Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынынЧенемдик актылары”» 

журналынын 2009 жылдын 11 саны 

 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009- жылдын 23 сентябрындагы № 38/3 «Коммерциялык банктарды жана депозиттерди тартуучу микрофинансылык компанияларды консервациялоо жёнъндё»жобону бекитъъ тууралуу токтому; 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009- жылдын 23 сентябрындагы № 38/5 «Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 29-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 1-февралында 16-05 номеринде каттоодон ёткёртългён №36/13 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жёнъндё» нускоону бекитъъ тууралуу» токтомго ёзгёртъълёрдъ киргизъъ жёнъндё токтому; 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009- жылдын 30 сентябрындагы № 39/5 « Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтому; 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009- жылдын 30-сентябрындагы № 39/6 “Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2- мартында № 5/7 кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн “Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому; 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009- жылдын 23 сентябрындагы № 39/8 “Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 22-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 4-октябрында 88-07 номеринде каттоодон өткөрүлгөн № 38/11 “Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүлөрдү киргизүү тууралуу токтому; 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 

23-сентябрындагы № 38/3 токтому 

 

 

 

«Коммерциялык банктарды жана депозиттерди тартуучу микрофинансылык компанияларды консервациялоо жёнъндё» 

жобону бекитъъ тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жёнъндё» мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына, жана «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жёнъндё» мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кароого сунушталган «Коммерциялык банктарды жана депозиттерди тартуучу микрофинансылык компанияларды консервациялоо жёнъндё» жобону, ушул токтомго карата тиркемеге ылайык бекитилсин.  

2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2002-жылдын 9-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2002-жылдын 25-октябрында 134-02 номеринде каттоодон ёткёртългён №36/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарды жана башка финансы-кредит мекемелерин консервациялоо жёнъндё» убактылуу жобо тууралуу» токтом къчън жоготту деп таанылсын

3. Токтом расмий жарыялангандан бир ай ёткёндён кийин къчънё кирет.  

4. Юридикалык бёлъм Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы ъчън бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жёнётсън.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Тёрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жъктёлсън. 

 

Тёрага Алапаев М.О. 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын 23-сентябрындагы N 38/3 

токтомуна карата тиркеме 

 

"Коммерциялык банктарды жана депозиттерди тартуу менен иш 

алып барышкан микрофинансылык компанияларды консервациялоо 

жөнүндө

ЖОБО 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Консервацияны киргизүү 

3. Консервацияны жүзөгө ашыруу 

4. Консервацияны узартуу 

5. Консервацияны токтотуу 

1 тиркеме. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) консервация башталган жана токтотулган учурда милдеттүү түрдө кабыл алынып/өткөрүлүп берилүүчү документтеринин минималдуу тизмеги 

2 тиркеме. Консерватордун аткарган иши жөнүндө отчетуна карата минималдуу талаптар 

3 тиркеме. Консервацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер жөнүндө акт 

4 тиркеме. Консервация чарасынын жүрүшүндө консерватор (анын өкүлдөрү) тарабынан айрым иш-чараларды жүргүзүү боюнча жол-жоболор 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана анда коммерциялык банктарда жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларда (мындан ары - текст боюнча банктар) консервациянын киргизүү жана аны жүзөгө ашыруу негиздери, тартиби аныкталган. 

1.2. Консервация Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (мындан ары - текст боюнча Улуттук банк) кредиторлордун жана аманатчылардын кызыкчылыгын көздөө менен банктын активдеринин, бухгалтердик китептеринин жана жазууларынын сакталышын камсыз кылуу үчүн банк ишине контролдукту жүргүзүү, ошондой эле андан аркы иш багытын аныктоо, иштин чыныгы абалы менен таанышуу максатында колдонулуучу чара болуп саналат. 

1.3. Бул жободо Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдарында берилген аныктамалар, ошондой эле төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: 

- консерватордун өкүлү - консервация ишине катышуусу үчүн консерватор тарабынан дайындалган жана консерватор белгилеген милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырган квалификациялуу адис; 

- консерваторго (консерватордун өкүлдөрүнө) каршы аракеттер - Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" мыйзамында жана ушул жободо аныкталган функциялардын консерватордун (анын өкүлдөрүнүн) аткаруусуна тоскоолдук кылган же ага мүмкүндүк бербеген банктын башкаруу органдарынын жана/же анын айрым кызматкерлеринин, банк менен байланыштуу башка адамдардын аракеттери же аракеттенбей коюулары; 

- консервацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттердин көрүлгөндүгү жөнүндө акт - банктын (филиалдын/туунду мекеменин) башкаруу органдарынын жана/же анын айрым кызматкерлеринин жана башка банк менен байланыштуу жактардын консервацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттенгендиги фактысы боюнча түзүлгөн документ; 

- Улуттук банктын структуралык бөлүмү - Улуттук банктын уюштуруу түзүмүндө каралган башкармалык, бөлүм жана/же кызмат. 

 

2. Консервацияны киргизүү 

 

2.1. Консервация "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" мыйзамда аныкталган негиздердин болушу шартында киргизилет. 

2.2. Консервацияны киргизүү жана консерваторду дайындоо чечими Улуттук банк Башкармасы тарабынан көзөмөлдүк функциясын жүзөгө ашырган анын структуралык бөлүмүнүн(1) (мындан ары көзөмөл органынын) сунушу боюнча кабыл алынат. Улуттук банк Башкармасынын консервацияны киргизүү чечими токтом менен таризделинет жана токтомдо башкасы каралбаса, ал кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет. 

2.3. Консервацияны киргизүү банктын катышуучулары же кредиторлору тарабынан демилгеленсе, алар Улуттук банкка алдын ала төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: 

- төлөм мөөнөтү келип жеткен учурда кредитордук карыздын банк тарабынан төлөнбөгөндүгүнө тиешелүү арыз, же болбосо мыйзамдарга ылайык консервацияны киргизүү үчүн башка негиздемелердин болушу; 

- тиешелүү ченемдик укуктук актыларга таянуу менен банкта консервациянын баштоо зарылчылыгынын негиздемеси. Көзөмөл органы берилген документтерди кароого алуу менен банктын катышуучулары же кредиторлор тарабынан сунуш кылынган документтердин негизинде консервацияны киргизүү зарылчылыгы негиздүү болсо, бул маселени чечим кабыл алуу үчүн Улуттук банк Башкармасынын кароосуна коет. 

2.4. Улуттук банк Башкармасынын консервацияны баштоо жөнүндө токтомунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- ага карата консервация чарасы колдонулуп жаткан банктын аталышы; 

- консервацияны киргизүү үчүн негиздер; 

- консервация башталган күн жана убактысы; 

- банктын эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү (зарылчылыкка жараша) жүзөгө ашыруу тартибин кошо алганда, банктын иш ыргагы; 

- банк ишине коюулуучу чектөөлөрдүн тизмеги (зарылчылыкка жараша); 

- консерватор тууралуу маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты жана негизги иштеген жери боюнча ээлеген кызматы); 

- консерватор тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон тапшырма же көрсөтмө

- консерватордун банктын документтерин, активдерин жана баалуулуктарын кабыл алуу мөөнөттөрү

- банкты санациялоону жүзөгө ашырууну кошо алганда, консервация жол-жобосунан улам келип чыккан тапшырмаларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка жоболор. 

2.5. Консервация киргизилген учурдан тартып көзөмөл органы Улуттук банк Башкармасынын токтому менен банктын Директорлор кеңешин жана жетекчилигин тааныштырат. 

Улуттук банк Башкармасынын токтомунун көчүрмөсү, банктын Директорлор кеңешинин кайсыл болбосун мүчөсүнө же жетекчисине көчүрмөнүн экинчи нускасын алган күндү жана убактысын көрсөтүп, кол койдуруп алуу менен тапшырылат. Көчүрмө консерватордун колунда анын ыйгарым укуктары токтотулганга чейин сакталууга тийиш. 

2.6. Көзөмөл органы консервация башталгандыгы жөнүндө чечимдин кабыл алынышы учурунда, алдын ала даярдалган маалымдоо катын эсептөшүүлөрдүн жана төлөмдөрдүн банктар аралык системасы боюнча кызмат көрсөтүүнү сунуштаган мекемелерге дароо жөнөтөт. Катта төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- консервация киргизилген банктын аталышы; 

- Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтому кабыл алынган күндү, анын номерин көрсөтүү менен консервация башталгандыгы жөнүндө билдирүү

- консервация башталган күн жана убактысы; 

- эсептешүү документтерине кол коюуга консерватордун ыйгарым укуктары; 

- консерватордун же экинчи кол тамга коюуга укуктуу болгон адамдардын кол тамгасынын үлгүлөрү

2.7. Консервация 18 айдан ашпаган мөөнөткө киргизилет. Консервациянын аракети Улуттук банк Башкармасы тарабынан 9 айдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн. 

2.8. Консервация башталгандыгы жөнүндө билдирүү Улуттук банктын расмий басылмаларында, анын веб-сайтында жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. 

 

3. Консервацияны жүзөгө ашыруу 

 

3.1. Консервация киргизилген учурдан тартып банкка карата төмөнкүлөр колдонулат: 

1) банктын акционерлеринин жалпы жыйынынын ыйгарым укуктары токтотулат. Мындан кийин, акционерлердин жалпы жыйынынын бардык чечимдери, эгерде алар консерватор тарабынан бекитилбеген болсо, укукка ээ болбогон катары эсептелинет. Консерватор банкты сатуу жана жабуу боюнча ыйгарым укуктарды эске албаганда, банктын акционерлеринин жалпы жыйынын бардык ыйгарым укуктарына ээ болот. Консерватордун банкты кошуу жана бириктирүү боюнча ыйгарым укуктары, Улуттук банк Башкармасынын макулдугу менен гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн; 

2) банктын бардык жетекчилеринин ыйгарым укуктары токтотулат жана Консерваторго өтөт. Банктын атынан юридикалык жак катары консерватор гана иш алып барууга укуктуу. Консервация киргизилгенден кийин банк тарабынан же анын атынан көрүлгөн иш-аракеттер анык эмес деп эсептелинет, мында бул аракеттер Улуттук банк Башкармасы, консерватор же анын атынан башка ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан кабыл алынган же болбосо алар акча которуу же төлөм же эсептешүү системасына түшкөн жана Улуттук банк тарабынан ошолор катары таанылган баалуу кагаздар боюнча кайтарылып алынгыс буйруктар болуп саналган учурлар эске алынбайт; 

3) банктын финансылык абалын коргоо максатында банкка карата тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин депозиттерди төлөө токтотулат; 

4) банктын ишеним боюнча тескөөсүндө турган жана өзүнчө баланста чагылдырылган мүлктү эске албаганда, банктан карыздарды өндүрүп алуу тууралуу соттун кайсы болбосун чечимин аткаруу консервация учурунда токтотулат; 

5) банк - карызгердин бардык милдеттенмелери боюнча төлөмдөрдү (айыптык төлөм, туумдар) жана пайыздарды чегерүү токтотулат; 

6) банктын акционерлерине дивиденттерди жана башка кандай болбосун төлөөлөрдү чегерүү жана төлөп берүү токтотулат; 

7) депозиттерди коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык, өз талаптарын канааттандырууга укугу бар кайсыл болбосун кредитор (аманатчы) консервация киргизилгенден кийин, белгиленген тартипте арыз менен кайрылууга укуктуу; 

8) консерватордун банктын атынан жүргүзгөн бардык операциялар жана бүтүмдөр боюнча жоопкерчилиги, эгерде бул операциялар жана бүтүмдөр консерватор тарабынан мыйзам актыларына ылайык жүзөгө ашырылган болсо, толугу менен банкка жүктөлөт. 

Банкта консервацияны жүргүзүүнүн натыйжасында, чыгымдардын келип чыгуусу Улуттук банктын, анын кызмат адамдарынын жана консерватор катары дайындалган адамдын жоопкерчиликтүүлүгүнө алып келбейт. 

 

Консерватордун (консерватордун өкүлдөрүнүн) иши жана уюштуруу тартиби 

 

3.2. Улуттук банктын финансы системасында кеминде 5 жылдык, ал эми банк чөйрөсүндө кеминде 3 жылдык иш тажрыйбага ээ кызматкери, (же башка адамы) - квалификациялуу адис консерватор болуп дайындалышы мүмкүн. Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган адам Улуттук банк менен түзүлгөн, анда консерватордун милдеттери, жоопкерчиликтери, иштөө тартиби жана эмгек акысы чагылдырылган консервация жөнүндө келишимдин негизинде иш алып барат. 

3.3. Консервация киргизилген учурдан тартып, банктын кызмат адамдары консерваторго банктык жайларга тоскоолдуксуз кирүү, анын активдери жана документтери менен толук таанышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү

3.4. Эгерде консерватордун/консерватордун өкүлдөрүнүн коопсуздук таламдары жана/же кызматтык маалыматтарды коргоо же болбосо келип чыккан жагдайлар өзгөчө иш шартын жана техникалык жактан жабдууну талап кылбаса, консерватор өз ишин жүргүзүп жаткан мезгил ичинде банкка тиешелүү кызматтык жайларды, байланыш каражаттарын, автомобиль транспортторун жана башка техникалык каражаттарды, банктын аткаруу органы үчүн белгиленген тартипте жана шарттарда пайдалана алат. 

3.5. Консерватор, консервацияны жүзөгө ашыруу максатында өзү зарыл деп эсептеген ыйгарым укуктарды, эгерде Улуттук банк Башкармасы тарабынан башкасы белгиленбесе, банктын жетекчилерине жана кызматкерлерине, же болбосо башка адамдарга ыйгара алат. 

3.6. Консерватор дайындалгандан кийин дароо эле банктын филиалдарына, туунду мекемелерине жана өкүлчүлүктөрүнө консервация киргизилгендиги жөнүндө маалымдайт жана консерватордун экинчи, кол коюуга укугу бар адамдын кол тамгасынын үлгүлөрүн камтыган маалымдама катты жөнөтөт. Инвентаризациялоону жүргүзүү үчүн (ушул Жобонун 3.32-п. ылайык) комиссия түзүү, банктын (филиалдарынын/туунду мекемелеринин) имаратына кирүүгө укуктуу болгон адамдар үчүн өзгөчө өткөрмө режимин киргизүү жөнүндө буйруктарды жана консервацияны жүзөгө ашыруу максатында, зарылчылыкка жараша тиешелүү буйруктарды жана буйрууларды чыгара алат. 

3.7. Консерватор дайындалгандан кийин дароо эле банк-корреспонденттерге консервация режими киргизилгендиги жөнүндө маалымдайт (SWIFT системасынын каналдары, факс боюнча, байланыштын башка алгылыктуу каналдары) жана төмөнкүлөрдү камтыган маалымдама катты жөнөтөт: 

- Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтомунун кабыл алынган күнүн жана номерин көрсөтүү менен консервация башталгандыгы жөнүндө билдирүү

- консервация башталган күн жана убактысы; 

- консерватор тууралуу маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты жана негизги иш орду боюнча кызматы); 

- консерватордун жана экинчи кол коюга укугу бар адамдардын кол тамгасынын үлгүсү

- консервация чарасын жүзөгө ашыруу таламында, консерватор маалымдоо зарыл деп эсептеген бардык башка маалыматтарды. 

