Кайта келүү

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан банктардын Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетун толтуруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр   

(Өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитеттин 11.12.2017 - ж. №47/2, 28.12.2017-ж. №51/4, 08.02.2018-ж. №06/2, 19.12.2019-ж. №47/5 токтомдору менен бекитилген)   

  

Жалпы жоболор  

  

1. Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан банктардын Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетун толтуруу боюнча ушул усулдук көрсөтмөлөрдө (мындан ары - Усулдук көрсөтмөлөр) "Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгөашырышкан банктардын Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" (мындан ары - ПРБО) жобого карата тиркемелерди толтуруу тартибине түшүндүрмөлөр берилет. ПРБО, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары  Улуттук банк) лицензия алышкан, операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан банктар тарабынан төмөнкүдөй бөлүктөр боюнча берилет:   

- титулдук баракча;   

- Банктын Директорлор кеңешинин, Банк Башкармасынын жана Шариат кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалыматтар;   

- банктын айрым кызмат адамдары тууралуу маалымат;   

- банк боюнча базалык маалымат;   

- 1-бөлүк. Баланстык отчет;   

- 2-бөлүк. Алынган пайда, тарткан чыгымдар жана чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет;   

- 3-бөлүк. Капиталдын түзүмү;   

- 4-бөлүк. Бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы өзгөртүүлөр;   

- 5-бөлүк. Баалуу кагаздар портфели;   

- 6-бөлүк. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер жөнүндө маалымат;   

- 7-бөлүк. Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо;   

- 8-бөлүк. РППУдагы өзгөрүүлөр;   

- 9-бөлүк. Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат;   

- 10-бөлүк. Аффилирленген жактар менен операциялар тууралуу маалымат;   

- 11-бөлүк. Инсайдерлер менен операциялар жөнүндө маалымат;   

- 12-бөлүк. Рынокто кирешелүүлүк чендеринин өзгөрүүсүнө карата банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин көз карандылыгын талдап-иликтөөлөр;   

- 13-бөлүк. Кардарлардын суммалар боюнча бөлүштүрүлгөн эсептери;   

- 14-бөлүк. Экономикалык ченемдердин сакталышы тууралуу маалыматтар;   

- 15-бөлүк. Банктын капиталын эсептөө;   

- 16-бөлүк. Ачык валюта позициялары жөнүндө отчет;   

- 17-бөлүк. Банктын ишенимдүү тескөө боюнча операциялары жөнүндө маалыматтар;   

- 18-бөлүк. Башка маалыматтар;   

- 19-бөлүк. Банктардын кызмат көрсөтүүлөрү;   

- 20-бөлүк. Жол чектери менен жана карттардын эмиссиясы/ эквайринги боюнча операциялар;   

- 21-бөлүк. Төлөмдөр жөнүндө маалымат;   

- 22-бөлүк. Чет өлкө валютасы менен операциялар жөнүндө отчет;   

- 23-бөлүк. Банктар аралык кредит рыногундагы операциялар жөнүндө маалыматтар;   

- 24-бөлүк. Тартылган жана жайгаштырылган каражаттар жана колдонулган сыйлыктар/кошумчаланган сумма жөнүндө отчет;   

- 25-бөлүк. Кардарлардан тартылган каражаттардын тармактар боюнча маалыматтары;   

- 26-бөлүк. Банктын эл аралык операциялары жөнүндө отчет;   

- 27-бөлүк. Банктарда төлөмдөрдүн багыты жөнүндө отчет;   

- 28-бөлүк. Активдер, милдеттенмелер жана капитал жөнүндө күн сайын берилип туруучу отчет;   

- 29-бөлүк. Ай ичиндеги кассалык жүгүртүүлөр жөнүндө отчет;   

- 30-бөлүк. Жума ичиндеги кассалык жүгүртүүлөр жөнүндө отчет;   

- 31-бөлүк. Күндөлүк болжолдуу баланс.   

  

ЭскертүүБул усулдук көрсөтмөдө чагылдырылбаган бөлүктөр Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык толтурулат.   

  

2. Титулдук баракча  

  

2. Титулдук баракчада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:   

- катталган күнү жана чыгыш номери;   

- отчет даярдалган күн (мисалы, 2011-жылдын 31-январына карата абал боюнча);   

- отчет даярдалып бүткөн күн;   

- мезгилдүүлүгү - "айлык", "чейректик", "жылдык" же "оңдоолор". Техникалык мүнөздөгү кемчиликтер келип чыккан учурда гана, оңдолгон отчетту берүүгө жол берилет. Бул учурда отчеттун өзгөртүүлөр киргизилген формасы берилет, мында өзгөртүүлөр маркер менен белгиленүүгө тийиш;   

- жүргүзүлгөн аудиттин же текшерүүнүн түрү  төмөнкү саптардын бирөөсү же экөөсү гана көрсөтүлөт:   

а) ички текшерүү  эгерде текшерүү ички аудит же ревизор тарабынан жүргүзүлсө;   

б) корутундусуз аудит  мында сунуш-көрсөтмөлөрдү бербеген, келечекке иш-план түзбөгөн аудит ишке ашырылып, ал жөн гана банктык операциялардын жана бухгалтердик эсептин туура жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө корутунду берүү менен чектелет;   

в) корутунду берүү менен аудит  бул банктык операциалардын жана бухгалтердик эсептин туура жүргүзүлүшүн текшерүүдөн тышкары, банкка анын ишин жакшыртуу жана/же өркүндөтүү үчүн сунуш-көрсөтмөлөрдү берип, иш-чаралар планын түзгөн аудит;   

- отчет берген банктын басма тамгалар менен көрсөтүлгөн аталышы;   

- тышкы аудитор  жылдык отчетту берүү учурунда толтурулат;   

- банктын Директорлор кеңешинин Төрагасынын же Директорлор кеңешинин Төрагасы жок учурда анын милдетин аткарган мүчөсүнүн, Башкы бухгалтердин, Банк Башкармасынын отчетту даярдоо боюнча ишти тескөөгө алган мүчөсүнүн жана отчетту түзүү жана даярдоо үчүн жооптуу адамдын тастыктоочу кол тамгалары;   

- банктын ПРБОнун даярдалышы жана берилиши үчүн жооп берген кызматкеринин кызматын, аты-жөнүн жана телефон номерин көрсөтүү менен колтамгасы.   

  

3. Банктын Директорлор кеңешинин, Банк Башкармасынын жана Шариат кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалыматтар   

  

3. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалыматтар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:   

- аты-жөнүн;   

- иштеген жерин;   

- кызматын;   

- иштеген жеринин телефон номерин;   

- кол тамга үлгүсүн.   

4. Банк Башкармасынын мүчөлөрү тууралуу маалыматтар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:   

- аты-жөнүн;   

- кызматын;   

- иштеген жеринин телефон номерин;   

- кол тамга үлгүсүн.   

5. Шариат кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалыматтар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш   

- аты-жөнүн;   

- иштеген жерин;   

- кызматын;   

- иштеген жеринин телефон номерин;   

- кол тамга үлгүсүн.   

  

4. Банктын айрым кызмат адамдары тууралуу маалыматтар  

  

6. Банктын айрым кызмат адамдары тууралуу маалыматтарда банктын төмөнкүдөй айрым кызмат адамдарынын тизмеси камтылат:   

1) башкы бухгалтер;   

2) банкта ликвиддүүлүктүн тескөөгө алынышына жооп берген кызмат адам;   

3) банктын бюджетине жооп берген кызмат адамы;   

4) банктын кредиттик ишине жооп берген кызмат адамы;   

5) Аудит боюна комитеттин төрагасы;   

6) ички аудит кызматынын/бөлүмдүн жетекчиси;   

7) банктын чет өлкө валютасында жүзөгө ашырылган операцияларына жооп берген кызмат адамы.   

2), 3), 4), 7) пункттарда көрсөтүлгөн кызмат адамдары банктын жетекчилигин түшүндүрүп, бүтүндөй банк масштабында көрсөтүлгөн багыттар боюнча жүргүзүлүп жаткан саясатка жооп берүүлөрү тийиш.   

7. Ар бир кызмат адамы боюнча төмөнкүдөй маалымат камтылууга тийиш:   

- аты-жөнү;   

- кызматы;   

- иштеген жеринин телефон номери;   

- кол тамга үлгүсү.   

8. Банктын айрым кызмат адамдарына бекитилген банктын белгилүү бир иш багыттары үчүн жоопкерчилик, документ менен тастыкталууга тийиш.   

  

5. Банк жөнүндө базалык маалымат  

  

9. Банк жөнүндө базалык маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:   

1) отчет берген банктын толук аталышы  банктын расмий толук аталышы;   

2) эл аралык операциялар үчүн аталышы, эгер башка болсо  банк эл аралык операцияларды жүргүзгөн, банктын расмий толук аталышы;   

3) дареги:   

а) шаары  Башкы банк жайгашкан банктын аталышы;   

б) көчөсүүй номери  башкы офис жайгашкан көчөнүн аталышы жана имаратынын номери;   

в) почта индекси  почта бөлүгүнүн индекси;   

4) расмий жарыяланган байланыш:   

а) телефон  банктын расмий телефон номери;   

б) факс  банктын факсынын расмий номери;   

в) телекс  банктын телексинин расмий номери;   

г) электрондук почта  электрондук почтасынын расмий дареги;   

5) банктын Интернеттеги веб-сайты  банктын Интернеттеги расмий веб-сайты;   

6) уставдык (акционердик) капиталдын суммасы:   

а) жарыяланган - банктын жарыяланган уставдык капиталынын суммасы;   

б) айкын салынган  банктын айкын салынган уставдык капиталынын суммасы.   

  

6. 1-бөлүк. Баланстык отчет  

  

10. Баланстык отчетто банктын финансылык абалынын регулятивдик отчеттуулук көз карашынан кыйла олуттуу статьялары өзүнчө бөлүп көрсөтүлөт.   

Баланстык отчет төрт графадан турат:   

- баланс статьяларынын аталышы;   

- статьянын сом түрүндөгү мааниси;   

- Улуттук банктын отчеттук күнгө карата расмий курсу боюнча баланстын чет өлкө валютасындагы статьяларынын сом түрүндөгү эквиваленти;   

- тиешелүү статьянын өткөн мезгилдин отчеттук мезгил аралыгы үчүн маалыматтары.   

Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.   

Эскертүү: баланстык отчеттун статьяларындагы суммалар (сунушталган каржылоо боюнча статьяларды кошпогондо) потенциалдуу жоготуулар жана чыгым тартуулар камдарынын жана амортизацияланган чегерүүлөрдүн тиешелүү суммаларын алып салуу менен көрсөтүлөт.   

11. А. бөлүкчөсү. Активдер.   

"Акча каражаттары" деп аталган 1-статьяда жүгүртүү кассасындагы банкнотторду жана монеталарды, жолдо келе жаткан банкнотторду жана монеталарды, аманат кассаларындагы банкнотторду жана монеталарды, банкоматтардагы банкнотторду жана монеталарды кошо алганда, акча каражаттарынын суммалары валюталардын түрлөрү: сом, КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн валюталары, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна кирген өлкөлөрдүн валюталары жана башка валюталар боюнча чагылдырылат.   

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик эсептер" деп аталган 2-статьяда милдеттүү камдык талаптарды кошо алганда, Улуттук банктын корреспонденттик жана башка эсептериндеги акча каражаттарынын суммалары чагылдырылат.   

"Башка банктардагы жана финансы-кредиттик мекемелердеги корреспонденттик эсептер" деп аталган 3-статьяда банктардагы же финансы институттарындагы акча каражаттарынын суммасы, ошондой эле бул банктардын же финансы институттарынын овердрафтынын суммалары тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен чагылдырылат. Калдыктар, сом, КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн валюталары, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна киргенөлкөлөрдүн валюталары жана башка валюталар боюнча көрсөтүлөт.   

"Башка банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин эсептериндеги акча каражаттар" деп аталган 4-статьяда тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен күрөөгө коюлган эсептердеги акча каражаттарын кошо алганда, банктардагы жана финансы институттарындагы эсептерде жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасы чагылдырылат.   

"Баалуу кагаздар" деп аталган 5-статьяда банкка таандык болгон баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт: тиешелүү атайын РППУну минуска чыгаруу менен тооруктук баалуу кагаздар портфели, сатууга жарактуу жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар берилген.   

"Кыска мөөнөтүү жайгаштыруулар" деп аталган 6-статьяда камсыздалган жана камсыздалбаган кыска мөөнөттүү банктар аралык жайгаштыруулардын (30 күнгөчейинки) суммасы тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен чагылдырылат, мында банк кредитор катары иш алып барат.   

"РЕПО-келишими боюнча сатылып алынган баалуу кагаздар" деп аталган 7-статьяда банк тарабынан аларды белгилүү бир мезгил өткөндөн кийин жана белгилүү бир баада кайтара сатып алуу милдеттенмеси менен сатылып алынган баалуу кагаздар тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен камтылат.   

"Банктар жана финансы-кредиттик мекемелер тарабынан сунушталган каржылоо" деп аталган 8-статьяда жергиликтүү жана чет өлкө банктарына башка финансы-кредиттик мекемелерге тиешелүү дисконтту минуска чыгаруу менен сунушталган каржылоо суммасы чагылдырылат.   

"Башка кардарларга сунушталган каржылоо" деп аталган 9-статьяда тиешелүү дисконтту минуска чыгаруу менен финансылык институт болуп саналбаган жергиликтүү жана чет өлкө кардарларына сунушталган каржылоо суммасы чагылдырат.   

"Сунушталган каржылоо боюнча атайын РППУ" деп аталган 10-статьяда финансылык институттарга жана башка кардарларга сунушталган каржылоо боюнча түзүлгөн, атайын РППУнун өлчөмү көрсөтүлөт.   

"Таза каржылоо" деп аталган 11-статьяда алар боюнча атайы РППУну минуска чыгаруу менен сунушталган каржылоонун наркы көрсөтүлөт (8-статья + 9-статья-10-статья).   

"Кийин кардарларга берүү үчүн активдер" деп аталган 12-статьяда банк тарабынан кийинчерээк кардарларга берүү үчүн, анын ичинде мурабаха, истиснаа келишими боюнча сатылып алынган жердин жана/же үлүш жерлердин, имараттардын, башка курулмалардын, эмеректердин, жабдуулардын жана башка активдердин/буюмдардын (инвентарь) наркы камтылат.   

"Иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча кийинчерээк кардарларга берүү үчүн активдер" деп аталган 13-статьяда банк тарабынан иджара мунтахийя битамлик келишими боюнча кийинчерээк кардарларга берүү үчүн сатылып алынган жердин, жана/же үлүш жерлердин, имараттардын, башка курулмалардын, эмеректердин, жабдуулардын жана башка активдердин/буюмдардын (инвентарь) наркы камтылат.   

"Негизги каражаттар" деп аталган 14-статьяда банктын ээлигинде же пайдалануусунда турган жердин жана/же үлүш жерлердин, имараттардын жана башка курулмалардын, автоунааны кошо алганда, эмеректин, жабдуулардын наркы, ошондой эле негизги каражатка чегерилген амортизацияны минуска чыгаруу менен материалдын, иштин жана курулушка байланыштуу келип чыккан капиталдаштырылуучу башка чыгашалардын наркы, ошондой эле ижарага алынган менчикти ыңгайлаштырууга капиталдык салымдар камтылат. Материалдык эмес активдер бул беренеге кошулбайт. Негизги каражаттарды төмөнкүдөй топтор боюнча көрсөтүү зарыл: жер жана имарат, бүткөрүлбөгөн курулуш жана башка негизги каражаттар.   

"Кардардын алган каржылоонун ордун жабуу үчүн кабыл алынган кыймылсыз мүлкү" деп аталган 15-статьяда кардардын банк тарабынан каржылоонун ордун жабууга кабыл алынган кыймылсыз мүлкү, ошондой эле тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен банктын иштебеген филиалдарынын жана туунду компанияларынын кыймылсыз мүлкү чагылдырылат.   

"Кардардын сунушталган каржылоонун ордун жабууга кабыл алынган жана башка менчиги" деп аталган 16-статьяда банктын ээлигине өткөн башка активдер (кыймылсыз мүлк эмес), ошондой эле тиешелүү атайын РППУну минуска чыгаруу менен банктын жабык филиалдарынын жана туунду компанияларынын жана башка мүлкүчагылдырылат.   

"Консолидацияланбаган компанияларга инвестициялар" деп аталган 17-статьяда тиешелүү атайын РППУну минуска чыгаруу менен консолидацияланбаган компанияларга капиталдык инвестициялардын суммасы көрсөтүлөт.   

"Башка активдер" деп аталган 18-статьяда тиешелүү атайы РППУну минуска чыгаруу менен эсептөөлөрдөгү акча каражаттарын кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн активдердин баланстык наркы, ошондой эле материалдык эмес активдер чагылдырылган.   

"Бардыгы болуп активдер" деп аталган 19-статьяда 1ден 7ге чейинки жана 11ден 18ге чейинки беренелердин суммасы көрсөтүлөт.   

12. Б бөлүкчөсү. Милдеттенмелер.   

"Юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү эсептериндеги акча каражаттары" деп аталган 20-статьяда юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү эсептериндеги, кард хасан, вадиаа йад даман келишми боюнча акча каражаттарынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. Банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин эсептөөлөрүндөгү жана талап боюнча төлөнүүчү эсептериндеги акча каражаттары бул статьяда камтылбайт.   

"Жеке адамдардын эсептериндеги акча каражаттары" деп аталган 21-статьяда аманат сертификаттарын кошо алганда, жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү эсептериндеги кард хасан, вадиаа йад даман келишимдер боюнча акча каражаттарынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

"Юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери" деп аталган 22-статьяда юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин депозиттик сертификаттарын кошо алганда, чектелген мудараба, чектелбеген мудараба келишимдери боюнча мөөнөттүү эсептериндеги акча каражаттарынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. Банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин мөөнөттүү эсептери бул статьяда камтылбайт.   

"Улуттук банк алдындагы милдеттенмелер" деп аталган 23-статьяда Улуттук банк алдындагы милдеттенмелердин суммасы чагылдырылат.   

"Корреспонденттик эсептер" деп аталган 24-статьясында банктын корреспондент банктарынын эсептериндеги акча каражаттарынын суммасы камтылган.   

"Банктардын эсептериндеги акча каражаттары" деп аталган 25-статьяда банктардын же финансы-кредиттик мекемелердин талап боюнча төлөнүүчү жана мөөнөттүү эсептерде жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасы чагылдырылган.   

"Кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар" деп аталган 26-статьяда банк дебитор катары иш алып барган, камсыздалган жана камсыздалбаган банктар аралык кыска мөөнөттүү жайгаштыруулардын (30 күнгө чейинки) суммасы көрсөтүлөт.   

"Бийлик органдары алдындагы милдеттенмелер" деп аталган 27-статьяда бийлик органдарынын эсептериндеги акча каражаттарынын жана бийлик органдарынан төмөнкүчө бөлүштүрүү менен алынган акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлөт:   

а) бийлик органдарынын эсептериндеги акча каражаттары;   

б) бийлик органдарынан алынган каржылоо.   

"Баалуу кагаздар" деп аталган 28-статьяда ислам банкынын жайгаштырылган баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерине ээ наркы көрсөтүлөт.   

"РЕПО-келишими боюнча сатылган баалуу кагаздар" деп аталган 29-статьяда келечектеги кайсы бир күнү жана белгилүү бир баада кайтарым сатып алуу жөнүндө келишим боюнча банк тарабынан сатылган баалуу кагаздардын наркы көрсөтүлөт.   

"Параллель салам келишими боюнча милдеттенмелер" деп аталган 30-статьяда банктын кардарлар алдында параллель салам келишими боюнча келип чыккан милдеттенмелеринин суммасы чагылдырылат.   

"Алынган каржылоо" деп аталган 31-статьяда банк тарабынан алынган каржылоонун суммасы көрсөтүлөт, мында ал:   

а) банктардан;   

б) эл аралыктарды кошо алганда, башка финансы-кредиттик мекемелерден кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар катары каралбайт.   

"Субординацияланган карыздык милдеттенмелер" деп аталган 32-статьяда эмитенттин активдерине каршы талап кылынышы жана башка дебиторлордун талаптарын канааттандыргандан кийин төлөнүшү мүмкүн болгон карыздык милдеттенмелер көрсөтүлөт.   

"Башка милдеттенмелер" деп аталган 33-статьяда эсептөөлөрдөгү акча каражаттарын кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн башка милдеттенмелер көрсөтүлөт.   

"Бардыгы болуп милдеттенмелер" деп аталган 34-статьяда 20дан 33кө чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт.   

13. В бөлүкчөсү. Капитал.  

"Акционердик капитал" деп аталган 35-статьяда акционердик капиталдын төмөнкүлөр боюнча мааниси берилет:   

а) жөнөкөй акциялар  банктын жөнөкөй акцияларынын жалпы суммасы көрсөтүлөт;   

б) акционерлер тарабынан салынган кошумча капиталды кошо алганда, номиналга үстөк салынган капитал  акционерлер тарабынан акциялардын номиналдык наркына үстөк салынган акча каражаттарынын суммасы, ошондой эле Улуттук банктын капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарын аткарууүчүн акционерлер тарабынан салынган кошумча капитал көрсөтүлөт;   

в) бөлүштүрүлбөгөн пайда  банктын бөлүштүрлбөгөн пайдасынын суммасы чагылдырылат;   

в1) өткөн жылдардын пайдасы  каражаттардын бөлүгүн акционерлерге бөлүштүргөндөн кийин жана камдарды банктын келечектеги керектөөлөрүнөбөлүштүргөндөн кийин банкта калган, өткөн жылдардын пайдасы чагылдырылат;   

в2) өтүп жаткан жылдын пайдасы  өтүп жаткан жылдын пайдасы чагылдырылат;   

в3) банктын келечектеги керектөөлөрү үчүн камдар - банктагы келечекте орун алуучу жагдайлар үчүн пайданы бөлүштүрүүнүн эсебинен түзүлгөн камдардын суммасы көрсөтүлөт.   

"Жалпы камдар" деп аталган 36-статьяда банктын активдерин кайра баалоонун эсебинен түзүлгөн, банктагы камдардын өлчөмү жана консолидациялоодо валютаны кайра саноонун натыйжасында келип чыккан айырма, ошондой эле сунушталган каржылоо жана башка классификацияланган активдер боюнча жалпы РППУнунөлчөмү чагылдырылат.   

а) негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча кам  негизги каражаттарды кайра баалоо суммасы көрсөтүлөт;   

б) сатууга жарактуу жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча кам  ишке ашпаган кирешелердин жана сатууга жарактуу жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздарды кайра баалоодон келип чыккан чыгым тартуулардын суммасы берилет;   

в) сунушталган каржылоо боюнча жалпы РППУ  сунушталган каржылоо боюнча түзүлгөн, жалпы РППУнун суммасы көрсөтүлөт;   

г) башка классификацияланган активдер боюнча жалпы РППУ  классификацияланууга тийиш болгон, башка активдер боюнча жалпы РППУнун суммасы көрсөтүлөт;   

д) башка жалпы камдар  башка жалпы камдардын суммасы чагылдырылат.   

"Пайданы теңештирүүгө кам" деп аталган 37-статьяда мударибдин үлүшү бөлүштүрүлгөнгө чейин дүң пайдадан бөлүнгөн сумманын эсебинен Ислам банкынын Директорлор кеңешинин чечими боюнча, инвестициялык эсеп ээлеринин инвестициялары боюнча кирешелүүлүктүн белгилүү бир деңгээлин кармап туруу максатында түзүлгөн кам көрсөтүлөт.   

"Инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам" деп аталган 38-статьяда (эгерде болгон болсо) мударибдин үлүшү бөлүштүрүлгөндөн кийин инвестициялык эсеп ээлеринин пайдасынан, инвестициялык эсеп ээлеринин келечектеги инвестициялык чыгым тартуу тобокелдиктерин басаңдатуу максатында бөлүнгөн сумма көрсөтүлөт.   

"Бардыгы болуп" деп аталган 39-статьяда 35 жана 38-статьялардын суммасы көрсөтүлөт.   

"Бардыгы болуп милдеттенмелер жана капитал" деп аталган статьяда 34 жана 39-статьялардын суммасы көрсөтүлөт.   

Кийинки эки сапта пайда алына турган ай ичиндеги милдеттенмелердин орточо маанисин жана сый акы төлөнө турган ай ичиндеги милдеттенмелердин орточо маанисин көрсөтүү зарыл. Орточо маанилерди эсептөө күн сайын жүргүзүлүп турат.   

14. Г. бөлүкчөсү. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер.  

"Каржылоону сунуштоого милдеттенмелер" деп аталган 41-статьяда каржылоону сунуштоо боюнча милдеттенмелер чагылдырылат.   

"Жалпы гарантиялар жана ушул сыяктуу милдеттенмелер" деп аталган 42-статьяда банк тарабынан чыгарылган же тастыкталган жалпы гарантиялар жана ушул сыяктуу милдеттенмелер чагылдырылат.   

"Аккредитивдер" деп аталган 43-статьяда банктын акредитивдер боюнча мүмкүн болуучу милдеттенмелери чагылдырылат.   

"Активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер" деп аталган 44-статьяда банктын активдерди сатып алуу боюнча келечектеги милдеттенмелери чагылдырылат.   

"Башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер" деп аталган 45-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн бардык башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер чагылдырылат.   

"Бардыгы болуп баланстан тышкаркы милдеттенмелер" деп аталган 46-статьяда 41 жана 45-статьялардын суммасы көрсөтүлөт.   

Эскертүү: баланстан тышкаркы операциялар боюнча контр-эсептер чагылдырылбайт.   

15. Д. бөлүкчөсү. Банктын башка активдерин жана башка милдеттенмелерин чечмелөө.  

"Башка активдер" деп аталган 1-статьяда баланстык отчеттун тиешелүү статьясында камтылган, банктын активдеринин чечмелениши көрсөтүлөт:   

а) банк тарабынан алынуучу сый акы  банк тарабынан алынуучу сый акынын суммасы чагылдырылат;   

б) алдын ала төлөнгөн төлөм  келишим шарттарына ылайык банк тарабынан башка тараптарга төлөнгөн төлөмдөрдүн суммасы көрсөтүлөт;   

в) такталбаган дебитордук суммалар  акча каражаттарынын такталганга чейинки суммасы берилет;   

г) баалуу металлдар  банкта турган баалуу металлдардын наркы көрсөтүлөт;   

д) башка активдер  банктын жогоруда көрсөтүлбөгөн активдеринин жана башка активдеринин суммасы чагылдырылат.   

"Башка активдерге атайын РППУ" деп аталган 2-статьяда банктын жогоруда көрсөтүлгөн активдерине атайын РППУнун суммасы берилет.   

"Таза башка активдер" деп аталган 3-статьяда банктын башка активдеринин таза наркы көрсөтүлөт (1-статья минус 2-статья). Бул статья "Баланстык отчет" деп аталган I бөлүктүн А бөлүкчөсүнүн 18-статьясына барабар болууга тийиш.   

"Башка милдеттенмелер" деп аталган 4-статьяда банктын баланстык отчетунун тиешелүү статьясында камтылган милдеттенмесинин чечмелөөлөрү берилген:   

а) төлөөгө карата сый акы - банктын операциялар боюнча төлөөгө карата чегерилген сый акыларынын суммасы көрсөтүлөт;   

б) төлөөгө карата салыктар  банктын бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон милдеттенмелеринин суммасы көрсөтүлөт;   

в) такталбаган кредитордук карыз  акча каражаттарынын такталганга чейинки суммасы көрсөтүлөт;   

г) төлөөгө карата дивиденддер  акционерлерге төлөнүүгө тийиш болгон акча каражаттарынын суммасы берилет;   

д) башка милдеттенмелер  баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча РППУну кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн жана башка милдеттенмелер чагылдырылат.   

Бул статья "Баланстык отчет" деп аталган 1-бөлүкдүн А бөлүкчөсүнүн 33-беренесине барабар болууга тийиш.   

16. Е. бөлүкчөсү. Улуттук банк алдындагы милдеттенмелер.  

"Овернайт" деп аталган 1-статьяда банк тарабынан алынган овернайт кредиттеринин суммасы көрсөтүлөт.   

"Акыркы инстанция кредити" деп аталган 2-статьяда банк тарабынан алынган акыркы инстанция кредитинин суммасы көрсөтүлөт.   

"Улуттук банк алдындагы башка милдеттенмелер деп аталган 3-статьяда банктын Улуттук банк алдындагы башка милдеттенмелеринин суммасы көрсөтүлөт.   

"Бардыгы болуп" деп аталган 4-статьяда 1-3-статьяларынын суммасы берилген.   

17. Ж. бөлүкчөсү. Банктын активдерин жайгаштыруу.  

Ж. бөлүкчөсүндө банктын активдерин өлкөлөр боюнча бөлүштүрүү менен жайгаштыруу жөнүндө маалымат чагылдырылат. Статьяларда активдердин суммасы атайын РППУнун жана дисконттун тиешелүү суммаларын алып салуусуз көрсөтүлөт. Өлкөлөр боюнча бөлүштүрүү активдин айкын колдонулган жерине жараша жүргүзүлөт. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.   

"Башка активдер" деп аталган 16-беренеде валюта операциялары боюнча суммалар, ошондой эле банктын жогоруда көрсөтүлбөгөн башка активдеринин суммасы чагылдырылат.  

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

18. З. бөлүкчөсү. Банктын милдеттенмелерин өлкөлүк белгилер боюнча тартуу.  

Бул бөлүкчөдө банктын милдеттенмелерин өлкөлөр боюнча бөлүштүрүү менен тартуу жөнүндө маалымат чагылдырылат. Өлкөлөр боюнча бөлүштүрүүмилдеттенмелердин айкын тартылуучу жерине жараша жүзөгө ашырылат. "Бардыгы болуп милдеттенмелер" статьясындагы бул саптар "Баланстык отчет" деп аталган 1-бөлүгүнүн Б. бөлүкчөсүнүн 34-статьясындагы маалыматтарга дал келүүгө тийиш.   

"Башка милдеттенмелер" деп аталган 13-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн башка милдеттенмелер чагылдырылат.  

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

И. бөлүкчөсүндө банктын чет өлкө валютасындагы милдеттенмелерин Улуттук банктын отчеттук күнгө карата расмий курсу боюнча сомдук эквивалентинде тартуу жөнүндө маалымат чагылдырылат. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.   

19. К бөлүкчөсү. Капиталды өлкөлүк белгиси боюнча тартуу.  

Бул бөлүкчөдө банктын акционердик капиталын өлкөлөр боюнча бөлүштүрүү менен тартуу жөнүндө маалымат берилет. Өлкөлөр боюнча бөлүштүрүү, банк акционеринин тигил же бул өлкөгө таандык болушуна жараша жүргүзүлөт. Чогуу алгандагы акционердик капиталдын суммасы "Баланстык отчет" деп аталган 1-бөлүгүнүн В. бөлүкчөсүнүн 35-статьясындагы маалыматтарга да келүүгө тийиш. Мында в) "Бөлүштүрүлбөгөн пайда" статьясы өзүндө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:   

каражаттардын бөлүгүн акционерлерге бөлүштүргөндөн кийин жана банктын келечектеги керектөөлөрү үчүн камга которгондон кийин банкта калган, өткөн жылдардын пайдасы;   

өтүп жаткан жылдын пайдасы;   

- банкта келечекте орун алуучу жагдайлар үчүн, пайданы бөлүштүрүүнүн эсебинен түзүлгөн, банктын келечектеги керектөөлөрү үчүн камдар.   

Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.   

20. Л. бөлүкчөсү. Кыргыз Республикасынын областтарында тармактар боюнча каржылоо көлөмү.  

Бул бөлүкчөдө финансы-кредиттик мекеме болуп саналбаган жергиликтүү жана чет өлкө кардарларына улуттук сыяктуу эле, чет өлкө валютасында да сунушталган каржылоо калдыктарынын суммасы чагылдырылат. Чет өлкө валютасында каржылоонун суммасы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата расмий курсу боюнча сомдук эквивалентинде келтирилет. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.   

Маалыматтар, банктын кайсы областтык бөлүмүнө каржылоо сунушталгандыгына жараша, республиканын областтарына бөлүштүрүү менен көрсөтүлөт.   

Кардарларга сунушталган каржылоо, экономиканын секторлору боюнча кардардын ишинин негизги профили же бизнесинин түрү боюнча эмес, алган каражаттары колдонулуп жаткан максатка ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш. Тиешелүү дисконтту минуска чыгаруу менен отчеттук күнгө карата каржылоонун наркын көрсөтүүзарыл.   

"Башка кардарларды каржылоо" статьясынын маалыматтары "Баланстык отчет" деп аталган 1-бөлүктүн А. бөлүкчөсүнүн 9-беренесинин маалыматтарына дал келүүгө тийиш.   

21. М. бөлүкчөсү. Сунушталган каржылоону Кыргыз Республикасынын областтары боюнча тобокелдиктин деңгээлине жараша классификациялоо.  

Бул бөлүкчөдө финансы-кредиттик мекеме болуп саналбаган жергиликтүү жана чет өлкө кардарларына сунушталган, тобокелдиктер деңгээли боюнча классификацияланууга тийиш болгон каржылоонун калдыктарынын суммасы, ошондой эле каржылоо боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга түзүлгөн камдар чагылдырылат. Чет өлкө валютасындагы каржылоонун суммасы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата расмий курсу боюнча сомдук эквивалентинде келтирилет. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.   

Маалыматтар, банктын кайсы областтык бөлүмүнө каржылоо сунушталгандыгына жараша, республиканын областтарына бөлүштүрүү менен көрсөтүлөт.   

"Банктын активдер портфели" статьясындагы маалыматтар "Баланстык отчет" деп аталган 1-бөлүгүнүн А. бөлүкчөсүнүн 9-беренесиндеги маалыматтарга дал келүүгөтийиш. "Бардыгы болуп камдар" сабындагы маалыматтар "Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо" деп аталган 7А. бөлүгүнүн "Бардыгы болуп" камдар тилкесиндеги маалыматтарга дал келүүгө тийиш.   

22. Н. бөлүкчөсү. Кардарлардын Кыргыз Республикасынын областтары боюнча эсептериндеги акча каражаттарынын (тартуу булактары боюнча) көлөмү.   

Бул бөлүк республиканын областтары боюнча тартылган акча каражаттарынын көлөмү тууралуу маалыматты камтыйт. Чет өлкө валютасында тартылган акча каражаттары Улуттук банктын отчеттук күнгө карата расмий курсу боюнча сомдук эквивалентинде келтирилет. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгөтийиш. Маалыматтар банктын кайсы областтык бөлүмүнө каржылоо сунушталгандыгына жараша, республиканын областтарына бөлүштүрүү менен көрсөтүлөт. "Бардыгы болуп эсептер" сабындагы маалыматтар "Баланстык отчет" 1-бөлүгүнүн А. бөлүкчөсүнүн 20, 21, 22, 25, 27а статьяларынын суммасы менен дал келүүгөтийиш.   

22-1. О бөлүкчө. Банктын Кыргыз Республикасынын областтары боюнча башка маалыматтары  

Бул бөлүкчө республиканын областтары боюнча банк тууралуу маалыматтарды камтыйт.   

"Филиалдардын саны" деп аталган сапта банктын филиалдарынын жалпы саны тууралуу маалымат республиканын областтары боюнча өз-өзүнчөчагылдырылат.   

"Өкүлчүлүктөрдүн саны" деп аталган сапта банктын өкүлчүлүктөрүнүн республиканын областтары боюнча жалпы саны тууралуу маалымат чагылдырылат.   

"Аманат кассаларынын саны" деген сапта банктын республиканын областтары боюнча жалпы саны тууралуу маалымат чагылдырылат.   

"Каржылоо жүзөгө ашырылган, келишимдердин саны" деген сапта отчеттук күнгө карата жеке адамдарга жана юридикалык жактарга берилген каржылоо боюнча бүтүмдөрдүн областтар боюнча жалпы саны чагылдырылат. Мында банктарга жана башка ФНУларга берилген каржылоо боюнча бүтүмдөрдүн саны тууралуу маалымат камтылбайт. Каржылоо берилген бүтүмдөрдүн саны тууралуу маалымат "Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо" деп аталган 7А. бөлүгүнүн "Башка кардарларга берилген каржылоо" деп аталган саптагы маалыматтарга дал келүүгө тийиш.   

"Карыз алуучулардын саны" деп аталган сапта банктан алынган каржылоону кайтарып берүү боюнча милдеттенмелерди өзүнө алган кардар-жеке адамдардан жана юридикалык жактардан болушкан карыз алуучулардын жалпы саны көрсөтүлөт. Мында банктар жана башка ФНУлар тууралуу маалымат камтылбайт.   

"Эсептердин саны, анын ичинде" деп аталган сапта юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин жана жеке адамдардын банкта ачылган эсептеринин жалпы саны көрсөтүлөт. Бул сапта көрсөтүлгөн эсептердин саны юридикалык жактардын жана жеке адамдардын "Суммаларга бөлүштүрүү менен кардарлардын эсеби" деп аталган 13-бөлүктө көрсөтүлгөн эсептердин санына дал келүүгө тийиш. Бийлик органдарынын, банктардын жана башка ФНУлардын эсептеринин саны тууралуу маалымат камтылбайт.   

"Банкта эсептери бар кардарлардын саны" деп аталган сапта ушул банкта ачылган биринчи эсеп боюнча банк аманатчыларынын - юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин жана жеке адамдардын жалпы саны көрсөтүлөт. Мында мамлекеттик органдар жана финансы-насыялык уюмдары тууралуу маалымат камтылбайт.  

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

7. 2-бөлүк. Алынган пайда, тарткан чыгымдар жана чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет  

  

23. "Алынган пайда жана тарткан чыгымдар жөнүндө отчет"   

Бардык статьялар өтүп жаткан мезгилге салыштыруу жана отчеттук жылдын башталышынан тартып өсүш жыйынтыгы менен көрсөтүлөт. "Өткөн жылдын тиешелүү отчеттук мезгили" графасында жыл башынан берки маалыматтар өткөн жылдын тиешелүү мезгилиндегиге салыштыруу менен көрсөтүлөт.   

Бул отчеттогу суммалар оң же терс болушу мүмкүн. Терс суммалар кашаанын ичинде көрсөтүлүүгө тийиш, мисалы, жыл ичинде таза чыгымга же чыгашага учуроодо сумма кашаанын ичинде көрсөтүлүшү зарыл. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.   

24. А. бөлүкчөсү. Операциялар боюнча алынган кирешелер.  

"Коммерциялык банктардын эсептеринде жайгаштырылган акча каражаттары боюнча кирешелер" деп аталган 1-беренеде банктардагы жана финансы-кредиттик мекемелердеги эсептерде, ошондой эле резидент эмес банктардагы корреспонденттик эсептерде жайгаштырылган акча каражаттар боюнча алынган кирешелер көрсөтүлөт.   

"Улуттук банктагы корреспонденттик эсеп боюнча кирешелер" деп аталган 2-статьяда банктын корреспонденттик кирешелери же Улуттук банктагы эсептерде жайгаштырылган акча каражаттары көрсөтүлөт.   

"Тооруктук баалуу кагаздар боюнча кирешелер" деп аталган 3-статьяда банк тарабынан тооруктук баалуу кагаздар боюнча алынган кирешелер көрсөтүлөт.   

"Сатууга жарактуу болгон баалуу кагаздар боюнча кирешелер" деп аталган 4-статьяда банк тарабынан сатууга жарактуу болгон баалуу кагаздар боюнча алынган кирешелер көрсөтүлөт.   

өлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар боюнча кирешелер" деп аталган 5-статьяда банк тарабынан төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар боюнча алынган кирешелер көрсөтүлөт.   

"Кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар боюнча кирешелер" деп аталган 6-статьяда банк тарабынан банктар аралык кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар (30 күнгөчейинки) боюнча алынган кирешелер берилген.   

"Финансы-кредиттик мекемелерди каржылоо боюнча кирешелер" деп аталган 7-статьяда банк тарабынан банктарга жана башка финансы-кредиттик мекемелерге сунушталган каржылоо боюнча алынган кирешелер чагылдырылат.   

"Башка кардарларга сунушталган каржылоодон алынган кирешелер" деп аталган 8-статьяда банк тарабынан банктардан жана финансы-кредиттик мекемелерден башка, кардарларды каржылоо боюнча алынган кирешелер көрсөтүлөт.   

"РЕПО келишимдери боюнча сатылып алынган баалуу кагаздар боюнча кирешелер" деп аталган 9-статьяда банктын РЕПО келишимдери боюнча кирешелери берилет.   

"Каржылоо операцияларынан алынган башка кирешелер" деп аталган 10-статьяда каржылоодон алынган же жогоруда көрсөтүлбөгөн, ушул сыяктуу кирешелер чагылдырылат.   

"Бардыгы болуп кирешелер" деп аталган 11-статьяда 1ден 10го чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт.   

25. Б. бөлүкчөсү. Операциялар боюнча чыгашалар.  

"Юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү эсептери боюнча чыгашалар" деп аталган 12-статьяда юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчүэсептери боюнча банктын чыгашалары көрсөтүлөт. Банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин талап боюнча төлөнүүчү эсептерине тиешелүүбанктын чыгашалары бул статьяга камтылбайт.   

"Жеке адамдардын эсептери боюнча чыгашалары" деп аталган 13-статьяда жеке адамдардын эсептери боюнча банктын чыгашалары берилет.   

"Юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери боюнча чыгашалар" деп аталган 14-статьяда юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери боюнча банктын чыгашалары көрсөтүлгөн. Банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин мөөнөттүү эсептери боюнча банктын чыгашалары бул статьяга камтылбайт.   

"Кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар боюнча чыгашалар" деп аталган 15-статьяда банктар аралык кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар (30 күнгө чейинки) боюнча банктын чыгашалары көрсөтүлөт.   

"Банктардын эсептери боюнча чыгашалар" деп аталган 16-статьяда башка банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин эсептери боюнча, ошондой эле резидент эмес банктардын корреспонденттик эсептери боюнча банктын чыгашалары берилет.   

"Улуттук банк алдындагы милдеттенмелер боюнча чыгашалар" деп аталган 17-статьяда банктын Улуттук банктан алган каржылоо боюнча чыгашалары көрсөтүлөт.   

"Баалуу кагаздар боюнча чыгашалар" деп аталган 18-статьяда банктын баалуу кагаздар боюнча чыгашалары чагылдырылат.   

"РЕПО келишимдери боюнча сатылган баалуу кагаздар боюнча чыгашалар" деп аталган 19-статьяда  банктын РЕПО келишимдери боюнча чыгашалары берилет.   

"Каржылоо операциялары боюнча чыгашалар" деп аталган 20-статьяда банктардан жана башка финансы-кредиттик мекемелерден алынган, эл аралыктарды кошо алганда, каржылоо боюнча чыгашалары көрсөтүлөт.   

"Субординацияланган карыздык милдеттенмелер боюнча чыгашалар" деп аталган 21-статьяда банк тарабынан чыгарылган субординацияланган карыздык милдеттенмелер боюнча чыгашалар чагылдырылат.   

"Каржылоо операциялары боюнча башка чыгашалар" деп аталган 22-статьяда банк тарабынан каржылоо операциялары же жогоруда көрсөтүлбөгөн ушул сыяктуу операциялар боюнча чыгашалар көрсөтүлөт.   

"Бардыгы болуп чыгашалар" деп аталган 23-статьяда 12ден 22ге чейинки статьялардын суммасы чагылдырылат.   

"Таза киреше" деп аталган 24-статьяда 11 менен 23-статьялардын ортосундагы айырма көрсөтүлөт.   

"Каржылоо боюнча жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чыгашалар" деп аталган 25-статьяда каржылоо операциялары боюнча түзүлгөн потенциалдуу жоготуулардын ордун жабууга атайын жана жалпы камдар боюнча чыгашалар чагылдырылат.   

"РППУга чегерүүлөрдөн кийинки таза киреше" деп аталган 26-статьяда 24 менен 25-статьялардын ортосундагы айырма берилет.   

26. Банктын операциялары боюнча башка кирешелер  

Бул бөлүкчөдө бухгалтердик баланстын тиешелүү эсептеринин кредиттик калдыктары көрсөтүлөт.   

"Кызмат көрсөтүүлөр үчүн акылар жана комиссиялык жыйымдар" деп аталган 27-статьяда банк тарабынан алынган комиссиялык жыйымдар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акылар чагылдырылат.   

"Баалуу кагаздар менен операциялардан түшкөн кирешелер" деп аталган 28-статьяда банк тарабынан карыздык жана капиталдык тооруктук баалуу кагаздар, сатууга жарактуу карыздык жана капиталдык баалуу кагаздар жана төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздар менен операциялардан түшкөн кирешелер көрсөтүлөт.   

"Чет өлкө валютасы менен операциялардан түшкөн кирешелер" деп аталган 29-статьяда банк тарабынан чет өлкө валютасы менен операциялардан алынган кирешелер көрсөтүлөт.   

"Туунду жана ассоциацияланган компанияларды кошо алганда, акцияларга жана пайларга салымдардан кирешелер/дивиденддер" деп аталган 30-статьяда банк тарабынан туунду же ассоциацияланган болуп саналышпаган акцияларга жана пайларга салымдардан дивиденддер түрүндө алынган кирешелер, ошондой эле туунду жана ассоциацияланган компаниялардан кирешелер чагылдырылган.   

"Башка кирешелер" деп аталган 31-статьяда баалуу кагаздарды кайра баалоодон ишке ашырылбаган кирешени кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн кирешелер чагылдырылат.   

"Бардыгы болуп башка кирешелер" деп аталган 32-статьяда 27 менен 31-статьялардын суммасы көрсөтүлөт.   

27. Г. бөлүкчөсү. Банктык операциялар боюнча башка чыгашалар.   

Бул бөлүкчөдө бухгалтердик баланстын тиешелүү эсептеринин дебеттик калдыктары көрсөтүлөт.   

"Банктык кызматтарга төлөө боюнча чыгашалар жана комиссиялык жыйымдар" деп аталган 33-статьяда банк тарабынан төлөнүүчү комиссиялык жыйымдар жана кызматтарга төлөөлөр берилет.   

"Кайрымдуулукка чыгашалар жана ушул сыяктуу башка чыгашалар" деп аталган 34-статьяда кайрымдуулук иштерин жүзөгө ашырууда банк дуушар болгон чыгашалар көрсөтүлөт.   

"Баалуу кагаздар менен операциялардан чыгым тартуулар" деп аталган 35-статьяда карыздык жана капиталдык тооруктук баалуу кагаздар, сатууга жарактуу болгон карыздык жана капиталдык баалуу кагаздар, төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздар менен операциялар боюнча банк дуушар болгон чыгашалар чагылдырылат.   

"Чет өлкө валютасы менен операциялардан чыгым тартуулар" деп аталган 36-статьяда банктын чет өлкө валютасы менен операциялардан улам тарткан чыгашалар көрсөтүлөт.   

"Башка чыгашалар" деп аталган 37-статьяда чет өлкө валютасын кайра баалоодон чыгымды кошо алганда жогоруда белгиленбеген чыгашалар чагылдырылат.   

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

"Бардыгы болуп башка чыгашалар" деп аталган 38-статьяда 33 менен 37- статьялардын суммасы көрсөтүлөт.   

28. Д. бөлүкчөсү. Башка операциялык жана административдик чыгашалар.   

"Персоналга кеткен чыгашалар" деп аталган 39-статьяда банк кызматкерлеринин эмгек акысына, жөлөк пулдарга жана башка ушул сыяктуу төлөөлөргөбайланыштуу төмөнкүдөй чыгашалар көрсөтүлөт (Банк кеңешинин мүчөлөрүнө төлөөлөрдөн башка):   

а) эмгек акы жана жөлөк пул;   

б) башка компенсациялар жана субсидиялар (башка төлөөлөр);   

в) Социалдык фондго төлөөлөр.   

"Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө гонорарлар" деген 40-беренесинде банк Башкармасына/Директорлор кеңешине төлөнүүчү төлөмдөр жана гонорарлар көрсөтүлөт".   

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

"Менчикке салыкты кошо алганда, негизги каражаттарга башка чыгашалар" деп аталган 41-статьяда, имаратка, курулмаларга, эмерекке, транспортко, жабдууларга, компьютерлерге, программалык камсыздоолорго жана банктын материалдык эмес активдерине чыгашалар, ошондой эле амортизацияга чегерүүлөр жана менчикке салык боюнча чыгашалар да чагылдырылат:   

а) ижара төлөмү;   

б) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана менчикке салык;   

в) амортизацияга чыгашалар.   

"Салыктар" деп аталган 42-статьяда пайдага салыкты жана менчикке салыкты кошпогондо, салыкка байланыштуу чыгашалар көрсөтүлөт.   

"Камсыздандыруу" - деп аталган 43-статьяда камсыздандырууга байланыштуу чыгашалар берилет.   

"Башка операциялык жана административдик чыгашалар" деп аталган 44-статьяда күтүлбөгөн кирешелерди жана чыгашаларды кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн бардык операциялык жана административдик чыгашалар көрсөтүлөт.   

"Бардыгы болуп операциялык жана административдик чыгашалар" деп аталган 45-статьяда 39 менен 44-статьялардын суммасы чагылдырылат.   

"Таза операциялык киреше (чыгым)" деп аталган 46-статьяда банк тарабынан алынган таза операциялык киреше (чыгым) көрсөтүлөт (26 менен 32-статьялардын жана 38 менен 45-статьялардын суммасынын ортосундагы айырма).   

"Жоготуулардын жана чыгым тартуулардын (каржылоодон эмес) ордун жабууга кам" деп аталган 47-статьяда потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын (каржылоодон айырмаланган) ордун жабууга атайын жана жалпы камдарга чыгашалардын суммасы берилет.   

"РППУга чегерүүлөрдөн кийинки таза киреше (чыгаша) деп аталган 48-статьяда 46-47-статьялардын ортосундагы айырма көрсөтүлөт.   

"Пайдага салык" деп аталган 49-статьяда банктын пайдага салык боюнча чыгашалары көрсөтүлөт.   

