Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 27-октябрындагы 

№ 2021-П-14/59-5-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

«Банктар аралык чекене төлөм системалары үчүн  

камсыздандыруу (камдык) фонду жөнүндө»  

ЖОБО 

 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Банктар аралык чекене төлөм системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фонду жөнүндө жободо (мындан ары Жобо) Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу (камдык) фондун түзүү жана анын иштөө тартиби аныкталат (мындан ары камсыздандыруу (камдык) фонду). 

2. Камсыздандыруу (камдык) фонду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ири төлөм системасында клирингдин жана банктык төлөм карттары менен эсептешүү системаларынын негизинде, анын ичинде бир же бир нече катышуучунун ликвиддүүлүгү жетишсиз болгон учурда, банктар аралык чекене төлөм системаларынын таза позицияларын өз убагында жана кепилденген акыркы эсептешүүнү жүргүзүү үчүн кошумча механизмди камсыз кылуу максатында түзүлөт. 

3. Улуттук банкта банктар аралык чекене төлөм системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фондун түзүү милдеттүү болуп саналат.  

4. Камсыздандыруу (камдык) фонду төмөнкү ыкмалардын бири менен түзүлүшү мүмкүн: 

1) Улуттук банк менен түзүлгөн тиешелүү келишимдин/макулдашуунун негизинде банктар аралык чекене төлөм системасынын операторунун (мындан ары оператор) каражаттарынан; 

2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Борбордук казыналыкты жана атайын жөнгө салуу режиминин катышуучуларын эске албаганда, Улуттук банк менен түзүлгөн тиешелүү келишимдин/макулдашуунун негизинде Улуттук банкта корреспонденттик эсепке ээ банктар аралык чекене төлөм системасынын катышуучуларынын каражаттарынан банктар аралык чекене төлөм системасынын оператору тарабынан; 

3) Улуттук банкта корреспонденттик эсеби бар жана камсыздандыруу (камдык) фонд боюнча тиешелүү келишимге/макулдашууга кошулууга Улуттук банкка өтүнүч кат берген банктар аралык чекене төлөм системасынын катышуучуларынын каражаттарынан. Камсыздандыруу (камдык) фондунун эсеби бул учурда ушул ыкмага ылайык камсыздандыруу (камдык) фонду түзүлгөн банктар аралык чекене төлөм системаларынын бардык катышуучулары үчүн кумулятивдик (топтолуучу) болуп саналат. Камсыздандыруу (камдык) фондун түзүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Борбордук казыналык жана бул режим аяктаганга чейин атайын жөнгө салуу режими боюнча төлөм системасына туташкан катышуучулар үчүн милдеттүү болуп саналбайт. 

5. Камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттары банктар аралык чекене төлөм системаларынын таза позицияларын өз убагында жана кепилденген акыркы эсептешүүнү жүргүзүү үчүн, анын ичинде акыркы эсептешүүлөр жүргүзүлгөн учурга карата катышуучу Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде зарыл көлөмдөгү ликвиддүүлүктү камсыз кыла албай калган  өзгөчө учурларда гана колдонулат.  

6. Учурдагы операциялык күнү саат 16.30га чейин катышуучу өзүнүн корреспонденттик эсебинде клиринг жана төлөм карттары менен эсептешүү системаларынын таза позицияларын акыркы эсептешүү үчүн зарыл ликвиддүүлүктүн жетиштүү көлөмүн камсыз кыла албаган учурда, Улуттук банк акцептсиз тартипте, камсыздандыруу (камдык) фондунун эсебин дебеттөөнү ишке ашырат жана системадагы таза позицияларды эсептешүүнү аяктоо үчүн жетиштүү өлчөмдө катышуучунун корреспонденттик эсебин толуктайт. 

7. Камсыздандыруу (камдык) фондун түзүү ыкмасы Улуттук банк менен банктар аралык чекене төлөм системасынын операторунун ортосунда акыркы эсептешүү жүргүзүү боюнча эки тараптуу келишимдерде/макулдашууларда аныкталат. Бул келишимдерде /макулдашууларда Улуттук банктын катышуучулардын эсептеринде жана камсыздандыруу (камдык) фондунда каражаттар жетиштүү болгон чекте гана акыркы эсептешүүнү өз убагында жүргүзүүгө кепилдик бере тургандыгы аныкталууга тийиш. 

8. Камсыздандыруу (камдык) фондунун өлчөмү бир жыл ичинде система боюнча орточо күндүк суммардык таза дебеттик позицияны жабуу үчүн жетиштүү болууга тийиш. 

