Кайта келүү

 

 Конъюнктура: 7 - 11 июль

 

 

Кыргызстанда ЕврАзЭШ мамлекеттеринин борбордук (улуттук) банктарынын 30- Кеңешинин жыйыны өткөрүлдү.   

2014-жылдын 27-июнунда Кыргызстанда ЕврАзЭш мамлекеттеринин борбордук (улуттук) банктарынын 30- Кеңешинин жыйыны өткөрүлдү. Юбилейдик жолугушууга Кеңешке катышуучу өлкөлөр Беларусия, Казахстан, Кыргызстан, Россия жана Таджикстандын борбордук (улуттук) банктары, Кеңештин катчылыгы, мамлекеттер аралык банк, Кеңеши мейманы катары- Кыргызстандагы мамлекеттер аралык банктын өкүлдөрү, ЕврАзЭШ Интеграциялык Комитеттин Катчылыгы катышты.   

Жыйынды КР Улуттук банкынын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов ачты. "Мен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди куш келипсиздер деп чын дилимден билдирем.. Кеңеш иштеген мезгил аралыгында көп маанилүү маселелер чечилип, алар аймактагы ЕврАЗЭШ мамлекеттери катышуучу болгон өлкөлөрдүн банк тармагындагы мындан аркы экономикалык интеграцияны өнүктүрүү үчүн негиз болуп берди. Айрыкча белгилеп айтчу жагдай, Кеңеш тарабынан улуттук валюта-финансы маселеси жана банк системасындагы келишимдик базанын, акча-кредиттик саясат, төлөм-эсептешүү системасы жана башка маанилүү маселелер ийгиликтүү ишке ашты".   

Жыйындын күн тартибине валюта жана банк рыногундагы учурдагы абал жана өнүгүү тенденциясы, банк секторундагы финансылык туруктуулук, ЕврАзЭШ өлкөлөрү катышкан мамлекеттердеги валюта төлөмдөрү боюнча анализдер сыяктуу маанилүү маселелер каралды.   

Кеңештин мүчөлөрү талкуу жасап бүткөн соң, ЕврАзЭШ өлкөлөрү катышкан борбордук (улуттук) банктарга ченемдик -укуктук базаны өркүндөтүп жана анын ишмердигин өнүктүрүү боюнча сунуштар иштелип чыкты.   

Иш чараны жыйынтыктап жатып КР Улуттук банкынын төрагасы кезектеги жыйынды өткөрүү укугун Россиянын банкынын жетекчилигине берилди.   

КР Улуттук банкынын төрагасы Швейцариянын финансы министри менен жолугушту.  

2014-жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Швейцария Конфедерациясынын Федералдык кеңешчиси, Финансы министри Эвелин Видмер-Шлумпф башында турган делегация менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле КР экономика министри Темир Сариев, Швейцариянын эл аралык финансылык маселелер боюнча Мамлекеттик катчылыгынын мамкатчысы Жак де Ваттевилң, Швейцариянын мамлекеттик катчылыгынын экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Беатрис Мазер жана Швейцариянын КР атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рене Холенштайн катышты.   

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук банктын башчысы Швейцария тараптын Кыргызстанга көргөзгөн колдоосуна жана Кыргызстандын кызыкчылыгын эл аралык финансылык институттардын арасында сунуштагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. "Кыргыз-швейцар мамилелери финансылык-техникалык кызматташуу тармагында өнүгүүгө өтүп жаткандыгын даңазалап турат. Ушуга жараша, бир катар багыттар боюнча биргелешкен долбоорлор ишке ашып жатат. Айрыкча, мыйзамдык базада, банктык көзөмөлдө, акча-кредиттик саясат жана анын инструменттери мыкты өздөштүрүлүүдө. Мындан сырткары, КР Улуттук банкы Швейцариянын Улуттук банкы, Швейцариянын экономикалык мамлекеттик катчылыгы (SEKO) менен тыгыз кызматташып келет. Пландаштырылган баардык долбоорлор ишке ашырылат"- деп Т.Абдыгулов ынандырды.  

Өз кезегинде Э. Видмер-Шлумпф дагы өлкөлөр арасындагы кызматташтыктын өнүгүп жаткандыгын белгилеп өттү. "Кыргызстан Швейцария өкмөтүнүн колдоосуна мындан ары деле ишене берсе болот. Биздин өз ара мамилебиз Эларалык валюта фонду жана Дүйнөлүк банктын кызматташууларынын сырткары, бир катар маанилүү долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз",- деп кошумчалады ал.  

Жыйынтыгында, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын мындан аркы келечектүү кызматташтыгына ишеним артышты.   

23 июндан 26 июнга чейин КР Улуттук банкында "Акча которуу системасы жана чекене төлөөм жүргүзүүнү өнүктүрүүнүн келечеги" темасында семинар болуп өттү.  

Бул иш-чара Улуттук банктын жана Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринин өкүлдөрүнүн төлөм системасынын тармагы жана төлөм жүргүзүүнүн рыноктук шарттарда инновациялык формасынын өнүгүшү туурасында билимин жогорулатууга багытталган.   