3.8. Консерватор консервация процессинин жүрүшүндө ушул Жобого карата 4-тиркемеге ылайык, башка иш-чараларды да жүзөгө ашыра алат. 

 

Консерватордун укуктары жана милдеттери 

 

3.9. Банкта "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" мыйзамга ылайык, консервациялоо жол-жобосун жүзөгө ашыруу консерватордун негизги милдети болуп саналат. Консерватор ишин жүзөгө ашырууда банктын Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына каршы келбеген ички ченемдик документтерине таянууга укуктуу. 

3.10. Консерватордун милдеттерине төмөнкүлөр кирет: 

- банктын финансылык абалынын начарлашына жол бербөө чараларын кабыл алуу; 

- банктын жазууларынын, документтеринин жана активдеринин сакталышын камсыз кылуу; 

- финансылык отчет менен банктагы айкын иш жагдайын салыштырып текшерүү

- банктын чыгашаларын мүмкүн болушунча азайтуу; 

- Улуттук банк Башкармасына макулдашуу менен бардык же айрым аманатчыларга тиешелүү болгон суммаларды төмөнкү принциптерди сактоо шартында, жарым-жартылай же толугу менен төлөп берүү

а) банк менен байланыштуу болбогон кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн банктын колунда жетиштүү каражаттардын бардыгына толук ынанмайынча, консерватор банк менен байланыштуу кайсы болбосун аманатчыга эч кандай сумманы төлөп бере албайт; 

б) эгерде консерватор банкты финансылык жактан чыңдоо мүмкүн эмес жана аны жоюу зарыл деген жыйынтыкка келсе, ал аманатчыларга төлөнүп берилүүгө тийиш болгон кандай болбосун төлөөлөрдү токтотууга милдеттүү

в) санациянын жол-жобосун жүзөгө ашыруу учурунда кредитор менен эсептешүү "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" мыйзамда белгиленген, банктын кредиторлорунун талаптарынын кезеги менен канааттандырылышына жараша жүзөгө ашырылат: 

- зарылчылыкка жараша, консервация мезгили учурунда банк менен түзүлгөн келишимдердин аракетин токтотуу; 

- укук коргоо органдары менен өз ара мамилелерге тиешелүү аракеттерди албетте, зарылчылыгы болсо, көзөмөл органы менен макулдашуу; 

- банктын катышуучуларынын анын финансылык абалын жакшыртууга реалдуу мүмкүнчүлүгү жана ниети болгон шартта, банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүү

- консервация жол-жобосун ишке ашыруу максаттарында башка чараларды көрүү

3.11. Консерватор ага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана чегерилген ыйгарым укуктарынын жүзөгө ашырылышы боюнча Улуттук банк Башкармасына жана кредиторлор комитетинин алдында отчет берет. Улуттук банк консерватор дайындалгандан кийин ага кат жүзүндөгү нускоолорду жана аракеттенүүгө карата тескөөлөрдү берүүгө укуктуу. 

3.12. Консерватор ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык, аткарылган иштер тууралуу отчетту (Улуттук банктын Төрагасынын атына), түшүндүрмө кат менен бирге, отчеттук айдан кийинки айдын 10 (онуна) чейин ай сайын Улуттук банкка берип турат. 

3.13. Көзөмөл органы консерватордон анын компетенциясына кирген маселелер боюнча кошумча маалыматтарды талап кылууга укуктуу. 

Улуттук банк Башкармасы зарылчылык келип чыккан учурда, консерватор үчүн тиешелүү отчетторду берүүнүн башка мөөнөттөрүн белгилөөгө укуктуу. 

3.14. Консервация мезгили аралыгында филиалдарын жана туунду мекемелерин кошо алганда, банктын (филиалдын/туунду мекеменин) отчетторуна (күндөлүк, ар айлык, чейректик, жылдык жана башка отчеттор жана маалыматтар) консерватор (филиалдагы/туунду мекемедеги консерватордун өкүлдөрү) жана башкы бухгалтер Улуттук банктын талаптарына ылайык кол коюшат. 

Консервация мезгилинде банк тарабынан мамлекеттик органдарга да (салык, статистика жана башка органдарга) отчеттор берилет. 

3.15. Консерватор төмөнкүлөргө укуктуу: 

- Улуттук банк Башкармасынын макулдугу менен айрым же бардык аманатчыларга аларга тиешелүү суммаларды жарым-жартылай же толугу менен төлөп берүүгө

- банктын филиалдарын, туунду компанияларын, өкүлчүлүктөрүн, аманат кассаларын жана башка структуралык бөлүмдөрүн жабууга; 

- банктын атынан кайсы болбосун документтерге жана келишимдерге кол коюуга; 

- банктын атынан доо жана дооматтык талаптарды коюуга; 

- банк ишине көз карандысыз аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө келишимдерди түзүүгө

- консерватордун өкүлдөрү жана банктын кызматкерлери үчүн аткарылышы милдеттүү болгон буйруктарга жана буйрууларга кол коюуга; 

- ишке кабыл алуу, кызматка дайындоо, иштен бошотуу, кызмат абалынан төмөндөтүү же кызматынан утурумдук четтетүү, банк кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү тууралуу буйруктарды (эмгек мыйзамынын талаптарын милдеттүү түрдө сактоо менен) чыгарууга; 

- эмгек мыйзамдарына ылайык, банктын (башкы мекемелердин, бөлүмдөрдүн, филиалдардын ж.б.) штаттык расписаниесин кайра карап чыгууга; 

- банкта проблемаларды жараткан же консервация режимин киргизүүгө себеп болгон иш-аракеттери үчүн банктын жетекчилерин жана катышуучуларын, ошондой эле банк менен байланыштуу башка жактарды жоопкерчиликке тартуу (анын ичинде тиешелүү укук коргоо органдарына жана сот органдарына кайрылуу менен да) маселесин көзөмөл органына алдын ала макулдашуу менен коюуга; 

- банкты консервациялоо мезгилинде бардык соттордо доочу же жоопкер катары консервация киргизилген банктын атынан өкүл болууга; 

- банктын атынан үчүнчү жактарга каршы сот ишин демилгелөөгө

- ыйгарым укуктары консервация мезгили ичинде токтотулган банктын аткаруу органдарына жүктөлгөн башка милдеттерди аткарууга. 

- консервацияны жүргүзүү максатында карыздык каражаттарды тартууга. Бул учурда консервация чарасы жүргүзүлүп жаткан мезгил ичинде консерваторго карыздык каражаттарды берген кредиторлордун талаптары, банк кийинчерээк жоюулууга дуушар болгон шартта, биринчи кезекте канааттандырылууга тийиш. 

3.16. Консерватор дайындалган күндөн 30 күн өткөндөн кечиктирилбеген мөөнөттө, банктын учурдагы финансылык абалы жана келечектеги иши жөнүндө отчетту даярдоо менен Улуттук банк Башкармасына жана кредиторлор комитетине сунуштоого милдеттүү. Отчет тышкы аудитордун жардамы менен түзүлүшү мүмкүн, анын кызмат көрсөтүүсүнүн наркы консервация чарасына кеткен чыгашаларга кошулат. Консерватордун отчетунда банк жоюлуп кеткен шартта сатып өткөрүлүшү мүмкүн болгон активдердин наркына баа берүүлөр, ошондой эле тиешелүү негиздемелери менен төмөндөгү сунуш көрсөтмөнүн бири камтылууга тийиш: 

- лицензияны кайтарып алуу; 

- Улуттук банктын ченемдик талаптарына ылайык, тиешелүү убакыт чектерин кошо камтуу менен банк ишин чындоо боюнча чаралар; 

- банкты сатуу, башка банкка кошуу же банктын активдерин жана/же пассивдерин жарым-жартылай сатуу. 

3.17. Консерватор зарылчылыкка жараша, банктын ири катышуучуларына жана/же ага белгилүү өлчөмдөгү үлүш менен катышкан катышуучуларга банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча кат жүзүндө сунуш менен кайрыла алат. Консерватор банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча сунуш анын катышуучуларына жөнөтүлгөндүгү тууралуу банктын ири кредиторлоруна маалымдайт. 

Банктын катышуучулары жана кредиторлору, анын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн акча каражаттарынын зарыл суммасын капиталдаштыруу жөнүндө консерваторго сунуш киргизиши мүмкүн. Мында, тиешелүү сумма жана аны салуу мөөнөтү консерватор тарабынан аныкталат. 

3.18. Банктын катышуучулары же кредиторлору тарабынан анын финансылык абалын чыңдоо боюнча иш-чаралардын планы сунушталган учурда, консерватор ошол иш-чаралар планы боюнча корутундуну Улуттук банк Башкармасына берет. 

Улуттук банк Башкармасы банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча иш-чаралар планын алгандан кийинки эки жуманын ичинде, банкты белгиленген тартипте капиталдаштыруу маселесин көтөрүүнү консерваторго кат жүзүндө сунуштай алат. 

3.19. Банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн акча каражаттары банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүү менен катышуучулар (кредиторлор) инвесторлор тарабынан салынат. 

3.20. Капиталдаштыруу шарттарынын белгиленген мөөнөттө аткарылбай калышы учурунда, консерватор банкты чыңдоо мүмкүнчүлүгү жокко эсе деп эсептөө менен консервация чарасын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана атайы администрлөө жол-жоболорун баштоо маселесин Улуттук банк Башкармасынын кароосуна коюу демилгесин көтөрүүгө укуктуу. Мында, консерватор банкты капиталдаштыруу мөөнөтүн узартууга башка жактардын аракеттерин көңүлгө албай коюуга укуктуу. 

3.21. Улуттук банк Башкармасы консерватордун отчетун жана сунуштарын карап көрүп, төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат: 

- тутумдук мааниси бар банкка карата "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" мыйзамда каралган реабилитациялоо тартибин сактоо; 

- консерватордун санацияны баштоо тууралуу сунушун колдоого алуу; 

- колдонуудагы мыйзам актыларына ылайык, лицензияны кайтарып алуу. 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынган чечимдин негизинде, консерватор банктын андан-аркы ишине тиешелүү иш-чаралар планын даярдоо менен аны кийин Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунуштайт. 

3.22. Улуттук банк Башкармасы төмөнкү учурларда башка консерваторду дайындоого укуктуу: 

- сыркоолоп калуусуна же консервация иш-чарасын жүргүзүүгө коркунуч туудурган башка себептер боюнча консерватордун жоктугу учурунда; 

- Улуттук банк менен келишилген келишимдин шарттарын бузууга жол берилсе; 

- отчетторду өз убагында бербей коюусу жана/же отчеттордун талаптагыдай берилбеши учурунда; 

- "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" мыйзам жана ушул жобо аркылуу консерваторго жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткарууга, аракеттерди көрүүгө консерватордун жөндөмсүздүгү

- консерватордун "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" мыйзамда жана ушул Жободо белгиленген консервация чарасынын максаттарына жетишүүгө бөгөт койгон, билип туруп жасаган аракеттери же аркеттенбей коюулары. 

 

Банктын филиалындагы/туунду мекемесиндеги консерватордун өкүлү 

 

3.23. Консерваторго жардам көрсөтүү үчүн анын өкүлдөр тобу уюштурулушу мүмкүн. Консерватордун өкүлдөрүнүн саны банктын филиалдарынын, туунду мекемелеринин, аманат кассаларынын жана башка структуралык бөлүмдөрүнүн санына, ошондой эле боло турган иштин мүнөзүнө жана көлөмүнө жараша консерватор тарабынан аныкталат. 

3.24. Финансы тутумунда кеминде 5 (беш) жылдык, банк чөйрөсүндө кеминде 3 (үч) жылдык иш тажрыйбасы бар квалификациялуу адис - Улуттук банктын кызматкери же башка адам консерватордун өкүлү болуп дайындала алат. 

3.25. Консерватордун өкүлүн дайындоо консерватордун буйругу менен таризделинет. Консерватордун өкүлү, дайындалгандыгы тууралуу буйрукта көрсөтүлгөн күнү өз милдеттерин аткарууга киришет. 

3.26. Консерватордун өкүлү, буйруктун көчүрмөсүн филиалдын/туунду мекеменин жетекчисине берет, ал ага кол коюп, берилген күнүн жана убактысын көрсөтүү менен консерватордун өкүлүндө, анын ыйгарым укугу токтотулганга чейин сакталып туруучу көчүрмөнүн экинчи нускасын берет. 

3.27. Консерватордун өкүлү зарылчылыкка жараша, консерватордун буйруусу боюнча башка адамга алмаштырылышы мүмкүн. 

3.28. Консерватордун өкүлүнүн дайындалгандыгы жөнүндө консерватор тарабынан көзөмөл органына маалымдалат. 

 

Консерватордун банктын мөөрлөрүн, ачкычтарын жана 

документтерин кабыл алышы жана ага өткөрүлүп берилиши 

 

3.29. Консерватор банкка келген учурда, банк жетекчиси анын бардык мөөрлөрүн (штамптарын) жана ачкычтарын (тесттик ачкычтарды кошо алганда) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына же банктын мөөрлөрүн жана ачкычтарын каттоо журналына кол коюп берүү менен консерваторго өткөрүп берет, ал эми консерватор аларды өткөрүп алат. 

Консерватордун банктын филиалындагы/туунду мекемесиндеги өкүлү банктын бардык мөөрлөрүн (штамптарын) жана ачкычтарын (тесттик ачкычтарды кошо алганда) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына же алар катталуучу тиешелүү журналга кол коюу менен филиалдын/туунду мекеменин жетекчисинен өткөрүп алат. 

3.30. Банктын жетекчиси жана башкы бухгалтери банктын бухгалтердик жана башка документтерин, ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык, тиешелүү тизме боюнча консерваторго өткөрүп беришет. 

Көрсөтүлгөн документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынган токтомдо белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүзөгө ашырылып, тиешелүү акт менен (актылар) таризделинет. 

Банктын филиалынын/туунду мекемесинин жетекчиси жана башкы бухгалтери банктын бухгалтердик жана башка документтерин ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык, тиешелүү тизме боюнча консерватордун өкүлүнө өткөрүп берет. 

3.31. Консерватордун, анын өкүлдөрүнүн ошондой эле, тиешелүү документтерге кол коюуга консерватор тарабынан ыйгарым укук чегерилген башка адамдардын кол тамгалары банктын мөөрү менен менен күбөлөндүрүлөт. 

