Кайта келүү
 Конъюнктура: 26 - 30 май

Акча-кредит саясаты маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын отурумунун жыйынтыгы 2014-жылдын 28-майында өткөн пресс-конференцияда айтылды. 

 

Пресс-конференцияга Улуттук банктын Экономика башкармалыгынын начальниги Сейилбек Урустемов, Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын начальниги Раушан Сейткасымова жана Акча-кредит саясат бөлүмүнүн начальниги Насиба Имаралиева катышып, алар акча-кредит саясатынын биринчи чейреги ичинде ишке ашырылган акча-кредит саясаты боюнча отчет, макроэкономикалык болжолдоолор, эсептик чен өлчөмү жөнүндө акча-кредит саясаты маселелери боюнча Улуттук банк Башкармасынын отурумунун жыйынтыгы тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле, өлкөнүн валюта рыногундагы жагдайларга, экономиканы долларлаштыруу деңгээлинин төмөндөшүнө, көп валюта төлөмдөрүнүн түрүнө өтүүгө ж.б. тиешелүү журналисттердин берген суроолоруна жооп беришти.   

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү 

маселесине арналган отурумунан пресс-релиз 

 

2014-жылдын 26-майында Улуттук банк Башкармасынын отуруму өткөрүлүп, анда жылдын биринчи чейреги ичинде ишке ашырылган акча-кредит саясаты боюнча отчет, макроэкономикалык болжолдоолор, эсептик чен өлчөмү кароого алынган.  

Кароого сунушталган отчетто 2014-жылдын биринчи чейрегинде Улуттук банк акча-кредит саясатынын жаңы операциялык негизине өткөндүгү баса белгиленип, анда пайыздык чендер аралык көрсөткүч катары колдонулгандыгы белгиленген. Ушул максатта эсептик ченди аныктоо механизми өзгөртүлүп, акча-кредит саясатынын жаңы инструменттери колдонууга киргизилип, ал эми учурда колдонулуп жаткандары модификацияланган. Акча-кредит саясатынын пайыздык трансмиссиондук каналдарынын ишин күчөтүү жана акча рыногунун ченин Улуттук банктын эсептик чен деңгээлине жакындаштыруу, жаңы иш багытына өтүүнүн максатынан болуп саналат.  

Акча-кредит саясатынын негизин өзгөртүү банктар аралык рыноктун өнүгүшүнө дем берген: рынокто келишилген бүтүмдөрдүн көлөмү сыяктуу эле, алардын саны да жети эседен көбүрөөккө өскөн. Банктар аралык рынок чендери жөнгө салынган чектин алкагында түптөлүү менен (мында “овернайт” кредити боюнча 9,0 пайызды түзгөн чен жогорку чек катары, ал эми “овернайт” депозити боюнча 1,5 пайызга барабар чен төмөнкү чек катары кызмат кылган) алардын орточо мааниси 8,0 пайызга жакынды түзгөн. Банк тутумунун үстөк ликвиддүүлүгүнүн орточо деңгээли 2014-жылдын январь-март айларында 2013-жылдагы тиешелүү көрсөткүчкө салыштырганда 37,4 пайызга кыскарган.  

Соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын бир аз басаңдашына байланыштуу сырттан суроо-талаптын азайышы, күндөлүк эсеп тартыштыгын ички дүң өнүмгө карата 13,4 пайызга чейин (алдын ала маалыматтар боюнча) кыскарышына таасир эткен. Соода балансынын тартыштыгы 1,6 пайызга азайган. Күндөлүк трансферттердин таза агымы доллар эквивалентинде 8,5 пайызга кыскарган болсо да, валюта номиналында өсүш сакталып калган.  

2014-жылдын биринчи чейреги ичинде өлкөнүн экономикасынын өсүшү 5,6 пайызды түзгөн. Курулуш секторунда буга чейин жетишилген натыйжа январь-март айлары ичиндеги өсүшкө түрткү берген фактордун биринен болгон. Ички дүң өнүм дефлятору 2,5 пайыз деңгээлинде калыптанган.  

Биринчи чейректин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджет 2,0 млрд. сом же ички дүң өнүмгө карата 2,9 пайыз өлчөмүндө профицити менен аткарылган. Экономиканын импорттон кыйла көз карандылыгы орун алып тургандыгына байланыштуу дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баа жагдайына туруктуу мониторинг жүргүзүү жана орто мөөнөттүк келечекте алардын мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү зарылчылыгына айрыкча көңүл бурулган.  

