Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 18-мартындагы  

№ 2020-П-12/13-1-(БС) токтому 

 

 

 

 

COVID-19 пандемиясына байланыштуу финансы-кредит уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө 

 

 

 

Учурдагы COVID-19 пандемиясынан (мындан ары коронавирус инфекциясы) улам орун алган жагдайга байланыштуу, банк жана финансы системаларында туруктуулукту сактоо, банк кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана Кыргыз Республикасынын экономикасына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон жагдайлардын терс кесепеттерин текшилөө максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү жагдайына байланыштуу (чек араны жабуу, мамлекет тарабынан чектөөлөрдү киргизүү, карантин жана башка кырдаалдар) Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары: 

- кредиттик келишимдерди кайра карап чыгууга байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөр алынбасын жана чегерилбесин; 

- кредиттик келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбагандыгы/талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн карыз алуучуларга карата айыптык төлөмдөр, анын ичинде кошумчаланган айыптык төлөм (айыптык төлөм/туум) салынбасын жана алынбасын. 

 

2. Коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам, карыз алуучунун акча агымы жана финансылык абалы өзгөрүүсүнө байланыштуу кредиттик келишимдин шарттары өзгөргөн учурда, банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары мындай кредиттер боюнча классификациясынын категориясын төмөнкү учурлардан көз карандысыз начарлатпоого укуктуу: 

- бул кредит мурда реструктуризацияланган учурда; 

- коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу жагдайлардан улам кредит боюнча карызын төлөөдө мөөнөтүнөн өтүп кеткен карыз суммасы бар болгон учурда. 

 

3. Кредиттик келишимдердин, анын ичинде буга чейин реструктуризацияланган кредиттердин шарттарын өзгөртүүдө, экономикалык болжолдоолор, ички жана тышкы рынокту талдап-иликтөөлөр, карыз алуучунун акча агымы жана карыз алуучунун финансылык абалы эске алынсын, ошондой эле карыз алуучулардын экономикалык кызыкчылыктарын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, аларга карата ак ниеттүүлүк, ачык-айкындуулук, ишенимдүүлүк жана өнөктөштүк принциптери сакталсын. 

 

4. Банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам келип чыккан жагдайларга байланыштуу, кредиттер боюнча төлөмдөрдүн мөөнөттөрүн кайра карап чыгууга жана карыз алуучулар кайрылган учурда, төлөмдөрүн кеминде 3 айга жылдырууга сунуш-көрсөтмө берилсин.  

 

5. Коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү жагдайына байланыштуу мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз келип чыккан учурда, ошондой эле ишкердик иши аталган жагдайдан улам киргизилген чектөөлөргө байланышкан карыз алуучулардын кредиттерине мониторинг жүргүзүү жыйынтыгы боюнча, банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары карыз алуучунун акча агымынын жана финансылык абалынын өзгөрүүсүнө байланыштуу кредиттер боюнча классификациялоо категориясын начарлатпоого укуктуу.  

 

6. Кредиттик бюролор коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүгө байланыштуу кредиттик келишимдин шарттарын бузгандыгы статусун көрсөтүү үчүн карыз алуучулардын мөөнөтү өтүп кеткен кредиттери боюнча сунуштоочулар тарабынан берилүүчү кредиттик маалыматты отчет форматындагы графа катары караштырсын.  

 

7. Кредиттик маалыматты сунуштоочулар мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер жөнүндө маалыматты кредиттик бюролорго берүүдө коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү себебинен улам кредиттер боюнча төлөмдөрдүн кечигүү себебин көрсөтсүн. 

 

8. Банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары Улуттук банкка ушул токтомдун алкагында шарттары өзгөртүлгөн кредиттер, анын ичинде реструктуризацияланган кредиттер боюнча маалыматты ар бир айдын 15 (он бешинчи) күнүнө жана акыркы жумуш күнүнө карата сунуштасын. 

 

9. Банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын жөнгө салуучу талаптары ушул токтомго каршы келбеген бөлүгү боюнча таркатылат. 

 

10. Токтом расмий жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет жана Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулат. 

 

11. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

12. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» КСФКны, «Кепилдик фонду» ААКты, кредиттик бюролорду, Улуттук банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

13. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага                                                               Т. Абдыгулов