Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» («Сырга») жана «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы» күмүш монеталарын жүгүртүүгө чыгарды. 

 

 

2019-жылдын 5-ноябрында «Кабар» МАде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жаңы «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» («Сырга») жана «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы» күмүш коллекциялык монеталарын жана ошондой эле «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» («Сырга») жез-никель коллекциялык монеталарынын жүгүртүүгө чыгарылгандыгына байланышкан пресс-конференция болуп өттү. «Кыргыз кумурасы» жана «Сырга» коллекциялык монеталары «Кыргыз каганатынын доору» сериясынын алкагында кыргыз элинин руханий жана маданий баалуулуктарын жайылтуу максатында чыгарылган.  

 

Пресс-конференцияга Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мээрим Момункулова, Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Дана Сайфуллиналар катышышты. 

“«Кыргыз кумурасы» жана «Сырга» коллекциялык монеталары «Кыргыз каганатынын доору» сериясынын алкагында кыргыз элинин руханий жана маданий баалуулуктарын жайылтуу максатында чыгарылды” деп биддирди өз сөзүндө Мээрим Момункулова. 

 

«Кыргыз кумурасы» монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин биздин замандын VI X кылымдарына туура келген үч кыргыз кумурасынын сүрөттөрү түзөт. Дал ошол мезгилде кыргыздар жасаган карапа идиштери жогорку чеберчилиги менен айырмаланган.  

Ичке, бийик, боз топурактан жасалып, көпкө чейин сакталган бышыктыгы менен айырмаланган кумуралар, адабиятта «Кыргыз вазасы» деген аталышка ээ болгон. Кумураларга оюуларды чегүү ыкмасы колдонулган. Археологиялык казууларда табылган кумуралардын айрымдарында ошол идиштин ээсинин эн тамга белгиси оюлуп түшүрүлгөнүн көрүүгө болот. 

«Кыргыз кумурасы» коллекциялык монетасы күмүш металлдын 925 сапат белгисинде жасалып, «proof» сапатына ээ. Монетанын нускасы 1000 даана, сатуу баасы 2650 с

 

«Сырга» коллекциялык монетасынын негизги сюжетин жаңы муунга калтырган изди/тукум улоону билдирген «Карга тырмак» жана жаман көздөн, оорулардан сактаган «Тумар» улуттук оймо-чиймелер, ошондой эле асыл таштар сымал түстүү ыкмада оюу түшүрүлгөн сырга салынган кыздын образы түзөт. 

«Сырга» коллекциялык монетасы эки түрдө даярдалган: 

· күмүш металлдын 925 сапат белгисинен, «proof» сапаты менен. Монетанын нускасы 1000 даана, сатуу баасы 2650 с

· жез-никель эритмесинен, «proof-like» сапаты менен. Монетанын нускасы- 5000 даана, сатуу баасы 380 с

 

Баардык коллекциялык монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.