Улуттук банк банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган башка юридикалык жактардын иштерин «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына, ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көзөмөлдөйт жана жөнгө салат.
Банктар жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактар кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууга милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын расмий сайтынын (www.fiu.gov.kg) «Тизмелер» бөлүмүндө террористтик жана экстремисттик аракеттерге же массалык кыргын салуучу куралды жайылтууга катышкан адамдардын Эл аралык жана Улуттук тизмелери жайгаштырылган. Маалымат берүүчү жактар (коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер) кардарлар менен иштөөдө бул тизмелерди колдонуусу, ошондой эле бардык кардарларды жана алардын бенефициардык ээлерин жогоруда аталган Эл аралык жана Улуттук тизмелерде бул адамдардын бар же жок экендигин текшерүүсү зарыл.
Тизмелер мезгил-мезгили менен жаңыланып турат, маалымат берүүчү жактар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын расмий сайтына жактар өз алдынча кирүүгө, тизмелердин акыркы жаңыланган варианттарын жетекчиликке алууга тийиш.