9. Камсыздандыруу (камдык) фондундагы каражаттардын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Улуттук банк ар бир банктар аралык чекене төлөм системасы боюнча катышуучулардын таза дебеттик жана кредиттик позицияларынын өлчөмүн, Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында (мындан ары ГСРРВ) кезектеги төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн өз убагында жүргүзүлүшүн, камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарынын жетиштүүлүгүн туруктуу негизде талдап-иликтейт.  

10.  Банктар аралык чекене төлөм системасы боюнча таза позициялардын файлын жабуу үчүн эсептешүү күнү Улуттук банкта катышуучулардын корреспонденттик эсептеринде жана камсыздандыруу (камдык) фондунда акча каражаттары жетишсиз болгон учурда, Улуттук банк таза позициялардын мындай файлын четке кагат жана бул жөнүндө операторго ошол жумуш күнү ичинде билдирет. 

 

2-глава. Камсыздандыруу (камдык) фондун оператордун каражаттарынан же өз катышуучуларынын каражаттарынан оператор тарабынан түзүү жана анын иштөө тартиби 

11. Ушул Жобонун 4-пунктунey 1 жана 2-пунктчаларында берилген ыкмалар боюнча камсыздандыруу (камдык) фондунун өлчөмү оператор тарабынан ушул Жобонун 8-пунктун эске алуу менен өз алдынча аныкталат жана эки тараптуу келишимге/макулдашууга ылайык Улуттук банктын эсебине которулат. 

12. Системанын оператору катышуучулары менен өз ара иш алып баруу тартибин өз алдынча аныктайт. 

13. Улуттук банк, катышуучунун (катышуучулардын) эсебиндеги (эсептериндеги) каражаттар жана система боюнча таза позициялардын файлын акыркы эсептешүүнү аяктоо үчүн камсыздандыруу (камдык) фондунун колдонгон каражаттары жетишсиз болгон учурда, бул тууралуу операторго билдирет. 

14. Ушул Жобонун 8-пункту аткарылбаган учурда же таза дебеттик позициялардын файлын жабуу үчүн камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттары жетишсиз болсо, Улуттук банк системанын операторуна бул тууралуу билдирет.  

15. Катышуучунун корреспонденттик эсебинде акча каражаттары, ошондой эле камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттары катышуучунун (катышуучулардын) таза дебеттик позициясын жабуу үчүн жетишсиз болгон учурда, оператор Улуттук банктан тиешелүү билдирүүнү алгандан кийин ошол эле операциялык күнү саат 16.30га чейин, катышуучунун(катышуучулардын) таза дебеттик позициясын жабуу үчүн жетиштүү акча каражаттары менен камсыздандыруу (камдык) фондун толуктоого тийиш. 

16. Улуттук банк менен оператордун ортосунда түзүлгөн келишим/макулдашуу токтотулган учурда, Улуттук банктагы камсыздандыруу (камдык) фондунун эсебине оператор тарабынан салынган акча каражаттары бардык милдеттенмелердин орду жабылгандан жана оператордон тиешелүү билдирүү алынгандан кийин кайтарылат. Акча каражаттары операторду тейлеген коммерциялык банктын корреспонденттик эсебине улуттук валютада которуу жолу менен кайтарылат. 

 

3-глава. Катышуучулардын каражаттарынан камсыздандыруу  

(камдык) фондун түзүү жана анын иштөө тартиби 

17. Камсыздандыруу (камдык) фондун баштапкы түзүү баскычында оператор Улуттук банкка өткөн календардык жыл үчүн системанын тике жана кыйыр катышуучуларынын күндөлүк таза позициялары жөнүндө маалыматты талдап-иликтөө үчүн жөнөтөт.  

18. Банктар аралык чекене төлөм системаларында катышуунун алкагында катышуучу өз милдеттенмелерин үзгүлтүксүз аткаруу үчүн Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде ликвиддүүлүктүн жетиштүү көлөмүн, анын ичинде Улуттук банктын ликвиддүүлүктү сунуштоо боюнча акча-кредит инструменттеринин жардамы менен камсыз кылуусу зарыл. 

19. Камсыздандыруу (камдык) фондун алгачкы түзүүдө тике жана/же кыйыр катышуучунун төгүмү ушул системада жайгаштырылган анын камсыздандыруу депозитинин өлчөмүнүн кеминде 20 пайызын түзүүгө тийиш. Эгерде тике жана/же кыйыр катышуучунун банктар аралык чекене төлөм системасындагы камсыздандыруу депозитинин өлчөмү нөлгө барабар болсо же системада камсыздандыруу депозиттери каралбаса, анда катышуучунун төгүмү мурунку календардык жыл үчүн катышуучунун орточо күндүк дебеттик позициясына барабар болот. Жаңы мүчөлөрдүн төгүмдөрүнүн өлчөмү мурунку календардык жыл үчүн бул системанын мүчөлөрүнүн орточо күндүк дебеттик позицияларынын минималдуу өлчөмүнө барабар болушу керек. 