"Таза пайда (чыгым)" деп аталган 50-статьяда банктын таза пайдасы (чыгымы) көрсөтүлөт, 48-статья минус 49-статья.   

29. Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет.   

Бардык статьялар өтүп жаткан мезгилге салыштыруу менен жана отчеттук жылдын баштылышынан берки өсүш жыйынтыгы менен көрсөтүлөт. "Өткөн жылдын тиешелүү отчеттук мезгили" деп аталган графада өткөн жылдын тиешелүү мезгилинен тартып жыл башынан берки маалыматтар көрсөтүлөт.   

Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.   

"Пайда жана чыгым тартуулар жөнүндө отчетто аныкталган, бир мезгил ичиндеги пайда (чыгым)" деп аталган 1-статьяда банктын Пайда жана чыгым тартуулар жөнүндө отчетто аныкталган таза пайдасы берилет.   

"Чогуу алгандагы кирешенин башка компоненттери" деп аталган 2-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн бардык кирешелер, анын ичинде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:   

а) негизги каражаттарды кайра баалоо;   

б) сатуу үчүн колдо болгон финансылык активдер:   

б1) кайра баалоо;   

б2) нарксыздануу;   

б3) нарксызданууну кошпогондо, отчеттук мезгилдеги пайданын жана чыгымдын эсебине кайра классификацияланган кирешелер (чыгашалар);   

в) топтолгон курстук айырмалар:   

в1) валюта курстарынын өзгөрүүсү;   

в2) нарксызданууну кошпогондо, отчеттук мезгилдеги пайданын жана чыгымдын эсебине кайра классификацияланган кирешелер (чыгашалар);   

г) башка чогуу алгандагы кирешенин башка статьялары.   

"Башка чогуу алгандагы кирешеге кирген пайдага салык" деп аталган 3-статьяда башка чогуу алгандагы кирешеге кирген банктын салык боюнча чыгашалары көрсөтүлөт.   

"Салыкты алып салуу менен чогуу алгандагы кирешенин башка компоненттери" деп аталган 4-статьяда 2 жана 3-статьялар ортосундагы айырма көрсөтүлөт.   

"Бир мезгил ичиндеги чогуу алгандагы киреше" деп аталган 5-статьяда чогуу алгандагы киреше, 1 жана 4-статьялардын суммасы көрсөтүлөт.   

  

8. 3-бөлүк. Капиталдын түзүмү   

  

30. А. бөлүгү. Капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр.   

Капитал өзүнө жөнөкөй акцияларды, бөлүштүрүлбөгөн пайданы жана капиталдык камдарды камтыйт. Бул отчетто чогуу алгандагы капиталдын суммасы баланстык отчеттун 39-беренесинде көрсөтүлгөн чогуу алгандагы капиталдын суммасына барабар болууга тийиш. 1, 3 жана 9-саптарды кошпогондо, таблицада белгиленген бардык сумма жыл башынан берки таза суммардык өзгөрүүлөр катары көрсөтүлүүгө тийиш. Бул бөлүктөгү суммалар оң жана терс болушу мүмкүн. Бардык суммалар миң сом менен берилүүгө тийиш.  

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

"Өткөн жыл үчүн отчетто көрсөтүлгөн, жыйынтыгында капитал" деп аталган 1-статьяда алгач жыл башына карата баланстык отчетто көрсөтүлгөн, капиталдын оңдоолор киргизилгенге чейинки суммасы чагылдырылат. Өтүп жаткан жылдын 1-январында же андан кийинчерээк өз ишин баштаган банк үчүн бул статьяда нөлдүк маани көрсөтүлөт, ал эми баштапкы капитал 2-статьяда чагылдырылат.   

"Өткөн жыл үчүн отчетто көрсөтүлбөгөн, капиталдын эсептерин корректировкалоолор" деп аталган 2-статьяда жыл башында маалыматтардын өзгөрүшүнө алып келген, капиталдын эсептериндеги калдыктарга киргизилген бардык өзгөртүүлөрдүн суммасы чагылдырылат. Бул сапта эгерде эч кандай өзгөртүүлөр киргизилбесе, нөл көрсөтүлүүсү зарыл.   

"Корректировкалоолорду эске алуу менен өткөн жылдын акырына карата капитал" деп аталган 3-статьяда 1 жана 2-статьялардын суммасы берилет. Эгерде эч кандай оңдоолор киргизилбесе, анда 3-статьянын мааниси 1-статьянын маанисине барабар болууга тийиш.   

"Жыл башынан берки пайда (чыгым)" деп аталган 4-статьяда жыл башынан берки таза пайда (чыгым) берилет. Бул статьянын мааниси Пайда жана чыгым тартуулар жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн пайдага (чыгымга) дал келүүгө тийиш.   

"Өтүп жаткан жылы номиналдан үстөк төлөнгөн капитал" (нетто) деп аталган 5-статьяда акционерлер тарабынан номиналга үстөк салынган акча каражаттарынын суммасы чагылдырылат.   

"Өтүп жаткан жылы камдардагы өзгөрүүлөр" деп аталган 6-статьяда капиталдык камдарда жыл башынан берки жүргөн өзгөрүүлөр көрсөтүлөт:   

а) негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча кам  жыл ичинде негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча камдагы кайсы болбосун нетто-негизде өзгөрүүлөрдүн таза эффектиси берилет;   

б) сатуу үчүн жарактуу болгон, баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча кам - жыл ичинде баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча камдагы кайсы болбосун нетто-негизде өзгөрүүлөрдүн таза эффектиси берилет;   

в) жана башка жалпы камдар  классификациялануучу активдер боюнча жалпы РППУдагы жана башка капиталдык камдардагы нетто-негиздеги жыл ичиндеги өзгөрүүлөрдүн таза эффектиси көрсөтүлөт;   

г) банктын келечектеги керектөөлөрү үчүн кам  банктын келечектеги керектөөлөрү үчүн камдагы нетто-негизде жыл ичиндеги кандай болбосунөзгөрүүлөрдүн таза эффектиси чагылдырылат;   

д) пайданы теңештирүүгө кам (РВП)  пайданы теңештирүүгө камдагы кандай болбосун өзгөрүүлөрдүн таза эффектиси берилет;   

е) инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам  инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга камдагы кайсы болбосунөзгөрүүлөрдүн таза эффектиси көрсөтүлөт.   

"Минуска чыгаруу менен: жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган акчалай дивиденддер" деп аталган 7-статьяда отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган бардык акчалай дивиденддер чагылдырылат.   

"Өтүп жактан жыл ичинде капиталдагы башка корректировкалоолор (нетто)" деп аталган 8-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн, бирок капиталга таасирин тийгизүүчү, уставдык капиталды көбөйтүү үчүн киргизилген акча каражаттарынын суммасы башка статьялар боюнча корректирокалоолордун таза суммасы, ошондой эле негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча камдын которулуштурулган бөлүгү көрсөтүлөт.   

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

"Отчеттук мезгилдин акырына карата жыйынтыгында, капитал" деп аталган 9-статьяда 3төн 8-ге чейинки саптардын суммасы берилет. Бул сумма отчеттук мезгилдин акырына карата баланстык отчетто көрсөтүлгөн капиталдын суммасына барабар болууга тийиш.   

31. Банктын акциялары жана башка баалуу кагаздары тууралуу маалымат үчүн маалыматтар деп аталган Б. бөлүкчөсүндө банк тарабынан чыгарылган акциялар жана башка баалуу кагаздар жөнүндө маалыматтар сунушталат. Маалыматтар, банк капиталы келип чыккан өлкөгө жараша "жергиликтүү капитал" жана "чет өлкөкапиталына" бөлүштүрүү менен келтирилет.   

· "Жарыяланган уставдык капитал" деп аталган 1-статьяда банктын уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн уставдык капитал көрсөтүлөт.   

· "Төлөнгөн уставдык капитал" деп аталган 2-статьяда В. "Капитал" деп аталган 1-бөлүктүн 35-статьясынын а) пунктчаларындагы жөнөкөй акциялар чагылдырылат.   

"Мамлекеттин төлөнгөн уставдык капиталдагы үлүшү" деп аталган 3-статьяда банктын төлөнгөн уставдык капиталында мамлекетке тиешелүү акциялардын бөлүгү көрсөтүлөт, эгерде болгон болсо. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.   

  

9. 4-бөлүк. Бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы өзгөрүүлөр   

  

32. Эгерде отчеттук мезгилде бул отчеттун кайсыл-бир статьясы боюнча эч кандай өзгөрүүлөр болбосо, анда бул статья боюнча нөлдүк маани көрсөтүлөт. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.   

"Өткөн жыл үчүн отчетто көрсөтүлгөн бөлүштүрүлбөгөн пайда" деп аталган 1-статьяда алгач Баланстык отчетт, ошондой эле Пайда жана чыгым тартуулар жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн банктын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы чагылдырылат. Өз ишин өтүп жаткан жылдын 1-январында же андан кийинчерээк баштаган банкүчүн бул статьяда нөлдүк маани көрсөтүлөт.   

"Өткөн жылдын акырына карата көрсөтүлбөгөн, бөлүштүрүлбөгөн пайданы корректировкалоолор" деп аталган 2-статьяда алгач өткөн жыл үчүн Баланстык отчетто көрсөтүлгөн бөлүштүрлбөгөн пайдага тиешелүү сандарга карата жасалган бардык корректировкалоолордун таза суммасы берилет.   

"Корректировкалоолорду эске алуу менен өткөн жылдын акырына карата бөлүштүрбөгөн пайда" деп аталган 3-статьяда бул бөлүктүн 1 жана 2-саптарынын суммасы көрсөтүлөт. Эгерде эч кандай корректировкалоолор киргизилбесе, анда бул статьянын мааниси 1-статьянын маанисине барабар болууга тийиш.   

"Жыл башынан берки пайда (чыгым) " деп аталган 4-статьяда пайда жана чыгым тартуулар жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн, өтүп жаткан мезгил үчүн таза пайда (чыгым) чагылдырылат.   

"Өтүп жаткан жыл ичинде банктын келечектеги керектөөлөрү үчүн камдагы өзгөрүүлөр (нетто)" деп аталган 5-статьяда өтүп жаткан жыл ичинде орун алып турган, келечектеги керектөөлөр үчүн камдагы кайсы болбосун өзгөрүүлөрдүн таза эффектиси көрсөтүлөт.   

"Өтүп жаткан жыл ичинде бөлүштүрүлбөгөн пайдага таасирин тийгизген башка камдардагы өзгөрүүлөр" деп аталган 6-статьяда негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча камдагы өзгөрүүлөрдү кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде бөлүштүрүлбөгөн пайдага таасирин тийгизген башка камдардагы кайсыл болбосун өзгөрүүлөрдүн таза эффектиси чагылдырылат.   

"Минуска чыгаруу менен: жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган акчалай дивиденддер" деп аталган 7-статьяда отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган бардык акчалай дивиденддер берилет.   

"Минуска чыгаруу менен: жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган акциялар түрүндө дивидендер" деп аталган 8-статьяда отчеттук күнгө карата капиталда таанылбаган акцияларды кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде акциялар түрүндө жарыяланган дивиденддер көрсөтүлөт.   

"Өтүп жаткан жыл ичинде бөлүштүрүлбөгөн пайданы жана башка корректировкалоолор, нетто" деп аталган 9-статьяда өтүп жаткан жылы бөлүштүрүлбөгөн пайдага таасирин тийгизген кайсы болбосун башка өзгөрүүлөрдүн нетто-балансы.   

10-статьяда отчеттук мезгилдин акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда көрсөтүлөт.   

  

10. 5-бөлүк. Баалуу кагаздар портфели   

  

33. Бул отчет төмөнкү үч графадан: статьянын аталышынан, статьянын сом түрүндөгү маанисинен жана Улуттук банктын отчеттук күнгө карата расмий курсу боюнча отчеттун чет өлкө валютасындагы статьяларынын сомдук эквиваленттеги маанисинен турат. Бардык суммалар миң сом менен берилүүгө тийиш.   

34. Баалуу кагаздардын РЕПО келишимдери боюнча сатлып алынышы жана сатылышы бул бөлүктө чагылдырылбайт, бирок бул операциялар ПРБОнун башка бөлүктөрүндө көрсөтүлүүгө тийиш.   

35. "Мамлекеттик органдар тарабынан чыгарылган тооруктук карыздык баалуу кагаздар" деп аталган 1-статьяда банктын төмөнкүлөр боюнча тооруктук баалуу кагаздары көрсөтүлөт:   

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик казына векселдери жана башка мамлекеттик баалуу кагаздар  мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан чыгарылган тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы чагылдырылат;   

б) Улуттук банк тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздарда  Улуттук банк тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

в) жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздарда - жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

г) КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздарда  КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн өкмөттөрү чыгарган тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

д) Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздарда  жогоруда аталган уюмгаа кирген өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

е) башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздарда  башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт.   

"Башка тооруктук карыздык баалуу кагаздар" деп аталган 2-статьяда төмөнкү компаниялар менен чыгарылган тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт:   

а) жергиликтүү компаниялардын карыздык баалуу кагаздарында  жергиликтүү компаниялар тарабынан чыгарылган тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт, анын ичинде:   

а1) жергиликтүү ислам банктарынын карыздык баалуу кагаздарында  жергиликтүү ислам банктары тарабынан чыгарылган тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

б) чет өлкө компанияларынын карыздык баалуу кагаздарында  чет өлкө компаниялары тарабынан чыгарылган тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт, анын ичинде:   

б2) чет өлкө ислам банктарынын карыздык баалуу кагаздарында  чет өлкө ислам банктары тарабынан чыгарылган тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт.   

"Тооруктук капиталдык баалуу кагаздар" деп аталган 3-статьяда банктын капиталдык тооруктук баалуу кагаздарынын баланстык наркы көрсөтүлөт:   

а) жергиликтүү компаниялардын капиталдык баалуу кагаздарында  жергиликтүү компаниялардын капиталдык тооруктук баалуу кагаздарынын баланстык наркы көрсөтүлөт, анын ичинде:   

а1) ислам банктарынын карыздык баалуу кагаздарында  ислам банктарынын капиталдык тооруктук баалуу кагаздарынын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

б) чет өлкө компанияларынын капиталдык баалуу кагаздарында  чет өлкө компанияларынын капиталдык тооруктук баалуу кагаздарынын баланстык наркы көрсөтүлөт, анын ичинде:   

б1) чет өлкө ислам банктарынын капиталдык баалуу кагаздарында  чет өлкө ислам банктарынын капиталдык тооруктук баалуу кагаздарынын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

"Мамлекеттик органдар тарабынан чыгарылган, сатуу үчүн жарактуу карыздык баалуу кагаздар" 4-статьяда  мамлекеттик органдар тарабынан чыгарылган, сатууүчүн жарактуу баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт:   

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик казына векселдери жана башка мамлекеттик баалуу кагаздары  мында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүтарабынан чыгарылган, сатуу үчүн жарактуу баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

б) Улуттук банк тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздарда  Улуттук банк тарабынан чыгарылган, сатуу үчүн жарактуу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

в) жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздарда  жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган, сатуу үчүн жарактуу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

г) КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздарда  КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган, сатуу үчүн жарактуу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

д) Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздарда  бул уюмга кирген өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган, сатуу үчүн жарактуу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

е) башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздарда  башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган, сатуу үчүн жарактуу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт.   

"Сатуу үчүн жарактуу башка карыздык баалуу кагаздар" деп аталган 5-статьяда компаниялар тарабынан чыгарылган, сатуу үчүн жарактуу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт:   

а) жергиликтүү компаниялардын карыздык баалуу кагаздар  мында жергиликтүү компаниялар тарабынан чыгарылган, сатуу үчүн жарактуу тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт, анын ичинде:   

а1) жергиликтүү ислам банктарынын карыздык баалуу кагаздарында  жергиликтүү ислам банктары тарабынан чыгарылган, сатуу үчүн жарактуу тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

б) чет өлкө компанияларынын карыздык баалуу кагаздарында  чет өлкө компаниялары тарабынан чыгарылган, сатуу үчүн жарактуу тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт, анын ичинде:   

б2) чет өлкө ислам банктарынын карыздык баалуу кагаздарында  чет өлкө ислам банктары тарабынан чыгарылган, сатуу үчүн жарактуу тооруктук карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт.   

"Сатуу үчүн жарактуу капиталдык баалуу кагаздар" деп аталган 6-статьяда сатуу үчүн жарактуу капиталдык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт:   

а) жергиликтүү компаниялардын капиталдык баалуу кагаздарында  жергиликтүү компаниялар тарабынан чыгарылган, сатуу үчүн жарактуу тооруктук капиталдык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт, анын ичинде:   

а1) жергиликтүү ислам банктарынын капиталдык баалуу кагаздарында  жергиликтүү ислам банктары тарабынан чыгарылган, сатуу үчүн жарактуу тооруктук капиталдык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

б) чет өлкө компанияларынын капиталдык баалуу кагаздарында  чет өлкө компаниялары тарабынан чыгарылган, сатуу үчүн жарактуу тооруктук капиталдык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт, анын ичинде:   

б2) чет өлкө ислам банктарынын капиталдык баалуу кагаздарында  чет өлкө ислам банктары тарабынан чыгарылган, сатуу үчүн жарактуу тооруктук капиталдык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

"Мамлекеттик органдар тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалуучу карыздык баалуу кагаздар" деп аталган 7-статьяда мамлекеттик органдар тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалуучу баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт:   

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик казыналык векселдери жана башка мамлекеттик баалуу кагаздарында  Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүтарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалуучу баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

б) Улуттук банк тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздарда  Улуттук банк тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалуучу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

в) жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздарда  жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган, төлөөгөчейин кармалуучу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

г) КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздарда  КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалуучу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

д) Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздарда  бул уюмга кирген өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалуучу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

е) башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздарда  башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалуучу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт.   

өлөөгө чейин кармалуучу башка карыздык баалуу кагаздар" деп аталган 8-статьяда компаниялар тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалуучу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт:   

а) жергиликтүү компаниялардын карыздык баалуу кагаздарында  жергиликтүү компаниялар тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалуучу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт, анын ичинде:   

а1) жергиликтүү ислам банктарынын карыздык баалуу кагаздарында  жергиликтүү ислам банктары тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалуучу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт;   

б) чет өлкө компанияларынын карыздык баалуу кагаздарында  чет өлкө компаниялары тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалуучу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт, анын ичинде:   

б1) чет өлкө ислам банктарынын карыздык баалуу кагаздарында  чет өлкө ислам банктары тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалуучу карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт.   

"Баалуу кагаздарга карата жалпы РППУ" деп аталган 9-статьяда тооруктук баалуу кагаздар, сатуу үчүн жарактуу жана төлөөгө чейин кармалуучу баалуу кагаздар боюнча жоготуулар менен чыгымдардын ордун жабуу үчүн жалпы кам көрсөтүлөт.   

"Баалуу кагаздарга карата атайын РППУ" деп аталган 10-статьяда тооруктук баалуу кагаздар, сатуу үчүн жарактуу жана төлөөгө чейин кармалуучу баалуу кагаздар боюнча жоготуулар менен чыгымдардын ордун жабуу үчүн жалпы кам көрсөтүлөт.   

"Баалуу кагаздардын таза наркы" деп аталган 11-статьяда  баалуу кагаздардын таза наркы көрсөтүлөт (дисконтту жана баалуу кагаздар боюнча РППУну алып таштагандан кийинки баалуу кагаздын номиналдык наркы).   

36. Андан тышкары, банктын баалуу кагаздарынын тооруктук баалуу кагаздар, сатуу үчүн жарактуу жана төлөөгө чейин кармалуучу баалуу кагаздар боюнчаөткөн мезгилге салыштырылган баланстык наркындагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтарды кошумча берүү зарыл.   

  

11. 6-бөлүк. Мөөнөтүнөн өтүп кеткен активдер жөнүндө маалымат   

  

37. 6А бөлүкчөсүндө кардарлардын түрүнө жана мөөнөтү өтүп кеткен күндүн санына жараша, улуттук сыяктуу эле, чет өлкө валютасында да банктын мөөнөтүнөнөтүп кеткен бардык активдери жөнүндө маалымат чагылдырылат. 6 Б бөлүкчөсүндө отчеттук мезгилге карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча сом эквивалентинде берилген чет өлкө валютасындагы банктын мөөнөтүнөн өтүп кеткен активдери тууралуу маалымат келтирилет.   

38. Финансы-кредит мекемелерине жана банктын башка кардарларына берилген каржылоо, кардардын ишмердигинин негизги тармагы же бизнесинин түрүбоюнча эмес, алган каражатты кардар колдоно турган максатка ылайык, экономиканын секторлору боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш.   

Активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин бардык түрлөрү боюнча алардын отчеттук күнгө карата алардын наркы тиешелүү дисконтту минуска чыгаруу менен көрсөтүлөт (эгерде болгон болсо). Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.  

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

39. "Башка активдер" деп аталган 4-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн, бирок мөөнөтүнөн өтүп кеткен карыз орун алган активдер көрсөтүлөт.   

40. Маалымат үчүн: реструктуризацияланган активдердин саны  банкты каржылоонун кадимки тажрыйбасынан айрымаланган, келишим шарттарынөзгөртүү аркылуу (жаңы келишим түзүү же кредиттик келишимге карата кошумча келишим түзүү) банк кардарга/өнөктөшкө жекече тартипте жеңилдиктерди сунуштай турган активдердин жалпы саны, б.а реструктуризацияланган активдер көрсөтүлөт.   

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

41. Төмөндө келтирилген бөлүктү толтуруу тартиби 6 А бөлүкчөсүнө да 6 Б бөлүкчөсүнө да тиешелүү.   

"Статьянын аталышы" деп аталган 1-тилкеде активдин түрү көрсөтүлөт.   

"Бардыгы" деп аталган 2-тилке 3 жана 5-тилкелердеги суммага барабар болууга тийиш.   

үндөлүк (мөөнөтүнөн өтүп кетпеген) активдер" деп аталган 3-тилкеде мөөнөтүнөн өтүп кеткен карызы жок күндөлүк активдердин суммасы көрсөтүлөт.   

"Реструктуризацияланган активдер" 4-тилкесинде реструктуризацияланган активдерин саны (3-тилкедеги) көрсөтүлөт.   

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

"Бардыгы болуп, мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер" деп аталган 5-тилкеде мөөнөтүнөн өтүп кеткен карызы бар (негизги сумма жана/же кошумчаланган сумма боюнча) активдердин баланстык калдыктарынын суммасы чагылдырылат. 5-тилкедеги маани 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12-тилкелердеги маанилердин суммасына барабар.   

 12-тилкелерде карыз келип чыккан мөөнөткө жараша мөөнөтүнөн өтүп кеткен активдердин баланстык калдыктарынын суммалары чагылдырылат. Мөөнөттөр, карыз карыз келип учурдан тартып отчеттук күнгө чейин аныкталат.   

"Чегериле элек бардык активдер" деп аталган 13-тилкеде банктын ички саясатына ылайык, кошумчаланган сумманы чегерүү токтотулган мөөнөтүнөн өтүп кеткен активдердин суммалары көрсөтүлөт.   

  

12. 7-бөлүк. Тобокелдик деңгээли боюнча активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин классификациясы   

  

42. 7 А бөлүкчөсү, тобокелдик деңгээли боюнча классификациялана турган бардык активдер менен баланстан тышкаркы милдеттенмелер жөнүндө, ошондой эле аларды жабууга улуттук валютада, чет өлкө валютасында да түзүлгөн камдын өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтарды камтыйт. 7 Б бөлүкчөсүндө тобокелдик деңгээли боюнча классификациялануучу активдер менен баланстан тышкаркы милдеттенмелер жөнүндө, ошондой эле аларды жабууга Улуттук банктын расмий курсу боюнча отчеттук күнгө карата чет өлкө валютасында сом эквивалентинде түзүлгөн камдын өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтар камтылат.   

43. Финансы-кредит мекемелерине жана банктын башка кардарларына берилген каржылоо, кардардын ишмердигинин негизги тармагы же анын бизнесинин түрүбоюнча эмес, кардар алган каражаттарды колдоно турган максатка ылайык экономика секторлоруна бөлүштүрүлүшү зарыл. Активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин бардык түрлөрү боюнча алардын наркы дисконтту (эгерде болгон болсо) минуска чыгаруу менен отчеттук күнгө карата көрсөтүлөт. Бардык суммалар миң сомдуктарда көрсөтүлүүгө тийиш.   

44. "Башка активдер" деп аталган 6-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн, бирок Улуттук банктын талаптарына ылайык классификацияланууга тийиш болгон активдер көрсөтүлөт.   

45. Төмөндө келтирилген бөлүктү толтуруу тартиби 7 А бөлүкчөсүнө да, 7 Б бөлүкчөсүнө да тиешелүү.   

"Берененин аталышы" деп аталган 1-тилкеде классификациялануучу активдин түрү көрсөтүлөт.   

"Бардыгы" деп аталган 2-тилкедеги маани 5, 6, 7, 9, 10, 11-тилкелердин маанилеринин суммаларына барабар болууга тийиш.   

