Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы журналисттер менен жолугушуп, валюта рыногундагы жагдай тууралуу маалымат берди 


2020-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн валюта рыногунда орун алган жагдай тууралуу брифинг болуп өттү.  

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2020-жылдын 19-мартында дүйнөнүн финансылык рынокторунда сакталып турган тобокелдиктердин таасири менен АКШ доллары 84,9 сом деңгээлине чейин бекемделгендигин билдирди. АКШ долларынын мындай курсу ички рынокто чет өлкө валютасына болгон суроо-талаптын жана сунуштун катышы катары түптөлгөн. Реэкспорттук операциялардан жана акча которуулардан валюта агымынын төмөндөшү сыяктуу психологиялык жана фундаменталдуу факторлор АКШ долларынын бекемделишине алып келген объективдүү экономикалык факторлордон болду. 

“Улуттук банк ички валюта рыногунда жана тышкы финансы рынокторунда орун алып жаткан абалга туруктуу негизде байкоо жүргүзүп турат. Зарыл болгон учурларда тиешелүү операцияларды жүргүзүү менен валюта рыногуна катышууну улантат жана аны корректировкалоо үчүн зарыл инструменттерге ээ”, - деп кошумчалады Толкунбек Абдыгулов.