентти эсептөө күнүнөн кийинки 30 күн ичиндеги банктын операциялары боюнча акча каражаттарынын күтүлгөн жалпы таза агылып чыгуусуна карата катышы катары эсептелет.
2. Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициенти төмөнкү формула менен эсептелет:
3. Банктардын ликвиддүүлүк деңгээли улуттук валютанын эквивалентиндеги бардык валюталар боюнча ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин жана ар бир олуттуу чет өлкө валютасы боюнча ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө аркылуу өлчөнөт.
4. Эгерде ошол валютада туюндурулган милдеттенмелерге банктын чогуу алгандагы милдеттенмелеринин кеминде 5 пайызы туура келсе, анда бул валюта банк үчүн «олуттуу» болуп саналат.
5. Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициенти 100 пайыздан кем болбоого тийиш.
6.Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициенти жана олуттуу чет өлкө валютасында ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициенти күн сайын эсептелет (ар бир иш/операциялык күн үчүн).
7. Банктар ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин жана олуттуу чет өлкө валютасында ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөөнү отчеттук айга мезгил-мезгил менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында ай сайын Улуттук банка берип турушат.
8. Улуттук банк белгилүү бир банк үчүн аталган коэффициенттин өзүнчө маанисин белгилөөгө укуктуу. Улуттук банк банктардын тобуна же өзүнчө банкка улуттук валютада чогуу алгандагы ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин жана олуттуу чет өлкө валютасында ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин белгилөөгө, ошондой эле акча каражаттарынын агылып чыгуу жана агылып кирүү коэффициенттерин жана Жободо көрсөтүлгөн жогорку ликвиддүү активдердин салмагын өзгөртүүгө укуктуу.
§ 2. Жогорку ликвиддүү активдер
9. Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө максатында жогорку ликвиддүү активдер катары төмөнкү шарттарга ылайык келген активдер таанылат:
1) банктын карамагында турган жана активдер менен операцияларды жүргүзүү (тартылган каражаттар боюнча камсыздоо үчүн репо операциялары боюнча сатуу, өткөрүп берүү) аркылуу акча каражатын дароо алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган;
2) банктын милдеттенмелери боюнча камсыздоо болуп саналбаган жана кайтарым негизде ишке ашырылган репо операциялары боюнча өткөрүлүп берилген баалуу кагаздарды камтыбаган;
3) банктын менчигинде турган, анын ичинде, эгерде, банктын аларды кайтарып берүү милдеттенмелерин аткаруу мөөнөтү келип жеткенге чейин сатуу, репо операциялары боюнча тартылган каражаттарды камсыздоого өткөрүп берүү укуктары чектелбеген болсо, кайтарым негизинде ишке ашырылган (кайтарым репо операциялары) операциялар боюнча алынган же жайгаштырылган каражаттар жана туунду финансылык инструменттер менен келишилген бүтүмдөр боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо катары алынган баалуу кагаздар.
Жайгаштырылган каражаттар, кайтарым репо келишимдери же туунду финансылык инструменттер менен бүтүмдөр боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо катары банк тарабынан алынган баалуу кагаздарды жогорку ликвиддүү активдердин түзүмүнө киргизүүгө болот, бирок мында ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептеген күндөн тартып жакынкы 30 календардык күн ичинде баштапкы сатуучу же ээлик кылуучу аларды мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылбашы зарыл.
4) нарктык баасы жөнөкөй жана анык болгон активдер;
5) актив активдүү рынокко ээ болууга тийиш, анда ал сатып алуучулар менен сатуучулардын курсунун ортосундагы төмөн спред, сатып алуунун-сатуунун ири көлөмү, рыноктун катышуучуларынын ар түрдүү саны менен мүнөздөлөт, бул рыноктук концентрацияны төмөндөтөт.
10. Жогорку ликвиддүү активдер биринчи деңгээлдеги ликвиддүү активдерден, ошондой эле экинчи деңгээлдеги ликвиддүү активдердин курамын түзгөн 2A жана 2Б деңгээлиндеги ликвиддүү активдерден турат.
11. Биринчи жана экинчи деңгээлдеги жогорку ликвиддүү активдер Жобонун 9-пунктунда белгиленген шарттарга ылайык келүүгө тийиш.
