Кайта келүү

 Конъюнктура: 03 - 07 июнь




Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 6-июнундагы пленардык отурумунда болуп өткөн алгылыксыз жагдайга карата Улуттук банктын билдирүүсү.  

2013-жылдын 6-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык отурумунда "Кыргыз Республикасында сүткордук ишти чектөө коюу жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоодо, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Ө.Текебаев көпчүлүктүн алдында Улуттук банктын жана Улуттук банктын Төрагасынын орун басары З.Чокоевдин дарегине акарат кылууга жол берген, натыйжада, З.Л.Чокоев парламенттин отурум залынан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.  

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк ) төмөнкүлөрдү белгилеп кетүү зарыл деп эсептейт:  

Ө.Текебаевдин Улуттук банктын Төрагасынын орун басары З.Чокоевдин жеке инсандык жана кесипкөй сапатына карата акарат келтирүүсү эч кандай негизге ээ эмес. Заир Ленарович Чокоев финансы секторунда тажрыйбасы мол, өз кесибинин мыкты адиси катары таанылган. Ал өз ишин ачык-айкын жана көрүнөө жүргүзүп жаткан Улуттук банктын расмий позициясын көрсөтөт.  

Депутат Ө.Ч.Текебаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отурумунда сүйлөгөн сөзүндө өтө эле популисттик далилдерге таянуу менен микрокредиттөө кызматтарына карата жогорку пайыздык чендер жана кайтарымсыз кредиттер сыяктуу учурдагы эң эле курч суроолорду берип, кредиттик рынокто туруксуздукка алып келип, бүтүндөй алганда, өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө терс таасирин тийгизиши ыктымал болгон тастыкталбаган маалыматтарды жана негизсиз билдирүүлөрдү жасаган.  

Улуттук банк Ө Текебаевдин айтылган пикирлерин, конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн алдын-ала атайын баш тартуу жана жөнгө салуучу органга басым жасоо аракети, ошондой эле коомчулукту сүткөрдук жөнүндө мыйзамга байланыштуу маселелерди чечүүдө атайы адаштыруу катары баалайт.  

Мыйзам чыгаруу ишин алып барган парламенттин өкүлдөрү, биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарын сактоодо коомчулукка үлгү көрсөтүүгө тийиш жана адамзаттын идеалынын гана үлгүсү болбостон, жаран катары Мекенге кызмат кылуунун да үлгүсү болуусу абзел. Иш жүзүндө депутат Ө.Текебаев өзүнүн эл өкүлүнө татыктуу болбогон жактарын көрсөттү.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мыйзам долбоорлорун талкуулоо, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жеке инсандык абийирине акарат кылуу деңгээлинде эмес, башка маселелердей эле, конструктивдүү негизде жүргүзүлүүгө тийиш деп эсептейт. Ө.Текебаев бир гана З.Л.Чокоевдин абийирине жана кадыр-баркына доо кетирбестен, Улуттук банктын ишинин беделине да доо кетирди. Мындай жагдайларда Улуттук банк Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетке кайрылуу укугун өзүнө калтырат.  

 

МААЛЫМАТ ҮЧҮН 

Ө.Текебаевдин "Кыргыз Республикасында сүткорлукка чек коюу жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча Улуттук банктын расмий пикири.  

"Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамын кошо алганда, банктык мыйзамдарга ылайык Улуттук банктан лицензия алып, иши ал тарабынан жөнгө салынган финансы-кредиттик мекемелерди "Кыргыз Республикасында сүткордук ишти чектөө жөнүндө" мыйзамы таасир эткен чөйрөгө кошууга болбойт.  