 

Материалдык баалуулуктарды инвентаризациялоо 

 

3.32. Консерватор консервация чарасы киргизилген учурдан кийинки 30 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен, төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү

- банктагы бардык материалдык баалуулуктарды (негизги каражаттарды, жабдууларды ж.б.), анын ичинде банкка тиешелүү болбогон жана анда күрөөдө турган мүлктөрдү инвентаризациялоого жана ревизиялоого (мындан ары текст боюнча- инвентаризациялоо); 

- банктын, анын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн касса түйүнүнөн тышкары турган кассалардагы, банкоматтардагы, терминалдардагы жана операциялык кассалардагы банкнотторго, монеталарга жана башка баалуулуктарга ревизия жүргүзүүгө (мындан ары текст боюнча - ревизия жүргүзүү); 

- консервация башталган күнгө карата бардык банк-корреспонденттердин эсептери боюнча тастыктама алууга менен банк-корреспонденттердеги эсептерди такташтырууга. Ошондой эле консерватор: 

а) төмөнкүлөрдү тактоого тийиш: 

- рыноктук же корректировкаланган наркы боюнча эсепке алынуучу баалуу кагаздарды; 

- кредиттерди, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлундагы N 18/3 токтом менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык, кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарга корректировкалоолорду; 

- баалоо наркы боюнча таанылган башка активдерди; 

б) такташтыруунун натыйжасында, айрым статьялары боюнча корректировкалоолорду эске алуу менен баланстык отчетту түзөт. 

3.33. Инвентаризация жана ревизия, курамы консерватордун буйругу менен аныкталган комиссия тарабынан ишке ашыралат. 

Инвентаризациялоону жана ревизияны жүргүзүү жана алардын жыйынтыгын тариздетүү, консерватордун буйругунда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

 

Банктын эсептешүү документтерине кол коюу жана аларды кабыл алуу 

өзгөчүлүктөрү 

 

3.34. Консерватор консервация чарасы киргизилгенден кийинки, 2 (эки) күн ичинде, банктын эсептешүү документтерине кол коюуга укуктуу консерватордун жана ал тиешелүү укукту чегерген башка адамдардын кол тамгасынын үлгүлөрү түшүрүлгөн, тиешелүү негизде таризделинген карточкаларды (эки нускада) Улуттук банкка берет. 

Консерватордун өкүлү консервация чарасы киргизилгенден кийинки эки күн ичинде, банктын эсептешүү документтерине кол коюуга укуктуу консерватордун өкүлүнүн жана ал тиешелүү укукту чегерген башка адамдардын кол тамгаларынын үлгүлөрү түшүрүлгөн, тиешелүү негизде таризделинген карточкаларды (эки нускада) Улуттук банктын областтык башкармалыктарына берүүгө тийиш. 

3.35. Банктын жана анын филиалдарынын/туунду мекемелеринин консервация чарасы киргизилген жана консерватор дайындаган учурда банктын төлөм документтерине кол коюуга укугу бар кызматкерлеринин кол тамгаларынын үлгүлөрү түшүрүлгөн карточкалар жараксыз деп эсептелинет. Көрсөтүлгөн карточкалар Улуттук банкта жана анын тиешелүү областтык башкармалыктарында сакталууга тийиш. 

3.36. Банктын эсептешүү документтерине биринчи кол коюуга укук консерваторго, ал эми банктын филиалынын/туунду мекемесинин эсептешүү документтерине кол коюуга укук консерватордун өкүлүнө тиешелүү

Банктын төлөм документтерине экинчи кол коюуга укук банктын башкы бухгалтерине же бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык, башкы бухгалтердин функциясын аткаруучу консерватордун өкүлүнө, ал эми банктын филиалынын/туунду мекемесинин эсептешүү документтерине - филиалдын/туунду мекеменин башкы бухгалтерине же филиалдын/туунду мекеменин башкы бухгалтеринин функциясын жүзөгө ашырган консерватордун өкүлүнүн сунушу боюнча консерватор ыйгарым укук чегерген башка адамга тиешелүү

3.37. Банктын жана анын филиалдарынын төлөм документтери, Улуттук банктын эсептешүү операцияларды жүзөгө ашырган структуралык бөлүмдөрү, банктар аралык эсептешүүлөр жана төлөмдөр системасы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мекемелер, ушул Жобонун 3.35 пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын кол коюусу менен банк - корреспонденттер тарабынан аткарууга кабыл алынат. 

3.38. Улуттук банк менен эсептешүүлөр аяктаган учурда, электрондук цифралык кол тамга коюлган банктын электрондук документтерин аткарууга кабыл алуу өзгөчөлүктөрү, Улуттук банктын тиешелүү структуралык бөлүмдөрүнө макулдашуу менен консерватор тарабынан аныкталат. 

3.39. Башка банктар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда, электрондук цифралык кол тамга коюлган банктын электрондук төлөм документтерин аткарууга кабыл алуу тартиби жана өзгөчөлүктөрү, Улуттук банктын укуктук ченемдик актылары менен жөнгө салынат. 

 

Консервацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт 

 

3.40. Банктын башкаруу органдарынын жана/же айрым кызматкерлеринин жана банк менен байланыштуу башка адамдардын, консерватордун "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" мыйзамда жана ушул Жободо ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруусуна тоскоолдук кылган же мүмкүндүк бербеген каршы аракеттери орун алган учурда, консерватор консервацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт түзөт (ушул Жобого карата 3-тиркемеге ылайык). 

Консерватордун милдеттерин жүзөгө ашырууга мүмкүн эместик, Улуттук банк Башкармасынын консервацияны киргизүү жөнүндө токтомун жокко чыгара албайт жана анын аркетин токтото албайт. 

3.41. Консервацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт, мындай аракеттер аныкталган күнү түзүлүп, ага консерватордун колу коюлуп (ал жок болгон учурда консерватордун өкүлүнүн), Улуттук банкка жөнөтүлөт. 

3.42. Банктын филиалында/туунду мекемесинде консервацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсү консерваторго жөнөтүлөт. 

3.43. Банктын башкаруу органдарынын жана/же анын айрым кызматкерлеринин, банк менен байланыштуу башка адамдардын консервацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттенгендиги фактысы жөнүндө арыз менен консерватордун мыйзам актыларына ылайык укук коргоо органдарына кайрылууга укугу бар. 

3.44. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) башкаруу органдарынын жана/же анын айрым кызматкерлеринин жана банк менен байланыштуу башка адамдардын консерваторго (анын өкүлдөрүнө) каршы аракеттери, банкка мыйзам актыларына ылайык чараларды көрүүсү үчүн негиз болуп саналат. 

 

4. Консервацияны узартуу 

 

4.1. Консервациянын аракеттенүү мөөнөтү "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" мыйзамга ылайык, Улуттук банк Башкармасынын чечими менен узартылышы мүмкүн. 

4.2. Консервацияны узартуу жөнүндөгү чечим консерватордун же болбосо көзөмөл органынын өтүнүчү боюнча, Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынышы мүмкүн: 

а) банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтиргенге чейин же Улуттук банк тарабынан белгиленген аткарылышы милдеттүү ченемдерди жана башка талаптардын аткарылышына чейин; 

б) атайын администрлөө (же мыйзам актыларына ылайык банккроттулуктун башка жол-жоболору) жол-жоболорунун башталышы же козголушу тууралуу чечимди кабыл алганга чейин. 

4.3. Көзөмөл органы консервацияны узартуу чечимин кабыл алган күнү, банктар аралык эсептешүүлөр жана төлөмдөр боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мекемелерге белгиленген тартипте маалымдалчу маалымдоо катын даярдайт. Катта консервацияны узартуу тууралуу Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечиминин номери жана күнү көрсөтүлгөн маалыматты камтууга тийиш. 

4.4. Консервацияны узартуу тууралуу билдирүү Улуттук банктын расмий басылмаларында, веб-сайтында жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. 

 

5. Консервацияны токтотуу 

 

5.1. Улуттук банк Башкармасынын консервацияны токтотуу жана консерваторду аткарган милдетинен бошотуу токтому күчүнө кирген учурдан тартып, консервация токтотулат. 

Улуттук банк Башкармасынын консервацияны токтотуу тууралуу чечими консерватордун же көзөмөл органынын өтүнүчү боюнча кабыл алынат. Улуттук банк Башкармасынын консервацияны токтотуу чечими төмөнкү учурларда кабыл алынышы мүмкүн: 

а) консервацияны баштоо үчүн негиз болгон себептер четтетилсе; 

б) Улуттук банк Башкармасынын консервацияны баштоо чечиминде же болбосо консервациянын аракеттенүү мөөнөтүн узартуу чечиминде көрсөтүлгөн консервация мөөнөтү бүткөн учурда; 

в) соттун чечими менен жоюучу дайындалса; 

г) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде. 

5.2. Консервация аны киргизүү мөөнөтү аяктаганга чейин эле Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча токтотулушу мүмкүн. 

5.3. Банктын кызмат адамдарынын консервация мезгили ичинде токтотулган ыйгарым укуктары, эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык кызматтарынан бошотулбаган болсо жана банктын кызмат адамын алмаштыруу тууралуу Улуттук банк талап койбосо, консерватордун иши токтогондон кийин калыбына келтирилет. 

5.4. Консерватор банктын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары калыбына келтирилгенден кийин банктын мөөрлөрүн (штамптарын), ачкычтарын, бухгалтердик жана башка документтерин ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык, макулдашылган мөөнөттө, банктын жетекчисине тизме боюнча өткөрүп берет, ал эми банктын жетекчиси кабыл алат. 

Банктын мөөрлөрүн (штамптары), ачкычтарын, бухгалтердик жана башка документтерин кабыл алуу жана өткөрүп берүү тиешелүү акт (актылар) менен таризделет. 

5.5. Банк, консервация токтотулган учурдан кийинки 2 (эки) күндүн ичинде, банктын кызмат адамдарынын, ошондой эле банктын эсептешүү документтерине кол коюуга укугу бар башка адамдардын кол тамгасынын үлгүсү түшүрүлүп, тиешелүү түрдө таризделген карточкаларды (эки нускада) Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

5.6. Консерватордун ыйгарым укуктары ушул Жобонун 5.1-пунктунун в) пунктчасына ылайык токтотулган учурда, ал банкка жана анын активдерине контролдукту, ошондой эле мөөрдү (штампты), ачкычты, бухгалтердик жана башка документтерди сот тарабынан дайындалган жоюучуга дароо өткөрүп берүүгө милдеттүү

Банктын мөөрлөрүн (штамптарын), ачкычтарын, бухгалтердик жана башка документтерин кабыл алуу жана өткөрүп берүү тиешелүү акт (актылар) менен таризделинет. 

5.7. Консерватор, анын ыйгарым укугу токтотулгандан кийин 30 күндүн ичинде, консервация чарасы учурундагы бухгалтердик эсептин маалыматтарын тиркөө менен корутунду отчетту даярдап, аны Улуттук банкка жана банкка берет. 

5.8. Көзөмөл органы, консервацияны токтотуу тууралуу чечим кабыл алынган күнү, маалымдама кат даярдап, аны менен банктар аралык эсептешүүлөр жана төлөмдөр системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мекемелерди белгиленген тартипте тааныштырууга тийиш. 

5.9. Консервация токтотулгандыгы жөнүндө билдирүү Улуттук банктын расмий басылмаларында, веб-сайтында жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт. 

 

(1) Банктык көзөмөл башкармалыгы/Банктык эмес мекемелердин көзөмөл башкармалыгы 

 

"Коммерциялык банктарды жана 

депозиттерди тартуу менен иш 

алып барышкан микрофинансылык 

компанияларды консервациялоо 

жөнүндө" жобого карата 

1-тиркеме 

 

Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) консервация башталган 

жана токтотулган учурда милдеттүү түрдө кабыл 

алынып/өткөрүлүп берилүүчү документтеринин 

МИНИМАЛДУУ ТИЗМЕГИ 

 

1. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) уюштуруу документтери. 

2. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү (кайра катталгандыгы) жөнүндө күбөлүгү

3. Банктын банк операцияларын жана баалуу кагаздар рыногунда кесипкөйлүк ишин жүзөгө ашырууга лицензиясы, башка лицензиялары жана ага берилген уруксаттар. 

4. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) штаттык расписаниеси, кызматын көрсөтүү менен банктын (филиалдын/туунду мекеменин) кызматкерлеринин, алар иштеген структуралык бөлүмдөрдүн, кызмат акыларынын, бош кызмат орундарынын тизмеси, ошондой эле банктын кызматкерлеринин өздүк делосу жана эмгек китепчелери. Жеке курам жана негизги иш боюнча бардык буйруктар. 

5. Жайгашкан ордун көрсөтүү менен филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн жана туунду мекемелердин (чет өлкөдөгүлөрдү кошо алганда) тизмеси. 

6. Бүтүндөй алганда банк жана филиалдар боюнча консервация киргизилген/токтотулган күнгө карата банктын (филиалдын/туунду мекеменин) бухгалтердик балансы, ошондой эле баланстык эсеп боюнча отчету. 

7. Эсеп номерин, ар бир делонун (юридикалык делолордо документтердин тизмеси болушу зарыл) барагынын санын билдирген белгиси бар юридикалык делонун номерин көрсөтүү менен банктын (филиалдын/туунду мекеменин) кардарларынын тизмеси. 

8. Берилген гарантиялар, аккредитифтер жана банктын башка милдеттенмелери боюнча документтер. 

9. Чарба келишимдерин кошо алганда, банк (филиал/туунду мекеме) менен келишилген бардык бүтүмдөр боюнча макулдашуулар. 

10. Корреспонденттик мамилелерди орнотуу тууралуу макулдашуулар, тесттик ачкычтарды кошо алганда, электрондук төлөмдөрдүн жана кол тамгалардын үлгүлөрүнүн шифрлери. 

11. Банк (филиал/туунду мекеме) тарабынан жүргүзүлүүчү кредиттик жана башка досьелер (таржымал), күрөөлүк мүлк жөнүндө документтер, банк тарабынан чыгарылган гарантиялык жана башка баланстык эмес милдеттенмелер. 

12. Тышкы аудиторлор тарабынан банкта жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүлөр боюнча бардык отчеттор. 

13. Ишеним каттарды эсепке алуу китеби, ошондой эле банктын кызматкерлерине, филиалдардын, туунду мекемелердин, өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине жана үчүнчү жактарга берилүүчү ишеним каттардын көчүрмөлөрү

14. Банктын аткаруу органынын протоколдору жана чечимдери, тескөөчү документтер жана бул документтердин эсебине жүргүзүлүүчү китеп. 

15. Банктын Директорлор кеңешинин отурумдарынын жана банктын менчик ээлеринин (акционерлеринин) чогулуштарынын протоколдору. 

16. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) чыгыш жана кириш корреспонденцияларын чагылдырылуучу журнал. Улуттук банк, банктын кардарлары, мекемелер менен банктын чыгыш жана кириш корреспонденциялары. 

17. Банк (филиал/туунду мекеме) менен келишилген келишимдерди, контракттарды жана макулдашууларды каттоо журналы. 

18. Төлөм документтеринде биринчи жана экинчи кол коюуга, ошондой эле банк (филиал/туунду мекеме) менен келишилген кредиттик жана башка келишимдерге, эмгек макулдашууларына жана контракттарга кол коюуга укугу бар адамдардын кол тамгаларынын үлгүлөрү

19. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) административдик-чарбалык чыгашаларынын сметасы. 

20. Банкка (филиалга/туунду мекемеге) соттук же соттук эмес тартипте, суммасын көрсөтүү менен коюлган талаптардын, доолордун жана аткаруу барактарынын, ошондой эле банктын башкаларга карата талаптарынын тизмеси. 