20. Камсыздандыруу (камдык) фондундагы каражаттардын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Улуттук банк жылына бир жолу, 15-январга чейин отчеттук жыл үчүн ар бир система боюнча тике жана/же кыйыр катышуучулардын таза дебеттик жана кредиттик позицияларынын өлчөмүн, камсыздандыруу (камдык) фондун пайдалануу учурларын, ГСРРВ системасындагы катышуучулардын кезектеги төлөмдөрүн жана эсептешүүлөрдүн өз убагында жүргүзүлүшүн, катышуучунун камсыздандыруу (камдык) фондуна салган төгүмүнүн жетиштүүлүгүн талдап-иликтейт.  

21. Катышуучулардын төгүмүнүн өлчөмү Улуттук банк тарабынан ар бир чекене төлөм системасы боюнча отчеттук жыл үчүн ар бир система боюнча катышуучунун орточо күндүк дебеттик позициясынын өлчөмүнө жараша аныкталат. 

22. Эгерде система боюнча орточо күндүк суммардык таза дебеттик позициянын өлчөмү көбөйсө жана/же системада катышуучулардын камсыздандыруу депозитинин өлчөмү жогорулоо жагына өзгөрсө, камсыздандыруу (камдык) фондунун эсебине катышуучулардын төгүмүнүн өлчөмү кайра каралат. 

23. Катышуучу Улуттук банктан төгүмдүн өлчөмү жана камсыздандыруу (камдык) фондуна каражаттарды которуу зарылдыгы жөнүндө билдирүү алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен, ушул Жобонун 8, 19 жана 22-пунктуларына ылайык, Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдө камсыздандыруу (камдык) фондуна тиешелүү каражаттарды чегерүүгө тийиш. 

24. Системада катышуу токтотулган жана/же Улуттук банк менен оператордун/катышуучунун ортосунда түзүлгөн тиешелүү келишим/макулдашуу токтотулган учурда, катышуучунун Улуттук банктагы камсыздандыруу (камдык) фондунун эсебине салган төгүмү бардык милдеттенмелердин орду жабылгандан жана системанын операторунан тиешелүү билдирүү алынгандан кийин кайтарылат. Каражаттарды кайтаруу катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине которуу жолу менен жүргүзүлөт.  

25. Корреспонденттик эсепти толуктоо үчүн камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттары колдонулган учурда, катышуучу бул каражаттарды ГСРРВ системасы аркылуу кийинки операциялык күнү саат 16:00дөн кечиктирбестен мөөнөтүндө төлөө, төлөп берүү жана кайтаруу шартында кайтарууга милдеттүү. Бул учурда, каражаттарды кайтарып берүү толук көлөмдө жүргүзүлүүгө тийиш, каражаттарды бөлүп кайтарууга жол берилбейт.  

26. Корреспонденттик эсепти толуктоо үчүн камсыздандыруу (камдык) фондуна салган өз төгүмүнүн суммасынан ашпаган өлчөмдө камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарын колдонгон учурда, катышуучу бул каражаттарды кийинки операциялык күнү саат 16:00гө чейин акысыз негизде пайдаланат.  

27. Корреспонденттик эсепти толуктоо үчүн камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттары бир календардык күндөн ашык пайдаланылган учурда, катышуучуга камсыздандыруу (камдык) фондуна каражаттар кайтарылбаган ар бир күн үчүн пайыздар чегерилет. Пайыздар ушул Жобонун 32-пунктуна ылайык эсептелет. 

28. Катышуучунун корреспонденттик эсебин камсыздандыруу (камдык) фондуна анын төгүмүнүн суммасынан ашкан өлчөмдөгү каражаттар менен толуктагандыгы үчүн, катышуучуга айыптык төлөм салынат. Айыптык төлөмдүн өлчөмү ушул Жобонун  

31-пунктуна ылайык эсептелет. 

29. Катышуучу кийинки операциялык күнү саат 16:00гө чейин камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарын кайтарып бербесе, ГСРРВ оператору катышуучунун корреспонденттик эсебин пайдаланылган сумманы (айыптык төлөмдү жана пайыздарды эске алуу менен) камсыздандыруу (камдык) фондунун эсебинен акцептсиз тартипте дебеттөөнү ишке ашырат жана камсыздандыруу (камдык) фондунун эсебине чегерет.  

