Кайта келүү

ПРЕСС-РЕЛИЗ 

Улуттук банк Башкармасы эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлине чейин 

жогорулатуу чечимин кабыл алды 

 

2020-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2020-жылдын 24-февралында болуп өткөн Улуттук банк Башкармасынын отурумунун жыйынтыгы тууралуу билдирүү жасады.  

Инфляция боюнча болжолдоолорго жана келечекте экономиканы өнүктүрүүгө таянуунун негизинде Улуттук банк Башкармасы эсептик чен өлчөмүн (негизги ченди) 75 базистик пунктка 5 пайыз деңгээлине чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды.  

«Февраль айында инфляция жылдык мааниде 3,9 пайызды түзгөн. Кандайдыр бир таасирлер болбогон учурда, ушул жылдын акырына карата инфляциянын 5 пайыз тегерегинде орун алышы болжолдонуп, 2020-жылы анын орточо мааниси 4,6 пайыз деңгээлинде болушу күтүлөт», деп билдирди Толкунбек Абдыгулов. 

Улуттук банктын башчысы экономикада жыл башынан тартып өсүш катталгандыгын белгиледи. 2020-жылдын январь айы ичинде ИДӨнүн реалдуу өсүшү 1,8 пайызды, Кумтөрдү эсепке албаганда 2,5 пайызды түзгөн. Экономиканын негизги секторлору ИДӨнүн өсүшүнө алгылыктуу салым кошууну улантууда. 

Валюта рыногундагы абал тууралуу маалымдап жатып, Толкунбек Абдыгулов ушул жылдын январь-февраль айларында Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында валюта интервенцияларын ишке ашыргандыгын, чет өлкө валютасын сатуунун жалпы көлөмү 58,1 млн АКШ долларын түзгөндүгүн билдирди.  

 

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Толкунбек Абдыгулов Улуттук банк туруктуу негизде ички жана тышкы экономикалык жагдайларга баа берип, аларга мониторинг жүргүзүп турарын белгилеп өттү.  

«Кандайдыр бир тобокелдиктер пайда болгон учурда алардын таасирин азайтуу үчүн Улуттук банктын тиешелүү инструменттери жетиштүү», деп сөзүн жыйынтыктады. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселени кароо боюнча кийинки отуруму 2020-жылдын 30-мартында өтөт.