Кайта келүү

 Жумалык хроника: 27 - 31 октябрь

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-октябрында болуп өткөн отурумунда төмөнкү маселелер каралып, тиешелүү токтомдор кабыл алынды: 

- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын "Кыргыз сомуна карата чет өлкө валюталарынын расмий курстарын аныктоонун эрежелерин бекитүү жөнүндө" 2013-жылдын 28-мартындагы №10/15 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (№ 47\7) ; 

- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (№ 47\8); 

- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (№ 47\10). 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чендин өлчөмүн жылдык 9,00 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. 

Тышкы жана ички таасирлерден улам келип чыккан инфляциялык басымдын күчөшүн эске алуу менен Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн жылдык 9,00 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды.  

Тышкы таасир сыяктуу эле ички таасирлерден жаралган инфляциянын деңгээли жогору бойдон калууда. Инфляция октябрь айынын орто ченинде жылдык мааниде 8,0 пайызды түзгөн.  

2014-жылдын сентябрь айынын жыйынтыгы боюнча статистикалык маалыматтар Кыргыз Республикасында экономикалык өсүш арымдын, ошондой эле Кыргызстандын негизги соода өнөктөш мамлекеттеринде экономикалык өнүгүүнүн басаңдашы уланып жаткандыгын көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын ИДӨсүнүн реалдуу өсүш арымы тогуз ай ичинде 3,0 пайыз деңгээлинде түптөлгөн. Негизинен импорттун төмөндөшүнөн улам, тышкы соода-сатык операцияларынын көлөмүнүн кыскарышы байкалууда, мында өзүбүздүн товарларыбызды (алтынды эсепке алуусуз) экспортко чыгаруу да төмөндөө тенденциясына ээ. Жогоруда айтылган таасирлер биздин өлкөнүн ички валюта рыногунда инфляциялык басымды жогорулаткан себептердин бири болуп саналат.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкөнүн экономикасына мониторинг жүргүзүүнү улантып келет. Акча-кредит саясатынын чаралары, орто мөөнөткө каралган мезгил аралыгында инфляциянын деңгээлин Улуттук банктын 2014-2017-жылдарга акча-кредит саясатынын негизги багыттары менен аныкталган 7 пайыз деңгээлинде кармап турууга, ага жетишүүгө багытталат.  

Эсептик чен өлчөм жөнүндө Улуттук банк Башкармасынын кезектеги отуруму 2014-жылдын 24-ноябрына пландаштырылган.  

 

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

1. "Классик и Ко" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 27-октябрында № 5161 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө № 3153. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Курманжан-Датка көчөсү 278. 

2. "Ынтымак КТК" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 27-октябрында № 5162 лицензиясы берилди. Юридикалык дареги: Жалал-Абад шаары, Н.Айтматов атындагы көчө, номери жок (багыт алуу: "Бакыт" соода борбору). 

3. "Ясир" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 27-октябрында № 5163 лицензиясы берилди. Юридикалык дареги: Жалал-Абад шаары, (багыт алуу: борбордук базардагы "Мариям" бут кийим базары). 

4. "Нурислам Лтд" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 29-октябрында № 5164 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө № 3154. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү 49. 

5. "Прайм-Лидер" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 30-октябрында № 5165 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө № 3155. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Кулатов көчөсү 8/1. 

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган: 

1) Нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө жеке ишкер Курманбеков Эрнис Уланбековичке 2011-жылдын 25-ноябрында берилген № 4797 лицензия жокко чыгарылды. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү 49, "Евразия" дүкөнү

2) Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "БайэлФинанс" ЖЧКсына 2011-жылдын 10-ноябрында берилген № 409 күбөлүк жокко чыгарылды. Юридикалык дареги: Чүй областы, Ысык-Ата району, Ново-Покровка айылы, Набережная көчөсү, үй № 65, 13-кв. 

3) Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "СубанФинанс" ЖЧКсына 2012-жылдын 7-мартында берилген № 439 күбөлүк жокко чыгарылды. Юридикалык дареги: Чүй областы, Ысык-Ата району, Ново-Покровка айылы, Мичурин көчөсү 131. 

4) Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКА "Кара-Сай-Кенчи" коомдук фондуна 2003-жылдын 26-февралында берилген № 12 күбөлүк жокко чыгарылды. Юридикалык дареги: Талас областы, Кара-Буура району, Кара-Сай айылы, Манас көчөсү, үй 41. 

5) "Байкал" кредиттик союзуна 2001-жылдын 26-июлунда берилген №278 лицензия кайра кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, А.Малдыбаев атындагы көчө, үй 20, 2-к. 

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык 

төлөмдөр системасы, 

бардыгы болуп 

в том числе 

Клиринг системасы 

Гроссовая системасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

2014-жылдын 27-октябрынан тартып 31-октябрын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

25 425 140 463,55 

84 905 

2 193 505 323,66 

79 018 

23 231 635 139,89 

5 887 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

8,6 

93,1 

91,4 

6,9 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,1 

1,0 

0,7 

1,1 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

15,6 

9,5 

32,2 

10,1 

14,1 

1,5 

БКга түшкөндөр 

13,0 

41,5 

17,1 

44,3 

12,6 

2,9 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,01 

0,2 

0,2 

0,2 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,2 

4,0 

2,7 

4,3 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси  

25 103 421 653,20 

82 690 

2 093 868 587,22 

76 962 

23 009 553 065,98 

5 728 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

321 718 810,35 

2 215 

99 636 736,44 

2 056 

222 082 073,91 

159 

1,3 

2,7 

4,8 

2,7 

1,0 

2,8 

 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

24.10.2014 

31.10.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

335 371 

334 486 

Рos-терминалдардын саны  

-банктарда  

-соода түйүндөрүндө  

1439 

765 

674 

1439 

765 

674 

Банкоматтардын саны  

416 

416