"Дисконт" деп аталган 3-тилкеде отчеттук күнгө карата бардык активдер боюнча амортизацияланбаган дисконт чоңдугу көрсөтүлөт.   

"Бардыгы болуп камдар" деп аталган 4-тилкеде ар бир активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин түрлөрү үчүн РППУ (жалпы жана атайын) өлчөмү чагылдырылат. 4-тилкенин мааниси 8 жана 12-тилкелердин маанилеринин суммасына барабар болууга тийиш.   

5, 6, 7, 9, 10 жана 11-тилкелерде классификациясына жараша, "алгылыктуудан" "жоготууга" чейинки активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин категориялары көрсөтүлөт.   

6.1, 6.2, 6.3, 7.1, 7.2, 7.3, 9.1 жана 9.2-тилкелерде РППУ чендери боюнча бөлүштүрүү менен алардын классификациясына жараша, активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин категориялары көрсөтүлөт.  

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

8 жана 12-тилкелерде түрлөргө бөлүштүрүлгөн РППУ өлчөмү көрсөтүлөт: жалпы жана атайын камдар менен.   

  

13. 8-бөлүк. РППУдагы өзгөртүүлөр   

  

46. "РППУнун эсебинен эсептен алынып салынган жана кайтарылган (мурда эсептен чыгарылган) активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер жөнүндө маалымат" деп аталган А бөлүкчөсүндө отчеттук күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча (3, 5, 7-тилкелер) өтүп жаткан жылдын башынан тартып РППУнун эсебинен эсептен алынып салынган активдер, ошондой эле учурда өтүп жаткан жыл үчүн сом (2, 4, 6-тилкелер) жана чет өлкө валютасындагы сом эквивалентинде кайтарылган (мурда эсептен чыгарылган) активдер тууралуу маалымат чагылдырылат.   

47. Финансы-кредит мекемелерине жана банктын башка кардарларына берилген каржылоо, экономика секторлоруна кардардын ишмердигинин негизги тармагы же анын бизнесинин түрү боюнча эмес, кардар алган каражаттарды керектөө максаты боюнча бөлүштүрүлүшү зарыл. Эсептен чыгаруу же кайтаруу тиешелүү тилкелерге жана саптарга жазылууга тийиш. Таза эсептен алып салуу суммасы автоматтык түрдө эсептелет. Бардык суммалар миң сомдуктарда көрсөтүлүүгө тийиш.   

48. "Статьянын аталышы" деген 1-тилкеде 1, 2, 4, 5, 6 жана 8-саптарында РППУнун эсебинен эсептен чыгарылган жана кайтарылган (мурун эсептен чыгарылган) активдер менен баланстан тышкаркы милдеттенмелер чегерилет.   

1-статьядагы "Финансы-кредит мекемелерине берилген каржылоо" жана 2-статьядагы "Башка кардарларга берилген каржылоо" суммасы (өзүн-өзүамортизациялабаган дисконттун чоңдугун кемиткенде) РППУнун эсебинен эсептен чыгарылбастан көрсөтүлөт.   

"Башка активдер" деген 6-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн, бирок учурдагы жылдын башынан тартып РППУнун эсебинен эсептен алынып салынган же учурдагы жыл үчүн кайтарылган (мурун эсептен чыгарылган) бардык активдер көрсөтүлөт.   

"Эсептен алып салуу  А" деген 2 жана 3-тилкелерде РППУнун эсебинен эсептен алынып салынган активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммалары көрсөтүлөт.   

"Кайтаруу  Б" деген 4 жана 5-тилкелерде мурда эсептен алынып салынган активдер менен баланстан тышкаркы милдеттенмелердин РППУга кайтарылган суммалары көрсөтүлөт.   

"Эсептен толугу менен алып салуу" деген 6 жана 7-тилкелерде эсептен алынып салынган жана кайтарылган активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин өлчөмдөрү ортосундагы айырма көрсөтүлөт, ал мурда эсептен алынып салынган активдер менен баланстан тышкаркы милдеттенмелерди кайтаруудан түшкөн таза кирешени (чыгымды) аныктайт.   

49. Б бөлүкчөсү. "Банктарга берилген каржылоодон тышкары, РППУдагы сунушталган каржылоо боюнча өзгөрүүлөр".   

"Жылдын башына карата РППУ калдыгы, бардыгы болуп" деген 1-статьяда өтүп жаткан жылдын башына карата баланстык отчеттогу РППУ эсеби боюнча калдык көрсөтүлөт. Алардын ичинен:   

а) атайын камдар  жылдын башына карата классификацияланган активдерден түшкөн жоготууларды жабуу үчүн түзүлгөн атайы камдар өлчөмү көрсөтүлөт;   

б) жалпы камдар - жылдын башына карата классификацияланбаган активдерден түшкөн жоготууларды жабуу үчүн түзүлгөн жалпы камдар өлчөмүкөрсөтүлөт.   

"(плюс) Кайтарылган активдер" деген 2-статьяда мурда эсептен алынып салынган активдерди кайтаруунун натыйжасында РППУнун абсолюттук мааниси төмөндөгөн анын суммасы көрсөтүлөт. Бул сумма 8 А бөлүкчөсүндөгү Б-4 тилкесинин 2-статьясында көрсөтүлгөн кайтарылган суммага дал келүүгө тийиш.   

"(минус) Эсептен алынып салынган активдер" деп аталган 3-статьяда чыгым катары классификацияланган, активдерди эсептен алып салуунун натыйжасы катары РППУнун эсеби боюнча азайган калдыктын суммасы көрсөтүлөт. Бул сумма 8 А бөлүкчөсүндөгү А-2 тилкесинин 2-статьясында көрсөтүлгөн эсептен алынып салынган суммасына дал келүүгө тийиш.   

"Жыл башынан тартып РППУга чегерүүлөр" деген 4-статьяда учурдагы жыл ичинде РППУга айкын чегерүүлөрдүн өлчөмү көрсөтүлөт.   

"Корректировкалоолор" деп аталган 5-статьяда учурдагы жылдын башына РППУнун тиешелүү суммасына карата бардык өзгөрүүлөрдүн таза суммасы көрсөтүлөт. Эгерде сан тескери түптөлсө, ал кашаанын ичинде көрсөтүлүүгө тийиш.   

"Отчеттук мезгилдин акырына карата РППУ калдыгы, бардыгы болуп" деген 6-статьянын мааниси 3-статьядан башка 1, 2, 4 жана 5-статьялардын суммаларына барабар болот. Алардын ичинен:   

а) атайын камдар  отчеттук мезгилдин акырына карата классификацияланган активдерден жана чегерилген сый акыдан түшкөн жоготууларды жабууга түзүлгөн атайын камдардын өлчөмүкөрсөтүлөт;   

б) жалпы камдар - отчеттук мезгилдин акырына карата классификацияланбаган активдерден түшкөн жоготууларды жабууга түзүлгөн жалпы камдардынөлчөмүкөрсөтүлөт.   

50. В. "Каржылоодон айырмаланган активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча РППУдагы өзгөрүүлөр" жана Г. "Банктарга жана башка финансы-кредит мекемелерине берилген каржылоо боюнча РППУдагы өзгөрүүлөр" деген бөлүкчөлөр, бөлүкчөнүн аталышына жараша активдердин тиешелүүтүрлөрүн эске алуу менен Б. бөлүкчөсү сыяктуу эле толтурулат.   

  

14. 9-бөлүк. Ири тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар   

  

51. "Ири тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар" деген А. бөлүкчөсүндө, отчеттук күнгө карата банк кардарларынын номиналдык наркы боюнча кыйла көбүрөөк карыздардын жыйындысы чагылдырылат. Бардык суммалар миң сомдуктарда көрсөтүлүүгө тийиш.   

52. Эгерде банкта ири тобокелдиктер жок болсо (банк алдында карыз алуучулардын карыздарынын жыйындысы боюнча) же алардын саны 15тен аз болсо, толтургандан кийин калган тилкелерде азайуу тартибинде эң ири карыздар көрсөтүлөт. Эгерде банкта, ири тобокелдик деген аныктамага туура келген ири тобокелдиктер же тобокелдиктердин тобу 15тен көп болсо, анда алардын тизмесин 9-бөлүктө көрсөтүлгөн тобокелдиктердей эле тартипте жана формада, өзүнчөкагазга чыгарып берүү зарыл.   

53. "Кардардын аталышы" тилкесинде банктын активдерин кайтаруу боюнча милдеттенмени өзүнө алган ар бир кардардын аталышын көрсөтүү зарыл.   

Аталган тилкеде карыз алуучунун толук аталышын көрсөтүү зарыл:   

1) юридикалык жактар үчүн  мамлекеттик органдарда катталгандыгына жараша компаниянын аталышы;   

2) жеке жактар үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты толугу менен.   

"Тобу" тилкесинде карыздардын бирдиктүү жыйындысы катары карала турган кардарлардын тобунун номери көрсөтүлөт. Мындай топтогу ар бир башка карыз өзүнчө башка тилкеде көрсөтүлүүгө тийиш. Мисалы, каржылоо жеке негизде кайсы бир адамга берилген болсо, же каржылоо ошондой эле ал адамдын компаниясына берилген болсо, анда аларга ири тобокелдиктерди аныктоо максатында топтун бир номери ыйгарылат.   

Мисалы: эгерде каржылоо А жеке жагына жана аны менен байланыштуу эки компанияга берилген болсо жана алар биригип ири тобокелдикти түзсө(бирдиктүүтопту), 1-топтун номери ыйгарылат. Эгерде андан кийин ири каржылоо башка кардарга берилген болсо, анда ага 2-топтун номери ыйгарылат.   

Мисалы, ал төмөнкүчө болот:   

Кардардын аталышы Топтун номери   

А жеке адамы 1   

А жеке адамдын компаниясы 1   

А жеке адамдын компаниясы 1   

Б жеке адамы 2   

"Башка активдер" тилкесинде, "Сунушталган каржылоо" тилкесинде көрсөтүлгөн карыздан тышкары, жеке адамдын жана юридикалык жактын банк алдындагы кайсы болбосун башка карызы көрсөтүлөт (эсептелинген сый акы, дебитордук карыз ж.б.).   

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

53-1. А-1-бөлүкчө. 15 ири каржылоо булагы, анын ичинде ФНУ жана мамлекеттик мекемелер (Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ж.б.) боюнча маалымат.   

Ушул бөлүкчөдө 15 ири каржылоо булагы, анын ичинде ФНУ жана мамлекеттик мекемелер чагылдырылат (сунушталган каржылоо боюнча камсыздоо катары саналган депозиттер бул таблицага камтылбайт).   

"Аманатчынын/кредитордун аты-жөнү" деген тилкеде ар бир аманатчынын/ кредитордун толук аты-жөнү чагылдырылат.   

"Каржылоонун/депозиттин суммасы" деген тилкеде төмөнкүлөргө бөлүштүрүү менен сумма чагылдырылат:   

- каржылоо;   

- эсептешүү эсеби;   

- мөөнөттүү депозит;   

- талап боюнча төлөнүүчү депозит.   

"Келишим түзүлгөн күн" деген тилкеде банктын аманатчы/кредитор менен келишим түзүлгөн күн "жыл/ай/күн" форматында (мисалы, 2016-жылдын 1-февралы) көрсөтүлөт.   

"Келишим аяктаган күн" деген тилкеде банктын аманатчы/кредитор менен түзүлгөн келишимдин аяктаган күнү "жыл/ай/күн" форматында (мисалы, 2016-жылдын 1-февралы) көрсөтүлөт.   

53-2. Б-1 бөлүкчө. Отчеттук күнгө карата абал боюнча корреспонденттик эсептердеги акча каражаттарынын калдыктары боюнча маалыматтар.   

Бул бөлүкчөдө корреспонденттик эсептердеги акча каражаттарынын валюта номиналында жана сом түрүндөгү калдыктары боюнча маалымат чагылдырылат.  

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

54. В бөлүкчөсү. Тейлөөгө алган банктын брокери/дилери/депозитарийи жөнүндө маалымат.   

Аталган бөлүкчөдө банк өзүнүн атынан же өзүнүн кардарынын атынан отчет мезгилинде мамлекеттик жана корпоративдик баалуу кагаздар менен операцияларды же бүтүмдөрдү жүргүзгөн брокер/дилер/депозитарий (мындан ары - компания) жөнүндө маалыматтар чагылдырылат.   

"Компаниянын түрү (брокер/дилер/депозитарий)" деген 2-статьяда банктык операцияларды же бүтүмдөрдү жүргүзүп жаткан компания ишинин аталышы, башкача айтканда брокер, дилер же депозитарий көрсөтүлөт.   

"Компаниянын аталышы" деген 3-статьяда ушул бөлүкчөнүн 2-графасында көрсөтүлгөн компаниянын толук расмий аталышы көрсөтүлөт.   

"Компаниянын дареги" деген 4-статьяда компания жайгашкан өлкөнүн, шаардын, көчөнүн аталыштары жана имараттын номери көрсөтүлөт.   

"Лицензиянын № жана алган күнү" деген 5-статьяда лицензиянын номери жана компания тарабынан алынган лицензиянын күнү, ошондой эле лицензияны берген ыйгарым укуктуу орган жана ыйгарым укуктуу органдын өлкөсү көрсөтүлөт.   

"Ыйгарылган рейтинг" 6-статьяда компанияга рейтинг агенттиги менен ыйгарылган узак мөөнөттүү кредит төлөө жөндөмдүүлүгү рейтингинин мааниси көрсөтүлөт.   

"Рейтинг агенттигинин аталышы" деген 7-статьяда компанияга узак мөөнөттүү кредитти төлөөгө жөндөмдүүлүк рейтингин ыйгарган рейтинг агенттигинин толук расмий аталышы көрсөтүлөт.   

"Рейтингди ыйгаруу күнү" деген 8-статьяда компанияга узак мөөнөттүү кредитти төлөөгө жөндөмдүүлүк рейтингин ыйгарган күнү "күнү, айы, жылы" (мисалы, 01.11.2011) форматында көрсөтүлөт.   

"Компания менен контракт түзүү күнү" деген 9-статьяда банктын компания менен контракт түзгөн расмий күнү "күнү, айы, жылы" (мисалы, 01.11.2011) форматында көрсөтүлөт.   

55. Г бөлүкчөсү. Корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар менен ишке ашырылган операциялар жөнүндө маалымат.   

Бул бөлүкчөдө банкка жана/же банк кардарына менчик укугунда таандык болгон корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар менен отчеттук мезгил ичинде ишке ашырылган банктын операциялары жана бүтүмдөрү жөнүндө маалымат чагылдырылат.   

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

"Компаниянын аталышы (брокер/дилер/депозитарий)" деген 2-статьяда "Тейлөөгө алган банктын брокери/дилери/депозитарийи жөнүндө маалымат" деген 9 В бөлүкчөсүнүн 3-графасында көрсөтүлгөн компаниянын толук расмий аталышы көрсөтүлөт.   

"Операциянын түрү" деген 3-статьяда компаниянын баалуу кагаздарды сатып алгандыгы (банк жана банктын кардарлары үчүн), саткандыгы (банктын жана банк кардарларынын атынан), сактагандыгы, эсепке алгандыгы жана каттоодон өткөргөндүгү ж.б. көрсөтүлөт.   

"Операциянын суммасы" деген 4-статьяда ушул бөлүкчөнүн "Валюта" деген 5-графасында көрсөтүлгөн валюта менен жасалган операциялардын/бүтүмдөрдүн суммалары көрсөтүлөт.   

"Валюта" деп аталган 5-статьяда банк менен компания ортосунда баалуу кагаздар менен жүргүзүлгөн операциянын же бүтүмдүн тамга түрүндөгү валюта коду*көрсөтүлөт.   

"Операция башталган күн" деген 6-статьяда компаниянын ушул бөлүкчөнүн 3-графасында көрсөтүлгөн операцияны ишке ашыра баштаган күнү "күнү, айы, жылы" (мисалы, 01.11.2011) форматында чагылдырылат.   

"Операция аяктаган күн" деген 7-статьяда компаниянын ушул бөлүкчөнүн 3-графасында көрсөтүлгөн операцияны аяктаган күнү "күнү, айы, жылы" (мисалы, 01.11.2011) форматында көрсөтүлөт.   

"Эскертүү" деп аталган 8-статьяда зарылчылык келип чыкса, операцияларды/бүтүмдөрдү жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө кошумча маалымат көрсөтүлөт, мисалы: операцияларды/бүтүмдөрдү жүргүзүүнүн мөөнөттөрү, операцияларды/бүтүмдөрдү жүргүзүү үчүн банк тарабынан же анын кардары тарабынан брокерге/дилерге/депозитарийге күрөө берүү, брокердин/дилердин/депозитарийдин кызматтарын төлөө шарттары (бир жолку төлөө же бөлүп төлөө) жана башкалар көрсөтүлөт.   

56. Д бөлүкчөсү. Банктын корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар портфели.   

Аталган бөлүкчөдө отчет мезгилинин күнүнө карата абалы боюнча банктын менчик укугуна таандык болгон корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар жөнүндө маалымат чагылдырылат, баалуу кагаздар эки топко бөлүнөт: корпоративдик баалуу кагаздар жана мамлекеттик баалуу кагаздар.   

"Баалуу кагаздын түрү" деген 2-статьяда баалуу кагаздын түрү көрсөтүлөт (акция, вексель, облигация, евробонд ж.б.).   

"Баалуу кагаздын номери" деп аталган 3-статьяда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарылган баалуу кагаздын мамлекеттик каттоо номери көрсөтүлөт.   

"Эмитенттин аталышы" деген 4-статьяда баалуу кагаздын эмитентинин толук расмий аталышы баалуу кагаздын түп нускасындагы тилде көрсөтүлөт.   

"Эмитенттин резиденттик белгиси" деген 5-статьяда баалуу кагаздын эмитенти - Кыргыз Республикасынын резиденти же баалуу кагаздын эмитенти - Кыргыз Республикасынын резидент эмеси көрсөтүлөт.   

"Эмитенттин өлкөсү" деген 6-статьяда баалуу кагаздын эмитенти, юридикалык жак катталган өлкө көрсөтүлөт.   

"Сатып алуу күнү" деген 7-статьяда банк баалуу кагазды сатып алган күн "күнү, айы, жылы" форматында көрсөтүлөт (мисалы, 01.11.2010).   

"Ордун жабуу күнү (карыздык баалуу кагаздар үчүн гана)" деп аталган 8-статьяда карыздык баалуу кагаздардын ордун жабуу күнү "күнү, айы, жылы" форматында көрсөтүлөт (мисалы, 01.11.2010).   

"Баалуу кагаздардын саны (даанасы)" деген 9-статьяда банктын менчик укугуна таандык болгон баалуу кагаздардын саны, даанасы көрсөтүлөт.   

"Валюта" деген 10-статьяда бир баалуу кагаздын баасы берилген тамга түрүндөгү валюта коду* көрсөтүлөт.   

"Бир баалуу кагаздын номиналдык баасы (валютанын түп нуска бирдигинде)" деген 11-статьяда бир баалуу кагаздын номиналдык баасы, ушул бөлүкчөнүн "Валюта" 10-графасында көрсөтүлгөн үтүрдөн кийин эки белги менен валюта бирдигинде көрсөтүлөт.   

"Бир баалуу кагаздын рыноктук баасы (валютанын түп нуска бирдигинде)" деген 12-статьяда бир баалуу кагаздын рыноктук баасы отчеттук күнгө карата ушул бөлүкчөнүн "Валюта" 10-графасында көрсөтүлгөн үтүрдөн кийин эки белги менен валюта бирдигинде көрсөтүлөт.   

"Баалуу кагаздар пакетинин жалпы номиналдык наркы (валютанын түп нуска бирдигинде) 9-статья * жана 11-статья" деп аталган 13-статьяда, "Баалуу кагаздардын саны (даанасы)" деген 9-графасындагы саптардын маанисин "Бир баалуу кагаздын номиналдык баасы (валютанын түп нуска бирдигинде)" деген 11-графадагы саптардын маанисине көбөйтүү жолу менен чыгарылган баалуу кагаздар пакетинин жалпы номиналдык наркы көрсөтүлөт.   

"Баалуу кагаздар пакетинин жалпы рыноктук наркы (валютанын түп нуска бирдигинде) 9-статья* жана 12-статья" деген 14-статьяда, "Баалуу кагаздардын саны (даанасы)" деген 9-графасындагы саптардын маанисин "Бир баалуу кагаздын рыноктук баасы (валютанын түп нуска бирдигинде)" деген 12-графадагы саптардын маанисине көбөйтүү жолу менен чыгарылган баалуу кагаздар пакетинин жалпы рыноктук наркы көрсөтүлөт.   

"Баалуу кагаздарды сактоону, эсепке алууну жана каттоону ишке ашыруучу уюм (уюмдун аталышы жана дареги, жетекчинин аты-жөнү, лицензиянын №)" 15-статьяда ушул бөлүкчөнүн "Баалуу кагаздын түрү" деген 2-графасында көрсөтүлгөн баалуу кагаздарды сактоону, эсепке алууну жана каттоону ишке ашыруучу уюмдун толук расмий аталышы, ошондой эле ошол уюм жайгашкан өлкөнүн, шаардын, көчөнүн аталышы жана имараттын номери көрсөтүлөт.   

"РППУ классификациясы" деген 16-статьяда баалуу кагаздын наркынан пайыз менен берилген (мисалы, 5%, 25% д.у.с.) классификациянын категориясына туура келген баалуу кагаздар боюнча РППУга болгон чегерүүлөрдүн өлчөмү чагылдырылат.   

"Баалуу кагаздардын статусу (орду жабылган, сатылган, күрөөгө коюлган ж.б.)" деген 17-статьяда отчеттук мезгилдин акыркы жумуш күнүнө карата абал боюнча баалуу кагаздын учурдагы статусу көрсөтүлөт. Мисалы, аларга: "банктын менчигинде турган", "сатылган", "күрөөгө коюлган", "орду жабылган", "баалуу кагазга милдеттер жүктөлгөн (баалуу кагаздарды блокко коюу, арестке алуу, баалуу кагазга үчүнчү жактардын ж.б. тартылгандыгы)", "жоготулган (кайсы болбосун негиздер боюнча, анын ичинде жоготуп алуу, уурдатуу, алдыруу ж.б. жолдор аркылуу ээлик кылуудан ажыроо)" д.у.с.   

Эгерде баалуу кагаздардын бир эмиссиясынын бөлүктөрү ар башка статуска ээ болсо, анда бул эмиссиянын ар бир бөлүгү боюнча маалымат өз-өзүнчөстатусуна жараша, отчеттук мезгилдин акыркы күнүнө карата абал боюнча чагылдырылууга тийиш.  

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

57. Е. бөлүкчөсү. Кардарлардын корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар портфели.   

Аталган бөлүкчөдө банк кардарларынын менчик укугуна таандык болгон жана/же эки топко: мамлекеттик баалуу кагаздар менен корпоративдик баалуу кагаздар тобуна бөлүү менен отчеттук күнгө карата абал боюнча банктын ишенимдүү тескөөсүндөгү мамлекеттик жана/же корпоративдик баалуу кагаздар жөнүндөмаалымат чагылдырылат.   

"Баалуу кагаздын түрү" деген 2-статьяда баалуу кагаздын түрү көрсөтүлөт (акция, вексель, облигация д.у.с.).   

"Баалуу кагаздын номери" деген 3-статьяда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарылган баалуу кагаздын мамлекеттик каттоо номери көрсөтүлөт.   

"Эмитенттин аталышы" деп аталган 4-статьяда баалуу кагаздын эмитентинин толук расмий аталышы баалуу кагаздын түп нускасындагы тилде көрсөтүлөт.   

"Эмитенттин резиденттик белгиси" деген 5-статьяда баалуу кагаздын эмитенти - Кыргыз Республикасынын резиденти же баалуу кагаздын эмитенти - Кыргыз Республикасынын резиденти эмеси көрсөтүлөт.   

"Эмитенттин өлкөсү" деген 6-статьяда баалуу кагаздын эмитенти юридикалык жак катталган өлкө көрсөтүлөт.   

"Сатып алуу күнү" деген 7-статьяда баалуу кагазды банк сатып алган күнү "күнү, айы, жылы" форматында көрсөтүлөт (мисалы, 01.11.2010).   

"Ордун жабуу күнү (карыздык баалуу кагаздар үчүн гана)" деген 8-графада карыздык баалуу кагаздардын ордун жабуу күнү "күнү, айы, жылы" форматында көрсөтүлөт (мисалы, 01.11.2010).   

"Баалуу кагаздардын саны (даанасы)" деген 9-статьяда банк кардарларынын менчик укугуна таандык болгон баалуу кагаздардын саны, даанасы көрсөтүлөт.   

"Валюта" деп аталган 10-статьяда бир баалуу кагаздын баасы берилген тамга түрүндөгү валюта коду* көрсөтүлөт.   

"Бир баалуу кагаздын номиналдык баасы (валютанын түп нуска бирдигинде)" деген 11-статьяда бир баалуу кагаздын номиналдык баасы ушул бөлүкчөнүн "Валюта" деген 10-графасында көрсөтүлгөн үтүрдөн кийин эки белги менен валюта бирдигинде көрсөтүлөт.   

