Кайта келүү
 Конъюнктура: 08 - 12 октябрь


Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы отурумунда төмөнкү маселелер кароого алынып, тиешелүү токтомдор кабыл алынган:  

 

· “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда каржылоонун чеги жөнүндө” нускоо туралуу; 

· Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 21-декабрындагы №69/19 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын банк секторун 2014-жылдын акырына чейин өнүктүрүүнүн негизги багыттарына” карата 5-тиркемеге толуктоо киргизүү жөнүндө

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чек ара аркылуу өтүүчү кредиттөө жагында айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

· “Республикалык инкассация башкармалыгы” мамлекеттик ишканасынын 2012-жыл үчүн финансылык отчеттуулугуна аудиторду бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы: Кыргыз Республикасынын төлөм системалары операторлору ассоциациясынын өкүлү коомчулукта жаңылыш түшүнүктү пайда кылууда 

 

“Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзам долбоору, банктардын гана кызыкчылыгында, мындан тышкары белгилүү бир банк үчүн гана иштелип чыккан деген сөздөр чындыкка коошпойт. Төлөм системалары бир гана банкта тейленбейт, анткени “төлөм системалары” түшүнүгү бүтүндөй рыноктун технологияларынын жана эрежелеринин комплексин түшүндүрөт. Башкача айтаканда, төлөм системаларынын операторлору билдиргендей буга жалаң гана терминалдар эмес, төлөм карттары менен эсептешүүлөр, электрондук акчалар, мобилдик төлөмдөр, соода аянттарында бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөр жана башкалар кирет. Мында, ар кайсы төлөм системалар аркылуу өткөн ири финансылык агымдар тууралуу сөз жүрүп, өлкө экономикасы үчүн маанилүү болуп саналат.  

Буга чейин финансылык ортомчулардын ролун коммерциялык банктар аткарышып, аларга карата калктын каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жогорку талаптар дайыма коюлуп келген. Учурда финансылык ортомчулардын жаңы категориясы пайда болуп, алар акча каражаттарды кызмат көрсөтүүнү сунуштоочуларга кийин өткөрүп берүү шарты менен жарандардан кабыл алышат. Мында, алар кабыл алган акча каражатынын көлөмү, айрым коммерциялык банктардын жүгүртүү көлөмүнө жакынды түзөт. Анда кандай себептердин негизинде бул төлөм системалары операторлору-компаниялар көзөмөл органдары алдында ачык-айкын иш жүргүзүү үчүн лицензия алуудан баш тартышат? Улуттук банк жогоруда аталган мыйзам, ишкерлердин лицензия алууга жана отчет жүргүзүүгө убактылуу жана финансылык чыгым тартуулары маанилүүлүгү жактан рыноктун туруктуулугуна жана калк үчүн мындай кызматтардын коопсуздугуна кепилдик берет деген фактысына жакындашпайт деп эсептейт.  

Улуттук банк тарабынан иштелип чыккан бул мыйзам долбоору анда орун алган калпыстыктарды четтетүүгө багытталып, натыйжада төлөм системасынын бардык элементтеринин укуктук жөнгө салынышы камсыз кылынат. Бүтүндөй төлөм системасы бул мыйзам долбоорунун предметинен болуп саналат. Мыйзамда ортомчулук кызматтарды сунуштаган компаниялардын милдеттери жана жоопкерчиликтери аныкталуу менен аларга карата белгилүү бир талаптар белгиленет. Мыйзам кабыл алынгандан кийин жарандар өз укугун коргоо максатында, Улуттук банкка жана башка органдарга кайрылууга мүмкүнчүлүк алышат. Мындан тышкары Интернет-банкинг, Үй банкинги, Мобилдик банкинг сыяктуу инновациялык формалар өз өнүгүүсү жагында кошумча күчтөргө ээ боло алышат. Ошондой эле, анда электрондук акча, мобилдик төлөм ж.б. пайдалануунун эрежелери белгиленет.  

 

Улуттук банк, бизнестин жана инновациялык технологиялардын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылуу ниетинин жок экендигин баса белгилейт. Мыйзам долбоору иштеп жаткан схеманы өзгөртпөйт, лицензиялоо жол-жобосу жөнөкөй болуу менен калк үчүн тарифтердин өлчөмүнө таасирин тийгизбейт. “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” жана ““Кыргыз Республикасынын “Лицензиялоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору, чарба субъекттеринин ишине карата белгилүү бир эрежелерди жана талаптарды түзүп, алар төлөм рыногунда мүмкүн болуучу баш аламандыктын жана жөнгө салынбай калуусунун андан ары өөрчүшүн четтетет. Ошентип, төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун толук кандуу жана туура багытта өнүгүшү үчүн шарт түзүлөт. 

 

 

Төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелердин күбөлүктөрү жокко чыгарылган:  

 

1. МКК "МЭЛС КРЕДИТ" ЖЧКсына 2008-жылдын 15-июлунда эсептик каттоодо өткөндүгү жөнүндө №144 күбөлүгү, финансылык кыйынчылыктарга байланыштуу уюштуруучунун 2012-жылдын 10-октябрындагы №11 чечиминин негизинде, 2012-жылдын 10-октябрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Табышалиев атындагы көчө, 55-13; 

2. МКК "Финанс" ЖЧКсына 2008-жылдын 1-декабрында эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №180 күбөлүгү, кредиттөө чөйрөсүндө кирешелүүлүктүн төмөндөшүнө байланыштуу катышуучунун 2012-жылдын 20-июнундагы №2 чечиминин негизинде, 2012-жылдын 11-октябрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Л. Толстой көчөсү, 148. 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Гроссовая система 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 15-октябрынан 19-октябрына чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде 

12 908 273 686,99 

44 955 

1 452 898 556,16 

41 771 

11 455 375 130,83 

3 184 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%) 

100,0 

100,0 

11,3 

92,9 

88,7 

7,1 

анын ичинде 

(%) : 

  

  

  

  

  

  

БАПБнын таза позициялары 

0,1 

1,7 

1,1 

1,8 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

11,0 

6,4 

12,5 

6,7 

10,8 

1,7 

БК кириш  

13,2 

37,3 

18,2 

39,8 

12,6 

4,3 

СФ чыгыш  

0,03 

0,5 

0,3 

0,5 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

1,0 

8,7 

8,8 

9,4 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде 

13 007 385 025,17 

44 134 

1 436 542 178,44 

41 311 

11 570 842 846,73 

2 823 

 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши  

Абсолюттук мааниде 

-99 111 338,18 

821 

16 356 377,72 

460 

-115 467 715,90 

361 

-0,8 

1,9 

1,1 

1,1 

-1,0 

12,8 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

 

… карата абал боюнча 

2012-жылдын  

5-октябрына карата 

2012-жылдын  

12-октябрына карата 

Жүгүртүүдөгү карттардын саны  

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда) 

147 792 

149 163 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,  

анын ичинде: 

- банктарда 

- соода түйүндөрүндө 

 

753 

492 

261 

 

753 

492 

261 

Банкоматтардын саны 

244 

245