Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылдын  

II жарым жылдыгы ичинде жарандардан келип түшкөн каттарды,  

арыздарды жана даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча  

ОТЧЕТУ  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары  Улуттук банк), анын областтык башкармалыктарында жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүндө жарандардын кайрылууларын жана даттанууларын кабыл алуу, каттоо жана кароо максатында коомдук кабылдамалар туруктуу негизде иштейт.  Коомдук кабылдаманын иши калкка Улуттук банктын компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча маалыматтарды жана консультацияларды берүүгө, ошондой эле жарандардын кат жүзүндөгү жана оозеки кайрылуулары менен иш алып барууга багытталган.   

  

Кат жүзүндөгү кайрылуулар менен иш алып баруу   

   

Коомдук кабылдамага 2023-жылдын II жарым жылдыгы ичинде бардыгы болуп жазуу жүзүндө 700дөн ашык кайрылуу, анын ичинде областтык башкармалыктарга  101 кайрылуу келип түшкөн. Бардык кайрылууларга өз убагында жооп жөнөтүлгөн. Жарандардын кайрылууларында төмөнкү маселелер козголгон:    

- кредиттердин ордун жабуу мөөнөттөрүн узартуу, карыз алуучулардын кредит боюнча карызын төлөөгө жөндөмсүздүгү, коммерциялык банктарда жана микрофинансылык уюмдарда кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү, коммерциялык банктардын жана микрофинансылык уюмдардын ишине даттануулар;    

- акча которуу системалары аркылуу жөнөтүлгөн каражаттарды алуу шарттары жөнүндө;   

- кыргыз сомуна карата чет өлкө валюталарынын эсептик курсу, кайра каржылоонун эсептик чени жөнүндө маалыматтарды берүү;    

- Улуттук банктын жетекчилигинин жарандарды кабыл алуусу;    

- материалдык жардам көрсөтүү;    

- маалымат алуу жана башка маселелер.    

   

Оозеки кайрылуулар менен иш алып баруу   

   

2023-жылдын II жарым жылдыгы ичинде Улуттук банктын дарегине (областтык башкармалыктарды кошкондо) 1700гө жакын оозеки кайрылуу келип түшкөн. Жарандардын телефон чалуулары негизинен Улуттук банктын иш багытына тиешелүү маселелер боюнча ыкчам маалымат берүү өтүнүчүнө байланыштуу болгон, атап айтканда:    

   

- чет өлкө валюталар курсу жөнүндө;    

- Улуттук банк тарабынан белгиленген эсептик чен жана чет өлкө валюталарынын эсептик курстары жөнүндө маалымат берүү;    

- коммерциялык банктарда жана алмашуу бюролорунда чет өлкө валютасынын болушу;   

- Улуттук банктын расмий басылмаларында жарыялануучу маалыматтарды берүү тууралуу;    

- Улуттук банктын расмий интернет сайтынын бөлүктөрүндөгү маалыматтарды колдонуу жагында консультацияларды берүү боюнча;    

- төлөм системаларынын иши жөнүндө;    

- коллекциялык монеталарды сатып алуу жөнүндө;    

өлчөнгөн алтын куймаларын сатып алуу жана сатуу жөнүндө;    

- эскилиги жеткен банкнотторду алмаштыруу тартиби тууралуу.   

   

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банктын жарандарга тигил же бул коммерциялык банктын кызмат көрсөтүүлөрүн тандоо боюнча тике же кыйыр түрдө сунуш-көрсөтмө берүүгө укугу жок. Ушундан улам, Улуттук банк кредит алуу шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалыматтарды түздөн-түз коммерциялык банктарга же микрофинансылык уюмдарга кайрылуу менен өз алдынча алууну жана коммерциялык банктарды тандоодо алардын финансылык отчетторунда камтылган маалыматтарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарында чейрек сайын жарыяланып туруучу экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу маалыматтарды, ошондой эле жарыяланган басылмаларды пайдаланууну сунуштайт.   

Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган коммерциялык банктардын тизмеси жана микрофинансылык уюмдардын реестри Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg дареги боюнча «Банктын милдеттери» бөлүгүндө («Банк тутуму» жана «Банк эмес финансы уюмдары» бөлүкчөсүндө) мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде жайгаштырылган.    

Мындан тышкары, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында, Улуттук банктын расмий интернет-сайтынын башкы бетинде финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулар үчүн коммерциялык банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын пайыздык чендери, депозиттери жана кредиттери тууралуу маалымат, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардан кыскача маалыматтар, аманатчылар жана карыз алуучулар үчүн эскертмелер жана башка пайдалуу маалыматтар дайыма жаңыртылып турат.    

   

Электрондук кайрылуулар менен иштөө    

(WhatsApp каналы, Facebook, Instagram мессенджерлери аркылуу)   

   

2023-жылдын II жарым жылдыгы ичинде Улуттук банктын дарегине жарандардан болжолу менен 2 000 электрондук кайрылуу келип түшкөн, алар негизинен төмөнкүлөр боюнча оперативдүү маалымат берүүгө байланыштуу болгон:   

   

- валюта рыногу жана чет өлкө валютасынын болушу;   

- акча которуулар;   

- коммерциялык банктар тарабынан кардарларды тейлөө сапаты;   

- төлөм системаларынын иштеши;   

- коллекциялык монеталарды сатып алуу;   

өлчөнгөн алтын куймаларын сатып алуу жана сатуу;   

- эски банкнотторду алмаштыруу тартиби;   

- коммерциялык банктардын кредиттөө кызматтары, анын ичинде ипотека боюнча маселелер;   

- маалымат тактоо жана башка маселелер боюнча суроо-талаптар.   

 

Жарандардын 2023-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейинки кайрылуулары тууралуу маалымат 

Процесстин аталышы 

Кайрылуулардын саны 

Кайрылуудагы маселелер 

Кат жүзүндө кайрылуулар менен иш алып баруу 

702 

- кредиттөө, анын ичинде кредиттин мөөнөтүн узартуу жана реструктуризациялоо; 

- расмий алмашуу курсу; 

- эсептик чен; 

- акча которуулар; 

- депозиттер; 

- банктык карталар; 

- материалдык жардам көрсөтүү

- коммерциялык банктардын жана микрофинансылык уюмдардын ишине даттануулар; 

- жарандарды кабыл алуу; 

- башка суроолор. 

Оозеки кайрылуулар менен иш алып баруу  

1785 

- эсептик чен; 

- расмий алмашуу курсу; 

- алмашуу бюролорун жана башка ФКУ ачуу боюнча консультация; 

- акча которуулар; 

- кредиттер; 

- депозиттер;  

- банктык карталар; 

- материалдык жардам көрсөтүү

- коллекциялык монеталарды жана алтын куймаларын сатуу/сатып алуу; 

- коммерциялык банктардын жана микрофинансылык уюмдардын ишине даттануулар 

- башка суроолор. 

Электрондук кайрылуулар менен иштөө 

(WhatsApp, Facebook, Instagram) 

2 000 

- валюта рыногу; 

- акча которуулар; 

- коммерциялык банктар тарабынан кардарларды тейлөө сапаты; 

- төлөм системалары; 

- коллекциялык монеталар; 

- өлчөнгөн алтын куймалары; 

- эскирген банкнотторду алмаштыруу; 

- кредиттөө, анын ичинде ипотека боюнча; 

- эсептик чен; 

- расмий алмашуу курсу; 

- башка суроолор.