Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынынЧенемдик актылары”» 

журналынын 2007 жылдын 2 саны 

 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 9-февралында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери N 14-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 31-январы N 5/2 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 23-мартындагы 

N 7/5 "Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир 

этүү чаралары жөнүндөгү" Жобону бекитүү 

тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана 

толуктоолорду киргизүү тууралуу 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 23-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 21-апрелинде 45-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндөгү" Жобону бекитүү тууралуу" N 7/5 токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү", "Кредиттик союздар жөнүндөгү", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү", "Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндөгү" Мыйзамдарына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 23-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 21-апрелинде 45-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндөгү" Жобону бекитүү тууралуу" N 7/5 токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирге бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 13-декабрындагы N 39/3 "Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндөгү" Жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 31-январындагы 

N 5/2 токтому менен 

бекитилген 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2006-жылдын 23-мартындагы N 7/5 токтому менен бекитилген 

(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 

21-апрелинде 45-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн) 

Кредиттик союздарга карата колдонулуучу 

таасир этүү чаралары жөнүндө Жобого 

ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР 

 

1. 1.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Кредиттик союздар жөнүндө", "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык иштелип чыккан". 

2. 1.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "1.3. Кредиттик союздардын катышуучуларынын жана кредиторлорунун таламдарын коргоо, кредиттик союздардын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер таасир этүү чараларын колдонуунун максаты болуп саналат". 

3. 1.4-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "алар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, Улуттук банктын ченемдик актыларын жана талаптарын, анын ичинде терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер боюнча мыйзамдын талаптарын бузууга жол берилген учурлар". 

4. 2.4-пункт төмөнкү мазмундагы 10-абзац менен толукталсын: "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылган иштердин же операциялардын мүнөзү, саны жана көлөмү". 

5. 2.4-пункттун 10-абзацы 11-абзац болуп эсептелсин. 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 14-февралында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери N 15-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 31-январы N 5/3 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 

19-майында кабыл алынган N 16/3 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 

микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу 

эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндөгү

Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү 

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 27-июнунда 90-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндөгү" Жобону бекитүү тууралуу" N 16/3 токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндөгү", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү", "Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндөгү" Мыйзамдарына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 27-июнунда 90-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндөгү" Жобону бекитүү тууралуу" N 16/3 токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирге бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 13-декабрындагы N 39/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндөгү" Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 31-январындагы 

N 5/3 токтому менен 

бекитилген 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2005-жылдын 19-майындагы N 16/3 токтому менен 

бекитилген (Кыргыз Республикасынын Юстиция 

министрлигинде 2005-жылдын 27-июнунда 90-05 

номеринде каттоодон өткөртүлгөн) Кыргыз 

Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 

микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу 

эскертүү чаралары жана санкциялары жөнүндө Жобого 

өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. 1.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык иштелип чыккан". 

2. 1.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "1.4. Микрофинансылык уюмдардын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу, алардын ишине калктын ишенимин колдоо, аманатчылардын жана микрофинансылык уюмдар тарабынан көрсөтүлүп жаткан кызматтарды пайдалануучулардын таламдарын коргоо, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер микрофинансылык уюмдарга карата Улуттук банк тарабынан эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонуунун максаты болуп саналат". 

3. 1.5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "1.5. Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдардын ишиндеги катачылыктар болуп Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларынын ченемдерин бузууга жол берген микрофинансылык уюмдардын кызмат адамдарынын аракеттери же аракетсиздиктери эсептелет". 

4. 2.3-пункт төмөнкү мазмундагы 17-абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамдын бузулушуна алып келген иштердин же операциялардын мүнөзү, саны жана көлөмү". 

5. 2.3-пункттун 17-абзацы 18-абзац болуп эсептелсин. 

