Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 10 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында пресс-конференция өткөрүлүп, анын жүрүшүндө Улуттук банктын башкармасынын 26-октябрдагы отурумунун жыйынтыгы тууралуу маалымдалды. 

Журналисттердин суроолоруна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш, Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын начальниги  Раушан Сейткасымова, Экономика башкармалыгынын начальниги Сейилбек Урустемов жана Инспекциялоо башкармалыгынын начальниги Аида Карабаевалар жооп беришти. 

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш башкарма эсептик чен өлчөмүн 10,00 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алгандыгын айтып берди. Мындан сырткары ал 2015-жылдын тогуз айынын экономикалык жыйынтыгын чыгарды. Ал Улуттук банк инфляциянын деңгээлин 7 пайыз өлчөмүндө кармап турарын белгилеп өттү

«Эгерде инфляциянын мындан кийинки динамикасы тууралуу айта турган болсок, анда ал үч фактордон көз каранды болот. Биринчиден, инфляция биздин ички валюта рыногубуздун абалынан; экинчиден ЕАЭС (Евразиялык экономикалык биримдик) ички соода-сатык карым-катнашынан; үчүнчүдөн болсо, бюджеттик каражаттын текши сарпталышынан көз каранды. Улуттук банк орто мөөнөттүк аралыкта инфляцияны 7 пайыз деңгээлинде чектеп туруу үчүн, акча-кредит саясатынын бүт керектүү инструменттерин колдонуп, тийиштүү чараларды көрөт. Эгерде валюта рыногу тууралуу сөз кылсак, анда азыркы учурда абал туруктуу. Акыркы жолу Улуттук банк үч жума мурда интервенция жүргүзүп, анда 10 миллион 150 миң доллар сатылган. Ошондон бери Улуттук банк валюта рыногуна чыга элек. Азыркы учурда банк системасында тийиштүү көлөмдөн ашыкча америкалык валюта бар. Тагыраак айтсак, 410 миллион АКШ доллары, анын ичинде 70 миллион нак акча бар. Салыштыра турган болсок, октябрдын башындагы абалга караганда биздин алтын-валюта камыбыз көбөйүп, 1 миллиард 920 миллион АКШ долларын түздү. Бул жакшы эле көрсөткүч», деп билдирди Нурбек Жеңиш. 

Ал эми журналисттерди Кыргыз Республикасынын ЕАЭСке кириши менен Улуттук банктын акча-кредиттик саясатынын канчалык өзгөрөрү жана сомдун курсун россиялык рублга карата тууралоо жөнүндөгү божомолдоолор канчалык деңгээлде чындыкка жакын экендиги кызыктырды.  

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш сом менен рублдун курстук катнашы эми кайрадан бир рублга бир жарым сом болгон тарыхый көрсөткүчкө жетиши күмөн экендигин билдирди. «Мындай пикир туура эмес деп айткым келет. Улуттук банк интервенцияга ыкчам өзгөрүү болгон кезде гана чыгат. Азыркы учурда рынок өзүн толугу менен жөнгө салып турат. Акча-кредиттик саясаттын Кыргызстандын ЕАЭСке кириши менен өзгөрүүсүнө токтоло турган болсок, анда Улуттук банк буга чейин акча кредиттик жана валюталык саясатты кандай көз карандысыз өткөрүп келсе, дагы деле ошол бойдон кала берет. Бирок ошол эле учурда, биз ЕАЭС алкагында экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдөгү кесиптештерибиз менен акча-кредиттик жана макроэкономикалык саясаттын негизги учурларын макулдашуу боюнча келишкенбиз»деди төраганын орун басары.  

«Росинбанктын»учурдагы абалы тууралуу айтып жатып, Улуттук банктын төрагасы бул банкка карата түз көзөмөлдүн мөөнөтү жакын арада токтотулушу мүмкүн деген оюн билдирди. «Түз көзөмөл бул эң эле жеңил тартип. Түз көзөмөлдүн кириши менен «Росинбанкта» иш токтоп калган жок, банк штаттык режимде иштеп жатат, жетекчилик өз ордунда, абалы туруктуу бойдон. Мен ойлойм, жакын арада биз түз көзөмөлдү алып салабыз», деп билдирди Нурбек Жеңиш. 

Мындан сырткары, Нурбек Жеңиш алтындын өлчөнгөн куймаларын сатып алган жарандар үчүн Улуттук банк алтынды Улуттук банкта сактоо боюнча жаңы кызматты сунуштап жаткандыгын маалымдады. «Азыркы тапта 53 килограмм алтындын өлчөнгөн куймасын сатуудан түшкөн каражат 135 миллион сомдон ашык сумманы түздү. Жакында эле Улуттук банк бир унциялык же 31 грамм жана 100 граммдык алтындын өлчөнгөн куймаларын сактоо боюнча жаңы кызматты сунуштады. Кээ бир биздин жарандар куйманы сатып алгандан кийинки анын сакталышы боюнча тынчсызданууларын билдиришкен. Ошондон улам биз бул кызматты сунуш кылдык. Ар бир атуул, куйманы сатып алгандан кийин, биз менен келишим түзүп, бизде сактоого таштап кете алат. 31 граммдан төмөнкү салмактагы куймаларды биз кабыл албайбыз. Сактоонун наркы символикалык, ай сайын ар бир куйма үчүн  50 сом алынат», деп билдирди Нурбек Жеңиш.