Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 25-сентябрындагы  

2019-П-09\49-6-(НПА) 

токтому  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы  

№ 50/1 «Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө   

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

3-сентябрындагы № 50/1 «Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин: 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 25-сентябрындагы  

2019-П-09\49-6-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 «Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолор 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

3-сентябрындагы № 50/1 «Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө» жобонун:  

- 1-тиркеменин 2.5-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Берилген каражаттардын максаттуу пайдаланылгандыгы тууралуу отчет ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 5-күнүнө чейин ушул Келишимге карата 1-тиркемеге ылайык Банк тарабынан берилет.» 

- «Кредиттик линияны ачуу келишими» 1-тиркемеси төмөнкү мазмундагы 1-тиркеме менен толукталсын: 

« 20___-жылдын «___»_______  

№________________________  

Кредиттик линияны ачуу келишимине карата 1-тиркеме 

 

Ликвиддүүлүктү колдоого 20___-ж. ________ кредиттин алкагында 20___-ж. _______ берилген № ___ кредиттин/транштын максаттуу пайдаланылгандыгы жөнүндө 

  

ОТЧЕТ  

 

Операция ишке ашырылган күн  

Операциянын максаты  

Эсептин №   

Берилген сумма (сом)  

 

 

 

 

Жыйынтыгында:   

 

 

 

 

 

Банктын башкы бухгалтери ________________ 

(кол тамгасы)  

 

________сом өлчөмүндөгү кредиттин/транштын максаттуу пайдаланылгандыгын тастыктайм.  

  

 

___________________________________________ ________________  

Банк жетекчисинин аты-жөнү (кол тамгасы)  М.О.».