Кайта келүү

  Конъюнктура: 31 март - 4 апрель


Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргызстандагы микрокаржылоо темасын мыкты чагылдырган материалдарга сынак жарыялайт  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында, финансылык кызматтарды сунуштаган "Микрокаржылоо: мүмкүнчүлүктөр жана тобокелдиктер" темасын эң мыкты чагылдырган журналисттер арасында республикалык сынак жарыялайт. 

Сынак, микрокаржылоо рыногунун өзгөчөлүгү жөнүндө маалыматтарды жеткиликтүү чагылдыруу менен калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.  

Сынакта, борбордук сыяктуу эле, аймактык басма сөз жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарында кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланган эң мыкты материалдар номинациясы да каралган.  

Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар жана кызыктыруучу белектер менен сыйланат.  

Ар бир номинацияда бир гана жеңүүчү аныкталат.  

Сынактын шарты: Кыргыз Республикасындагы басма сөз жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарына кыргыз, орус тилдеринде жарыяланган (пресса, теле жана радио, интернет) материалдар кабыл алынат.  

Сынакка берилген чыгармаларда авторлорго сан жана көлөм жагынан эч кандай чектөө коюлбайт. Сынакка берилген материалдар 2014-жылдын 1-февралынан 1-октябрына чейинки аралыкта жарыяланып же эфирге чыгуусу зарыл.  

Материалдарды сынакка сунуштоо шарттары: Сынакка катышуу үчүн талапкерлер сынакка катышуу билдирмесин толтуруп, ага өзү жөнүндө кыскача баяндалган таржымалды жана сынакка тапшырылуучу материалды кошо тиркеп, "Сынакка катышуу" деген жазуу менен конвертти чапталган түрүндө Бишкек шаарындагы Т.Үмөталиев атындагы көчөсүндө жайгашкан 101 дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын имаратынын 104-бөлмөсүнө тапшыруу зарыл.  

Сынактын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын басма сөз жана маалымат күнүнө карата 6-ноябрда Улуттук банктын Төрагасынын катышуусунда салтанаттуу азем учурунда тапшырылат.  

Сынак тууралуу толук маалыматты www.nbkr.kg сайтынан алсаңыздар болот (http://www.int.nbkr.kg/index1.jsp?item=2205&lang=KGZ). 

 

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген: 

МКК "Таажы-САН" ЖЧКсына 2014-жылдын 3-апрелинде жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №483 күбөлүгү берилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Радищев көч., 20 А. 

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган, кайтарылып алынган: 

Ысык-Көл областы, Тоң району, Бөкөнбай айылы, Атакан көчөсү 65 дареги боюнча жайгашкан МКК "Тон Кредит Центр" (Ton Credit Center) ЖЧКсына жеке адамдарга жана юридикалык жактарга майда кредит берүүгө 2008-жылдын 3-мартында берилген №118 күбөлүгү, катышуучунун өзүн-өзү жоюу жөнүндөгү 2014-жылдын 2-апрелиндеги чечимине ылайык, 2014-жылдын 2-апрелинен тартып жокко чыгарылган. 

Чүй областы, Токмок шаары, Киров көчөсү 7 дареги боюнча жайгашкан МКК "Алтын-Кылым" ЖЧКсына жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микро кредит берүүгө 2006-жылдын 24-августунда берилген №54 күбөлүгү, катышуучунун өзүн-өзү жоюу жөнүндөгү 2014-жылдын 28-мартындагы №3 чечимине ылайык, 2014-жылдын 3-апрелинен тартып жокко чыгарылган. 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

системасы, бардыгы болуп 

анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гросс системасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

2014-жылдын 31-мартынан тартып 04-мартын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил)  

Абсолюттук мааниси  

27 771 547 862,63 

72 405 

2 241 585 403,33 

68 315 

25 529 962 459,30 

4 090 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

8,1 

94,4 

91,9 

5,6 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,1 

1,3 

1,3 

1,4 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

14,0 

18,0 

38,3 

18,9 

11,9 

1,5 

БКга түшкөндөр 

9,9 

31,2 

12,0 

32,8 

9,7 

4,2 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,1 

0,4 

0,7 

0,5 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

1,3 

16,1 

16,4 

17,1 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр  

Абсолюттук мааниси  

24 487 885 834,70 

61 420 

1 761 344 229,72 

58 056 

22 726 541 604,98 

3 364 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

3 283 662 027,93 

10 985 

480 241 173,61 

10 259 

2 803 420 854,32 

726 

13,4 

17,9 

27,3 

17,7 

12,3 

21,6 

 

  

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

20.03.2014 

28.03.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

276 338 

278 648 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1324 

730 

594 

1325 

731 

594 

Банкоматтардын саны  

347 

349