 

Микрофинансы секторундагы пайыздык чендер деңгээлин карап көрүүдө, орун алышы ыктымал болгон бардык тобокелдиктерди, анын ичинде негизгилерден болгон - өлкөлүк тобокелдик жана кредиттердин кайтарылбай калышы тобокелдигин, ошондой эле аларды хеджирлөө зарылдыгын эске алуу зарыл. Бул жерде ошондой эле, микрокредиттөө көпчүлүк учурларда күрөөсүз ишке ашырылып жаткандыгын да эске алуу талап кылынат. Пайыздык чендерге чектөөлөрдү белгилөөнү кароодо мындай чектөөлөрдү белгилөө жагындагы эл аралык тажрыйбаны да эске алуу керек (дээрлик 40ка жакын өлкөдө, анын ичинде - Никарагуа, Боливия, Кытай, Парагвай, Алжир, Ливия, Марокко, Сирия, Тунис, Африка өлкөлөрүндө жогорулатылган пайыздык чендер белгиленген). Натыйжада, алыскы региондордо банктык эмсе финансы-кредит мекемелеринин иши кыскарып, микрокредиттердин орточо өлчөмү көбөйгөн. Бул өз кезегинде калктын ишкердик жигердүүлүгүнүн басаңдашына, банктык эмес мекемелерде мыйзамсыз, көмүскө финансылык схемалардын жана операциялардын кеңири тарашына жол ачкан. Мындай учурда, атаандаштык шарты гана пайыздык чендерди төмөндөтүүнүн эң эле алгылыктуу, натыйжалуу ыкмасы болуп саналат. 

Улуттук банктан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган финансы-кредит мекемелердин аталган мыйзам таасир эткен чөйрөгө камтылышы инвесторлордун (ички жана тышкы) ишенимин жоготуу, айрым микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ишинин токтоп калышы, кредиттөө көлөмүнүн кыскарышы жана бул чөйрөдө ички жана тышкы инвестиция үчүн акырындап калыптанып келе жаткан ыңгайлуу жагдайдын начарлашы сыяктуу, кесепеттерге алып келиши ыктымал. Кредиттөө көлөмүнүн төмөндөшү, калайык-калктын кредиттик ресурстардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши, пайыздык чендердин жогорулоосу, кредит алуу механизмдеринин татаалдашы, иши контролдукка алынбаган "көмүскө" сүткорлордун санын артышы сыяктуу жагдайлар кредиттерге учурда орун алып турган керектөө талабы шартында кредиттөө көлөмүнүн төмөндөшүнө алып келет, б.а. мыйзамдын сунуш кылынган редакцияда кабыл алынышынын таасири декларацияланган максаттарга карызгерлердин укугун коргоого алууга түздөн-түз карама каршы келет. Ал эми рынокто орточо алынган пайыздык чен, дал ошол мыйзам долбоорунда белгиленген "сүткордук" чегине чейин жетиши ыктымал.  

 

"Кыргыз Республикасында сүткордук ишти чектөө жөнүндө" мыйзам долбоорунун кабыл алынышынан улам келип чыгуучу натыйжалар 

Мыйзам долбоору финансы-кредит мекемелеринин укуктарын чектеп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердикти жүргүзүүдө өз алдынчалык жана көз карандысыздык принцибин бузууга алып келет. Кыйла катуулатылган мындай таасирдүү талаптар инвестициялардын азайышына алып келип, көпчүлүк жөнөкөй жарандарыбыздын финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектейт. Мындан тышкары, мыйзам долбоору Жарандык кодексти кошо алганда, Кыргыз Республикасынын кредиттөө чөйрөсүн жөнгө салган көпчүлүк ченемдик укуктук актыларына каршы келип, иш жүзүндө финансы-кредит мекемелерин өз таламдарын жана ишкердик чөйрөсүн коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.  

Жогоруда белгиленгендердин бардыгы келип, бир катар кесепеттүү жагдайларды жаратышы ыктымал. Банктык эмес финансы-кредит мекемелердин көпчүлүгү экономиканын көмүскө секторуна ыктап, анда иш жүргүзүп кетишине шарттайт. Демек, мындай финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салуу мүмкүн болбогон жагдай түзүлөт.  

