Кайта келүү

Кыргызстандын Парламенти Улуттук банктын 2013-жыл үчүн отчетун бир добуштан кабыл алды 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары 2014-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2013-жыл ичинде алып барган иши тууралуу отчетун кароого алып, тиешелүү чечим парламенттин пленардык отурумунда кабыл алынды.  

Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов отчет берип жатып, акча-кредит саясатынын негизги параметрлери, банк тутумунун өткөн жылдагы көрсөткүчтөрү жөнүндө жана валюта рыногундагы жагдай тууралуу белгилеп өттү. "Улуттук банктын акча-кредит саясаты инфляцияны бир сандык көрсөткүчтө чектеп турууга багытталган. Өткөн жылы баанын өсүш арымын алгылыктуу чекте сактап турууга жетиштик. 2013-жыл ичинде инфляция бир сандык көрсөткүч деңгээлинде сакталып турду. Жыл ичинде анын мааниси 7,5 пайыздан 4 пайызга чейин төмөндөгөн. Ошентип, инфляция боюнча акча-кредит саясатынын тиешелүү көрсөткүчүнө жетише алдык".  

Улуттук банктын Төрагасынын отчетун уккандан кийин парламент бир катар актуалдуу темадагы суроолорду беришкен, алсак, алар кызыкдар болгон суроолордун ичинде нак эмес төлөмдөрдүн өсүү динамикасы, микрокаржылоо секторунда кредиторлор менен карыз алуучулардын көйгөйүн чечүү, күрөө мүлкүн баалоодогу талаш-тартыштар, айрым банктардан консервация режимин алуу ж.б. болду.  

Жалпысынан, депутаттар банк жана финансы секторун өнүктүрүүдө алгылыктуу жылыштар болуп жаткандыгын жана өтүп жаткан жыл ичинде Улуттук банктын артыкчылыктуу иш багыттарын белгилеп өтүштү. Отурумга катталган 88 депутаттын бардыгы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү токтомун кабыл алууга добушун беришкен.  

 

 

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын 17-июнунда Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.  

Улуттук банктын Төрагасы, инфляцияны төмөндөтүү, банк жана төлөм системасында коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоо, улуттук валютанын курсун туруктуу кармап туруу боюнча көрүлүп жаткан чараларды белгилеп кетүү менен финансы ишин жөнгө салуунун негизги багыттары тууралуу мамлекет Башчысына маалымат берди. Толкунбек Абдыгулов, ошондой эле кредит менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана жоопкерчиликтүү кредиттөөнү ишке ашыруу максатында, кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө Улуттук банк тарабынан көмөктөшүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.  

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында каралган финансы секторун өнүктүрүү боюнча чаралар, анын ичинде "узак мөөнөт ичинде колдонулуучу акчаларды" түзүү, банк тутумун жана микрокаржылоону өнүктүрүү боюнча долбоорлор да каралды.  

Мамлекет Башчысы, Улуттук банк өлкөнүн финансы секторунун маанилүү бөлүгүн түзөрүн жана анын алып барган ишине акча-кредит саясатынын натыйжалуулугу, экономикалык туруктуу өсүүгө жетишүүсү, жарандардын жашоо деңгээлин көтөрүү жана дагы көптөгөн маселелер көз каранды болорун белгиледи.  

Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайты www.prezident.kg  

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

"Таалай-Бек" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 16-июнунда № 5133 лицензиясы берилди. Каттоодон өткөндүгү жөнүндө каттын № 3124. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Киев көч., 233. 

"Валютный центр" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 17-июнунда № 5134 лицензиясы берилди. Каттоодон өткөндүгү жөнүндө каттын № 3125. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көч., 144/3. 

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган, кайра кайтарылган: 

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКА "Жаңырык кредит" коомдук фондусуна 2007-жылдын 1-мартында берилген № 123 күбөлүк, МКА "Жаңырык кредит" коомдук фондусунун уюштуруучуларынын өзүн-өзү жоюу жөнүндөгү жалпы жыйынынын 2014-жылдын 1-майындагы протоколуна жана коомдук фондунун директорунун өзүн-өзү жоюу жөнүндөгү 2014-жылдын 3-майындагы өтүнүч катынына ылайык, 2014-жылдын 16-июнунан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Баткен областы, Баткен району, Жаңырык айылы. 

Жеке ишкер Арзыматова Назгулң Эшназаровнага 2013-жылдын 19-мартында берилген № 5086 лицензия, Улуттук банктын 2014-жылдын 19-июнундагы № 51-О буйруусуна ылайык, 2014-жылдын 20-июнунан тартып кайра кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Байтик Баатыр көч., 88. 

