Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов журналисттер менен жолугушуп, валюта рыногундагы жагдай тууралуу айтып берди 

 

 

2020-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында валюта рыногунда орун алган жагдай тууралуу брифинг болуп өттү. Журналисттердин суроолоруна Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жооп берди. 

Улуттук банк андан мурунку күнү эле жалпы суммасы 53,7 млн АКШ долларын түзгөн нак жана нак эмес чет өлкө валютасын сатуу боюнча валюталык интервенцияны ишке ашырган. 

Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында өлкөбүздүн  

валюта рыногундагы абал туруктуу.  

Бүгүнкү күндө улуттук валютанын курсу төмөндөп кетишине таасир берүүчү эч кандай ири макроэкономикалык факторлор жок. Валюталар курсу азыркы тапта туруктуу абалга келүүдө. Кыргызстан боюнча акча алмаштыруу бюролорунда жана коммерциялык банктарда бир доллардын баасы 73 сомдон ашкан жок. 

«Азыркы учурда Кыргызстандын аймагында долларды эле эмес, башка кайсы болбосун чет өлкө валютасын сатуу же сатып алуу менен байланышкан кандайдыр бир көйгөйлөр байкалбайт», - деп кошумчалады Толкунбек Абдыгулов.  

Улуттук банк алып сатуу операцияларына жол бербөө максатында, валюта саясатын активдүү жүргүзүү жана жөнгө салуу инструменттерин колдонуу үчүн жетиштүү эл аралык резерв көлөмүнө ээ. 2020-жылдын 9-мартына карата абал боюнча резерв көлөмү 2,428 млрд АКШ долларын түзөт.