Пайыздык чендерди мамлекеттик жөнгө салууну орнотуу карызгерлердин кеңири чөйрөсү үчүн микрофинансылык каражаттардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектейт. Анткени мындай чектөөлөр кыйынчылыктарды жаратып же МФУлардын өз чыгашаларын жаба албайт калуу жагдайына алып келет. Ушунун өзү кошумча төлөмдөр жана жыйымдар аркылуу ээ болгон пайыздык кирешелерин жаап-жашырууга аларды мажбурлайт. Мындан тышкары, МФУлар ири шаарларда жана областтык борборлордо гана иш алып барып, айыл жериндеги жана алыскы региондордо ишин кыскартат. Пайыздык чендердин чектелиши шартында МФУ кардарлары, айрыкча алыскы региондордун жашоочулары микрофинансылык кызматтардан пайдалана албай, сунуштаган кызматтары алда канча кызматка турган, формалдуу эмес кредиторлорго (мисалы, жеке сүткорлорго) кайрылууга аргасыз болушат.  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Өнүктүрүү саясаты институту тарабынан уюштурулган  

"Өлкө ресурсу-эл ресурсу" ресупбликалык сынагынын алкагында басма сөз жана Интернет - басылмаларынын журналисттерин атайын сыйлыктар менен сыйлады 

 

"ЖМКларда финансы темаларынын мыкты чагылдырылышы" номинациясында "Улуу жибек жолу" коллекциялык күмүш монетасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын диплому менен төмөнкүлөр сыйланышты:  

· Галина Лунева, "Слово Кыргызстана" газетасы, Бишкек шаары;  

· Максим Цой, "Вечерний Бишкек" МА, Бишкек шаары;  

· Маргарита Лазуткина, "Для Вас" жана "Чуйские известия" газеталары, Бишкек шаары;  

· Елена Мешкова, "Polit.KG", МА Бишкек шаары;  

· Мырзакат Тыналиев, "Кыргыз Туусу" газетасы, Бишкек шаары. 

 

Лауреаттарды сыйлоо салтанаты 1-июнда болуп өттү. Бул иш-чарага кырктан ашык адам катышышты: мамлекеттик кызматкерлер, бизнес-коомчулуктун, медиа-уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле шаардык жана аймактык ЖМКлардын редакторлору жана журналисттери. 

Сынак Өнүктүрүү саясаты институтунун "ЖМК- бюджеттин ачый-акындуулук механизми" долбоорунун алкагында "Сорос-Кыргызстан" Фондунун колдоосу астында өткөрүлгөн. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банк жана микрофинансылык секторлор жөнүндө жарыяланган мыкты статьялары үчүн айрым журналисттерге өзүнүн сыйлыктарын ыйгаруу менен иш-чарага өнөктөш катары катышты. 

 

Маалымат үчүн:  

10 сом номиналындагы "Улуу жибек жолу" коллекциялык күмүш монетасы Улуттук банк  

тарабынан ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн баалуу металлдардан жасалган коллекциялык монеталарды чыгаруу жана сатып өткөрүү боюнча Эл аралык программасынын алкагында 2011-жылдын 20-декабрында жүгүртүүгө чыгарылган.  

Монетанын алдыңкы бетинде ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурасынын маданий объекттеринин тизмесине кирген белгилүү архитектуралык-маданий эстеликтердин элестери түшүрүлгөн. Алдыңкы бетине, алтындын жогорку пробасынан көркөмдөлүп түшүрүлгөн Улуу жибек жолунун багыты, арткы фонунда Евразия картасынын чагылдырылышы монетанын сюжетинин өзөгүн түзөт. Монетанын сол жагында пробасы жана металлдын салмагы (Ag 925/31,10 г), төмөн жагында номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн. Ал эми арткы бетинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби, монетанын жалтырак бетинде тоо менен өтүп бараткан кербендин закым сыяктуу чагылдырылышы жана чыгарылган жылы (2011-жыл) берилген.  