30. Камсыздандыруу (камдык) фондуна каражаттарды (айыптык төлөмдү жана пайыздарды эске алуу менен) кайтарууда төлөм жүргүзүү учуруна карата катышуучунун корреспонденттик эсебинде акча каражаттары жетишсиз жана камсыздандыруу (камдык) фондунан каражат тартылган күндү эске алуу менен 3 (үч) операциялык күн ичинде зарыл акча каражаттары жок болгон учурда, Улуттук банк финансылык тобокелдиктерди төмөндөтүү жана төлөм системасынын ишинин туруктуулугун камсыз кылуу максатында, бул факты жана ушул катышуучуну таза позициялардын файлынан чыгаруу зарылдыгы жөнүндө операторго, ошондой эле Улуттук банктын банктык көзөмөлгө жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрүнө маалымдайт.  

31. Катышуучуга камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарын өз төгүмүнүн суммасынан ашкан өлчөмдө пайдалангандыгы үчүн айыптык төлөмдү чегерүү, камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарын иш жүзүндө пайдаланган мезгили үчүн катышуучунун төгүмүнөн ашыкча пайдаланылган суммадан 1 (бир) пайызы өлчөмүндө бир жыл ичиндеги 365 күндүн санына жараша жөнөкөй пайыздар формуласы боюнча аныкталат: 

 

P = ((S C) x I х Т)/365, мында: 

 

Р  айыптык төлөм суммасы;  

 камсыздандыруу (камдык) фонддон пайдаланылган каражат (сом);  

С  катышуучунун төгүмүнүн суммасы (сом);  

 бир күндүк пайыздык чен 1 (бир) %;  

Т камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарын пайдалануу мөөнөтү (календардык күндөрдө). 

32. Катышуучу камсыздандыруу (камдык) фондунун пайдаланылган каражаттарын  

кийинки операциялык күнү саат 16:00гө чейин кайтарып бере албаган учурда, катышуучу камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарын пайдаланган ар бир календардык күн үчүн камсыздандыруу (камдык) фондунун пайдаланылган каражаттарынын суммасынан 1 (бир) пайызды жыл ичиндеги 365 күндүн санына жараша төлөйт. Мында, төлөм катышуучунун төгүмүнө карабастан, пайдаланылган каражаттардын бүтүндөй суммасынан кармалат жана ал төмөнкү формула боюнча эсептелинет:  

P = (S x I x T)/365, мында:  

 

Р  пайыздардын суммасы;  

 камсыздандыруу (камдык) фондунан пайдаланылган каражат (сом);  

 күндөлүк пайыздык чен 1 (бир) %;  

Т  камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарын пайдалануу мөөнөтү (календардык күндөрдө).  

33. Катышуучу камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарын пайдаланган мезгил ичиндеги айкын күндөрдү эсептөөгө мыйзамдарда белгиленген же Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан жарыяланган эс алуу жана майрам күндөрү кирет. 

34. Камсыздандыруу (камдык) фондунун каражатын пайдалангандыгы жана/же өз учурунда кайтара албагандыгы үчүн айыптык төлөм жана пайыз түрүндө топтолгон каражаттар, ушул Жобонун 31 жана 32-пунктуларына ылайык, Улуттук банкта өзүнчө эсепте эсепке алынат жана жылына бир жолу камсыздандыруу (камдык) фондунун каражатын жыл ичинде пайдаланбаган катышуучулар ортосунда салынган каражаттардын  үлүшүнө жараша пропорционалдуу бөлүштүрүлөт. 

 

5. Корутунду жоболор  

35. Төлөм системасынын ишин көзөмөлдөөнүн (оверсайт) алкагында, катышуучулардын камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарын пайдалануусун кошо алганда, Улуттук банк ГСРРВ системасына, системадагы төлөмдөр менен эсептешүүлөрдүн өз убагында жүргүзүлүшүнө мониторинг жүргүзөт.  

36. Катышуучу ушул Жобонун талаптарын сактабаган учурда, Улуттук банк катышуучуга карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

37. Банктар аралык чекене төлөм системаларынын операторлору системада жайгаштырылган камсыздандыруу депозитинин өлчөмү жана шарттары өзгөргөн учурда, Улуттук банкка 5 (беш) календардык күн ичинде билдирүү жөнөтүүгө тийиш. 

38. Коммерциялык банкты банкроттоо жана/же жоюу жол-жобосу учурундагы эсептешүүлөр Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.