4 күндүк семинардын алкагында көзөмөлдөөчү адистерге, коммерциялык банктар, микрокаржылоо уюмдары жана "Банктар аралык процессингдик борбор" ЖАК, "Bankable Frontier Associates Consulting" - Brian Le Sar и Johann Bezuidenhoudt консалтингдик компаниясынын өкүлдөрүнө төлөм системасынын өнүгүшүнүн жаңы ыкмалары, алдынкы технологияларды колдонуу жана киргизүү, туурасында чет мамлекеттик тажрыйбаларды колдонуу тууралуу айтып беришти. Айрыкча, төлөм системасындагы, интероперабелдик (функционалдык дал келүү) системасында укуктук негиздерди жөнгө салуу, клирингдик төлөм жана эсепти киргизүү, мобилдик банкингди өнүктүрүү жана мобилдик акчалардын операторунун аудити, ошондой эле электрондук акча чыгаруу сыяктуу темаларга басым жасалды.  

Семинардын катышуучулары мобилдик каражат аркылуу төлөм жүргүзүүнүн формасын ишке ашыруу, электрондук капчык жана башка актуалдуу темаларга жигердүү кызыгууларын билдирип, суроолорду берип, ой-пикирлери менен бөлүштү.   

КР Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системаларын анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айбек Султаналиевдин айтымында, семинар абдан кызыктуу жана пайдалуу болуп, анда көп түрдүү маселелерди, айрыкча улуттук төлөм системасын өнүктүрүү, инновациялык инструменттерди жана технологияны жөнгө салуу көйгөйлөрү сыяктуу көптөгөн маанилүү маселерди камтыды. "Презентацияланган жана таратылып берилген материалдарды жогорку сапатта даярдоо менен бирге семинардын тажырыйбалык маалыматтык бөлүгүн, кейстер менен иштешүүнү жакшы ойлоп табышыптыр. Өзүмдүн жана менин кесиптештеримдин атынан иш-чараны уюштуруучуларга, "Bankable Frontier Associates Consulting" компаниясынын кеңешчилерине кызыктуу семинар уюуштуруп, төлөм системасы тармагында билимди жана профессионалдык деңгээлибизди жогорулатууга мүмкүндүк беришкендиги үчүн терең ыраазычылык билдире кетмекчимин", - деп кошумчалады ал.  

Семинарга эл аралык эксперт катары төлөм системасы боюнча Улуттук Институтунун катышуусу пайдалуу жана таануучу тажрыйба болду. Учурда республикада калк арасында акыркы технологияларга болгон кызыгуулар артып, алар аркылуу эл дароо төлөм жасоо менен аралыктан туруп өз каражаттарын башкаруу, убакыт жана кызмат үчүн чыгымдарды кыскартууга карата суроо талаптар өсүп жатат.   

"Ушуга байланыштуу уюлдук төлөмдөр боюнча эл аралык тажрыйба, инновацияны киргизүүдө Кыргызстан багыттарды белгилеп жана жакынкы мөөнөттө жаңы технологияларды жайылта баштайт. Баардык аймактарда филиалдары бар биздин компания үчүн жаңы инструменттерди киргизүү финансылык кызматтардын өлкөнүн аймактарында жайылышына алып келет" деген пикирин "Финка" компаниясынын өкүлү Ассета Красножонова билдирди.   

Өз кезегинде КР Улуттук банкынын Төлөм системасы башкармалыгынын операторлор жана төлөм уюмдары боюнча башкы адиси Антон Бредихиндин айтымында операторлор менен төлөм уюмдарын көзөмөлдө боюнча жаңы функциялардын киргизилиши жана электрондук акчанын эмиссиясы боюнча укуктук-ченемдик актылардын иштелип жаткандыгына байланыштуу, лекторлор сөз кылган темалар Улуттук банк үчүн абдан актуалдуу. Кеңешчилер бул тема боюнча жогорку сапаттагы билимдерин көргөзүштү. Алган билимим кызматымда пайдалуу болуп, албетте тажрыйбамда кеңири колдоном - деп белгиледи ал.   

Семинардын алкагында 30 адам билимин тереңдетүүгө катышты. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын техникалык колдоосу менен уюштурду. 

 

МКК «Кемин» ЖЧКсына жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө 2014-жылдын 30-июнунда № 485 күбөлүк берилди. Юридикалык дареги: Чүй областы, Кемин району, Шабдан айылы, С. Данияров көч., а 51. 

 

МКК «Аю финанс» ЖЧКсына жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө 2014-жылдын 30-июнунда № 486 күбөлүк берилди. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Токтогул көч., 126. 

 

МКК «Тумар Финанс» ЖЧКсына жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө 2014-жылдын 11-июлунда № 487 күбөлүк берилди. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Токтогул көч., 242, кв №1. 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасы, бардыгы болуп 

анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гроссовая система 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

2014-жылдын 07-июлунан тартып 11-июлун кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

37 831 637 679,36 

77 182 

2 137 756 160,45 

71 978 

35 693 881 518,91 

5 204 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

5,7 

93,3 

94,3 

6,7 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун  таза позициялары 

0,1 

1,1 

1,5 

1,2 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

8,0 

7,9 

19,8 

8,5 

7,3 

0,7 

БКга түшкөндөр 

7,3 

43,0 

15,5 

45,8 

6,8 

5,0 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,6 

5,8 

10,5 

6,3 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,5 

10,5 

9,2 

11,3 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр  

Абсолюттук мааниси  

33 874 528 871,28 

68 029 

1 937 268 520,27 

62 815 

31 937 260 351,01 

5 214 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

3 957 108 808,08 

9 153 

200 487 640,18 

9 163 

3 756 621 167,90 

-10 

11,7 

13,5 

10,3 

14,6 

11,8 

-0,2 

  

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

04.07.2014 

11.07.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны   

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

 

309 286 

   

 

310 762 

   

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда   

- соода түйүндөрүндө   

 

1361 

747 

614 

 

1365 

747 

618 

Банкоматтардын саны  

368 

368