21. Негизги каражаттардын, наркы төмөн, тез тосулуучу буюмдардын, башка активдердин, ошондой эле документтердин, архивдин инвентаризациялык описи (инвентаризациялоо аяктагандан кийин берилет). 

22. Банктын расмий талап коюу үчүн пайдаланган фирмалык бланктары (банктын фирмалык символикасын жана башка реквизиттерин камтыган документтердин башка формалары). 

23. Консерватордун пикири боюнча банктын (филиалдын/туунду мекеменин) жетекчисине берилүүгө тийиш деп эсептелинген кандай болбосун башка документтер. 

24. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) жетекчисинен кошумча документтерди жана ушул тизмеде көрсөтүлгөн документтердин аныктыгын тастыктаган документтерди консерватордон талап кылууга укугу бар. 

 

"Коммерциялык банктарды жана 

депозиттерди тартуу менен иш 

алып барышкан микрофинансылык 

компанияларды консервациялоо 

жөнүндө" жобого карата 

2-тиркеме 

 

Консерватордун аткарган иши жөнүндө отчетуна карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

 

1. Ай сайын берилүүчү отчетто төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

а) отчеттук айдын акыркы күнүнө карата абал боюнча банктын бухгалтердик балансы; 

б) отчеттук айдын акыркы күнүнө карата абал боюнча, Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 3-декабрындагы N 33/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык түзүлгөн "Финансылык абал жөнүндө баланстык отчет" формасы; 

в) төлөөнүн пландык графигине, алдыдагы айга төлөө графигине (жума боюнча) салыштырганда, отчеттук ай ичинде кредиттердин негизги суммасы жана пайыздар боюнча карыздардын анык төлөнгөндүгү жөнүндө отчет; 

г) отчеттук айдын акыркы күнүнө карата абал боюнча банктын төмөнкү категориялар боюнча түзүмү: жеке адамдар жана юридикалык жактар, талап кылганга чейин жана мөөнөттүү, улуттук жана чет өлкө валютасында ошондой эле, аманатчылардын саны жана кардарлардын эсептери боюнча маалыматтар; 

д) банктын кийинки айга карата (жума боюнча) депозиттик милдеттенмелерин төлөө прогнозу; 

е) активдердин классификациясы, мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер боюнча банк тарабынан түзүлгөн камдар (резервдер); 

ж) Улуттук банктын пикири боюнча ар айлык отчеттун курамында берилиши (талап боюнча) зарыл болуп саналган башка маалыматтар. 

Ай сайын берилүүчү отчетто төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтар чагылдырылат: 

- консерватор тарабынан банктын капиталын көбөйтүү үчүн көрүлүүчү чаралар; 

- банктын ликвиддүүлүгүн жакшыртуу жана көбөйтүү боюнча чаралар; 

- консерватордун банкты чыңдоого боло тургандыгы жөнүндө корутундусу. 

Ай сайын берилүүчү отчетто кыскача түшүндүрмө катты да камтууга тийиш. Ал катта банктын жана анын филиалдарындагы (туунду мекемелериндеги) персоналдын структурасынын жана санынын өзгөрүшүнө тиешелүү маалыматтар, банктын кызматкерлерин дайындоо жана иштен бошотуу, консерватордун өкүлчүлүгүнүн курамындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтар чагылдырылат. 

Кыскача түшүндүрмө катта төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- иштелип чыккан планга ылайык, отчеттук мезгил ичинде банкты финансылык жактан чыңдоо боюнча негизги иш-чаралар жөнүндө маалымат, планда көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылбагандыгынын жана/же мөөнөтүндө аткарылбагандыгынын себебин түшүндүрүүлөр; 

- банктын (филиалдын/туунду мекеменин) башкаруу органдарынын жана (же) айрым кызматкерлеринин консерватор (анын өкүлдөрүнө) өз милдеттерин аткарып жаткан учурда ага каршы иш-аракеттери жөнүндө маалыматтар; 

- ушул мезгил ичинде банктын эң ири бүтүмдөрү (100 (жүз) минимал- 

дык эсептик көрсөткүчтөн жогору суммада) жөнүндө маалымат; бул иш-чаралардын жана бүтүмдөрдүн натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн анализдөөлөрү; банктын финансылык абалына баа берүү жана кийинки отчеттук мезгилге пландаштырылган иш-чаралар жөнүндө маалыматтар. 

- банктын баланстан тышкаркы милдеттенмелери боюнча талаптарга тиешелүү маалыматтар; 

2. Консервациянын бүтүндөй мезгили үчүн отчетто банк ишинин негизги финансылык көрсөткүчтөрүнүн (өздүк каражаттар (капитал), активдер, милдеттер, капиталдын шайкештүүлүк коэфициенти, ликвиддүүлүк көрсөткүчтөрү ж.б.) өзгөрүүсүн мүнөздөгөн бардык маалыматтар, ошондой эле консерватордун ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруусунун натыйжалары жөнүндө негиздүү корутундулар (консервациялоонун натыйжасынын прогнозу ж.б.) камтылууга тийиш. 

3. Отчетко консерватордун колу коюлат. 

 

"Коммерциялык банктарды жана 

депозиттерди тартуу менен иш 

алып барышкан микрофинансылык 

компанияларды консервациялоо 

жөнүндө" жобого карата 

3-тиркеме 

 

Консервацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер жөнүндө 

АКТ 

_______________________________________________________________________ 

(коммерциялык банктын (филиалдын, туунду мекеменин, аманат кассаларынын) аталыштары) 

_______________________________________________________________________ 

(банктын (филиалдын, туунду мекеменин, терминалдын, аманат кассасынын) жайгашкан орду, дареги, телефону) 

_____________________ 2009-жылдын "___"___________ 

үзүлгөн жер) 

Ушул акт, _____________________________________________________________ тарабынан 

(банктын жетекчисинин, кызмат адамынын/кызматкеринин/леринин 

аты-жөнү, фамилиясы) 

банкты консервациялоого тоскоолдук кылгандыгы тууралуу мен, 

консерватор/консерватордун өкүлү_______________________________________ 

(Фамилиясы аты) 

(фамилиясы, аты-жөнү

төмөндө кол койгон адамдардын катышуусунда ушул актыны түздүм: 

1.________________________________________________________________ 

2.________________________________________________________________ 

3.________________________________________________________________ 

Банктын кызматкерине/лерине консерватор/консерватордун өкүлү тарабынан консервация чарасын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылгандыгы үчүн банктын жана анын кызмат адамдарынын жоопкерчиликтери тууралуу эскертилген. 

Акт төмөнкүлөр тарабынан түзүлгөн: 

_______________________________________________________________ _____ 

(консерватордун/консерватордун өкүлүнүн аты-жөнү, фамилиясы) (колу) 

Таанышты: 

___________________________________________ ____________________ _____ 

Банк кызматкеринин аты-жөнү, фамилиясы (кызматы) (колу) 

 

Актынын экинчи нускасын алган _____________________________________ 

(Банк кызматкеринин аты-жөнү, фамилиясы) 

колу 

Банктын кызмат адамдары 

_______________________________________________________________________ 

(Банк кызматкеринин аты-жөнү, фамилиясы) 

Консервациялоону жүзөгө ашыруу актысынын мазмуну менен таанышуудан баш тартышты. 

_______________________________________________________________________ 

(Консерватордун/анын өкүлүнүн аты- жөнү, фамилиясы) (колу) 

 

"Коммерциялык банктарды жана 

депозиттерди тартуу менен иш 

алып барышкан микрофинансылык 

компанияларды консервациялоо 

жөнүндө" жобого карата 

4-тиркеме 

 

Консервация чарасынын жүрүшүндө консерватор (анын өкүлдөрү

тарабынан айрым иш-чараларды жүргүзүү боюнча 

ЖОЛ-ЖОБОЛОР 

 

1. Консерватор банкка келгенде кассадагы жана сактоо жайындагы акча каражаттардын калдыгын тактап, 3 нускада акт түзөт. 

2. Консерватор банкка келгенде банктын сактоо жайын жана кассасын, бардык сейфтерди, ачкыч менен бекиле турган бардык шкафтарды жаап, чаптайт. 

3. Консерватор банкка келгенде архивди кошо алганда, банктын бардык документтерин өз колуна алып, алар салынган жайды чаптайт. 

4. Консерватор банкка келгенде төмөнкү буйруктарды чыгарат: 

а) Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын (аткаруу органынын) ишин токтотуу жана алардын ыйгарым укугун консерваторго өткөрүү жөнүндө

б) төлөм операцияларын жүргүзүү ыргагы жөнүндө

в) банктын бардык документтерине кол коюу укугун консерваторго өткөрүү жөнүндө

г) консерватордун кат жүзүндөгү уруксатсыз кандайдыр бир материалдык мүнөздөгү аракеттерди көрүүгө банктын бардык кызматкерлерине тыюу салуу жөнүндө

5. Консерватор банктагы мүлктүн, материалдык баалуулуктардын жана документтердин сакталышын камсыз кылуу максатында, банктан мүлктөрдү жана документтерди консерватордун кат жүзүндөгү уруксатысыз алып чыгууга, ошондой эле кабыл алуу саатынан башка убактарда, адамдарды кабыл алууга тыюу салынгандыгы жөнүндө банктын көзөмөл кызматына эскерткен буйруктарды чыгарат. 

6. Консерватор мүлктүн, материалдык баалуулуктардын, документтердин жана башка баалуулуктардын сакталышы үчүн банктын бардык кызматкерлери административдик-материалдык жоопкерчилик тарта тургандыгы тууралуу буйрук чыгарат. 

7. Консерватор жумуш күнүнүн акырында, банктын имаратын чаптап жабууга жооп бере турган комиссия түзүү жөнүндө буйрук чыгарат. Комиссиянын курамына консерватор (консерватордун өкүлдөрү) жана банктын кызматкерлери кирет. 

8. Консерватор колдонуудагы эмгек мыйзамына ылайык, мүмкүн болуучу иштен бошотуу тууралуу банктын ар бир кызматкерине жекече эскертүүгө тийиш. 

9. Консерватор ачкычтарды, сейфтердин ачкычтарын жана электрондук документтерге цифралык кол тамганы түзгөн парольдорду, автоматташтырылган системадан пайдалануу үчүн каралган парольдорду Улуттук банктын коопсуздук кызматынын жаңылап берүүсү өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү

10. Зарылчылык келип чыккан учурда консерватор Улуттук банкка тиешелүү техникалык каражаттарды пайдалануу өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылууга укуктуу. 

11. Консерватор, ушул жобонун 3.32-жана 3.33-пунктарындагы талаптарга ылайык, банкта өткөрүлүүчү инвентаризациялоонун жана ревизиянын жүрүшүндө, Улуттук банкта колдонулган инвентаризациялоону жүргүзүү жана анын натыйжаларын тариздөө тартибине таянуу менен иш алып барууга укуктуу. 

 

Бишкек шаары 

2009-жылдын 23-сентябры N 38/5 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК 

БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 29-декабрында 

кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 

2005-жылдын 1-февралында 16-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 

N 36/13 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык 

банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин 

сакталышынын тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" 

токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 29-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 1-февралында 16-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 36/13 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтомго, ушул токтомго кошо тиркелген тиркемеге ылайык, өзгөртүүлөр киргизилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

"КР Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары" журналында, N 2009/11 жарыяланды 

 

3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын төрагасы М.Алапаев 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын 23-сентябрындагы N 38/5 

токтомуна карата тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 29-декабрында 

кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 

2005-жылдын 1-февралында 16-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 

N 36/13 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык 

банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин 

сакталышынын тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" 

токтомго өзгөртүүлөр 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 29 декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 1-февралында 16-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 36/13 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө" нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- нускоонун баш сөзүнүн экинчи абзацындагы ", Эсептешүү-аманат компаниясы" деген сөздөр алынын салынсын; 

- II бөлүктүн 2.2-пунктунун экинчи абзацындагы экинчи сүйлөмдөгү "ошол валютада чегерилген пайыздык кирешелерди, чыгашаларды кошо алганда" деген сөздөр алынып салынсын; 

- II бөлүктүн 2.2-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

"- Ошол эле валютада камсыз кылынган гарантияларды, аккредитивдерди жана ошондой финансылык инструменттерди эске албаганда, банк тарабынан чыгарылган же тастыкталган чет өлкө валютасында номминирленген кайтарылып алынгыс гарантиялар, аккредитивдер жана ушундай эле финансылык инструменттер. Ушул Нускоонун максаттарында финансылык инструменттер дегенден улам, векселдик кепилдиктерди (аваль), жол чектерин жана эл аралык тажрыйбада кабыл алынган банктын башка шарттуу милдеттенмелерин түшүнүү зарыл. Кредиттик линиялар финансылык инструменттерге кирбейт. 

Мында, гарантиялар, аккредитивдер жана ушундай эле финансылык инструменттер бенефициар (пайда алуучу) тарабынан милдеттенмелер боюнча акчалай сумманы төлөө талабын же банк ошол милдеттенмелер боюнча төлөө талабынын коюлушунун ыктымалдуулугун тастыктаган документ жүзүндөгү маалыматты алган учурдан тартып, таза валюта позициясын эсептөөтө кошулат. Мисалы, бенефициардын принципал тарабынан милдеттенмелеринин аткарылбашы (аткаруунун кечиктирилиши) жөнүндөгү каты, гарантияларды таза валюта позициясын эсептөөдө камтуу үчүн негиз болуп саналат" 

- IV бөлүктүн 4.1.-пунктундагы "Тиркемеге" деген сөз "1" деген сан менен толукталсын. 

Бишкек шаары 

2009-жылдын 30-сентябры N 39/5 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК 

БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык 

операцияларды жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктардын 

эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө

жобону бекитүү тууралуу 

 

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө" нускоонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кароого сунушталган "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө" жобо, ушул токтомго кошо тиркелген тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

"КР Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары" журналында, N 2009/11 жарыяланды 

 

3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын төрагасы М.Алапаев 

Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын 30-сентябрындагы N 39\5 

токтомуна карата тиркеме 

 

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык 

операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын эсепке 

алуу саясатына карата талаптар жөнүндө

ЖОБО 

 

1. Банктын эсепке алуу саясатынын максаты жана аны чечмелөө 

2. Банктын эсепке алуу саясатынын форматы 

3. Банктын эсепке алуу саясатынын мазмунуна карата негизги талаптар 

4. Банктын эсепке алуу саясатын иштеп чыгуу, бекитүү жана кайрадан карап чыгуу тартиби 

5. Банктын эсепке алуу саясатын иштеп чыгуунун усулдук негиздери 

1. Тиркеме. Эсепке алуу саясаты 

 

Бул Жободо "ислам терезесине" ээ болгон банктарды кошо алганда (мындан ары - банктар) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, операцияларды жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктардын эсепке алуу саясатына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан коюлган негизги талаптар аныкталган. 

 

1. Банктын эсепке алуу саясатынын максаты жана аны чечмелөө 

 

1.1. Банктын эсепке алуу саясаты - бул, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларына ылайык бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү максатында банк тарабынан кабыл алынган принциптердин, негиздердин, эрежелердин, шарттардын, жол-жоболордун жана ыкмалардын жыйындысы. 