Россия жана Казакстандын валюта рынокторундагы жагдайларга байланыштуу тышкы таасирлер биринчи чейректе алмашуу курсунун өтө эле өзгөрүлмөлүүлүгүнө алып келген. Курстун кескин өзгөрүүсүн текшилөө жана алып сатарлыкка жол бербөө үчүн Улуттук банк АКШ долларын сатуу боюнча валюталык интервенцияларды ишке ашырган. Ошентип, 2014-жылдын январь-март айлары ичинде алардын көлөмү 198,1 млн АКШ долларын түзгөн. Ачык рынокто жүргүзүлгөн башка операциялар менен катар эле, валюта рыногундагы операциялар алмашуу курсуна басымды жеңилдетүүгө өбөлгө түзгөн. Январь-март айлары ичинде сомдун нарксызданышы 10,8 пайыз чегинде катталган.  

Жылдын биринчи чейреги ичинде акча базасы 5,8 млрд сомго, 67,4 млрд. сомго чейин кыскарган (-7,9 пайыз). М2Х кеңири мааниде колдонулуучу акча массасы 1,9 пайызга азайып, 118,7 млрд. сомду түзгөн. Банк Башкармасынын отурумунун жүрүшүндө экономикада инфляциялык процесстердин тездеши тобокелдиги орто мөөнөттүк аралыкта да сакталып калаары белгиленген. Инфляциянын чейрек ичиндеги орточо деңгээли болжолдонгондон 0,4 пайыздык пунктка жогору болуу менен 4,7 пайызды түзгөн. Инфляция деңгээлин жылдык эсептөөдө ал 6,3 пайыз чегинде катталган.  

Инфляциялык тобокелдиктердин сырттан суроо-талаптын кыскарышы тобокелдигине карата катышын эске алуу менен Улуттук банк Башкармасы эсептик ченди өзгөртүүсүз, 6,0 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин бир добуштан кабыл алган.  

 

 

Улуттук банктын курама командасы футзал боюнча банктар аралык мелдеште жеңишке жетишип, Кыргызстан банктар кубогуна ээ болду.  

2014-жылы Кыргызстан банктар кубогу үчүн Кыргызстандын финансы-кредит мекемелеринин 21 командасы мелдешке катышкан. Чүчү кулак кармоонун жыйынтыгы боюнча баштапкы баскычта эки топ түзүлгөн. Топ ичинде биринчи төрт орунду ээлеген командалар чейрек финалда жеңишке ат салгылашууну улантышкан. 

Топ ичиндеги баскычтардын жыйынтыгы боюнча чейрек финалда төмөнкү командалар мелдешке чыгышкан:  

 

АКБ "Толубай" ЖАКы ЭС"АМАНБАНК" ААКсы  

3:0  

"Бай-Түшүм " ЖАКы Улуттук банк   

3:5  

"Айыл Банк" ААКсы - "Оптима Банк" ААКсы  

4:3  

өл Булак Финанс" микрокредиттик компаниясы - "Дос-Кредобанк"  ААКсы 

3:4  

  

Жарым финалдык мелдеште төмөнкү командалар мелдешке катышкан:  

АКБ "Толубай" ЖАКы Улуттук банк   

1:1(пен. боюнча: 3-5)  

"Айыл Банк" ААКсы "Дос-Кредобанк"  ААКсы 

3:3(пен. боюнча: 7-6)  

  

Үчүнчү орунга АКБ "Толубай" ЖАКы менен "Дос-Кредобанк"  ААКсы командалары мелдешти. АКБ "Толубай" ЖАКынын оюнчулары өздөрүнө бир гол киргизүү менен атаандашына үч гол киргизип, коло медалын жеңип алышты.   

Финалга Улуттук банктын командасы менен Айыл Банктын командасы мелдешке чыгышкан. Улуттук банктын командасы Маматов Жеңиштин күч-аракети менен эки жолу алдыга чыккан, бирок Айыл Банктын оюнчулары күжүрмөндүк менен кууп жетип, эсепти теңдеп коюуга жетип жатышты. Негизги бөлүнгөн убакыт аяктагандан кийин оюндун жыйынтыгы 2:2 болуп тең-тең чыккандыктан, командалардын тагдыры матчтан кийинки пенальти боюнча чечилиши күтүлгөн эле. Пенальтиде Улуттук банктын дарбазачы Эркин Расулов алты метрден эки жолку соккуну кайра кайтарган. (пенальти боюнча: 4-3 Улуттук банктын пайдасына). Ошентип, Улуттук банк 2014-жылы футзал боюнча Кыргызстан банктар кубогун жеңип алуу менен аталган жеңиш жолунда 11 жолку жеңүүчү деген атка ээ болду.   