"Бир баалуу кагаздын рыноктук баасы (валютанын түп нуска бирдигинде)" деген 12-статьяда бир баалуу кагаздын рыноктук баасы отчеттук күнгө карата ушул бөлүкчөнүн "Валюта" деген10-графасында көрсөтүлгөн үтүрдөн кийин эки белги менен валюта бирдигинде көрсөтүлөт.   

"Баалуу кагаздар пакетинин жалпы номиналдык наркы (валютанын түп нуска бирдигинде) 9-статья* жана 11-статья" 13-статьяда, "Баалуу кагаздардын саны (даанасы)" деген 9-графадагы саптардын маанисин "Бир баалуу кагаздын номиналдык баасы (валютанын түп нуска бирдигинде)" 11-графадагы саптардын маанисине көбөйтүү жолу менен чыгарылган баалуу кагаздар пакетинин жалпы номиналдык наркы көрсөтүлөт.   

"Баалуу кагаздар пакетинин жалпы рыноктук наркы (валютанын түп нуска бирдигинде) 9-статья* жана 12-статья" деген 14-статьяда, "Баалуу кагаздардын саны (даанасы)" деген 9-графадагы саптардын маанисин "Бир баалуу кагаздын рыноктук баасы (валютанын түп нуска бирдигинде)" 12-графадагы саптардын маанисине көбөйтүү жолу менен чыгарылган баалуу кагаздар пакетинин жалпы рыноктук наркы көрсөтүлөт.   

"Баалуу кагаздарды сактоону, эсепке алууну жана каттоону ишке ашыруучу уюм (уюмдун аталышы жана дареги, жетекчинин аты-жөнү, лицензиянын №)" деген 15-статьяда ушул бөлүкчөнүн "Баалуу кагаздын түрү" 2-графасында көрсөтүлгөн баалуу кагаздарды сактоону, эсепке алууну жана каттоону ишке ашыруучу уюмдун толук расмий аталышы, ошондой эле ошол уюм жайгашкан өлкөнүн, шаардын, көчөнүн аталышы жана имараттын номери көрсөтүлөт.   

"РППУ классификациясы" деген 16-статья  толтурулбайт.   

"Баалуу кагаздардын статусу (орду жабылган, сатылган, күрөөгө коюлган ж.б.)" деген 17-статьяда отчеттук мезгилдин акыркы жумуш күнүнө карата абал боюнча баалуу кагаздын учурдагы статусу көрсөтүлөт. Мисалы, аларга:   

- "банктын ишенимдүү тескөөсүндө турган" жана жантайыңкы сызыктан кийин төмөнкү белгилердин бирин кошумча көрсөтүү1 зарыл: "сатылган", "күрөөгөкоюлган", "орду жабылган", "баалуу кагазга милдеттер жүктөлгөн (баалуу кагаздарды блокко коюу, арестке алуу, баалуу кагазга үчүнчү жактардын ж.б. тартылгандыгы)", "жоготулган (кайсыл болбосун негиздер боюнча, анын ичинде жоготуп алуу, уурдатуу, алдыруу ж.б. жолдор аркылуу ээлик кылуудан чыгуу)" д.у.с.,   

- "кардардын менчигинде" жана жантайыңкы сызыктан кийин төмөндөгү белгилердин бирин кошумча көрсөтүү: "сатылган", "күрөөгө коюлган", "орду жабылган", "баалуу кагазга милдеттер жүктөлгөн (баалуу кагаздарды блокко коюу, арестке алуу, баалуу кагазга үчүнчү жактардын ж.б. тартылгандыгы)", "жоготулган (кайсы болбосун негиздер боюнча, анын ичинде жоготуп алуу, уурдатуу, алдыруу ж.б. жолдор аркылуу ээлик кылуудан чыгуу)" д.у.с.2.   

  

15. 10-бөлүк. Аффилирленген жактар тууралуу маалыматтар   

  

58. А. бөлүкчөсүндө "Аффилирленген жактар менен жүргүзүлгөн активдүү операциялар жөнүндө кыскача маалымат" жана Б. Аффилирленген жактар менен ишке ашырылган операциялар жөнүндө жалпы маалымат берилет, анда сунушталган каржылоо суммасы жана ага теңделген банктын активдеринин суммасы алардын номиналдык наркы боюнча көрсөтүлүүгө тийиш. Бардык суммалар миң сомдуктарда көрсөтүлүүгө тийиш.   

"Кардардын аталышы" жана "Топ" тилкелерин толтуруунун тартиби "Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат" 9-бөлүктүн тиешелүү тилкелерин толтуруу тартибине окшош.   

Аффилирленген жактар жөнүндө маалымат" деп аталган В бөлүкчөсүндө алар менен операциялар ишке ашырылган жана бүтүмдөргө келишилген банктын аффилирленген жактары жөнүндө маалымат келтирилген.   

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

16. 11-бөлүк. Банк менен байланыштуу жактар тууралуу маалыматтар   

  

59. Банк менен байланыштуу жактар менен активдүү операциялар тууралуу кыскача маалымат" деп аталган А бөлүкчөсүндө банктын каржылоонун жана аларга барабар болгон активдеринин суммасы номиналдык наркы боюнча көрсөтүлүүгө тийиш. Бардык суммалар миң сомдуктарда көрсөтүлүүгө тийиш.   

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

60. "Кардардын аталышы" жана "Топ" тилкелерин толтуруунун тартиби "Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат" деген 9-бөлүктүн тиешелүү тилкелерин толтуруу тартибине окшош.   

60-1. "Банк менен байланыштуу жактар менен операциялар тууралуу жалпы маалымат" деп аталган Б бөлүкчөсүндө активдүү сыяктуу эле, пассивдүүоперациялар да көрсөтүлөт. Бардык суммалар миң сом менен берилүүгө тийиш.   

Активдүү операцияларды көрсөтүүдө бул бөлүкчөдөөзүндө тобокелдикти камтыбаган операциялар сыяктуу, байланыштуу жактар менен төмөнкүдөй операциялардан/бүтүмдөрдөн тышкары, бардык операциялар көрсөтүлөт:   

- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, байланыш операторлорунун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө;   

- овердрафт/каржылоо лимит боюнча операциялардан тышкары, төлөм карттары боюнча операциялар;   

- кассалык тейлөө боюнча операциялар;   

- коммерциялык жол чектерин сатып алуу/сатуу;   

- сейфтик операциялар;   

- мамлекеттик баалуу кагаздар менен операциялар;   

- салык жана жыйым боюнча мамлекеттик бюджетке төлөөлөр.   

Бул бөлүкчөдө байланыштуу жактын депозиттик операциялары чагылдырылган шартта, "Операцияны ишке ашыруу шарттары" тилкесинде депозит валютасынын кодун, ал эми "Эскертүү" тилкесинде сый акысын төлөө жана сый акысын капиталдаштыруу (болгон болсо) шарттары жөнүндө маалыматты чагылдыруу зарыл.   

60-2. Төмөнкү: В. "Банктын кызмат адамдарынын жакын туугандары тууралуу маалымат", Г. "Банк менен байланыштуу башка жактар тууралуу маалымат" жана Д. "Банктын кызмат адамдары жана алардын жакын туугандары же банк менен байланыштуу башка жактар контролдукка алган юридикалык жактар тууралуу маалымат" деген бөлүкчөлөрдө жогоруда аталган бардык адамдар жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.  

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

17. 12-бөлүк. Банк активдеринин жана милдеттенмелеринин рыноктогу кирешелүүлүк ченинин өзгөрүүсүнөтийгизиши мүмкүн болгон таасирине талдап-иликтөөлөр жана активдерди/милдеттенмелерди төлөө мөөнөттөрү   

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

  

61. А. бөлүкчөсү. "Кирешелүүлүк чендин өзгөрүшүнө карата активдердин жана милдеттенмелердин ийкемдүүлүгүн талдоо", кирешелүүлүк ченининөзгөрүшүнөийкемдүү келген активдер менен милдеттенмелердин ортосундагы айырманы өлчөөнүн жардамы менен кирешелүүлүк ченинин тобокелдигин баалооүчүн колдонулат.   

62. Кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнө ийкемдүү келген активдерге, рыноктук кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнөн улам, белгилүү бир мезгил аралыгында кайра бааланган активдердин акчалай көлөмү же белгилүү бир мезгил аралыгында карыздын ордун жабуу мөөнөтү кирет. Кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнөийкемдүүкелген милдеттенмелерге, рыноктогу кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнөн улам, белгилүү бир мезгил аралыгында кайра бааланган милдеттенмелердин акчалай көлөмү же белгилүү бир мезгил аралыгында карыздын ордун жабуу мөөнөтү кирет.   

63. Кирешелүүлүк чендин өзгөрүшүнө ийкемдүү активдер менен милдеттенмелердин ортосундагы ар башка мезгил аралыгындагы ажырымды аныктоо аталган отчеттун максаты болуп саналат. Бул ажырымдарды талдоо, рыноктогу кирешелүүлүк чендин өзгөрүшүнө карата банктын ийкемдүүлүгүн аныктаган ыкмалардын бири болуп эсептелет.   

64. Кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнө ийкемдүү бардык активдердин жана милдеттенмелердин учурдагы баланстык наркы тиешелүү мезгилге жараша төмөнкү эки мөөнөттүн эртерээк келип жеткени чагылдырылууга тийиш: 1) банк активдерди/милдеттенмелерди кайра баалоону (рыноктогу жагдайга жараша жана/же мурунку макулдашууга ылайык кирешелүүлүк ченин өзгөртүү) жүргүзө турган күнгө чейинки күндөрдүн саны, же 2) ордун жабуу мөөнөтүнө чейинки күндөрдүн саны.   

65. 9 жана 21-саптарда ушул бөлүкчөнүн башка статьяларына кирбеген кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнө карата ийкемдүү келген башка активдер менен милдеттенмелер чагылдырылат.   

66. 23 жана 24-саптарда ар бир мезгил аралыгы үчүн автоматтык түрдө эсептелет. Чет өлкө валютасындагы маалыматтар отчеттук күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча сомдук эквивалентте көрсөтүлөт.   

67. "Активдердин/милдеттенмелердин ордун жабуу мөөнөтү" деген Б. бөлүкчөсүндө активди берүүнүн же милдеттенменин пайда болушунун баштапкы мөөнөтүнө карабастан, активдердин же милдеттенмелердин ордун жабуу мөөнөтүнө чейин калган күндөрдүн санына жараша бардык активдер (атайын РППУдан эсептен чыгарылбастан) менен милдеттенмелер чагылдырылат.   

68. Активдердин ордун жабуунун жана милдеттенмелерди төлөөнүн мөөнөттөрү боюнча дал келбегендигин жана алардын келечекте банктын ликвиддүү позициясына таасир берүүсүн аныктоо бул отчеттун максаты болуп саналат. Аталган бөлүкчө отчеттук күнгө карата банктын ликвиддүү позициясын аныктаган инструменттердин бири катары пайдаланылат. Бул отчетко бардык активдер менен милдеттенмелер киргизилет. Бардык активдер менен милдеттенмелердин учурдагы баланстык наркы ордун жабууга чейинки калган күндөрдүн негизинде тиешелүү ячейкаларга чегерилүүгө тийиш.   

69. Эгерде активдин мөөнөтү 30 күндөн 60 күнгө чейин өткөрүлгөн жана/же кайрадан реструктуризацияланган болсо, ал "181-365 күнгө" чейинки категорияга кирүүгө тийиш. Эгерде, активдин мөөнөтү 60 күндөн көбүрөөккө өткөрүлгөн жана/же кайрадан реструктуризацияланган болсо жана/же чегербөө статусунда турган болсо, ал "3 жылдан көбүрөөк" категориясына тиешелүү болууга тийиш.   

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

70. 9 жана 21-саптардагы ушул бөлүкчөнүн башка статьяларына кирбеген ордун жабуу мөөнөттөрүнө ылайык бардык башка активдер менен милдеттенмелер чагылдырылат.   

71. Атайын РППУну минуска чыгаруу менен - 10-тилкеси "Баланстык отчет" деген 1-бөлүктүн А. бөлүкчөсүнүн 19-сабына барабар болууга тийиш. 22-сап, "Баланстык отчет" деген 1-бөлүктүн Б. бөлүкчөсүнүн 34-сабына барабар болууга тийиш.   

72. 23 жана 24-саптар ар бир мезгил аралыгы үчүн автоматтык түрдө эсептелет. Бардык суммалар сомдук эквивалентте көрсөтүлүүгө тийиш.   

  

18. 13-бөлүк. Суммалар боюнча бөлүштүрүлгөн кардарлардын эсептери   

  

73. Маалыматтар, Бишкек шаары жана республиканын областтары боюнча, ошондой эле кардарлардын эсептеринде жайгаштырылган суммага жараша берилет. Областтар боюнча маалымат суммаланып берилет. Бардык маалыматтар миң сомдуктарда көрсөтүлүүгө тийиш. Чет өлкө валютасындагы эсептер жөнүндө маалыматтар отчеттук күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча улуттук валюта эквивалентинде келтирилет.   

74. "Талап боюнча төлөнүүчү эсептер" бөлүкчөсүнүн "Жеке жактардын эсептери" саптарында өлчөмү боюнча белгилүү бир диапазонго кирген жеке жактардын талап боюнча төлөнүүчү эсептериндеги акча каражаттарынын жалпы суммасы, ошондой эле эсептердин саны көрсөтүлөт.   

"Талап боюнча төлөнүүчү эсептер" бөлүкчөсүнүн "Юридикалык жактардын эсептери" сабындагы эсептешүү эсептериндеги акча каражаттарын кошуу менен юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү эсептериндеги акча каражаттарынын жалпы суммасы, ошондой эле эсептердин саны көрсөтүлөт.   

"Юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери" тилкесинде депозиттик сертификаттарды, ошондой эле эсептердин санын кошуу менен юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин мөөнөттүү эсептериндеги акча каражаттарынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"Жеке жактардын мөөнөттүү эсептери" сабында сактык сертификаттарды, ошондой эле эсептердин санын кошуу менен жеке жактардын мөөнөттүүэсептериндеги акча каражаттарынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"Бардыгы" тилкесиндеги сумма автоматтык түрдө эсептелет.   

  

19. 17-бөлүк. Ишенимдүү тескөө боюнча банктын операциялары жөнүндө маалымат   

  

75. Бул бөлүктө ишенимдүү тескөө боюнча банктын операциялары жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.   

"Объектилердин типтери" тилкесинде ишеним көрсөтүлгөн операциялардын типтери көрсөтүлөт.   

"Операциялардын типтери жана түрлөрү боюнча ишенимдүү тескөө келишимдеринин саны" тилкесинде банк тарабынан түзүлгөн ишенимдүү тескөө келишимдеринин саны көрсөтүлөт.   

"Отчет мезгилинин башына карата калдык" жана "Отчет мезгилинин аягына карата калдык" тилкелеринде тиешелүү отчеттук мезгилдин башына жана аягына карата банктын ишенимдүү тескөөсүндө турган бардык объектилердин наркы көрсөтүлөт.   

"Эсептер боюнча дебеттик жүгүртүү" жана "Эсептер боюнча кредиттик жүгүртүү" тилкелеринде ишенимдүү тескөө менен байланышкан иш боюнча бардык дебеттик жана кредиттик жүгүртүүлөр көрсөтүлөт (бенефициарга төлөп берүүлөр, башка милдеттүү төлөп берүүлөр, ишенимдүү тескөөчүнү сыйлоо, ишенимдүү тескөө процессиндеги активдерди сатып алуу-сатуу, колдонуудагы мыйзамдарда каралган келишимдин шарттарына ылайык каражаттардын кыймылы д.у.с.).   

Калган тилкелерде ишенимдүү тескөөгө кабыл алынган мүлктөр менен башка объектилердин мөөнөттөрү көрсөтүлөт.   

  

20. 18-бөлүк. Башка маалыматтар   

  

76. "Активдер менен милдеттенмелердин орточо мааниси" деген А бөлүкчөсүнүн I жана II пункттарында "Баланстык отчет" деп аталган 1-бөлүктүн маалыматтарынын негизинде жылдын башынан тартып мезгил аралыгында активдердин жана милдеттенмелердин суммалык орточо мааниси киргизилүүгө тийиш.   

Ушул бөлүкчөнүн 1-8 жана 10-18-саптарына жыл башынан берки мезгил аралыгында көрсөтүлгөн активдер менен милдеттенмелердин орточо мааниси киргизилүүгө тийиш. Мында орточо маанилердин эсебине кирешелүүлүктүн нөлдүк чени менен активдер жана милдеттенмелер киргизилет. "Берилген каржылоо, бардыгы болуп" деген статьясы маалымдама катары көрсөтүлөт жана киреше алып келүүчү активдердин жыйынтык суммасынын эсебине киргизилбейт.   

Бул бөлүктүн 5 жана 6-саптарында кардарларга сыяктуу эле, финансы-насыялык уюмдарга да сунушталган каржылоо көрсөтүлөт.  

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

77. Орточо маанилер жылдын башынан тартып календардык күндүн санына карата ар бир тилке боюнча күнүмдүк калдыктардын суммасынын катышы катары эсептелет. Бардык суммалар миң сомдуктарда көрсөтүлүүгө тийиш.   

78. "Банктын иши жөнүндө башка маалыматтар" Б бөлүкчөсүндө банктын менеджмент курамындагы, анын акционерлеринин курамындагы өзгөрүүлөр жөнүндөкошумча маалыматтар келтирилет. Ошондой эле экономикалык ченемдерди аткаруу, Шариаттарын стандарттарын сактоо жана башка компаниялардын банктарында катыштык үлүшү жөнүндө финансылык иштердин жаңы түрлөрү жөнүндө маалымат киргизилүүгө тийиш.   

79. "Банктын персоналы жөнүндө башка маалыматтар" В бөлүкчөсүндө банктын кызматкерлеринин саны, кызматкерлердин эмгек акысы жана түзүмдүк бөлүктөрүжөнүндө кошумча маалыматтар келтирилет.   

80. "Айкалыштыруусуз иштеген кызматкерлердин тизмедеги саны" 1-статьяда иштеген жана жумуш ордун сактаган (мисалы, 3 жашка чейинки курактагы бала багуу боюнча өргүү алгандар) кызматкерлердин саны көрсөтүлөт. Андан тышкары, эгерде башка ишканалардын тизмесине кирбеген болсо, бул жерде жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим боюнча иштеген кызматкерлер көрсөтүлөт. Кызматкерлердин тизмедеги саны бир айда орточо алганда тизмедеги курамды отчеттук айдын ар бир календардык күнүнө кошуу жана алынган сумманы айдын календардык күнүнүн санына бөлүү жолу менен эсептелип чыгарылат.   

"Орточо эмгек акыны жана башка орточо чоңдуктарды эсептеп чыгаруу үчүн кабыл алынуучу кызматкерлердин саны" 2-статьяда отчет мезгилинде иштеген жана иштебеген убактысы үчүн эмгек акысы чегерилген кызматкерлердин саны көрсөтүлөт. Толук эмес жумушчу күнүн иштеген же белгилүү бир иштерди аткарууүчүн тартылган кызматкерлердин саны чындап иштеген убактысына пропорционалдуу эске алынат: отчеттук айы үчүн адамдын иштеген сааттарынын саны биринчи бекитилген жумушчу күндүн созулушуна, андан кийин отчет мезгилиндеги календарь боюнча жумушчу күндөргө бөлүнөт.   

"Эмгек акы фонду (материалдык жардамды жана социалдык жеңилдиктерди кошуу менен)" 3-статьяда жылдын башынан тартып улам өсүү жыйынтыгы менен кошумча төлөөлөр, үстөктөр, сый акылар жана башка төлөп берүүлөр менен маянанын суммасын өзүнө камтыган эмгек акылар боюнча акчалай төлөп берүүлөрдүн суммасы көрсөтүлөт.   

81. "Эсептер боюнча көбүрөөк жүгүртүүлөрү менен кардарлар боюнча маалымат" Г бөлүкчөсүндө бардык операциялар боюнча эң чоң жүгүртүүгө ээ 15 банк кардарлары улам кемүү тартибинде көрсөтүлөт (отчеттук ай үчүн). "Жүгүртүү" деп отчеттук ай үчүн кардардын эсебине чегерилген жана эсептен чыгарылган бардык акча каражаттарынын суммасы түшүндүрүлөт. Бардык суммалар миң сомдуктарда көрсөтүлүүгө тийиш.   

"Кардардын аталышы" тилкесинде төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:   

1) юридикалык жактар үчүн  мамлекеттик органдарда катталган аталышына ылайык компаниянын аталышы;   

2) жеке жактар үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты толугу менен.   

"Резидент/Резидент эмес" тилкесиинде банктын кардары Кыргыз Республикасынын резидент/резидент эмес экенин көрсөтүү зарыл. Ошол эле учурда "Кардар катталган өлкө" тилкесинде банктын кардары  юридикалык жак катталган өлкөнү көрсөтүү зарыл. Жеке жактар үчүн  жаран болуп эсептелген өлкөнүкөрсөтүүзарыл.   

82. "Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына маалымдалган сандар жана суммалар жөнүндө маалымат" Д бөлүкчөсүндө "милдеттүүлүк" жана "шектүүлүк" белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына отчеттук ай үчүн берилген маалыматтардын жалпы саны көрсөтүлөт. "Жалпы сумма" графасында операциялар жүргүзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына берилген маалыматтар боюнча жалпы сумма көрсөтүлөт. Бардык суммалар миң сомдуктарда көрсөтүлүүгө тийиш.   

82-1. "Коммерциялык банктар тарабынан проблемалуу кредиттер боюнча карыз ордун жабуунун эсебинен баланска кабыл алынган башка менчик (кыймылсыз мүлк) тууралуу маалыматтар" деген Е бөлүкчөдө банк кардардын/өнөктөштүн карызынын ордун жабуунун эсебине кабыл алынган кыймылсыз мүлк тууралуу маалымат чагылдырылат.   

"Баа берүү наркы" деген тилкеде көз карандысыз баалоочусу/ банктын баалоочусу тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык күрөөлүк мүлккө берилген наркы (каржылоо берилген учурга карата) көрсөтүлөт.   

82-2. "Мамлекеттик ишканалардын, мамлекет үлүшкө ээ болгон чарба жүргүзүүчү субъекттердин, мамлекеттик бийлик органдарынын эсептериндеги акча каражаттарынын калдыгы боюнча маалыматтар" деген Ж бөлүкчөсүндө мамлекеттик ишканалардын, мамлекеттик үлүшкө ээ чарба жүргүзүүчү субъекттердин, мамлекеттик бийлик органдарынын эсептериндеги акча каражаттарынын калдыгы тууралуу маалымат чагылдырылат.   

"Келишим түзүлгөн күн" жана "Келишимди колдонуу мөөнөтү аяктаган күн" деген тилкеде ар бир эсеп боюнча келишим түзүлгөн жана аяктаган күндөр көрсөтүлөт (эгерде мамлекеттик ишканалардын, мамлекеттик үлүшкө ээ чарба жүргүзүүчү субъекттердин, мамлекеттик бийлик органдарынын бир банкта бир нече эсептери болгон болсо).   

"Валютасы" деген тилкеде ар бир эсеп боюнча катталган валюта берилет (эгерде мамлекеттик ишканалардын, мамлекеттик үлүшкө ээ чарба жүргүзүүчүсубъекттердин, мамлекеттик бийлик органдарынын эсеби мультивалюталык болсо, ар бир валюта боюнча өз-өзүнчө көрсөтүү зарыл).   

"Маалымат үчүн:" деген бөлүктө мамлекеттик ишканалардын, мамлекеттик үлүшкө ээ чарба жүргүзүүчү субъекттердин, мамлекеттик бийлик органдарынын эсептеринин саны, кардарларынын саны, эсептешүү эсептериндеги суммалар жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттердеги суммалар боюнча жалпы маалымат көрсөтүлөт.   

82-3. "Жеке белгиленгендерди кошо алганда, өздөштүрүлүп жаткан каржылоо жана депозиттерге тиешелүү максималдуу жана минималдуу үстөк баа боюнча маалыматтар" деп аталган З бөлүкчөсүндө каржылоонун жана депозиттердин максималдуу жана минималдуу үстөк баа чендери боюнча маалымат улуттук жана четөлкө валюталары боюнча өз-өзүнчө көрсөтүлөт. Ошону менен бирге эле, банк тутуму боюнча маалыматтарды талдап-иликтөө, салыштыруу жана жыйынтыктоо мүмкүнчүлүгү үчүн пайданын/кошумчаланган сумманын пайыздык маанидеги нормасын көрсөтүү зарыл.   

Эскертүү. Улуттук банкка сунушталуучу Мезгил-мезгили менен берилүүчү банктык регулятивдик отчеттун 1-18 чейинки бөлүктөрүнүн электрондук версиясында белгилүү бир талаптарды сактоо үчүн "Кетирилген каталар протоколу" пайдаланылат. Анда ката кетирилиши отчет туура эмес толтурулгандыгын билдирет.   

Е, Ж, З бөлүктөрү Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгына электрондук түрдө жана кагазга чыгарылган түрүндө сунушталат.   