 

 

Бишкек шаары 

2006-жылдын 27-декабры N 43/11 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик документтеринен ДСП (КИП) грифин алып салуу жөнүндө 

 

 

Улуттук банктын 2006 жылдын 22 сентябрындагы № 164-О буйругу менен түзүлгөн комиссиянын корутундусун (кошо тиркелет) карап көрүп, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ДСП грифи камтылган документтер менен иштөөнүн жана алардын сакталышы камсыз кылуунун тартиби жөнүндөгү Нускоонун жоболоруна таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө Мыйзамынын күчүнө киришине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансыөкредиттик мекемелердеги ички контролдук системасына карата кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого)жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү максатында минималдуу талаптар жөнүндөгү Жободон ДСП грифи алынып салынсын. 

2. Юридикалык бөлүм ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Жалпы бөлүм ушул токтом менен Улуттук банктын структуралык бөлүмдөрүн, областык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары басылмасында расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Башкарманын Төрагасы Алапаев М.О.  

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 26-декабрында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 126-06 

 

Бишкек шаары 

2006-жылдын 29-ноябры N 37/5 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия 

алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик 

мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары 

жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду 

киргизүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы 16/2 токтому менен бекитилген (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 24-июнунда 78-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" Жобого карата сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамдарына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" Жобого карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирге бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2006-жылдын 29-ноябрындагы 

N 37/5 токтому менен 

бекитилген 

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 

лицензиялануучу банктарга жана айрым башка 

финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу 

таасир этүү чаралары жөнүндө" Жобого 

ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР 

 

1. "Жалпы жоболор" бөлүгү

а) биринчи абзац "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" сөзүнөн кийин "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" сөзү менен толукталсын жана андан ары текст боюнча; 

б) үчүнчү абзац "банк тутуму" сөзүнөн кийин "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" сөзү менен толукталсын жана андан ары текст боюнча; 

в) бешинчи абзац "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" сөзүнөн кийин "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" сөзү менен толукталсын жана андан ары текст боюнча; 

2. 1.2-пункт төмөнкү мазмундагы жаңы кичи пункт менен толукталсын: 

"n терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө мыйзамды бузуу менен жүзөгө ашырылган иштердин же операциялардын мүнөзү, саны жана көлөмү"; 

3. 1.4-пункт "ошондой эле, ченемдер жана эрежелер" сөзүнөн кийин терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер боюнча мыйзамдардын жана/же ченемдик укуктук актылардын жоболору" сөзү менен толукталсын жана андан ары текст боюнча; 

4. 5.1-пункт "бети ачылган кемчиликтер" сөзүнөн кийин "анын ичинде, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө мыйзамды бузуулар" сөзү менен толукталсын. 

5. 6.9-пунктунун 6.9.3-кичи пункту төмөнкү мазмундагы жаңы кичи пункт менен толукталсын: 

"5 "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө мыйзамды жана/же ченемдик укуктук актыларды бузуу менен иштерди жүзөгө ашырган жана ушундай иштерге тартылган; 

6. 6.10.1-пункттун 2-кичи пункту "банктык мыйзамдар" сөзүнөн кийин "анын ичинде терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө мыйзам жана ченемдик укуктук актылары" сөзү менен толукталсын; 

7. 6.11-пунктун 6.11.1-кичи пункту төмөнкү мазмундагы жаңы кичи пункт менен толукталсын: 

3) "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө мыйзамды жана ченемдик укуктук актыларды бузуу"; 

6. 11-пункттун 3), 4), 5), 6), 7), 8), 9) кичи пункттары 6.11-пункттун тиешелүүлүгүнө жараша 4), 5), 6), 7), 8), 9) жана 10) кичи пункттары деп эсептелсин; 

8. 6.12-пункттун 6.12.2-кичи пункту төмөнкү мазмундагы жаңы кичи пункт менен толукталсын: 

"4) банк терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө мыйзамды жана ченемдик укуктук актыларды бузса"; 

9. 6.13-пункттун 6.13.2-кичи пункту "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" сөзүнөн кийин "ошондой эле, Кыргыз Республикасынын "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамын бузууга жол берилген учурда"; 

10. 1-тиркеменин 4-пунктунда "банктык операциялар" сөзүнөн кийин "жана/же терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуулар" сөзү менен толукталсын. 

11. 2-тиркеменин биринчи абзацы "Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодекси" сөзүнөн кийин "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" сөзү менен толукталсын.