Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 03-апрелиндеги  

№ 2020-П-14\20-2-(ПС) токтому 

 

 

Коммерциялык банктардын, төлөм уюмдарынын, төлөм системаларынын операторлорунун Кыргыз Республикасын Улуттук банкына электрондук форматта төлөм системасы боюнча отчет берүүсүнүн убактылуу мөөнөттөрү жөнүндө 

 

COVID-19 пандемиясынан улам түптөлгөн жагдайга байланыштуу өлкөнүн банк жана финансы системаларында туруктуулукту сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары, коммерциялык банктар жана эл аралык акча которуу системаларынын операторлору үчүн төмөнкү жоболордо жана эрежелерде каралган ай сайын жана чейрек сайын Улуттук банкка отчетторду берүү мөөнөтү 2020-жылдын 10-майына чейин узартылсын: 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 токтому менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобо (20, 21-бөлүктөр); 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 

30-мартындагы № 15/6 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобо; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын  

26-майындагы №36/7 токтому менен бекитилген «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобо; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

21-декабрындагы №77/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашыруу эрежелери; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелер; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

9-декабрындагы № 76/8 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жобо; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

2-сентябрындагы №2019-П-14/46-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм системасындагы штаттан тышкаркы жагдайлар жөнүндө» жобо. 

Ар күндүк жана ар жумалык отчетторду берүү мөөнөттөрү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм системасындагы штаттан тышкаркы жагдайлар жөнүндө» жобонун 10-пунктунда каралган жалпы төлөм системасынын иштөөсүнө тиешелүү жагдайлар тууралуу кардарларга жана Улуттук банкка билдирүү тартиби өзгөрүүсүз калтырылды. 

 

2. Төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы №2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жободо каралган отчетторду берүүнүн төмөнкүдөй убактылуу мөөнөттөрү белгиленсин: 

- ай сайын берилүүчү отчеттор отчеттук мезгилден кийинки айдын 25-күнүнөн кеч эмес; 

- 2020-жылдын 1-чейреги үчүн отчеттор 2020-жылдын 10-майынан кеч эмес. 

 

3. Ушул токтомдун 1 жана 2-пунктуларында көрсөтүлгөн төлөм системаларынын операторлорунун, төлөм уюмдарынын, коммерциялык банктардын жана эл аралык акча которуу системаларынын операторлорунун отчеттору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына электрондук форматта берилет.  

Кагаз бетине чыгарылган отчеттор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өзгөчө абал режими токтотулгандан кийин берилет жана мурда электрондук форматта берилген отчеттор менен дал келүүгө тийиш. 

 

4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин колдонулат. 

 

5. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.   

 

6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм системаларынын операторлорун, төлөм уюмдарын, коммерциялык банктарды, эл аралык акча которуу системаларынын операторлорун, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

  

Төрага  Т. Абдыгулов