1.2. Банктын эсепке алуу саясатынын башкы максаты - бул, финансылык отчеттун так берилишин камсыз кылган бирдиктүү бухгалтердик эсепке алуу системасын жана анын негизинде камтылган банктын ички контролдук системасын түзүү

1.3. Банк жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын "Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө" мыйзамына ылайык, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын бухгалтердик эсепти жүргүзүүсүнүн жана финансылык отчетту түзүүсүнүн усулдук негиздери, Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудитти уюштуруу институту (мындан ары - ААOIFI) тарабынан ислам финансылык институттары үчүн иштелип чыккан бухгалтердик эсепке алуу стандарттарынын талаптарына ылайык келгендей, эсепке алуу саясатын аныктайт жана колдонот. 

 

2. Банктын эсепке алуу саясатынын форматы 

 

2.1. Банктын эсепке алуу саясатынын форматы банк тарабынан өз алдынча тандалат. Алардын ААOIFIнин усулдук принциптерине ылайык келүүсү жана бухгалтердик эсепке алууну жана ички контролдук системасын уюштурууга байланыштуу маселелерди толук камтуу ага карата коюлган негизги талаптан болуп саналат. Банктын эсепке алуу саясатынын болжолдуу түзүмү ушул жобого карата 1-тиркемеде келтирилген. 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык "ислам терезеси" аркылуу операцияларды жүзөгө ашырган банк, бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүүнүн тиешелүү тартибин караган өзүнчө эсепке алуу саясатын кабыл алууга тийиш. 

2.2. Банктын эсепке алуу саясаты төмөнкү эки ыкманын бири боюнча иштелип чыгышы мүмкүн: 

- операциялардын ар бир түрүнө карата эсепке алуунун жалпы тартиби жана принциптери өзүнчө саясатта чагылдырылат; 

- банктын операцияларын эсепке алуу тартиби жана принциптери операциялардын ар бир түрүн өзүнчө бөлүктөрдө чагылдыруу менен бир саясатта баяндалып берилет. 

2.3. Банктын эсепке алуу саясаты түзүү ыкмасынан көз карандысыз, банк тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган төмөндө келтирилген операциялардын ар бир түрү боюнча бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү түшүндүрмөсүн камтууга тийиш: 

- мурабаха операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- мудараба операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- мушарака операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- салам жана катар салам операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- истиснаа жана катар истиснаа операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- ижара жана ижара мунтанхийя биттамлик операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- кард хасан операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- вади'а йад аманат операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- вади'а йад дамана операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- валюталык операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- пайдаларды теңдештирүү үчүн камдарды эсепке алуу принциптери. 

 

3. Банктын эсепке алуу саясатынын мазмунуна карата негизги 

талаптар 

 

3.1. Банктын бүтүндөй эсепке алуу саясаты жана банк тарабынан ишке ашырылган операциялардын ар бир түрүн эсепке алуу, төмөнкү негизги жол берүүлөргө ылайык келүүгө тийиш: 

- мүлктүк обочолонгондук; 

- иш үзгүлтүксүздүгү

3.2. Банктын эсепке алуу саясатында финансылык отчетту берүүнүн төмөнкү принциптери сакталууга тийиш болгон талаптар чагылдырылышы зарыл: 

- сапаттык мүнөздөмөлөр - түшүнүктүүлүгү, актуалдуулугу, салыштырууга боло тургандыгы, ишенимдүүлүгү, ырааттуулугу, олуттулугу; 

- маалыматтардын орундуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө чектөөлөр - өз учурунда берилиши, алынуучу пайда менен сарптоолордун ортосундагы баланс, сапаттык мүнөздөмөлөр ортосундагы баланс, так жана объективдүү берүү

3.3. Банктын эсепке алуу саясаты ААOIFIнин стандарттарынын концепциясына ылайык, банкта бухгалтердик эсепке алуу тажрыйбасын жана аны уюштурууну ырааттуу чагылдырууну камтууга тийиш: 

а) финансылык отчеттун ар бир элементин таануу критерийлери: активдер, милдеттенмелер, капитал, кирешелер, чыгашалар, банкта чектелбеген жана чектелген инвестициялык эсептердин ээлеринин каражаттары; 

б) банкта финансылык отчеттордун элементтерине карата колдонулган баа берүүлөр; 

в) банкта кабыл алынган ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча бухгалтердик эсепке алуу эсептер планы жана ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча финансылык отчетту түзүү тартиби; 

г) банкта колдонулган эсепке алуунун түрлерү, алардын максаттары жана маанилери (баланстык, баланстан тышкаркы жана системадан тышкаркы); 

д) банктын эсепке алуу саясатына, бухгалтердик баа берүүлөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берген шарттар; 

е) банк тарабынан кабыл алынган эгерде болгон болсо, финансылык отчеттун концепциясына ылайык келбеген саясатты чечмелеп берүү

ж) шектүү карыздарды аныктоо жана чагылдыруу үчүн банк тарабынан кабыл алынган саясат жана карыздарды эсептеп алып салуу саясаты; 

и) банк тарабынан активдердин, карыздардын жана чектелген инвестициялардын наркына, эгерде муну колдонууга мүмкүн болсо, алардын акчалай эквивалентинин наркына кайра баалоолорду жүргүзүү максатында кабыл алынган саясаттар, негиздер жана ыкмалар; 

з) эгерде активдердин, карыздардын жана реинвестициялардын наркын алардын эквиваленттүү акчалай наркына кайра баалоо милдеттүү болуп саналбаса, чектелбеген инвестициялар жана алардын эквиваленттеринин эсеп ээлеринин (же чектелген инвестициялардын же алардын эквиваленттеринин) акционердик үлүшүн аныктоо үчүн негиз катары баштапкы (тарыхый) наркты пайдалануу; 

к) эгерде болгон болсо, туунду компаниялардын финансылык отчетторун жалпылоо үчүн банк тарабынан кабыл алынган эсепке алуу саясаты; 

л) бухгалтердик эсепке алуунун ААOIFIнин жана банкта кабыл алынган стандарттарга каршы келбеген башка негиздери жана эрежелер. 

3.4. Банктын эсепке алуу саясатында, банк ишин жана банкта бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын сакталышы, бухгалтердик эсепке алуунун уюштурулушу жагында банк жетекчилигинин жана башкы бухгалтеринин жоопкерчилиги аныкталууга тийиш. Банктын эсепке алуу саясатында стандарттык эмес операциялардын келип чыгышы (банк үчүн жаңы же болбосо бир жолку мүнөздөгү, банктын эсепке алуу саясатында чагылдырылбаган операциялар) жана алардын бухгалтердик эсепте чагылдырылышы (көп болбогон, олуттуу мааниге ээ эмес жана көп болбогон олуттуу операциялар) учурунда, чечим кабыл алуу үчүн банктын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги аныкталышы зарыл. 

3.5. Банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин ар бир түрү боюнча алардын баштапкы таанылышы, андан кийин эсепке алынышы (активдерди кайра баалоо, кайра классификациялоо, кийинки сарптоолор, начарлоонун таанылышы ж.б.у.с.) жана колдонуудан калган шартта, алардын эсебин жүргүзүү принциптери, эрежелери жана шарттары чагылдырылууга тийиш. 

3.6. Эгерде ААOIFIнин стандарттарында активдерди жана милдеттенмелерди эсепке алуунун негизги жана жол берилген альтернативалуу ыкмалары каралган болсо, ага уруксат берилсе анда банк, активдердин жана милдеттенмелердин ар бир түрүнө карата банк тарабынан тандалып алынган эсепке алуу ыкмасын так көрсөтүүгө тийиш. 

Мында банк, эсепке алуунун ар кандай ыкмаларын колдонууга боло тургандыгы жана кыйла консервативдүү ыкмага артыкчылык берилиши боюнча ААOIFIнин стандарттарынын талаптарын так сактоого тийиш. 

3.7. Банктын эсепке алуу саясатын иштеп чыгууда, анын бухгалтердик китебинде операцияларды чагылдырууга карата ыкмаларды тандоонун езгөчөлүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон, бир катар факторлорду эске алуу талап кылынат. 

Бул факторлорго төмөнкүлөр кирет: 

- банктын уюштуруу-укуктук формасы; 

- банктын уставына, бизнес планына ылайык, анын иш өзгөчөлүгү

- филиалдардын болушу; 

- иш чөйрөсү

- банк ишинин өнүгүүсүн камсыз кылган техникалык жана материалдык базанын мүнөзү

 

4. Банктын эсепке алуу саясатын иштеп чыгуу, бекитүү жана 

кайрадан карап чыгуу тартиби 

 

4.1. Банктын эсепке алуу саясаты Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө жана Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. 

4.2. Банк туруктуу, бирок жылына кеминде бир жолу ААOIFIнин стандарттарына киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго, ошондой эле ААOIFI тарабынан иштелип чыккан жаңы стандарттардын колдонууга киргизилишине көз салып, зарылчылык келип чыккан шартта, банктын эсепке алуу саясатына өзгөртүүлөрдү киргизип турууга тийиш. Мында төмөндөгүлөр эсепке алуу саясатынын өзгөрүүсү болуп саналбайт: 

а) эсепке алуу саясатынын жаңы редакциясынын кабыл алынышы; 

б) биринчи жолу болуп жаткан же өткөндө жол берилип бирок, банк тарабынан колдонулбаган операциялардан же иш жагдайынан улам, жаңы эсепке алуу саясатынын кабыл алынышы; 

в) өткөн мезгилдин финансылык отчетторунун классификациясына салыштыруу менен өтүп жаткан мезгилдин финансылык отчетторунун классификациясына өзгөртүүлөр. 

 

5. Банктын эсепке алуу саясатын иштеп чыгуунун усулдук 

негиздери 

 

5.1. Банк эсепке алуу саясатын иштеп чыгууда банк төмөнкүлөргө таянууга тийиш: 

- Кыргыз Республикасынын "Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө" мыйзамына; 

- Кыргыз Республикасынын банк операцияларын жөнгө салган мыйзам актыларына жана ченемдик укуктук актыларына; 

- Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудитти уюштуруу уюму (ААOIFI) тарабынан иштелип чыккан стандарттарга, ал эми белгилүү бир стандарттардын жоктугу учурунда банк, эгерде алар Шариат стандарттарына каршы келбеген болсо, башка стандарттарды пайдалана алат; 

- ушул жобого. 

Кошумча усулдук камсыздоо катары банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар үчүн иштелип чыккан башка усулдук материалдарды да пайдалана алат. 

 

"Ислам банк иши жана каржылоо 

принциптерине ылайык операцияларды 

жүзөгө ашырган коммерциялык 

банктардын эсепке алуу саясатына 

карата талаптар жөнүндө" жобого 

1-тиркеме 

 

______________________________________________ ЭСЕПКЕ АЛУУ САЯСАТЫ 

(банктын аталышы) 

 

1.Бөлүк. Банктын эсепке алуу саясатынын жалпы жоболору 

 

Банктын эсепке алуу саясатынын багыты 

 

Бухгалтердик эсепке алуунун уюштурулушунда жана банк ишин жүзөгө ашырууда, бухгалтердик эсепти жүргүзүүдө жана банктын чарбалык операцияларын ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына жоопкерчилик. 

Банктын эсепке алуу саясатын колдонуу чөйрөсү (банк тарабынан тандалып алынган ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча, эсепке алуу саясатынын форматы) жана эсепке алууда олуттуу жана анчалык маанилүү болбогон учурлардын чагылдырылышына карата чечим кабыл алуу укугу. 

 

Банктын эсепке алуу саясатынын максаты 

 

Банктын эсепке алуу саясатынын негизги милдеттери 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча эсепке алуу саясатынын Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, ААOIFIнин стандарттарына ылайык келүүсү

Бухгалтердик эсептин уюштурулушу, банкта бухгалтердик эсепти ким жүзөгө ашырат (структуралык бөлүмдү көрсөтүү; башкы бухгалтер/бухгалтер же бухгалтердик эсепти жүргүзүү бухгалтердик фирмага өткөрүлгөн). 

 

Банкта колдонулган бухгалтердик эсепке алуунун негизги принциптери 

 

2-бөлүк. Банкта кабыл алынган бухгалтердик эсептин эсептер планы. 

3-бөлүк. Банктын финансылык отчетун түзүү жана сунуштоо эрежелери. 

4-бөлүк. Ар бир ишке ашырылган операцияга карата банктын эсепке алуу саясаты. 

Бишкек шаары 

2009-жылдын 30-сентябры N 39/6 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК 

БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында 

N 5/7 кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет 

министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде 

каттоодон өткөртүлгөн "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо 

жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү 

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларынын талабын жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасынын тарабынан 2006-жылдын 2-мартында 5/7 кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

"КР Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары" журналында, N 2009/11 жарыяланды 

 

3. Юридикалык бөлүм токтомду Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын төрагасы М.Алапаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын 30-сентябрындагы N 39/6 

токтому менен бекитилген 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында 

кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 

2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 

N 5/7 "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү 

тууралуу" токтомго 

ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 5/7 "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1. Жобонун 1-главасынын 1.1-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

"Улуттук банк тарабынан берилген тиешелүү лицензиясы болгон шартта, ислам банкы же "ислам терезесине" ээ банк, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте банк операцияларын жүзөгө ашыра алат.". 

2. Жобонун 1-главасынын 1.2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"1.2. Банк акционердик коом (жабык же ачык) формасында гана түзүлөт жана иштей алат.". 

3. Жобонун 1-главасынын 1.16-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "Банктык жайлар, анын ичинде филиалдардын жана аманат кассалардын жайлары "Кыргыз Республикасындагы банктардын, финансы-кредит мекемелердин техникалык жактан жабдылышы жана алардын коргоого алынышы тартибине карата бирдиктүү талаптар жөнүндө" нускоодо белгиленген техникалык жактан жабдылышы (касса түйүндөрүнүн сактоо жайларынын ж.б. жайлардын жабдылышын кошо алганда) боюнча, ошондой эле өрт коопсуздугу боюнча талаптарга жооп берүүгө тийиш.". 

4. Жобонун 1-главасынын 1.18-пунктунун 6) пунктчасындагы "Банк Башкармасынын мүчөлөрү" деген сөздөр "Шариат кеңештин мүчөлөрү" деген сөздөр менен толукталсын. 

5. Жобонун 1-главасынын 1.18-пунктунун 6) пунктчасындагы "финансы, кредит боюнча банктын башкы кызматкерлери" деген сөздөрдөн кийин ","ислам терезесинин" жетекчиси, ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн начальниги" деген сөздөр менен толукталсын. 

6. Жобонун 1-главасынын 1.18-пунктунун 7), 8), 12) пунктчаларындагы "башкаруу" деген сөздөн кийин "анын ичинде ишеним боюнча тескөө келишими боюнча" деген сөздөр менен толукталсын. 

7. Жобонун 1-главасынын 1.18-пунктунун 10) пунктчасындагы "Директорлор кеңешинин мүчөлөрү" деген сөздөрдөн кийин "Шариат кеңешинин мүчөлөрү" деген сөздөр менен толукталсын. 

