Кайта келүү
 Конъюнктура: 10 - 14 декабрь


Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 12-декабрындагы отурумунда төмөнкү маселелер кароого алынып, төмөнкүдөй тиешелүү чечимдер кабыл алынган: 

- Улуттук банктын 2013-жылга карата акча-кредит саясаты жөнүндө билдирмеси тууралуу; 

- Адистештирилген финансы-кредит мекемеси “Кредиттик союздардын финансы компаниясы” ААКсынын капиталынын минималдуу өлчөмү (өздүк каражаттары) жөнүндө

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коллекциялык монеталары KrausePublications сынагында жеңишке ээ болду. 

 

Улуттук банк тарабынан 2011-жылы чыгарылган “Улуу жибек жолу” коллекциялык күмүш монетасы “Тарыхый мааниге ээ монета” номинациясында жеңип чыккан.  

 

“2013-жылдын монетасы” сынагы «KrausePublications» (АКШ) басмаканасы тарабынан өткөрүлөт жана коллекциялык монеталардын дизайны жана пайдаланылган технологиялар жагында борбордук банктар менен зээрканалар үчүн эң жогорку сыйлык болуп эсептелинет.  

“2013-жылдын монетасы” сынагына бүткүл дүйнө жүзүнөн 2 миңге жакын коллекциялык монеталар катышып, биринчи баскычта калыстар тобу тарабынан 10 категория боюнча 99 монета тандалып алынган. Кыргызстандан номинант катары төмөнкү эки монета: “Тарыхый мааниге ээ монета” категориясына “Улуу Жибек жолу” жана “Өзгөчө жасалган монета” категориясына “Балдар дүйнөсү” түстүү монетасы сунушталган.  

 

 

Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын началңниги Кылычев Кылычбек: «Бул жөнөкөй эл аралык сынак эмес. Коллекциялык монеталарды иштеп чыгуучулар үчүн ал “Оскар” наамына барабар. Сынакта жеңишке ээ болгондон кийин мындай монетанын аты дүйнө жүзүндө таанымал боло баштайт. Учурда “Улуу Жибек жолу” монетасын Улуттук банктын кассасынан 3400 сомго сатып алууга болот, ал эми бул монеталардын нускасы 2000 даана”. 

Сынактын эң башкы маселеси 10 монетанын ичинен ар кандай категориялар боюнча жеңүүчү болуп чыккан бир монетага “2013-жылдын мыкты монетасы” сыйлыгы жана наамы ыйгарылат. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар жана эң негизги сыйлык 2013-жылдын 2-февралында Германиянын Берлин шаарында өтө турган «WorldMoneyFair» көргөзмөсүндө салтанаттуу кечеде тапшырылат.  

 

 

Төмөнкү алмашуу бюролоруна лицензиялар берилген:  

 

- Жеке ишкер Алымкулова Айнура Самарбековнага нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 14-сентябрындагы №5051 лицензия жана 2012-жылдын 13-декабрында алмашуу бюрону каттоо жөнүндө №3057 номериндеги кат берилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, П. Лумумба көчөсү, 54 «а», «Байэл» АБ. 

- Жеке ишкер Джуманазарова Гулңсун Калдаровнага нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2011-жылдын 18-ноябрындагы №4793 лицензия жана 2012-жылдын 14-декабрында алмашуу бюрону каттоо жөнүндө №3058 номериндеги кат берилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Курманжан-Датка атындагы көчө,274, «Уолл Стрит» АБ. 

 

Төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелердин күбөлүктөрү жокко чыгарылган/ кайтарылып алынган:  

 

- 2007-жылдын 29-сентябрында МКК "Алпаро Кредит" ЖЧКсына берилген эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №95 күбөлүк, уюштуруучунун 2012-жылдын 10-декабрындагы өзүн-өзү жоюу тууралуу чечимине ылайык, 2012-жылдын 10-декабрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Хвойная көчөсү, 64 «а». 

- 2011-жылдын 13-июнунда МКК "НУР Кредит" ЖЧКсына берилген эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №376 күбөлүк, ченемдик укуктук актыларды системалуу түрдө бузгандыгы үчүн Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2012-жылдын 12-декабрындагы №130 чечиминин негизинде, 2012-жылдын 12-декабрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Кожевенная көчөсү, 1, каб.212, 2-кабат, ("Джунхай" имараты). 

- 2012-жылдын 22-майында МКК "Бай Финанс" ЖЧКсына берилген эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №458 күбөлүк, ченемдик укуктук актыларды системалуу түрдө бузгандыгы үчүн Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2012-жылдын 12-декабрындагы №131 чечиминин негизинде, 2012-жылдын 12-декабрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Жаш Гвардия булңвары, 27. 

- 2009-жылдын 21-майында МКА "Зор-Киреше» коомдук фондусуна берилген эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №132 күбөлүк, ченемдик укуктук актыларды системалуу түрдө бузгандыгы үчүн Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2012-жылдын 12-декабрындагы №132 чечиминин негизинде, 2012-жылдын 12-декабрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Л. Толстой көчөсү, 114, 406-бөлмө

- 2008-жылдын 3-ноябрында МКК "Байколңкредит" ЖЧКсына берилген эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №172 күбөлүк, ченемдик укуктук актыларды системалуу түрдө бузгандыгы үчүн Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2012-жылдын 12-декабрындагы №133 чечиминин негизинде, 2012-жылдын 12-декабрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ибраимова атындагы көчөсү, 40-42. 

- 2009-жылдын 6-июлунда МКК "АК-ТАШ кредит" ЖЧКсына берилген эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №223 күбөлүк, ченемдик укуктук актыларды системалуу түрдө бузгандыгы үчүн Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2012-жылдын 12-декабрындагы №134 чечиминин негизинде, 2012-жылдын 12-декабрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Токтогул атындагы көчө, 259. 

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

 

 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Клирингдик система 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 26-ноябрынан 30- ноябрынан чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде 

14 378 287 244,58 

50 527 

1 770 890 653,52 

46 795 

12 607 396 591,06 

3 732 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%) 

100,0 

100,0 

12,3 

92,6 

87,7 

7,4 

анын ичинде 

(%) : 

  

  

  

  

  

  

БАПБнын таза позициялары 

0,1 

1,5 

0,8 

1,7 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

18,7 

8,5 

21,6 

9,0 

18,3 

1,2 

БК кириш  

17,3 

34,6 

18,1 

37,1 

17,2 

2,8 

СФ чыгыш  

0,05 

0,8 

0,4 

0,9 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

1,1 

8,3 

8,8 

8,9 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде 

14 475 081 886,38 

47 753 

1 527 461 115,14 

44 585 

12 947 620 771,23 

3 168 

 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши  

Абсолюттук мааниде 

-96 794 641,79 

2 775 

243 429 538,38 

2 210 

-340 224 180,17 

564 

-0,7 

5,8 

15,9 

5,0 

-2,6 

17,8 

 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

 

… карата абал боюнча 

2012-жылдын 

07-декабрына карата 

2012-жылдын 

14-декабрына карата 

Жүгүртүүдөгү карттардын саны  

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда) 

160 803 

162 539 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,  

анын ичинде: 

- банктарда 

- соода түйүндөрүндө 

 

866 

605 

261 

 

866 

605 

261 

Банкоматтардын саны 

248 

252