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтомуна ылайык алынып салынган)   

  

21. 19-бөлүк. Банк кызматтары   

  

83. "Башкы кеңселердеги банктардын негизги кызматтары" А бөлүкчөсүндө банктын бекитилген тарифтерине ылайык, улуттук жана чет өлкө валютасында юридикалык жана жеке жактарга Башкы кеңсе тарабынан сунушталуучу кызматтардын наркы көрсөтүлөт.   

"Валютанын коду" 2-графада валютанын түрлөрү боюнча чет өлкө валютасында банк тарабынан сунушталуучу кызматтар боюнча тарифтерди бөлүү үчүн тамга түрүндөгү валюта коду ИСО 4217 боюнча) көрсөтүлөт. Улуттук валюта (эгерде банк аталган кызматты улуттук валютада сунуштап жаткан болсо) биринчи көрсөтүлөт.   

"Кызматтардын наркы" 3-графада отчет мезгилинин акыркы күнүнө карата абал боюнча кызматтарга декларацияланган тарифтер көрсөтүлөт, бардык графалар толтурулат. Эгерде банк кызматтарды акысыз көрсөтүп жаткан болсо, тиешелүү графада "0" көрсөтүлөт, эгерде көрсөтүлгөн кызмат банк тарабынан сунушталбаса, сызыкча коюлат. Кызматтардын наркы сөзсүз түрдө өлчөө бирдиги менен көрсөтүлөт (сом, суммадан % ).   

"Интернет  Банкинг" 1.2.2. жана "Мобилдүү  Банкинг" 1.2.3. пунктчаларында валюталардын түрлөрү боюнча бөлүштүрүлгөн маалымат көрсөтүлөт (улуттук жана чет өлкө валюталарында).   

"Акча которуулар системаларынын түрлөрү" 1-пунктунун 1.4.2. пунктчасында акча которууларга сунушталган кызматтардын наркын көрсөтүлбөстөн, банк иш алып барган чектүү жана эл аралык акча которуулар системасынын бардык түрлөрү көрсөтүлөт.   

өлөм карттарын тейлөө (түрлөрү боюнча)" 5-пунктунда банк тейлеген төлөм карттарынын түрлөрү боюнча бөлүштүрүлгөн кызматтардын наркы көрсөтүлөт.   

84. "Филиалдар боюнча банктардын кызматтары" Б бөлүкчөсүндө улуттук жана чет өлкө валютасында жеке жана юридикалык жактарга банк жана анын филиалдары тарабынан сунушталуучу бардык кызматтар, ошондой эле бул кызматтардын наркы банк бекиткен тарифтерге ылайык көрсөтүлөт.   

"Валютанын коду" 2-графа жана "Кызматтарды наркы" 3-графа "Башкы кеңселердеги банктардын негизги кызматтары" А бөлүкчөсүндөгү тиешелүү графалар менен окшоштуктар боюнча толтурулат.   

"Башкы кеңсе" 3-графадагы маалыматтар "Башкы кеңселердеги банктардын негизги кызматтары" А бөлүкчөсүндөгү "Кызматтар наркы" 3-графасындагы маалыматтарга сапка ыйгарылган номерге ылайык дал келүүгө тийиш.   

Кызматтардын наркы сөзсүз түрдө өлчөө бирдиктери менен көрсөтүлөт (сом, суммадан %).   

Отчеттуулук бардык филиалдар боюнча берилет. Филиалдардын тарифтери зарылдыгына жараша кошумча колонкаларда толтурулат.   

"Интернет  Банкинг" 1.2.1. жана "Мобилдүү  Банкинг" 1.2.2. пунктчаларында валюталардын түрлөрү боюнча бөлүштүрүлгөн маалымат көрсөтүлөт (улуттук жана чет өлкө валюталарында).   

үз дебеттөө" 1.3.10. пунктчасында түз дебеттөө боюнча сунушталуучу кызматтарды көрсөткөн маалыматтар көрсөтүлөт.   

"Акча которуулар системаларынын түрлөрү" 1.4.2. пунктчасында юридикалык жана жеке жактарга бөлүү менен банк иш алып барган чектүү жана эл аралык акча которуулар системасынын бардык түрлөрү көрсөтүлөт жана анда каражаттарды которуу үчүн комиссия көрсөтүлбөйт.   

өлөм карттарын тейлөө (түрлөрү боюнча)" 5-пунктунда банк тейлеген төлөм карттарынын түрлөрү боюнча бөлүштүрүлгөн кызматтардын наркы көрсөтүлөт.   

85. "Сыйлоо (кошумчаланган сумма), акча каражаттарына чегерилген, ислам каржылоо принциптерине ылайык тартылган (жайгаштырылган)" В бөлүкчөсүндөбанк кардарынын эсептериндеги акча каражаттары боюнча сыйлоонун өлчөмү, ошондой эле берилүүчү каржылоо боюнча кошумчаланган сумманын өлчөмүкөрсөтүлөт. Тартылган акча каражаттары боюнча банк тарабынан бекитилген сыйлоо жана кошумчаланган сумма, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга берилүүчүкаржылоо боюнча маалыматтарды областтар жана филиалдар боюнча көрсөтүү зарыл. Сыйлоо, кошумчаланган сумманын суммасын пайыздык туюнтмада берүүзарыл.   

Графаларда банк тарабынан мындай диапазон бекитилген учурда сыйлоонун/кошумчаланган сумманын диапазону көрсөтүлөт.   

Бөлүк кошумча графалар менен толтурулбайт, бекитилген форма толтурулат.   

86. "Каржылоо суммасынан пайыздар менен берилген каржылоонун түрлөрү боюнча кошумчаланган сумма" Г. бөлүкчөсүндө каржылоонун түрлөрү боюнча белгиленген кошумчаланган сумма улуттук жана чет өлкө валюталарында көрсөтүлөт. Кошумчаланган сумманы пайыздык туюнтмада көрсөтүү зарыл.   

87. "Эл аралык кредиттик тилкелерден сырткары каржылоо" А бөлүгүндө курулушка, турак жай сатып алууга жана керектөө максаттары үчүн жеке жактарга берилген каржылоонун суммасына, ошондой эле улуттук жана чет өлкө валюталарында коммерциялык максаттар үчүн юридикалык жактарга жана юридикалык билими жок жеке ишкерлерге берилген каржылоонун суммасына чегерилген кошумчаланган сумма көрсөтүлөт.   

88. "Эл аралык кредиттик тилкелер боюнча каржылоо" Б бөлүгүндө экспресс - каржылоо, микрокаржылоо, чакан каржылоо боюнча маалыматтар, эгерде бар болсо, эл аралык кредиттик тилкелер боюнча улуттук жана чет өлкө валюталарында айыл-чарба өнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча маалыматтар көрсөтүлөт.   

Графаларда кошумчаланган сумманын диапазону көрсөтүлөт.   

  

22. 20-бөлүк. Жол чектери менен жана карттардын эмиссиясы/эквайринги боюнча операциялар   

  

89. "Жол чектери менен операциялар" А. бөлүкчөсүндө республиканын областтары боюнча жол чектери менен жүргүзүлгөн операциялардын саны жана көлөмүкөрсөтүлөт.   

Таблицада жол чектеринин кыйла көбүрөөк колдонулган түрлөрү чагылдырылган. Чектердин башка түрлөрү менен операцияларды жүргүзгөн учурда кошумча тилкелерди кошуу жана аларды толтуруу зарыл.   

90. "Карттардын эмиссиясы/эквайринги боюнча операциялар" Б бөлүкчөсү карттардын эмиссиясын/эквайрингин жүргүзүүчү финансы-кредит мекемесинин ишин чагылдырат.   

"Карттардын түрү" деген 1-графада банк иш алып барган төлөм карттарынын бардык түрү саналып көрсөтүлөт (Visa, Master Card, Алай-кард, Демир-24 д.у.с.).   

"Транзакциялардын саны" деген 5-графада жана "Транзакциялардын көлөмү" 6-графада улуттук валюталарда гана жүргүзүлгөн акча каражаттарын накталай алуу операциялары көрсөтүлөт.   

"Транзакциялардын саны" 7-графада жана "Транзакциялардын көлөмү" 8-графада чет өлкө валютасын (АКШ долл. д.у.с.) көрсөтүү менен чет өлкөвалюталарында гана жүргүзүлгөн акча каражаттарын накталай алуу операциялары көрсөтүлөт.   

"Транзакциялардын саны" 9-графада жана "Транзакциялардын көлөмү" 10-графада улуттук валютада соода түйүндөрүндө акча каражаттарын төлөө боюнча транзакциялардын жалпы саны жана көлөмү көрсөтүлөт.   

"Транзакциялардын саны" тилкелеринде операциялардын саны бирдиктер менен көрсөтүлөт.   

91. "Жеке жактар үчүн карттардын эмиссиясы жана эквайринги" Б1 бөлүкчөсүндө жеке жактарга, карттардын түрлөрүнө жана Кыргыз Республикасынын региондоруна бөлүү менен чет жакадагы түзүлүштөрдү колдонууну жана карттардын эмиссиясын эске алуу менен карттардын эмиссиясын жана эквайрингин жүргүзүүчү финансы-кредит мекемелеринин ишин чагылдырат.   

1-графада банк иш алып барган, анын ичинде Кыргыз Республикасынын региондору боюнча алдын ала төлөнүп калган карттарды кошуу менен төлөм карттарынын бардык түрлөрү боюнча операциялар саналып көрсөтүлөт (Visa, Master Card, Алай-кард, Демир-24 д.у.с.).   

2-графада эсеп ачкан жана банктык төлөм карттарын алган кардарлардын жалпы саны карттардын түрлөрү, операциялардын түрлөрү жана Кыргыз Республикасынын региондору боюнча көрсөтүлөт.   

3-графада аталган системада жүгүртүүгө чыгарылган карттардын жалпы саны карттардын түрлөрү, операциялардын түрлөрү жана Кыргыз Республикасынын региондору боюнча көрсөтүлөт.   

4-графада магнит сызыгы менен аталган системада жүгүртүүгө чыгарылган карттардын саны карттардын түрлөрү, операциялардын түрлөрү жана Кыргыз Республикасынын региондору боюнча көрсөтүлөт.   

5-графада кредит функциясы менен карттардын саны көрсөтүлөт. Бул графага, ошондой эле овердрафт функциясы менен дебет карттарын киргизүүкарттардын түрлөрү, операциялардын түрлөрү жана Кыргыз Республикасынын региондору боюнча киргизилет.   

69-графаларында акча каражаттарын накталай алуу жана соода түйүндөрүндө төлөө боюнча карттарды колдонуу менен жүргүзүлгөн операциялардын саны жана көлөмү карттардын түрлөрү, операциялардын түрлөрү жана Кыргыз Республикасынын региондору боюнча көрсөтүлөт.   

1.1.-пунктчасында Кыргыз Республикасынын региондору боюнча маалымат берген бул банк тарабынан эмитирленген карттар боюнча жүргүзүлгөн операциялар көрсөтүлөт.   

1.2.-пунктчасы Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жана транзакциялары аталган банктын банкомат-терминал тарамында иштетилген башка банктар тарабынан эмиссияланган карттар боюнча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын региондору боюнча чагылдырат.   

1.3.-пунктчасы Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жайгашкан жана транзакциялары аталган банктын банкомат-терминал тарамында иштетилген башка банктар тарабынан эмиссияланган карттар боюнча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын региондору боюнча чагылдырат.   

1.4.-пунктчасында Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары аталган банк тарабынан эмиссияланган карттар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндөмаалымат Кыргыз Республикасынын региондору боюнча чагылдырылат.   

92. "Юридикалык жактар үчүн карттардын эмиссиясы жана эквайринги" Б2 бөлүкчөсүндө юридикалык жактарга, карттардын түрлөрүнө, операциялардын түрлөрүнөжана Кыргыз Республикасынын региондоруна бөлүү менен чет жакадагы түзүлүштөрдү колдонууну жана карттардын эмиссиясын эске алуу менен карттардын эмиссиясын жана эквайрингин жүргүзүүчү финансы-кредит мекемелеринин ишин чагылдырат.   

1-графада банк иш алып барган төлөм карттарынын бардык түрлөрү банк (Visa, Master Card, Алай-кард, Демир-24 ж.б.) боюнча операциялар, анын ичинде алдын ала төлөнгөн карттар, карттын түрлөрү, операция түрлөрү жана Кыргыз Республикасынын региондору боюнча катталат.   

2-графада эсеп ачкан жана банктык карт алган кардарлардын жалпы саны, карт түрлөрү, операция түрлөрү жана Кыргыз Республикасынын региондору боюнча чагылдырылат.   

3-графада бул система боюнча чыгарылган карттардын жалпы саны, карт түрлөрү, операция түрлөрү жана Кыргыз Республикасынын региондору боюнча чагылдырылат.   

4-8-графаларда улуттук жана чет өлкө валютасында нак акча каражаттарын алуу картын пайдалануу менен ишке ашырылган операциялардын саны жана көлөмү, карт түрлөрү, операция түрлөрү жана Кыргыз Республикасынын региондору боюнча катталат.   

9-10-графаларда соода түйүндөрүндө төлөө картын пайдалануу менен ишке ашырылган операциялардын саны жана көлөмү, карт түрлөрү, операция түрлөрүжана Кыргыз Республикасынын региондору боюнча көрсөтүлөт.   

11-14-графаларда банкоматтардын, кассалык жана соода терминалдардын, төлөм терминалдарынын ж.б. жабдуулардын саны, карт түрлөрү, операция түрлөрүжана Кыргыз Республикасынын региондору боюнча көрсөтүлөт.   

1.1-пунктчада маалымат сунуштаган банк тарабынан эмитирленген карттар боюнча операциялар Кыргыз Республикасынын региондору боюнча көрсөтүлөт.   

1.2.-пунктча өзүндө бул банктын банкомат-терминал түйүнүндө иштелип чыккан транзакциялар, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан башка банктар тарабынан эмитирленген карттар боюнча маалыматты камтыйт.   

1.3-пунктчада бул банктын банкомат-терминал түйүнүндө иштелип чыккан транзакциялар, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан башка банктар тарабынан эмитирленген карттар боюнча маалыматтар камтылат.   

1.4-пунктчада бул банк тарабынан Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эмитирленген карттары менен ишке ашырылган операциялары тууралуу маалыматтар чагылдырылат.   

93. В. "Аралыкта орнотулган жабдуулар" деп аталган бөлүкчөдө эсепке төлөм карттарын пайдалануу менен ошондой эле төлөм карттарын пайдалануусуз кирүүмүмкүнчүлүгүн камсыз кылган аралыкта орнотулган жабдуулар тууралуу маалымат чагылдырылат.   

1-графада төлөм карттарынын түрлөрү Кыргыз Республикасынын региондору боюнча көрсөтүлөт.   

2-графада банкоматтардын жалпы саны система түрлөрү жана Кыргыз Республикасынын региондору боюнча көрсөтүлөт.   

3 жана 4-графаларда нак акча берүү функциясы менен банкоматтардын саны система түрлөрү жана Кыргыз Республикасынын региондору боюнча көрсөтүлөт.   

5-7-графаларда нак акча кабыл алуу функциясы менен банкоматтардын саны система түрлөрү жана Кыргыз Республикасынын региондору боюнча чагылдырылат.   

8-11-графаларда электрондук терминалдардын түрлөрү боюнча: POS-терминалдар, ПВН, "cash-in" терминалдары (даанасы) маалымат система түрлөрү жана Кыргыз Республикасынын региондору боюнча катталат.   

 23. 21-бөлүк. "Төлөмдөр тууралуу малымат"   

94. Бул бөлүкдө Кыргыз Республикасындагы нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр системасынын абалы чагылдырылат.   

Бул бөлүкдүн А, Б жана В бөлүкчөлөрүндө банк кардарларынын чыгыш төлөмдөрү: банк кардарларынын филиалдар аралык, филиал ичинде жүргүзүлүүчүтөлөмдөрү жана банктын төлөмдөрүн кошо алганда, банктар арлык төлөмдөр көрсөтүлөт.   

Башкы офис өзүнчө эсепке алынат. Мында банктын ички эсептери аркылуу ишке ашырылган операциялар камтылбайт.   

Г бөлүкчөсүндө кардардын төлөмдөрү, банктын төлөмдөрүн кошо алганда, төлөм инструменттеринин түрлөрү боюнча чагылдырылат.   

Д, Е, Ж бөлүкчөлөрүндө акча которуу жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр системалары (SWIFT, Телекс, Банк-клиент ж.б.) боюнча ишке ашырылуучу кириш жана чыгыш төлөмдөрдүн (акча которуулардын) бардык түрлөрү көрсөтүлөт.   

95. А. "Кардарлардын ичик филиалдык чыгыш төлөмдөрү" деп аталган бөлүкчөсүндө кардарлар ортосунда бюджеттик жана бюджеттен тышкары бөлүштүрүүменен банктын ар бир филиалы ичинде улуттук валютада ишке ашырылган чыгыш төлөмдөрдүн көлөмү жана саны областтар боюнча чагылдырылат. Бул бөлүкгөбанктын төлөмдөрү да кирет.   

Мисалы. Мында, А банкынын филиалында (башкы офисинде) эсептешүү эсебин ачкан №1 кардар каражаттарды ушул эле А банкынын филиалында (башкы офисинде) эсепке ээ №2 кардарга которууну ишке ашырат.   

96. Б. "Банктар аралык филиалдар ортосунда ишке ашырылган төлөмдөр" деп аталган бөлүкчөсүндө бир банктын филиалдары ортосунда бюджеттик жана бюджеттен тышкары бөлүштүрүү менен улуттук валютада ишке ашырылган филиалдар аралык чыгыш төлөмдөрдүн көлөмү жана саны областтар боюнча чагылдырылат. Бул бөлүкдө кардарлардын бир филиал ичиндеги төлөмдөрү камтылбайт.   

Мисалы. Мында А банкынын филиалында эсептешүү эсебин ачкан №1 кардар каражаттарды ушул эле А банкынын башка филиалында эсептешүү эсебине ээ №2 кардарга которууну ишке ашырат.   

97. В. "Банктын филиалдар боюнча банктар аралык төлөмдөрү" деп аталган бөлүкчөсүндө банктын филиалдары тарабынан башкы офис аркылуу улуттук валютада Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан башка банктардын филиалдарынын пайдасына бюджеттик (РОК жана Соцфонд эсептеринде катталган: салыктар, жыйымдар жана алымдар ж.б.) жана бюджеттен тышкары ишке ашырылган чыгыш банктар аралык төлөмдөр областтар боюнча чагылдырылат. Бул бөлүкдө банк филиалдарынын, эсептери башка банктардын филиалдарында жайгашкан кардарларга төлөмдөрү камтылат.   

Мисалы. Мында А банкынын филиалында эсептешүү эсебин ачкан №1 кардар каражаттарды Б банкынын башка филиалында эсептешүү эсебине ээ №2 кардарга которууну ишке ашырат.   

98. Г. "Төлөм инструменттеринин түрлөрү боюнча төлөмдөр" деп аталган бөлүкчөдө ар ай сайын сунушталуучу, Кыргыз Республикасынын чегинде банктар сыяктуу эле, анын кардарлары тарабынан банктар ортосунда сыяктуу эле, банк ичинде анын филиалдары ортосунда жүзөгө ашырылуучу нак эмес төлөмдөрдүн бардык суммасы жана түрлөрүнүн саны көрсөтүлөт. Маалыматтар төлөм инструменттеринин түрлөрү жана Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча катталат. Отчет берүүдө отчеттук форманын аталышы деген жерде төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл: "Отчетто, Кыргыз Республикасынын чегинде улуттук валютадагы төлөмдөрдүжүргүзүү үчүн пайдаланылган төлөм инструменттеринин түрлөрү боюнча жыйынтыкталган маалыматтар камтылат".   

2-графада Кыргыз Республикасынын региондору боюнча төлөм инструменттеринин түрлөрү көрсөтүлөт.   

3-6-графаларда Кыргыз Республикасынын региондору боюнча Казыналыктын эсептери аркылуу ишке ашырылган төлөмдөр боюнча маалыматтар чагылдырылат.   

7-10-графаларда Кыргыз Республикасынын региондору боюнча Соцфонддун эсептери аркылуу ишке ашырылган төлөмдөр боюнча маалыматтар чагылдырылат.   

11-14-графаларда Кыргыз Республикасынын региондору боюнча банктар ортосунда жана ар кайсы банктардын кардарлары ортосунда жүзөгө ашырылган төлөмдөр боюнча маалыматтар көрсөтүлөт.   

15-18-графаларда Кыргыз Республикасынын региондору боюнча бир банк ичинде же бир банктын филиалдары ортосунда жүзөгө ашырылган төлөмдөр тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт.   

99. 21Г-1 "Электрондук төлөмдөр" деп аталган бөлүкчөдө Кыргыз Республикасынын региондору жана валюта түрлөрү боюнча электрондук төлөм инструменттери тууралуу маалымат камтылат.   

1-графада Кыргыз Республикасынын региондору боюнча электрондук төлөм түрлөрү тууралуу маалымат камтылат.   

2-графада Кыргыз Республикасынын региондору боюнча ушул электрондук төлөм инструментин пайдаланышкан кардарлардын саны көрсөтүлөт.   

3-4-графаларда Кыргыз Республикасынын региондору боюнча улуттук валютада ишке ашырылган төлөмдөрдүн саны (операция бирдигинде) жана көлөмү(миңсом) чагылдырылат.   

5-7-графаларда Кыргыз Республикасынын региондору боюнча, операциялардын саны (операция бирдиги), валюта коду жана улуттук валютанын бир мезгилдин акырына карата курсу боюнча кайрадан эсептелинген операция көлөмү (миң сом) чагылдырылат.   

100. Д. "Мамлекеттер боюнча система түрлөрүнө жараша чек ара аркылуу өтүүчү акча которуулар" бөлүкчөсүндө, отчеттук мезгил аралыгында банк өзү же кардарлардын тапшыруусу менен Кыргыз Республикасынын чегинде же андан тышкары эл аралык системалар боюнча чек ара аркылуу өтүүчү кириш жана чыгыш акча которууларынын бардык түрлөрү мамлекеттер боюнча чагылдырылат. Эгерде банк жана анын кардарлары бул бөлүкдүн толук тизмегинде көрсөтүлбөгөнөлкөлөрдүн/мамлекеттердин банктары же кардарлары менен кызматташса, аларды континент жана геосаясаттык аймактар боюнча бөлүштүрүлгөн тиешелүүпункттарга кошуу зарыл.   

101. Е. "Областтар боюнча система түрлөрүнө жараша чек ара аркылуу өтүүчү акча которуулар" бөлүкчөсүндө, отчеттук мезгил аралыгында банк өзү же кардарлардын тапшыруусу менен Кыргыз Республикасынын чегинде же андан тышкары эл аралык системалар боюнча чек ара аркылуу өтүүчү кириш жана чыгыш акча которуулардын бардык түрлөрү областтар боюнча чагылдырылат.   

102. Ж. "Система түрлөрү жана өлкөлөр боюнча чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр" бөлүкчөсүндө, отчеттук мезгил аралыгында банк өзү же кардарлардын тапшыруусу боюнча ишке ашырылуучу кириш жана чыгыш төлөмдөрдүн бардык түрлөрү көрсөтүлөт. Маалыматтар, чек ара аркылуу өтүүчү төлөм системаларынын түрлөрү боюнча (SWIFT, Телекс, Банк-клиент ж.б.) тооруктук, тооруктук эмес операцияларга жана которууларга бөлүштүрүү менен мамлекеттер боюнча көрсөтүлөт.   

"Валюта коду" деп аталган графада тамга түрүндөгү валюта коду (ИСО 4217) көрсөтүлөт. Төлөмдөр суммасы миң бирдигинде жана төлөм ишке ашырылган (каражаттарды которуу) валютада көрсөтүлөт.   

Эгерде бөлүкдө банк иш алып барган төлөмдөр системасы (каражаттарды которуу) көрсөтүлбөсө, анда кошумча саптарды толтуруу зарыл.   

103. З. "_________ төлөм системасында ишке ашырылган төлөмдөрдүн (которуулардын) саны жана көлөмү боюнча отчет" бөлүкчөсүндө отчеттук ай ичинде локалдык, эл аралык акча которуулар системасында ишке ашырылган төлөмдөрдүн (которуулардын), төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн жана чек ара аркылууөтүүчүтөлөмдөрдүн (SWIFT, Telex ж.б.) сандык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалымат камтылат. Отчет, отчеттук айдын күнүнө жараша валютага ылайык ар бир система боюнча өз-өзүнчө түзүлөт.   

Отчеттун аталышынын жанында системанын тиешелүү аталышы көрсөтүлөт (Western Union, SWIFT, Элкарт ж.б.).   

Аталышынын астында:   

· "Төлөм системасынын түрү" Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 28-майында бекитилген, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 4-июлунда 67-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн Кыргыз Республикасынын төлөм системанын көзөмөлдүкү жүзөгө ашыруу тартибинин 1-тиркемесине ылайык системанын түрү көрсөтүлөт. Мисалы, 3  эгерде система төлөм карттары менен эсептешүүнүн локалдык системасына караштуу болсо, 4 эгерде система төлөм карттары менен эсептешүүнүн эл аралык системаларына кирсе ж.б.;   

· "Төлөм системасынын оператору" системанын операторунун теиешлүү аталышы көрсөтүлөт (мисалы, Коммерциялык эмес уюм "Вестерн Юнион ДП Восток" ЖЧКсы, "БПБ" ЖАК ж.б.);   

· "Валюта" валюта коддорунун ИСО 4217 классификатору боюнча тамга түрүндөгү валюта коду көрсөтүлөт.   