8. Жобонун 1-главасынын 1.18-пункту төмөнкү мазмундагы 19) 24) пунктчалар менен толукталсын: 

"19) Ислам банкы - Улуттук банк тарабынан берилген тиешелүү лицензиясы болгон шартта, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык өз ишин жүзөгө ашырган банк; 

20) "Ислам терезесине" ээ банк - Улуттук банк тарабынан берилген тиешелүү лицензиясы болгон шартта, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, тиешелүү бөлүмдүн ("ислам терезесинин") алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банк; 

21) Ислам банк иши жана каржылоо принциптери - Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген тартипте, Шариат стандарттарына ылайык банк операцияларын жүзөгө ашыруу эрежелери; 

22) "Ислам терезеси" - банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган, тиешелүү бөлүмү

23) Шариат стандарттары - ислам банк ишин жүргүзүү стандарттарын белгилеген, эл аралык уюмдар тарабынан (Ислам финансы институттары жана Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңеши үчүн Бухгалтердик эсепке алууну жана аудитти уюштуруу уюму) иштелип чыккан жана бекитилген, экономикалык же башка ишкердикти жүзөгө ашыруунун эрежелеринин жыйындысы; 

24) Шариат кеңеши - банктын бүтүмдөрүнүн (келишимдеринин) Шариат стандарттарына дал келүүсү үчүн жооп берген, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктын органы.". 

9. Жобонун 1-главасы төмөнкү мазмундагы 1.20-пункт менен толукталсын: 

"1.20. Банк болуп саналбаган, банктын туунду жана караштуу компаниялары иштин төмөнкү түрлөрүн гана жүзөгө ашыра алышат: 

1) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамына ылайык, микрофинансылык ишкердиктерди; 

2) Кыргыз Республикасынын "Инвестициялык фондулар жөнүндө" мыйзамына ылайык, инвестициялык фондулардын ишин; 

3) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу уюмдары жөнүндө" мыйзамына ылайык, камсыздандыруу иштерин; 

4) Кыргыз Республикасынын "Аудитордук иш жөнүндө" мыйзамына ылайык, аудитордук иштерди; 

5) Кыргыз Республикасынын "Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө" мыйзамына ылайык, бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча ишти; 

6) лизингдик иштерди; 

7) ломбарддардын ишин; 

8) төмөнкү төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча иштерди: 

- эсеп ачуусуз эле төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактын пайдасына кабыл алуу жана өткөрүү

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системаларынын катышуучуларына берүү

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (банктар аралык процессинг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системаларынын банктар аралык сыяктуу эле банктык эмес катышуучуларына берүү

- электрондук акча эквивалентиндеги алдын-ала төлөө карттарын чыгаруу, жайылтуу, төлөөгө кабыл алуу жана тастыктоо; 

9) карыздык милдеттенмелерди (факторинг) сатып алуу жана сатуу; 

10) милдеттенмелерин акчалай формада аткарууну үчүнчү жактардан талап кылуу укугуна ээ болуу; 

11) кардардын тапшыруусу боюнча баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатууну кошо алганда, брокердик кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу; 

12) жеке адам же юридикалык жак менен түзүлгөн келишим боюнча мүлктү ишеним боюнча тескөөнү (траст) жүзөгө ашыруу; 

13) карыздык баалуу кагаздарды эске албаганда, ченемдик укуктук актыларга ылайык, өз атынан баалуу кагаздарды чыгаруу; 

14) ченемдик укуктук актыларга ылайык өз атынан баалуу кагаздарды компания үчүн сатып алуу жана сатуу; 

15) компаниянын ишине байланышкан консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо.". 

10. Жобонун 3-главасы төмөнкү мазмундагы 3.6-3.7-пункттар менен толукталсын: 

"3.6. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн өтүнүч менен кайрылган жак, ушул Жобонун 3.4-пунктарында көрсөтүлгөн документтерге кошумча, төмөнкү документтерди Улуттук банкка берүүгө тийиш: 

1) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алууга өтүнүч кат; 

2) банкты башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын төмөнкүлөр боюнча протоколу: 

а) Шариат кеңешинин төрагасын жана анын мүчөлөрүн шайлоо тууралуу; 

б) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын жүзөгө ашыруунун саясаттарын жана жол-жоболорун бекитүү тууралуу; 

3) Шариат кеңешинин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын жүзөгө ашыруунун саясаттарын жана жол-жоболорун жактыруу тууралуу чечими; 

4) банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, банк операцияларын Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген тартипте, жүзөгө ашыруунун маселелерин камтыган уставынын эки нускасы; 

5) Шариат кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн кызмат ордуна талапкерлер жөнүндө маалыматтар; 

6) Шариат кеңешинде жактырылган, банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, төмөнкүлөрдү караган кредиттик саясаты, операциялык саясаты жана банктын башка негизги саясаттары: 

а) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, алар тарабынан банк операцияларынын жүргүзүлүшүнүн натыйжасында, банк дуушар болушу мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, аларга көз салуу, контролдук кылуу жана мониторинг жүргүзүү жол-жоболору; 

б) банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, банк операцияларын жүзөгө ашыруусунан улам мүмкүн болуучу бардык тобокелдиктерди туруктуу негизде минимизациялоо боюнча документтери, жөнгө салуучу контролдук чаралары; 

7) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, банк операцияларын жүзөгө ашыруу боюнча Шариат стандарттарына ылайык түзүлгөн жана банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган типтүү келишимдер. 

3.7. Жаңыдан түзүлүп жаткан банктын банк Башкарманын Төрагасынын кызматына дайындалган адам, дайындалган күндөн кийинки 14 күн ичинде, мурда ээлеген кызмат ордун бошотуп берүүгө милдеттүү.". 

11. Жобонун 4-главасынын 4.10-пункту төмөнкү мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын: "электрондук формасын кошо тиркөө менен тиешелүү негизде күбөлөндүрүлгөн банктын акционерлеринин реестрин. Андан кийин акционерлердин курамына кандай болбосун өзгөртүүлөр киргизилген шартта, акционерлердин реестрине өзгөртүүлөр киргизилген учурдан кийинки 5 жумуш күнү ичинде, банктын акционерлеринин өзгөртүлгөн реестри кагаз жүзүндө жана электрондук формада Улуттук банкка берилиши зарыл". 

12. Жобонун 5-главасынын 5.10 пунктунун 2-сүйлөмүндөгү "уставдык капталдын" деген сөздөрдөн кийин " жана уставдык капиталдын бир же андан ашык пайызына ээ болгон, банк катышуучуларынын (акционерлердин) юридикалык делолору" деген сөздөр менен толукталсын. 

13. Жобонун 6-главасынын 6.4. пунктунун 4) пунктчасынын а) абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"а) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү документи менен ("Кыргыз Республикасындагы банктардын, финансы-кредит мекемелердин техникалык жактан чыңдалуусу жана алардын коргоого алынышы тартибине карата бирдиктүү талаптар жөнүндө" Нускоого ылайык) тастыкталган техникалык жактан жабдылышы боюнча белгиленген талаптарга (касса түйүндөрүнүн, сактоо жайын жана башка жайларды жабдылышын кошо алганда);". 

14. Жобонун 8-главасынын 8.4.-пункту төмөнкү мазмундагы 4), 5) пунктчалар менен толукталсын: 

"4) ислам каржылоо принциптерине ылайык, банк операцияларын улуттук валютада жүргүзүү укугуна лицензия (30,31-тиркемелер); 

5) ислам каржылоо принциптерине ылайык, банк операцияларын чет өлкө валютасында жүргүзүү укугуна лицензия (32,33-тиркемелер);". 

15. Жобонун II бөлүгү "Лицензиядагы чектөөлөрдү алып салуу жөнүндөгү өтүнүчтү кароо тартиби" деген төмөнкү мазмундагы 9-1-глава менен толукталсын: 

"9-1-глава 

Лицензиядагы чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө өтүнүчтү 

кароо тартиби 

 

9-1.1. Улуттук банктын лицензиядагы чектөөлөрдү алып салууга макулдугун алуу үчүн банктын Директорлор кеңеши тиешелүү чечимди кабыл алган күндөн кийинки 30 календардык күн ичинде, банк Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: 

1) лицензиядагы чектөөлөрдү алып салуу маселесин кароо жөнүндө Директорлор кеңешинин Төрагасынын кол тамгасы коюлган, банктын өтүнүчү

2) маселенин талкууга алынышын чагылдырган жана банк иш чөйрөсүн кеңейтүүгө уруксат Берген Директорлор кеңешинин чечимин камтыган, Директорлор кеңешинин отурумунан толтурулган протоколу; 

3) Директорлор кеңеши тарабынан болжолдонуп жаткан операцияларга жана алардын банк ишине тийгизүүчү таасирин ар тараптан анализдөөлөр жүргүзүлгөндүгү жана Директорлор кеңеши тарабынан жаңы операцияларда орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктер идентификациялангандыгын тастыктаган документ; 

4) банктын болжолдонуп жаткан операциялар боюнча, чектөөлөрдү алып салуунун экономикалык негиздемелерин камтыган бекитилген бизнес-планы; 

5) болжолдонуп жаткан операциялардан алынуучу кирешелердин прогнозу; 

6) персоналдын квалификациялуу экендигин тастыктаган маалыматтар; 

7) банк ишин пландаштырылып жаткан кеңейтүүгө байланыштуу кайра каралган уюштуруу түзүмүн (зарылчылыгына жараша); 

8) болжолдонуп жаткан операциялар боюнча ишти жөнгө салган, банктын ички бекитилген саясаттары. 

9-1.2. Банктын ички саясаты ички контролдун адекваттуу деңгээлин камсыз кылуу менен төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

1) болжолдонуп жаткан операциялардын жүргүзүлүшүнө байланыштуу келип чыгуусу мүмкүн болгон тобокелдиктерге көз салууга жана контролдукка баа берүү

2) болжолдонуп жаткан операцияларды бухгалтердик эсепке алуу жол-жоболору; 

3) келип чыгышы мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерге бөгөт коюу боюнча туруктуу негиздеги контролдук чаралар; 

4) техникалык жактан толук жабдылгандык жана Улуттук банк тарабынан белгиленген стандарттар жана эрежелер боюнча, маалыматтарды берүүгө банктын даярдыгы. 

9-1.3. Банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиядагы чектөөлөрдү алып салууга берилген документтерди кароо мөөнөтү, белгиленген талаптарды канааттандырган, документтерди берген күндөн кийинки 2 календардык айдан ашпаган мөөнөт белгиленет. 

9-1.4. Банктарды лицензиялоо бөлүмү банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиядагы чектөөлөрдү алып салуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду даярдайт, анда банктын финансылык абалы, анын техникалык жактан жабдылышынын аткарылып жаткан операциялар чөйрөсүнүн болжолдонуп жаткан кеңейүүсүнө шайкештиги жана персоналынын тиешелүү квалификацияга ээ экендигине тиешелүү так маалымат камтылуу менен ал Улуттук банк Башкармасынын кароосуна берилүүгө тийиш. 

9-1.5. Банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияга карата чектөө баракчаларын алмаштыруу, ушул жобонун II бөлүгүнүн 8-главасынын 8.10-пунктуна ылайык, Улуттук банк Башкармасынын банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиядагы чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө чечимин кабыл алган күндөн кийинки үч жумуш күнү ичинде жүргүзүлөт.". 

16. Жобонун 9-главасынын 9.6-пунктундагы "Экономика жана каржы министрлигине караштуу Баалуу металлдар башкармалыгы" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын. 

17. Жобонун 10-главасынын 10.1-пунктунун 2) пунктчасы жана 10.2пунктунун 2) пунктчасы "башкаруу" деген сөздөн кийин "анын ичинде ишеним боюнча тескөө келишимине ылайык" деген сөздөр менен толукталсын. 

18. Жобонун 13-главасынын 13.1-пунктундагы "Директорлор кеңешинин мүчөлөрү" деген сөздөр, "Шариат кеңешинин мүчөлөрү," деген сөздөр менен толукталсын. 

19. Жобонун 13-главасынын 13.1-пунктундагы "башкы бухгалтер" деген сөздөр ", ислам терезесинин жетекчиси, ислам каржылоо принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн начальниги" деген сөздөр менен толукталсын. 

20. Жобонун 13-главасынын 13.2-пунктундагы "14-главага ылайык" деген сөздөрдөн кийин ", 14-1" кошулуп жазылсын жана андан ары текст боюнча кетсин. 

21. Жобонун 13-главасынын 13.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "13.3. Башкарманын төрагасы, башкарманын төрагасынын кредиттик ишке түздөн-түз жооп берген орун басары(лары), башкарманын төрагасынын ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген(беришкен) орун басары(лары), башкарма мүчөлөрү, башкы бухгалтер, ички аудит кызматынын жетекчиси Улуттук банкка макулдашуу мезгилинде өз милдеттерин мөөнөттүү эмгек келишими боюнча аткарышат. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарга талапкерлер, дайындалган учурга чейин банктын мөөнөтсүз эмгек келишими боюнча иштеген кызматкерлеринен болуп эсептелсе, алар Улуттук банк бекиткен мезгил аралыгында жаңы кызмат оруну боюнча милдеттерди аткаруучулар болуп саналышат.". 

22. Жобонун 13-главасынын 13.7-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Улуттук банкка, жолдомолорду берүүсүз эле, ушу жобого карата 17-тиркемеде келтирилген форма боюнча толтурулган, фронт-офис функцияларын аткарган структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилерине анкеталар маалымат үчүн берилет". 

23. Жобонун 14-главасынын 14.11-пунктундагы "Улуттук банк" деген сөздөр "Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын. 

24. Жобонун IV бөлүгү "Ислам банкынын жана "ислам терезесине ээ" банктын Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө карата талаптар" деген төмөнкү мазмундагы 14-1 глава менен толукталсын: 

"14-1-глава 

Ислам банкынын жана "ислам терезесине ээ" банктын Шариат 

кеңешинин мүчөлөрүнө карата талаптар 

 

14-1.1. Шариат кеңешинин мүчөсү кызматына талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) жогорку билими тууралуу дипломунун; 

2) Улуттук банктын негизги ченемдик укуктук документтерин кошо алганда, ислам каржылоо принциптери боюнча банктык мыйзамдар жагындагы билим деңгээли; 

3) ислам банк иши жана каржылоо принциптери жагында билим деңгээлге ээ экендигин жана бул багыттагы окутуудан ийгиликтүү өткөндүгүн тастыктаган документтердин болушу; 

4) Шариат кеңешинин төрагасынын Шариат жагында укук жана/же соода иши багыты боюнча жогорку билиминин бардыгы жөнүндө диплому (жалпы таанылган жогорку окуу жайларынан алынган) жана ислам банкынын, "ислам терезесине" ээ банктын Шариат кеңешинде же ислам финансы уюмунда кеминде 1 жылдык иш стажы болууга тийиш; 

5) Жобонун ушул бөлүгүнүн 16-главасындагы шарттарга жатпаса. 

14-1.2. Шариат кеңешинин мүчөсүн шайлоо учурунда, Шариат кеңешинин жаңы мүчөсүнө талапкер, Жобонун ушул главасынын 14-1.5-пункттарына ылайык макулдашылууга тийиш. 

