Кайта келүү

 Конъюнктура: 25 - 29 август



Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы маалымат агенттиктеринин журналисттерине интервью берди  

Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2014-жылдын 29-августунда "24.kg"; "Тазабек"; "Рейтер"; "Вечерний Бишкек"; "Кабар"; "КирТАГ" интернет-басылмаларынын журналисттери менен жолугушту.  

Эки саатка созулган жолугушуу учурунда Улуттук банктын Төрагасы өлкөнүн валюта жана финансы рынокторундагы жагдай тууралуу, Улуттук банк жүргүзгөн акча-кредит саясатындагы өзгөрүүлөр, эл аралык камдар, анын ичинде алтындын алтын валюталуу камдар үлүшүн көбөйтүү боюнча Улуттук банктын пландары, улуттук төлөм системасы үчүн тобокелдиктер жөнүндө, мигранттардын акча которуулары жана башка көптөгөн маселелер тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан берилген он чакты суроолорго жооп берген.   

Интервью берүү учурунда Кыргызстандын Бажы бирлигине кирүүсүнө тиешелүү суроолор, Евробирлик мамлекеттеринин жана АКШнын Россияга карата белгилеген санкцияларына тиешелүү маселелер да айтылды. Журналисттерди, биринчи кезекте, жогорудагы окуялардын Кыргыз Республикасынын экономикасына таасири тийген учурда анын кесепеттери кандай болушу мүмкүн, Улуттук банк жүргүзгөн акча-кредит саясатынын эл аралык рыноктогу жагдайга канчалык көз каранды деген суроолор кызыктырды 

Жолугушуу учурунда микрокаржылоо чөйрөсүнүн абалы менен келечеги кызуу талкууга алынды. Аны менен катар өлкөнүн рыногунда жаңы оюнчулардын пайда болушу жөнүндө сөз козголгон.   

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банк тарабынан иштелип чыккан жана коомдун кеңири катмарына чейин талкуулоону пайда кылган мыйзам долбоорлору, анын ичинде “Банк кодекси” жана “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы” жөнүндө маалымат берди. 

Жолугушуунун акырында журналисттер Улуттук банктын Төрагасынан жаңыча иш алып баруунун ыкмалары менен принциптери, ошондой эле жетекчи катары биринчи кезекте алдыга койгон стратегиялык багыттар жана милдеттер тууралуу суроо узатышты.  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча өткөрүлгөн отурумунан пресс-релиз 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 25-августундагы отурумунда негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн орто мөөнөттүк болжолдоолору кароого алынган. Талкуунун жүрүшүндө май айындагы акча-кредит саясат боюнча отчетто (Инфляция боюнча баяндамада) баяндалган орто мөөнөттүк экономикалык тренддерге тиешелүү болжолдоолор сакталып калгандыгы белгиленген. Соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдө байкалган экономикалык өсүш арымынын басаңдашы мындан ары да уланышы күтүлүүдө. Бул өз кезегинде сырттан суроо-талаптын азайышына жана акча которуулардын кыскарышына таасирин тийгизет. Дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногундагы баа конъюктурасына тиешелүү болжолдоолор жогорулоо жагына бир аз өзгөргөн. Мындан тышкары, май айындагы болжолдуу баа берүүлөр 2014-жылдын июнь-август айларында орун алган факторлор менен да толукталган. Турак-жай коммуналдык кызматтарга тарифтердин жогорулоосу, республикада быйылкы жылы аба ырайынын алгылыксыз болушу, ички рынокто бензинге жана дизель отунуна баанын тездик менен өсүшү, ошондой эле ички суроо-талаптын тез арымда төмөндөшү мына ушундай факторлорго кирет. Демек, бул факторлор жакынкы аралыкта инфляциялык процесстердин ыкчамдашына таасир этиши ыктымал. Орто мөөнөттүк мезгил аралыгында инфляцияны Улуттук банктын акча-кредит саясатынын сандык көрсөткүчү чегинде токтотууга жетишүү жана ошол чекте чектеп туруу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөт. 

Ошентип, инфляциялык тобокелдиктер менен сырттан суроо-талаптын кыскарышы тобокелдигинин катышын эске алуу менен Улуттук банктын эсептик чен өлчөмүн өзгөртүүсүз калтыруу чечими кабыл алынган.  

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесин кароого алган кийинки отуруму 2014-жылдын 29-сентябрына пландаштырылган. 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

 

1) "Шабдан Компани" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 25-августунда № 5144 лицензиясы берилди. Юридикалык дареги: Чүй областы, Жайыл району, Кара-Балта шаары, Биринчи май көч., № 5. 

2) "Улан-Улар" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 28-августунда № 5145 лицензиясы берилди. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Чүй пр., 32. 

3) "Маанай-Асыл" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 28-августунда № 5146 лицензиясы берилди. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Аламедин-1 мкр., ү.41, кв.35. 

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган, кайра кайтарылган: 

 

1) Ломбард "Траст-М" кошумча жоопкерчиликтүү коомуна нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2011-жылдын 5-октябрында берилген № 4763 лицензия, алмашуу бюросунун өзүн-өзү жоюу жөнүндөгү ломбард "Траст-М" кошумча жоопкерчиликтүү коомунун 2014-жылдын 28-августундагы берген арызына ылайык, 2014-жылдын 28-августунан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Курманжан датка көч,. 288. 

 

2) КС "Эр-Тол" финансы кооперативине 2006-жылдын 21-февралында берилген № 508 лицензия, КС "Эр-Тол" финансы кооперативинин катышуучуларынын өзүн-өзү жоюу жөнүндөгү жалпы жыйынынын 2014-жылдын 13-августундагы протоколуна ылайык, 2014-жылдын 25-августунан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ош областы, Ош ш., Ленин көч,. 287. 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасы, бардыгы болуп 

в том числе 

Клиринг системасы 

Гроссовая системасы  

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

2014-жылдын 25-августан тартып 30-августун кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

30 346 588 108,59 

114 750 

2 335 429 825,41 

108 277 

28 011 158 283,18 

6 473 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

7,7 

94,4 

92,3 

5,6 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун  таза позициялары 

0,1 

0,7 

1,0 

0,8 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

16,4 

11,3 

34,3 

11,9 

14,9 

1,2 

БКга түшкөндөр 

12,3 

55,6 

18,9 

58,7 

11,7 

2,3 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,02 

0,2 

0,2 

0,3 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,9 

7,7 

11,5 

8,2 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси  

36 016 219 398,63 

75 160 

2 032 055 965,98 

69 715 

33 984 163 432,66 

5 445 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

-5 669 631 290,04 

39 590 

303 373 859,44 

38 562 

-5 973 005 149,48 

1 028 

-15,7 

52,7 

14,9 

55,3 

-17,6 

18,9 

  

 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

22.08.2014 

29.08.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны   

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

 

319 222 

   

 

320 791 

   

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда   

- соода түйүндөрүндө   

 

1404 

758 

644 

 

1409 

761 

648 

Банкоматтардын саны  

390 

395