Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы 

№ 2017-П-14\23-13-(ПС)  

токтому 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатты бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1.  Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы №38/4 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатты бекитүү жөнүндө» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом 2017- жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын.  

5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т.Абдыгулов  

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-14\23-13-(ПС) 

токтомуна тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4  

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатты бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы №38/4 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатты бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясаттын: 

1-главасынын:  

- 1 жана 4-пункттары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2 жана 3-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясат (мындан ары Саясат) улуттук финансы системасынын туруктуу ишин колдоого, нак жана нак эсептешүүлөр каражаты катары улуттук валютага карата ишенимди бекемдөө үчүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөм системасынын ишине мониторинг жүргүзүү аркылуу анын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга багытталган. 

3. Саясатта Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу максаттары, принциптери, көзөмөлдүк (оверсайт) обьекттери жана аны ишке ашыруу тартиби, ошондой эле ушул максатта колдонулуучу инструменттер тизмеси аныкталган». 

2-главасынын биричн абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Саясатта колдонулган терминдер (атоолор) жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарында Кыргыз Республикасыны Өкмөтү менен Улуттук банктын 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4 «Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жободо белгиленген терминдер (атоолор) жана аныктамалар ошондой эле, кошумча дагы төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулган:»; 

- биринчи абзацындагы «уруксатын» деген сөз «лицензиясын» дегенге алмаштырылсын. 

- 14-пунктунун бешинчи абзацындагы «эмитирленген» деген сөз «чыгарылган» дегенге алмаштырылсын;  

- төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

«система чыгарылган электрондук акча көлөмүнүн кеминде 35%ын ээлейт;» 

- төмөнкү мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын: 

«15-1. Эгерде ага төмөндө келтирилген критерийлердин эң аз дегенде үчөөсү тиешелүү болсо, юридикалык жак статусу боюнча орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылат:  

- календардык жылдын акыркы алты ай аралыгында улуттук валютада төлөмдөрдүн/которуулардын санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 35%ын иштеп чыкса;  

- Кыргыз Республикасындагы аралыкта орнотулган бардык жабдуулардын 35%дан ашыгы туташтырылган болсо;  

- катышуучулар саны Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын кеминде 50%ын түзсө;   

- календардык жылдын акыркы алты ай аралыгында банктык төлөм карттары менен транзакциялардын кеминде 35%ы иштеп чыкса;  

- календардык жылдын акыркы алты ай аралыгында чыгарылган электрондук акча көлөмүнүн кеминде 35%ын тейлөөгө алса;  

- система календардык жылдын акыркы алты айы аралыгында которулган акча каражаттарынын жалпы санынын кеминде 35%ын иштеп чыкса;  

- төлөмдөрдү иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылса;  

- системада келип чыгыщы ыктымал болгон тобокелдиктер калайык-калктын төлөм системаларына, нак жана нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр каражаты катары улуттук валютага карата ишениминин деңгээлине таасир этсе.» 

- 17-пунктунун биринчи абзацындагы «документтер» деген сөз «укуктук актылар» дегенге алмаштырылсын. 

- пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен:  

- «орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери үчүн Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүсү жана Жобого карата 3-тиркемеде көрсөтүлгөн стандарттарды 

- 23-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«23. Ушул саясаттын нормаларын бузууга жол берилген шартта Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары колддонулушу мүмкүн.» 

- 1-тиркемедеги: 

«1-тиркемеде» деген сөз «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) саясатына карата 1-тиркеме» дегенге алмаштырылсын; 

- 2-тиркемедеги: 

«2-тиркемеде» деген сөз «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) саясатына карата 2-тиркеме» дегенге алмаштырылсын»; 

- Саясат төмөнкү мазмундагы 3-тиркеме менен толукталсын: 

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) саясатына карата 3-тиркеме». 

 

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашырууда Улуттук банк колдонгон эл аралык стандарттар 

 

Орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлерине баа берүү үчүн 

суроолор тизмеги 

 

1-сунуш-көрсөтмө.  

Тобокелдиктерди аныктоо жана тескөө. Маалымат технологиялары жана билдирүүлөр менен алмашуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр провайдери (мындан ары кызмат көрсөтүү провайдери) сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөргө мүнөздүү болгон олуттуу операциялык жана финансылык тобокелдиктерди аныктап жана аларды жөнгө салууга, тобокелдиктерди тескөө процессинин натыйжалуулугун камсыз кылууга тийиш.  

 

2-сунуш-көрсөтмө.  

Маалымат коопсуздугу. Кызмат көрсөтүүлөр провайдери маалыматтын купуялуулугун жана бүтүндүгүн камсыз кылуу, ошондой эле келишим шарттарын аткаруу максатында сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү болушу үчүн тиешелүү принциптерди жана жол-жоболорду иштеп чыгып, аларды колдонууга жана жетиштүү ресурстарды бөлүүгө тийиш.  

 

3-сунуш-көрсөтмө.  

Ишенимдүүлүк жана туруктуулук. Кызмат көрсөтүүлөр провайдери сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн тиешелүү принциптерди жана жол-жоболорду иштеп чыгып, аларды колдонууга тийиш. Ошондуктан, алар иштеп чыккан иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жана кооптуу жагдайлардын кесепеттерин четтетүү боюнча пландар иш процессин өз учурунда калыбына келтирүүгө өбөлгө түзүүгө жана алардын келишим шарттарына ылайык келиши камсыз кылууга тийиш.  

 

4-сунуш-көрсөтмө.  

Технологиялык пландаштыруу. Кызмат көрсөтүүлөр провайдерине технологиялардын бүтүндөй иш ыргагында колдонулушун пландаштыруу, ошондой эле технологиялык стандарттарды тандоонун ишенимдүү ыкмаларын колдонууга тийиш. 

 

5-сунуш көрсөтмө.  

Пайдалануучулар менен маалымат алмашуу. Кызмат көрсөтүүлөр провайдери ачык-айкындуулукту камсыз кылууга жана кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу орун алышы ыктымал тобокелдиктерди тескөө жагында провайдердин милдеттерин так түшүнүүгө мүмкүндүк берген жетиштүү маалыматты сунуштоого тийиш.».