14-1.3. Шариат кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 24-1 статьяларынын талаптарын эске алуу менен ишке ашырылат. 

14-1.4. Шариат кеңешинин мүчөлөрү көз карандысыз болууга тийиш. Көз карандысыздык деген - бул: 

1) ал акыркы үч жыл аралыгында банктын кызматкери же банк башкармасынын мүчөсү болуп саналган эмес же болгон эмес жана/же көрсөтүлгөн адамдардын жакын тууганы да болуп саналбайт; 

2) ал банктын олуттуу катышуучусунун жакын тууганы болуп саналбайт; 

3) анын банк менен жана/же башка аны менен жалпы кызыкчылыкка ээ башка юридикалык жактын олуттуу коммерциялык, ишкердик же финансылык мамилелери, ошол адамдын банктын таламында объективдүү чечимдерди кабыл алуу жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизбейт. Мында, Шариат кеңешинин мүчөсү төмөнкүлөрдөн болбоого тийиш: 

а) чогуу алгандагы карызы банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнөн 10% ашкан банктын карыз алуучусу; 

б) анын чогуу алгандагы карызы банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнөн 10% ашкан банктын карыз алуучусу болуп саналган юридикалык жактын аткаруу (байкоо) органынын мүчөсү

в) банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ жана/же банк же юридикалык жактын алдында жалпы карызы бар бир же андан көп юридикалык жактарга контролдукту жүзөгө ашырууга, банк менен жалпы кызыкчылыгы барларды Улуттук банктын кредиттөө боюнча критерийлерине ылайык, бир жактын чогуу алгандагы карызы катары кароого болот; 

г) банкка жалпы жылдык суммасы ошол жактын жалпы жылдык дүң кирешесинин 10 пайызынан көбүрөөк товарларды жана кызматтарды сунуштоого; 

д) банк алдында "жоготуу" катары классификацияланган кредит боюнча карызы болбоого; 

е) банктан же банк менен жалпы кызыкчылыгы бар кайсы болбосун башка юридикалык жактан кредит алган жана ошол кредит "жоготуу" катары классификацияланган юридикалык жактын байкоо, аткаруу органдарынын мүчөсү

ж) ушул пунктчанын а),-е) абзацтарында көрсөтүлгөн кайсы болбосун жактын жакын туугандарынан. 

14-1.5. Шариат кеңешинин төрагалыгына жана мүчөлүгүнө талапкерлерди макулдашуу, ушул Жобого карата 18-тиркемеде келтирилген форма боюнча анкета берүү менен чектелет. Шариат кеңешинин төрагасы кошумча дагы ушул Жобонун 17-главасынын 17.3-17.6-пункттарынын талаптарын эске алуу менен эки жолдомону берүүгө тийиш. 

14.1.6. Банк Шариат кеңешинин мүчөсү шайлангандыгы жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки 3 жумуш күнү ичинде, Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына мүчөлөр шайлангандыгы жөнүндө билдирмелерди берүүгө тийиш. Он жумуш күнү ичинде, ал эми бул кызматка резидент эмес шайланган/дайындалган шартта, талапкер шайланган/дайындалган учурдан кийинки 30 календардык күн ичинде банк, талапкерлерди макулдашуу жөнүндө кат/өтүнүчтү төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына бериши зарыл: 

1) талапкерди шайлоо/дайындоо же аны милдетинен бошотуу жөнүндө чечим кабыл алган башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын отурумунан толтурулган протоколдун (эмгек келишимдин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

2) белгиленген формадагы анкетаны (жобого карата 18-тиркемеде келтирилген форма боюнча Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү үчүн). 

14.1.7. Улуттук банкка берилген анкетада камтылган маалыматтар өзгөргөн шартта, Улуттук банкка макулдашуудан өткөн кызмат адамдары өзгөртүү киргизилгенден кийинки 10 жумуш күнү ичинде, алар тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү

14.1.8. Сунушталган документтер Жобонун ушул бөлүгүнүн 17-главасынын 17.9-17.14-пункттарына ылайык, Улуттук банк тарабынан кароого алынат. 

14.1.9. Шариат кеңешинин Төрагалыгына жана мүчөлөрүнүн кызматына талапкерлер Улуттук банк тарабынан ушул Жобонун 14-1 главасына ылайык белгиленген талаптарга жооп бербеген шартта, Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы банктын дарегине тиешелүү кат жөнөтөт.". 

25. Жобонун 15-главасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"15-Глава 

Башкарма мүчөлөрүнө, башкы бухгалтерге, ички аудит 

кызматынын(бөлүмүнүн)жетекчисине, банктын кредиттик 

бөлүмүнүн жетекчисине, ислам терезесинин жетекчисине, 

ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн 

начальнигине карата талаптар 

 

15.1. Башкарманын төрагасынын кызматына (резидент эмес банктын филиалынын жетекчиси), башкарманын төрагасынын орун басарына, башкарма мүчөлөрүнө, башкы бухгалтерге, кредит бөлүмүнүн жетекчисине, ички аудит кызматынын (бөлүмүнүн) жетекчисине, ислам терезесинин жетекчисине, ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн начальнигине талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) толук жогорку билими же магистр даражасы ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломунун болушу; 

2) кызмат ордуна талапкердин төмөнкүдөй эмгек стажы болууга тийиш: 

а) банк башкармасынын төрагасы, (резидент эмес банктын филиалынын жетекчиси)- банк жана/же финансы жана/же экономика системасында кеминде 5 жылдык, анын ичинде жетекчи кызматтарда кеминде 2 жылдык; 

б) төраганын орун басарлары, башкарманын мүчөлөрү - банк жана/же финансы жана/же экономика системасында кеминде 2 жылдык; 

в) ички аудит кызматынын (бөлүмүнүн) жетекчиси жана башкы бухгалтери - банк жана/же финансы жана/же экономика системасында кеминде 3 жылдык; 

г) кредит бөлүмүнүн жетекчиси, "ислам терезесинин" жетекчиси, ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн начальниги - банк системасында кеминде 1 жылдык; 

3) Кыргыз Республикасынын банк ишин жөнгө салган мыйзам актылары, банктык тобокелдиктерди тескөө жагында жана кайсы чөйрөдө иштей турган болсо, ошол багыт боюнча билим деңгээлинин болушу, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын билүүсү; төраганын ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген орун басары, "ислам терезесинин" жетекчиси жана ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн начальниги кошумча дагы, тиешелүү сертификаттар же документтер менен тастыкталган ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча билим деңгээлге ээ болууга тийиш. 

15.2. Башкы бухгалтер жана ички аудит кызматынын (бөлүмүнүн) жетекчисинин кызматына талапкерлер жобонун ушул главасынын 15.1.-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга карата кошумча, төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш: 

1) башкы бухгалтер - бухгалтердик эсепке алуу жана финансы отчеттуулугунун эл аралык стандарттарын жана ал боюнча тиешелүү сертификаттарынын болуусу. 

Мындан тышкары, ислам банкынын же "ислам терезесине" ээ банктын башкы бухгалтери жана Ислам финансы институттары үчүн (ААОIFI) бухгалтердик эсепти, аудитти уюштуруу стандарттарын кошумча билүүгө жана тиешелүү сертификаттарга ээ болууга, ошондой эле ислам каржылоо принциптери боюнча Эсептер планын билүүгө тийиш; 

2) ички аудит кызматынын жетекчиси - Кыргыз Республикасынын аудит боюнча мыйзамдарын, аудиттин эл аралык стандарттарын жана банктардагы ички аудиттин эл аралык стандарттарын билүүгө, көрсөтүлгөн багыттар боюнча тереңдетилген окутуудан өткөндүгү жөнүндө сертификаты (күбөлүгү) болууга, ошондой эле тиешелүү сертификаттар менен тастыкталган (Банктык окуу борбору, Бухгалтерлер жана аудиттер бирикмеси жана башка окуу борборлору) Финансы отчеттуулугунун эл аралык стандарттарын билүү менен аны ишинде колдонуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

Мындан тышкары, ислам банкынын же "ислам терезесине" ээ банктын ички аудит кызматынын жетекчисинин ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кошумча билимге ээ болуусу, Ислам финансы институттары (ААОIFI) үчүн бухгалтердик эсепти, аудитти уюштуруу уюмунун стандарттарын билүүсү жана ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча окутуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификатынын же документинин болуусу зарыл. 

15.3. Башкарманын төрагасынын, кредиттик ишке жооп берген башкарманын төрагасынын орун басарынын(ларына), башкарманын төрагасынын ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген(ишкен) орун басарынын(ларынын), ички аудит кызматынын жетекчисинин, башкы бухгалтердин кызмат ордуна талапкерлерди макулдашуу, ушул Жобонун 17-главасынын 17.11-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат. 

15.4. Банк башкармасынын мүчөлөрүнүн, кредит бөлүмүнүн жетекчисинин, "ислам терезесинин" жетекчисинин жана ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн начальнигинин кызмат ордуна талапкерлерди макулдашуу, тиешелүү анкеталарды берүү менен гана чектелет. 

15.5. Башкарманын мүчөлөрүнүн жана башкарманын төрагасынын ислам принциптери боюнча каржылоо үчүн жооп берген орун басар(лар)ынын Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсү үчүн жоопкерчилик, Директорлор кеңешинин төрагасына жана банк башкармасынын төрагасына, ал эми кредит бөлүмүнүн жетекчисинин, "ислам терезесинин" жетекчисинин жана ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн начальнигинин ылайык келүүсү үчүн жоопкерчилик банк башкармасынын төрагасына жүктөлөт. 

15.6. Башкарманын төрагасы, башкарманын төрагасынын орун басары жана башкы бухгалтер алардын талапкерлиги Улуттук банкка макулдашуу жол-жобосунан өткөнгө чейин банктын төлөм документтерине кол коюуга укуктары жок. 

15.7. Төлөм документтерине биринчи кол тамга коюуга укуктуу кызматка талапкерлерди Улуттук банкка макулдашуу учурунда, кол коюу укугу, төраганын орун басарынын же башкарманын мүчөсүнүн кызматына макулдашуу жол-жобосунан өткөн адамга ыйгарылып турушу мүмкүн. 

15.8. Буга чейин мына ушундай кызмат орундарын ээлөөгө макулдашуудан акыркы 12 ай ичинде өткөн талапкерлер макулдашуудан өтүшпөйт жана ушу жобого карата 17-тиркемеде келтирилген форма боюнча анкетаны берүү менен гана чектелишет.". 

26. Жобонун 16-главасынын 16.1-пунктунун 4) пунктчасынын а) абзацындагы "14.2." "14.1." деген санга алмаштырылсын. 

27. Жобонун 16-главасынын 16.1-пунктунун 4) пунктчасындагы а) абзацындагы "кредит иши үчүн жооп берүүчү төраганын орун басары," деген сөздөрдөн кийин, "банк башкармасынын ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген орун басары(лары)," деген сөздөр менен толукталсын, андан ары текст боюнча кетет. 

28. Жобонун 16-главасынын 16.1 пунктунун 4) пунктчасы е) жана ж) төмөнкү редакциядагы абзацтары менен толукталсын: 

"е) Шариат кеңешинин мүчөлөрү үчүн - ушул Жобонун 14-1 главасынын 14-1.1, 14-1.3, 14- 1.4-пункттары менен; 

ж) "ислам терезесинин" жетекчиси, ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн начальниги үчүн - ушул Жобонун 15-главасынын 15.1-пункту менен.". 

29. Жобонун 17-главасынын 17.1-пунктунун 2) пунктчасындагы "буйруктун" деген сөздөн кийин "(токтомунун, буйруусунун)" деген сөздөр менен толукталсын. 

30. Жобонун 17-главасынын 17.1-пунктунун 3) пунктчасындагы "башкарманын төрагасы," деген сөздөрдөн кийин "башкарма төрагасынын ислам принциптери боюнча каржылоо үчүн жооп берген(ишкен) орун басары(лары)" деген сөздөр менен толукталсын, мындан ары текст боюнча кетсин. 

31. Жобонун 17-главасынын 17.2-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "макулдашуудан өтпөгөн, бирок ушул Жобонун 13.7-пунктунун талаптарына ылайык, маалымат үчүн анкеталарды беришкен адамдар анкеталар графасында камтылган, маалыматтардын өзгөрүшү учурунда жаңыртылган маалыматтары менен анкеталарды Улуттук банкка берүүгө тийиш". 

32. Жобонун 17-главасынын 17.11-пунктундагы "жана башкарма төрагасынын кредит иши үчүн жооп берген орун басарынын" деген сөздөрдөн кийин "башкарма төрагасынын ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген(беришкен) орун басары(лары), Шариат кеңешинин төрагасы" деген сөздөр менен толукталып, андан ары текст боюнча кетсин. 

33. Жобонун 17-главасынын 17.14-пунктундагы "Улуттук банк тарабынан" деген сөздөр "Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын. 

34. Жобонун 19-главасынын 19.3-пунктунун 7) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: "7) филиал жана касса түйүнү жайгашкан жайдын техникалык жактан жабдылышы, өрт чыккан жана башка кооптуу жагдайларды дароо билдирген сигнализациялардын орнотулушу талапка ылайык келет жана алар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тиешелүү документтери менен тастыкталган." 

35. Жобонун 19-главасынын 19.4-пункту төмөнкү мазмундагы 7) пунктча менен толукталсын: "7) филиал жайгашкан жайдын техникалык жактан жабдылышы боюнча белгиленген талаптарга ылайык келүүсү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ("Кыргыз Республикасындагы банктардын, финансы-кредит мекемелердин техникалык жактан жабдылышы жана алардын коргоого алынышы тартибине карата бирдиктүү талаптар жөнүндө" нускоо) анын корутундусу.". 

36. Жобонун 19-главасынын 19.4-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: "филиалдын жетекчисинин жана башкы бухгалтердин анкеталары (Жобого карата 17-тиркемеде келтирилген форма боюнча жолдомолорду берүүсүз эле)". 

37. Жобонун 19-главасынын 19.6. пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "19.6. Ушул Жобонун 19.3 жана 19.4-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар жана шарттар сакталбагандыгы аныкталган учурда, Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы" банкты жана юридикалык жактарды каттоодон өткөрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине филиалдын банк операцияларын жүзөгө ашырууну баштоосу үчүн белгиленген, Улуттук банктын талаптары аткарылбагандыгы жөнүндө кат жөнөтөт". 

38. Жобонун 19-главасынын 19.8-пунктунда "жобо" деген сөз "бекитилген жобо" деген сөзгө алмаштырылсын. 

39. Жобонун 19-главасынын 19.11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"филиалга жаңы жетекчи дайындалган учурда банк, ал тууралуу филиалдын жетекчисинин белгиленген формада толтурулган анкетасын (ушул жобого карата 17-тиркеме (жолдомосуз эле) Улуттук банкка ал тууралуу маалымдайт. 

