Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 22-апрелиндеги  

№ 2020-П-33\24-3-(НФКУ) токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 «Микрофинансылык уюмдар жана  

кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын  

26-октябрындагы № 60/8 «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен «Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, тиешелүү микрофинансылык уюмдарды жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага 

Т. Абдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 22-апрелиндеги 

№2020-П-33/24-3-(НФКУ) 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 «Микрофинансылык уюмдар жана  

кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтому менен бекитилген «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жобонун:  

- «Шарика/мушарака келишими/өнөктөштүгү» деп аталган 2-глава төмөнкү мазмундагы 52-1 жана 52-2-пунктулар менен толукталсын:  

«52-1. Айыл чарба секторунда колдонулуучу келишимдер/өнөктөштүктөр: 

1) Мусакат келишими (ирригациялык өнөктөштүк) бул, биринчи тарап белгилүү айыл чарба бак-дарактарын/өсүмдүктөрүн кам көргөн экинчи тарапка түшүмдү/жемишти тараптар ортосунда келишимди түзүүдө аныкталган үлүштөргө ылайык бөлүшүп алуу шарты менен сунуштаган келишим. 

2) Музараа келишими бул, биринчи тарап жерди айыл чарба иштерин уюштуруу үчүн экинчи тарапка түшүмдүн тараптар ортосунда келишимди түзүүдө макулдашылган үлүшүн алуу үчүн сунуштаган келишим. 

3) Мугараса келишими бул, биринчи тарап бак-дарак тигилбеген жерди бак-дарактарды отургузуу үчүн жана кийин бак-дарактарды жана түшүмдү/жемишти келишимде макулдашылган коэффициентке ылайык бөлүшүп алуу үчүн экинчи тарапка сунуштаган келишим. 

52-2. Айыл чарба секторун өнүктүрүүгө каржылоону ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык талаптагыдай ишке ашыруу үчүн шариат стандарттарына таянуу зарыл, ошондой эле финансы-кредит уюмдарында иште колдонуу үчүн шариат стандарттары боюнча тиешелүү билими бар кызматкерлер болууга тийиш.».