1-графада "күндөр (күнү) "күнү.айы.жылы" форматында чагылдырылат, мисалы, 01.04.2008-ж. Ар бир күн боюнча эки сап толтурулат: биринчи  кириш (банктын система аркылуу банк-алуучунун операциясы катары өткөрүлгөн операциясы), экинчи  чыгыш (банктын система аркылуу банк-жөнөтүүчүнүн операциясы катарыөткөрүлгөн операциясы) төлөмдөр (которуулар) боюнча. Электрондук форматтагы чыгыш төлөмдөр боюнча сапты негизги форматтан башка түс менен белгилөөзарыл.   

Төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасы боюнча:   

кириш төлөмдөргө системанын кайсыл болбосун (өз же башка банктын) терминалдары, банкоматтары (эгерде банкомат мындай функцияны аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо) жана башка аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу карт ээсинин (банк кардарынын) эсебин толтуруу боюнча операцияларды гана чегерүү зарыл. Мисалы, эгерде банк кардары өз эсебин бул жабдуу кимге таандык экендигине көз карандысыз системанын терминалы же башка аралыкта орнотулган жабдуусу аркылуу толтурса, бул операция кириш төлөмдөрдүн катарына киргизилүүгө тийиш.   

Карттарды пайдалануу менен акча которууларды ишке ашырууда (Р2Р операциялар):   

- эгерде акча каражаттары карт ээсинин (банк кардарынын) эсебине келип түшсө, анда мындай операция да кириш төлөмдөрдүн катарына чегерилүүгө тийиш;   

- эгерде акча каражаттары карт ээсинин (банк кардарынын) эсебинен алынса, анда мындай операция чыгыш төлөмдөрдүн катарына чегерилүүгө тийиш.   

Чыгыш төлөмдөргө, ошондой эле, өзүнүн банкоматтары, терминалдары жана системанын аралыкта орнотулган башка жабдуулары аркылуу гана бардык карт ээлеринин нак акчага айландыруу, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр боюнча операциялары да кирет (өзүнүн сыяктуу эле, башканын да).   

"Валюта курсу" деп аталган 2-графада Улуттук банк тарабынан отчеттук күнгө карата белгиленген валютанын курсу көрсөтүлөт.   

"Отчеттук күн ичинде ишке ашырылган төлөмдөрдүн (которуулардын) саны" деп аталган 3-графада отчеттук күн ичинде ишке ашырылган төлөмдөрдүн саны чагылдырылат (маалыматтардын форматы бүтүнгө чейин тегеректелген сан түрүндө).   

"Жыл ичинде орточо күндүк маани" деп аталган 4-графада төмөнкү формула боюнча алынган маани чагылдырылат: 1-январдан тартып отчеттук күнгөчейинки мезгил аралыгындагы төлөмдөрдүн (которуулардын) жалпы саны жыл башынан отчеттук күнгө чейин төлөмдөр (которуулар) ишке ашырылган күндөрдүн санына бөлүнөт. Көрсөткүчтүн мааниси эреже боюнча бүтүн санга чейин тегеректелет.   

"Орточо күндөн четтөө5-графада төмөнкү формула боюнча алынган маани көрсөтүлөт: 3-графанын мааниси минус 4-графанын мааниси. Көрсөткүчтүн мааниси бүтүнгө чейин тегеректөө эрежеси боюнча тегеректелет.   

"Жыл ичиндеги бир күндөгү эң жогорку маани" 6-графада 01-январдан тартып отчеттук күндүн датасына чейинки мезгил ичинде, күнүнө төлөмдөрдүн санынын эңмаксималдуу мааниси көрсөтүлөт.   

Көрсөткүчтүн мааниси бүтүнгө чейин тегеректөө эрежеси боюнча тегеректелет.   

"Концентрациялоо коэффициенти" 7-графада отчеттук күн ичинде төлөмдөрдүн ири көлөмдөрүнүн болуусуна жараша эсептелет. Төлөмдөрдүн (которуулардын) ири көлөмдөрү өткөн мезгил үчүн система боюнча мурдагы төлөмдөрдүн статистикалык маалыматтарынын негизинде, ар бир айрым система үчүн банк тарабынан белгиленген көлөмдөрдүн чегинде тандалат. Анын ичинен 5тен ашык эмес катышуучунун (кардардын) төлөмдөрү тандалат, мындай төлөмдөрдүн (которуулардын) суммасы саны эсептелет. Андан кийин отчеттук күн ичинде төлөмдөрдүн (которуулардын) жалпы санында төлөмдөрдүн (которуулардын) санынын алынган маанисинин үлүшү (%да) аныкталат. . Графанын мааниси үтүрдөн кийин эки белгиге чейин тегеректөө менен ондук санда берилет.   

11-графадан тышкары, 8-13-графаларын толтуруу 3-7-графаларын толтуруу сыяктуу төлөмдөрдүн (которуулардын) көлөмдөрүнө карата гана ушундай эле толтурулат. "Ушул күн үчүн эң жогорку маани" 11-графада ушул күн үчүн бир төлөмдүн (которуунун) максималдуу мааниси көрсөтүлөт. Көлөмдөрдүн мааниси үтүрдөн кийин эки белгиге чейин тегеректөө менен ондук формада валютанын миң бирдикте берилет.   

Валюта боюнча маалыматтардын аягына чет өлкө жана улуттук валютада маанини кошо алганда, "Бир ай үчүн бардыгы" жыйынтыктоочу сап көрсөтүлөт. Маалыматтар кириш жана чыгыш төлөмдөрү (которуулары) боюнча берилиши тийиш. Улуттук валютадагы төлөмдөрдүн (которуулардын) көлөмүнүн мааниси тиешелүү отчеттук күн үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген валюталардын алмашуу курсу боюнча эсептелет. Жыйынтыктоочу саптагы төмөнкү графа боюнча:   

· 3  3-графа боюнча бардык тилкенин маанисинин жалпы суммасы көрсөтүлөт;   

· 4  төлөмдөр (которуулар) болбогон күндөрдөн тышкары, 4-графа боюнча бардык тилкенин маанисинин жалпы суммасы көрсөтүлөт;   

· 5  төмөнкү формула боюнча алынган маани көрсөтүлөт: 3-графанын мааниси минус 4-графанын мааниси. Көрсөткүчтүн мааниси бүтүнгө чейин тегеректөөэрежеси боюнча тегеректелет;   

· 6  6-графа боюнча маани отчеттук мезгилдин акыркы күнү үчүн жылдырылат;   

· 7  7-графа боюнча саптын орточо арифметикалык мааниси (концентрациялоо коэффициенти эсептелгенде, күндөрдүн санына бөлүү);   

· 8, 9, 10, 12, 13-графалары 3-7-графалары менен ушундай эле көрсөтүлөт. 11-графа толтурулбайт. Отчеттун башка барагына өтүүдө, отчеттун шапкасы толук басылбайт, графаларды нумерациялоо гана басылат   

  

Башка валютада маалыматтардын болушу ошондой эле башка валютанын коду көрсөтүлөт жана төмөнкү таблицада ушул валютага карата маалымат ошондой эле көрсөтүлөт.   

Отчет система боюнча төлөмдөр (которуулар) жүргүзүлгөн бардык валюталар боюнча толтурулат.   

Банк тарабынан пайдаланылган ар бир башка система боюнча айрым маалыматтар, системанын аталышынан жана отчеттун башынан баштап ошондой эле көрсөтүлөт.   

Эскертүү: Аталган бөлүкчө боюнча коштомо катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:   

Ш маалыматтар берилген отчеттук мезгил ;   

Ш банкта орун алган акча которуулар системасынын (локалдык, эл аралык), чек аралар аралык төлөмдөр системасынын тизмеси;   

Ш эгерде ишке ашырылган болсо, отчеттук мезгил ичинде акча которуулар системасы (локалдык, эл аралык), чек ара аркылуу которуу системасы боюнча ишке ашырылган которуулардын тизмеси.   

104. "__________ төлөм системасы тарабынан иштелип чыгууга кабыл алынбаган төлөмдөрдүн (которуулардын) саны жана көлөмү жөнүндө отчет" И. бөлүкчөсүндө система тарабынан иштеп чыгууга кабыл алынбаган төлөм документтеринин саны жана көлөмү тууралуу маалымат көрсөтүлөт. Отчет ар бир айрым система боюнча (акча которуулар, чек аралар аралык төлөмдөр системасы (SWIFT, Telex ж.б), төлөм карттары менен эсептешүү системасы) бир айдын күнү жана кабыл албоо себептери боюнча валюталар боюнча түзүлөт.   

Отчеттун аталышынын уландысында системанын (мисалы, Western Union, SWIFT, Элкарт ж.б) тиешелүү аталышы көрсөтүлөт.   

Төмөнкү тилкелерде:   

· өлөм системасынын түрүУлуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы №22/11 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2008-жылдын 4-июлунда каттоо номери №67-08 менен катталган, Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү жүзөгөашыруу боюнча эрежелердин 1-тиркемесине ылайык, системанын түрү көрсөтүлөт. Мисалы, 3, эгер система төлөм карттары менен локалдык эсептешүүсистемаларына кирсе, 4, эгер система төлөм карттары менен эл аралык эсептешүү системасына кирсе ж.б)   

· "ТС оператору" системасынын операторунун тиешелүү аталышы (мисалы, "Вестерн Юнион ДП Восток" КЭУ ЖЧК, "МПЦ" ЖАК ж.б.у.с) көрсөтүлөт;   

· "Валюта" валюталардын коддорунун классификатору боюнча валюталардын тамга түрүндөгү коду көрсөтүлөт ИСО 4217.   

1-графадагы "күндөр (даталар)" "күнү, айы, жылы" форматындагы, мисалы, 01.04.2008 датасы көрсөтүлөт.   

2-3-графаларда отчеттук күн ичинде Улуттук банк тарабынан белгиленген валютанын алмашуу курсу жана төлөм (которуу) системасынын кабыл албоо себептеринин аталышы көрсөтүлөт.   

4-графада бүтүнгө чейин тегеректөө эрежеси боюнча сандык форматындагы төлөмдөрдүн (которуулардын) системасы тарабынан кабыл алынбай калгандардын саны көрсөтүлөт.   

5,6-графалардагы төлөмдөрдүн (которуулардын) көлөмүнүн мааниси үтүрдөн кийин эки белгиге чейин тегеректөө менен сандык форматындагы валютасы миңбирдикте сунушталат.   

Ар бир валюта боюнча системада төлөмдөрдү кабыл албоо себептери боюнча бир ай үчүн жыйынтыктоочу сап басылат.   

Эскертүү: Эгер отчеттук күн ичинде акча которуулар (локалдык, эл аралык) системалар, чек аралак аралык төлөмдөр системалары боюнча төлөмдөрдү/которууларды иштеп чыгууга кабыл албоо учурунда, анда "21И" формасы тиркелбейт жана бул факт коштомо катта көрсөтүлөт.   

105. Чейрек сайын негизде берилүүчү "системадагы өзгөчө кырдаалдар жөнүндө отчет" К. бөлүкчөдө системадагы төмөнкүлөрдүн келип чыгышы менен байланыштуу штаттык эмес кырдаалдар тууралуу маалымат чагылдырылат:   

· Энергия менен жабдуудагы үзгүлтүктөр;   

· Аппараттык же программалык камсыздоонун иштебей калган учурлар;   

· байланыш каналдарынын иштебей калышы;   

· иш регламентинин бузулушу;   

· форс-мажордук жагдайлар.   

Отчеттун жогорку сол бурчунда системаны колдонгон банктын аталышынын көрсөтүлүшү зарыл.   

Отчет ар бир система боюнча өзүнчө түзүлөт.   

"№" 1-графада  мүнөздөлгөн өзгөчө кырдаалдардын иреттик саны көрсөтүлөт.   

"Үзгүлтүктүктүн келип чыгуу күнү жана убактысы (мүнөт/саат)" 2-графада "күнү, айы, жылы/сааты.мүнөтү (мисалы, 01.02.2009/16:50) форматындагыөзгөчөкырдаалдын келип чыгуу күнү жана " / " аркылуу убакыты көрсөтүлөт.   

"Үзгүлтүк четтетилген күнү жана убактысы (мүнөт/саат)" 3-графада - жылы/сааты/мүнөтү (мисалы, 01.02.2009/18:10) форматындагы өзгөчө кырдаалдын четтетилген күнү жана " / " аркылуу убакыты көрсөтүлөт.   

"Үзгүлтүктүн мүнөздөмөсү" 4-графада  өзгөчө кырдаалдын (мисалы, системага жеткиликтүүлүктүн жоктугу, билдирүүлөрдү түзүүнүн жана жеткирүүнүн мүмкүн эместиги ж.б.у.с.) жагдайларын мүнөздөмөсү көрсөтүлөт.   

"Үзгүлтүктүн себептери (ПК, аппараттык камсыздоо ж.б.у.с) 5-графада  электр менен жабдуунун өчүрүлүшү, ж.б кесепетинен байланыш каналдарынынүзгүлтүктүн кесепетинен өзгөчө кырдаалдын келип чыгуусуна алып келген иш үзгүлтүгүнүн себептеринин (мисалы, конкреттүү жабдуунун үзгүлтүккөучурашы (оператордун жумушчу станциясынын, сервердин, үзгүлтүксүз ток берүү булагы ж.б) мүнөздөмөсү көрсөтүлөт.   

"Үзгүлтүккө жол берилген убакыт (мүн)" 6-графада  мезгил ичинде системанын үзгүлтүккө жол берилген жана бул кырдаал банк үчүн финансылык тобокелдиктерге алып келбеген максималдуу бир мезгил (мисалы, 90 мүнөт же 30 мүнөт ж.б) көрсөтүлөт.   

"Үзгүлтүктүн мүнөзү (олуттуу/анчалык маанилүү эмес, системанын жарым-жартылай же толук токтоп калуусу)" 7-графада  системанын иштешине келип чыкканөзгөчө кырдаалдын таасиринин деңгээлин мүнөздөмөсү көрсөтүлөт.   

"Үзгүлтүктү четтетүү боюнча кабыл алынган чаралар" 8-графада  ордун, жооптуу аткаруучуну жана иштин түрүн кошо алганда, өзгөчө кырдаалдын келип чыгууга алып келген үзгүлтүктүн себептерин четтетүү боюнча кабыл алынган бардык чаралардын тизмеси жана мүнөздөмөсү көрсөтүлөт (мисалы, банктын адиси тарабынан (системанын операторунун персоналы тарабынан) резервдик жабдууга, резервдик байланыш каналына өткөрүү жүргүзүлгөн, банктын адистеринин (же системанын операторунун) көмөгү алдында жабдууларды алмаштыруу ж.б өткөрүлгөн).   

"Техникалык мүнөздөгү иш үзгүлтүгүнүн финансылык тобокелдиктин келип чыгышына тийгизген таасири (бар/жок)" 9-графада  жалпысынанөзгөчөкырдаалдын финансылык тобокелдиктин келип чыгышына таасирин тийгиздиби (ооба же жок) көрсөтүлөт.   

"Техникалык мүнөздөгү иш үзгүлтүгүнүн кесепети (айыптык санкциялар түрүндө чыгымдардын келип чыгышы) 10-графада  бир мезгил ичинде кызматтарды көрсөтүү мүмкүн болбогондугунан улам, айыптык санкциялар же алынбаган пайда катары чыгымдарга алып келген өзгөчө кырдаалдын келип чыгышынын кесепеттери, алардын сандык мааниси чагылдырылат, (мисалы, бир мезгил ичинде система 2 саатка токтоп калган учурда, алынбаган 10 000 миң сомду түзгөн ж.б.).   

"Эскертүү" 11-графада  зарыл учурда өзгөчө кырдаалдар тууралуу кошумча маалымат көрсөтүлөт".   

Эскертүү: Эгер отчеттук мезгил ичинде, системада өзгөчө кырдаал учурлары жок болсо, анда "21К" формасы тиркелбейт жана аталган факт коштомо катта көрсөтүлөт.   

  

106. Ай сайын негизде берилүүчү "Системада алдамчылыкка баруу менен ишке ашырылган транзакциялар жөнүндө маалымат" Л.-бөлүкчөдө төлөм карталары менен эл аралык, локалдык, улуттук эсептешүү системаларда алдамчылыкка баруу менен ишке ашырылган операциялар жөнүндө маалымат (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-январындагы №4/6 токтому менен бекитилген, "Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" Жобонун 2.2 жана 4.2.6-пункттарына ылайык) чагылдырылат   

Төмөнкү тилкелерде:   

· өлөм системасынын түрү" - Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы №22/11 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2008-жылдын 4-июлундагы каттоо номери №67-08 менен катталган, Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү жүзөгөашыруу боюнча эрежелердин 1-тиркемесине ылайык, төлөм системасынын түрү көрсөтүлөт. Мисалы, эгер система төлөм карталар менен локалдык эсептешүүсистемаларына кирсе 3, эгер система төлөм карталары менен эл аралык эсептешүү системаларына кирсе 4. Сапты улантууда "" аркылуу төлөм системасынын аталышы көрсөтүлөт (мисалы, 4  Visa Int, 3 - Алай карт, 5 - Элкарт и т.п.);   

· өлөм системасынын оператору" - системанын операторунун тиешелүү аталышы көрсөтүлөт (мисалы, "РУКАРД" процессинг компаниясы, "РСК" ЖАК ААК, МПЦ ж.б.);   

· "Катышуучу" - банктын аталышы көрсөтүлөт.   

"№" 1-графада алдамчылыкка баруу менен мүнөздөлгөн операциялар иреттик номери көрсөтүлөт.   

"Соода-сервистик ишканалардын аталышы жана терминалдын №" 2-графада  соода-сервистик ишкананын, банктын филиалынын же аманат кассасынын аталышы жана " / " аркылуу системанын (терминалдын, банкоматтын же башка жабдуулардын) кайсы жерден алдамчылыкка баруу менен операция жүргүзүлгөн (мисалы, Бета Сторес/POS0000123, Народный/АТМ000045 ж.б). аралыкта орнотулган жабдуунун аталышы жана номери көрсөтүлөт. Графадагы маалыматтар соода-сервистик ишканалардын аталыштары боюнча жана аралыкта орнотулган жабдуулардын аталыштары жана номерлери боюнча ичинде тартипке келтирилиши керек.   

"Соода-сервистик ишканалардын иш багыты" 3-графада  эл аралык төлөм системаларынын (мисалы, супермаркет, дарыкана, мейманкана, бут кийи дүкөнү, турагенттик ж.б) коддорунун маалымдамасына ылайык, аталган Соода-сервистик ишканаларда сатылуучу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү (б.а. ишканалардын категорияларынын аталышы - Merchant category codes Name - МСС Name) көрсөтүлөт.   

Эгер бул банктын филиалы же аманат кассасы болгон учурда, анда 3-графада төмөнкүлөр көрсөтүлөт: "нак акча берүү", "төлөмдөрдү төлөө" ж.б.   

"Эквайер  системасынын катышуучунун аталышы" 4-графада  эквайер  банктын (аталган соода-сервистик ишканаларда аралыкта орнотулган жабдуунун орноткон банктын) тиешелүү аталышы көрсөтүлөт.   

"Карттын №" 5-графада  карттын, аны пайдалануу менен алдамчылыкка баруу менен операция жүргүзүлгөн номери көрсөтүлөт.   

"Эмитент  системасынын катышуучунун аталышы" 6-графада  картты пайдалануу менен алдамчылыкка баруу менен операция жүргүзүлгөн эмитент-банктын аталышы көрсөтүлөт.   

"Транзакциянын валютасы" 7-графада  ИСО 4217 валюталар коддорунун классификатору боюнча операциянын валютасынын тамга түрүндөгү коду көрсөтүлөт.   

"Транзакциянын суммасы" 8-графада  алдамчылыкка баруу менен ишке ашырылган операциянын суммасы көрсөтүлөт.   

"Транзакциянын күнү жана убактысы" 9-графада  "күнү, айы, жылы/саат, мүнөтү" форматында (мисалы, 01.02.2009/18:10) операцияны демилгелөө күнү жана " / " аркылуу убактысы көрсөтүлөт.   

"Транзакциянын түрү" 10-графада  тиешелүү төлөм системасы тарабынан кабыл алынган алдамчылыкка баруу менен ишке ашырылган операциянын түрүкөрсөтүлөт (мисалы, А09, АА, АС1 ж.б.).   

"Транзакцияны мүнөздөмөсү" 11-графада  10-графадагы транзакциянын тиешелүү түрүнө ылайык келген алдамчылыкка баруу менен ишке ашырылган операциянын мүнөздөмөсү көрсөтүлөт (мисалы, уурдап алынган карт менен транзакция, авторизациялоонун санынын жогорулашы ж.б.).   

"Аталган соода-сервистик ишканалар боюнча транзакциялардын жалпы саны" 12-графада  отчеттук мезгил ичинде соода-сервистик ишканалар системасынын аталган аралыкта орнотулган жабдуу боюнча бардык транзакциялардын жалпы саны көрсөтүлөт.   

"Жалпы санына карата алдамчылыкка баруу менен транзакциялардын %" деген 13-графада - соода-сервистик ишканаларда аталган системалардын аралыкта орнотулган жабдуулар боюнча бардык транзакциялардын жалпы санында алдамчылыкка баруу менен операциялардын санынын үлүшү көрсөтүлөт.   

Эскертүү: Эгерде отчеттук мезгил аралгында системада алдамчылык транзакциялары менен операциялар ишке ашырылбаса, "21Л" формасы тиркелбейт жана бул факт коштомо катта көрсөтүлөт.   

  

24. 22-бөлүк. Чет өлкө валютасында ишке ашырылган операциялар тууралуу отчет   

  

107. Бул бөлүктө коммерциялык банктардын отчеттук күн ичинде нак жана нак эмес чет өлкө валютасында ишке ашырылган операциялары тууралуу, ошондой эле коммерциялык банктарда тейлөөгө алынуучу алмашуу бюролорунун нак чет өлкө валютасындагы операциялары жөнүндө маалыматтар камтылат.   

108. А бөлүкчөсү. Нак эмес чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча отчет.   

үндүн башталышына карата калдык, бардыгы болуп" деген сапта күндүн башталышына карата резидент-банктардагы жана резидент эмес-банктардагы корреспонденттик эсептердеги чет өлкө валютасындагы нак эмес акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт.   

"анын ичинде резидент-банктардагы эсептешүү (ностро) эсептеринде" деген сапта күндүн башталышына карата резидент-банктардагы корреспонденттик эсептердеги чет өлкө валютасындагы нак эмес каражаттардын суммасы көрсөтүлөт.   

"анын ичинде резидент эмес банктардагы эсептешүү (ностро) эсептеринде" деп аталган сапта резидент эмес банктардын корреспонденттик эсептериндеги чет өлкө валютасындагы нак эмес каражаттардын күндүн башталышына карата суммасы берилет.     

 

 

"Валюталардын агылып кириши, бардыгы болуп" сабында отчеттук күн ичинде келип түшкөн нак эмес чет өлкө валютасынын жалпы суммасы катталат.   

"Банктардан жана финансы-кредит мекемелеринен алынган каржылоо" сабында банктардан жана финансы-кредит мекемелеринен алынган нак эмес четөлкөвалютасындагы каржылоо суммасы чагылдырылат.   

"Банктарга жана башка финансы-кредит уюмдарына мурда берилген каржылоолорду төлөө" сабында мурда сунушталган каржылоонун ордун жабуунун эсебине банктардан жана финансы-кредит мекемелеринен келип түшкөн нак эмес чет өлкө валютасындагы сумма көрсөтүлөт.   

"кардарларга сунушталган каржылоонун ордун жабуу" деген сапта мурда сунушталган каржылоонун ордун жабуунун эсебине кардарлардан (банктар жана башка финансы-кредит мекемелеринен тышкары) келип түшкөн нак эмес чет өлкө валютасындагы сумма катталат.   

"Кардарлардын эсептерине келип түшкөн каражаттар" сабында кардарлардын (банктар жана башка финансы-кредит мекемелеринен тышкары) эсептерине нак эмес чет өлкө валютасында келип түшкөн сумма көрсөтүлөт.   

"алардын ичинен, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоодон келип түшкөн каражаттар" деген сапта отчеттук күн ичинде кардарлардын эсептерине товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоодон келип түшкөн нак эмес чет өлкө валютасындагы сумма көрсөтүлөт.   

"Каражаттардын банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин эсептешүү (лоро) жана башка эсептерине келип түшүүсү" сабында банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин эсептешүү (лоро) жана башка эсептерине келип түшкөн нак эмес чет өлкө валюта суммасы катталат.   

"Башка банктардагы эсептерден каражаттарды алуу" деген сапта башка банктардагы эсептерден каражаттарды алуудан келип түшкөн нак эмес четөлкөвалютасынын суммасы чагылдырылат.   

"Акча которуу (эсеп ачуусуз), пластик карттары, чектер ж.б. боюнча каражаттардын түшүүсү" деген сапта банктын кардарлары үчүн акча которуу (эсеп ачуусуз), пластик карттары, чектер ж.б. боюнча келип түшкөн нак эмес чет өлкө валюта суммасы көрсөтүлөт.   