Филиалдын жайгашкан орду өзгөргөн шартта, банк бул тууралуу Улуттук банкка маалымдоого жана ага жаңы жайды ижарага алуу келишиминин же ага укукту тастыктаган документтин көчүрмөсүн, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын филиал жайгашуучу жай техникалык жактан жабдылышы боюнча, белгиленген талаптарга жооп бере тургандыгын тастыктаган, мамлекеттик органдын тиешелүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн корутундуну берүүгө милдеттүү.". 

40. Жобонун 19-главасынын 19.15-пунктундагы "Улуттук банк" деген сөздөр "Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын. 

41. Жобонун 22-главасынын 22.5-пунктунун 2-абзацындагы "Улуттук банк" деген сөз "Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын. 

42. Жобонун 22-главасынын 22.7-пунктунун 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: "5) сактык кассасынын жетекчисинин анкеталары (ушул Жобого карата 17-тиркемеде келтирилген форма боюнча, жолдомолорсуз эле);". 

43. Жобонун 22-главасынын 22.7-пункту төмөнкү мазмундагы 7) пунктча менен толукталсын: 

"7) сактык кассасы жайгашкан жайдын техникалык жактан жабдылышы белгиленген талаптарга жооп бере тургандыгын тастыктаган кол тамгалар жана ошол мамлекеттик органдын тиешелүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу.". 

44. Жобонун 22-главасынын 22.9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "22.9. Сактык кассаларынын жана/же анын жетекчисинин дареги өзгөргөн шартта, банк чечим кабыл алган күндөн кийинки 3 жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө, Жобонун ушул главасынын 22.7-пунктунда жана 2-жана 5-пунктчаларында каралган документтерди тиркөө менен (өзгөрүүсүнө жараша) бул тууралуу Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү". 

45. Жобонун 22-главасынын 22.12-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"22.12. Сактык кассасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү документи менен тастыкталган, банктык жайларга карата белгиленген техникалык жактан жабдуу боюнча тиешелүү талаптарга жооп берген жайларда (имараттарда) жайгашууга тийиш.". 

46. Жобонун 23-главасынын 23.3-пунктунун экинчи абзацындагы "Улуттук банк" деген сөздөр "Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын. 

47. Жобонун 25-главасынын 25.1-пунктунун 2) жана 3) пунктчаларындагы "(2 нускасы)" деген сөздөр "(3 нускасы)" деген сөздөргө алмаштырылсын. 

48. Жобонун 25-главасынын 25.2-пунктундагы "отуз" деген сөз "жыйырма беш" деген сөздөргө алмаштырылсын. 

49. Жобонун 25-главасынын 25.3-пунктунун 1),2),3) пунктчаларындагы "(2 нускасы)" деген сөздөр "(3 нускасы)" деген сөздөргө алмаштырылсын. 

50. Жобонун 28-главасынын 28.3-пунктунун 2)жана 3) пунктчалары алынып салынсын. 

51. Жобонун 28-главасынын 28.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"28.4. Касса түйүнүнүн которулуусуна байланыштуу, анын жайгашкан ордунун өзгөргөндүгү тууралуу билдирме бергенден кийинки 10 жумуш күнү ичинде, банк тарабынан касса түйүнү орношкон жай техникалык жактан жабдуу боюнча белгиленген талапка ылайык келе тургандыгы жана анда өрт чыккан жана башка кооптуу жагдайларды дароо билдирген сигнализациялардын орнотулгандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү документтери берилүүгө тийиш.". 

52. Жобонун 15-тиркемесинин 1-пунктундагы "бекитилген жана каттоодон өткөртүлгөн Уставга ылайык" деген сөздөр "мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күбөлүгү" деген сөздөргө алмаштырылсын". 

53. Жобонун 17-тиркемесинин биринчи абзацындагы "ички аудит кызматынын жетекчиси тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "ислам терезесинин жетекчиси", ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн начальниги, филиалдын жетекчиси, филиалдын башкы бухгалтери, сактык кассасынын жетекчиси тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын. 

54. Жобого карата 17-тиркемеде келтирилген анкетанын 2-пункту төмөнкү мазмундагы 8),9),10),11),12) жана 13) пунктчалар менен толукталсын: "8) Башкарманын Төрагасынын ислам принциптери боюнча каржылоо үчүн жооп берген орун басары кызматына дайындоо; 9) "ислам терезесинин" жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо; 10) ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн начальнигинин кызмат ордуна дайындоо; 11) филиалдын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо; 12) филиалдын башкы бухгалтеринин кызмат ордуна дайындоо; 13) сактык кассасынын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо.". 

55. Жобого карата 17-тиркемеде келтирилген анкетанын 8-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "-ислам банк иши жана каржылоо принциптери___________________________ 

- ААОIFI стандарттары _____________________ 

- ислам каржылоо принциптери боюнча эсептер планы _____________.". 

56. Жобого карата 18-тиркеменин биринчи абзацындагы "банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "Шариат кеңешинин мүчөлөрү," деген сөздөр менен толукталсын. 

57. Жобого карата 18-тиркемесинде келтирилген анкетанын 2-бөлүгүндөгү "банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "Шариат кеңешинин мүчөлөрү," деген сөздөр менен толукталсын. 

58. Жобого карата 19-тиркемедеги "дайындалышына каршы эместиги (каршылыгы) жөнүндө" деген сөздөр "дайындалышына макулдугу (макул эместиги) жөнүндө деген сөздөргө алмаштырылсын". 

59. Жобого карата 23-тиркемедеги ", улук бухгалтер, жоопкерчиликтүү аткаруучу болуп дайындалгандар:" деген сөздөр "дайындалды" деген сөз менен алмаштырылсын. 

60. Жобого карата 8,10,12-тиркемелердеги "лицензия ажырагыс болуп саналат, мөөнөтү чектелүү эмес." деген сөздөр алынып салынсын. 

61. Жобо төмөнкү мазмундагы 30, 31, 32, 33-тиркемелер менен толукталсын: 

 

"30-тиркеме 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банк 

операцияларын улуттук валютада жүргүзүү укугуна 

ЛИЦЕНЗИЯ N 

__________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук аталышы) 

_______________________________________________________________ 

(юридикалык жактын аталышынын кыскартылып берилиши) 

__________________________________________________________________ 

(жайгашкан орду) 

 

1. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча төмөндө келтирилген банк операцияларын Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүзөгө ашырууга укуктуу: 

1.1. "мудараба" бүтүмү

1.2 "шарика/мушарака" бүтүмү

1.3 "мурабаха" бүтүмү

1.4."иджара жана ижара мунтахийя биттамлик" бүтүмү

1.5. "кард хасан" бүтүмү

1.6. "истиснаа жана параллель истиснаа" бүтүмү

1.7. "гарантиялар" бүтүмү

1.8. "салам" бүтүмү

1.9. "документардык аккредитив" бүтүмү

1.10. Ишеним боюнча жана гарантияланган сактоо бүтүмү

1.11. Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын эсептерин ачуу жана жүргүзүү

1.12. Корреспонденттик мамилелерди өз алдынча түптөө

1.13. Кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жана аларды кассалык тейлөөнү жүзөгө ашыруу; 

1.14. Төлөм карттарын кошо алганда, төлөм документтерин (чектер, башка документтер) чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана тастыктоо. 

2. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банк операцияларын жүргүзүүгө чектөө баракчалары ушул лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

 

Лицензия ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет. 

Банк коммерциялык банктардын лицензияларынын реестрине киргизилген (күнү, айы, жылы). 

 

Бланктын сериясы _____ N _____ 

Төраганын орун басары 

 

31-тиркеме 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банк 

операцияларын улуттук валютада жүргүзүү укугуна 

үнү, айы, жылы) берилген N ___ лицензияга карата 

ЧЕКТӨӨ БАРАКЧАСЫ 

__________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук дареги) 

 

Банк операцияларынын катар Орун алган Чектөөлөр Эскертүүлөр 

номери чектөөлөр аракеттене баштаган күн 

 

1.1. 

1.2. 

1.3. 

1.4. 

1.5. 

1.6. 

1.7. 

1.8. 

1.9. 

1.10. 

1.11. 

1.12. 

1.13. 

1.14. 

 

Бланктын сериясы ____ N ____ 

 

Төраганын орун басары 

 

32-тиркеме 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банк 

операцияларды чет өлкө валютасында жүргүзүү укугуна 

ЛИЦЕНЗИЯ N 

__________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук аталышы) 

__________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын аталышынын кыскартылып берилиши) 

__________________________________________________________________ 

(жайгашкан орду) 

 

1. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча төмөндө келтирилген банк операцияларын чет өлкө валютасында жүзөгө ашыруу укугуна ээ: 

1.1. "мудараба" бүтүмү

1.2. "шарика" бүтүмү

1.3. "мурабаха" бүтүмү

1.4. "иджара жана ижара мунтахийя биттамлик" бүтүмү

1.5. "кард хасан" бүтүмү

1.6. "истиснаа жана параллель истиснаа" бүтүмү

1.7. "гарантиялар" бүтүмү

1.8. "салам" бүтүмү

1.9. "документардык аккредитив" бүтүмү

1.10. Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын эсептерин ачуу жана жүргүзүү

1.11. Нак жана нак эмес чет өлкө валютасын өзүнүн атынан жана кардардын атынан сатып алуу жана сатуу; 

1.12. Ишеним боюнча жана гарантияланган сактоо бүтүмү

1.13. Корреспонденттик мамилелерди өз алдынча түптөө

1.14. Кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жана аларды кассалык тейлөөнү жүзөгө ашыруу; 

1.15. Төлөм карттарын кошо алганда, төлөм документтерин (чектер, башка документтер) чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана тастыктоо. 

2. Чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүүгө чектөө баракчсы ушул лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

 

Лицензия ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет. 

Лицензия каттоодон өткөртүлгөн (күнү, айы, жылы). 

 

Бланктын сериясы ____ N ____ 

 

Төраганын орун басары 

 

33-тиркеме 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банк 

операцияларын чет өлкө валютасында жүргүзүү укугуна 

үнү, айы, жылы) берилген N ___ лицензияга карата 

ЧЕКТӨӨ БАРАКЧАСЫ 

__________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук аталышы) 

 

Банк операцияларынын катар Орун алган Чектөөлөр Эскертүүлөр 

номери чектөөлөр аракеттене баштаган күн 

 

1.1. 

1.2. 

1.3. 

1.4. 

1.5. 

1.6. 

1.7. 

1.8. 

1.9. 

1.10. 

1.11. 

1.12. 

1.13. 

1.14. 

1.15. 

 

Бланктын сериясы ____ N ____ 

 

Төраганын орун басары". 

Бишкек шаары 

2009-жылдын 30-сентябры N 39/8 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК 

БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 22-августунда 

кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 

2007-жылдын 4-октябрында 88-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 

N 38/11 "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук 

төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүү 

тартиби жөнүндө" нускоо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү 

киргизүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 22-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 4-октябрында 88-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 38/11 "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоо тууралуу" токтомуна, ушул токтомго кошо тиркелген тиркемеге ылайык, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. 

2. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

3. Токтом расмий жарыялангандан 1 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

"КР Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары" журналында, N 2009/11 жарыяланды 

 

4. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын төрагасы М.Алапаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын 30-сентябрындагы N 39\8 

токтомуна карата тиркеме 

 

"Кыргыз Республикасындагы майда чекене жана утурумдук 

төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү жүргүзүү 

тартиби жөнүндө" нускоого өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 4-октябрында 88-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 38/11 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1. Нускоонун бүтүндөй тексти боюнча "эсептешүүлөрдүн гросстук системасы" деген сөз "ГСРРВ" деген сөз менен тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын. 

2. Нускоонун 6.2.2-пунктундагы "Эсептешүү лимиттеринин суммасынын чегинде катышуучулардын болжолдуу таза позициялары эсептелинет" деген сүйлөм алынып салынсын. 

3. Нускоонун 6.2.3-пунктундагы "Системанын катышуучулары он-лайн режиминде системага талап жөнөтүүсүз эле лимиттин өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматты ала алышат" деген сүйлөм алынып салынсын. 

4. Нускоо төмөнкү редакциядагы 6.2.4-пункт менен толукталсын: 

"6.2.4. Катышуучунун (лардын) белгиленген эсептик лимитинин (теринин) мааниси ГСРРВдан алынган маалыматтардын негизинде камдын (дардын) маанисине өзгөрүп кетиши мүмкүн. Системанын катышуучулары он-лайн режиминде эсептик лимиттин же камдын өзгөргөндүгү жөнүндөгү маалыматты системага талап жөнөтүүсүз эле ала алышат. Эсептик лимиттин же камдардын суммасынын чегинде катышуучулардын болжолдуу таза позициялары эсептелинет". 

5. Нускоонун 6.3.7-пунктундагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөр "эсептик лимитти" деген сөздөн кийин "же камды" деген сөз менен толукталсын. 

6. Нускоонун 6.4.2-пунктундагы "дебеттик таза позициялар лимиттери" деген сөздөр "эсептик лимитти же камды" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

7. Нускоонун 6.5.2-пунктундагы "дебеттик таза позициялар лимиттерди" деген сөздөр "камдарды" деген сөз менен алмаштырылсын. 

8. Нускоонун 6.6.2-пунктундагы "(ушул Нускоого карата 1-тиркеме (1 п.)" деген сөздөр "ушул Нускоого карата 1-тиркемеге (2.п.))" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

9. 1-тиркеменин 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"2. Эсептик лимиттин же камдын артышына карата учурдагы дебеттик таза позицияларды текшерүү эрежелери. 

Система төлөм документин алган учурда катышуучунун учурдагы таза позициясын эсептейт, анын эсептик лимити же камдары жетишилгенби, ошону текшерет. Эгерде катышуучунун учурдагы дебеттик таза позицияларынан белгиленген эсептик лимиттин же камдын 80% артып кеткен шартта, система катышуучуга тиешелүү эскертүүлөрдү жөнөтөт. 

Катышуучунун учурдагы дебеттик таза позициясы белгиленген эсептик лимиттин же камдын 100% жеткен шартта, ошол катышуучунун эсебин дебеттеген төлөмдөрдүн топтому системага "Активдүү эмес" статусунда кабыл алынып, утурумдук таза позицияны эсептөөдө ага кошулбайт. Катышуучуга ошол төлөмдөрдүн статусу жөнүндө маалымат жөнөтүлөт. Электрондук төлөм документтеринин файлдарын жана билдирүүлөрүн кабыл алуу жана иштеп чыгуу мезгили аралыгында катышуучунун позициясынын жакшыруусу жүрсө (жаңы камды белгилөө же катышуучу анын эсебин кредиттеген төлөмдөрдү алуусунун натыйжасында), "Активдүү эмес" статусундагы төлөмдөр топтому приоритеттүүлүгүнө жараш "FIFО" принциби боюнча алар учурдагы таза позицияны эсептөөгө автоматтык түрдө кошулат. Катышуучуга эсептөөгө алынган ар бир топтомдун статусунун өзгөргөндүгү тууралуу билдирме жөнөтүлөт. Мындан тышкары, "активдүү эмес" статусундагы топтомдордун учурдагы таза позицияларды эсептөөгө кошулуусу катышуучу тарабынан жаңы камдын белгилениши аркылуу да жүрүшү мүмкүн".