Мелдеш жеңген командаларга сыйлык тапшыруу жана мыкты оюнчуларды номинациялар боюнча баалуу белектер менен сыйлоо аземи менен аяктады. Калыстар тобу менен уюштуруу комитетинин чечими боюнча чейрек финал мелдешине чыккан командалардын ичинен 5 мыкты оюнчулар аныкталган, алар:  

· мыкты дарбазачы - Эмельджанов Руслан (АКБ "Толубай" ЖАКы);  

· мыкты коргоочу - Кырманчиев Айбек (Улуттук банк);  

· мыкты чабуул коюучу - Момункулов Азиз ("Дос-Кредобанк"  ААКсы);  

· мыкты бомбардир - Джантаев Нурлан (ЭС "АМАНБАНК" ААКсы ) мелдеш учурунда 34 жолу топту киргизген;  

· мелдештин мыкты оюнчусу -Джетыбаев Нуржан ("Айыл Банк" ААКсы).  

"Жеңишке умтулган эрки үчүн" категориясында: "Бай-Түшүм" ЖАКы командасы жана "Бакай Банк" ААКсынын оюнчусу - Н. Ачекеев баалуу белектер менен сыйланды.  

Сыйлык тапшыруу аземине: “Кыргызстан банктар бирлиги” юридикалык жактар бирикмесинин президенти А.К.Абдраев, Улуттук банктын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев "Айыл Банк" ААКсы башкармасынын Төрагасы Э.Ш.Асрандиев катышты 

Банктар арасында футзал боюнча жыл сайын өтүүчү Кыргызстан банктар кубогу мелдеши 2014-жылдын 19-апрелинде башталган. Спорт мелдешин уюштуруучу Кыргызстан банктар бирлиги.  

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

 

"Рысбай" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 28-майында № 5127 лицензиясы берилди. Юридикалык дареги: Баткен областы, Кадамжай району, Айдеркен шаары, Базар көч., номери жок, шаар автобекетинин жаны. 

"Фарад плюс" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 28-майында № 5128 лицензиясы берилди. Каттоодон өткөндүгү жөнүндө каттын № 3119. Юридикалык дагери: Бишкек ш., Курманжан Датка көч., 280 

"ЖилИнвестБишкек" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 29-майында № 5129 лицензиясы берилди. Каттоодон өткөндүгү жөнүндө каттын № 3120. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Логвиненко көч., 26 "А". 

"Ирина Плаза" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 30-майында № 5130 лицензиясы берилди. Каттоодон өткөндүгү жөнүндө каттын № 3121. Юридикалык дареги: Бишкекш., Ибраимов көч., 115а. 

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган, кайра кайтарылган: 

 

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "Асыл Капчык" ЖЧКсына 2010-жылдын 3-августунда берилген № 304 күбөлүк, катышуучунун 2014-жылдын 19-майындагы өзүн-өзү жоюу жөнүндө чечимине ылайык, 2014-жылдын 26-майынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., мкр. Аламүдүн-1, 83-4. 

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "АКТАН-кредит" ЖЧКсына 2012-жылдын 13-ноябрында берилген № 471 күбөлүк, катышуучунун 2014-жылдын 22-майындагы №2 чечимине ылайык, 2014-жылдын 29-майынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Арча-Бешик жаңы конушу, Керме-Тоо көч., 50. 

 

Банктар аралык төлөмдөр  

 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасы, бардыгы болуп 

анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гроссовая система 

көлөмү,  

сом 

саны, даанасы 

көлөмү,  

сом 

саны, даанасы 

көлөмү,  

сом 

саны, даанасы 

2014-жылдын 26-майынан тартып 31-майын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил)  

Абсолюттук мааниси  

40 398 060 085,22 

91 804 

2 211 687 113,32 

84 753 

38 186 372 971,90 

7 051 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

5,5 

92,3 

94,5 

7,7 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун  таза позициялары 

0,03 

0,9 

0,6 

1,0 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

9,5 

13,8 

34,5 

14,9 

8,0 

1,3 

БКга түшкөндөр 

8,3 

44,2 

17,4 

47,7 

7,8 

2,4 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,01 

0,4 

0,2 

0,4 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,8 

9,3 

14,1 

10,1 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр  

Абсолюттук мааниси  

31 300 774 027,14 

67 330 

1 931 022 312,71 

62 778 

29 369 751 714,43 

4 552 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

9 097 286 058,08 

24 474 

280 664 800,61 

21 975 

8 816 621 257,48 

2 499 

29,1 

36,3 

14,5 

35,0 

30,0 

54,9 

  

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

23.05.2014 

30.05.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны   

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

 

296 416 

 

299 146 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда   

- соода түйүндөрүндө   

 

1341 

736 

605 

 

1346 

741 

605 

Банкоматтардын саны  

354 

354