Улуттук банктын Төрагасы «The Japan Times» гезитинин журналисттери менен жолугушту.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Зина Асанкожоева 2013-жылдын 18-июлунда чет элдик (япон) «The Japan Times» гезитине интервью берди.
Жолугушуу учурунда ал чет элдик конокторго республикадагы экономикалык абал, борбордук банктын ишмердиги, максаттары жана милдеттери тууралуу билдирди. Улуттук банк өлкөдө монетардык саясатты жүргүзгөндүктөн, Кыргыз Республикасында инфляциянын төмөн деңгээлине жетишүү жана аны колдоого алууну максат кылат. “Улуттук банк бул үчүн кыйла катуулатылган акча-кредиттик саясатты жүргүзөт. 2012-жылы инфляциянын деңгээли 7,5 % түзгөн. Азыркы учурда инфляциянын базалык деңгээли 10-11 % пайыздан 8,5 % чейин төмөндөдү. Жыл жыйынтьгында, күтүүсүз кырдаал түзүлбөгөн шартта, инфляция деңгээли 7-8 % болушу болжолдонууда”, - деп билдирди З.Асанкожоева”
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башчысы чет элдик журналисттерге бул жыл Улуттук банк үчүн гана эмес, жалпы эле өлкө үчүн дагы маанилүү жыл экенин билдирди. Анткени, быйыл улуттук валютанын 20-жылдык мааракеси белгиленүүдө. “СССРдин курамындагы өлкөлөр арасында Кыргыз Республикасы биринчилерден болуп өзүнүн улуттук валютасы-сомду киргизген. Бул чечим эң туура жана өз убагында кабыл алынганын убакыт көрсөттү. Сомдун жыйырма жылдык өмүрү – бул Кыргызстандагы акча-кредит саясатынын тарыхы, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ийгиликтүү ишинин далили болуп саналат.” –деп белгиледи ал.
Алдыдагы пландар боюнча, Зина Асанкожоева төмөндөгүлөргө токтолуп кетти: кредиттөөнүн өсүшүнө жана туруктуу диверсифицикацияланган экономиканы түзүүдө банк системасына көмөктөшүү максатында, Улуттук банк тарабынан жигердүү аракеттер жасалууда, айрыкча, акча-кредиттик саясатындагы банк системасын кайра каржылоо максатында кредиттик аукциондорду жайылтуу жолу аркылуу ликвиддүүлүк менен камсыз кылуу боюнча инструменттер кеңейтилген.
Чет элдик, анын ичинде япон инвестицияларын тартууда Улуттук банктын ролу тууралуу берилген суроолорго, Улуттук банктын Төрагасы, борбордук банк экономикалык процесстерге реалдуу карай тургандыгын, банктар рынокко бизнести утурлап гана келээрин түшүнөөрүн белгиледи. “Буга байланыштуу, биздин рынокто япон банктарынын ачылышы үчүн япон бизнеси, капиталы келип, эки мамлекеттин ортосунда тышкы соода кызматташтыгынын көлөмү көбөйүшү зарыл. Бул багытта өнүгүү үчүн салмактуу потенциал орун алган”, –деп билдирди.
Интервьюнун жүрүшүндө башка багыттагы суроолор дагы берилди. Ошентип, «The Japan Times» гезитинин журналистин Улуттук банктын Төраганын карьералык тепкичте ийгиликке жетүүдө кандай кыйынчылыктарды башынан кечирип, эмне тоскоолдуктарды жеңгендиги, деги эле азыркы коомдогу кыргыз аялдарынын ролу тууралуу маселелер кызыктырды.
“Ар бир жетишкендик, ийгилик жалпы команданын, санаалаштардын жардамы менен ишке ашырылат. Менимче, Улуттук банктын жамаатында бир багытты, максатты көздөгөн команда куралып калды деп эсептейм. Быйылкы жыл мамлекет тарабынан Күжүрмөндүк жылы деп жарыяланган, чындыгында мунун мааниси терең, анкени, эмгек гана ар кандай адамдарды бириктире алат эмеспи. Ал эми азыркы кыргыз аялдарынын коомдогу орду тууралуу айтсам, бизде гендердик теңчилик боюнча баары жайында. Мисалы, Кыргызстандагы бир нече стратегиялык ведомстволорунда: Башкы прокуратура, Жогорку Сот, Финансы министрлигинде, Саламаттык сактоо министрлигинде, Эсептөө палатасында аялдар башкарып келет. Алардын мойнуна эң зор жоопкерчилик, милдет, опол-тоодой иш аракеттерди аткаруу жүктөлгөн, алардын ар бир чечими, кадамы бийликтин гана көңүл чордонунда болбостон, элдин дагы назарында. Коомчулук аялдардан деле эркектер сыяктуу эле чечкиндүү чечимдерди, иштин жыйынтыктарын талап кылышат. Анткени, кыргыз аялдары дайыма эркектер менен бирдей укукта эле, эркин болуп, окууда, иште коомдун ар бир тармагында ийгиликтерге жетишип келишкен. Ага карабастан, чыгыш менталитети кыргыз аялдарына үйдүн кутун кармап, балдарды тарбиялоону дагы милдеттендирет. Андыктан, баардык тараптан ийгиликке жетишүү кыйынчылык жаратат” – деп кошумчалады Зина Асанкожоева.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы сомдун 20-жылдыгына карата нумизматикалык экспозицияны ачты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында сомдун 20-жылдык мааракесине карата нумизматикалык экспозиция иштей баштады.
Улуттук банктын нумизматикалык музейинде алгачкы жана учурдагы акча белгилеринин үлгүлөрү коюлган.