"Сатылып алынган, бардыгы болуп" деген сапта банк тарабынан сомго сатылып алынган нак эмес чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"Орточо салмактанып алынган курс" деген сапта сатылып алынган нак эмес чет өлкө валютасынын орточо салмактанып алынган курсу көрсөтүлөт.   

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан сатылып алынган" деген сапта Улуттук банктан сомго сатылып алынган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы катталат.   

"Резидент-банктардан сатылып алынган" деген сапта резидент-банктардан сомго сатылып алынган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.   

"Резидент эмес-банктардан сатылып алынган" сабында резидент эмес-банктардан сомго сатылып алынган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.   

"СВОП-операциялары боюнча чет өлкө валютасынын түшүүсү, бардыгы болуп" сабы толтурулбайт.   

"Улуттук банк менен ишке ашырылган СВОП-операциялар боюнча чет өлкө валютасынын түшүүсү, бардыгы болуп" сабы толтурулбайт.   

"Банктар жана башка ФКМдер менен ишке ашырылган СВОП-операциялар боюнча чет өлкө валютасынын түшүүсү, бардыгы болуп" сабы толтурулбайт.   

"Мурда ишке ашырылган СВОП-операциялар боюнча сунушталган чет өлкө валютасын кайтаруу, бардыгы толуп" сабы толтурулбайт.   

"Мурда Улуттук банк менен ишке ашырылган СВОП-операциялар боюнча сунушталган чет өлкө валютасын кайтаруу, бардыгы болуп" сабы толтурулбайт.   

"Мурда банктар жана башка ФКМдер менен ишке ашырылган СВОП-операциялар боюнча сунушталган чет өлкө валютасын кайтаруу, бардыгы болуп" сабы толтурулбайт.   

"Нак эмес акчага айландыруу" сабында комиссиялык төлөмдү эске албаганда, ошол эле нак валютага алмашуудан келип түшкөн нак эмес чет өлкөвалютасынын суммасы көрсөтүлөт.   

"Конвертация" сабында башка валютага алмаштыруудан келип түшкөн нак эмес чет өлкө валютасынын суммардык көлөмү чагылдырылат.   

"Башка агылып кирүүлөр" сабында негизги статьялар тизмегинде камтылбаган операциялар боюнча нак эмес чет өлкө валютасындагы түшүүлөрдүн суммасы чагылдырылат.   

"анын ичинен корреспонденттик эсепти толуктоонун эсебинен агылып кирүү" деген сапта корреспонденттик эсептерин толуктоонун эсебинен келип түшкөн нак эмес чет өлкө валюталарынын суммасы көрсөтүлөт.  

 "Валютанын агылып чыгуусу, бардыгы болуп" деген сапта отчеттук күн ичинде каражатталган нак эмес чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"Банктарды жана башка финансы-кредит мекемелерин каржылоо" деген сапта банктарга жана башка финансы-кредит мекемелерине нак эмес четөлкөвалютасында сунушталган каржылоо суммасы чагылдырылат.   

"Банктардан жана башка финансы-кредит мекемелеринен алынган каржылоонун ордун жабуу" сабында мурда банктардан жана башка финансы-кредит мекемелеринен алынган каржылоонун ордун жабуунун эсебине багытталган нак эмес чет өлкө валюта суммасы көрсөтүлөт.   

"Кардарларды каржылоо" сабында кардарларга нак эмес чет өлкө валютасында сунушталган каржылоо суммасы чагылдырылат (банктардан жана башка финансы-кредит мекемелеринен тышкары).   

"Кардарлардын эсебинен каражаттарды алуу" деген сапта кардарлардын (банктардан жана башка финансы-кредит мекемелеринен тышкары) эсептеринен жана башка эсептеринен кайтарылып алынган нак эмес чет өлкө валюта суммасы көрсөтүлөт.   

"анын ичинде, кардарлардын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр импорту боюнча контракттарына төлөөлөр" сабында отчеттук күн ичинде кардарлардын эсептешүү эсептеринен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр импорту боюнча контракттарына төлөө үчүн чыгымдалган нак эмес чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"Башка банктардагы эсептерге каражаттарды жайгаштыруу" сабында башка банктардагы эсептерде жайгаштырылган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы чагылдырылат.   

"Каражаттарды банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин эсептешүү (лоро) жана башка эсептеринен алуу" сабында банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин эсептешүү (лоро) жана башка эсептеринен кайтарылып алынган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы катталат.   

"Акча которуулар (эсеп ачуусуз), пластик карттары, чектер ж.б. боюнча каражаттарды төлөө" сабында банк кардарларына акча которуулар (эсеп ачуусуз), пластик карттары, чектер ж.б. боюнча төлөнгөн нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.   

"Сатылганы, бардыгы болуп" сабында банк тарабынан сомго сатылган нак эмес чет өлкө валютасынын жалпы суммасы чагылдырылат.   

"Орточо салмактанып алынган курс" сабында сатылган нак эмес чет өлкө валютасынын орточо салмактанып алынган курсу көрсөтүлөт.   

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сатылган" деген сапта Улуттук банкка сомго сатылган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.   

"Резидент-банктарга сатылган" деген сапта резидент-банктарга сомго сатылган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.   

"Резидент эмес-банктарга сатылган" деген сапта резидент эмес-банктарга сомго сатылган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.   

"СВОП-операциялар боюнча сунушталган чет өлкө валютасы, бардыгы болуп" деген сап толтурулбайт.   

"Улуттук банк менен СВОП-операциялар боюнча сунушталган чет өлкө валютасы, бардыгы болуп" деген сап толтурулбайт.   

"Банктар жана башка финансы-кредит мекемелери менен СВОП-операциялар боюнча сунушталган чет өлкө валютасы, бардыгы болуп" сабы толтурулбайт.   

"Мурда келишилген СВОП-операциялар боюнча тартылган чет өлкө валютасын кайтаруу, бардыгы болуп" сабы толтурулбайт.   

"Улуттук банк менен мурда келишилген СВОП-операциялар боюнча тартылган чет өлкө валютасын кайтаруу, бардыгы болуп" сабы толтурулбайт.   

"Банктар жана башка финансы-кредит мекемелери менен мурда келишилген СВОП-операциялар боюнча тартылган чет өлкө валютасын кайтаруу, бардыгы болуп" сабы толтурулбайт.   

"Нак акчага айландыруу" сабында комиссиялык төлөмдү эске алуусуз ошол эле нак валютага алмаштырылуучу нак эмес чет өлкө валютанын суммасы көрсөтүлөт.   

"Конвертация" сабында башка валютага алмаштыруу үчүн сунушталган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы чагылдырылат.   

"Башка агылып чыгуулар" деген сапта негизги статьялар тизмегинде камтылбаган операциялар боюнча каражатталган нак эмес чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"анын ичинде корреспонденттик эсепти толуктоо үчүн агылып чыгуу" деген сапта корреспонденттик эсептерин толуктоо үчүн жумшалган нак эмес чет өлкөвалюталарынын суммасы көрсөтүлөт  

үндүн акырына карата калдык, бардыгы болуп" сабында күндүн акырына карата резидент-банктарда жана резидент эмес-банктардагы корреспонденттик эсептерде чет өлкө валютасындагы нак эмес акча каражаттарынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"анын ичинде резидент-банктардагы эсептешүү (ностро) эсептериндеги" деген сапта күндүн акырына карата резидент-банктардагы корреспонденттик эсептердеги нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.   

"анын ичинде резидент эмес-банктардагы эсептешүү (ностро) эсептериндеги" деген сапта күндүн акырына карата резидент эмес-банктардагы корреспонденттик эсептердеги нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.   

109. Б бөлүкчөсү. Нак чет өлкө валютасы менен операциялар боюнча отчет.   

үндүн башталышына карата калдык, бардыгы болуп" деген сапта күндүн башталышына карата банктын кассасындагы нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"Валютанын агылып кирүүсү, бардыгы болуп" деген сапта банктын кассасына келип түшкөн нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы чагылдырылат.   

"Кардарлардын эсептерине каражаттардын түшүүсү" сабында кардарлардын (банктар менен башка финансы-кредит мекемелеринен тышкары) эсептешүүжана башка эсептерине келип түшкөн нак чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.   

"Кардарларга сунушталган каржылоонун ордун жабуу" деген сапта кардарлардын (банктар менен башка финансы-кредит мекемелеринен тышкары) мурда алган каржылоонун ордун жабуу эсебине келип түшкөн нак чет өлкө валютасынын суммасын көрсөтүлөт.   

"Каражаттардын банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин эсептешүү (лоро) жана башка эсептерине түшүүсү" сабында банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин эсептешүү (лоро) жана башка эсептерин толуктоо үчүн келип түшкөн нак чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.   

"Башка банктардагы эсептерден каражаттарды алуу" деген сапта башка банктардагы эсептерден акча каражаттарды алуунун эсебинен келип түшкөн нак четөлкөвалютасынын суммасы көрсөтүлөт.   

"Акча которуулар, пластик карттары, чектери ж.б. боюнча (эсеп ачуусуз) акча каражаттарынын келип түшүүсү" деген сапта банктын кардарлары үчүн акча которуулар (эсеп ачуусуз), пластик карттары, чектери ж.б. боюнча келип түшкөн нак чет өлкө валютасынын суммасы чагылдырылат.   

"Сатылып алынганы, бардыгы болуп" сабында банк тарабынан сомго сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"Орточо салмактанып алынган курс" деген сапта сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын орточо салмактанып алынган суммасы катталат.   

"Резидент-кардарлардан сатылып алынган" деген сапта резидент-кардарлардан сомго сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"Алмашуу бюролорунан сатылып алынган" тилкесинде алмашуу бюросунан сомго сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.  

"Резидент эмес-кардарлардан сатылып алынган" деген сапта резидент эмес-кардарлардан сомго сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"Нак акчага айландыруу" деген сапта комиссиялык төлөмдөрдү эске албаганда, ошол эле нак эмес валютаны алмаштыруудан келип түшкөн нак четөлкөвалютасынын жалпы суммасы чагылдырылат.   

"Конвертация" сабында башка валютага алмаштыруудан келип түшкөн нак чет өлкө валютасынын суммардык көлөмү чагылдырылат.   

"Башка агылып кирүүлөр" деген сапта негизги статьялар тизмегинде камтылбаган операциялар боюнча келип түшкөн нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы чагылдырылат.   

"Валютанын агылып чыгуусу, бардыгы болуп" деген сапта каражатталган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"Кардарлардын эсептеринен каражаттарды алуу" деген сапта кардарларга (банктар жана башка финансы-кредит мекемелеринен тышкары) алардын эсептешүүжана башка эсептеринен кайтарылып берилген нак чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.   

"Кардарларды каржылоо" сабында кардарларга (банктар жана башка финансы-кредит мекемелеринен тышкары) каржылоо катары сунушталган нак четөлкөвалютасынын суммасы көрсөтүлөт.   

"Каражаттарды башка банктардагы эсептерге жайгаштыруу" деген сапта башка банктардагы эсептерде жайгаштырылган нак чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.   

"Каражаттарды банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин эсептешүү (лоро) жана башка эсептеринен алуу" деген сапта банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин эсептешүү (лоро) жана башка эсептеринен кайтарылып алынган нак чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.   

"Акча которуулар, пластик карттары, чектери ж.б. боюнча (эсеп ачуусуз) акча каражаттарды төлөө" деген сапта банктын кардарларына эсеп ачуусуз акча которуулар, пластик карттары, чектери ж.б. боюнча төлөнгөн нак чет өлкө валютасынын суммасы чагылдырылат.   

"Бардыгы болуп сатылганы" сабында банк тарабынан сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.   

"Орточо салмактанып алынган курс" деген сапта сатылган нак чет өлкө валютасынын орточо салмактанып алынган курсу көрсөтүлөт.   

"Резидент-кардарларга сатылган" деген сапта резидент-кардарларга сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын суммасы чагылдырылат.   

"Алмашуу бюролоруна сатылган" тилкесинде алмашуу бюросуна сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.  

"Резидент эмес-кардарларга сатылган" деген сапта резидент эмес-кардарларга сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын суммасы чагылдырылат.   

"Нак эмес акчага айландыруу" сабында комиссиялык төлөмдөрдү эске албаганда, банк тарабынан ошол эле нак эмес валютага алмаштыруу үчүн сунушталган нак чет өлкө валютасынын суммасы чагылдырылат.   

"Конвертация" деген сапта башка валютага алмаштыруу үчүн сунушталган нак чет өлкө валютасынын суммардык көлөмү чагылдырылат.   

"Башка агылып чыгуулар" деген сапта негизи статьялар тизмегинде камтылбаган операциялар боюнча нак чет өлкө валютасындагы чыгашанын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

үндүн акырына карата калдык" деген сапта банктын кассасындагы күндүк акырына карата нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"Маалымат үчүн: Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасындагы операциялары, ошондой эле банктын филиалдар жана/же аманат кассалары менен операциялары боюнча каражаттардын түшүүсү" сабында башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасындагы операциялары, ошондой эле банктын филиалдар жана/же аманат кассалары менен операциялары боюнча түшкөн нак чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт (кассадагы ашыкча суммалар, жооптуу сактоо ж.б.).  

"Маалымат үчүн: Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасында операцияларынан, ошондой эле филиалдар жана/же аманат кассалары ортосундагы операциялар боюнча каражаттардын чыгымдалышы" сабында башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасындагы операциялары, ошондой эле банктын филиалдар жана/же аманат кассалары менен операциялары боюнча чыгымдаган нак чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт (кассаларды чыңдоо ж.б.).  

110. В бөлүгү. Коммерциялык банк тарабынан тейлөөгө алынган алмашуу бюролорундагы нак чет өлкө валютасы менен операциялар тууралуу отчет.   

үндүк башталышына карата калдык" графасында күндүн башталышына карата нак чет өлкө валютасынын калдыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"Сатып алуу" графасында сомго сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы чагылдырылат.   

"Анын ичинде, резидент эместерден сатып алуулар" графасында резидент эмес-банктардан сомго сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"Сатып алуу курсу" графасында сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын орточо салмактанып алынган курсу чагылдырылат.   

"Башка агылып кирүүлөр" графасында негизги статьялар тизмегинде камтылбаган операциялар боюнча келип түшкөн нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"Сатуу" графасында сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"Анын ичинде, резидент эместерге сатуу" графасында резидент эмес-банктарга сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

"Сатуу курсу" графасында сатылган нак чет өлкө валютасынын орточо салмактанып алынган курсу көрсөтүлөт.   

"Башка агылып чыгуулар" графасында негизги статьялар тизмегинде камтылбаган операциялар боюнча каражатталган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

үндүн акырына карата калдык" графасында күндүн акырына карата нак валюта калдыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

110.1. Г бөлүкчөсү. Коммерциялык банктардын нак эмес чет өлкө валютасы менен ички бүтүмдөрү жөнүндө отчет  

Г.1.1 Коммерциялык банктардын нак эмес чет өлкө валютасы менен ички бүтүмдөрү жөнүндө отчеттун:  

"Валютаны сатып алуу" графасында кардарлардан (юридикалык жактар/жеке адамдар) сомго сатылып алынган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы жана сатылып алынган нак эмес чет өлкө валютасынын орточо салмактанып алынган курсу көрсөтүлөт.  

"Валютаны сатуу" графасында кардарларга (юридикалык жактар/жеке адамдар) сомго сатылган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы жана сатылган нак эмес чет өлкө валютасынын орточо салмактанып алынган курсу көрсөтүлөт.   

"Жыйынтыгында, анын ичинде" тилкесинде кардарлардан сомго сатылып алынган жана кардарларга сомго сатылган нак эмес чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

Жеке ишкерлер менен нак эмес чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операциялар "Жеке адамдар" тилкесинде көрсөтүлөт.  

Коммерциялык банктар ортосундагы операциялар, ошондой эле бир чет өлкө валютасын башка валютага конвертациялоо боюнча операциялар отчетто чагылдырылбайт.  

Г.1.2 Коммерциялык банктардын 100 000 доллар эквивалентинен жогору нак эмес чет өлкө валютасы менен ички бүтүмдөрү жөнүндө отчет:   

"Сатып алуу көлөмү" графасында кардарлардан сомго сатылып алынган 100 000 долларга эквиваленттүү жана андан жогору кайсы болбосун нак эмес четөлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.   

"Сатып алуу курсу" графасында сатылып алынган нак эмес чет өлкө валютасынын курсу көрсөтүлөт.  

"Кардардын аталышы" графасында кардардын толук аталышы көрсөтүлөт.  

"ИНН" графасында кардардын цифралык идентификациялык салык номери көрсөтүлөт. Жеке адамдар-резидент эместердин идентификациялык салык номери жок учурда "резидент эмес" деген сөз көрсөтүлөт.  

"Резидент/резидент эмес" графасында кардардын резиденттиги көрсөтүлөт.  

"Сатуу көлөмү" графасында кардарларга сомго сатылган 100 000 долларга эквиваленттүү жана андан жогору кайсы болбосун нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.   

"Сатуу курсу" графасында сатылган нак эмес чет өлкө валютасынын курсу көрсөтүлөт.  

"Кардардын аталышы" графасында кардардын толук аталышы көрсөтүлөт.  

"ИНН" графасында кардардын цифралык идентификациялык салык номери көрсөтүлөт. Жеке адамдар-резидент эместердин идентификациялык салык номери жок учурда "резидент эмес" деген сөз чагылдырылат.  

"Резидент/резидент эмес" графасында кардардын резиденттиги көрсөтүлөт.  

өлөм багытталган өлкө" графасында ошол эле операция ишке ашырылган күнү кардар тарабынан сатылып алынган каражаттарды чет өлкөгө которгон шартта төлөм багытталган өлкөнүн коду көрсөтүлөт. Мында Улуттук статистика комитетинин өлкөлөр кодификаторунда келтирилген өлкөлөрдүн коддору пайдаланылат.  

110.2. Д бөлүкчөсү. Коммерциялык банктардын нак чет өлкө валютасы менен ички бүтүмдөрү жөнүндө отчет:  

Д.1.1 Коммерциялык банктардын нак чет өлкө валютасы менен ички бүтүмдөрү жөнүндө отчет:  

"Валютаны сатып алуу" графасында кардарлардан (юридикалык жактар/жеке адамдар) сомго сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын суммасы жана сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын орточо салмактанып алынган курсу көрсөтүлөт.  

"Валютаны сатуу" графасында кардарларга (юридикалык жактар/жеке адамдар) сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын суммасы жана сатылган нак четөлкө валютасынын орточо салмактанып алынган курсу көрсөтүлөт.   

"Жыйынтыгында, анын ичинде" тилкесинде кардарлардан сомго сатылып алынган жана кардарларга сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

Жеке ишкерлер менен нак чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операциялар "Жеке адамдар" тилкесинде көрсөтүлөт.  

Коммерциялык банктар ортосундагы операциялар, ошондой эле бир чет өлкө валютасын башка валютага конвертациялоо боюнча операциялар отчетто чагылдырылбайт.  

Д.1.2 Коммерциялык банктардын 100 000 доллар эквивалентинен жогору нак чет өлкө валютасы менен ички бүтүмдөрү жөнүндө отчет:   

"Сатып алуу көлөмү" графасында кардарлардан сомго сатылып алынган 100 000 долларга эквиваленттүү жана андан жогору кайсы болбосун нак чет өлкөвалютасынын суммасы көрсөтүлөт.   

"Сатып алуу курсу" графасында сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын курсу көрсөтүлөт.  

"Кардардын аталышы" графасында кардардын толук аталышы көрсөтүлөт.  

"ИНН" графасында кардардын цифралык идентификациялык салык номери көрсөтүлөт. Жеке адамдар-резидент эместердин идентификациялык салык номери жок учурда "резидент эмес" деген сөз чагылдырылат.  

"Резидент/резидент эмес" графасында кардардын резиденттиги көрсөтүлөт.  

"Сатуу көлөмү" графасында кардарларга сомго сатылган 100 000 долларга эквиваленттүү жана андан жогору кайсы болбосун нак чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.   

"Сатуу курсу" графасында сатылган нак чет өлкө валютасынын курсу көрсөтүлөт.  

"Кардардын аталышы" графасында кардардын толук аталышы көрсөтүлөт.  

"ИНН" графасында кардардын цифралык идентификациялык салык номери көрсөтүлөт. Жеке адамдар-резидент эместердин идентификациялык салык номери жок болгон учурда "резидент эмес" деген сөз чагылдырылат.  

"Резидент/резидент эмес" графасында кардардын резиденттиги көрсөтүлөт.  

111. Отчеттук маалыматтар номинал боюнча көрсөтүлүп, валюталоо күнү боюнча чагылдырылат.   

  

25. 23-бөлүк. Банктар аралык кредиттик рынокто ишке ашырылган операциялар тууралуу отчет   

  

112. Бул бөлүктө өткөн аптанын жума күнүнөн тартып өтүп жаткан аптанын бейшемби күнүн кошо алганда, банктар аралык рынокто каржылоону сунуштоо жана алуу боюнча бүтүмдөр тууралуу маалымат камтылат.   

113. Отчет төмөнкү бөлүктөрдөн турат:   

I. Алынган ресурстар   

II. Берилген ресурстар   

  

"Алынган ресурстар" бөлүгүндө төмөнкү бөлүкчөлөр камтылат:   

- Банктардан алынган каржылоо   

- РЕПО  операциялар   

  

"Берилген ресурстар" бөлүгүндө төмөнкү бөлүкчөлөр камтылат:   

- Банктарга сунушталган каржылоо   

- РЕПО  операциялар   

  

"Алынган ресурстар" бөлүгүндөгү "Банктардан алынган каржылоо" бөлүкчөсүндө, каржылоо келишимдеринин негизинде улуттук жана чет өлкөвалютасындагы каржылоону тартуу боюнча ишке ашырылган бардык бүтүмдөр камтылат.   

"Алынган ресурстар" бөлүгүндөгү "РЕПО-операциялар" бөлүкчөсүндө, баалуу кагаздарды кайтарым сатып алуу милдеттенмеси менен РЕПО-макулдашууларынын негизинде улуттук жана чет өлкө валютасындагы каржылоону тартуу боюнча ишке ашырылган бардык бүтүмдөр камтылат.   

"Берилген ресурстар" бөлүгүндөгү "Банктарга сунушталган каржылоо" бөлүкчөсү өзүндө каржылоо келишимдеринин негизинде улуттук жана четөлкөвалютасында каржылоону сунуштоо боюнча ишке ашырылган бардык бүтүмдөрдү камтыйт.   

"Берилген ресурстар" бөлүкүндөгү " РЕПО  операциялар " бөлүкчөсү өзүндө баалуу кагаздарды кайтарым сатуу милдеттенмеси менен РЕПО-макулдашуулардын негизинде улуттук жана чет өлкө валютасында каржылоону сунуштоо боюнча ишке ашырылган бардык бүтүмдөрдү камтыйт.   

114. Отчетто ар бир келишилген бүтүмдөр боюнча төмөнкү реквизиттер көрсөтүлөт:   

- банк-контрагенттин аталышы   

- бүтүм келишилген күн   

- бүтүмдүн мөөнөтү   

- валютанын аталышы   

- каржылоо көлөмү   

- кошумчаланган сумма/сый акы   

- күрөө түрү.   

115. Чет өлкө валютасында ишке ашырылган бүтүмдөр, алар ишке ашырылган күнгө Улуттук банктын расмий курсу боюнча сомдук эквивалентте көрсөтүлөт. Реструктуризацияланган банктар аралык каржылоо отчетто көрсөтүлбөйт.   

  

26. 24-бөлүк. Тартылган жана жайгаштырылган акча каражаттары жана пайдаланылуучу сыйакы/кошумчаланган сумма тууралуу отчет   

  

116. Бул бөлүктө, тартылган жана жайгаштырылган акча каражаттары жана пайдаланылуучу сыйакы/кошумчаланган сумма тууралуу маалымат камтылат.   

117. Бир мезгилдин акырына сунушталган каржылоо" деп аталган А. бөлүкчөсүндө мөөнөттүүлүк категориялары жана валюта түрлөрү боюнча отчеттук айдан кийинки айдын бирине карата абал боюнча максаттуу багыты жана каржылоо суммасы көрсөтүлөт (РППУну алып салуусуз). Каржылоо мөөнөтү төлөөгө чейинки айкын мөөнөт боюнча чагылдырылат. Чет өлкө валютасындагы каржылоо суммасы Улуттук банктын отчеттук айдын акырына расмий курс боюнча сом эквивалентинде көрсөтүлөт.   

Пайдаланылуучу үстөк баа тууралуу маалыматты толтурууда колдонуудагы каржылоо келишиминде каралган үстөк баа пайдаланылат.   

4, 7, 10, 13, 16, 19-графаларында мөөнөттүүлүк категориялары боюнча мөөнөтүнөн өтүп кеткен каржылоо суммасын эске алуусуз, тиешелүү тармакты каржылоо суммасы көрсөтүлөт.   

5, 8, 11, 14, 17, 20-графаларында мөөнөттүүлүк категориялары боюнча тиешелүү тармактык багытты каржылоо боюнча орточо алынган <