12. Биринчи деңгээлдеги активдер:
Биринчи деңгээлдеги жогорку ликвидүү активдер катары төмөнкү активдер таанылат:
1) банктагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары, ошондой эле Улуттук банк тарабынын чыгарылган аффинаждалган өлчөнгөн куймалар;
2) Улуттук банктын корреспонденттик жана башка эсептеринде сакталган каражаттар (эсептөө күнүнө карата милдеттүү камдардын минималдуу белгиленген чектүү деңгээлинен тышкары);
3) Standard and Poor’s рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «A-» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же Fitch Ratings, Moody’s Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу кредиттик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ коммерциялык банктарда ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк тарабынан гарантияланган баалуу кагаздар;
5) чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын, эл аралык финансы уюмдарынын баалуу кагаздары, анын ичинде алар тарабынан гарантияланган жана төмөнкү шарттардын ар бирине ылайык келүүчү баалуу кагаздар:
а) эмитенттер Standard and Poor’s рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «AА-» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Fitch Ratings, Moody’s Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу кредиттик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ;
б) банктардын чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын, эл аралык финансы уюмдарынын же алар менен аффилирленген уюмдардын алдында милдеттенмелери жок.
13. Биринчи деңгээлдеги активдер ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөөгө толугу менен киргизилет.
14. 2A деңгээлиндеги активдер:
2A деңгээлиндеги активдер 15 пайыз өлчөмүндөгү дисконттун коэффициентин колдонуу менен адилет (рыноктук) наркы боюнча эсептелет.
2A деңгээлиндеги жогорку ликвиддүү активдер болуп, төмөнкү активдер таанылат:
1) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А-» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moody’s Investors Service агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон, чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана борбордук банктары тарабынан, эл аралык финансы уюмдары тарабынан чыгарылган же алар тарабынан гарантияланган баалуу кагаздар, мында банкка карата аффилирленген уюмдар болуп саналбаган эмитенттер;
2) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «AA-» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moody’s Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон, банк менен аффилирленген уюмдар болуп саналбаган эмитенттердин баалуу кагаздары.
15. 2Б деңгээлиндеги активдер:
2Б деңгээлиндеги активдер 50 пайыз өлчөмүндөгү дисконттун коэффициентин колдонуу менен, адилет (рыноктук) наркы боюнча эсептелет.
2Б деңгээлиндеги жогорку ликвиддүү активдер болуп, төмөнкү активдер таанылат:
1) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ-» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moody’s Investors Service агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана борбордук банктары, эл аралык финансы уюмдары тарабынан чыгарылган же алар тарабынан гарантияланган баалуу кагаздар;
2) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «A+» рейтингинен « А-» чейинки узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR)», Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moody’s Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон, банк менен аффилирленген уюмдар болуп саналбаган эмитенттердин баалуу кагаздары;
3) банктардын өзү же анын кайсы бир туунду компаниясы тарабынан чыгарылган кадимки акцияларды кошпогондо, компаниянын эл аралык фондулук биржаларда эркин жүгүртүлүүчү кадимки акциялары.
16. Экинчи деңгээлдеги жогорку ликвиддүү активдердин үлүшү жогорку ликвиддүү активдердин жалпы суммасынын 40 пайызынан ашпоого тийиш. Эгерде экинчи деңгээлдеги жогорку ликвиддүү активдердин үлүшү чогуу алгандагы жогорку ликвиддүү активдердин 40 пайызынан ашып кетсе, анда экинчи деңгээлдеги жогорку ликвиддүү активдер, дисконттун тиешелүү коэффициенти колдонулгандан кийин, жогорку ликвиддүү активдердин 40 пайызынан ашпаган өлчөмдө жогорку ликвиддүү активдердин курамына кошулат.
17. 2Б деңгээлиндеги жогорку ликвиддүү активдердин үлүшү, дисконттун тиешелүү коэффициенти колдонулгандан кийин, жогорку ликвиддүү активдердин жалпы суммасынын 15 пайызынан ашпоого тийиш.
18. Эгерде, ушул Жобонун 9-пунктунун шарттарына ылайык, ошондой эле арестке коюунун же эл аралык рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган рейтингдин төмөндөшүнүн натыйжасында, алгылыктуу жогорку ликвиддүү активдер алгылыксыз болуп калса, банк мындай активдерди кошумча 30 календардык күн ичинде жогорку ликвиддүү активдердин курамында эсепке алышы (кармап турушу) мүмкүн. Бул банкка жогорку ликвиддүү активдердин көлөмүн зарылчылыгына жараша корректировкалоо же активди алмаштыруу үчүн кошумча убакыт берет.
19. Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөөгө камтылган банктын жогорку ликвиддүү активдери банктын милдеттенмелери боюнча камсыздоо боло албайт, алар Улуттук банкта күрөөдө турбоого жана аларга Улуттук банктын, мамлекеттик органдардын, келишим милдеттенмелери же банктын активди жоюу, сатуу, өткөрүп берүү же активге болгон укугун башкага өткөрүп берүү жөндөмдүүлүгүн чектеген башка шарттар менен чектөөлөр коюлбаган болууга тийиш.
§ 3. Акча каражаттарынын күтүлгөн
таза агылып чыгуусу жана аны эсептөө
20. Акча каражаттарынын күтүлгөн таза агылып чыгуусу күтүлгөн жалпы агылып кирүүнү эсептен алып салуу менен акча каражаттарынын жалпы күтүлгөн агылып чыгуусу катары аныкталат.
Күтүлгөн агылып чыгууну компенсациялай алган күтүлгөн агылып кирүүнүн жалпы суммасы акча каражаттарынын жалпы агылып чыгуусунун 75 пайызынан жогору болбоого тийиш, ал ушул Жобого ылайык эсептелет.
21. Акча каражаттарынын таза агылып чыгуусу төмөнкү формула менен эсептелет:
ЧОДС=ОДС-Min (ПДС; ОДСх0,75);
ЧОДС – кийинки 30 календардык күн ичинде акча каражаттарынын күтүлгөн таза агылып чыгуусу;
ОДС – акча каражаттарынын күтүлгөн агылып чыгуусу;
ПДС – акча каражаттарынын күтүлгөн агылып кирүүсү (акча каражаттарынын жалпы агылып чыгуусунун 75 пайыздан жогору эмес).
22. Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөөдө банктын ликвиддүү активдерди эки жолу эсепке алууга укугу жок. Эгерде, ликвиддүү активдин кандайдыр бир суммасы жогорку ликвиддүү активдердин (алымы болуп саналган) запасынын курамына киргизилсе, анда ошол ликвиддүү актив менен байланыштуу болгон акча каражаттарынын күтүлгөн агылып кирүүсү акча каражаттарынын күтүлгөн жалпы агылып кирүүсүнүн бир бөлүгү катары эсепке алынбоого тийиш (бөлүүчүнүн бир бөлүгү болуп саналган).
23. Акча каражаттарынын агылып чыгуусу ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө күнүнөн кийинки календардык ай (отуз календардык күн) ичинде банк тарабынан аткарылышы күтүлүүчү милдеттенмелердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин ар башка категорияларынын жана түрлөрүнүн калдыктарына карата агылып чыгуу коэффициентин колдонуу аркылуу акча каражаттарынын күтүлгөн жалпы агылып чыгуусу катары эсептелет.
Акча каражаттарынын күтүлгөн агылып чыгуусуна жеке адамдар, жеке ишкерлер, юридикалык жактар алдындагы милдеттенмелер, кайтарымдуулугу банк активдери менен камсыздалган же мындай камсыздоосуз, туунду финансылык инструменттер боюнча тартылган каражаттар, шарттуу милдеттенмелер жана башка келишим милдеттенмелери, ошондой эле акча каражаттарынын күтүлгөн кошумча агылып чыгуулары камтылат.
24. Жеке адамдар жана жеке ишкерлер алдындагы милдеттенмелер
Жеке адамдар жана жеке ишкерлер алдындагы милдеттенмелер өзүнө банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер, анын ичинде металл эсептери боюнча милдеттенмелерди камтыйт.
Банк тарабынан берилген кредиттер (гарантиялар) боюнча күрөөлүк камсыздоо катары коюлган аманаттар (депозиттер) кредитти (гарантияны) төлөө мөөнөтүнө ылайык эсептөөгө киргизилет.
25. Күтүлгөн акча каражаттарынын агылып чыгуусун эсептөө максатында, жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин аманаттары (депозиттери) туруктуу жана азыраак туруктуу болуп классификацияланат.
Банк туруктуу аманаттарга (депозиттерге) 5 пайыз өлчөмүндө агылып чыгуу коэффициентин ыйгарат.
«Туруктуу депозиттер» дегенден улам, Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамында белгиленген өлчөмдө гарантияланган жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин депозиттерин түшүнүүгө болот.
26. Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамында гарантияланган өлчөмдөн ашкан жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин аманаттарынын (депозиттеринин) бөлүгү «азыраак туруктуу» катары каралууга тийиш жана мындай депозиттерге карата 10 пайыз өлчөмүндөгү агылып чыгуу коэффициенти колдонулат.
27. Юридикалык жактар алдындагы милдеттенмелер
Юридикалык жактар алдындагы милдеттенмелер юридикалык жактардын эсептешүү эсептерин жана тартылган аманаттарын (депозиттерин) камтыйт.
Юридикалык жактардын аманаттары (депозиттери) операциялык жана операциялык эмес аманаттардан (депозиттерден) турат.
28. Операциялык аманаттар (депозиттер) — бул, юридикалык жактар тарабынан жайгаштырылган жана аларды клиринг боюнча операциялар менен байланышкан операциялык ишке киргизүү, акча каражаттарын сактоо же тескөө үчүн зарыл болгон депозиттер.
Операциялык депозиттер жана эсептешүү эсептери 25 пайыз өлчөмүндөгү коэффициент менен күтүлгөн агылып чыгууну эсептөөгө киргизилет.
29. Операциялык аманаттар (депозиттер) төмөнкү шарттарга жооп берүүгө тийиш:
1) депозиттер боюнча пайыздык чен юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык ченинен ашпайт. Мындан тышкары, депозиттердин жайгаштырылышы пайыздык киреше алуу максатын көздөбөйт;
2) банкта жайгаштырылган аманаттар (депозиттер) өзүнчө эсептерде жайгаштырылат.
30. Мында депозиттерди операциялык депозиттер категориясына кошуу үчүн, банк төмөнкү критерийлердин бирин аткарууга тийиш:
1) клирингдик кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо, ошондой эле банктык аманат (депозит) келишиминин негизинде кардардын нак акча каражатын сактоо жана тескөө кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо;
2) келишимде кардар келишимди жабуудан же токтотуудан кеминде 30 (календардык) күн мурда бул тууралуу банкка кат жүзүндө билдирүүгө тийиш болгон норма камтылуусу зарыл.
31. Операциялык эмес аманаттар (депозиттер) – бул акча каражаттарын сактоо жана топтоо үчүн жайгаштырылган жана үчүнчү жактар менен эсептешүүлөр үчүн каралбаган, юридикалык жактардын (финансы-кредит уюмдарын кошпогондо) аманаттары (депозиттери). Банк агылып чыгуунун төмөнкүдөй коэффициенттерин белгилейт:
Аманатчылар |
Агылып чыгуу коэффициенти, % |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү бийлик органдарынын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу), мамлекеттик бийлик органдарынын, чет өлкөлөрдүн мамлекеттик секторунун түзүмдөрүнүн, эл аралык финансы уюмдарынын аманаттары (депозиттери) |
40 |
Юридикалык жактардын аманаттары (депозиттери) (финансы-кредит уюмдарын кошпогондо) |
40 |
Жогорку категорияларга кошулбаган башка уюмдардын аманаттары (депозиттери) |
100 |
32. Аффилирленген жактардын жана банк менен байланыштуу жактардын аманаттары (депозиттери) жана башка тартылган каражаттары 100 пайыз өлчөмүндө агылып чыгуу коэффициенти менен ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэфициентин эсептөөдө камтылат.
33. Банк каражаттардын күтүлгөн агылып чыгуу суммасына банк-корреспонденттердин корреспонденттик эсептериндеги 100 пайыз өлчөмүндө агылып чыгуу коэффициенти менен каражаттарды камтыйт.
34. Банк банктардын, финансы-кредит уюмдарынын, баалуу кагаздар менен операцияларды жүзөгө ашырган уюмдардын, камсыздандыруу компанияларынын, пенсиялык фонддордун, атайын багыттагы (брокердик кызмат көрсөтүүлөрдү, активдерди тескөө жана ортомчу катары башка финансы кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган) уюмдардын жана жогоруку категорияларга кирбеген башка уюмдардын аманаттарынын (депозиттеринин) бардык категориялары жана алардан камсыздоосуз тартылган башка каражаттар үчүн 100 пайыз өлчөмүндө агылып чыгуу коэффициентин белгилөөгө милдеттүү.
35. Банктын активдери менен камсыздалган жана камсыздалбаган тартылган каражаттар.
Кайтарымдуулугу банк активдери менен камсыздала турган тартылган акча каражаттарына банктын жогорку ликвиддүү активдери жана башка активдери менен камсыздалган банктын милдеттенмелери кирет.
