Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 27-октябрындагы № 43/6 токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын валюталык каражаттарын Улуттук банктын валюталык эсептерине чегерүү жөнүндө 

 

 

Финансылык кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан жана/же төлөөгө жөндөмсүз жана/же банкроттук абалында калуу тобокелдиги орун алган катары каралган чет өлкө финансылык институттарындагы корреспонденттик эсептерде жайгаштырылган валюталык активдерди тез арада алып кетүүгө учурда коммерциялык банктардын мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу кооптуу абал келип чыгышы ыктымалдыгынан улам, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7,22, 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Deutsche Bank, AG жана Deutsche Bank Trust Company Americas банктарында ачылган корреспонденттик эсептерде жайгаштырылган валюталык активдерге ээ коммерциялык банктарга валюталык каражаттарын Улуттук банктын чет өлкө банк-корреспонденттерде ачылган корреспонденттик эсептерине, төмөнкү шарттарда үч айдан ашпаган мөөнөткө, расмий жүгүртүү күнүнө карата баланстык эсептердеги калдык сумма чегинде которууну ишке ашырсын: 

- Улуттук банктын эсебине чегерилүүгө тийиш болгон валюталык каражаттардын максималдуу көлөмү коммерциялык банктын расмий кайрылуусунун негизинде Улуттук банк тарабынан белгиленет. Коммерциялык банктын расмий кайрылуусунда ошол күнгө карата тастыктама (валюталык эсептин (эсептердин) көчүрмөсү) кошо тиркелүүгө тийиш;  

-коммерциялык банктардын Улуттук банктагы корреспонденттик эсепке которулган валюталык каражаттарын кошумча толуктоого (депондоштурууга) тыюу салынат; 

- Улуттук банктагы корреспонденттик эсептерге которулган валюталык каражаттар, ушул токтом талабына ылайык милдеттүү камдык талаптар ченемин эсептөөдө эске алынбайт; 

-коммерциялык банктардын Улуттук банктын эсептеринде депондоштурулган валюталык каражаттарын пайызсыз жайгаштыруу шарттарыбелгиленет; 

- Улуттук банктын алар боюнча алгылыксыз пайыздык чендер колдонулуп келген эсептерди кошо алганда, эсептерди колдоого байланыштуу кеткен чыгашаларынын орду коммерциялык банктар тарабынан жабылат. Бул чыгымдар төлөө/эсептен алып салуу күнүнө карата расмий курс боюнча эсептелинип, улуттук валютада кармалып калат. 

2. Коммерциялык банктардын Улуттук банктын эсептеринде депондоштурулган валюталык каражаттарын бөлүп алууга тыюу салынат. Коммерциялык банктар ушул токтомдо белгиленген жайгаштыруу мөөнөтү ичинде же ал бүткөндөн кийин каражаттарын толук көлөмдө башка эсептерге которушу зарыл. 

3. Коммерциялык банктар ушул токтомдо белгиленген жайгаштыруу мөөнөтүндө каражаттарын башка эсептерге которууга үлгүрбөсө, Улуттук банк аларга карата айыптык санкцияларды колдонууга укуктуу. Валюталык каражаттардын Улуттук банктын расмий курсу боюнча ар бир мөөнөтү өтүп кеткен күн үчүн кайрадан эсептелинген сом түрүндө эквиваленти суммасына Улуттук банктын эсептик чен өлчөмүндө айыптык санкция белгиленет.  

4. Улуттук банк айыптык санкция өлчөмүнө бир тараптуу негизде өзгөртүү киргизүүгө укуктуу.  

5. Коммерциялык банктардын Улуттук банктын эсептеринде депондоштурулган валюталык каражаттары алардын башка чет өлкө банк-корреспонденттерде ачылган корреспондеттик эсептерине гана которулууга тийиш. Коммерциялык банктардын Улуттук банктын эсептеринде депондоштурулган валюталык каражаттарды үчүнчү жактын пайдасына которууга тыюу салынат. Улуттук банктын эсептеринен валюталык каражаттарды, тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда катталган финансы-кредит мекемелерине которууга тыюу салынат. 

6. Коммерциялык банктардын Улуттук банктын корреспонденттик эсептерине которулган валюталык каражаттары менен операциялар накэмес түрдө гана ишке ашырылат. 

7. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы, Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы, Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талабына ылайык, коммерциялык банктардын тиешелүү кайрылууларынын негизинде Улуттук банкта алардын валюталык эсептерди ачуу жагында тиешелүү иштерди жүргүзүшсүн. 

8. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү жана Кыргыз Республикасында иш алып барып жаткан коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

9. Токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет. 

10. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Т. Абдыгулов