Экспонаттар аркылуу алгачкы акча тыйындардан тартып, азыркы заманга чейинки Кыргызстандын аймагындагы акчаларды жүгүртүү тарыхы менен таанышууга болот.
Экспонаттар арасында Улуу Жибек жолу менен учурдагы Кыргызстандын аймагынан өткөн кербен аркылуу Тянь-Шань жана Семиречье аймагына алынып келинген байыркы жана орто кылымдагы мамлекеттердин тыйындары коюлган.
Эгемен Кыргызстандын валюталык тарыхы абдан кызыктуу. Биздин өлкөнүн улуттук валютасы республика үчүн өтө татаал учурда киргизилди. Анда КМШ курамындагы республикалар өз алдынчалыкка, башкалардан көз каранды болбогон эркин экономикалык саясат жүргүзүүгө умтулуп, бирок, соода -сатык үчүн бирдиктүү төлөм каражатты - рублди колдонууга мажбур болуп турушкан.
Бул шарттарда улуттук валютаны киргизүү тек гана максат эмес, Кыргызстандын эркин саясатын жүргүзүүдөгү каражаты болчу.
Ал учурда инфляцияны ооздуктоо жана экономиканы түзүмдүк жактан реформалоо программаларын ишке ашыруу шарттарын камсыз кылуу башкы максат болуп саналган.
Кыргызстан башынан бери эле жөнгө салынуучу өзгөрүлмө курсту кармап келет.
1993-жылдын 10-майында жеке акча бирдиги киргизилгенден тартып, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2009-жылы улуттук валютанын төртүнчү банкноттор сериясын чыгарууга жетишти.
Учурда банкноттук тизмек төмөндөгү номиналдарды камтыйт: 20, 50, 100, 200, 500, 1000, 5000 сомдор.
Улуттук валютанын тарыхы өлкөнүн тарыхы менен тыгыз байланышта. Кыргызстандын тарыхындагы орчундуу окуялар бир гана элдин эсинде эмес, акча белгилерине дагы элестери түшүрүлүп, алтын жана күмүшкө чегерилген.
Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар берилген:
«Кэш Ломбард» Ломбард КЖКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2013-жылдын 15-июлунда №5104-лицензия берилген. Юридикалык дареги: Чүй областы, Сокулук району, Ново-Павловка айылы, Фрунзе көчөсү, үй № 172 "А".
Төмөнкү БФКМдердин күбөлүктөрү/лицензиялары жокко чыгарылган, кайтарып алынган:
2013-жылдын 11-июлунан тартып, Көзөмөл боюнча комитеттин 2012-жылдын 11-июлундагы № 24/5-токтому менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен талаптарын сактабагандыгы үчүн Цезарь-Юг кредиттик союзуна 2000-жылдын 19-июнунда берилген №188-лицензия кайтарып алынган. Юридикалык дареги: Ош областы, Өзгөн району, Куршаб айылы, А. Камчыбеков көчөсү.
2013-жылдын 16-июлунан тартып, Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2013-жылдын 16-июлундагы №141-чечими менен, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын системалык түрдө бузгандыгы үчүн, “Кайрат-Бий” МКК ЖЧКсына 2011-жылдын 14-ноябрында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген № 412- эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк кайтарып алынган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Ысык-Ата району, Буденовка айылы, Чапаев көчөсү, үй № 52.
2013-жылдын 16-июлунан тартып, 2002-жылдын 11-мартында «Эр-Бос-Мир» кредиттик союзуна берилген №337- лицензия өзүн-өзү жоюуга байланыштуу жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району, Ооган-Талаа айылы, Укубаев, 20.
Банктар аралык төлөмдөр
Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) |
||||||
|
Бардыгы болуп БТС |
анын ичинде |
||||
Клирингдик система |
Гросстук система |
|||||
көлөмү, сом менен |
саны, даана |
көлөмү, сом менен |
саны, даана |
көлөмү, сом менен |
саны, даана |
|
2012-жылдын 15-июлунан 19-июлуна чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) |
||||||
Абсолюттук мааниде |
13 726338852,84 |
49 494 |
1 522 728861,32 |
45 933 |
12 203609991,52 |
3 561 |
БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%) |
100,0 |
100,0 |
11,1 |
92,8 |
88,9 |
7,2 |
анын ичинде (%) |
|
|
|
|
|
|
БАПБнын таза позициялары |
0,1 |
1,5 |
0,9 |
1,6 |
0,0 |
0,0 |
БК чыгыш |
10,9 |
7,9 |
16,7 |
8,4 |
10,2 |
1,3 |
БК кириш |
15,5 |
43,9 |
23,3 |
46,8 |
14,5 |
6,6 |
СФ чыгыш |
0,01 |
0,3 |
0,1 |
0,4 |
0,0 |
0,0 |
СФ кириш |
0,4 |
4,0 |
3,5 |
4,3 |
0,0 |
0,0 |
Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр |
||||||
Абсолюттук мааниде |
15 138791174,54 |
47 165 |
1 507 375768,04 |
43 989 |
13 631415406,50 |
3 176 |
Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши |
||||||
Абсолюттук мааниде |
-1 412 452321,70 |
2 329 |
15 353 093,28 |
1 944 |
-1 427 805414,98 |
385 |
% |
-9,3 |
4,9 |
1,0 |
4,4 |
-10,5 |
12,1 |
Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү |
||
карата абал боюнча |
2013-жылдын 12-июлуна карата |
2013-жылдын 19-июлуна карата |
Жүгүртүүдөгү карттардын саны (кайра чыгарылгандарын эске албаганда) |
209 480 |
210 832 |
Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны, анын ичинде: - банктарда - соода түйүндөрүндө |
1113 625 488 |
1113 625 488 |
Банкоматтардын саны |
286 |
287 |