Ар бир күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, өзүнчө кутучага салынат, ага сертификат кошо тиркелет.  

"Улуу жибек жолу" монетасы дизайны жана колдонулган технологиялары үчүн "Krause Publications" (АКШ) басмаканасы тарабынан өткөрүлгөн "2013-жылдын монетасы" сынагында "Эң эле тарыхий маанилүү монета" номинациясында жеңүүчү катары тандалып алынган.  

 

Жыл сайын Өнүктүрүү саясаты институту тарабынан "Өлкө ресурсу эл ресурсу" деп аталган улуттук сынак өткөрүлөт. Анын шарттарына ылайык, белгилүү бир мезгил ичинде өз эмгектерин жарыялаган журналисттер катыша алат. Сынактын темаларына төмөнкүлөр кирет: республикалык жана жергиликтүү бюджет, бюджеттик каражаттарды сарптоонун ачык-айкындуулугу, бюджет чыгашаларынын ак ниеттүүлүгү жана натыйжалуулугу, казып алуу жана энергетика тармактарынын ачык-айкындуулугу, банк сектору, микрокаржылоо сферасы ж.б.  

2013-жыл үчүн жарыяланган сынакка Кыргызстандын бардык областтарынан 43 автордон 340 материал келип түшкөн. Курамы 5 кишиден турган сынактын көз карандысыз комиссиясы катышуучулардын эмгектери менен таанышып чыккандан кийин, ар бир материалга айрым критерийлер боюнча баа берүүгө жетишти. Баалоо үчүн даярдалган материалдар комиссияга авторлору көрсөтүлбөй берилген, алар сынак жыйынтыкталгандан кийин гана чечмеленген.  

Сынактын жеңүүчүлөрү төмөнкү төрт номинация боюнча аныкталган: эфирдик жалпыга маалымдоо каражаттары, орус тилинде басма сөз каражаттары, кыргыз тилинде басма сөз каражаттары, ошондой эле Интернет-жалпыга маалымдоо каражаттары.  

 

2013-жылдын 20-мартынан тартып, жеке ишкер М.С. Малетинге өзүн-өзү жоюуга байланыштуу, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2011-жылдын 23-ноябрында берилген №2859- лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Москва көчөсү - 164/13. 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС

 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Гросстук система 

көлөмү,  

сом менен  

саны,  

даана  

көлөмү,  

сом менен  

саны,  

даана  

көлөмү,  

сом менен  

саны,  

даана  

2012-жылдын 03-июнунан 07-июнуна чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде

Абсолюттук мааниде  

15 503 975 715,89 

47 512 

1 685 766 108,54 

44 379 

13 818 209 607,35 

3 133 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

10,9 

93,4 

89,1 

6,6 

анын ичинде (%)  

 

 

 

 

 

 

БАПБнын таза позициялары  

0,1 

1,8 

1,3 

1,9 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

22,0 

9,5 

18,4 

10,0 

22,5 

1,6 

БК кириш 

10,9 

34,2 

13,5 

36,4 

10,6 

3,1 

СФ чыгыш 

1,0 

8,4 

9,3 

9,0 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

0,5 

6,0 

4,7 

6,4 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде  

15 563 714 453,39 

49 844 

1 576 576 754,55 

46 651 

13 987 137 698,84 

3 192 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши 

Абсолюттук мааниде  

-59 738 737,50 

-2 332 

109 189 353,99 

-2 272 

-168 928 091,49 

-59 

%  

-0,4 

-4,7 

6,9 

-4,9 

-1,2 

-1,9 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

карата абал боюнча  

2013-жылдын  

31- майына карата  

2013-жылдын 07- майына карата  

Жүгүртүүдөгү карттардын саны  

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда)  

202 396 

202 820 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,  

анын ичинде:  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

 

1046 

785 

261 

 

1046 

785 

261 

Банкоматтардын саны  

274 

274