"АлтынКумИнвест" ЖЧКсына 2012-жылдын 9-августунда берилген № 5035 лицензия, Улуттук банктын 2014-жылдын 19-июнундагы № 51-О буйруусуна ылайык, 2014-жылдын 20-июнунан тартып кайра кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Байтик Баатыр көч., үй 3 а, 23-кв. 

Жеке ишкер Жаманкулов Ерлан Медетбековичке 2012-жылдын 8-июнунда берилген № 4977 лицензия, Улуттук банктын 2014-жылдын 19-июнундагы № 51-О буйруусуна ылайык, 2014-жылдын 20-июнунан тартып кайра кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Кулатов көч., 8, "РеалСтрой" соода борбору. 

Жеке ишкер Абдуллаева Гулсара Хабибуллаевнага 2012-жылдын 31-майында берилген № 4964 лицензия, Улуттук банктын 2014-жылдын 19-июнундагы № 51-О буйруусуна ылайык, 2014-жылдын 20-июнунан тартып кайра кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., М.Горңкий көч., 1 г. 

Жеке ишкер Ниязбаев Эмилбек Ниязбаевичке 2012-жылдын 14-майында берилген № 4942 лицензия, Улуттук банктын 2014-жылдын 19-июнундагы № 51-О буйруусуна ылайык, 2014-жылдын 20-июнунан тартып кайра кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Абдрахманов көч., үй 150. 

Жеке ишкер Келешов Али Нуррадиновичке 2012-жылдын 20-февралында берилген № 4848 лицензия, Улуттук банктын 2014-жылдын 19-июнундагы № 51-О буйруусуна ылайык, 2014-жылдын 20-июнунан тартып кайра кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Супермаркет "Бета Сторес", Чүй пр., 150 "а". 

"Мэри Клуб" ЖЧКсына 2012-жылдын 12-январында берилген № 4831 лицензия, Улуттук банктын 2014-жылдын 19-июнундагы № 51-О буйруусуна ылайык, 2014-жылдын 20-июнунан тартып кайра кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., М.Горңкий көч., 33. 

Жеке ишкер Деркинбаев Данияр Имралыевичке 2011-жылдын 3-ноябрында берилген № 4782 лицензия, Улуттук банктын 2014-жылдын 19-июнундагы № 51-О буйруусуна ылайык, 2014-жылдын 20-июнунан тартып кайра кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Байтик Баатыр көч., 34. 

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө күрөөкана "Богат-71" кошумча жоопкерчиликтүү коомуна 2012-жылдын 4-июнунда берилген № 4965 лицензия, Улуттук банктын 2014-жылдын 19-июнундагы № 51-О буйруусуна ылайык, 2014-жылдын 20-июнунан тартып кайра кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Ш. Баатыр көч., "Мадина" базары, аялдама комплекси. 

"МБ и Компани" ЖЧКсына 2011-жылдын 1-декабрында берилген № 4801 лицензия, Улуттук банктын 2014-жылдын 19-июнундагы № 51-О буйруусуна ылайык, 2014-жылдын 20-июнунан тартып кайра кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Лебединовка айылы, Жеңиш пр., 351. 

Ачеков Жолчубай Джамбуловичке 2012-жылдын 15-майында берилген № 4943 лицензия, Улуттук банктын 2014-жылдын 19-июнундагы № 51-О буйруусуна ылайык, 2014-жылдын 20-июнунан тартып кайра кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., "Дордой" базары, башкы өтмөк, №32 орун.  

"AAVA Invest" ЖЧКсына 2012-жылдын 15-июнунда берилген № 4991 лицензия, Улуттук банктын 2014-жылдын 19-июнундагы № 51-О буйруусуна ылайык, 2014-жылдын 20-июнунан тартып кайра кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Чүй пр., 196-24. 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр  

 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык 

төлөмдөр системасы, 

бардыгы болуп 

анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гроссовая система 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

2014-жылдын 26-майынан тартып 31-майын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

35 426 761 259,82 

61 783 

1 639 381 822,74 

57 403 

33 787 379 437,08 

4 380 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

4,6 

92,9 

95,4 

7,1 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,1 

1,4 

1,5 

1,5 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

4,6 

7,9 

16,6 

8,5 

4,0 

0,8 

БКга түшкөндөр 

6,7 

52,0 

23,7 

55,8 

5,9 

2,7 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,03 

0,8 

0,6 

0,9 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,2 

6,2 

4,7 

6,7 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси  

33 221 428 703,24 

67 008 

1 864 534 419,42 

62 079 

31 356 894 283,81 

4 930 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

2 205 332 556,58 

-5 225 

-225 152 596,68 

-4 676 

2 430 485 153,27 

-550 

6,6 

-7,8 

-12,1 

-7,5 

7,8 

-11,1 

  

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

13.06.2014 

20.06.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

302 802 

305 048 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1354 

741 

613 

1354 

741 

613 

Банкоматтардын саны  

354 

354