36. Банк агылып чыгуу суммасын негизги күрөөлүк камсыздоонун наркынын негизинде эмес, операциянын негизинде тартылган каражаттардын суммасы боюнча эсептейт.
37. Банк төмөнкү коэффициенттерди кайтарымдуулугу 30 (отуз) календардык күн ичинде орду жабылуучу мөөнөтү менен банк активдери менен камсыздалган, тартылган каражаттар боюнча төлөнүүгө тийиш болгон бардык операцияларга колдонот:
Банктын ордун жабуу мөөнөтү келип жеткен активдери менен камсыздоо астында тартылган каражаттар боюнча төлөнүүгө тийиш болгон операциялардын категориялары |
Агылып чыгуу коэффициенти, % |
Биринчи деңгээлдеги жогорку ликвиддүү активдер менен камсыздалган милдеттенмелер |
0 |
Улуттук банк алдындагы милдеттенмелер |
0 |
2А деңгээлиндеги жогорку ликвиддүү активдер менен камсыздалган милдеттенмелер |
15 |
2Б деңгээлиндеги жогорку ликвиддүү активдер менен камсыздалган милдеттенмелер |
50 |
Жогоруда келтирилген тиешелүү категорияларда көрсөтүлбөгөн, ордун жабуу мөөнөтү келип жеткен бардык камсыздалган каржылоо боюнча бардык башка операциялар |
100 |
38. Юридикалык жактардан жана эл аралык финансы уюмдарынан тартылган, камсыздалбаган кредиттер жана насыялар ушул Жобонун 31, 32-пунктуларына ылайык коэффициенттерди колдонуу менен акча каражаттарынын күтүлгөн агылып чыгуусуна кошулат.
Мында, эгерде келишимдин шарттарында банкка билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин 30 (отуз) календардык күндүн ичинде эрте эмес келишимди токтотууга боло тургандыгы каралса, көрсөтүлгөн кредиттер жана насыялар 30 (отуз) календардык күн ичинде ордун жабуу мөөнөтүнө ылайык акча каражаттарынын күтүлгөн агылып чыгуусуна кошулат.
39. Туунду финансылык инструменттер.
Туунду финансылык инструменттер менен бүтүмдөр боюнча акча каражаттарынын күтүлгөн агылып чыгуусуна милдеттенмелердин 100 пайыз агылып чыгуу коэффициенти менен талаптардан арткан суммасы кошулат. Ал эми талаптар туунду инструменттер менен бүтүмдөр боюнча милдеттенмелерден арткан учурда арткан сумма 100 пайыз агылып кирүү коэффициенти менен акча каражаттарынын күтүлгөн агылып кирүүсүнө камтылат.
40. Кредиттик линиялар боюнча шарттуу милдеттенмелер
Кредиттик линиялар боюнча шарттуу милдеттенмелер дегенден улам, кайсы болбосун келечекте каражат берүү жөнүндө келишимдин кайтарып алынгыс (б.а. «милдеттендирилген») же шарттуу түрдө кайтарып алынуучу, кардар тарабынан 30 (отуз) календардык күн ичинде талап кылынышы мүмкүн болгон каражаттарды түшүнүүгө болот.
41. Банк төмөнкү коэффициенттерди милдеттүү кредиттик линияларга карата колдонот:
Контрагент |
Агылып чыгуу коэффициенти, % |
Жеке адамдардын, жеке ишкерлердин кредиттик линиялары |
5 |
Юридикалык жактардын кредиттик линиялары (финансы-кредит уюмдарын кошпогондо) |
10 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана бийлик органдарынын, эл аралык финансы уюмдарынын кредиттик линиялары |
10 |
Коммерциялык банктардын кредиттик линиялары |
40 |
Финансы-кредит уюмдарынын кредиттик линиялары |
40 |
Башкалар |
100 |
42. Башка шарттуу милдеттенмелер
Банк акча каражаттарынын башка шарттуу милдеттенмелер боюнча күтүлгөн агылып чыгуусун төмөнкү коэффициенттерге ылайык эсептейт:
Категориясы |
Агылып чыгуу коэффициенти, % |
Шартсыз кайтарып алынуучу (милдеттендирилбеген) кредиттик линиялар |
0 |
Сооданы каржылоого тиешелүү каржылоо боюнча шарттуу милдеттенмелер |
3 – сооданы каржылоо боюнча милдеттенмелер |
Сооданы каржылоо боюнча милдеттенмелерге кирбеген гарантиялар жана аккредитивдер |
10 – гарантиялар жана аккредитивдер суммасы |
43. Башка келишимдик милдеттенмелер
Банк келишимдик милдеттенмелер жана агылып чыгуу коэффициенти белгиленбеген жана кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде акча каражаттарынын агылып чыгуусу күтүлгөн кайсы болбосун башка милдеттенмелер боюнча 100 пайыз агылып чыгуу коэффициентин белгилейт.
44. Банк операциялык чыгашаларга байланыштуу агылып чыгууну акча каражаттарынын агылып чыгуу суммасына кошпойт.
§ 4. Акча каражаттарынын таза агылып кирүүсү жана аны эсептөө
45. Кредиттер
Банк акча каражаттарынын күтүлгөн агылып кирүүсүн эсептөөгө төлөө мөөнөтү өтүп кеткен кредиттерди кошпогондо, ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициенти эсептелген күндөн тартып жакынкы 30 (отуз) календардык күн ичинде келишимдерде каралган (анын ичинде пайыздарды төлөөлөр) агымдар боюнча гана сунушталган кредиттер боюнча каражаттарды кошот.
46. Контрагенттердин кредиттери боюнча агылып кирүү коэффициенттери төмөнкүдөй аныкталат:
Контрагент |
Агылып кирүү коэффициенти, % |
Жеке адамдардын, жеке ишкерлердин кредиттери |
50 |
Юридикалык жактардын кредиттери (финансы-кредит уюмдарын кошпогондо) |
50 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана бийлик органдарынын, эл аралык финансы уюмдарынын кредиттери |
50 |
Коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын кредиттери |
100 |
47. Банк калыбына келтирилүүчү кредиттик линиялар боюнча колдонуудагы кредиттик транштын мөөнөтүн узартууга болорун жана контрагент тарабынан кредиттер боюнча акча каражаттарынын агылып кирүүсү күтүлбөй тургандыгын эске алууга тийиш. Колдонулбаган кредиттик линиялардын калган бөлүгү ушул Жобонун 41-пунктуна ылайык эсептелет.
48. Камсыздалган кредиттер, анын ичинде кайтарым репо жана баалуу кагаздар.
Банк жогорку ликвиддүү активдер менен камсыздалган кредиттер жана 30 календардык күн ичинде орду жабылууга тийиш болгон баалуу кагаздар менен кайтарым негизинде ишке ашырылган бүтүмдөр боюнча акча каражаттарынын күтүлгөн агылып кирүүсүн төмөнкү агылып кирүү коэффициенттерин колдонуу менен эсептөөгө тийиш:
Активдердин төмөнкү категориялары менен камсыздалган, ордун жабуу мөөнөтү келип жеткен камсыздалган кредиттөө операциялары |
Агылып кирүү коэффициенти, % |
Биринчи деңгээлдеги активдер |
0 |
2A деңгээлиндеги активдер |
15 |
2Б деңгээлиндеги активдер |
50 |
49. Акча каражаттарынын күтүлгөн башка агылып кирүүлөрү
1) банк жогорку ликвиддүү активдердин көлөмүндө камтылбаган, 30 (отуз) календардык күн (мисалы, купонду төлөө) ичинде ордун жабуу мөөнөтү менен баалуу кагаздардан каражаттардын агылып кирүүсү боюнча 100 пайыз агылып кирүү коэффициентин белгилейт;
2) банктын башка финансы-кредит уюмдарында операциялык максаттар үчүн (клиринг, акча каражаттарын сактоо жана тескөө, ошондой эле чет өлкө валютасында эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн) сакталган депозиттерине карата 0 пайыз агылып кирүү коэффициенти колдонулат;
3) банктын башка финансы-кредит уюмдарында операциялык эмес максаттар үчүн сакталган, тактап айтканда, кийинки 30 календардык күн ичинде орду жабылууга тийиш болгон банктар аралык депозиттер сыяктуу депозиттери боюнча 100 пайыз агылып кирүү коэффициентин белгилейт.
50. Акча каражаттарынын шартуу агылып кирүүсү (банктын акцияларга же акциялар сыяктуу инструменттерге инвестициялардан күтүлгөн дивиденддерди төлөө) банк тарабынан акча каражаттарынын күтүлгөн агылып кирүүсү катары эсепке алынбайт.